Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө
ЖОБО

 

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 38, 2014-жылдын 31-мартындагы № 194, 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 556, 2015-жылдын 2-декабры № 822 , 2019-жылдын 29-январындагы № 30 , 2019-жылдын 14-мартындагы № 117 , 2019-жылдын 3-майындагы № 207 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

I БӨЛҮМ
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсүнүн укуктук негизин аныктап, анын тартибин жана шарттарын жөнгө салат.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер кызматчыларына ушул Жобо колдонулбайт.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 822, 2019-жылдын 14-мартындагы № 117 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1-глава
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери

2. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын штаттык кызматын ээлеген же Ички иштер министрлигинин (мындан ары - ИИМ) кадрларынын карамагында турган Кыргыз Республикасынын жарандары, ушул Жободо белгиленген тартипте ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын атайын наамдары ыйгарылган ИИМдин окуу жайларынын курсанттары, угуучулары, адъюнкттары жана докторанттары Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери (мындан ары - кызматкерлер) болуп саналышат.

3. Кызматкерлерге формалык кийим, кызматтык күбөлүк жана офицердик курамга жеке номерлеринин жетондору берилет. Кызматтык күбөлүктөрдүн жана жеке номерлеринин жетондорунун үлгүлөрү жана аларды берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын ички иштер министри (мындан ары - министр) тарабынан бекитилет.

Кызматкерлер формалык кийиминин, кызматтык күбөлүктөрүнүн жана жеке номерлеринин жетондорунун сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Аларды жоготуу кызмат тартибин бузуу болуп саналып, жана күнөөлүүлөр тартиптик жоопкерчиликке тартылат.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 822 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кызматкерлер тиешелүү даярдыктан өткөндөн кийин табелдик ок атуучу куралды жана атайын каражаттарды министр белгилеген тартипте дайыма алып жүрүүгө, сактоого укуктуу.

5. Ички иштер органдарынын ишин техникалык жактан камсыздоо максатында ички иштер органдарынын штаттарында тийиштүү жалданма курамынын кызматтары каралат. Көрсөтүлгөн кызматтардын тизмеси министр тарабынан аныкталат.

Ички иштер органдарынын жалданма курамынын эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салынат.

2-глава
Ички иштер органдарында кызмат өтөөнүн принциптери жана укуктук негиздери

6. Ички иштер органдарында кызмат өтөө мыйзамдуулуктун, инсандын алардын укуктары менен эркиндиктерин урматтоонун жана гуманизмдин, ачыктыктын жана айкындыктын, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин тиешелүү мамлекеттик бийлик, башкаруу органдарына коомчулукка контролдуулугунун жана отчеттуулугунун, бир башчылык жана баш ийүүчүлүк, кызмат тартибин сактоо, кызматы үчүн адилеттүү акыга ээ болуунун, жөндөмдүүлүгүнүн жана квалификациясын эске алуу менен кызматтык ишинин натыйжаларынын негизинде кызматы боюнча илгерилөө принциптеринде негизделет.

7. Ички иштер органдарында кызмат өтөөнүн укуктук негиздерин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары, ушул Жобо түзөт.

8. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөөгө биринчи жолу кирген кызматкер Ант берет.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 822 токтомунун редакциясына ылайык)

9. Ички иштер органдарындагы кызмат Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик кызматынын түрү болуп эсептелет, кызмат өтөөнүн өзгөчө шарттары, аракеттеринин мүнөзүн жана натыйжалары үчүн жогорку жоопкерчилиги менен айырмаланып өмүрү жана ден соолугу үчүн дайыма коркунуч менен байланышып, толук эмоциялуулугу менен мүнөздөлөт жана чыдамкайлыкты талап кылат.

Кызматкерлердин ички иштер органдарында кызмат өтөө мезгили алардын жалпы эмгек стажына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте адистиги боюнча эмгек стажына кошулуп эсептелет.

3-глава
Ички иштер органдарынын кызматкеринин кызматтык милдеттери жана укуктары

10. Кызматкер Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык ээлеген кызматы боюнча өз компетенциясынын чектериндеги милдеттерди аткарат жана укуктардан пайдаланат.

11. Кызматтык милдетин аткаруу учурунда кызматкер мамлекеттин коргоосунда болот. Мыйзамда түздөн-түз ыйгарым укук берилген органдардан жана кызмат адамдарынан бөлөк эч ким анын ишине кийлигишүүгө укуксуз.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына даана карама-каршы келген буйрук же көрсөтмө алганда, кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүүгө милдеттүү.

12. Ээлеген кызматы боюнча кызматкердин милдеттери анын функциялык милдеттенмелери менен аныкталат. Функциялык милдеттенмелери түздөн-түз башчысы (командири) тарабынан жүргүзүлөт жана кызматы боюнча ал түздөн-түз баш ийген, ички иштер органынын тийиштүү жетекчиси тарабынан бекитилет.

13. Милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы, кызматында жетишкен жогорку натыйжалары үчүн кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын Тартиптик уставында (мындан ары - Тартиптик устав) ага берилген укуктардын чегинде башчы (командир) тарабынан сыйланышы мүмкүн.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 556 токтомунун редакциясына ылайык)

14. Кызматтык милдеттерин аткаруудагы укукка жат аракеттери же аракетсиздиги, кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Тартиптик уставына жана ушул Жобого ылайык жоопкерчилик тартат.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 556 токтомунун редакциясына ылайык)

15. Бөлүктөрдүн башчылары өзүнө баш ийгендерге кызмат өтөө үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, аларга кызматтык өсүшү жана маданияттуу эс алышы үчүн реалдуу социалдык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө милдеттүү. Кызмат өтөө жана жекече курам менен иштөө маселелери боюнча ушул Жобонун жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарынын так сакталышы үчүн жеке жоопкерчиликтүү болушат. Ички иштер органынын кызматкеринин бузулган укугу дароо калыбына келтирилүүгө тийиш, мындай бузууга күнөөлүү кызмат адамы жоопкерчиликке тартылат, ал эми мыйзамдарда белгиленген учурларда келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруп берүү менен жоопкерчиликке тартылат.

16. Согуш убагында жана өзгөчө абал киргизилген жерлерде кызматкерлердин кызмат өтөө тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

17. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында, ИИМдин окуу жайларында адистерди даярдоону, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну, стажировка жана кайра даярдоодон өтүүнү, ошондой эле кызмат өтөө процессиндеги кызматтык жана дене тарбия жагынан даярдоону, күч колдонууну, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралды колдоно билүүсүн мезгил-мезгили менен текшерүүнү өзүнө камтыган окутуулар жүргүзүлөт.

Кесиптик даярдыкты уюштуруу жана андан өтүү тартибин министр аныктайт.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 822 токтомунун редакциясына ылайык)

II БӨЛҮМ
ИЧКИ ИШТЕР ОРГАНДАРЫНЫН КЫЗМАТКЕРИН КЫЗМАТКА КАБЫЛ АЛУУ ЖАНА АНЫ КЫЗМАТЫ БОЮНЧА КӨТӨРҮҮ

4-глава
Ички иштер органдарына кабыл алуунун жана кызмат өтөөнүн шарттары жана квалификациялык талаптары

18. Ички иштер органдарынын кызматкерине коюлуучу квалификациялык талаптар ушул Жобо менен аныкталат.

Ички иштер органдарынын кызматкерине коюлуучу квалификациялык талаптарга кесиптик билиминин деңгээлине, ички иштер органдарында кызмат өтөгөн стажына же кесиби боюнча иштеген (тажрыйбасы) стажына, кесиптик билимине жана көндүмдүктөрүнө, ээлеген кызматы боюнча функциялык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ден соолугунун абалына коюлган талаптар кирет.

19. Ички иштер органдарына кызматка башка мамлекеттин жарандыгын албаган, мурда жазык жоопкерчилигине тартылбаган же болбосо жазык жоопкерчилигине тартылган, бирок аларга карата иш боюнча өндүрүш Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ылайык реабилитациялоочу жагдайлар боюнча кыскартылган же сот тарабынан актоо өкүмү чыгарылган, 19 жашка толгон (ИИМдин окуу жайларында жана башка мамлекеттердин ушуга тете окуу жайларында окуган адамдарды кошпогондо), ички иштер органдарындагы кызматка жарактуу, ички иштер органдарынын кызматкерлерине коюлуучу квалификациялык билимге ээ болгон, улутуна, жынысына, социалдык тегине, мүлктүк же кызматтык абалына, динге мамилесине карабастан өзүнүн жеке, ишкер жана моралдык сапаттары боюнча жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн катарында кызмат өтөгөн же запастагы офицер программасы боюнча аскердик даярдыктардан өткөн, үй-бүлөлүк абалдан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдүү (аскерден тышкары) кызмат өтөгөн Кыргыз Республикасынын жарандары (мындан ары - жарандары) ыктыярдуу тартипте кабыл алынат. Милдеттүү аскердик кызматты өтөө, запастагы офицер программасы боюнча аскердик даярдыктар жана альтернативдүү (аскерден тышкары) кызмат өтөө жөнүндө талаптар аялдарга колдонулбайт.

ИИМдин жогорку окуу жайларына жана башка мамлекеттердин ошого теңдеш окуу жайларына күндүзгү окууга тапшыргандарды кошпогондо аскерге чакырылуучулар кабыл алынбайт.

 (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-мартындагы № 194, 2015-жылдын 2-декабрындагы № 822 , 2019-жылдын 3-майындагы № 207 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

20. Ички иштер органдарынын орто, улук башчылык курамынын кызматына 19 жаштан 35 жашка чейинки, жогорку билими бар жарандар, ошондой эле ИИМдин орто кесиптик окуу жайын бүтүргөн адамдар министр аныктаган жогорку жана орто квалификациялуу адистер ээлөөгө тийиш болгон кызматтардын тизмесине ылайык дайындалат.

Кенже башчылык курамдын кызматын ээлеген жана жогорку билими бар кызматкерлер 35 жаштан ашкан куракта офицердик кызматка дайындалышы мүмкүн.

21. Профессордук-окутуучулук курамдын кызматына - илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы, доцент деген окумуштуулук наамы бар - 40 жашка чейинки, илимдин доктору окумуштуулук даражасы, профессор деген окумуштуулук наамы бар - 45 жашка чейинки жарандар дайындалат.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 822 токтомунун редакциясына ылайык)

22. Катардагы жана кенже башчылык курамдык кызматтарга 19 жаштан 30 жашка чейинки, ортодон төмөн эмес билимдүү ИИМдин окуу жайларында баштапкы даярдыктан өткөндөн кийин өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди жекече жана ишкердик сапаттары боюнча аткарууга жөндөмдүү жарандар дайындалат.

Атайын баштапкы даярдыктан төмөндөгү жарандар өтүшпөйт:

а) ИИМдин ички аскерлеринде мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөндөр;

б) кызматтык текшерүүнүн корутундусу боюнча ички иштер органдарына кызматы калыбына келтирилгендер;

в) ички иштер органдарында мурда кызмат өтөгөндөр (кайра кабыл алынып жаткандар);

г) жогорку билимдүү, запастагы офицер наамы барлар.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-мартындагы № 194 токтомунун редакциясына ылайык)

23. Ички иштер органдарына кызматына кайрадан кабыл алынып жаткан адамдарды ИИМдин кадрына эсепке алуу менен кызматка кабыл алууга белгиленген жогорку жаш курагы, мурда укук коргоо органдарында жана аскер кошуундарында катардагы жана башчылык курамда кызмат өтөгөндөргө, эгерде кызмат өтөгөн жылдары суммардык эсептөө чектүү жаш курагына жеткенден кийин ички иштер органдарынан бошотууда ИИМдин линиясы боюнча пенсия дайындоо мүмкүндүк берген шартта министрдин чечими боюнча ички иштер органдарына кызматка алуу үчүн белгиленген жаштагы адамды ИИМдин кадрына эсепке алуу менен кайра кызматка алууга жол берилиши мүмкүн.

24. Окутуунун күндүзгү формасы боюнча ИИМдин жогорку окуу жайларына окууга 17 жаштан 25 жашка чейин жалпы орто же орто кесиптик билими бар жарандар, мурда ички иштер органдарында кызмат өтөгөн жарандар, кенже башчылык курамдын кызматкерлери, ошондой эле ИИМдин орто кесиптик окуу жайларын бүтүргөн жарандар кабыл алынат.

Күндүзгү окууга дистанциондук билим берүү формалары боюнча окууга 40 жашка чейинки жаш курактагы, жалпы орто, орто же жогорку кесиптик билими бар ички иштер органдарынын жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлери кабыл алынат.

25. ИИМдин жогорку окуу жайында жана башка мамлекеттердин ошого теңдеш окуу жайларында билим алган мезгил алгачкы атайын офицердик наамды ыйгаргандан кийин мөөнөттүү анык аскердик кызмат катары эсептелет.

Кыргыз Республикасынын жарандарын ИИМдин профили боюнча башка мамлекеттердин окуу жайларына окууга тапшырганда жана аны улантканда алардын саны менен тизмелик курамы ички иштер органдарындагы кызматка ылайык келишин аныктоо үчүн ИИМ менен макулдашылат.

ИИМдин жогорку окуу жайларынын бюджеттик окуу формасынын жана башка мамлекеттердин ошого теңдеш окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү, жеке иши таризделген жер боюнча андан ары кызматын өтөөгө жиберилет жана милдеттүү түрдө ишке орноштурулат.

26. Ички иштер органдарынын тутумундагы кенже, орто жана жогорку жетектөөчү курамдын айрым бош кызмат орундарына иштөөгө кабыл алуу конкурстук негизде ишке ашырылат.

Конкурсту өткөрүүнүн тартиби жана иштөө үчүн конкурстук негизде кабыл алынуучу кызмат орундардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери квалификациялык талаптарга ылайык келген учурда конкурстан тышкары ошол эле түзүмдүк (же ушундай) бөлүнүштөгү кызмат орундардын бир категориясынын ичиндеги штаттык кызмат ордун ээлөөгө укуктуу.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы N 38, 2015-жылдын 2-декабрындагы № 822 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

27. Ички иштер органдарынын окуу жайларынын жана башка мамлекеттердин ошого теңдеш окуу жайларынын курсанттарын, угуучуларын, адъюнкттарын, докторанттарын кошо алганда ички иштер органдарынын катардагы жана башчылык курамынын кызматына дайындалган жарандар аскердик кызматка чакырылбайт, белгиленген тартипте аскердик эсепке алуудан чыгарылат жана тиешелүү ички иштер органынын атайын эсебине каттоого алынат.

28. Ички иштер органдарына кызматка кирип жаткан талапкер жөнүндө маалыматтары менен документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерилүүгө тийиш.

Ички иштер органдарында кызматка адамдын жарамдуулугу жана талапкердин ден соолугуна карата талаптар медициналык текшерүүнүн жана дене тарбия даярдыгы боюнча ченемдерди ченемдерин тапшыруунун негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.

Ички иштер органдарына кызматка кабыл алуу кызмат орундарынын тизмесине ылайык ички иштер органынын тийиштүү жетекчисинин жекече курам боюнча буйругу менен таризделет.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 207 токтомунун редакциясына ылайык)

29. Ички иштер органдарына кызматка кирип жаткан жарандар төмөнкүлөрдү беришет:

- арыз;

- паспорт жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

- аскердик билет;

- эмгек китепчеси (биринчи жолу кызматка кирип жаткандардан тышкары);

- квалификациялык же атайын наамы, тийиштүү атайын билими жөнүндө тастыктоочу документтер;

- балдардын туулгандыгы тууралуу (эгерде балдары болсо) жана никелешүү жөнүндөгү (никеде турган болсо) күбөлүктөр;

- өмүр баян - 2 нускада (бири кол жазма түрүндө, экинчиси компьютерде терилген);

- өмүр баяндык реферат;

- анкета;

- иштеген, окуган же жашаган жеринен мүнөздөмө;

- пикирлер, сунуштамалар;

- жашаган жеринен жана үй-бүлөсү жөнүндө маалымкат;

- фотосүрөт 9x12 (1 даана), 3x4 (4 даана).

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 822 токтомунун редакциясына ылайык)

5-глава
Ички иштер органдарынын кызматкеринин анты

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 822 токтомуна ылайык
к
үчүн жоготту)

6-глава
Ички иштер органдарына кызматка кабыл алуудагы жана кайра кабыл алуудагы чектөөлөр жана өтүү

32. Жаран ички иштер органдарына кызматка төмөнкүдөй учурларда алынбашы мүмкүн, эгерде ал:

а) наркологиялык же психоневрологиялык диспансерде каттоодо турса, соттун чечими менен аракетке жарамсыз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылса;

б) мурда жазык жоопкерчилигине тартылган болсо, ага карата иш боюнча өндүрүш Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 3-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча кыскартылган же болбосо сот тарабынан актоо өкүмү чыгарылган учурлардан тышкары;

в) анын жакын туугандары (ата-энеси, жубайы, ага-иниси, эже-сиңдиси жана балдары) өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолсо, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп табылса;

г) мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарга компетенттүү органдар тарабынан жол берилбесе;

д) ушул Жобонун 106-пунктунун "т", "у", "ф", "х", "ц", пунктчаларында каралган терс себептер боюнча ички иштер органдарынан, ошондой башка министрликтер менен ведомстволордон иштен бошотулса;

е) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон учурда же башка мамлекеттин жарандыгына ээ болсо;

ж) кызматка кирип жаткан учурда жасалма документтерди жана атайылап жалган маалыматтарды берсе;

з) Бул Жобонун ушул главасында каралган талаптарга жооп бербесе.

 (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 822 , 2019-жылдын 3-майындагы № 207 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

33. Жакын туугандык мамиледеги (ата-энелер, жубайлар, ага-инилер, эже-сиңдилер жана балдары) адамдарга түздөн-түз баш ийүүгө же контролдугундагы кызматкерлер менен байланыштагы кызматтагы кызматкерлердин кызмат өтөөсүнө уруксат берилбейт. Бул жобо ата-энелери алардын түздөн-түз жетекчилери (башчысынын) болуп саналышы мүмкүн болгон ИИМдин окуу жайларынын курсанттарына жана угуучуларына карата колдонулбайт.

34. Кызматкерге төмөнкүлөргө тыюу салынат:

а) жеке өзү ишкердик жүргүзүүгө же жеке жана юридикалык жактарга ишкердик жүргүзүүдө өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып бул үчүн ар кандай түз же кыйыр пайда көрүү үчүн ички иштер органдарынын кызматкеринин же анын үй-бүлө мүчөлөрүнө көмөк көрсөтүүгө;

б) мамлекеттик мүлктү, финансы каражаттарын, кызматтык маалыматтарды кызматка байланышпаган максаттарга пайдаланууга;

в) өзүнүн кызмат абалын жеке өзүнүн же туугандарынын кызыкчылыктарын түздөн-түз коргоочу маселелерди чечүү үчүн колдонууга;

г) негизги функциялык милдеттерди аткарууда жолтоо болбогондой ченемде педагогикалык, илимий жана чыгармачылык иштерден башка акча төлөнүүчү иш жүргүзүүгө;

д) саясий партиялардын жана тыюу салынган диний уюмдардын мүчөсү болууга же иштерин колдоп чыгууга, иш таштоолорду уюштурууга жана аларды өткөрүүгө катышууга, тынчтык чогулуштарын өткөрүү боюнча чараларды уюштуруу убагында катышуучу катары катышууга, Ички иштер органдарынын системасында саясий максаттарды көздөгөн коомдук бирикмелерди түзүүгө жол берилбейт.

7-глава
Ички иштер органдарындагы кызмат жөнүндө контракт түзүү тартиби

35. Ички иштер органдарынын катардагы жана башчылык курамынын кызматтарын, анын ичинде профессордук-окутуучулук кызматтарын контракттык негизде ээлөөгө жол берилет.

36. Ички иштер министрлигинин окуу жайларына же башка мамлекеттердин ошого теңдеш окуу жайларынын бюджеттик окуу формасына кирген адамдар үчүн контракттык окуу жайын аяктагандан кийин, кеминде төрт жылдык мөөнөттө кызмат өтөө каралууга тийиш, же болбосо алар окутуу боюнча бардык чыгымдарды кайра төлөп берүүсү каралууга тийиш. Эгерде кызматкер окуу жайды аяктагандан кийин төрт жылдык мөөнөткө чейин кызматтан бошогон учурда, ИИМ ушул Жобонун 106-пунктунун "д", "е", "ж", "п", "к", "л" пунктчаларында каралган учурлардан башка да окутуу боюнча бардык чыгымдарды кайра төлөп берүү боюнча сотко кайрылууга укуктуу.

37. Ички иштер органдарындагы кызмат жөнүндө контракт боюнча жаран ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарууга, Антты, ички тартипти жана ушул Жобонун талаптарын сактоого, ал эми ИИМ ага акы төлөөнүн бардык түрлөрүн, укуктарды жана жеңилдиктерди берүүнү камсыздоого жана ички иштер органдарында кызмат өтөө үчүн "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамында, ушул Жободо жана контрактта каралган шарттарды түзүүгө милдеттенет.

Контрактта тараптар өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбагандыгына байланыштуу келип чыгуучу юридикалык жагдайлардын натыйжалары каралат.

Контракт жазуу жүзүндө түзүлөт, анын шарттары кызматкердин "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган кызматтык жана социалдык абалын начарлатпайт.

Ички иштер органдарында кызмат жөнүндө келишим 3 жылдык мөөнөткө түзүлөт.

Контракт анда белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин кеминде бир ай мурда тараптардын макулдашуусу боюнча узартылышы же кайра түзүлүшү мүмкүн. Келишим узартылбаса же кайрадан түзүлбөсө ички иштер органдарынан бошотууга негиз болот.

Кызматтык зарылчылык болгон учурда кызматкер календардык жылдын ичинде бир айга чейинки мөөнөткө келишимде каралбаган милдеттерди аткарууга тартылышы мүмкүн.

8-глава
Ички иштер органдарында кызматка дайындоо

38. Кадрларды тандоо, жайгаштыруу, ички иштер органдарынын катардагы жана башчылык курамынын кызмат орундарынын сапаттуу толукталышын камсыздоо бардык деңгээлдеги түздөн түз ички иштер органдарынын жетекчилеринин негизги милдеттеринин бири болуп саналат.

Кызматкерлерди штаттык кызматтарга дайындоо, ээлеген кызмат ордунан бошотуу жана ички иштер органдарынан бошотуу министр тарабынан бекитилген, ИИМдин кызматтарынын тизмесине ылайык ички иштер органдарынын жетекчилери тарабынан жүргүзүлөт.

39. Кызматкерлердин бала багуу боюнча өргүү мезгилинде аларды башка кызматкерлер же жарандык калк арасындагы адамдар менен аларга алгачкы атайын наамдарды ыйгарбастан, оперативдик-кызмат иш-аракети менен байланышпаган жана жашыруун иш кагаздар менен иштөөнү талап кылбаган кызматтарга алмаштырууга уруксат берилет. Мындай учурларда жарандык калк арасындагы адамдарга алгачкы атайын наамдар ыйгарылбайт.

9-глава
Ички иштер органдарынын кызматкерин кызмат боюнча которуу, ордун алмаштыруу (ротация), бошотуу жана ээлеген кызматынан четтетүү

40. Ички иштер органдарынын кызматкеринин башка туруктуу же убактылуу кызматка ошол эле органда же ички иштер органдарынын бөлүктөрүнө же болбосо тийиштүү башчынын демилгеси менен башка органга которуу - кызмат өтөө шарттарынын олуттуу өзгөрүүсү же кызматкердин функциялык милдеттеринин өзгөрүүсүн билдирет.

Кызматкердин кат жүзүндөгү гана макулдугу менен которууга жол берилет.

Кызмат өтөө шарттарынын олуттуу өзгөрүүсү - эмгек акы төлөө системасынын жана өлчөмүнүн, иш тартибинин, жеңилдиктеринин жана артыкчылыктарынын, жайгашкан жеринин өзгөрүүсүн түшүндүрөт.

Которуу төмөнкүчө жүргүзүлөт:

а) жогору турган кызмат орундарына:

- кызмат боюнча көтөрүлүү тартибинде (ИИМдин коллегиясынын чечиминин негизинде, ички иштер органдарынын оперативдик кеңешмесинин чечимине ылайык, түздөн-түз же жогору турган башчысынын кол коюлган сунушунун негизинде, ошондой эле кадрдык аппараттын башчысынын сунушунун негизинде);

- кадрлар резервинде турган кызматкерлердин ичинен көтөрүлүү үчүн (ИММдин коллегиясынын чечиминин негизинде, ички иштер органдарынын оперативдик кеңешмесинин чечимине ылайык, түздөн-түз же жогору турган башчысынын кол коюлган сунушунун же макулдашуу барагынын негизинде, ошондой эле кадрдык аппараттын башчысынын сунушунун негизинде);

- кызматтык бир жыл же андан көп стажы бар кенже башчылык курамдагы кызматкерлердин ичинен офицердик кызматтарга дайындоо (ички иштер органдарынын оперативдик кеңешмесинин чечимине ылайык, түздөн-түз же жогору турган башчысынын кол коюлган сунушунун негизинде, ошондой эле кадрдык аппараттын башчысынын сунушунун негизинде).

Жогору турган кызматка которууда биринчи кезекте дайындалуу укугуна ИИМдин окуу жайларында жогору турган кызмат орунуна кайра даярдоо курстарын аяктаган жана мамлекеттик үлгүдөгү сертификат алган кызматкерлер ээ.

Ички иштер органдарынын кадрдык резерви конкурстук тандоонун, аттестациянын жыйынтыгы боюнча сунушталган ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат орундарын түздөн-түз ээлеген кызматкерлерден, ошондой эле бөлүм жоюлганда (кайра өзгөртүлгөндө) кызматынан бошотулган, штаты кыскарган адамдардан, кадрлардын резервине киргизүү тууралуу рапорттун негизинде түзүлөт.

Которуу үчүн кадрлар резервин тандоо, түзүү, бекитүү жана иштешиминистр тарабынан аныкталат.

Мында кызмат орду эгер ага мурдагы кызматы боюнча атайын наамынан кыйла жогорку атайын наам каралган болсо, ал жогорку кызмат деп эсептелет, ал эми кызмат боюнча каралган атайын наамдарынын тең болгон учурда - ээлеген кызмат орду боюнча кыйла жогорку кызматтык маяна;

б) төмөн турган кызмат орундарына:

- түзүмдүк бөлүктү өзгөртүп кайра түзүүдө же штаттык санды же штаттык кызмат ордун кыскартууда - теңдеш кызмат ордуна которулууга мүмкүнчүлүк болбогон учурда кызматкерге билдирүү менен (ИИМдин коллегиясынын чечиминин негизинде, ички иштер органдарынын оперативдик кеңешмесинин чечимине ылайык, түздөн-түз же жогору турган башчысынын кол коюлган сунушунун же макулдашуу барагынын негизинде, ошондой эле кадрдык аппараттын башчысынын сунушунун негизинде);

- аскердик-дарыгердик комиссиянын токтомуна ылайык ден соолугунун абалы боюнча;

- жеке сураныч боюнча (кызматкердин рапортунун негизинде);

- аттестациялык тартипте кызматтык абалына ылайыксыздыгы (аттестациялык комиссиянын чечиминин негизинде);

- Тартиптик уставга ылайык тартиптик жаза-чара тартибинде (тартиптик жаза колдонуу жөнүндө буйруктун негизинде, кызматтык иликтөөнүн корутундусунун негизинде), мында кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынбайт.

Кызмат орду эгер ал үчүн штатта мурдагы кызмат орду боюнча атайын наамынан кыйла төмөн атайын наам каралса төмөнкү болуп саналат, ал эми штатта каралган атайын наамдары тең болгон учурда - ээлеген кызмат орду боюнча кыйла төмөн кызматтык маяна;

в) ИИМдин окуу жайларына жана башка мамлекеттердин ошого барабар окуу жайларына окууга кирүүсүнө же ээлеген кызмат ордунан бошотуу менен кирүүсүнө байланыштуу, ошондой эле окууну аяктагандан кийин кызматка дайындоодо (түздөн-түз же жогору турган башчысынын кол коюлган сунушунун же макулдашуу барагынын негизинде, ошондой эле кадрдык аппараттын башчысынын сунушунун негизинде).

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 822 токтомунун редакциясына ылайык)

41. Ротация (кызмат боюнча которуштуруу) кызматтын кызыкчылыктарын эске алуу менен кызматкердин күч-кубатын натыйжалуу пайдалануу, анын кызматтык жана кесиптик өсүшү үчүн керектүү шарттарды түзүү, кызматтык мансабы үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу жана кадрларды кызматка бекитүү, ошондой эле паракорчулук коркунучун төмөндөтүү максатында жүргүзүлөт.

Которуу кызматтык, уюштуруучулук же болбосо экономикалык себептерге негизделүүсү керек.

Эреже катары ээлеген кызмат ордунда 5 же андан ашык жыл иштеген кызматкер ротацияланат.

Ички иштер органынын кызматкери кызматтын кызыкчылыктарында башка жергедеги кызматка, орган же бөлүктөргө, же болбосо ошондой эле кызматка же тең кызмат ордуна ротациянын мөөнөтүнө чейин эле которулушу мүмкүн, эгерде жагдай чара көрүүнү талап кылса, кызматка олуттуу зыян келтирбөө максатында которулат, мындай учурда кызматкердин макулдугу талап кылынбайт. Ротация негиздемесин, схемасын жана макулдашууну кабыл алып жаткан тараптын ички иштер органдарынын кадрдык аппараты даярдайт.

Ротация (которуштуруу) төмөнкү негиздерде ИИМдин коллегиясынын, аттестациялык комиссиянын чечиминин негизинде, ички иштер органдарынын оперативдүү кеңешмесинин чечимине ылайык, түздөн-түз же жогору турган башчысынын кол коюлган сунушунун же макулдашуу баракчасынын негизинде, ошондой эле кадрдык аппараттын башчысынын жана ошондой эле кызматкердин билдирмеси боюнча жүргүзүлөт.

Мында кызмат орду эгер ага мурдагы кызматы боюнча атайын наам жана ээлеген кызмат орду боюнча теңдеш кызматтык маяна каралса бирдей маанидеги кызмат катары саналат.

42. Аскер бөлүктөрүнөн жана укук коргоо органдарынан кызматкердин макулдугу менен анын кийинки кызмат өтөөсү үчүн жөнөтүү жөнүндө суроо-талап келип түшкөн учурда министр тарабынан которуу жөнүндө буйрук чыгарылат.

43. Башка жерге, органга же бөлүктөргө кийинки кызмат өтөө үчүн жиберилген кызматкерлер кызмат өтөөнүн жаңы жерине иштерди тапшыргандан кийин жана жүгүртмө баракчасын толтуруп, бирок бул адам кезектеги өргүүдө же дарыланууда болгон учурлардан тышкары, буйрук же кызмат боюнча которуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү чыккан күнүнөн тартып он төрт календарлык күндүн ичинде кечиктирбестен келүүгө тийиш.

44. Кызматкерлерди ички иштер органдарынын карамагына каттоо төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

- бөлүктөрдү өзгөртүп түзүүгө, жоюуга, жабылгандыгына же болбосо штаттык сандын же кызмат ордунун кыскарышына байланыштуу штаттык-уюштуруучулук иш-чараларды өткөрүүдө;

- ээлеген кызмат ордунан ички иштер органдарынын Тартиптик уставга ылайык кызматынан бошотулуп, төмөнкү кызмат ордуна дайындоого мүмкүн болбогон учурда;

- мурда бул кызмат ордун ээлеген кызматкерди ошол кызматына кайра калыбына келтирүүгө, аны башка кызмат ордуна дайындоого мүмкүнчүлүк болбогон учурда.

Ээлеген кызматынан бошотулуу ички иштер органдарында кызматтан биротоло бошотулду деп саналбайт.

45. Кадрлардын карамагында турган кызматкер ар бир жумушчу күнү кадрлар кызматына же кызматтын кызыкчылыгы боюнча пайдаланып жаткан, табелдик иштөө убактысы сөзсүз эсептелүүсү тийиш болгон ички иштер органынын бөлүкчөсүнө келүүгө милдеттүү.

Кызматка жүйөөлүү себептерден улам келе албай турган учурда кызматкер кадрлар кызматына, же болбосо кызматтын кызыкчылыктарына ылайык пайдаланып жаткан ички иштер органынын бөлүктөрүнө милдеттүү түрдө маалымат берүүсү милдеттендирилет.

Жүйөөлүү себептердин катарына ушул Жобонун 94-пунктунда көрсөтүлгөн башка учурлар жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган себептер кирет.

Жүйөөлүү себептерсиз келбей калган учурда, кадрлар карамагындагы турган кызматкер Тартиптик уставга ылайык ички иштер органдарынан бошотулууга тийиш.

Кызматкердин кадрлардын карамагындагы болгон мөөнөтүнө убактылуу эмгекке жараксыз, кезектеги жана башка өргүүлөрдө болгон мезгилдери, ошондой эле офицердик курамдын бош орундары боюнча милдеттерди аткарган убактылары кирбейт.

Буйрук кызматкерге жазуу жүзүндө тааныштырылат жана анын көчүрмөсү берилет. Эгерде кызматкер кол коюудан баш тарткан учурда же болбосо кадрлар аппаратынын кызматкерлери тарабынан чакырылган учурда келбей койгондо акт түзүлөт жана жашаган жери боюнча маалымдоо жиберилет.

Кызматкерди кызмат ордуна дайындоо мүмкүн болбогон учурда, кадрлар карамагында болуу мөөнөтү бүткөндөн кийин милдеттүү түрдө кат жүзүндө кадрлар карамагына каттоо жөнүндө буйрукту тааныштыруу - бир эле учурда ички иштер органдарынан бошотулуу мүмкүндүгү жөнүндө эскертүү болуп саналат.

Эгерде кызматкерге кадрлар карамагында мүмкүн болгон төрт айлык убакыт аяктагандан кийин ылайыктуу кызмат орун сунушталбаса, анын ичинде төмөнкү кызмат орунга, ошондой эле белгиленген убакыт ичинде сунушталган эки бош кызмат орундарынан баш тарткан учурда, ал ички иштер органдарынан эскертүүсүз бошотулат, негизи катары кызматтын тизмесине ылайык ички иштер органынын кадрлар аппараты тарабынан корутунду чыгарылат.

Бул ИИМдин жогорку окуу жайларынын жана ИИМдин квоталары боюнча башка чет мамлекеттердин ага теңдеш окуу жайларынын бюджеттик окуу формаларынын бүтүрүүчүлөрүнө тийиштүү эмес.

46. Тартиптик уставда белгиленген тартипте төмөнкү кызмат ордуна которулган кызматкер бир жыл өткөндөн кийин кызмат боюнча анын кызматтык квалификациясын, тажрыйбасын, ишкердик жана жеке сапаттарын, ден соолугунун абалын эске алуу менен кызматы боюнча көтөрүлүшү мүмкүн.

47. Кызматкерге 3 айдан ашык эмес мөөнөткө убактылуу милдеттерди аткаруу жүктөлүшү мүмкүн. Кызматкерге бош кызмат орунунун милдетин аткарууга жол берилбейт.

Бул кызматта турган кызматкерге башка милдеттерди убактылуу аткарууну жүктөө ички иштер органынын башчысынын буйругу менен таризделет, бирок бул кызмат орду номенклатурасына кирген, ички иштер органынын башчысына жүргүзүлгөн дайындоо жөнүндө милдеттүү маалымдалат.

Бош эмес кызмат орундар боюнча милдеттерди убактылуу аткаруу ал кызматты ээлеп турган кызматкер, ошондой эле анын штаттык орун басарлары, алардын кызматтык милдеттерине карабастан ички иштер органдарынан дарыланууга, өргүүгө, кызматтык иш сапарга же окууга кеткен учурда гана ишке ашырылат.

48. Кызматкер төмөнкүдөй учурларда кызматтык милдеттерин аткаруудан убактылуу четтетилет:

а) тергөө судьясы же сот тарабынан кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө токтом же аныктама чыгарылса;

б) ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоолдук жараткан башка бөгөт коюу чаралары колдонулса;

в) кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн мезгилде.

Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, иштен четтетилген убакта эмгек акы эсептелбейт.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 207 токтомунун редакциясына ылайык)

10-глава
Ички иштер органдарында кызмат өтөөдөгү сыноо мөөнөтү

49. Жарандарды Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына кызматка кабыл алууда, ошондой эле катардагы жана кенже башчылык курамдагы кызматкерди офицердик кызматка которууда тийиштүү ички иштер органынын башчысы кызмат орду боюнча эмгек акысын төлөө менен кызматкерди 3 ай мөөнөткө чейинки сыноо менен кызматка дайындай алат. Эмгекке жарамсыз мезгил жана адам жүйөлүү себептер боюнча иште болбогон, ушул Жобонун 94-пунктунда көрсөтүлгөн, башка учурлар баштапкы сыноо мөөнөтүнө киргизилбейт.

50. Эгер сыноо мөөнөтү бүткөндөн кийин сыноонун жыйынтыгын ички иштер органынын түздөн түз башчысы канааттандырарлык эмес деп тапса, кызматкер төмөн турган башка кызмат орунуна дайындалат же ушул Жобого ылайык ички иштер органдарынан бошотулууга тийиш.

Эгер сыноо мөөнөтү бүткөндөн кийин ички иштер органынын башчысы төмөн турган башка кызмат орунга дайындоого же бошотуу жөнүндө чечим чыгарбаса, кызматкер сыноодон өттү жана туруктуу дайындалды деп эсептелет.

Сыноо мөөнөтү менен дайындалган кызматкерлерге ушул Жобонун колдонулушу жайылтылат.

11-глава
Ички иштер органдарынын кызматкерин мамлекеттик бийлик органдарына жана эл аралык уюмдарга кызмат өтөөгө жиберүү

51. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына андан ары кызмат өтөө үчүн министрдин буйругу менен кызматкер ички иштер органдарынын кадрында калтыруу менен жиберилиши мүмкүн.

52. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына ички иштер органдарынын кадрында калтыруу менен жиберилген кызматкерди акчалай каржылоо (эмгек акы) менен камсыздоо кызмат өтөөгө жиберилген тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан, аталган мамлекеттик органдарда белгиленген эрежелер жана ченемдер боюнча аткарылат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберилген кызматкердин ай сайын компенсациялык төлөмдөрү (азык-түлүк паектун ордуна акчалай компенсация, пенсиясынын өлчөмүнүн 50 пайыздык өлчөмдөгү кошумча, буюм мүлкүнүн ордуна акчалай компенсация) сакталат. Аталган төлөмдөр кызматкерди жиберген ички иштер органы тарабынан төлөнөт.

ИИМдин кадрында калтырылган кызматкердин кызмат өтөөсүнө контролдук тийиштүү уюмдардын жетекчилери жана ИИМдин жетекчилиги тарабынан ишке ашырылат.

Аталган мамлекеттик органдарда иштөө мөөнөтү бүткөндөн кийин кызматкер ИИМдин карамагына келет жана эреже катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберилгенге чейин ээлеп турган кызмат ордуна же ага теңдеш кызмат орунга ишке орношууга тийиш.

53. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте кызматкер анын макулдугу менен министр тарабынан кызматын андан ары өтөө үчүн эл аралык уюмга жиберилиши мүмкүн. Эл аралык уюмга жиберилген кызматкер "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ушул жободо белгиленген тартипте кызмат өтөйт.

54. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана эл аралык уюмдарга ИИМдин кадрында калтыруу менен жиберилген кызматкерлерге кезектеги атайын наамдар ушул Жободо каралган тартипте ыйгарылат.

Кезектеги атайын наамдарды ыйгаруу алар командировкага жиберилгенге чейин ээлеген акыркы кызмат орду боюнча тиешелүү наамын ыйгарууда белгиленген кызмат өтөө жылдары бүткөндөн кийин, командировкага жөнөтүлгөндөн кийин киргизилген бул кызмат орду боюнча штаттагы наамдын өзгөрүлүшүн эске албастан жүргүзүлөт.

ИИМдин кадрында калтырылган кызматкер жана алардын үй-бүлөсү үчүн "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн белгиленген укуктар жана жеңилдиктер сакталат.

ИИМдин кадрында калтырылган кызматкерди кызматтан бошотуу тийиштүү органдардын жетекчилеринин сунуштары боюнча жана ушул Жободо каралган негиздер жана тартиптер боюнча ишке ашырылат.

12-глава
Аттестациялоо

55. Ички иштер органдарынын ишмердигин өркүндөтүү, алардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу, коюлган талаптарга кызматтык шайкештикти аныктоо жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу максатында кызматтык аттестациялоо жүргүзүлөт.

Кызматкерлерди аттестациялоодо алардын кесипкөй даярдыгы, ишмердик, моралдык жана адамдык сапаттары, эрудициясы жана маданий деңгээли ар тараптуу бааланат. Кызматкердин ээлеп турган кызмат ордуна шайкештиги, жогору кызматка көтөрүү жөнүндө жыйынтыктар чыгарылат.

Кызматкерлерди аттестациялоо үч жылда бир жолудан ашык эмес өткөрүлөт.

56. Кезектеги аттестациялоого, эгер өздөрү каалабаса, төмөнкү кызматкерлер киргизилбейт:

а) тийиштүү мамлекеттик кызмат ордун ээлеп турганына бир жыл толо электер;

б) ИИМдин кадрында калтыруу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана эл аралык уюмдарына жиберилген;

в) кош бойлуу аялдар;

г) кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө, бала багуу боюнча өргүүдө жүргөндөр.

Аталган кызматкерлерди кезектеги аттестациялоо алар жогоруда аталган өргүүдөн чыккан соң бир жыл өткөндөн кийин жүргүзүлөт.

Өргүүлөрдө, командировкада жана дарыланууда жүргөн кызматкерлер ишке чыккандан бир айдан кийин аттестациялоодон өтүүгө тийиш.

Кезексиз аттестациялоо жүргүзүүгө жол берилбейт.

57. Кыргыз Республикасынын ИИМинин окуу жайларынын же башка мамлекеттердин ага теңдеш окуу жайларынын курсанттары, угуучулары, адьюнкттары жана докторанттары окуу жайларды (адьюнктураны) бүтүргөндөн кийин аттестацияланышат.

Ички иштер органдарында кызмат өтөө жөнүндө келишим түзгөн Кыргыз Республикасынын жараны белгиленген тартипте аттестациялоодон өткөрүлөт.

58. Кызматкерлерди аттестациялоону даярдоо жана өткөрүү, аттестациянын жыйынтыктарын жана сунуштарын ишке ашыруу, ошондой эле аттестациялоону өткөргөн кызмат адамдары тарабынан аттестациялоонун тартибин жана калыстыгын бузгандыгы жөнүндө даттануулар кароонун тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана алардан келип чыгуучу ИИМдин ведомстволук актылары менен аныкталат.

Эгерде кызматкерди ээлеген кызмат ордуна ылайыктуу эмес деп аттестациялык комиссиянын чечими кабыл алынса жана аны төмөнкү кызмат орунга дайындоого бир ай ичинде мүмкүндүк болбосо, ал ички иштер органдарынан бошотулууга тийиш.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 822 токтомунун редакциясына ылайык)

13-глава
Ички иштер органдарынын кызматкеринин өздүк делосу

59. Өздүк дело ички иштер органдарынын кадрлар бөлүктөрүндө ички иштер органдарынын штаттык кызмат орундарында турган катардагы жана жетектөөчү курамдын бардык кызматкерлерине, эркин жалданган курамга, ИИМдин окуу жайларында жана белгиленген форма боюнча башка мамлекеттердин ошого теңдеш окуу жайларында окууга талапкерлерге таризделет жана жүргүзүлөт.

Өздүк дело негизги документ болуп саналат, анда кызматкерлердин кызматтык, эмгектик жана коомдук ишмердиктерин мүнөздөөчү материалдар, ошондой эле кызматкердин биографиялык маалыматтары жана ал жөнүндө башка маалыматтар камтылат.

Өздүк дело "жашыруун" грифтүү документтердин категориясына кирет.

Өздүк делодогу материалдар кызматкерди кызматта пайдалануу, атайын наамдарды ыйгарууга, сыйлоого көрсөтүү, ошондой эле иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыны төлөө жана пенсия чектөө үчүн кызмат өтөө стажын эсептөө жөнүндө маселелерди чечүүгө арналат.

Бир кызматкерге бир нече өздүк дело жүргүзүүгө жол берилбейт. Өздүк иштердин формасын жана жүргүзүүнүн тартибин, өздүк делого киргизилчү маалыматтардын жана документтердин тизмесин, ошондой эле аларды алуунун тартиби жана өздүк делодо чагылдырыла турган кызмат өтөөдө эске алуучу башка маселелер министр тарабынан аныкталат.

60. Ички иштер органдарына жаранды кызматка кабыл алууда маалыматтарды тактоо максатында талапкердин өзүнө тийиштүү, анын жакын туугандары менен жакын байланыштарына атайын текшерүү жүргүзүлөт. Талапкерди жана анын туугандарына оперативдүү-маалымдамалык эсепке алуу боюнча текшерүүнүн иш-чаралары жүргүзүлөт.

Атайын текшерүү ички иштер органдарынын жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын оперативдик мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу жолу аркылуу жүргүзүлөт.

Атайын текшерүү бүткөндөн кийин кадрлар аппаратынын кызматкери тарабынан жыйынтыктары жөнүндө корутунду түзүлөт.

Атайын текшерүүнүн материалдары өздүк делодо сакталат.

Жарандарды ички иштер органдарына тандоонун тартиби, ошондой эле атайын текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жана мөөнөтү министрдин буйругу менен аныкталат.

III БӨЛҮМ
ИЧКИ ИШТЕР ОРГАНДАРЫНЫН
КАТАРДАГЫ ЖАНА ЖЕТЕКТӨӨЧҮ КУРАМЫНА АТАЙЫН НААМДАРДЫ ЫЙГАРУУНУН ТАРТИБИ

14-глава
Атайын наамдарды ыйгаруунун шарттары менен тартиби

61. Кызматкерлерге атайын наамдар алардын квалификациясын, билимин, кызматка мамилесин, иштеген жылдарын жана ээлеген штаттык кызмат ордун, ошондой эле ушул Жободо каралган башка шарттарды эске алуу менен жеке түрдө ыйгарылат.

Атайын наамдар ыйгаруунун ыраатына жараша алгачкы жана кезектеги болуп бөлүнөт.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 207 токтомунун редакциясына ылайык)

62. Кызмат ордуна дайындоо же Кыргыз Республикасынын ИИМдин окуу жайларына кабыл алуу менен ички иштер органдарына кабыл алынганда, жарандарга катардагы жана кенже жетектөөчү курамдын алгачкы атайын наамдары ыйгарылат.

"Милициянын кенже лейтенанты", "ички кызматтын кенже лейтенанты" деген алгачкы атайын наам орто жана улук жетектөөчү курамдагы кызмат орунга дайындалган, запас боюнча "кенже лейтенант" аскердик наамы бар же жогорку окуу жайларды бүтүргөн, ошондой эле жетектөөчү курамдын аскердик жана атайын наамдары жок болгон, орто жана жогорку жетектөөчү курамдын кызмат орундарында турган аял жарандарга, кызмат орунга дайындалгандан 3 ай өткөндөн кийин, ал эми ИИМдин атайын орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө - окууну аяктагандан кийин ыйгарылат.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Академиясынын, бюджеттик күндүзгү формасы боюнча бүтүргөндөргө жана башка мамлекеттердин ошого теңдеш окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнө "милициянын лейтенанты", "ички кызматтын лейтенанты" деген алгачкы атайын наам берилет.

ИИМдин окуу жайларынын ички иштер органдарына кызматка алынган жана окумуштуулук даражасы жана окумуштуулук наамы бар профессордук-окутуучулук курамындагы адамдарга министрдин чечими менен алгачкы атайын наам: илимдин кандидаттарына, доценттерге - "милициянын капитанынан", "ички кызматтын капитанынан"; илимдин докторлоруна, профессорлорго - "милициянын майорунан", "ички кызматтын майорунан" төмөн эмес ыйгарылат.

"Милициянын полковнигине", "ички кызматтын полковнигине" чейинки атайын наамдар министр аныктоочу тартипте ыйгарылат. Эң жогорку жетектөөчү курамдын атайын наамдарын Кыргыз Республикасынын Президенти берет.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 822 токтомунун редакциясына ылайык)

63. Жетектөөчү курамдын кызматкерлерине кезектеги атайын наамдар жакшы кызматтык мүнөздөмө берилгенде, ээлеп турган штаттык кызмат оруну боюнча каралган наамга ылайык келсе жана мурдагы атайын наамда кызмат өтөөгө белгиленген мөөнөт аяктаганда ырааттуу тартипте берилет.

Орто жана улук жетектөөчү курамдын кезектеги наамдары төмөнкүдөй ыйгарылат:

- "милициянын капитаны", "ички кызматтын капитаны" наамына чейин - ички иштер органдарынын башкы башкармалыктарынын, облустардын жана шаарлардын ички иштер башкармалыктарынын, ИИМдин жогорку окуу жайларынын жана Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын башчылары тарабынан.

- "милициянын майору", "ички кызматтын майору", "милициянын подполковниги", "ички кызматтын подполковниги", "милициянын полковниги", "ички кызматтын полковниги" наамдары - министр тарабынан.

Орто жана улук жетектөөчү курамдын алгачкы атайын наамдары, ошондой эле улук жетектөөчү курамдын "милициянын майорунан", "ички кызматтын майорунан" баштап андан жогорку кезектеги атайын наамдары жогорку билими бар болсо гана берилет.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 207 токтомунун редакциясына ылайык)

64. Күндүзгү форма боюнча окуу жайларда окуган кызматкерлерге (угуучу-кызматкерлерге, курсанттарына, адъюнктарга, докторанттарга) кезектеги атайын наамдар алар окууга өткөнгө чейин ээлеп турган штаттык кызмат орундарына ылайык берилет. Окуу жайды бүтүргөндөн кийин кезектеги атайын наам ошол кызматкер дайындалган штаттык кызмат орунга жараша берилет. Окуу аяктагандан кийин кезектеги атайын наам кызматкер дайындалган штаттык кызмат орунга жараша ыйгарылат.

65. Ээлеген кызматка ылайык келген кезектеги атайын наам кызматкерге эгерде мөөнөтүн узартуу техникалык себептерден келип чыкпаса (кызмат адамдарынын дем алыш күндө жок болушу, кадрлар кызматына сунуш берилбей калуу же кеч берилишине байланыштуу кечигүү болбосо ж.б.) анын мурдагы наамда кызмат өтөө мөөнөтү бүткөн күнү түздөн-түз башчысынын сунушунун негизинде ыйгарылат.

Ички иштер органдарынын кызмат адамдары кызматкерге кезектеги жана баштапкы атайын наам берүү жөнүндө сунушту негизсиз кечиктирсе тартиптик жоопкерчиликке тартылат.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 207 токтомунун редакциясына ылайык)

66. Ээлеп турган кызмат орду боюнча белгиленген чектик наамга ылайык келген атайын наамы бар жетектөөчү курамдагы кызматкерлер андан жогору наам белгиленген кызмат орунга которулганда кезектеги наамды ыйгарууга ал жаңы кызмат орун боюнча аткаруучу милдеттерин ийгиликтүү өздөштүргөн шартта, бирок ал кызмат орунга дайындалгандан 6 айдан эрте эмес көрсөтүлүшөт.

67. Кызматкерлерге катардагы жана жетектөөчү курамдын атайын наамдарда кызмат өтөөсүнүн мөөнөтү төмөнкүдөй белгиленет, наамдарда:

- катардагы курамга - белгиленбейт;

- милициянын кенже сержантынын, ички кызматтын кенже сержантынын наамында - 1 жыл;

- милициянын сержанты, ички кызматтын сержанты - 1 жыл;

- милициянын ага сержанты, ички кызматтын ага сержанты - 2 жыл;

- милициянын старшинасы, ички кызматтын старшинасы - 3 жыл;

- милициянын прапорщиги, ички кызматтын прапорщиги - 4 жыл;

- милициянын ага прапорщиги, ички кызматтын ага прапорщиги - белгиленбейт;

- милициянын кенже лейтенанты, ички кызматтын кенже лейтенанты - 1 жыл;

- милициянын лейтенанты, ички кызматтын лейтенанты - 2 жыл;

- милициянын ага лейтенанты, ички кызматтын ага лейтенанты - 3 жыл;

- милициянын капитаны, ички кызматтын капитаны - 4 жыл;

- милициянын майору, ички кызматтын майору - 5 жыл;

- милициянын подполковниги, ички кызматтын подполковниги - 6 жыл;

- милициянын полковниги, ички кызматтын полковниги - белгиленбейт.

Кызматын токтоткон учурда алардын атайын наамдарына "запастагы" же "отставкадагы" деген сөздөр кошумчаланат.

15-глава
Кызматка кабыл алууда же башка аскердик түзүмдөрдөн же укук коргоо органдарынан которулганда запаста турган жаранга атайын наамды ыйгаруу

68. Запастагы офицердик курамдын кызматкери, аларды орто, улук жана жогорку жетектөөчү курамдагы кызмат орундарга дайындагандан кийин тийиштүү болгон аскердик наамына теңдеш атайын наамды ыйгаруу менен 3 айдан эрте эмес мезгилде ИИМдин кадрларынын эсебине алынат.

Мурун укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн жарандарга аларды орто, улук жетектөөчү курамдагы кызмат орундарга дайындагандан кийин 3 айдан эрте эмес убакытта алардын бошотулганга чейинки наамдарына теңдеш алгачкы атайын наам ыйгарылат.

Мурдагы ички иштер органдарынын, аскер түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кезектеги атайын наамды ыйгаруу, аларды ИИМдин кадрларына кабыл алгандан кийин, бошотулганга чейинки болгон атайын наамындагы кызмат өтөгөн жылын жана атайын наамындагы кызмат өтөө мөөнөтүн суммалап эсептөө менен ишке ашырылат.

69. Ички иштер органдарына кабыл алынып жаткан запастагы офицердин наамы бар жарандар ыктыярдуу түрдө кенже жетектөөчү курамдын кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн. Мында ага "милициянын старшинасынан", "ички кызматтын старшинасынан" төмөн эмес кенже жетектөөчү курамдын алгачкы атайын наамы берилиши мүмкүн.

70. Кыргыз Республикасынын аскердик түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ички иштер органдарына кызматка которулган кызматкерлери кенже, орто, улук жана жогорку жетектөөчү курамдын кызмат орундарына дайындалгандан кийин ИИМдин кадрларынын эсебине алынат жана аларга аскердик же атайын наамдарына жараша аттестациялык тартипте атайын наамдар ыйгарылат.

Аталган адамдарга аскердик түзүмдөрдө жана укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн жылдарындагы наамдарда иштеген жылдары атайын наамда иштеген жылдардын мөөнөтүнө эсептелет.

71. Укук коргоо органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамындагы пенсионерлерге, ички иштер органдарына кызматка жаңы алынган аскер кызматчыларына пенсия төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

16-глава
Атайын наамдарды мөөнөтүнөн мурда же бир даражага жогору ыйгаруу

72. Жетектөөчү курамдын кезектеги атайын наамы мурдагы наамында кызмат өтөө мөөнөтүнүн жарымы өткөндөн кийин, башкача айтканда мөөнөтүнөн мурда же мурдагы наамында эки мөөнөт өткөндөн кийин штаттык ээлеген кызматы боюнча каралган атайын наамынан бир даражага жогору, кызматтагы жогорку натыйжаларга жетишкени жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткарганы үчүн төмөнкүдөй ыйгарылышы мүмкүн.

- орто жана улук жетектөөчү курамдагы адамдарга ИИМдин коллегиясынын чечими боюнча;

- катардагы жана кенже жетектөөчү курамдагыларга ички иштер органдарынын оперативдик кеңешмесинин чечими боюнча.

Наамдарды мөөнөтүнөн мурда же ээлеп турган штаттык кызмат орду боюнча каралгандан бир даражага жогору атайын наамды ыйгаруу кызмат өтөгөн бүткүл мезгилдин ичинде бир жолу ишке ашырылат. Наам ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен болгондон башка учурларда, наамдарды ушул негиздер боюнча бир учурда ыйгарууга жол берилбейт.

Офицердик курамга мөөнөтүнөн мурда атайын наамды же ээлеп турган кызмат ордуна тиешелүү атайын наамдан бир даражага жогору "милициянын подполковниги", "ички кызматтын подполковниги" деген атайын наамга чейин, атайын наамдарды белгиленген тартипте министр берет, кенже жетектөөчү курамга - бул атайын наамдарды ыйгарууга укук берилген башчылар ыйгарышат.

73. Календардык эсептөөдө 20 же андан ашык жыл кызмат өтөгөн офицердик курамдагы кызматкерге мурдагы наамында кызмат өтөгөндөн бир жарым мөөнөт бүткөндөн жана аттестациялоодон жакшы өткөндөн кийин "милициянын полковнигине", "ички кызматтын полковнигине" чейинки атайын наамды министр аларды кызматтан жаш курагына же оорусуна байланыштуу бошотуу менен эле бир учурда, штаттык кызмат орду боюнча каралган наамына карабастан ыйгара алат.

17-глава
Атайын наамда кызмат өтөө мөөнөттөрүнүн эсептелиши

74. Атайын наамда кызмат өтөгөн мөөнөт ал наамды ыйгаруу жөнүндө буйрукка кол коюлган күндөн баштап эсептелет. Кызматкердин төмөндөтүлгөн атайын наамда кызмат өтөгөн убактысы кайра калыбына келтирилген наамда кызмат өтөө мөөнөтүнө киргизилбейт.

Катардагы жана кенже жетектөөчү курамдагы атайын наамы бар, орто жетектөөчү курамдагы кызмат орунга дайындалган кызматчылар офицердик кызмат орунга дайындалгандан 3 ай өткөндөн кийин буга чейин ээ болгон наамындагы кызмат өтөгөн мөөнөтүнө карабастан, орто жетектөөчү курамдын алгачкы атайын наамын ыйгарууга көрсөтүлүшөт.

75. Кызматкерлерге кезектеги алгачкы атайын наамдарды ыйгарууга сунуш төмөнкү жагдайларда берилбейт:

а) тийиштүү ички иштер органдарынын карамагында тургандарга;

б) тартиптик жазасы барларга;

в) жазык ишин же жорук жөнүндө иш боюнча шектүү, айыпталуучу катары өтүп жаткандарга;

г) кызматтык тартипти бузгандыгы тууралу фактысы боюнча кызматтык текшерүү жүргүзүлүп жаткандарга;

д) (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 207 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Наамдарды ыйгарууга сунуш кызмат орунга дайындалгандан, тартиптик жазасы алынгандан, кызматтык текшерүү аяктагандан кийин, жазык иши же жорук жөнүндө иши боюнча өндүрүш Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 3-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча кыскартылгандан же болбосо сот тарабынан актоо өкүмү чыгарылгандан кийин берилет;

 (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 822 , 2019-жылдын 3-майындагы № 207 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

18-глава
Атайын наамды төмөндөтүү жана атайын наамдан ажыратуу

76. Атайын наамды бир даражага төмөндөтүү тартиптик жаза чарасы катары Тартиптик уставда белгиленген тартипте жетекчилик курамга колдонулат.

Атайын наамы төмөндөтүлгөн кызматкерлердин атайын наамы мурдагы наамын төмөндөтүү жөнүндө чечим чыгарган башчылардын буйругу менен, бирок наам темөндөтүлгөндөн бир жылдан эрте эмес жана жакшы кызматтык мүнөздөмө берилген учурда, ээлеп турган штаттык кызмат ордуна карабастан кайра калыбына келтирилет.

Кызматкердин мурдагы атайын наамын калыбына келтирилгенге жана ага кезектеги атайын наам берилгенге чейин атайын наамды кайрадан төмөндөтүүгө болбойт.

77. Кызматкерлер атайын наамынан соттун чечими менен ажыратылышы мүмкүн.

Атайын наамынан ажыратылган кызматкерлер ички иштер органдарынан катардагы милиционер, ички кызматтын катардагы кызматчысы катары бошотулушат. Кызмат өтөгөн жылдары же оорусу боюнча пенсияга укуктууларга пенсия ички иштер органдарынын жетектөөчү жана катардагы курамы үчүн мыйзамда белгиленген шарттар жана ченемдер боюнча эсептелет. Мында пенсияны эсептөөдө атайын наам боюнча маяна милициянын катардагы кызматчысынын, ички кызматтын катардагы кызматчысынын атайын наамына ылайык эсепке алынат.

Жогорку жетектөөчү курамдагы адамдын наамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөндөтүлүп, кайра калыбына келтирилиши мүмкүн.

IV БӨЛҮМ
КЫЗМАТ ӨТӨӨНҮН ШАРТТАРЫ

19-глава
Кызматкердин иш убактысынын узактыгы жана ички иштер органдарынын ички тартиби

78. Кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген иш убакыттын узактыгы колдонулат.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери зарыл учурда белгиленген убактан тышкары, ошондой эле түнкү мезгилде, дем алыш жана майрам күндөрү кызматтык милдетин аткарууга чыгарылышы мүмкүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бир айдын ичинде кошумча дем алыш күн же компенсация берилет.

Нөөмөттүү иште күндүзгү, кечки жана түнкү нөөмөттөрдүн бирдей узактыгы белгиленет.

Кызматкерлердин шарты зыяндуу участоктордо иштөөсүнүн, ошондой эле мөөнөтүнөн тышкары жана түн ичинде иштөөсүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

79. Ички иштер органдарындагы жана ИИМдин окуу жайларындагы ички тартип Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ал органдардын иштеринин өзгөчөлүктөрүнө жараша, министр аныктоочу тартипте белгиленет.

Ички иштер органдарынын ички тартибинин типтүү эрежелери, иш убакыттын режими жана кызматкерлердин айрым категорияларынын иштөө графиги министр тарабынан бекитилет.

Аймактык ички иштер органынын ички тартибинин эрежесин анын башчысы ошол органдын ишинин өзгөчөлүктөрүнө жараша бекитет.

20-глава
Өргүү

80. Ички иштер органдарынын кызматкерлерине төмөнкү түрдөгү өргүүлөр берилет:

Негизги өргүү

1) кезектеги жылдык;

Кошумча өргүү

2) кыска мөөнөттүү;

3) оорусу жана дарылануу боюнча;

4) каникулдук жана окуусу боюнча;

5) кош бойлуулук жана төрөт боюнча, ошондой эле бала багуу боюнча;

6) академиялык жана чыгармачылык боюнча.

81. Өргүүлөрдүн узактыгы календарлык күн менен эсептелет. Өргүү учуруна туш келген иш эмес майрам күндөр өргүүнүн календарлык күндөрүнүн санына киргизилбейт.

Өргүү берүүгө негиз катары кызматкердин билдирмеси жана ага укугу бар тийиштүү жетекчинин уруксаты болуп саналат.

§ 1. Кезектеги жылдык өргүү

82. Кызматкерге кезектеги жылдык өргүү ИИМдин тармагында пенсияны дайындоодо эске алынуучу иштеген жылдарына жараша (календарлык эсептөө менен) өргүү графигине ылайык, иштеген жылдарына ылайык төмөнкүдөй берилет:

- 10 жылдан аз иштегендерге - 30 календардык күн;

- 10дон 15 жылга чейин иштегендерге - 35 календардык күн;

- 15тен 20 жылга чейин иштегендерге, ошондой эле илимдин кандидаты деген окумуштуулук даражасы, доценттин окумуштуулук наамы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери деген ардактуу наамы барларга иштеген жылдарынын санына карабастан - 40 календардык күн;

- 20 жана андан ашык жыл иштегендерге, ошондой эле илимдин доктору окумуштуулук даражасы, профессордун окумуштуулук наамы барларга иштеген жылдарынын санына карабастан - 45 календардык күн.

83. Кызматкердин каалоосу боюнча кезектеги жылдык өргүү эки бөлүккө бөлүнүшү мүмкүн, мында бир бөлүгү 14 календардык күндөн кем эмес болууга тийиш.

84. Климаттык шарты жагымсыз, андай жерлерде иштеген кызматкерлерге жеңилдетилген шартта пенсия чектөө үчүн иштеген жылдарынын эсебине кошулуучу жана узактыгы 45 календардык күн болгон кезектеги өргүү алууга укук берүүчү жерлердин тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

Узактыгы 45 календардык күнгө созулган кезектеги жылдык өргүү ошондой эле бийик тоолуу (1500 метр жана андан ашык бийикте) жана ага теңештирилген жерлерде иштеген кызматкерге, иштеген жылдарынын санына карабастан берилет.

85. Министрдин чечими менен, ал эми аймактык ички иштер органдарында - аларга барабар жана жогору ички иштер башкармаларынын башчыларынын чечими менен кызматтын өзгөчө татаал шарттарына же өзгөчө кырдаалдагы кызматка байланыштуу узартылган өргүүгө муктаж кызматкерге кезектеги жыл сайын берилүүчү узактыгы 45 календардык күндүк өргүү берилиши мүмкүн.

Интернационалист жоокер болгон жана Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун кесепеттерин жоюуга катышкан кызматкерлерге узактыгы 14 календарлык күн болгон кошумча өргүү берилет.

86. Кызматкерди кезектеги өргүүдөн чакырып алуу анын өзүнүн макулдугу менен болот жана өргүүнү берүүгө укуктуу башчынын же жогору турган башчысынын буйругу менен таризделет. Кызматкердин каалоосу менен пайдаланылбаган өргүүнүн бөлүгү кийинки жылдагы кезектеги өргүүгө кошулушу мүмкүн.

87. Ички иштер органдарынан бошонгон кызматкерге бошогон жылы пайдаланылбаган өргүүсүнүн ордуна ошол жылда иштеген убактысына пропорциялуу акчалай компенсация берилет.

88. Кезектеги жылдык өргүүгө кетип жаткан кызматкерге кадрлар кызматы бекитилген формадагы өргүү ырастамасын берет.

89. Өргүү буйрук (тескеме) же өргүү ырастамасы менен таризделет, ага жетекчинин атынан ыйгарым укуктуу адам кол коет. Өргүүнү эсепке алуу акча аттестаттары, буйруктар же өргүү ырастамаларынын дүмүрчөктөрү менен жүргүзүлөт.

Андай орун которууга чейин кезектеги жылдык өргүүнү пайдаланбаган кызматкер кызматы боюнча орун которуштурганда өргүү ошол которулган жылы жаңы иш ордунан берилет.

90. Кезектеги жылдык өргүүнү кызматтагы зарылдыкка байланыштуу өтүп жаткан жылы пайдаланбаганда, өргүү кийинки жылдын биринчи кварталында милдеттүү түрдө берилет.

91. Кызматкерге кезектеги жылдык өргүү кызмат өтөгөн биринчи календарлык жылда берилгенде наам ыйгарылган же ички иштер органдарынын кадрларына кабыл алынган датасына карабастан, анын кызмат орунга дайындалган күнүнөн башталган убакыт эске алынат. Иштеген биринчи жылы үчүн кезектеги жылдык өргүү 11 ай иштегенден кийин гана берилет. Иштегенден 11 ай өткөнгө чейин өргүү аялдарга - кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө чыгаардын алдында жана дароо андан кийин берилиши мүмкүн, ошондой эле үч жашка чейинки баланы (балдарды) асырап алгандарга берилет.

Экинчи жана кийинки жылдар үчүн өргүү кезектеги жылдык өргүүлөрдү берүүнүн графигине ылайык иш жылынын каалаган убагында берилет.

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча, ошондой эле бала багуу боюнча өргүүгө кетип жаткан кызматкерге кезектеги жылдык өргүүсү анын каалоосу боюнча, ал кетээрдин алдында же түздөн-түз андан кийин берилет.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 822 токтомунун редакциясына ылайык)

92. Кызматкерге кезектеги жылдык өргүү учурунда ооруп калганына байланыштуу кезектеги өргүүнү узартууну кызматкер кызматына чыккандан жана ИИМдин дарылоочу мекемесинин убактылуу эмгекке жараксыздыгы боюнча бошотуу алгандыгын ырастоочу документтерин тапшыргандан кийин, өргүүнү берген башчы жүргүзөт. Мында ал адамдардын кезектеги жылдык өргүүдө болуу убактысында үзгүлтүк болбоого тийиш.

Кызматкер кезектеги жылдык өргүү учурунда ооруп калганы жөнүндө өргүү берилген мезгил бүткөнгө чейин тийиштүү башчыга (телеграф, телефон ж.б. аркылуу) билдирүүгө милдеттүү.

93. Ээлеп турган кызматынан бошотулган жана кадрлардын резервине киргизилген жана өтүп жаткан жылдагы кезектеги жылдык эмгек өргүүсүндө пайдаланбаган өргүү аны кадрлардын карамагына алгандан кийин дароо берилүүгө тийиш. Кийин ага өргүү берилбейт.

Мында кадрлардын карамагында болуу узактыгынын чектүү мөөнөтү өргүүнүн узактыгына узартылат.

Кызмат ордуна дайындагандан кийин 6 ай өткөн соң, ошол кызмат өтөгөн жылдагы мезгилге пропорциялуу, кезектеги жылдык өргүүнү экинчи жана кийинки кызмат өтөө жылы үчүн узактыгы 14 календардык күндөн кем эмес мезгилге берилиши мүмкүн.

§ 2. Кыска мөөнөттүү өргүү

94. Үй-бүлөлүк шартка жана башка жүйөлүү себептерге байланыштуу 5 календарлык күнгө чейинки, акчалай көмөк сакталбачу кыска мөөнөттүү өргүү кызматкерге төмөнкүдөй учурларда берилет:

а) никеге турганда, бала төрөлгөндө;

б) кызматкердин жакын тууганынын (жубайы, атасы, энеси, баласы, кызы, бир тууганы, бир тууган эже-карындашы, жубайынын атасы жана энеси же кызматкер тарбиясында болгон адам) ден соолугунун абалы оор же каза (курман) болгон учурда;

в) кызматкердин үй-бүлөсү же жакын туугандары өрткө, башка табигый кырсыкка дуушарланганда;

Кыска мөөнөттүү өргүү кезектеги жылдык өргүүнүн эсебине киргизилбейт.

§ 3. Оорусу жана дарылануу боюнча өргүү

95. Оорусу боюнча өргүү аскердик-врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде берилет.

Оорусу боюнча өргүүнүн мөөнөтү оорунун мүнөзүнө жараша аныкталат. Оорусу боюнча өргүүдө үзгүлтүксүз болгон убакыт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында дарылануунун узагыраак мөөнөттөрү каралгандан башка учурларда төрт айдан ашпоого тийиш. Оорусу боюнча өргүүдө жана дарыланууда үзгүлтүксүз болуу мөөнөтү аяктагандан кийин кызматкер анын кызматка андан аркы жарактуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн аскердик-врачтык комиссияда ырастоодон өтүүгө тийиш.

Кызматкердин кызматтык милдетти аткарууга байланыштуу алган контузияга, жаракатка же мертинүүгө байланыштуу дарыланууда болуу убактысы чектелбейт. Мындай учурда кызматкер медициналык ырастоодон өтүүгө дарыланып бүткөндөн же оорунун натыйжасы аныкталгандан кийин жиберилет.

Оорусу боюнча өргүү кезектеги жылдык өргүүнүн эсебине киргизилбейт.

Кызматкер кызматтан бошогондо оорусу боюнча өргүү берилбейт.

Ички иштер органдарынын дарылоо-профилактикалык мекемелеринде медициналык тейлөөгө бекитилген кызматкерлер ооруп калган учурда кызматтан убактылуу бошотуу жөнүндө маселени чечүү үчүн бекитилген жери боюнча кайрылууга милдеттүү.

Кызматкер ооруп калгандан кийин ички иштер органдарынын дарылоо-профилактикалык мекемесине кайрылгандан кийин бир күн ичинде өзүнүн түздөн-түз башчысына ооруп жаткандыгы жөнүндө жана сыркоолук баракчасын алгандыгы тууралу жана качан ачылгандыгынын күнүн билдирүүгө милдеттүү, ошондой эле дарыланып бүткөндөн кийин кызматка чыккан күн жөнүндө билдирүүсү зарыл.

Ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын адамдарына убактылуу эмгекке жараксыздыгы боюнча кызматтык милдеттерди аткаруудан бошотуу тартиби министр тарабынан аныкталат.

§ 4. Каникулдук жана окуусу боюнча өргүү

96. Кыргыз Республикасынын ИИМдин жогорку жана орто атайын окуу жайларында жана башка мамлекеттердин ага теңдеш окуу жайларында, кызматтан ажыратпастан билим алып жаткан кызматкерлер үчүн окуу өргүүсү берилет.

Жогорку кесиптик билим берүүгө ээ болгон мамлекеттик аккредитацияланган билим берүү мекемелерине окууга ИИМ тарабынан жөнөтүлгөн кызматкерлер окутуу формасына карабастан жана бул уюмдарда ийгиликтүү окуп жаткандарга, эмгек акысын сактап калуу менен органдын жетекчилиги тарабынан окуу өргүүсү берилет.

97. ИИМдин окуу жайларында күндүзгү окутуу формасында окуган кызматкерге төмөнкүдөй каникулдук өргүү берилет:

а) кышкы каникулдук өргүү - окуу планына ылайык, бирок 7 календардык күндөн кем эмес;

б) жайкы каникулдук өргүү - узактыгы 30 календардык күн;

в) ИИМдин окуу жайын бүтүргөндөн кийин - тийиштүү ички иштер органдарына кызмат өтөөгө бөлүнүп жөнөтүлүп, штаттык кызматка дайындалганга чейин - 30 календарлык күн. Кийинки кезектеги жылдык эмгек өргүүсү 11 ай кызматта иштегенден кийин берилет, буга ушул Жободо каралган учурлар кирбейт.

Окуудан карызы бар курсанттарга жана угуучуларга каникулдук өргүү карызды жойгондон кийин, окуу программаларында белгиленген өргүү өргүү мөөнөттөрүнүн чегинде берилет. Мында жайкы каникулдук өргүү узактыгы 14 календардык күндөн кем эмес мөөнөткө берилүүгө тийиш.

§ 5. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча, ошондой эле бала багуу боюнча өргүү

98. Медициналык корутундунун негизинде кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ошол мезгил үчүн белгиленген өлчөмдө кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул кызматкер айымдарга берилет.

Күндөрдүн датасына карабастан, төрөткө чейин чыныгы колдонулган кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү суммалык түрдө эсептелип, толугу менен берилет.

99. Кызматкерлер арасынан жашы жетпеген балдары бар аялдар, ошондой эле энеси жок балдарын тарбиялаган эркек-кызматкерлер (апасы өлгөн, ага-энелик укуктан ажыраган, дарылоо мекемесинде узакка болгон жана энелик камкордук болбогон башка учурларда) билдирме аркылуу бала үч жашка толгонго чейин бала багуу боюнча эмгек акысы сакталбаган кошумча өргүү берилет. Бала багуу боюнча өргүү кызматкер аял же кызматкер эркектин каалоосу менен кыскартылышы мүмкүн.

Бала багуу боюнча өргүү кызмат боюнча жалпы эмгек стажына эсептелип, ошондой эле кесиби боюнча (жеңилдетилген шарттарда пенсия дайындоо учурларын кошпогондо) кызмат стажына эсептелет.

Бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн убактысы кезектеги жылдык өргүү алууга укук берген, иштеген жылга кошулбайт.

Бала багуу боюнча өргүү аяктагандан кийин 6 ай өткөн соң, ошол иштеген жылдагы мезгилге пропорциялуу, кезектеги жылдык өргүү узактыгы 14 календардык күндөн кем эмес убакытка берилиши мүмкүн.

§ 6. Академиялык жана чыгармачылык өргүү

100. Кыргыз Республикасынын ИИМдин окуу жайларында окуп жаткандарга медициналык көрсөткүчтөргө ылайык жана өзгөчө үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча окуусун улантууга мүмкүн болбосо, академиялык өргүү берилет.

ИИМдин окуу жайларында илимий, илимий-техникалык, илимий-педагогикалык мүнөздөгү иштерди бүтүрүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка учурларда кызматкерлерге негизги штаттык кызматы боюнча эмгек акысын сактап калуу менен ылайык чыгармачылык өргүү берилет.

Академиялык жана чыгармачылык өргүү берүүнүн шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык окуу жайдын жетекчиси тарабынан аныкталат.

21-глава
Жеңилдиктер, кепилдиктер жана компенсациялар

101. Иштеген жылдары боюнча пенсияга чыгууга укуктуу жана иштөөсүн улантып жаткан кызматкерге негизги акчалай маяна төлөнүп жаткан учурда берилүүгө тийиштүү болгон пенсиянын 50 пайызы өлчөмдө кошумча төлөнөт.

102. Кызматкерди жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн госпиталдык дарыланууну улантуу үчүн санаторийге жибергенде аларга: кызматкерлерге - наркынын 50 пайызы өлчөмдө, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө - 30 пайыз өлчөмдө жеңилдетилген санаторийлик-курорттук жолдомолор жыл сайын каралчу каражаттардын чегинде берилет.

103. Ички иштер органдарынан ушул Жобонун 106-пунктунун "а", "б", "в", "е" жана "ж" пунктчаларында каралган негиздер боюнча пенсияга чыгуу укугу менен бошотулган жана календарлык эсептөөдө 20 жана андан ашык жыл иштеген, ИИМдин медициналык мекемесинин корутундусу боюнча санаторийлик-курорттук жана ден соолукту оңдоочу мекемелерге дарыланууга жиберилген жарандарга ИИМдин жыл сайын каралчу каражаттарынын чегинде наркынын 50 пайызы өлчөмдө жеңилдиктүү жолдомолор берилет.

103-1. Жаш курагы, оорусу, штаттар кыскаргандыгы же саламаттыгынын абалы чектелгендиги, пенсияга чыгууга укук берүүчү кызматтык мөөнөтүн өтөгөндүгү, пенсияга чыгууга укуктуу адамдын жеке өтүнүчү боюнча кызматтан бошогон кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө бир жолку бошонуу жөлөк пулу төлөнүп берилет.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 822 токтомунун редакциясына ылайык)

V БӨЛҮМ
ИЧКИ ИШТЕР ОРГАНДАРЫНДА КЫЗМАТ ӨТӨӨНҮН ТОКТОТУЛУШУ

22-глава
Кызмат өтөөнү токтотуу жана ички иштер органдарынан бошотуу үчүн негиздер

104. Ички иштер органдарында кызмат өтөөнү токтотуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:

а) ички иштер органдарынан бошонуу;

б) кызматкерди белгиленген тартипте дайынсыз жоголду деп эсептөө;

в) кызматкердин каза (курман) болушу;

г) кызматты өтөөгө андан ары улантуу үчүн башка аскердик түзүмдөргө, укук коргоо органдарына иштөөгө жиберүү;

д) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыроо же башка мамлекеттин жараны болуу.

105. Ички иштер органдарынын кызматкерлери кызматтан запаска жана отставкага бошотулушат.

106. Кызматкер кызматтан запаска (аскердик эсепке коюу менен) төмөнкүдөй негиздер боюнча бошотулушу мүмкүн:

а) өз каалоосу боюнча;

б) "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген чектеги жаш куракка жеткенде;

в) кызмат өтөөнүн пенсияга укук берүүчү белгиленген мөөнөтүн өтөгөндө;

г) контрактта каралган кызмат өтөө мөөнөтү бүткөндө (контракт узартылбай калган учурларда);

д) штаттар кыскарганда - ички иштер органы жоюлганда, саны же штат, кызматы кыскартылып, кызматкерди кызматка пайдалануу мүмкүн болбогондо;

е) оорусу боюнча - аскердик-врачтык комиссиянын кызматка жараксыздык жөнүндө корутундусунун негизинде;

ж) ден соолугунун чектелүү абалы боюнча - аскердик-врачтык комиссиянын кызматка жарактуулугу чектелүү экендиги, ден соолугунун абалына байланыштуу кызматтык милдеттерин ээлеп турган кызмат ордуна ылайыктуу аткаруу мүмкүн эместиги жөнүндө токтомунун негизинде жана кызматтык милдеттерин ден соолугунун абалына жараша аткара алуучу кызмат орунга которууга мүмкүндүк болбогондо;

з) аттестациялык тартипте кызматка жараксыз деп табылганда, ошондой эле сынак мөөнөтүнөн өтпөгөндө;

и) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына кызмат орунга дайындалгандан башка кызматкерлер башка министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго жана башка мамлекеттик органдарга аныкталган тартипте которулганда;

к) Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгына байланыштуу;

л) башка мамлекеттин жарандыгы бар болгонуна байланыштуу;

м) мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарга жол берүү токтотулганга байланыштуу;

н) кадрдын карамагында болуу мөөнөтү аяктаганга байланыштуу;

о) ротация иретинде которуудан жүйөлүү себепсиз баш тартканда;

п) мурда ошол кызматты ээлеп турган кызматкер кызмат ордуна кайрадан орноштурулганда (башка кызмат орунга которуудан баш тарткан же андай которуштурууга мүмкүндүк болбогондо);

р) жетише албагандыгы жана академиялык карыздары үчүн;

с) контракттын шарттарын бузганга байланыштуу;

ошондой эле терс себептер боюнча:

т) тартипти одоно бузганы үчүн;

у) кызматкердин адамдык, адеп-ахлактык сапаттарына коюлуучу талаптарга туура келбеген иштерди жасаганы үчүн, ошондой эле эгерде бул аракеттер ага карата ишенимдин жоголушуна негиз болгондо;

ф) жасаган кылмышы үчүн соттолгондо, айыптаган өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин;

х) ички иштер органына кызматка өтүүдө жасалма документтерди жана атайылап жалган маалыматтарды бергендиги үчүн;

ц) кылмыш же жорук жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартылган, бирок акырында тергөө органдары тарабынан иш боюнча өндүрүш кыскартылган учурда, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча кыскартылган же болбосо сот тарабынан актоо өкүмү чыгарылган учурлардан тышкары;

ч) (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-январындагы № 30 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

ш) саясий партияларга жана тыюу салынган диний уюмдарга мүчө болгондугу, катышкандыгы же алардын иштерин колдоп чыккандыгы, иш таштоолорду уюштургандыгы жана аларды өткөрүүгө катышкандыгы, тынч чогулуштарга катышуучу катары аны өткөрүү боюнча чараларды уюштуруу убагында катышкандыгы үчүн;

щ) жеке ишкердик менен алектенгендиги үчүн;

ы) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кирешелер, чыгашалар, милдеттер жана мүлктөр жөнүндө декларация тапшырбаса, аларды декларациялоодон атайылап жашырса же болбосо атайылап чындыкка жатпаган маалыматтарды көрсөтсө.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 822, 2019-жылдын 29-январындагы № 30, 2019-жылдын 3-майындагы № 207 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

107. Кызматтык тартипти одоно бузууга төмөнкүлөр кирет:

а) кызматкердин функциялык милдеттерди бир нече ирет аткарбоосу же тийиштүү түрдө аткарбоосу, эгерде ага карата мурда дагы тартиптик жазалар колдонулса (жоюла элек тартиптик жазасы бар болсо);

б) кызматкердин согуштук куралды жоготуусу (согушта жана кылмыштуу кол салууда жоготкондон башка учурларда);

в) кызматкердин ишке чыкпашы, анын ичинде күн сайынкы белгиленген кызматтык убакыттын ичинде катары менен үч сааттан ашык иште жок болушу;

г) ички иштер органдарында кызмат өтөп жаткан мезгилде кызматкер тарабынан убактысына жана колдонгон ордуна карабастан баңгизаттарын колдонуу, ошондой эле алкоголдук же токсикалык мас абалда кызматка келүү;

д) кызматкерлер үчүн ушул Жобо менен белгиленген чектөөлөрдүн сакталбаганы;

е) мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды ачыкка чыгаргандык үчүн;

ж) иштеген жеринде мүлктү атайылап бузуу же уурдоо;

з) кызматты өз эркинче таштап кетүү;

и) (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 822 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

к) (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 822 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 822 токтомунун редакциясына ылайык)

108. Кызматкер отставкага (аскердик эсептен чыгаруу менен) төмөнкүдөй негиздер боюнча бошотулушу мүмкүн:

а) жаш курагы боюнча, жогорку жашка жеткенде, "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык;

б) оорусуна байланыштуу - аскердик-врачтык комиссиянын аскердик кызматка жараксыздык жөнүндө токтомунун негизинде, аскердик эсептен чыгаруу менен.

Катардагы жана кенже жетектөөчү курамдын атайын наамдары бар, курагы 50 жашка жеткен кызматкерлер, орто жана улук жетектөөчү курамдын наамдары бар, курагы 55 жашка жеткен кызматкерлер жана жогорку жетектөөчү курамдык наамдары бар, курагы 60 жаш жеткен кызматкерлер отставкага бошотулушат.

109. Орто жана улук жетектөөчү курамдагы, ички кызматтын атайын наамдары бар, ички иштер органдарында кынтыксыз кызмат өтөгөн, кызмат өтөгөн жылдары календарлык жана жеңилдиктүү эсептегенде 20 жыл жана андан ашык болгон кызматкерлерге жаш курагы боюнча бошонууда бошотуучу башчылардын буйруктары менен белгиленген формадагы кийимди кийүүгө укук берилиши мүмкүн. Жасаган кылмышты үчүн соттолгон же ички иштер органдарынын баркына доо келтирген иштерди жасаган адамдар ошол эле башчылардын буйруктары менен белгиленген формадагы кийимди кийип жүрүү укугунан ажыратылышы мүмкүн.

Милициянын офицердик курамындагы, ички иштер органдарынан ушул Жобонун 106-пунктунун "б" жана "в" пунктчаларында, 108-пунктунун "а" пунктчасында каралган негиздер боюнча бошотулган адамдарга белгиленген формадагы кийимди Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде аныкталган майрам күндөрдө жана ички иштер органдарынын кесиптик майрамдарында гана кийип жүрүүгө укук берилет.

Кызматы токтотулган кездеги болгон атайын наамына "запастагы" же "отставкадагы" деген сөз кошулат.

23-глава
Ички иштер органдарында кызматта болуу курагынын чегин узартуунун тартиби

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 822 токтомуна ылайык
күчүн жоготту)

24-глава
Ички иштер органдарынан бошотуунун тартиби

113. Катардагы жана жетектөөчү курамды кызматтан бошотуу ИИМдин кызматка дайындоого укук берилген жетекчилери тарабынан ишке ашырылат.

Контракттын шарттарын бузгандыгы үчүн, тартипти одоно бузгандыгы үчүн, ошондой эле ушул Жобонун 106-пунктунун "з", "к", "л", "м","н", "п", "р", "у", "ф", "х", "ц" жана пунктчаларына ылайык бошотулуучудан башка кызматкерлер алдыда боло турган бошотуу жөнүндө түздөн-түз башчылары тарабынан бошотоордон бир айдан кем эмес мурдатан кабарланышат.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 207 токтомунун редакциясына ылайык)

114. Кызматтан өз каалоосу боюнча бошонууну каалаган кызматкер мындай чечими жөнүндө ички иштер органынын түздөн-түз башчысына бошонууну пландаштырган күндөн 14 күндөн кем эмес мурдатан эскертип, ал жөнүндө билдирме берет. Тараптардын макулдугу боюнча кызматкер эскертүүдө белгиленген мөөнөттөн мурда да бошотулушу мүмкүн.

Эскертүү берилген мөөнөттөн баштап кызматкер бошотуу боюнча буйрук чыгарылганга чейин өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарат.

115. Өлгөн, курман болгон, дайынсыз жоголду деп эсептелген кызматкерлер Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аттестацияланган курамынын тизмелеринен чыгарылат: өлгөндөр - өлгөндөн кийинки күндөн баштап, дайынсыз жок болгондор - соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн баштап чыгарылышат.

116. Ички иштер органдарынан кызматтан бошонуп жаткан кызматкер, бошотуу жөнүндө буйрук менен түздөн-түз башчысы же кадрлык аппараттын кызматкери тарабынан тааныштырылат. Таанышууга келбеген учурда акт түзүлүп жана бошотулган кызматкердин катталган жери же накта жашаган жери боюнча кат жүзүндө билдирүү жөнөтүлөт, бул анын бошотуу жөнүндө буйрук менен тааныштыргандык деп саналат.

Жаш курагы боюнча отставкага, ички иштер органын өзгөртүп уюштурууга, жоюуга же кызматкерлердин саны жана штаты кыскартылганга, кызматтык тартипти одоно бузганга байланыштуу бошоткондон башка учурларда кызматкер өргүүдө жүргөн кезде же убактылуу эмгекке жараксыздык учурунда бошотууга жол берилбейт.

Эгерде кызматкер ушул Жобонун 95-пунктуна ылайык убактылуу эмгекке жараксыздыгы жөнүндө кабарлабаса, бошотуу (кызматтан кетүү) датасы кызматка чыккан күндөгү датадан тартып күчүнө кирет.

Ички иштер органдарынан бошотулуп жаткан кызматкер бошотулган күнү ага бекитип берилген дүрмөттүү куралын, башка мүлктөрдү жана документтерин ички иштер органынын тийиштүү бөлүгүнө тапшырууга, ал эми кызматтык күбөлүгүн жана жеке номери бар жетонун тийиштүү кадрлар бөлүгүнө тапшырууга жана кыдырма барагын толтурууга тийиш.

117. Кызматкерге эмгек китепчеси бошотулган күнү берилет. Эгерде эмгек китепчеси акыркы иштеген күнү кызматкердин жок болгондугуна же эмгек китепчесин алуудан баш тартканына байланыштуу берилбей калса, кадрлар бөлүгү акт түзүп жана катталган жерине же иш жүзүндө жашаган жерине эмгек китепчесин алып кетүү зарылдыгы же почта аркылуу жөнөтүүгө макулдугун берүү жөнүндө почта аркылуу билдирүү жөнөтөт. Органдын жетекчиси билдирүү жөнөткөн күндөн баштап эмгек китепчесин берүү үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.

118. Кызматкер ички иштер органдарынан бошотулгандан кийин тийиштүү документтер аскер комиссариаттарына Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына кызматка киргенге чейинки болгон аскердик наамы менен аскердик эсепке алуу маселесин чечүү үчүн жиберилет.

VI БӨЛҮМ
КЫЗМАТ ОРДУН, АТАЙЫН НААМЫН ЖАНА ИЧКИ ИШТЕР ОРГАНДАРЫНДА КЫЗМАТ ӨТӨӨСҮН КАЙРА КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ

25-глава
Кайра калыбына келтирүүнүн негиздери. Талаштарды чечүү үчүн кайрылуунун мөөнөттөрү жана тартиби

119. Кызмат ордунан мыйзамсыз же негизсиз которулду бошотулду, ээлеп турган кызмат ордунан четтетилди же төмөндөтүлдү, атайын наамынан ажыратылды же атайын наамы төмөндөтүлдү, ошондой эле ички иштер органдарынан мыйзамсыз бошотулду деп аныкталган тартипте эсептелген кызматкерлердин ички иштер органдарындагы кызмат орду, атайын наамы калыбына келтирилүүгө тийиш.

Ички иштер органдарындагы кызмат ордун, атайын наамын калыбына келтирүүдө негиз болуп кызматтык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча корутунду, ИИМдин тартиптик комиссиясынын чечими эсептелет.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-мартындагы № 194, 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 556 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

120. Кызматкер кызмат боюнча которуштуруу, кызмат ордунан кызматтык тартипте четтетүү, ээлеген кызмат ордунан бошотуу жана атайын наамын төмөндөтүү, ички иштер органдарынан бошотуу жөнүндө чечимге макул эмес учурда ал чечимдин үстүнөн кызматынан которуу, ээлеген кызмат ордунан бошотуу менен ички иштер органдарынан бошотуу жөнүндө буйрук чыккан күндөн тартып бир айлык мөөнөттүн ичинде даттанууга укуктуу.

Бул көрсөтүлгөн мөөнөт ушул Жобонун 94-пунктунда көрсөтүлгөн жүйөлүү себептер боюнча өтүп кеткен учурда, мөөнөттү ички иштер органынын жогору турган башчысы, министр же калыбына келтирүүсү мүмкүн.

Эгерде ички иштер органынын жогору турган башчысынын чечимине кызматкер канааттанбаса, ал ИИМдин тартиптик комиссиясына кайрылууга укуктуу.

ИИМдин тартиптик комиссиясы ички иштер органдарында пайда болгон тартиптик талаштарды сотко чейинки кароо боюнча орган болуп саналат.

ИИМдин тартиптик комиссиясынын иши, ИИМдин коллегиясы бекитүүчү Жобо менен жөнгө салынат.

Ички иштер органдарында кызмат өтөөнү калыбына келтирүү бошотулган кызматкерди мурда ээлеп турган кызмат ордуна же анын макулдугу боюнча мурдагы ээлеген кызматына бирдей кызмат орунга дайындоо жолу менен ишке ашырылат. Мурда ээлеп турган кызмат ордуна келтирилгенден кийин бошотулганга чейинки атайын наамы да калыбына келтирилүүгө тийиш.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 556 токтомунун редакциясына ылайык)

121. Ички иштер органдарында кызмат өтөөсү калыбына келтирилген кызматкерлерге кезектеги атайын наам ыйгаруу, пайыздык кошумчаны төлөө жана пенсия чектөө үчүн кызмат өтөгөн жылдарын эсептөөдө эске алынуучу үзгүлтүксүз иш стажысына, аларды бошоткон учурдан тартып кызмат өтөөсү калыбына келтирилгени жөнүндө буйрукка кол коюлган датага чейинки убакыт киргизилет.

26-глава
Келтирилген зыяндын ордун толтуруу

122. Кылмышы үчүн соттолгонуна байланыштуу кызматтан бошотулган, кийин аныкталган тартипте реабилитацияланган, ошондой эле мыйзамсыз же негизсиз түрдө кызматтан которулган, кызмат орду же атайын наамы төмөндөтүлгөн, органдан бошотулган кызматкерлерге келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтурулат.

123. Кызмат адамы тарабынан кызматкердин эмгек укуктары бузулгандыгы далилденсе жана ушунун айынан кызматкерге мыйзамда каралган төлөмдөр белгиленген тартипте төлөп берилсе, ички иштер органдары кызмат адамынын эмгек акысынан алар келтирген зыяндын суммасын, анын ичинде ал ошол органда иштебей калган учурда да, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кармап калууга укуктуу.

VII БӨЛҮМ
КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР

27-глава
Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин сөөгүн коюу. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөө жөнүндө мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

124. Кызматтык милдетин аткарууда же кызмат өтөп бүткөндөн кийин кызмат өтөө учурунда алган жаракаттын, контузиянын, оорунун кесепетинен каза болгон кызматкерлердин сөөгү ички иштер органдарын каржылоого бөлүнүүчү каражаттардын эсебинен коюлат жана тийиштүү ички иштер органдарынын башчылары тарабынан уюштурулат.

Кызматкерлердин сөөгүн коюу зыйнатын жасоо тартибин министр бекитет.

125. Ички иштер органдарында кызмат өтөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган, кызматкерлерди укуктук жана социалдык коргоонун кепилдиктерин сактабаган учурда күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылышат.