КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2007-жылдын 2-июлу № 94
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөр жана
толуктоолор
киргизүү жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 17-статьядан "Мыйзам чыгаруу жыйынынын" жана "Эл өкүлдөр жыйынынын" деген сөздөр алып салынсын.
2. 30-статьянын 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацы "арча токойлорун" деген сөздөн кийин "мисте токойлорун" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 58-статьянын 3-бөлүгүндөгү "Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан бекитилүүчү" деген сөздөр "Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 58-1-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- Мисте дарагы;
- Жапайы өскөн бадам.".
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |
2007-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңеши тарабынан кабыл алынган