Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\85804ae5-0dbc-4dae-9fdd-b162a7978a72\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 10-сентябры № 506

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Юстиция органдарынын ишин натыйжалуу камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-1-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 9-апрелиндеги № 206 «Кыргыз Республикасынын Юстиция уюмдарын өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышындагы «уюмдарын өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун» деген сөздөр «министрлигинин атайын эсебинин каражаттарын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-пункттагы «уюмдарын өнүктүрүү жана колдоо фонду» деген сөздөр «министрлигинин атайын эсебинен каражаттарын пайдалануу» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция уюмдарын өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун пайдалануу жөнүндө жободо:

- аталышындагы «уюмдарын өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун» деген сөздөр «министрлигинин атайын эсебинин каражаттарын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Юстиция уюмдарын өнүктүрүү жана материалдык колдоо Фонду (мындан ары Фонд деп аталат)» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин атайын эсебинин каражаттары (мындан ары - атайын эсеби)» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- II, III главаларынын аталыштарындагы «Фонддун» деген сөз «Атайын эсептин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«3. Атайын эсептин каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:

- мамлекеттик нотариуска кайрылганда юридикалык жактардан жана жарандардан белгиленген тартипте алынуучу мамлекеттик алымдын суммасынын 10 пайыз өлчөмүндөгү чегерүүлөрдүн;

- нотариалдык иштерди жүргүзүү үчүн жеке жана юридикалык жактар тарабынан нотариусту чакыруу үчүн төлөмдөрдүн;

- нотариалдык күбөлөндүрүүнү жүргүзүү үчүн типтүү эмес документтердин долбоорун иштеп чыгуу үчүн төлөмдөрдүн;

- жеке нотариустардын нотариалдык документтерин мамлекеттик нотариалдык кеңсенин архивине кабыл алуу жана сактоо үчүн төлөмдөрдүн;

- кыймылдуу мүлк күрөөсүн каттоо үчүн жыйымдардын;

- апостиль коюу үчүн жыйымдардын;

- жеке жана юридикалык жактардын арызы боюнча криминалисттик, инженердик-техникалык жана экономикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн төлөмдөрдүн;

- юридикалык жакты, филиалын (өкүлчүлүгүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана анын иш-аракетинин токтоосун каттоо үчүн төлөмдөрдүн;

- бланкалык продукция үчүн төлөмдөрдүн;

- юридикалык жакты, филиалын (өкүлчүлүгүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн дубликатын алуу үчүн төлөмдөрдүн;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын көчүрмөлөрүн (ксерокопияларын) кагаздык вариантта басып чыгаруу үчүн төлөмдөрдүн;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын атайын эсебинин каражаттарынан 5 пайыз өлчөмүндөгү чегерүүлөрдүн;

- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу салымдарынын».

- 4-пункттагы «Фонддун» деген сөз «Атайын эсептин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5-пункттагы «Фондго каражаттардын түшүшүн жана топтолгон каражаттардын» деген сөздөр «атайын эсептин каражаттарынын түшүшүн жана» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы № 102 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Атайын жабык эсеби жөнүндө жобону жана Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- аталышындагы жана 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы «Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө» деген сөздөр «атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тууралуу» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жободо:

- аталышындагы «Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө» деген сөздөр «атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тууралуу» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду (мындан ары - Фонд)» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын атайын эсебинин каражаттары (мындан ары - атайын эсеп)» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2, 6, 8, 9-пункттардагы жана III главанын аталышындагы «Фонддун» деген сөз «атайын эсептин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3-пункттагы «Фонд» деген сөз «Атайын эсептин каражаттары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4-пунктундагы «Фондду» деген сөз «Атайын эсептин каражаттарын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5-пунктундагы «Фонддун каражаттарын» деген сөздөр «Атайын эсептин каражаттарын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- төмөнкү мазмундагы 5-1-пункту менен толукталсын:

- «5-1. Атайын эсепке түшкөн каражаттардын 5 пайызы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин атайын эсебине которулат.».

3. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 9-апрелиндеги № 206 «Кыргыз Республикасынын Юстиция уюмдарын өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-октябрындагы № 634 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү, аны «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-1-беренесине ылайык келтирүү бөлүгү боюнча сунуш киргизсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев