Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын
31-июлундагы № 439 токтому
 менен бекитилген

 

Алтын камтыган рудадагы жана алтын камтыган концентраттагы алтындын наркын аныктоо тартиби жөнүндө
ЖОБО

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 9-июлу № 475, 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570, 2017-жылдын 23-октябрындагы № 694 токтомдорунун  редакциясына ылайык)

 

1. Ушул жобо жана алтын камтыган рудадагы жана алтын камтыган концентраттагы алтындын наркын аныктоо тартибин регламенттештирет.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570токтомунун редакциясына ылайык)

2. Ушул жободо төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

- руда - минералдык зат, андан өнөр жай өндүрүшүндө колдонуу үчүн металлды же минералды дүңүнөн алуу ыкмасы менен өндүрүү технологиялык жактан мүмкүн жана экономикалык жактан максатка ылайык келет;

- концентрат - баштапкы рудага караганда зыяндуу компоненттери аз жана пайдалуу кен байлыктардын курамы жогору болгон пайдалуу кендин байытылган продукту;

- алтын камтуучу концентрат - өнөр жайлык баркы бар алтын санын камтыган концентрат.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Алтын камтыган рудадагы жана алтын камтыган концентраттагы алтындын наркын эсептөө төмөнкү формула менен ишке ашырылат:

S = Gт x T x (C / 31.1) x K - анда:

S

-

алтын камтыган рудадагы жана алтын камтыган концентраттагы алтындын наркы;

-

руданын же концентраттын тоннасында (СМТ) алтындын орточо курамы;

Т

-

сатылган руданын же концентраттын тоннасынын (СМТ) саны;

С

-

салыктык мезгилдин ичинде Лондон металлдар биржасында баалардын котировкасы жарыяланган күндөрдөгү баалардын күнүмдүк орточо котировкасы менен баалардын котировкасы жарыяланган салыктык мезгилдеги күндөрдүн ортосундагы орточо арифметикалык маани;

К

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматтарынын негизинде эсептелген бүткүл салыктык мезгил үчүн сомдун АКШ долларына карата расмий курсунун орточо арифметикалык мааниси.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Gt - кургак метрикалык тонна рудадагы же концентраттагы алтындын орточо курамы эсептик контролдоо жүргүзүү тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү корутундусу менен тастыкталган инспекциялык компаниясынын маалыматтарынын негизинде аныкталат.

Курамында алтын бар рудадагы же концентраттагы алтындын баасын эсептөө мисалы:

А Фирмасы Б фирмасына кургак метрикалык тоннадагы алтындын курамы орточо эсеп менен 3,5 г болгон курамында алтын бар руданын же концентраттын 1000 тоннасын сатты.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматтарынын негизинде эсептелген бүткүл салыктык мезгилдеги сомдун АКШ долларына карата расмий курсунун орточо өлчөмү - 47,4 сом.

Салыктык мезгилдин ичинде Лондон металлдар биржасында баалардын котировкасы жарыяланган күндөрдөгү баалардын күнүмдүк орточо котировкасы менен баалардын котировкасы жарыяланган салыктык мезгилдеги күндөрдүн ортосундагы орточо арифметикалык маани бир троя унциясы үчүн - 1663 АКШ доллары.

Курамында алтын бар рудадагы же концентраттагы алтындын баасы:

3,5 х 1000 х (1663 / 31,1) х 47,4 = 8871116 сом.

Тиешелүү түрдө кургак метрикалык тоннадагы алтындын курамы орточо эсеп менен 3,5 г болгон курамында алтын бар руданын же концентраттын 1000 тоннасын сатууда салыктык база - 8871116 сом өлчөмүндөгү сумма эсептелет.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570, 2017-жылдын 23-октябрындагы № 694 токтомдорунун редакцияларына ылайык)