Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\4a0fcbe4-677c-4d8b-a67f-dbdeec27f228\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 1-октябрындагы № 541

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
 айрым чечимдеринен «КПҮ» грифин алып салуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөөгө жана берүүгө тиешелүү маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү документтерден «КПҮ» грифи алып салынсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 156 КПҮ «Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтому;

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 156 КПҮ «Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөөнүн жана берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы № 343 КПҮ токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-августундагы № 145 КПҮ «Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 156 КПҮ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн токтомдор жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев