Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 8-майындагы № 250 токтомуна ылайык
күчүн жоготту

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\24094905-d1d5-4368-aaff-bb403fe7204e\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 7-июну № 316

Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2013/2014-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-июнундагы № 316 токтому 

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-ноябрындагы № 593 токтомунун редакциясына ылайык)

Экономиканын тармактарын жана калкты электр, жылуулук энергиялары жана отун ресурстары менен камсыздоо, ошондой эле республиканын министрликтерин, мамлекеттик комитетин, администрациялык ведомстволорун жана региондорун 2013/2014-жылдагы күз-кыш мезгилден өтүүгө өз убагында даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык курамда Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2013/2014-жылдагы күз-кыш мезгилге даярдоо боюнча республикалык штаб түзүлсүн.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2013/2014-жылдагы күз-кыш мезгилге даярдоо боюнча республикалык штаб жөнүндө жобо, ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык;

- Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2013/2014-жылдагы күз-кыш мезгилге даярдоо боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - План), ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык.

3. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы «Кыргызкөмүр» жана «Кыргыз туракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканалары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана макулдашуу боюнча: Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек жылуулукэнергия» коммуналдык ишканасы, «Электр станциялары», «Кыргызстандын улуттук электр тармагы», «Түндүк электр», «Ош электр», «Чыгыш электр», «Жалал-Абад электр», «Кыргызгаз», «Кыргызнефтигаз», «Бишкек жылуулук тармагы» ачык акционердик коомдору жана Оштун «Жылуулук менен жабдуу» муниципалдык ишканасы:

- Пландын, ошондой эле ушул токтомдун 4 - 24-тиркемелеринде каралган тапшырмалардын аткарылышын камсыздашсын;

- 2013-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө бюджеттик уюмдар үчүн отун берүүчүлөрдү аныктоо боюнча тендерлерди өткөрүшсүн, алар менен келишимдерди түзүшсүн жана аларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен 2013-жылдын 10-сентябрына чейинки мөөнөттө жылуулук берүүчү отканалардын жана отун-энергетикалык комплекстин ишканаларынын алдыдагы күз-кыш мезгилдеги ишке даярдыгын текшерүү боюнча жумушчу комиссияларды түзүшсүн;

- ай сайын, отчёттук айдан кийинки айдын 20-күнүнөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине бул токтомдун аткарылышы жөнүндө айдын 1-күнүнө карата маалыматты берип турушсун.

4. Министрликтердин жана ведомстволордун тендерлик комиссиялары, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы «Кыргыз туракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы, макулдашуу боюнча: «Электр станциялары» ачык акционердик коому, Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек жылуулукэнергия» коммуналдык ишканасы, Оштун «Жылуулук менен жабдуу» муниципалдык ишканасы бюджеттик уюмдарга жана Бишкек шаарынын ТЭЦине жергиликтүү көмүр берүү үчүн тендерлерди өткөрүүдө 2012/2013-жылдагы жылытуу мезгили үчүн бюджетке жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна бересеси бар экенине карабастан, 2013/2014-жылдын күз-кыш мезгилине даярдануу учурундагы убактылуу чара катары Кыргыз Республикасынын көмүр ишканаларына тендерге катышууга уруксат беришсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги монополист ишканалардын тизмесине киргизилген көмүр казуучу ишканалардын көмүрүнө бааларды республиканын ички рыногуна жана калкына көмүр берүү үчүн ушул ишканалар берген эсептөөлөргө ылайык 2013-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө карасын жана бекитсин.

6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги операциялык блоктору жана төрөт залдары бар имараттарды электр менен камсыздоодо үзгүлтүктөрдү болтурбоо үчүн дизель (бензин) генераторлор же аккумулятордук батареялар түрүндөгү автономдуу электр булактары менен комплектөөнү камсыздасын.

7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- коммуналдык кызматтарга акы төлөө үчүн «Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган көлөмдө, ресурстардын, кирешелердин жана бюджеттик сарптоолордун ар айлык финансылык планына жараша каражат бөлсүн;

- бюджеттик уюмдар көмүр жана отундук мазут алуу үчүн түзүлгөн жана тийиштүү түрдө таризделген келишимдерин тапшырышкандан кийин алар берилген күндөн баштап 30 күндөн кеч эмес мөөнөттө 20 пайыздык алдын ала төлөмдү өз убагында бөлүп берүүнү камсыздасын;

- «Электр станциялары» ачык акционердик коомуна жабдууларды оңдоо жана жылуулук электр станцияларда отун камдоо үчүн 250 (эки жүз элүү) млн. сом өлчөмдө пайызсыз бюджеттик ссуда берүү мүмкүндүгүн караштырсын;

- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин аткаруучу кеңешинин 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 94 токтомуна ылайык калк үчүн жылуулук энергиясын берүү тарифи 2010-жылдын 1-апрелинен баштап өзгөргөнүнө байланыштуу чыгымдарды компенсациялоого Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы «Кыргыз туракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасына республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша бөлүп берүү үчүн 679 (алты жүз жетимиш тогуз) миллион сом суммада каражат караштырсын.

8. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга төмөнкүлөр сунушталсын:

- жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик уюмдардын электр, жылуулук энергиялары, табигый газ үчүн энергетика ишканаларына карыздарын жоюу;

- бюджеттик уюмдарды керектелген электр, жылуулук энергиялары, табигый газ үчүн ай сайын толук көлөмдө каржылоо.

9. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы чектеш мамлекеттердин (Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын) аймагы боюнча өткөн республиканын электр өткөрүү линияларын жана магистралдык газ өткөрүүчү объекттерин пландуу же авариялык оңдоо зарыл болгон учурда оңдоочу-техникалык персоналды, технологиялык жабдууларды жана шаймандарды мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүгө көмөк көрсөтүшсүн.

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду", Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы, "Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялоо башкармасы, "Жалал-Абад облусунун Каракөл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын жана Токтогул районунун атайын фонду" мамлекеттик ишканасы күз-кыш мезгилге даярдануу жана өткөрүү убагында "Электр станциялары", "Кыргызстандын улуттук электр тармагы", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалал-Абад электр", "Бишкек жылуулук тармагы", "Кыргызнефтегаз", "Кыргызгаз" ачык акционердик коомдорунун, Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкекжылуулукэнергия" коммуналдык ишканасынын, Ош шаарынын мэриясынын "Ош муниципалдык "Жылуулук менен камсыздоо" ишканасынын, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" жана "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканаларынын жана отун камдоого тартылган ишканалардын, анын ичинде көмүр казуучу ишканалардын алыш-бериш эсептеринин жабылышына жол беришпесин.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-ноябрындагы № 593 токтомунун редакциясына ылайык)

11. «Бишкек штамптоочу заводу» мамлекеттик ишканасы «Түндүк электр» жана «Кыргызстандын УЭТ» ачык акционердик коомдору менен бирдикте 2013-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө заводго таандык 110 кВ подстанцияны ишке киргизсин.

12. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги:

- Пландын жана ушул токтомдун 4 - 24-тиркемелеринде каралган тапшырмалардын аткарылышын координацияласын жана мониторингдесин;

- «Электр станциялары», «Кыргызстандын улуттук электр тармагы», «Кыргызгаз», «Кыргызнефтигаз», «Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ош электр», «Жалал-Абад электр» жана «Бишкек жылуулук тармагы» ачык акционердик коомдорунун, «Кыргыз Петролеум Компани» биргелешкен ишканасынын, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы «Кыргызкөмүр» жана «Кыргыз туракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканаларынын 14 - 22-тиркемелерге ылайык тапшырмаларды аткарышын камсыздоо боюнча чараларды көрсүн;

- Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, «Электр станциялары», «Кыргызстандын улуттук электр тармагы», «Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ош электр» жана «Жалал-Абад электр» ачык акционердик коомдору менен бирдикте бардык керектөөчүлөрдүн электр менен ишенимдүү жабдылышын камсыздоо боюнча чараларды көрсүн.

13. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы:

- отун базалары жана республиканын калкына көмүр сатуу пункттары үчүн жергиликтүү көмүрдү берүүнүн ушул токтом менен бекитилген графиктери өз учурунда жана толук көлөмдө аткарылышын камсыздасын;

- «Электр станциялары» ачык акционердик коому, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы «Кыргыз туракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы, Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек жылуулукэнергия» коммуналдык ишканасы жана бюджеттик уюмдар менен түзүлгөн келишимдерге ылайык көмүр казуучу ишканалар менен бирдикте тийиштүү сапаттагы көмүрдүн өз убагында берилишин камсыздасын.

14. «Электр станциялары» ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:

- алдыдагы 2013/2014-жылдын күз-кыш мезгилинде энергия системасында кубаттуулук тартыш болушу ыктымалдуу убакта Бишкек ТЭЦинин кубаттуулугун 300 МВт кем эмес көлөмгө чейин көбөйтүүнү караштыруу;

- 2012/2013-жылдар мезгилинде берилген көмүр үчүн Кыргыз Республикасынын көмүр казуучу ишканаларына бересени жоюу боюнча 2013-жылдын 1-августуна чейин чара көрүү;

- отундун 4 - 13-тиркемелерге ылайык өз учурунда даярдалышын камсыздоо.

15. "Кыргызстандын улуттук электр тармагы", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалал-Абад электр", "Бишкек жылуулук тармагы" Кыргызгаз" ачык акционердик коомдоруна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга төмөнкүлөр сунушталсын:

- электр, жылуулук энергиялары жана табигый газ үчүн дебитордук карыздары бар керектөөчүлөрдү, ошондой эле саламаттык сактоо объекттеринен, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын чек ара заставаларынан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелери менен объекттеринен башка электр, жылуулук энергияларын керектөөнүн белгиленген лимитинен ашык пайдаланууга, экологиялык жана техникалык коопсуздук тармагындагы мыйзам талаптарын бузганга жол беришкен бюджеттик ишканаларды өчүрүү;

- электр энергиясын керектөөнүн жана кубаттуулуктун белгиленген өлчөмүнөн ашууга жол бербөө;

- отканалык жабдууларды оңдоо жана 2013/2014-жылдагы күз-кыш мезгилден өтүү учурунда Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын технологиялык объектилерин электрдик камсыздоодон өчүрбөө.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-ноябрындагы № 593 токтомунун редакциясына ылайык)

16. «Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ош электр», «Жалал-Абад электр» ачык акционердик коомдоруна электр энергиясын жана кубаттуулугун пайдалануу боюнча ушул токтомдо аныкталган тапшырмалардын жана түзүлгөн контракттардын негизинде «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомуна электр энергиясын керектөөнүн сутка ичиндеги сааттык графиктерин сутка сайын берип туруу сунушталсын.

17. Бишкек шаарынын мэриясына жергиликтүү бюджеттен каржылануучу электр жана жылуулук энергияларын керектөөчүлөрдүн утурумдук төлөөлөрүнүн эсебинен 2014-жылдын апрелине чейинки мөөнөттө «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун алыш-бериш эсептерине Бишкек шаарынын ТЭЦин оңдоо-калыбына келтирүү иштерин максаттуу каржылоо жана Бишкек шаарынын ТЭЦине Кара-Кече жана Таш-Көмүрдүн көмүрлөрүн бүткүл жылытуу мезгилинде жалпысынан 6,333 млн. (алты миллион үч жүз отуз үч миң) сом өлчөмдө берүү үчүн акча каражатты ай сайын которууну камсыздоо сунушталсын.

18. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-апрелиндеги № 257 «Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча чаралар жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-октябрындагы № 725 «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы жөнүндө» токтому.

19. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

20. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетика комплекси өнөр жай жана кен пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.

 

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев

 

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2013-жылдын

7-июнундагы № 316 токтомуна
1-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2013/2014-жылдагы

күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча республикалык штабдын
КУРАМЫ

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Штабдын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Штабдын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри, Штабдын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын финансы министри, Штабдын төрагасынын орун басары.

Штаб мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

Кыргыз Республикасынын экономика министри;

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун директорунун орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);

Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

"Кыргызстан улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

"Түндүк электр" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

"Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

"Ош электр" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

"Жалал-Абад электр" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

"Бишкекжылуулуктармактары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын директору;

Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкекжылуулукэнергия" коммуналдык ишканасынын директору (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;

"Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

"Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча).

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын

7-июнундагы № 316 токтомуна
3-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын

2013/2014-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо боюнча
ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ

 

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-ноябрындагы № 593 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Иш-чаралардын аталышы

Аткаруу мөөнөтү

Жооптуулар

1

Облустарда, Бишкек жана Ош шаарларында отурумдарда жылуулук берүү мезгилине даярдыктын жүрүшүн, биринчи кезекте төмөнкү маселелерди ай сайын кароо үчүн күзгү-кышкы мезгилге карата даярдык көрүү боюнча туруктуу иштөөчү штабдарды түзүү: - калкты жылуулук менен камсыз кылууга байланышкан жылуулук менен камсыз кылуучу ишканалардын от казандарын, ведомстволук жана өндүрүш от казандарын даярдоо жөнүндө;

- социалдык объекттерди жылуулук берүү мезгилине даярдоонун сапаты жөнүндө;

- турак жай фондун жылуулук берүү мезгилине даярдоонун сапаты жөнүндө;

- социалдык объекттердин, калктын отун менен камсыз кылынганы жана жеңилдик берилген жарандардын категорияларына каражаттардын өз убагында бөлүнгөнү жөнүндө

2013-жылдын 15-июнуна чейин

Министрликтер жана ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары (мындан ары - КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары), макулдашуу боюнча: Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, отун-энергетика- лык комплекс ишканалары (мындан ары - ОЭК ишканалары)

2

Нарын дарыясынын жана Сыр-Дарыянын бассейнинин суу-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюу үчүн Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын суу чарба жана суу-энергетикалык тармактарынын жетекчилери менен эксперттеринин кеңешмесин өткөрүү

2013-жылдын 15-июнуна чейин

Энергоөнөржаймин, АЧММнын алдындагы Суу чарба жана мелиорация департаменти, "Электр станциялары" ААКы (макулдашуу боюнча), "Кыргызстандын УЭС" ААКы (макулдашуу боюнча)

3

Токтогул суу сактагычын 2013-жыл мезгилинде жана 2014-жылдын 1-кварталында колдонуу режиминин суу-энергетикалык эсептөөлөрүн электр энергиясын 500 млн. кВтс кем эмес көлөмдө экспорттоо шартында электр энергиясынын пайдалануунун болжолунун жана күтүлүүчү көлөмүнүн негизинде аткаруу

Ай сайын

"Электр станциялары" ААКы (макулдашуу боюнча)

4

Облустар, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча отун-энергетикалык теңдемдердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү

Квартал сайын

Энергоөнөржаймин, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча)

5

Облустар, Бишкек жана Ош шаарлары, бөлүштүрүүчү электр компаниялары боюнча электр энергиясынын пландуу керектелишине оңдоо жүргүзүү

Зарылдыгына жараша

Энергоөнөржаймин

6

Электр энергиясынын бюджеттик уюмдар тарабынан алар үчүн белгиленген ченемден ашык керектелүүсүнө жол бербөө боюнча дайыма контролдоо жүргүзүү

Дайыма

Министрликтер, ведомстволор, Финмин, ЭТКМИ, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча)

7

2013/2014-жылдын жылуулук берүү мезгилине даярдыктын жүрүшүн контролдоо боюнча жумушчу комиссияларды түзүү

2013-жылдын 1-июнуна чейин

Энергоөнөржаймин, ОЭК ишканалары (макулдашуу боюнча)

8

Бөлүштүрүүчү электр компаниялар жана ири өнөр жай ишканалары тарабынан "КУЭС" ААКы тутумдук операторуна электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөөнүн суткалык графиктеринин өз убагында сутка сайын берилишин камсыз кылуу

Дайыма

Энергоөнөржаймин, макулдашуу боюнча: "Электр станциялары", "КУЭС", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабад электр" ААКлары

9

Борбордук Азиянын Бирдиктүү энергетикалык тутумунун курамында республиканын энерготутумунун туруктуу параллель иштөөсүн жана борбордук-азиялык мамлекеттердин энерготутумдары жана "Энергия" координациялык-диспетчердик борбору менен өз ара аракетти камсыз кылуу

Дайыма

Энергоөнөржаймин, ТИМ, "КУЭС" ААКы (макулдашуу боюнча)

10

Капиталдык оңдоо, электр энергия менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана материалдык-техникалык ресурстардын авариялык камын түзүү боюнча иш-чараларды аткарууну камсыз кылуу

Графикке ылайык

ОЭК ишканалары (макулдашуу боюнча)

11

Операциялык блоктор жайгашкан имараттарды электр энергия менен камсыз кылууну үзгүлтүккө учуратпоо максатында дизелдик (бензиндик) генераторлор же аккумулятордук батареялар түрүндөгү электр энергия менен камсыз кылуунун автономиялык булактары менен комплекттөөнү камсыз кылуу

2013-жылдын 1-сентябрына чейин

ССМ

12

Электр от казандарынын уруксат берилген кубаттуулугун, алардын иштөө режимин жана электр энергиясын керектөө лимитин көрсөтүү менен 2013/2014-жылдын жылуулук менен камсыз кылуу мезгилинде иштөөгө уруксат берилүүчү электрдик өнөр жай от казандарынын, ошондой эле тиричилик керектөөчүлөрдүн электр от казандарынын тизмегин аныктоо жана бекитүү

2013-жылдын 1-сентябрына чейин

Энергоөнөржаймин, ЭТКМИ, макулдашуу боюнча: "Электр станциялары", "КУЭС", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабад электр" ААКлары

13

Жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо үчүн пайдаланылуучу электр от казандарынын иш графиктерин аларды энерготутумдун максимум жүктөм сааттарында милдеттүү түрдө өчүрүү менен иштеп чыгуу жана аларды түзүмдүк бөлүмдөргө жеткирүү, ошондой эле алардын жылуулук менен камсыз кылуу мезгилинде сакталышын контролдоону бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги алдында камсыз кылуу

2013-жылдын 15-сентябрына чейин

Министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Мамлекеттик чек ара кызматы, макулдашуу боюнча: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бөлүштүрүүчү компаниялар

14

Электр энергиясын керектөөнүн белгиленген режими бузулганда жана электр менен жылытуучу жабдууну өз алдынча кошуп алганда үч фазалык кирмеси бар керектөөчүлөрдү өчүрүү жана алардын техникалык шарттарын жокко чыгаруу

Дайыма

ЭТКМИ, макулдашуу боюнча: "Электр станциялары", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабад электр" ААКлары

15

Көмүр кендери иштетилип чыккан региондордо жылуулук энергиясын иштеп чыгуу үчүн электр энергиясын жана жаратылыш газын пайдалануучу жылуулук менен камсыз кылуу булактарын катуу отунга этап менен которуу боюнча жумуштарды улантуу

Дайыма

Министрликтер, ведомстволор, Мамлекеттик чек ара кызматы, "Кыргызтуракжай- коммунсоюз" МИ, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, макулдашуу боюнча: Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары, "Бишкекжылуулук- энерго" КИ

16

Өнөр жайлык, жылуулук менен камсыз кылуучу жана ведомстволук от казандарды 2013/2014-жылдын күзгү-кышкы мезгилиндеги ишке даярдоо

2013-жылдын 1-октябрына чейин

Министрликтер, ведомстволор, Мамлекеттик чек ара кызматы, "Кыргызтуракжай- коммунсоюз" МИ, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, макулдашуу боюнча: Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары, "Бишкекжылуулук- энерго" КИ

17

"Түндүк электр", "Ош электр", "Чыгыш электр", "Жалалабад электр" ААКларга министрликтер, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен биргеликте № 4-13 тиркемелерде белгиленген электр энергиясын жана кубаттуулукту пайдаланууга бөлүнгөн лимиттердин чоңдугунун чегинде уюмдарга электр энергиясын жана кубаттуулукту бөлүштүрүүнү камсыздоону сунуштоо

Дайыма

Министрликтер, ведомстволор, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, макулдашуу боюнча: "Түндүк электр", "Ош электр", "Чыгыш электр", "Жалалабад электр" ААКлары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары

18

Бюджеттик уюмдар тарабынан керектелген электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн төлөөнү толук өлчөмдө жана артыкчылыктуу тартипте жүргүзүү

Дайыма

Министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар

19

Дебитордук карыздары бар керектөөчүлөргө электр, жылуулук энергияларын жана жаратылыш газын берүүгө жол бербөө

Дайыма

ОЭК ишканалары (макулдашуу боюнча)

20

Стационардык отун базаларына калк үчүн көмүрдү ташып жеткирүүнү жана түзүлгөн келишимдерге ылайык сатуу пункттарын уюштуруу жана камсыз кылуу, 2012-2013-жылдын күзгү-кышкы мезгилине камтылбаган калктуу конуштарда кошумча отун базаларын түзүү

2013-жылдын 1-августунан тартып 2014-жылдын 1-мартына чейин

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), "Кыргызкөмүр" МИ, көмүр казып алуучу ишканалар (макулдашуу боюнча)

21

Калкка жана бюджеттик уюмдарга катуу отун сатуу боюнча отун базаларына жана пункттарына кыргыз көмүрүнүн ташып жеткирилишин координациялоо жана контролдоо, Өнөржайэнергоминге тийиштүү маалыматтарды берип туруу

Дайыма, 2013-жылдын 1-августунан тартып жума сайын

Министрликтер, ведомстволор, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, "Кыргызкөмүр" МИ, макулдашуу боюнча: Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, көмүр казып алуучу ишканалар

22

Кыдырып учуу жана башка техникаларды колдонууга мүмкүн болбогон жерлерде жайгашкан электр энергиясын берүүчү линиялардын авариялык өчүүлөрүн аныктоодо жана жоюуда жабдууларды жана адистерди жеткирүү үчүн авиациялык техника менен камсыздоо

Зарылдыгына жараша

ӨКМ, макулдашуу боюнча: "КУЭС", "Түндүк электр", "Ош электр", "Чыгыш электр", "Жалалабад электр" ААКлары

23

Контракттын шарттарына ылайык жаратылыш газына "Кыргызгаз" ААКы тарабынан алдын ала төлөө үчүн бюджеттик керектөөчүлөрдү өз убагында каржылоону камсыздоо

Ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин

Финмин, КРӨнүн облустардагы укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, министрликтер, макулдашуу боюнча: Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ОЭК ишканалары

24

Алдыдагы жылуулук берүү мезгилинен ийгиликтүү өтүү, отунду жана электр энергиясын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле электр энергиясын сактоо жана отун даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын зарылдыгы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен калк арасында түшүндүрүү иштерин дайыма жүргүзүү

Дайыма

Министрликтер, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, макулдашуу боюнча: Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ОЭК ишканалары