Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 20-майы № 277

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 217

"2012-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын

 Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчету жөнүндө"

токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жыл үчүн отчетунда камтылган маалыматтарды тактоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 217 "2012-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчету жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу";

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тиркелген отчету көңүлгө алынсын." (мындан ары - Отчет);

- Отчетто:

Отчеттун аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету";

- 1-бабынын 1.6-бапчасынын 1.6.4-пунктунун жыйырманчы - жыйырма экинчи абзацтары ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакциядагы текст менен алмаштырылсын;

- 1-главанын 1.6-бапчасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 1.6.8. жана 1.6.9-бапчалар менен толукталсын;

- 2-главанын 2.1.-2.3-бапчалары ушул, токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 217 токтому күчүнө кирген күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

 

Ж.Сатыбалдиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын

20-майындагы № 277 токтомуна
1-тиркеме

 

"Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү интеллектуалдык менчикти коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча иш жүргүздү.

Мисалы, 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына (мындан ары - Кыргызпатент) каттоо үчүн 5183 арыз түшкөн, анын ичинен: ойлоп табуулар - 113, пайдалуу хмоделдер - 17, улуттук процедуралар боюнча өнөр жайлык үлгүлөр - 36, Гаага макулдашуусу боюнча өнөр жайлык үлгүлөр - 114, улуттук процедура боюнча товардык белгилер - 703, Мадрид макулдашуусунун процедурасы боюнча товардык белгилер - 4091, Кыргызпатент аркылуу берилген эл аралык арыздар - 4, товарлардын чыгарылган жеринин аталыштары - 1, фирмалык аталыштар - 30, рационализатордук сунуштар - 72, салттуу билимдердин объекттери - 1, селекциялык жетишкендиктер 1.

2012-жылы баардыгы болуп Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик реестрлеринде өнөр жайлык менчиктин 882 объекти катталган, анын ичинде: ойлоп табуулар - 103; пайдалуу моделдер - 14; өнөр жайлык үлгүлөр - 11; улуттук процедура боюнча товардык белгилер - 672; товарлардын чыгарылган жеринин аталыштары - 5; фирмалык аталыштар - 25; рационализатордук сунуштар - 50; жалпы белгилүү товардык белгилер - 1; салттуу билимдердин объекттери - 1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик реестрлеринде катталган объекттердин саны 10,1% көбөйдү.

Отчеттук мезгилде автордук укук жана чектеш укуктар объекттер каттоого 264 арыз түшкөн, ЭЭМ үчүн программаларды каттоого 25 арыз түшкөн.

2012-жылдын 31-декабрына карата Кыргыз Республикасынын аймагында коргоодо тургандар: ойлоп табуулар - 3003, анын ичинен евразиялык патенттер - 2662; пайдалуу моделдер - 44; өнөр жайлык үлгүлөр - 5458, анын ичинен Гаага макулдашуусунун процедуралары боюнча - 5370; улуттук процедура боюнча товардык белгилер - 8850; Мадрид макулдашуусунун процедурасы боюнча товардык белгилер - 49215; фирмалык аталыштар - 326; товарлардын чыгарылган жеринин аталыштары - 13; рационализатордук сунуштар - 660; жалпы белгилүү товардык белгилер - 9; салттуу билимдердики - 4; селекциялык жетишкендиктер - 11.

2012-жылдын 31-декабрына карата Мамлекеттик реестрге 1827 автор, 4268 чыгарма, ЭЭМ үчүн 260 программа, 17 маалыматтык база киргизилген.

Автордук акылардын алынышы 2012-жылы 5509490,25 сомду түздү. 2012-жылы 4617 нуска аудиовизуалдык продукцияга жасалма эместигине карата текшерүү жүргүзүлдү.

2012-жылдын ичинде өнөр жайлык менчик объекттерине, селекциялык жетишкендиктерге коргоо документтерин өткөрүп берүү жөнүндө, аларды пайдалануу укугун берүү жөнүндө 81 келишим катталды, ошондой эле автордук укук жана чектеш укуктар укугун пайдаланууга 251 лицензиялык макулдашуу катталды.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы интеллектуалдык менчик тармагындагы 23 көп тараптуу эл аралык келишимдин, 17 көп тараптуу өкмөттөр аралык келишимдин, ошондой эле интеллектуалдык менчик тармагындагы 39 эки тараптуу ведомстволор аралык макулдашуунун катышуучусу.

2012-жылы Кыргызпатент менен Польша Республикасынын Патент ведомствосунун ортосунда өнөр жайлык менчикти коргоо тармагындагы макулдашууга кол коюлду; Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму менен интеллектуалдык менчик боюнча ведомство көрсөтүүчү кызматтарды өнүктүрүү тармагында кызматташуу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы токтому менен бекитилген 2012-2016-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча макулдашууларга кол коюлду.

2012-жылдын февралында Кыргызпатент менен КЭРдин Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик башкармасынын ортосунда интеллектуалдык менчикти коргоо жөнүндө маалымат алмашуу боюнча кызматташуунун планына кол коюлду.

Инновацияларды өнүктүрүү максатында инновациялар чөйрөсүндөгү нормативдик укуктук актыларга инвентаризация жүргүзүлдү; эл аралык тажрыйба изилденди; 2012-жылдын июлунда Кыргызпатент менен "Скольково" фондунун ортосунда Кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында Инновация боюнча мамлекеттик кеңеш түзүлдү. Инновациялык ишти андан ары өнүктүрүүнүн концепциясын иштеп чыгуу үчүн өлкөдө инновациялык өнүгүүнү талдоо боюнча иш башталды.

Бишкек шаарында жана региондордо интеллектуалдык менчикти башкаруу жана коммерциялаштыруу маселелери боюнча семинарлар, "тегерек үстөлдөр" жана конкурстар өткөрүлдү. Улуттук илимдер академиясы менен бирдикте "Инновация 2012" деп аталган II республикалык көргөзмө-конкурс өткөрүлдү. Жыл сайын ойлоп табуучуларга инновациялык долбоорлорду колдоого, тажрыйбалык үлгүлөрдү жаратууга, арыз берүүдө алым төлөөгө, мунун ичинде чет өлкөлөрдө төлөөгө финансылык жардам көрсөтүлөт.

2012-2016-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында интеллектуалдык менчик тармагындагы нормативдик укуктук база өркүндөтүлдү (6 мыйзамды, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 4 токтомун кабыл алууга демилге көтөрүлдү), инновациялык, ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке колдоо көрсөтүлдү, коомдун интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсүндөгү маалымдуулук деңгээли жогорулатылды.

Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө укук колдонуу практикасын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын башкы прокуратурасынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы окуу борборлору менен интеллектуалдык менчикке укукту коргоо маселеси боюнча кызматташуу жүргүзүлүп жатат.

Чакан жана орто ишканалардын инновациялык ишин өнүктүрүүгө маалыматтык көмөктөшүүгө, элдин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудуруучу жасалма продукциянын таралышына каршы чара көрүүгө, жаштар жана мектеп окуучулары арасында ойлоп табуучулукту жана чыгармачылыкты колдоого (Бишкек ш. жана Чүй облусунда балдар үчүн техникалык жана көркөм чыгармачылык ийримдери ачылды), ошондой эле элдин салттуу билимдерин сактоого арналган долбоорлор ишке ашырылып жатат.

2012-жылдын октябрында Ош мамлекеттик социалдык университетинде Технологияларды жана инновацияларды колдоо боюнча борбор ачылды; 363 адамдын катышуусу менен патенттик жана патенттик эмес маалымат боюнча окутуучу тренингдер өткөрүлдү. 2012-жылы чакан жана орто ишканалардын суроолору боюнча интеллектуалдык менчик жана патенттик маалыматты издөө боюнча 810 консультация берилди. Ойлоп табуучулардын, аспиранттардын жана студенттердин суроолору боюнча интеллектуалдык менчиктин объекттерине улуттук арызды түзүү жана патенттик маалыматты издөө боюнча консультациялар өткөрүлдү (баардыгы 3505 суроо түшкөн).

Укук ээлерине интеллектуалдык менчикке укугун коргоо боюнча укуктук консультациялар такай негизде берилип жатат. 2012-жылы 200гө жакын консультация берилди.".

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын

20-майындагы № 277 токтомуна
2-тиркеме

 

"1.6.8. Маалыматтык саясат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отчеттук мезгилде маалыматтык саясат чөйрөсүндө төмөнкү маселелерди чечүүнүн үстүндө иштеди:

- улуттук коопсуздук маселелерин эске алуу менен маалыматтык чөйрөнү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик маалыматтык саясатты жүргүзүү;

- мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарын реформалоо;

- санариптик телерадиоберүүгө өтүүгө даярдык көрүү, санариптик берүүгө өтүүдө телерадиокомпанияларды лицензиялоо маселелерин чечүү;

- cоциалдык пакетти түзүү маселелерин чечүү жана ага телерадиоуктуруучулардын кирүү шарттарын иштеп чыгуу;

- мамлекеттик облустук жана райондук гезиттерди, 7 облустук телерадиокомпанияларды, "ЭлТР", "Мир", "Бешинчи канал", "Пирамида" телерадиокомпанияларын өнүктүрүү саясатын аныктоо, ошондой эле эки балдар журналын каржылоо жана башкаруу маселелерин чечүү;

- "Кыргызтелеком" ААКынын курамынан Республикалык радиорелелик магистралдар, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу өндүрүштүк бирикмесин (телемунара) бөлүү жөнүндө маселени чечүү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан облустук телерадиокомпанияларды техникалык кайра жабдуу долбоору иштелип чыкты. Бул максатка 44 млн. сом бөлүнгөн. Облустук телерадиокомпаниялар өздөрүнүн уставдарына ылайык жабдууларды сатып алууга өз алдынча тендерлерди өткөрүштү. 44 млн. сомду бөлүштүрүү облустук телерадиокомпаниялардын жетекчилери тарабынан телерадиокомпаниялардын муктаждыктарына ылайык жүргүзүлдү. Бүгүнкү күнгө карата бардык телерадиокомпаниялар жабдууларды комутациялашкан жана өз каналдарында эфирге чыгышууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 токтому менен Кыргыз Республикасында Санариптик телерадиоберүүгө (мындан ары - СТБ) өтүү программасы бекитилген. СТБга өтүү боюнча биринчи кезектеги чаралардын планына ылайык төмөнкү иш-чаралар аткарылган:

2012-жылдын 21-декабрында улуттук контингентти түзүү маселелери менен иштеген жумушчу топтун биринчи кеңешмеси болгон, анда Жумушчу топтун иш планы иштелип чыккан, ал андан ары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин (МКТ) 2012-жылдын 29-декабрындагы чечими менен бекитилген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул токтомунун алкагында төмөнкүдөй төрт багыт боюнча иш башталды.

1. Калкка маалымат берүү.

Журналисттер жана мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтары үчүн "Санариптик берүүлөргө өтүү. Контент маселелери" деген темадагы презентация өткөрүлдү.

2. Укуктук базаны инвентаризациялоо жана иштеп чыгуу.

Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү тармагын жөнгө салуучу төмөндөгү мыйзамдарына талдоо жүргүзүлдү, алар:

- "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө";

- "Электрдик жана почта байланышы жөнүндө";

- "Лицензиялоо жөнүндө";

- "Маданият жөнүндө";

- "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө".

Ушуну эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасына ылайык иш-чаралардын кадамдык планы иштелип чыкты.

3. Социалдык пакетти түзүү.

Кыргыз Республикасында санариптик телекөрсөтүүгө өтүү программасында колдо болгон 14 мультиплекс бүткүл өлкө боюнча көрсөтүү үчүн төмөнкүдөй бөлүштүрүлөөрү аныкталган:

- социалдык пакет үчүн (ачык көрсөтүүлөр) - 1 мультиплекс;

- билим берүү пакети үчүн - 1 мультиплекс;

- иштеп жаткан жеке менчик берүүлөрдү которуу үчүн - 2 мультиплекс.

4. Өткөөл мезгилде мамлекеттик ЖМКларда санариптик телеберүүнү каржылоо механизмдерин аныктоо жана аларды техникалык жактан кайра жабдуу.

Бюджеттен төмөнкү телерадиокомпаниялар каржыланат: Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТР), Кыргыз Республикасынын телерадиоберүү компаниясы "Коомдук телекөрсөтүү ЭлТР" ("ЭлТР" ТРК), "Мир" мамлекеттер аралык телерадио компаниясы жана 6 облустук мамлекеттик телерадио компаниялар. Мындан тышкары КТРде жана "ЭлТР ТРКда" СТБга өтүү боюнча программалар ар биринде жок дегенде эки кошумча телеканалдарды түзүү жоопкерчилиги түзүлгөн. "Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясы дагы бир "Мир-24" каналын киргизүүнү даярдап жатат.

2012-жылы республиканын кээ бир барууга кыйын региондорунда калктын өздөрүнүн каражатынын эсебинен жана "ЭлТР ТРКнын" жардамы менен телерадиотрансляторлор орнотулган, бул каналдын теле көрүүчүлөр аудиториясын кеңейтүүгө мүмкүндүк берди.

"ЭлТР ТРКсы" обого 30 радио программаны жана 50дөн ашуун телеберүүлөрдү чыгарат. Мындан тышкары, Кыргызстандын телекөрсөтүүсүнүн тарыхында биринчи жолу канал Ош-Бишкек-Талас шаарларынын ортосундагы теле көпүрөлөрдү жүргүзүү ишин практикалоодо. Алар "Манас күнү", "Күү майрамы", "Кадыр түн", "Күн сереп", "Аймактар", "Нооруз", "Көз карандык эмес күнү" жана башкалар сыяктуу программалар.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ЖМК басма сөздөрүнүн абалын ийне жибине чейин иликтөөнү өткөрдү, анын натыйжалары боюнча "Мамлекеттик басма сөз ЖМКларын өзгөртүп түзүү концепциясы" даярдалды.

Мамлекеттик мезгилдүү басылмалар республикалык деңгээлде үч Өкмөттүк гезиттер - "Кыргыз Туусу", "Слова Кыргызстана", "Эркин Тоо" гезиттери, облустук деңгээлде 12 облустук жана райондук деңгээлде - 32 шаардык жана райондук гезиттер деңгээлинде катышат.

Көпчүлүк облустук гезиттердин нускасы 1300дөн 2500 нускага чейин. Райондук гезиттердин 75 пайызы айына бир жолу, калгандары жума сайын чыгарылат. Гезиттердин көпчүлүгүнүн көлөмү 8 бет. Дээрлик бардык басылмалар түстүү басууга өтүшкөн. Бул гезиттердин суммалык бир жолку нускасы дээрлик 50 миң нусканы түзөт.

Медиа-эксперттик коомчулук менен бирге Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча иш жүргүзүлүүдө:

- "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. Бул Мыйзамга электрондук, басма жана интернет - ЖМКларды жөнгө салууга багытталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет;

- "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- "Журналистин кесиптик ишин коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. Журналистин кесиптик ишин, анын ичинде экстремалдык иш шарттарын жөнгө салуучу жоболор киргизилет;

- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматты алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. Оңдоп түзөтүүлөр мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачыктыгын жана айкындуулугун жогорулатууга багытталат;

"Почта жана электр байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. Телерадиоберүүчү уюмдарга жыштыктарды, алардын негизги ишин эске алуу менен ыйгаруу маселелерин жөнгө салуучу жоболор киргизилет. Бул маселе чечилгенден кийин телерадиоберүү үчүн жыштык спектрин бөлүштүрүү проблемасын чечүү талап кылынат, анткени, "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы келген аныкталбагандык узак мөөнөткө жыштыктарды ыйгаруунун жүргүзүүгө мүмкүндүк бербейт.

1.6.9. Архив иши

Архив иши чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук базаны жакшыртуу максатында 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралындагы № 29 Мыйзамы), Кыргыз Республикасынын Мыйзамына оңдоолорду киргизүү демилге кылынган, ошондой эле Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүүнүн типтүү нускамасы бекитилген.

2012-жылдын 1-январына карата 65 архивдин 9у гана типтүү архив сактоочу жайга ээ болсо, калган 56 архив ыңгайлаштырылган имараттарда жайгашкан.

Отчеттук мезгилде Ош шаардык архивинин заманбап имаратынын (543,7 кв.м) капиталдык курулушу бүткөрүлдү. Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук архивинин, Чүй облусунун Аламүдүн жана Жайыл райондук архивдеринин, Ош облусунун Алай райондук архивинин имараттарында капиталдык ремонттор жүргүзүлгөн.

Ысык-Көл облустук мамлекеттик архиви биринчилерден болуп жылып туруучу заманбап механикалык текчелер менен жабдылды. Туруктуу орнотулган текчелер менен 6 мамлекеттик архив камсыздалды.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустук мамлекеттик архивдер үчүн китеп сканерлери сатып алынды.

Республиканын мамлекеттик архивдеринде 2013-жылдын 1-январына карата туруктуу сакталуу мөөнөтүндөгү кагаз жүзүндө 4,093 млн. бирдик документ, 16,7 миң кинодокументтер, 73,3 миң фотодокументтер жана 763 видеодокументтер сакталууда. 2012-жылы 671 мекемеден-комплектөө булагынан 86 миң документ мамлекеттик сактоого келип түштү.

Отчеттук мезгилде 3322 архив мекемелеринин архивдеринде сакталган Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтеринин борборлоштурулган мамлекеттик эсеби алынды. Иш кагаздарын жүргүзүү, документтерди архивдештирүү маселелери жана мекемелердин архивдериндеги документтердин мамлекеттик эсебин алуу эрежелери боюнча 243 семинар өткөрүлдү.

Отчеттук мезгилде 34 көргөзмө, 11 телекөрсөтүү и 23 радиоберүү уюшулуп, 109 макала жана документтерди тандап алуу даярдалды. Алардын тематикасы юбилейлик жана эскерүү күндөрүнө арналган. Мамлекеттик архивдин документтери окуу залдары аркылуу да пайдаланылды. Отчеттук жылы окуу залдарында ар кандай изилдөө темалары боюнча 355 пайдалануучу иштеди. Мамархивдер тарабынан жарандардын жана мекемелердин социалдык-укуктук мүнөздөгү 499 тематикалык суроо-талаптары жана 80853 арызы аткарылган.".

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын

20-майындагы № 277 токтомуна
3-тиркеме

 

"2.1. Коомдук коопсуздук жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү

2012-жылы республика боюнча 28847 (30520) кылмыш катталган, бул 2011-жылга караганда 5,4%га аз, алардын ичинде ички иштер органдарында - 25246 (26409), бул жалпы катталган кылмыштардын санынын 87,5%ын түзөт, прокуратура органдарында - 2390 (8,2%), анын ичинде аскердик прокуратурада - 209 (0,7%), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинде - 204 (0,7%), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында - 469 (1,6%), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматында - 24 (0,08%), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматында - 223 (0,7%), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында - 291 (1,0%) кылмыш катталган.

Өткөн мезгилде республика боюнча - 20826 (21440) кылмыштын бети ачылган, бетин ачуу 62,2%ды (60,6%) түздү, бул 2011-жылга караганда 1,6% көп. Ички иштер органдары тарабынан 18945 (18964) кылмыштын бети ачылган, бетин ачуу 68,8%ды (65,8%) түздү, бул 2011-жылга караганда 3,0%га көп. Кылмыштардын бетин ачуу боюнча төмөн көрсөткүч Бишкек шаарында - 5953 (6115) же 2,6%га аз жана Чүй облусунда - 3720 (3884) 4,2%га аз белгиленген.

Ички иштер органдары отчеттук мезгилдин ичинде 286 (373) кызматтык жана коррупциялык кылмыштарды аныктады, бул 2011-жылга караганда 23,3%га аз. Кызматтык жана коррупциялык кылмыштарды табуунун санынын азайышы МУККнын КККсын түзүү жана кызматтык кылмыштарды прокуратура органдарынын тергөөсүнүн ырааттуулугунун кайра каралышы менен байланышкан.

Бүткөн иштер боюнча материалдык зыян келтирүү - 115,4 (62,2) млн. сомду түздү. Келтирилген материалдык зыяндын ичинен - 49,0 (13,2) млн. сомдун орду толтурулган. Материалдык зыяндын ордун толтуруу 42,5%ды (21,2%) түздү.

Мындан тышкары ички иштер органдары тарабынан прокуратура жана башка укук коргоочу органдары менен эриш-аркак иштөөнүн натыйжасында 241 кызматтык жана коррупциялык кылмыш табылды. Ошол эле учурда 2012-жылы ички иштер органдары бардыгы болуп 572 коррупциялык, экономикалык жана кызматтык кылмыш табылды.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын бардык укук коргоо органдары тарабынан 1933 баңги кылмышы табылды, анын ичинде Ички иштер министрлиги - 1673, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарын контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат - 213, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети - 2, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы - 4, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы - 38 жана прокуратура органдары - 3.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 23 тонна 826 кг 797 гр (2011-жылы - 45 тонна 729 кг 749 гр) баңги заты алынган, анын ичинде: апийим 16 кг 459 гр, гашиш 367 кг 531 гр, героин 241 кг 949 гр, көкнар 934 гр, марихуана 2 тонна 31 кг 153 гр, каннабис (кара куурай) 10 тонна 421 кг, 574 гр, прекурсор 10 тонна 170 кг, 880 гр, фармпрепараттар 141 гр жана башка баңги зат каражаттары 177 кг 639 гр.

Республиканын улуттук коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирген Борбордук Азиядагы жана КМШдагы эл аралык наркомафиянын иши жандангандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү уюштуруучулук чараларды, анын ичинде эл аралык деңгээлде улантты. Баңгизаттарына каршы күрөшүү боюнча ишти өркүндөтүү жөнүндө КМШ, БА өлкөлөрү, башка чет мамлекеттер, анын ичинде Түркия, Пакистан, АКШ, Казакстан, Азербайжан, Россия жана Кытай менен сүйлөшүүлөргө жетишти.

Мындан тышкары эл аралык наркомафиянын ишине бөгөт коюуу максатында Россия Федерациясынын, Казакстандын жана Тажикстандын баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча укук коргоочу органдары менен кызматташтыктын алкагында 8 оперативдик-издөө иш-чарасы өткөрүлүп, анын жүрүшүндө 70 килограммдан ашык оор баңги заты алынды.

Коомдук жайларда 3413 (3584) кылмыш жасалган, бул 2011-жылга караганда 4,7%га аз. Кылмыштуулуктун жалпы түзүмүндө алардын салыштырма салмагы 13,9%ды (13,6%) түзөт. Коомдук жайларда жасалган кылмыштардын санынын өсүшү Нарын облусунда гана (87ден 96 чейин же 10,3%га) белгиленген.

2012-жылы 15691 (15883) кылмышкер аныкталган, алардын ичинен 14774 (14971) адам жазык жоопкерчилигине тартылды, анын 2043 (1818) аялдар.

Изилденген кылмыштардын ичинен:

- тобу менен - 2263 (2455) адам, анын ичинде уюшкан топтун курамында - 31 (23) адам кылмыш жасаган;

- мас абалында - 500 (582) адам кылмыш жасаган;

- баңгилик жана токсикалык мас абалында - 14 (20) адам кылмыш жасаган;

- мурда кылмыш жасагандар - 286 (586);

иши боюнча:

- кызматкерлер - 1472 (1409), анын ичинде кызмат адамдары - 919 (849);

- туруктуу иштеген иши жана киреше булагы жоктор - 11786 (11372);

- окуучулар жана студенттер - 592 (770);

жашаган жери боюнча:

республиканын тургундары - 15091 (15399);

- чет элдик жарандар - 295 (202), анын ичинде КМШ өлкөлөрүнүн тургундары - 268(179).

2.2. Улуттук коопсуздукту жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу

Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгү жана улуттук коопсуздугу боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн негизги милдеттерине жана коопсуздук чөйрөсүндөгү республиканын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы № 120 Жарлыгы менен бекитилген Улуттук коопсуздуктун концепциясынын жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул багыттагы белгилүү бир чараларды көрдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыздоо боюнча кеңеш 2012-жылы 2012-2013-жылдары экстремизмге, деструктивдүү күчтөрдүн ишине каршы күрөшүү жана террорчулукту болтурбоо боюнча планды жактырды. Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-августундагы № 427-б буйругу менен ишке ашырылууда.

Элдин ынтымагын жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасында элдин ынтымагын жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын бекитти (2013-жылдын 10-апрелиндеги № 74 Жарлыгы).

2012-жылы Бишкек шаарында Борбордук Азия (мындан ары - БА) өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын 4-жолугушуусу БУУнун Башкы катчысынын БА боюнча атайын өкүлүнүн катышуусу менен өткөрүлдү. Бул жолугушууда Бишкекте көз карандысыз аналитикалык афгандык изилдөөлөр борборун региондогу өлкөлөрдүн ишенимин чыңдоо боюнча региондук жана эл аралык эксперттер үчүн түзүү жөнүндө демилгени Кыргыз Республикасы көтөрдү.

2012-жылы 24-апрелде Пекин шаарында ШКУга мүчө мамлекеттеринин коргоо министрлеринин кезектеги кеңешмеси болду. Бул кеңешмеде 2012-2013-жылдарга ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кызматташтыгынын планын ишке ашыруу маселеси каралды. Бул план 2011-жылы Астана шаарында кабыл алынган. Уюмдун мейкиндигиндеги коопсуздукту, тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду, бул маселелер региондогу мамлекеттер үчүн олуттуу мааниге ээ.

Республиканын террорчулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы 2012-жылы террордук уюмдарга тиешелүү 79 адам табылды, анын ичинен эл аралык террордук уюмдардын (ЭТУ) 15 мүчөсү кармалып, МУККнын СИЗОсуна камалды. ЭТУнун 1 мүчөсү соттолду, ЭТУнун 5 мүчөсү кармалды жана өнөктөштөргө өткөрүп берилди. ЭТУнун 12 мүчөсү издөөгө алынды, эл аралык издөөдө жүргөн 40 адам аныкталды, террордук актыны даярдоо жана жасоо алдында 3 террордук топко бөгөт коюлду.

Республиканын укук коргоо органдары диний экстремизмге каршы күрөшүү багыты боюнча өткөргөн иш-чаралардын алкагында диний-экстремисттик уюмдарга (ДЭУ) таандык 270 адамды тапты. Алардан ДЭУнун 200дөн ашык мүчөсү кармалды, ДЭУнун 90дон ашык мүчөсү соттолду жана ДЭУнун 2 мүчөсү кармалып, өнөктөштөргө өткөрүп берилди. Диний-экстремисттик мазмундагы 12 миңден ашык нуска баракча жана башка басма продукциялар табылды жана алынды. Угууларды, "тегерек столдорду", жолугушууларды өткөрүү, гезиттерде жана интернет сайттарда макалаларды жарыялоо, ошондой эле диний экстремизмдин жана террорчулуктун деструктивдүү ишин ачыкка чыгарган документалдуу фильмдерди даярдоо жана ТВ-каналдарда көрсөтүү аркылуу 300дөн ашык жалпы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын аймагында 2273 мечит, ислам дининин негиздерин окуткан 10 ЖОЖ, 65 медресе, ушул багыттагы 49 башка бирикме жана уюм (фонддор, борборлор, миссиялык уюмдар жана башкалар) иштейт. Ошондой эле христиан багытындагы 320 объект, анын ичинде 46 православ храмы жана монастрь, 2 эски салттуу чиркөө жана католиктик 3 коом, ошондой эле протестанттык жана баптистик багыттагы 269 диний объект иштейт. 1996-жылдан бери республиканын аймагына диний ишти жүргүзүү максатында дүйнөнүн 54 өлкөсүнөн келген 150дөн ашык чет элдик жаран катталган (кайра катталган).

42 жаңы диний агым өз ишин жүргүзүүдө, анын ичинде 12 "Бахаи" жамааты, 21 чет өлкөлүк конфессиялар миссиялары, 7 борбор, фонд жана бирикме, 1 иудейлик жана 1 будда жамааттары бар.

2012-жылы Куралдуу Күчтөрдү даярдоо боюнча негизги аракеттер төмөнкү негизги маселелерди чечүүгө топтолду:

- бирикмелерди, бөлүктөрдү жана мекемелерди аскердик даярдыктын жогорку деңгээлине өз убагында келтирүүгө жана белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аскердик милдеттерди аткарууну уюштурууга;

- болуп жаткан жана боло турган коркунучтарга ыкчам жооп кайтарууну камсыздаган деңгээлде керектүү санда күчтөрдү жана каражаттарды даярдыкта кармап турууга;

- бирикмелердин, бөлүктөрдүн жана мекемелердин командирлери тарабынан негизги багыт болуп мобилизациялык пландарды практикалык колдонуу жана аскерлерди тынч абалдан согуш абалына өткөрүү боюнча иш чараларды иштеп чыгуу саналган мобилизациялык даярдыктын өткөрүлүшүн туруктуу контролдоону жүргүзүүгө;

- коюлган милдеттерди сапаттуу аткаруу үчүн башкаруу органдарын окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга;

- өздүк курамдын туруктуу моралдык-психологиялык абалын кармап турууга, алардын жогорку уюшкандыгын жана моралдык духун калыптандырууга; социалдык камсыздоону жакшыртууга, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын жана жарандык персоналын патриоттуулукка тарбиялоого багытталган иш-чараларды өткөрүүгө жана өркүндөтүүгө;

- башкаруу органдарында жана Куралдуу Күчтөрдүн аскерлеринде (күчтөрүндө) окуяларды жана кылмыштарды алдын алууга.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн даярдоо планына ылайык төмөнкү негизги иш-чаралар аткарылган:

Күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкты кармап туруу боюнча.

Төмөнкү документтер иштелип чыкты:

1) Президенттин - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчынын Ыкчам директивасы менен 2012-жылга Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыздоо планы.

2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн, министрликтеринин, ведомстволорунун, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу планы.

Мындан тышкары төмөнкүлөр иштелип чыкты жана бекитилди:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясы;

- Кыргыз Республикасынын аймагында ЫКЖКнын(1) ЖККУнун(2) бирикмелерин жана бөлүктөрүн ыкчам жайылтуу боюнча сунуштар.

Кыргыз Республикасынын Аскер доктринасынын долбоору иштелип чыкты.

Резервдик түзүлүштөрдүн күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү негизги милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды бирдиктүү аткарууну иштеп чыгууну камсыздоо максатында Свердлов райондук администрациясынын өзүнчө резервдик ротасын практика жүзүндө жайылтуу менен, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын райондук (шаардык) мамлекеттик администрацияларынын жетекчилери менен окуулар өткөрүлдү.

Башкаруу органдарын сапаттуу даярдоо максатында 2012-жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин бирикмелери, бөлүктөрү жана мекемелери менен окуулар, машыгуулар, талаага чыгуулар, жыйындар жана ыкчам даярдоонун башка иш-чаралары өткөрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алкагында ведомстволор аралык деңгээлде 16 окуу, анын 9у эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын алкагында өткөрүлдү (ШКУ, ЫКЖК ЖККУ, "Региондук кызматташтык - 2012" эл аралык машыгуусу, "Таза асман - 2012" биргелешкен командалык-штабдык машыгуусу).

Ушул чөйрөдө чек аралык коопсуздукту камсыздоо, бирдиктүү саясатты ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 404-V "Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын түштүк регионунун чек арага жакын жаткан аймактарындагы кырдаал, мамлекеттик чек араны кайтаруунун абалы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин кызматтык-күжүрмөн ишинин проблемалуу маселелери тууралуу" токтомун аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 161 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин карамагынан Чек ара аскерлери чыгарылып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына (МЧК) өзгөртүп түзүлгөн.

Чек аралык коопсуздукту чыңдоо маселелерин чечүү максатында Өкмөттүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 183 токтому менен 2022-жылга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларын комплекстүү башкаруу тутумун түзүү жана ишке киргизүүнүн улуттук стратегиясы жана 2022-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларын комплекстүү башкаруу тутумун түзүү жана ишке киргизүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы бекитилди.

Ошондой эле МЧКнын ишин оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 814 токтому менен башкаруу схемасы бекитилген, ошондой эле чектүү штаттык саны 6873 бирдик санында, анын ичинде аскер кызматчылары - 6304 бирдик, жарандык персонал - 569 бирдик санында белгиленген. 3 региондук чек ара башкармалыгы түзүлгөн: Баткен облусу, Ош жана Жалал-Абад облустары, Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча.

15-декабрда "Чарбак" чек ара заставасы пайдаланууга киргизилген (бюджеттик каражаттардын эсебинен 3 млн. сом суммасына).

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан 2012-жылда төмөнкүлөр кармалган: мамлекеттик чек араны бузуучулар - 342 адам (184 факт); чек ара режимин бузуучулар - 72 адам (40 факт); чек аралык режимди бузуучулар - 66 адам (22 факт); контрабанда - 43 факт.

жалпы суммасы - 19595941 сом. Ошондой эле мамлекеттик чек ара аркылуу баңги каражаттарын алып өтүүнүн 16 фактысы аныкталган, 124,436 кг баңги каражаттары, ошондой эле индиялык культивацияланган кара куурайдын 139 шагы тартып алынган. Жашырын жайлардын 3 фактысы табылган (түрдүү калибрдеги ок-дарылар - 144 даана, үн чыгаруучу граната - 1 даана, колго жасалган жардыруучу түзүлүш - 1 даана). Мамлекеттик чек арада 46 чек ара чыр-чатагы жана жаңжалдуу кырдаалдар болуп өткөн, ошондой эле 261 жолу чек арада өкүлчүлүктөрдүн жолугушуулары өткөрүлгөн.

2012-жылы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо тил табыша албагандыктан жүргүзүлгөн эмес. Ошондой болсо да Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегациялары тарабынан 15,08 км мамлекеттик чек ара бекитилген.

Отчеттук мезгилдин ичинде Кыргызстан 15 жолу өкмөттүк делегациялардын жолугушуусун өткөргөн: Тажикстан Республикасы менен - 4, Өзбекстан Республикасы менен - 3, Казакстан Республикасы менен - 8 жолу. Ошондой эле жумушчу топтордун ишинин алкагында Өзбекстан Республикасы жана Тажикстан Республикасы менен 3 жолугушуу өткөрүлгөн.

2012-жылы Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча иштер жүргүзүлгөн - 372,08 км (Чүй облусу - 8,08 км, Ысык-Көл облусу - 299,9 км, Талас облусу - 64,01 км).

Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында 2012-жылдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи кезектеги иши Борбордук Азиянын Бириктирилген энерготутумунун алкагында энергия тутумдарынын жарыш иштөөсүн сактоо болду. Бул максаттарда бир катар эки тараптуу макулдашуулар түзүлдү, анын ичинде 2012-жылдын 28-декабрында "Кыргызстандын УЭТи" ААКы менен "Узбекэнерго" ГАКынын "Узэлектросеть" УПсынын ортосунда 2013-жылга Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрү үчүн Токтогул ГЭСинин каскадынын кубаттуулуктарын берүүдө электр тарамдарын пайдалануу, коромжуларын компенсациялоо жана ишенимдүүлүгүн кармап туруу боюнча чыгымдарды жабууга келишим түзүлдү; Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы энергия тутумдарынын жарыш иши 2012-жылдын 22-августунда Кыргыз Республикасына Казакстан Республикасынын Президенти Н.А.Назарбаевдин мамлекеттик визитинин жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планына жана Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын 2012-жылдын 22-августундагы Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин № 2 чечими менен бекитилген 2012-2015-жылдарга Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы кызматташтык боюнча иш-чаралардын планына; Тажикстан менен Кыргызстандын энергия тутумдарынын бөлүнүш чек арасында электр энергиясынын нөлдүк сальдо-ашыкча агынын сактоо жөнүндө Дүйшөмбү шаарында 2013-жылдын 23-24-апрелиндеги "Барки Точик" ОАХК, "Кыргызстандын УЭТи" ААКы жана "Электр станциялары" ААКы менен келишимге ылайык камсыз кылынат.

Энергия тутумдарын коргоону камсыз кылуу жана жаратылыш ресурстарынын түгөнүшүн жана сарамжалдуу эмес пайдаланылышын болтурбоо максатында Өкмөттүн демилгеси менен "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзам кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-октябрындагы буйругу менен Кен пайдалануучулар тарабынан жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу эмес пайдалануу боюнча тартип бузууларга карата кен казуучу ишканаларын ишин текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.

Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда калктын жана аймактардын коопсуздугунун комплекстүү тутумун түзүү максатында Өкмөттүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 357 токтому менен 2020-жылга чейин өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда Кыргыз Республикасынын калкынын жана аймактарынын комплекстүү коопсуздугунун концепциясы жана 2020-жылга чейин өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда Кыргыз Республикасынын калкынын жана аймактарынын комплекстүү коопсуздугунун стратегиясы бекитилген.

Тиешелүү режимдик чараларды камсыздоодо олуттуу кемчиликтер ачылган стратегиялык обьекттердин коргоолуучулук абалын текшерүү боюнча 100дөн ашык иш-чаралар өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинде кароо үчүн Стратегиялык обьекттерди коргоону камсыздоо программасы жана Стратегиялык обьекттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча типтүү нускама иштелип чыкты.

2.3. Коррупцияга жана экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү

Коррупция Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна да олуттуу коркунуч туудурат, ага каршы Өкмөт тарабынан мурда болуп көрбөгөндөй иш-чаралар башталды, Алсак, Коррупцияга каршы саясаттын Мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу максатында Өкмөттүн 2012-жылдын 30-августундагы № 596 токтому менен бекитилген 2012-2014-жылдарда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Өкмөттүн иш-чаралар программасы жана планы кабыл алынды, ал мамлекеттин гана күч-аракетин эмес, бирок бизнес жана жарандык сектор сыяктуу маанилүү институттардын күч-аракетин да талап кылат, башкача айтканда иш бардык багыттар боюнча жүргүзүлүп чоң мааниге ээ болот.

Өкмөттүн коррупцияга каршы программасын ишке ашыруунун алкагында жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн санын кыскартуу боюнча иш жүргүзүлдү, болгон 20 миң мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ичинен Реестрге 388и гана киргизилген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында турган 20дан 16 бирдикке сандагы министрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин саны - 24төн 23 бирдикке чейин кыскартылган. Жүргүзүлгөн реформанын жыйынтыгы боюнча ишкердик субъекттерин текшерүүгө укуктуу болгон мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын саны 21ден 12ге чейин кыскартылган.

Базалык, вариативдүү көрсөткүчтөргө негизделген, ошондой эле коомдук ой-пикирди сурамжылоого жана эл аралык рейтингдерге негизделген баа берүү критерийлери бекитилген.

Мыйзам актыларын коррупцияга каршы текшерүү процесси уюшулду жана башталды, мыйзам долбоорло жана башка укуктук иштер жүргүзүлүп, уюштуруучулук жана практикалык мүнөздөгү чаралар ишке ашырылды.

2012-2014-жылдарда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Өкмөттүн иш-чаралар программасынын жана планынын алкагында төмөнкүдөй иш-чаралар аткарылды:

- коррупцияга каршы күрөшүү, коррупциялык жана башка укук бузууларды алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын жүргүзгөн иштеринин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо методологиясы иштелип чыкты;

- коррупцияга каршы күрөшүүгө күч-аракеттерди уюштуруу жана бириктирүү боюнча натыйжалуу механизмди куруу үчүн негиз катары мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун институттарынын активдүү диалогун жүргүзүү үчүн аянтча түзүлдү. Бул максатта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен жарандык коомдун институттарынын ортосунда коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюлду жана жобо кабыл алынды, бул жарандык коомдун институттары тарабынан коррупцияга каршы коомдук контролдоонун таасирдүү механизмин ишке киргизүүгө мүмкүндүк берет.

- мамлекеттик кызматкерлер үчүн коррупцияга каршы күрөшүү тематикасы боюнча окутуучу тренингдер өткөрүлдү.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары 1343 коррупциялык жана экономикалык багыттардагы кылмыш ишин козгогон (ИИМ - 527, МУКК ККК - 998, ЭККМК - 517).

Бул кылмыштар келтирилген зыяндын өлчөмү 1,5 млрд. ашуун сомду түзөт, алардын ичинен кайтарылганы - 349 млн. сом.

Келтирилген зыяндын ордун толтуруунун төмөнкү пайызынын негизи себеби бир катар объективдүү себептер менен, анын ичинде каражаттарды республиканын чегинен тышкары алып чыгуу, урдалган мүлктү жана финансы каражаттарын жашыруунун айла-амалдуу формаларынын (легалдаштыруунун) болушу, сот процесстерин аягына чыгарылбагандагы ж.б. менен шартталат. Бул максатта Өкмөт 2012-жылдын 17-октябрында № 721 "Кыргыз Республикасынын чегинен тышка мыйзамсыз (кылмыштуу) жол менен чыгарылган активдерди кайтаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтом кабыл алган, анда башкы прокуратура жана финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын чегинен тышка мыйзамсыз (кылмыштуу) жол менен чыгарылган активдерди кайтаруу боюнча чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары катары аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын материалдарында салык органдары тарабынан 146 документти текшерүүлөр жүргүзүлгөн, алар боюнча кошумча эсептелген сумма (айыптык жана финансылык санкцияларсыз) 251,9 млн. сомду түзгөн, 196,6 млн. сом кайтарылган. Салыктык түшүүлөр фактылар боюнча (КР КЖКнын 211, 212, 213, 214-беренелери) 72 кылмыш иши козголгон.

2012-жылы облустун укук коргоо органдары тарабынан КММны мыйзамсыз ташууга байланышкан 53 кылмыш иши козголгон (финансы полициясы (ЭККМК) - 24, МУККБ - 15, ШРИББ - 10, ИИБ - 3). Алардын ичинен 38и сот органдарына берилген, тергөө стадиясында - 1, убактылуу токтотула тургандары - 8, кыскартылганы - 6. Жалпы айкындалган зыян 2826882 сомду түзөт.

2012-жылы кумарпоздукка тыюу салынгандыгына байланыштуу укук коргоо органдары тарабынан республиканын аймагында мыйзамсыз кумарпоздук ишти уюштуруунун 13 фактысы айкындалган. Бардык фактылар боюнча кылмыш иштери козголгон. Мыйзамсыз кумарпоздук ишин айкындоо боюнча иш чаралар улантылып жатат. Мындан тышкары ЭККМК, ИИМ, МУКК, МБК тарабынан контрабанда фактылары боюнча (Кылмыш-жаза кодексинин 204-б.) 144 кылмыш иши козголгон, товардык материалдык нарктын суммасы 49584000 сомду түзөт.

Коррупциялык кылмыштар, анын ичинде өлкөнүн сот системасын боюнча мыйзамдык базаны оптималдаштыруу жана катаалдаштыруу максатында Өкмөт 2012-жылы күчүнө кирген мыйзам актыларынын пакетин иштеп чыккан:

- "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-августундагы № 153 Мыйзамы;

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" "Мамлекеттик кызмат жөнүндө", "Муниципалдык кызмат жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу", "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө", "Ыкчам-изилдөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары) Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамы;

- "Кыргыз Республикасынын сотторунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөрүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-августундагы № 167 конституциялык Мыйзамы.

Мыйзам чыгаруу базасынын абалын күчөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 16 долбоор демилге кылынган, анын ичинде "Ыкчам-издөө иши жөнүндө", "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө".

(1) Ыкчам колдонуунун жамааттык күчтөрү.

(2) Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму.".