Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\3e62af00-0f92-4e95-832f-e8b7605eb71b\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 9-сентябры № 505

"Кумтөр" долбоорун андан ары ишке ашыруунун өз ара алгылыктуу варианттарын
издөө максатында "Кумтөр" долбоору боюнча "Центерра Голд Инк." компаниясы менен консультацияларды
жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча консультациялык кеңештин ишинин жыйынтыгы жөнүндө

Кумтөр кенинде кыргыз тарап үчүн контролду, операциялардын жана өндүрүштүк циклдин ачык-айкындыгын камсыз кылуу жана андан ары натыйжалуу пайдалануу, "Кумтөр" долбоорунун ишинен Кыргыз Республикасынын бюджетине финансылык түшүүлөрдү көбөйтүү, Кумтөр кенинде экологиялык жана тоо кен-техникалык маселелерди комплекстүү чечүү үчүн шарттарды түзүү, Кыргызстандын жагымдуу инвестициялык климатын жана эл аралык беделин сактоо максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" токтомун жана "Кумтөр" долбоорун андан ары ишке ашыруунун өз ара алгылыктуу вариантын издөө максатында "Кумтөр" долбоору боюнча "Центерра Голд Инк." компаниясы менен консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча консультациялык кеңештин (мындан ары - Консультациялык кеңеш) ишинин жыйынтыгын көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кумтөр кенин иштетүү боюнча биргелешкен ишкананы түзүү, башкаруу жана иштетүү боюнча жетишилген макулдашуулар чагылдырылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун, "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосунда "Кумтөр" долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине "Центерра Голд Инк." компаниясы менен жетишилген макулдашуулар жөнүндө маалымдалсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев 

 

 

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, "Кыргызалтын" ААКнын, "Центерра Голд Инк."

компаниясынын ортосунда "Кумтөр" долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө

МЕМОРАНДУМ

(жетекчиликке алынуучу принциптер)

2013-жылдын 9-сентябры, Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - "Өкмөт"), "Кыргызалтын" ААКы (мындан ары - "Кыргызалтын", Өкмөт менен бирге - Кыргыз тарап) жана "Центерра Голд Инк." Компаниясынын жетекчилиги (мындан ары "Центерра") "Кумтөр" кенине Кыргызалтындын тикелей катышуусун камсыз кылуу үчүн Кыргызалтындын акцияларынын үлүштөрүн кайра түзүмдөштүрүүгө карата 2013-жылдын февралынан тартып тикелей жана ачык дискуссияларды жүргүзүү менен мындан аркы сүйлөшүүлөр үчүн негиз катары ушул Меморандумда баяндалган принциптерди алууну макулдашты, анткени алар акыркы макулдашууга жетишүүгө умтулууда.

 

1. Кайра түзүмдөштүрүү

 

1.1. Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргызалтын менен Центерранын ортосунда толук укуктуу өнөк катары биргелешкен ишкана түзүүнү сунуш кылышат. Ушул кайра түзүмдөштүрүүнүн натыйжасында Кыргыз Республикасы "Кумтөр" кенинен алынган пайдадан түздөн-түз пайда алууну күтөт. Күтүлгөндөй тикелей катышуунун натыйжасында 2014-жылдан баштап Кыргыз Республикасына акча каражаттарынын агымы олуттуу түрдө көбөйтүлөт. Центерра Канаданын мыйзамдары талап кылгандай анын башка акционерлерине адилет мамиле кылуу үчүн аталган кайра түзүмдөштүрүүнү жүргүзүүгө даяр экендигин билдирди. Кайра түзүмдөштүрүү төмөнкү принциптерди аныктоого тийиш:

1.2. Кыргыз тарап дагы, Центерра дагы Биргелешкен ишкананын 50% менчигине ээ болушат.

1.3. Кыргыз тарап дагы, Центерра дагы Директорлор кеңешине Кеңештин мүчөлөрүн бирдей санда дайындашат.

1.4. Кыргыз Тарап Директорлор кеңешинин төрагасын дайындайт.

1.5. Центерра Директорлор кеңешинин вице-төрагасын дайындайт.

1.6. Биргелешкен ишкананын негизги чечимдери Директорлор кеңеши тарабынан талкууланат жана жактырылат. Кыргыз тарап жана Центерра консенсустун негизинде бардык маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алууга умтулууга тийиш.

1.7. Биргелешкен ишкана Центерра менен операциялык макулдашуу түзөт, анда ушундай макулдашуулар үчүн демейдеги шарттар жана жоболор, анын ичинде кен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ченемдик актыларына, долбоордун ишин жөнгө салуучу макулдашууларга ылайык ("Макулдашуу") жана тоо-кен өнөр жайынын эл аралык стандарттарына, ошондой эле Макулдашууну бузуу жөнүндө демейдеги жоболорго ылайык иштеши керектиги жөнүндө талаптар камтылат (макулдашуунун бузууну кароочу башкалардын ичинде, мыйзамды оңдой алгыс олуттуу бузуулар, экологиялык талаптар, алдыңкы эл аралык практика болгон учурда, ошондой эле кабарлоо, оңдоо жана арбитраж жөнүндө демейдеги жоболордун предмети болуп эсептелүүчү бекитилген пландар, негизги контролдук көрсөткүчтөр аткарылбаган учурда). Операциялык макулдашуу оператор жана Кыргызалтын тарабынан берилүүчү кызмат көрсөтүүлөр үчүн компенсациялар жоболорду камтууга тийиш.

1.8. Бардык дайындоолор Директорлор кеңеши тарабынан кароонун жана жактыруунун тиешелүү процессинен өтүшү керек. Мында Кыргыз тарап Биргелешкен ишкананын жогорку звеносунун жетекчисин, ал эми Центерра калган жетекчилерди дайындайт.

1.9. Кайра түзүмдөштүрүү процессинде Тараптар Кыргыз Республикасынын жана Канаданын мыйзамдарынын талаптарын канааттандыруу максатында кызматташат.

 

2. Финансылык жоболор

 

2.1. Кыргыз тарабы Центеррадагы өзүнүн үлүшүн Кумтөр кениндеги түздөн-түз катышууга алмашат.

2.2. Биргелешкен ишкананы өнүктүрүү кызыкчылыгында андан ары кызматташуу боюнча жакшы ниетин билдирүү менен Тараптар Центерранын Директорлор кеңешиндеги бир орунду кыргыз тарабында калтыруу маселесин иштеп чыгышат.

2.3. Центерра компаниясындагы кыргыз тарабынын болгон үлүшүн Биргелешкен ишканадагы 50% үлүшүнө теңештирүү максатында Кыргызалтындын келечектеги дивиденддерин 10 жылдык мезгилде 100 млн. АКШ доллары суммасына оңдоп-түзөтүү механизми колдонулат. Теңдештирүү суммасына тиешелүү пайыздык ставка чегерилет. Биринчи жылы (2014-ж.) пайыздык ставкага гана көрсөтүлгөн оңдоп-түзөтүүгө алынат.

2.4. Кайра түзүмдөштүрүүдөн кийинки эки жылдын ичинде Центерранын акцияларынын наркынын өсүшүнөн пайда алышы үчүн Кыргыз тарабына кайтарымсыз түрдө эки жылдык мөөнөткө акция үчүн 10 канада долларында баасы боюнча 6 млн. варранттар бөлүнөт (бул кайра түзүмдөштүрүүдөн кийин Центерранын акцияларынын 3,8 пайызын түзөт.

 

3. Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө жоболор

 

3.1. Тараптар Кумтөр кени Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарына жана 1,7-пунктта баяндалган талаптарга ылайык пайдаланылууга тийиш экендиктерин жактоону ырасташат. Төмөнкү принциптер талаш экологиялык маселелерди чечүүнү аныкташы керек.

3.2. Экология жаатында Өкмөттүн эл аралык консультанттары, "АМЕК" компаниясы тарабынан жасалган сунуштамалар Кыргыз Республикасы менен Центерранын ортосундагы макулдашуу боюнча "АМЕК" компаниясы менен консультациядан кийин ишке ашырылат.

3.3. Кыргыз Республикасынын органдары тарабынан көрсөтүлүүчү олуттуу экологиялык доолор боюнча маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жол-жоболоруна ылайык "АМЕК" компаниясынын сунуштамаларын Центерранын ишке ашыруусун эске алуусу менен чечилүүгө тийиш. (Ушул экологиялык маселелерди биротоло чечүү акыркы макулдашууда чагылдырылат).

 

4. Фискалдык жоболор

 

4.1. Бул Меморандумдун жоболорун эске алуу менен "Кумтөр" долбоору боюнча салык салуу бөлүгүндөгү макулдашуунун тиешелүү жоболору күчүндө калат.

4.2. Капиталдык чыгымдардын жана геологиялык чалгындоо иштеринин чыгашаларынын эсебине чегерилүүчү дүң кирешеден 4 пайыз өлчөмүндө салыктын жылдык төлөмүнө көз карандысыз аудит жүргүзүлүшү керек.

 

5. Ачыктык жана коррупция менен күрөшүү милдеттенмеси

 

5.1. Бардык макулдашуулар Кыргыз Республикасында жана Канадада маалыматты көпчүлүккө ачуунун предмети болоорун, ачык макулдашуулар жана милдеттенмелер гана аткарылып же карала тургандыгын түшүнүү менен жетишилет.

5.2. Биргелешкен ишкана Кыргыз Республикасынын, Канаданын мыйзамдарына жана башка коррупцияга жана коомдук контролго тиешелүү колдонулган юрисдикцияга ылайык түзүлүп жана иштеши керек. Тараптар ушул макулдашууларда камтылгандан тышкары эч кандай төлөмдөр же ар кандай түрдөгү пайда каралбагандыгын ырасташат.

 

6. Меморандумдун шарттарынын күчүнө кирүүсү

 

6.1. Бул Меморандумдун шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргызалтындын Директорлор кеңеши, Центерранын Директорлор кеңеши, Центерранын акционерлери жана Канаданын регулятивдүү органдары тарабынан жактырылгандан кийин күчүнө кирет жана ишке ашырылат. Бул Меморандумда камтылгандан башка эч нерсе чечимди кабыл алуу процессин чыныгы контролдоо толугу менен таанылган ушул органдардын өтүнүүчү укуктары жана ыйгарым укуктары катары түшүнүлбөйт.

 

7. Меморандумдун тили

 

Бул Меморандум орус жана англис тилинде түзүлгөн. Меморандумдун эки текстинде кайчы пикирлер пайда болгон учурда Тараптар келип чыккан маселе боюнча түшүнүктөрдү жакындатуу үчүн консультацияларды жүргүзүшөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

______________________     

Ж.Ж.Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

"Кыргызалтын" ААК

______________________

Д.Жапаров

Башкарманын төрагасы

"Центерра Голд Инк"

________________________

Ян Аткинсон

Президент жана башкы

аткаруучу директор

________________________

Фрэнк Герберт

Башкы юристконсульт жана

корпоративдик катчы