Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 9-сентябры N 500

Байланыш жана маалыматташтыруу жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында эл аралык уюмдарга, интеграциялык бирикмелерге мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөрдү төлөө жөнүндө

 

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 589, 2017-жылдын 7-сентябрындагы № 549 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Байланыш жана маалыматташтыруу жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында эл аралык уюмдарга, интеграциялык бирикмелерге мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелерин аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги (мындан ары - Агенттик):

- Эл аралык электр байланыш союзуна, Дүйнөлүк почта союзуна, Байланыш жаатындагы региондук шериктештикке жана Байланыш жаатындагы региондук шериктештиктин алдындагы Маалыматташтыруу боюнча Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин координациялык кеңешине жыл сайын мүчөлүк төгүмдөрүн республикалык бюджетте тиешелүү жылга каралган Агенттиктин каражаттарынын эсебинен төлөсүн;

- эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 589, 2017-жылдын 7-сентябрындагы № 549 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев