Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\b17c5b23-db03-4d15-b39d-57801f588e69\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 30-майы № 306

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 106, 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 172  токтомдорунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 161 Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 814 токтомуна ылайык, ошондой эле аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарын реформалоого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 639 "Кыргыз Республикасынын аймагында жана эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде анын чегинен сырткары өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу жаңжалдардын учурунда милдеттерин аткарышкан аскер кызматчыларына кошумча гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында жана эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде анын чегинен сырткары өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу жаңжалдардын учурунда милдеттерин аткарышкан аскер кызматчыларына кошумча гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

- 8-пунктта:

"коргоо" деген сөздөн кийин ", мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу, жазык-аткаруу системасынын," деген сөздөр менен толукталсын;

", ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ички аскерлеринин," деген сөздөр алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 24-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Нарын чек ара отрядына Тайлак-Баатырдын ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышында жана бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- преамбуладагы "жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 5-мартындагы № 108 токтому менен бекитилген мамлекеттик маанидеги объекттерди атоо жана кайра атоо тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алуу менен" деген сөздөр жана цифралар алып салынсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункттун сегизинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын чек ара аскеринин органынын" деген сөздөр "Мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтомдун 8-тиркемесинин аталышындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскеринин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-ноябрындагы № 772 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлерин жайгаштыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- аталышында жана бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

5. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 106 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-августундагы № 522 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Нарын чегара отрядынын "Кароол-Дөбө" чегара заставасына кыргыз элинин улуттук баатыры Ажыбек баатырдын атын ыйгаруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- аталышында жана 1-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

7. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 172 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-июлундагы № 514 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин көмөкчү чарбаларын өнүктүрүү боюнча айрым чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышында жана бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-пункттун үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Чек ара аскерлеринин командачысы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-июлундагы № 548 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Лейлек чегара отрядына Исхак Раззаковдун ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышында жана бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- преамбуладагы "жана "Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 5-мартындагы № 108 токтому менен бекитилген, Мамлекеттик маанидеги объекттерди атоо жана кайра атоо тартиби жөнүндө жобого ылайык," деген сөздөр жана цифралар алып салынсын.

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-февралындагы № 88 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Чүй чегара отрядынын "Кант" чегара заставасына Манзус Ванахундун ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышында жана бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлери" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- преамбуладагы "жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 5-мартындагы № 108 "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик маанидеги объектилерди атоо жана өзгөртүп атоо тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып" деген сөздөр жана цифралар алып салынсын.

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-ноябрындагы № 511 "Контрабандага каршы күрөштү күчөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1 жана 2-пункттардагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрындагы № 628 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Айдаркен чегара отрядына "Жети баатыр" деген ат берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышында жана бүткүл текст боюнча "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- преамбуладагы ", жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 5-мартындагы № 108 "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик маанидеги объекттерди атоонун жана өзгөртүп атоонун тартиби жөнүндө жобого таянып" деген сөздөр жана цифралар алып салынсын.

13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-февралындагы № 102 "Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Чегара маселеси боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-июлундагы № 477 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Жети баатыр атындагы Айдаркен чегара отрядынын "Кадамжай" чегара заставасына капитан Ыкышев Курманбек Согушбековичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- аталышында жана 1-пунктта "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-июлундагы № 298 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Жалалабат чегара отрядынын "Шамалдысай" чегара заставасына капитан Жаныбеков Курманбек Шактыбековичтин ысмын ыйгаруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- аталышында жана бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-октябрындагы № 526 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Чүй чегара отрядынын 2026-аскер бөлүгүнүн "Токмок" чегара заставасына Жаманкул Женчураевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- аталышында жана бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-ноябрындагы № 546 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин аскер кызматчылары үчүн турак үй куруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- аталышында жана бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы № 589 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Ысыккөл чегара отрядынын "Карасай" чегара заставасына генерал-лейтенант Жумабек Асанкуловдун ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- аталышында жана бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 177 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде ички аудит кызматтарын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген ички аудит кызматынын болушу милдеттүү болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:

"

┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐

│18. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы               │

└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘

".

20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-июлундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлерине "Чарбак" чек ара заставасын уюштуруу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- аталышында жана бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуусунун) тартиби жөнүндө жободо:

- 1-пункттун үчүнчү абзацындагы "коргонуу," деген сөздөн кийин "мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу," деген сөздөр менен толукталсын;

- 6-пункт төмөнкү мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:

- "4) мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу органынын кошуундарына, бөлүктөрүнө жана мекемелерине - ошол органдын жетекчисинин буйруктары менен.";

- 61-пункт төмөнкү мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:

"8) мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу органында:

- чөлкөмдүк чек ара башкармалыгынын кошуундарынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин офицерлерин "капитан" штаттык категориясына чейинки кызмат орундарына - чөлкөмдүк чек ара башкармалыктарынын начальниктеринин буйруктары менен;

- калган офицерлерди - мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу органынын жетекчисинин буйругу менен.";

- 90-пунктта:

3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"3) мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу органында:

- чөлкөмдүк чек ара башкармалыктарынын кошуундарындагы, аскер бөлүктөрүндөгү жана мекемелериндеги кенже офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары чөлкөмдүк чек ара башкармалыктарынын начальниктеринин буйруктары менен;

- офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары менен кенже жана жогорку офицердик курамдын мөөнөтүнөн эрте берилүүчү аскердик наамдары - мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу органынын жетекчисинин буйругу менен;";

- 6-пунктча "коргонуу" деген сөздөн кийин "мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу" деген сөздөр менен толукталсын;

- 111-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"3) мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу органында:

- чөлкөмдүк чек ара башкармалыгынын кошуундарынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин прапорщиктерин - чөлкөмдүк чек ара башкармалыгынын начальниктеринин буйруктары менен;

- калган прапорщиктерди - ошол органдын жетекчисинин буйругу менен;";

- 197-пункттун биринчи абзацы "коргоо" деген сөздөн кийин "мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу," деген сөздөр менен толукталсын.

22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 186 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокердик, сержанттык жана старшиналык курамдарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын курамдары тарабынан контракт боюнча аскердик кызматты өтөөнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 1-пункттун үчүнчү абзацы "коргонуу" деген сөздөн кийин "мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу," деген сөздөр менен толукталсын;

- 125-пункттун биринчи абзацы "коргоо" деген сөздөн кийин "мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу" деген сөздөр менен толукталсын.

23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 719 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Баткен чек ара отрядынын "Коргон" чек ара тозотуна майор Абдылдаев Канат Аликовичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- аталышында жана 1-пунктта "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июлундагы № 508 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) экспертиза органдары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) экспертиза органдары жөнүндө жобонун 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:

"4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоо жана кайтаруу органынын аскердик-дарыгердик комиссиясы.".

25. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-майындагы № 283 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскеринин Жалал-Абад чек ара отрядынын "Жийдесай" чек ара заставасына майор Дарчибаев Талантбек Сураровичтин атын ыйгаруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- аталышында жана 1-пунктта "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскеринин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

26. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-майындагы № 310 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Баткен чек ара отрядынын "Капчыгай" чек ара тозотуна майор Раимбеков Бейшенбек Жакшылыковичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- аталышында жана 1-пунктта "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

27. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-июнундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын аскердик форма кийими жана айырмалоочу белгилери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "чек ара аскерлери" жана "улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чек ара аскерлери" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:

4-пункттагы "Чек ара аскерлери" деген сөздөр "мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

10-пункттун "в" пунктчасынын бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"- мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы - "ЧК" (Чек ара кызматы);";

эскертүүнүн алтынчы абзацындагы "улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Чек ара аскерлери" деген сөздөр "мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинин 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"5. Мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.".

28. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 814 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө жобонун 10-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- Чек ара кызматынын төрагасынын орун басарларынын жана башка кызмат адамдарынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт, Чек ара кызматынын төрагасынын орун басарларына жана башка кызмат адамдарына өзүнүн ыйгарым укуктарын берет;".

29. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү он күндүк мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар болгон мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана жөлөк пул дайындоонун жана төлөөнүн тартибин караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун жана Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругунун долбоорун киргизсин.

30. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев