КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 10-августу ПЖ № 174
Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссия жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартибин өркүндөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобо;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссия жөнүндө Жобо.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 25-октябрындагы № 473 "Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндөгү Жобону, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссия жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |