Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\48b01dfe-5349-4e81-8276-ca3af344a44f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 2013-жылдын 30-апрели № 217

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-майындагы № 277 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тиркелген отчету көңүлгө алынсын." (мындан ары - Отчет).

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-майындагы № 277 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Аталган Отчет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2013-жылдын
30-апрелиндеги № 217 токтому
менен жактырылган

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
ОТЧЕТУ

 

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-майындагы № 277 токтомунун редакциясына ылайык)

КИРИШҮҮ

 

Бир катар өлкөлөрдөгү экономикалык өсүштүн басаңдашынын жана карыз кризисинин шарттарында экономикалык өсүштүн кескин төмөндөөсүнүн коркунучун, ошондой эле агрардык секторго таасир тийгизген татаал жаратылыш-климаттык факторлор жана Кум-Төр кенин иштетүү боюнча ишканалардагы өндүрүштүн көлөмүнүн олуттуу төмөндөшүнө алып келген геологиялык факторлор сыяктуу ички факторлордун өлкөнүн экономикасына тийгизген терс таасирин токтотуу 2012-жылдын натыйжасы болуп калды.

Кризистик кубулуштарга жана жагымсыз факторлордун таасирине каршы аракеттенүү боюнча чаралар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасында жана 2012-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралардын планында аныкталган 2012-жылга өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн маанилүү артыкчылыктарын ишке ашырууга багытталды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан экономиканы колдоо боюнча оперативдүү кабыл алынган компенсациялык чаралар экономиканын мындан аркы төмөндөөсүнө жол бербөөгө жана аны жылдын аягында 99,1%дын деңгээлинде кармап калууга мүмкүндүк берди.

Бюджеттин жалпы кирешелери 2011-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырганда 12,1%га көбөйдү жана 86,8 млрд. сомду түздү, анын ИДПга карата үлүшү 28,5% болду. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык саясатынын негизги багыттары өлкөнүн жарандарына социалдык кепилдиктер жөнүндө конституциялык жоболордун мамлекет тарабынан аткарылышына топтолуп, 2012-жылга белгиленген параметрлерге ылайык, мамлекеттин социалдык кепилдиктерин толук жана өз убагындагы каржылоо камсыздалды. Пенсияны эки этаптуу көтөрүү 2011-жылга салыштырганда пенсиянын өлчөмүн 14%га көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берди. 2012-жылда бир кызматкердин номиналдык орточо айлык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 10891 сомду түздү жана 2011-жылга салыштырганда 16,5%га көбөйдү, ал эми керектөө баасынын индексин эске алуу менен эсептелген анын реалдуу өлчөмү 13,3%га өстү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банкынын натыйжалуу аракеттери инфляциянын деңгээлин пландаштырылган 7-9%дын деңгээлинде кармап турууга мүмкүндүк берди.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аракеттери бизнес үчүн ишкердик чөйрөсүндө тоскоолдуктарды жоюуга жана жеңилдетүүгө, бизнестин тоскоолсуз өнүгүүсү жана чет өлкөлүк капиталдын өлкөгө келүүсү үчүн жаңы ченемдик укуктук актыларды түзүүгө жана кабыл алууга багытталды.

Ушуга байланыштуу лицензиялардын жана уруксаттардын 113төн ашык түрүн кыскартылды. Мамлекеттик органдардын-лицензиарлардын ишин регламенттеген "унчукпоо-макулдуктун белгиси" ченеми киргизилди. Текшерүүлөр чөйрөсүндө да реформалар жүргүзүлдү: мамлекеттик контролдоочу органдардын саны 21ден 12ге чейин кыскартылды, өткөргөн текшерүүлөрдүн саны эки эсеге кыскарды (2011-жылдагы 24,4 миң текшерүүдөн 2012-жылы 13,5 миң текшерүүгө чейин), пландуу түрдө өткөрө турган текшерүүлөрдүн мөөнөттөрү эки эсе кыскарды (юридикалык жакка 30дан 15ке чейин жана жеке жакка 5ке чейин), мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн саны 20 миңден 389га чейин кыскартылды.

Чет өлкөлүк жарандарга визаларды берүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүү, туристтик рыноктун жагымдуулугун жогорулатуу, туризмди өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу максатында 44 мамлекет үчүн визасыз режим киргизген "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды.

Фискалдык саясатты өркүндөтүү максатында:

- жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды, ошондой эле айрым жалпы мамлекеттик салыктарды тескөө функцияларын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүнү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты;

- айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү жүргүзгөн ишканаларга КНС төлөмү боюнча колдонуудагы салыктык жеңилдетүүлөрдүн мөөнөтү дагы үч жылга узартылды;

- камсыздандыруу төгүмдөрүн жана салыктарын тескөө боюнча жалпы негиздер түзүлдү;

- чакан жана орто ишкердик үчүн эсеп жүргүзүү жөнөкөйлөтүлдү;

- лизинг компаниялары жана операциялары үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү, ал негизги фонддорду жаңыртууга мүмкүнчүлүктөрдү берет;

- 59 ишкана пайда салыгынан бошотулган, бул бизнес жүргүзүү үчүн жакшы чара катары бааланды.

Бажы союзуна кошулуу боюнча сүйлөшүүлөр процессин жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Дүйнөлүк соода уюмунун алдындагы бажы тарифтери боюнча милдеттенмелерин, ошондой эле ченемдик укуктук актыларынын жана эл аралык келишимдердин пакеттерин даярдоону салыштырууну кошкондо, Бажы союзунун келишимдик-укуктук базасына улуттук мыйзамдардын шайкештигин талдоо боюнча иштер жигердүү жүргүзүлдү.

Бул отчетто көйгөйлөрдү жана жетишкендиктерди көрсөтүү менен 2012-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин негизги натыйжалары толук баяндалды. Макроэкономикалык туруктуулукту калыбына келтирүү жана экономикалык өсүштүн туруктуу темпине өтүүгө пайдубал түзүү үчүн дагы тиешелүү чараларды көрүү керек. Мунун бардыгы 2013-жылы кыйла максаттуу орто мөөнөттүк мезгилдеги мамлекеттик экономикалык саясатты жана этаптуу өнүктүрүүнүн экономикалык, уюштуруучулук жана укуктук чараларынын комплексин камтыган, 2013-жылдагы тийиштүү иш чараларды аткарууну талап кылат.

 

1. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫН 2012-ЖЫЛЫ СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ ЖӨНҮНДӨ

 

1.1. Негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр

 

1.1.1. Ички дүң продуктунун көлөмү (ИДП)

2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Улуттук статистика комитетинин алдын ала баалоосу боюнча ички дүң продукциянын (ИДПнын) көлөмү 304,4 млрд. сом суммасында түзүлдү жана реалдуу алганда 0,9%га кыскарды (2011-жылы ИДПнын өсүшү 6,0% болду). Кум-Төр кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо ИДПнын реалдуу өсүшү 5,0% түздү, 2011-жылдын тийиштүү мезгилинде ушундай көрсөткүч 6,3%ды түзгөн. ИДПнын дефлятору 107,4%дын деңгээлинде түзүлдү. Калктын адам башына эсептегенде ИДПнын көлөмү 56,9 миң сомду түзүп, 2011-жылга салыштырганда 2,6%га кыскарды.

Экономиканын төмөндөшүнүн негизги себеби Кум-Төр кенинде алтындын өндүрүшүнө геологиялык факторлордун тийгизген таасиринин айынан божомолдогон деңгээлден иш жүзүндө жарымына чейин кыскарышы, ошондой эле агрардык секторго жаратылыш-климаттык шарттарынын терс таасир тийгизүүсү болду. ИДПны түзүүгө өнөр жайлык өндүрүштүн терс салымы (-)4,6 пайыздык пункттун деңгээлинде бааланды.

Экономиканын олуттуу төмөндөп кетишин тизгиндеген негизги сектор кызмат көрсөтүү чөйрөсү болуп калды, анын салымы 2,8 пайыздык пункт менен бааланат. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө реалдуу өсүшү жылдын башынан тартып 6,1%ды түздү, анын ИДПнын түзүмүндөгү салыштырма салмагы 46,6%ын ээледи.

2012-жылы ИДПнын иш жүзүндө түзүлгөн деңгээли ИДПнын болжолдонгон максаттуу көрсөткүчүнө жеткен жок, айырма 2,7 пайыздык пунктту түздү.

ИДПнын түзүмдүк талдоо көрсөткөндөй, кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү 1,6 пайыздык пунктка өстү жана 46,6%ды түздү. Айыл чарбасынын жана курулуштун үлүшү 0,9 жана 0,7 пайыздык пунктка өстү жана тиешелүүлүгүнө жараша 17,5% жана 5,7%дын деңгээлинде түзүлдү. ИДПнын түзүмүндө өнөр жай өндүрүшүнүн үлүшү 16,8%ды түздү, 2011-жылга салыштырганда 5,7 пайыздык пунктка кыскарды.

 

 

1-таблица

 

ИДПны түзүүчү секторлор боюнча түзүм жана өсүш темптери(1)

 

Көрсөткүчтөр

2011-жылдын январы-декабры, (иш жүзүндө)

2012-жылдын январы-декабры, (алдын ала иш жүзүндө)

2012-жылдын декабры, (күтүүлөр)

Өсүштүн күтүлгөндөн четтөөсү (+/-)

иш жүзүндө млн. сом

өсүш темпи %

ИДПга карата %

иш жүзүндө млн. сом

өсүш темпи %

ИДПга карата %

ИДПнын өсүшүнө салымдын үлүшү

Күтүү млн. сом

өсүш темпи %

ИДП

285989,1

106,0

100

304350,1

99,1

100

-0,9

305487,3

101,8

-2,7

Айыл чарбасы

47384,9

101,8

16,6

53190,1

101,2

17,5

0,20

56621,1

101,9

-0,7

Өнөр жайы

64308,2

108,1

22,5

51180,4

79,4

16,8

-4,64

52716,8

86,3

-6,9

Курулуш

14078,3

102,5

4,9

17234,2

117,3

5,7

0,85

17305,2

119,3

-2,0

Кызмат көрсөтүү

128650,1

106,9

45,0

141887,2

106,2

46,6

2,79

143895,9

106,9

-0,7

Продуктуга жана импортко таза салыктар

31567,6

106,0

11,0

40858,2

99,1

13,4

-0,10

34948,3

-

-

Отчеттук мезгилде негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү түзүүдө таасирин тийгизген негизги факторлор:

Тышкы:

Жагымдуу факторлор:

- Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөштөрү болгон өлкөлөрдөгү (Россия - 3,4%; Казакстан - 5,2%; Кытай - 7,9%, дүйнөлүк экономика - 2,3%) экономикалык өсүш;

- алтындын баасынын бир труа унциясы үчүн 1598,0 АКШ долларынан 1657,5 АКШ долларына чейин өсүшү (2012-жылдын январы-декабры), 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда өсүш 6,3%ды түздү;

- негизги соода өнөктөштөрү болгон өлкөлөрдө инфляциянын солгун көрсөткүчтөрү (Казакстан - 6,0%, Россия - 6,6%, Кытай - 2,5%, Еврочөлкөм - 2,2%);

- Вre№t маркасындагы мунайга баанын орточо 0,6%га солгун өсүшү (2011-жылга салыштырганда);

- жеке жактардын акча которууларынын таза агымынын 17,5%га көбөйүшү (2012-жыл үчүн сумма 1768,5 млн. АКШ долларын түзгөн);

- соода өнөктөштөрү болгон өлкөлөрдө импорттолуучу кантка, өсүмдүк майына, күрүчкө, унга жана май алынуучу өсүмдүктөргө бажылык алымдардын алынып салышы.

Жагымсыз факторлор:

- азык-түлүк тобундагы товарларды, КММны импорттоого ички рыноктун көз карандылыгы (ун, өсүмдүк майы, кант, акшак ж.б.).

Ички:

Жагымдуу факторлор:

- инфляциянын солгун деңгээли, бул калктын кирешесинин реалдуу өсүшүн шарттады (керектөө бааларынын индекси 2011-жылдын декабрына карата 7,5%);

- товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө суроо-талабынын өсүшү (13,3%га бир айлык орточо эмгек акынын реалдуу өсүшү);

- 2011-жылга салыштырганда керектөө кредиттеринин 37,2% га өсүшү;

- 2011-жылга салыштырганда экономикага кредиттердин 26,2%га өсүшү;

- текшерүүлөрдүн, лицензиялардын жана мамлекеттик башка жөнгө салуучу чаралардын санын кыскартуу аркылуу бизнес жүргүзүүнүн шарттарын жөнөкөйлөтүү;

- фермерлерге жөнөкөйлөтүлгөн арзан кредиттерди(2), айыл чарба техникаларын лизингге берүү жана материалдык резервдин эсебинен күйүүчү-майлоочу материалдарды бөлүштүрүү(3).

Жагымсыз факторлор:

- агросекторго терс таасирин тийгизген катаал жаратылыш-климаттык шарттар (кыштын эрте түшүүсү себүү өнөктүгүн аяктаганга тоскоол болду; кыш мезгилинин узактыгы жазгы-талаа жумуштарынын кечигүүсүнө алып келди; аномалдуу кургакчылык жана өсүмдүктөрдү кайра себүүдөн улам түшүмдүүлүктүн төмөндөшү, ошондой эле тоюттун жетишсиздиги менен шартталган, март айы бою кардын жаашы малдын кырылышына алып келди);

- геологиялык факторлордун металлургия өндүрүшүнө таасирин тийгизиши (Кум-Төр кенинде);

- бизнести өнүктүрүү үчүн кредиттер боюнча жогорку пайыздык ставкалар (20,2% - орточо пайыздык ставка).

1.1.2. Керектөө бааларынын индекси

Инфляциянын деңгээлин мүнөздөөчү керектөө бааларынын индекси 7,5%ды түздү (2012-жылдын декабры 2011-жылдын декабрына салыштырганда), 2011-жылдагы ушул көрсөткүч 5,7%ды түзгөн. Инфляциянын орточо жылдык мааниси 2,8%ды түздү (2012-жылдын январы-декабры 2011-жылдын январы-декабрына салыштырганда), ал эми 2011-жылдын январы-декабрында 16,6%ды түзгөн.

2012-жылы азык-түлүк товарларына баалардын индекси айрым тамак-аш азыктары боюнча жиктелип түзүлүшү мүнөздүү болду.

Азык-түлүк товарларга баанын индекси 2012-жылдын аягында 104,5%ды түздү. Бул өсүүгө нан азыктарына жана акшактарга болгон баанын 9,3% өсүүсү таасирин тийгизди, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу жогору (-0,5%) болду, анын ичинде жогорку сорттогу буудай унунун баасынын өсүшү 17,2%ды түздү (бир жыл мурда -5,0%), биринчи сорттогу буудай уну 15,8%ды (бир жыл мурда -3,2%) түздү. Буудай унунан жасалган нандын баасы (1-сорттогу) жылдын башынан бери 18,1%га (бир жыл мурда + 3,5%) кымбаттаган.

Ошондой эле азык-түлүк товарлардын ичинен, балыкка 20,0%, (бир жыл мурда +13,9%), алкоголсуз суусундуктарга 3,7%, жемиштерге 23,1% жана сүт азыктарына, сырга жана жумурткага 8,0% өскөндүгү белгиленген.

 

 

2-таблица

2011-2012-жылдардын январы-декабры үчүн Кыргыз Республикасындагы керектөө товарларынын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын индекси

 

 

Керектөө себетиндеги салыштырма салмагы (%)

2012-жылдын январы-декабрында, 2011-жылдын январы-декабрына карата (%)

2012-жылдын декабры 2011-жылдын декабрына карата (%)

2011-жылдын декабры 2010-жылдын декабрына карата (%)

2012-жылдын 2011-жылга карата четтөө фактысы (+;-)

Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын индекси

100,0

102,8

107,5

105,7

1,8

анын ичинде:

 

 

 

 

 

Товарлар

85,1

101,5

107,1

104,7

2,4

алардын ичинен:

 

 

 

 

 

тамак-аш продуктулары жана алкоголсуз суусундуктар

44,6

95,9

104,5

103,5

1,0

алкоголдук ичимдиктер, тамеки буюмдары

10,0

109,5

110,2

109,8

0,4

азык-түлүк эмес товарлар

30,5

110,1

109,8

109,2

0,6

Кызмат көрсөтүүлөр

14,9

110,2

109,8

111,1

-1,3

Каралып жаткан мезгилде азык-түлүк эмес товарлар 9,8%га кымбаттады. Үйдө керектелүүчү, тиричилик буюмдары 2012-жылы - 9,9%га, электр энергиясынын жана отундун башка түрлөрү - 3,9%га, ошол эле учурда газдын баасы - 10,3%га жогорулады. Жылдын башынан бери кийим жана бут кийим - 15,9%га, алардын ичинен кийим - 14,6%га, бут кийим - 18,7%га кымбаттады. Бензинге баалар жылдын башынан тартып - 2,0%га, ал эми, дизелдик май - 6,8%га жогорулаган.

Кызмат көрсөтүүнүн тарифтери жана баалары 9,8%га өстү, анын ичинен транспорттук кызмат көрсөтүүсү (жүргүнчү транспортунун кызмат көрсөтүүсү) - 11,3%га, эс алууну жана маданий иш-чараларды уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүү - 17,9%га, ресторандар жана мейманканалар - 15,8%га, амбулатордук кызмат көрсөтүүлөр - 18,0%, билим берүү - 8,5%га кымбаттады.

Региондор боюнча жалпы республикалык деңгээлден ашып кеткен 2012-жылдын башынан тартып инфляциянын айрыкча жогорку деңгээли Нарын (10,3%), Ысык-Көл (9,8%) жана Жалал-Абад (8,9%) облустарында түзүлдү. Талас облусунда тескерисинче, 2011-жылдын декабрына салыштырганда керектөө бааларынын минималдуу (5,4%га) өсүшү белгиленди.

 

 

3-таблица

Кыргыз Республикасынын облустары боюнча керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын индекси (2012-жылдын декабры 2011-жылдын декабрына карата % менен)

 

 

КБИ

анын ичинде:

тамак-аш продуктылар жана тамеки алкоголсуз суусундуктар

алкоголдук ичимдиктер, тамеки буюмдары

азык-түлүк эмес товарлар

калкка кызмат көрсөтүү

Кыргыз Республикасы

107,5

104,5

110,2

109,8

109,8

анын ичинде облустар боюнча:

 

 

 

 

 

Баткен облусу

108,6

104,7

107,6

112,8

112,7

Жалал-Абад облусу

108,9

105,0

114,1

113,3

108,1

Ысык-Көл облусу

109,8

105,5

123,5

113,1

106,9

Нарын облусу

110,3

107,9

109,9

114,1

109,1

Ош облусу

108,5

107,0

115,2

106,9

112,6

Талас облусу

105,4

102,0

112,8

106,9

107,3

Чүй облусу

105,9

103,9

104,5

108,1

108,6

Бишкек шаары

107,0

103,8

108,4

109,8

109,7

1.1.3. Акча-кредит саясаты

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын отчеттук жылдагы аракеттери акча-кредиттик саясаттын шаймандарын колдонуу аркылуу акча базасын жөнгө салуунун жолу менен инфляциянын монетардык түзүмүн чектөөгө багытталган тең салмактуу акча-кредиттик саясатты жүргүзүүгө багытталды.

Акча базасы 2012-жылдын аягында 64,5 млрд. сомду түзүү менен 17,7%га көбөйгөн (2011-жылда көбөйүү 12,8%ды түзгөн).

Жүгүртүүдөгү акчалардын көлөмү 2012-жылы 58,3 млрд. сомду түзгөн, ал жыл башынан бери 16,8%га көбөйдү (2011-жылы 15,2%га көбөйгөн).

М2(4) акча агрегаты 24,7%га көбөйүү менен жылдын башынан бери 77,5 млрд. сомду түзгөн, 2011-жылы 15,6%га көбөйгөн.

Кеңири акча массасынын М2Х өлчөмү (М2 + чет елкө валютасындагы депозиттер) 23,8%га көбөйгөн жана 98,5 млрд. сомду түзгөн (2011-жылы көбөйүү 14,9%ды түзгөн). М2Х өсүшүнө негизги салымды депозиттердин(5) көлөмүнүн көбөйүүсү кошту, ал жыл башынан бери 36,1%га, 44,0 млрд. сомго чейин көтөрүлгөн (2011-жылы 16,5%га көбөйгөн). Мында, банктардан тышкары акчанын көлөмү 15,5%га, 54,5 млрд. сомго чейин көбөйгөн (2011-жылы 13,9% көбөйгөн).

Экономикага кредит(6) 2012-жылдын акырына карата 42,0 млрд. сомду, ал эми анын өсүшү 26,2%ды түзгөн (2011-жылы 20,8%га өскөн).

2012-жылга каралган акча-кредит саясатынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн басаңдатуу максатында чара көрдү. АКШ долларынын сомго карата расмий курсу 2012-жылдын башынан тартып 1,97%га, январь айынын башындагы 1 АКШ доллары үчүн 46,4847 сомдон 2012-жылдын декабрынын аягында 1 АКШ доллары үчүн 47,4012 сомго чейин жогорулаган.

Өлкөнүн финансылык туруктуулугу эл аралык камдыктардын олуттуу топтолушу менен камсыздалды, алар 2012-жылдын 31-декабрына карата 2066,6 млн. АКШ долларын түздү жана жыл башынан бери 232,1 млн. АКШ долларына же 12,7%га өскөн, ал эми коммерциялык банктардын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы чет элдик валютадагы депозиттерин эске албаганда, 208,3 млн. АКШ долларына же 11,4%га көбөйгөн жана 2042,8 млн. АКШ долларын түзгөн.

2012-жыл бою төмөндө келтирилген жагдайлар эл аралык камдыктардын дүң көлөмүнө таасирин тийгизди: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өлкөнүн ички рыногунда өткөргөн валюталык операциялары; эл аралык камдыктарды башкаруудан түшкөн кирешелер; эл аралык камдыктардын курамына кирген валюталардын алмашуу курстарынын өзгөрүүсү; баалуу металлдарга баалардын өзгөрүүсү; Кыргыз Республикасынын ички рыногунда алтынды сатып алуу боюнча операциялар; Кыргыз Республикасынын тышкы милдеттенмелери боюнча төлөөлөр.

 

 

4-таблица

Акча-кредит саясатынын негизги көрсөткүчтөрү мезгилдин аягына карата

 

Көрсөткүчтүн аталышы

Ченөө бирдиги

2011-жылдын декабры, мурунку мезгилдин көрсөткүчтөрү

2012-жылдын декабры, иш жүзүндөгү көрсөткүч

Абсолют. өзгөрүү (+,-)

Өсүш темпи %

Акча базасы

млн.сом.

54803,2

64488,8

9685,6

17,7

Жүгүртүүдөгү акчалар

млн.сом.

49866,9

58252,2

8385,2

16,8

Банктардан тышкары акчалар (М0)

млн.сом.

47219,6

54521,2

7301,6

15,5

Акча массасы (М2)

млн.сом.

62125,3

77460,0

15335,2

24,7

Акча массасы (М2Х)

млн.сом.

79527,8

98482,9

18955,1

23,8

М2Хге кирген депозиттер

млн.сом.

32308,2

43961,7

11653,5

36,1

Экономикага кредиттер

млн.сом.

33321,9

42036,5

8714,6

26,2

Алмашуу курсу

сом./ долл.АКШ

46,4847

47,4012

0,9165

2,0

1.1.4. Банк тутумунун өнүгүү тенденциялары

2012-жылдын 31-декабрына карата(7) Кыргыз Республикасынын аймагында 23 коммерциялык банк(8) (Пакистандын Улуттук банкынын Бишкектеги филиалын кошкондо) жана 278 коммерциялык банктардын филиалдары иштеген.

2012-жылдын 31-декабрына карата банк тутуму жалпысынан 2417,8 млн. сом өлчөмүндө таза пайда алган.

Банк секторунун позитивдүү өнүгүү динамикасы белгиленүүдө, бул жыл башынан тартып банк системасынын суммалык активдерин 29,9%га, жалпысынан 2012-жылдын 31-декабрына карата кардарларга кредиттердин көлөмү 26,7%га көбөйдү, ошондой эле депозиттер боюнча: юридикалык жактардыкы - 33,0%га, жеке жактардыкы - 36,3%га өсүш болгондугу белгиленди, бул банк системасына ишеним артылгандыгын чагылдырат.

2012-жылдын жыйынтыгы боюнча банк тутумунун жалпы депозиттик базасы(9) 53,25 млрд. сомду түзүп, жыл башынан бери 32,2% көбөйдү, алардын ичинен:

- ишканалардын жана калктын депозиттери жыл башынан бери 34,6%га өсүү менен 43,3 млрд. сомду түзгөн;

- банктардын жана башка ФКМдердин депозиттери жыл башынан бери 52,9%га өсүү менен 5,2 млрд. сомду түзгөн;

- бийлик органдарынын депозиттери жыл башынан бери 0,9%га көбөйүп, 4,8 млрд. сомду түзгөн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди эсептөөдө колдонулган банк тутумунун таза суммалык капиталынын көрсөткүчү жыл башынан бери 2,45 млрд. сомго же 18,3%га өсүү менен 31-декабрга карата 15,89 млрд. сомду түзгөн.

Банк тутумунун финансылык ортомчулугунун жалпы деңгээли (активдер/ИДП) 29,8%ды (2012-жылдын башында- 24,4%) түзгөн.

2012-жылдын жыйынтыгы боюнча жеке жактардын акча которууларынын таза келүүсү 1768,5 млн. АКШ долларын түзүп, 2011-жылдын көрсөткүчүн 17,5%га көбөйгөн. Мурдагыдай эле, келип түшкөн акча которуулардын негизги үлүштүк салмагы Россия Федерациясына тиешелүү болгон (90,0%).

1.2. Реалдуу сектордун өнүгүшү

1.2.1. Агрардык сектор

2012-жыл үчүн бардык категориядагы чарбаларда айыл чарбасынын дүң продукциялары колдонуудагы баада 167,5 млрд. сомго өндүрүлгөн. 2011-жылга салыштырганда өсүш темпи 101,2%га өскөн, анын ичинде мал чарбасы - 101,8%ды (80,1 млрд. сом), өсүмдүк өстүрүү - 100,6%ды (84,5 млрд. сом) түздү.

 

 

5-таблица

2011-2012-жылдарда айыл чарба продукциясынын өндүрүүсү

 

Көрсөткүчтүн аталышы

2011-жылдын январы-декабры иш жүзүндө

2012-жылдын январы-декабры алдын ала

2012-жылдын январы-декабры күтүлгөн

2012-жылдын күтүлгөн көрсөткүчтөн четтөө (+,-)

Айыл чарба, млн. сом

149221,6

167505,3

168965,6

-1460,3

өсүү темпи, %

102,0

101,2

101,9

-0,7

анын ичинен:

 

 

 

 

Өсүмдүктөрдү өстүрүү, млн. сом

75299,7

84526,2

89492,6

-4966,4

өсүү темпи, %

103,5

100,6

102,4

-1,8

Мал чарбасы млн. сом

71081,7

80138,8

76856,4

3282,4

өсүү темпи, %

101,0

101,8

101,5

0,3

Кызмат көрсөтүү, млн. сом

2622,2

2622,2

2527,9

94,3

Аңчылык жана токой чарбасы, млн. сом

218,1

218,1

45,1

173,0

Балык улоо, балык өстүрүү, млн. сом

54,8

54,8

43,6

11,2

2012-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл чарбасындагы өндүрүш күтүлгөн деңгээлге 0,7 пайыздык пунктка жетпей калды. Буга табигый факторлордун: кыштын эрте түшүүсү, бул күзгү себүү өнөктүгүн бүтүрүүгө мүмкүндүк бербеди, аномалдуу кургакчылыктын, суунун аз болушу, сел менен коштолгон нөшөрлөгөн жамгырдын терс таасири себеп болуп калды, мындан Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Талас облустарынын чарбакер субъекттери олуттуу зыян тартышты, анын кесепетинен айыл-чарба өсүмдүктөрү жабыркады.

2012-жылы аба-ырайынын жагымсыз шарттарынын натыйжасында, себилген дан өсүмдүктөрүнүн (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) 2,6 миң га, май өсүмдүктөрүнүн 151 га, пахтанын 35 га, жашылчанын 84 га, картошканын 53 га, тамекинин 31 га жана кант кызылчасы 285 га жерлери чыгаша болуп, эсептен чыгарылды.

2012-жылы айыл чарба өсүмдүктөрү айдалган бардык аянт 1165,7 миң га түздү, бул 2011-жылга караганда 6,5 миң га (0,6%га) көп.

2012-жылда иштетилбей калган жерлер 2011-жылга салыштырмалуу 8,0 миң га азайып, анын көлөмү 103,5 миң га түздү. Айдоо жерлеринин иштетилбей калгандыгынын негизги себептери болуп өткөн жылдагыдай эле катуу кайрак жерлер (52,1 миң га), алыстыгы жана жердик таштак болушу (18,2 миң га), суунун жетишсиздиги жана сугат тарамдарынын оңдолбой калгандыгы (13,3 миң га), жердин туздуу болуп кеткендиги жана сазга айлангандыгы (5,8 миң га), күйүүчү-майлоочу майлардын, үрөндүн жана техниканын жетишсиздиги (2,6 миң га), акча каражаттарынын жетишсиздиги (5,2 миң га) эсептелди.

Мал чарбасы. Республиканын бардык категориядагы чарбакер субъекттери тарабынан 352,5 миң тонна тирүү салмактагы эт өндүрүлдү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5986,0 тоннага же 1,7%га көп. Эт өндүрүүнүн көбөйүшү негизинен ири мүйүздүү малдын санынын 39,7 миң башка, кой жана эчкилердин санынын 250,4 миң башка, жылкылардын санынын 10,5 миң башка жана үй канаттууларынын санынын 65,4 миңге көбөйгөнүнүн эсебинен болду.

2012-жылы республикада 1382,4 миң тонна сүт өндүрүлдү, бул 2011-жылдын көрсөткүчүнөн 24,3 миң тоннага же 1,8%га көп. Республиканын бардык облустарында сүт өндүрүү көлөмү өстү.

Отчеттук мезгил ичинде республикада 416,8 млн. даана жумуртка өндүрүлдү, бул 2011-жылга салыштырганда 24,0 млн. даанага көп, же 6,1%га өстү. Республиканын бардык облустарында жумуртка өндүрүү көбөйдү, Ысык-Көл облусунда гана 72,7 млн. даана жумуртка өндүрүлүп, 2011-жылга караганда 3,4 млн. даанага аз болду. Жумуртка өндүрүүнүн азайышынын негизги себеби үй канаттууларынын саны 11,9 миңге азайганынан болду.

Республикада 11,3 миң тонна жүн өндүрүлдү, бул 2011-жылга салыштырганда 2,1%га көп. Бардык облустарда жүндү дүң өндүрүү отчеттук мезгилде өткөн жылдагы деңгээлден жогору болду.

Өсүмдүк өстүрүү. Дан эгиндери (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречканы кошпогондо) 568,6 миң га жерге айдалды (бардык себүү аянтынын 48,8%ы). Мында, күздүк буудай айдоо аянты 70 миң га (28,2%га) кыскарды, ал эми жаздык буудай аянты тескерисинче 17,1 миң га жерге көбөйдү (13,1%га).

Отчеттук жылда буудай 324,5 миң га аянтка себилип, 322,7 миң га аянттан жыйналды же себилген аянттан 1,8 миң га жерге аз болду.

Буудайдын түшүмдүүлүгүнүн салмагы иштетилгенден кийин гектарына 16,8 центнерди түздү же өткөн жылдагыдан гектарына 4,6 центнерге аз болду, анын себеби Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы кургакчылык жана суунун аздыгы болду, анткени мында буудай себилген аянттын 60%ы жайгашкан. Чүй облусундагы түшүмдүүлүк гектарына 16,1 центнерди түздү жана 2011-жылга салыштырганда гектарына 8,2 центнерге аз болду, ал эми Ысык-Көл облусунда түшүмдүүлүк - 13,5 ц/га түзүп, 2011-жылга караганда 5,6 ц/га аз болду.

2012-жылы арпа жалпысынан республика боюнча 147,3 миң га жерге, же өткөн жылдагыдан 24,0 миң га жерге көп себилген. Арпанын түшүмдүүлүгү дагы кургакчылыкка кабылып, 14,5 ц/га түздү же өткөн жылдагы көрсөткүчтөрдөн 4,7 ц/га аз болду. Арпанын себүү аянты көбөйтүлгөндүгүнө карабастан дүң жыйноо 212,7 миң тоннаны түздү, бул өткөн жылдагыдан 21,0 миң тоннага аз.

2012-жылы айыл чарбасынын дүң продукцияларын өндүрүү боюнча көлөмүнүн реалдуу өсүшү Баткен (108,3%), Жалал-Абад (107,1%), Ош (105,6%), Талас (100,0%) облустарынын жана Ош шаарынын (100,6%) чарбалык субъекттери тарабынан камсыздалган. Нарын (99,1%), Ысык-Көл (93,6%), Чүй (95,9%) облустарында өткөн жылдагы деңгээлге жетишилген жок.

Минералдык жер семирткичтер менен камсыздалуу. 2012-жылы республиканын дыйкан жана фермер чарбаларынын минералдык жер семирткичтерге болгон керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн 340,0 миң тонна минералдык жер семирткич керек эле, анын ичинен 200,0 миң тонна - азоттук, 129,1 миң тонна - фосфордук жана 11,7 миң тонна - калий. Отчеттук жылда 90,0 миң тоннага жакын минералдык жер семирткич алынып келинген.

Суу чарбасы. Бардыгы болуп 918 суу техникалык курулмасы, 819 гидропост, 101 насостук станциясы оңдолгон; ошондой эле узундугу 168,1 км сугат каналдарын, 13,13 км узундуктагы коллектордук-дренаждык тармактарды механикалык тазалоо боюнча иштер жүргүзүлдү. 303,6 км узундуктагы ири каналдарда капиталдык оңдоолор жүргүзүлдү.

Ички рыногунун негизги тамак-аш азыктары менен камсыздалуусу. 2013-жылдын 1-январына карата республика боюнча негизги тамак-аш азыктары менен камсыздалуу өткөн жылдын калдыгын эсепке алганда, өздүк өндүрүштүн эсебинен төмөндөгүдөй болду: нан азыктары боюнча - 110,3%, картошка - 298,2%, сүт - 112,0%, эт - 56,9%, жашылча - 161,6%, өсүмдүк майы - 27,9%, кумшекер - 9,4%, жумуртка - 40,2%.

Жазгы талаа иштерин өз убагында өткөрүүгө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана 2012-жылы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 50 "2013-жылы Кыргыз Республикасында жазгы талаа иштерин өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө", Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 487 "Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноону өз учурунда жана уюшкандыкта жүргүзүү боюнча жана 2013-жылдын түшүмүнө күзгү себүүнү жүргүзүүнүн белгиленген программасын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомдорду кабыл алган;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 50 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги сертификацияланган үрөндөрдү тендердик негизде 50,0 млн. сомго сатып алган, бөлүнгөн акча каражатынын 28,7 млн. сомуна: 6530,435 миң сомго 346,5 тонна жазгы буудайдын үрөнү, 9781,44 миң сомго 492,0 тонна арпанын үрөнү, 7552 миң сомго 36,895 тонна беденин жана 4789,085 миң сомго 60,665 тонна эспарцеттин үрөндөрү сатылып алынды. Булар региондорго бөлүштүрүлүп берилди;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 487 токтомуна ылайык күздүк буудай сатып алууга 21,3 млн. сом акча каражаты бөлүнүп, 620 тонна үрөн тендер аркылуу алынды. Үрөндөр товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык мамлекеттик комиссиянын протоколдоруна ылайык бөлүштүрүлдү;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 50 токтомуна ылайык, Мамлекеттик үрөн фондунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондусу тарабынан топтолгон 1452,7 тонна (646,9 тонна + 805,8 тонна) көлөмдөгү жазгы буудайдын жана арпанын үрөндөрү товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык мамлекеттик комиссиянын протоколуна ылайык региондорго бөлүштүрүлдү;

- Бүткүл дүйнөлүк Банктын коомдук үрөн фондуларын (КҮФ) түзүү боюнча программанын алкагында жаңы 31 КҮФ ачуу максатында төмөндөгү өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү жазгы эгүү үчүн сатылып алынды: 6,0 тонна беденин, 85,0 тонна жаздык арпанын, 65,0 тонна жаздык буудайдын, 60,0 тонна жаздык арпанын, 100,0 тонна картошканын үрөнү. Күздүк эгүүгө, 313,0 тонна күзгү буудай үрөнү жана 500,0 тонна минералдык жер семирткичтер тендердик негизде фермерлерге таратылып берилди;

- Германия эл аралык кызматташтыктын GIZ долбоору боюнча 2012-жылдын жазгы себүүсүнө Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын фермерлерин колдоо максатында: 300,0 тонна буудайдын, 136,0 тонна картошканын, 30,0 тонна жүгөрүнүн, 6,0 тонна май өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү берилди;

- 2012-жылдын жазгы талаа иштерин өз убагында өткөрүү үчүн республиканын айыл-чарбалык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана 2012-2013-жылдары мал чарбасын андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 49 "Фермерлерге арзан кредит-2" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтому кабыл алынды. Бул токтомго ылайык республикалык бюджеттен 1,0 млрд. сом акча каражаты жеңилдетилген кредиттерди берүү үчүн бөлүнгөн, ал акча каражаттары "Айыл Банк", ААКы "РСК Банк" ААКы аркылуу бөлүштүрүлгөн, иш жүзүндө 700 млн. сом суммадагы кредит берилди, анын ичинен мал чарбачылыкка - 350 млн. сом, өсүмдүктөрдү өстүрүүгө - 350 млн. сом;

- 2012-жылдагы кескин жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттардын айынан (кыштын эрте түшүүсү күзгү себүү жумуштарын аяктаганга мүмкүндүк берген жок) азык-түлүк коопсуздугуна келтирилген коркунучту болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Казакстан Республикасы менен 200 миң тонна көлөмүндө буудай сатып алуу жөнүндө жана Россия Федерациясынын Айыл чарба министрлиги менен 100,0 миң тонна буудай жеткирүү жөнүндө келишимге жетишти, анын ичинен 20,0 миң тонна гуманитардык жардам, 80,0 тонна 1 жылдык мөөнөткө кредит катары берилет.

1.2.2. Өнөр жай(10)

2012-жылдын январы-декабрында өнөр жай ишканалары тарабынан 133,8 млрд. сом суммасына продукция өндүрүлдү же өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөшү 2011-жылдын салыштырганда 20,2%ды түздү. Кум-Төр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эске албаганда - 83,2 млрд. сом, же реалдуу өсүш 106,1%ды түздү.

Региондор боюнча талдоо көрсөткөндөй, өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн өсүшүнө республиканын бардык региондорунда жетишилди, буга Ысык-Көл облусу кирбейт (2011-жылдын деңгээлинен 55,1%).

2012-жылы өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн реалдуу өсүшү Баткен (15,3%га), Жалал-Абад (4,9%га), Ош (9,4%га), Нарын (3,4%га), Талас (14,5%га), Чүй (1,5%га) облустарынын жана Бишкек (2,2%га), Ош (9,4%га) шаарларынын чарбалык субъекттери тарабынан камсыздалган.

 

 

6-таблица

Өнөр жай 2011-2012-жылдары январы-декабры үчүн секторлор боюнча, %

 

Аталышы

2012-жыл үчүн өнөр жайдын жалпы көлөмүндөгү салыштырма салмак

2011-жыл январь-декабрь иш жүзүндө

2012-жыл январь-декабрь алдын ала

2012-жыл күтүлүүчү

Күтүлүүчү көрсөткүчтөн четтөө (+,-)

Өнөр жай, бардыгы

100,0

111,9

79,8

87,1

-7,3

анын ичинде Кум-Төр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда

62,1

118,8

106,1

107,1

-1,0

Кум-Төр кенин иштетүү боюнча ишканалар

37,9

103,3

52,5

70,3

-27,8

Иштетүүчү өнөр жай

76,4

109,8

72,8

83,0

-10,2

Электр энергиясын, газды жана сууну өндүрүү жана бөлүштүрүү

18,4

122,4

105,2

105,9

-0,7

Кен казуу өнөр жайы

5,2

124,6

122,5

106,8

15,7

Өнөр жай өндүрүшүнүн иш жүзүндөгү көлөмү 2012-жылда күтүлгөн 7,3 пайыздык пунктка жеткен жок. Анын негизги себеби болуп иштетүүчү өнөр жайындагы өндүрүш көлөмдөрүнүн төмөндөшү эсептелет.

(1) Кайра иштетүү өнөр жайында, өнөр жай продукцияларын өндүрүүдө эң жогорку салыштырма салмак (76,4%) менен 2012-жылы продукциянын көлөмү 102,3 млрд. сомду түздү жана 2011-жылга салыштырмалуу реалдуу түрдө 27,2%га азайды. Негизги себеби геологиялык факторлордун таасиринин натыйжасында металлургиялык өндүрүштө (Кум-Төр кенинде) көлөмдүн дээрлик 50,0%га азайышы эсептелет, ал өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө эң чоң салыштырма салмакты ээлейт (40,0%) жана анын терс салымы ИДПнын түзүмүндө (-)5,3 пайыздык пункт деңгээлинде бааланат.

Андан сырткары резина жана пластмасса буюмдардын өндүрүүдө көлөмдүн азайышы (23,8%га), машина жана жабдуулардын (33,5%га), булгаары, булгаарыдан жасалган буюмдары жана бут кийим өндүрүү (22,0%га) азайышы байкалууда, алардын суммалык салыштырма салмагы өнөр жайдын жалпы түзүмүндө болгону 2,2%ды гана ээлейт. Төмөндөөнүн негизги себеби болуп табыштамалардын жоктугунан жана базарда импорттук товарлардын болушунан ишканалардын токтоп турушу эсептелет.

Отчеттук мезгилде кайра иштетүүчү өнөр жайдын ишинин натыйжасына оң таасирин тийгизген өндүрүштөрдүн катарына тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканалардын туруктуу иштерин кошууга болот, буга төмөнкүлөр да кирет: суусундуктар жана тамеки, реалдуу өсүш темпи 3,5%га, текстиль жана тигүү өндүрүшү - 12,5%га, башка металл эмес минералдык продуктуларды өндүрүү боюнча - 16,4%га, алардын салыштырма салмагы өнөр жайдын түзүмүндө дээрлик 30,0%ды ээлейт, ошондой эле транспорт каражаттары жана жабдуулар - 8,8%га, целлюлоза-кагаз жана басма өндүрүшү - 32,2%га, химиялык өндүрүш - 22,7%га.

Суусундуктарды жана тамекини кошкондо, тамак-аш азыктары өндүрүшүндөгү 3,5%га реалдуу өсүш этил спиртин 27,4%га, иштетилген суюк сүттү - 31,7%га, дан эгиндеринен унду - 15,5%га, жууган майды - 8,3%га өндүрүүнү көбөйтүүнүн эсебинен камсыздалган.

Башка металл эмес минералдык продуктулар өндүрүшүндө цементти 21,2%га, цементтен жана бетондон жасалган конструкциялардын элементтерин - 13,6%га, бетондон жасалган конструкцияларды - 3,9%га, товардык бетонду - 52,6%га өндүрүүнү көбөйтүүнүн эсебинен реалдуу өсүш 16,4%ды түздү.

Отчеттук жылда республиканын бардык цемент заводдору ийгиликтүү иштеди: "Кант цемент заводу" ААК 2011-жылдагы көлөмдүн деңгээлин 11,3%га, "Түштүк-Кыргыз цемент" ЖАКы - 36,5%га жана "Түштүк курулуш материалдар комбинаты" ЖЧКсы - 15,8%га жогорулатты. "Күрмөнтүцемент" ААКы чийки заттар менен болгон кыйынчылыктарга карабастан, 3,5 миң тонна цемент өндүрдү, бул 2011-жылдын деңгээлине карата 175,0%ды түздү. Мында бардык цемент заводдор толук өндүрүштүк кубаттуулукта иштегендигин белгилөө керек.

Узакка созулган пландуу оңдоодон кийин "Интергласс" ЖЧКсы 2012-жылдын июнь айында ишке киргизилип, 1130,0 млн. сом суммасына 13,2 млн. кв.м айнек чыгарды.

Текстиль жана тигүү өндүрүшүндөгү көлөмдөрдүн 12,5%га өсүшү, жумушчу кийимдерин чыгаруу 5,7 эсеге көбөйүшү, трикотаж кийиминен тышкары, эркектер жана балдар үчүн сырт кийим - 1,6 эсе, аялдар жана кыздар үчүн кийим - 1,5 эсе көбөйүшү камсыздалган. 2012-жылдын сентябрында "Алтын-Була" ЖЧКсы, "Перимтекс" ЖЧКсы, "Лиматекс корпорациясы" ЖЧКсынын Ноокен бөлүмү, "Мата" ААКсы ж.б. сыяктуу 15 текстилдик ишкананын иши жандандырылган.

2012-жылдын январь-декабрында өнөр жайда жүгүртүү каражаттарынын жетишсиздигине, чийки заттын жана заказдын жоктугуна байланыштуу 21 ишкана токтоп турган.

(2) Электр энергиясын, газ жана суу өндүрүүдө, бөлүштүрүүдө (салыштырмалуу салмагы - 18,4%) 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча продукция көлөмү электр энергиясын берүү жылуулук көлөмүнүн 16,4%га жана аны бөлүштүрүүнүн 6,8%га көбөйүшүнүн эсебинен 5,2% реалдуу өсүш темпи менен 24,6 млрд. сомду түздү.

2012-жылы электр энергиясын иштеп чыгаруунун көлөмү 15265,6 млн. кВтс же 2011-жылдагы деңгээлине жакын болду.

2012-жылдагы электр энергиясын экспорттоонун жалпы көлөмү 1593,9 млн. кВт. саатты же 2011-жылдын деңгээлинен 57%ды (2798,4 млн. кВтс) түзгөн.

БЭК түйүндөрүндөгү электр энергиясына жоготуулар 2361,9 млн. кВт.саат же келип түшкөндүн 21,2%ын (план 18,5%) түзүп, 2011-жылдагыга салыштырмалуу 1,1%га аз болгон.

2012-жылы жылуулук энергиясынын иштетип чыгуу 3102,4 миң Гкал түздү, бул 2011-жылдагы деңгээлден 2,1%га көп.

2012-жылы республикага 355,5 млн. куб.м газ келип түшкөн, бул 2011-жылдагыдан 7,5%га көп болду. 2011-жылга салыштырганда ченемден ашык жоготуулар 5,4 млн. куб.м га (18,0 млн. м.куб 23,4 млн. куб.м га каршы) азайган.

2013-жылдын 1-январындагы абалы боюнча Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү - 14,95 млрд. куб.м, ал 2011-жылдагы деңгээлден 2,3 млрд. куб.м га аз.

Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо. 2012-жылы өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо жана электр энергиясын чыгарууну көбөйтүү максатында төмөнкү иш-чаралар аткарылган:

- Борбордук Азиянын Биргелешкен энергетикалык система чектеринде Казак Республикасынын, Өзбек Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык системаларынын параллелдик иши камсыздалган;

- өлкөнүн түштүк аймагын электр менен жана Төмөнкү-Нарын каскады гидростанциялардын берүү кубаттуулугун ишенимдүү камсыздоого, электр энергияны сатуу рыногун кеңейтүү жана кошуна мамлекеттердин энергосистема тармактарынан транзит үчүн төлөмдөрдөн күтүлүүгө мүмкүндүк берген менчик энергетикалык шакекчени түзүү боюнча долбоорун ишке ашыруу боюнча:

- "Айгүлташ-Самат" 110 кВ ЭПЛнин курулушу аяктады;

- "Датка" 500 кВ ПС жана республиканын түштүгүндө 220 кВ ЭПЛнин курулушу улантылып жатат;

- 500 кВ "Датка-Кемин" жана 500 кВ "Кемин" ПС электр өткөрүүчү линиясынын курулушу" долбоорунун ишке ашыруу башталды;

- ГЭСтин ишин 30-40 жылга узартууга мүмкүндүк берген "Токтогул ГЭСинин реабилитациялоо" долбоорун ишке ашыруу башталды;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялар каскадын жана Камбарата ГЭС-1 куруу жана пайдалануу жөнүндө келишимге кол коюлду;

- "Кыргызстан УЭС" ААКсынын ачык айкындуулугун жогорулатуу жана электр энергиядан жоготуусун азайтуу максатында "Энергетика секторун өнүктүрүү" долбоору ишке ашырылып, маалыматты эсептөөгө жана чогултууну автоматташтырууга мүмкүнчүлүк берген АСКУЭ жана SCADA системалары киргизилип жатат;

- Бишкек жана Ош шаарларын электр менен камсыз кылуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу программасына, ошондой эле техникалык жоготууларды азайтууга ылайык төмөнкүлөр аткарылды: 110 кВ 4 подстанцияларында экинчи кезектердин курулуштары аякталды (Бишкек шаарында Парковая, Арча-Бешик, Мамбетов жана Ош шаарында Төлөйкан), 220 жана 110 кВ 9 подстанцияда 11 трансформатор алмаштырылган (Бишкек шаарында Ала-Арча, Аламүдүн, Каражыгач, Тепличная, Молодогвардейская, Ош шаарында Узловая, Ош-6, Беш-Мойнок, Анар). Натыйжада, кошумча 110 кВ 4 трансформатор ишке киргизилген, 353 МВА трансформатор кубаттуулуктарына, анын ичинде Бишкек шаарында 237 МВА жана Ош шаарында 116 МВА төп келген, 220 жана 110 кВ 12 трансформаторлордун кубаттуулуктары көбөйгөн;

- 2012-жылда Чүй жана Талас облустарында "Түндүкэлектро" ААК 35/6-10 14 ПСда 15 кубаттуулук трансформатор алмаштырылган, анын ичинде Бишкек шаарында 5 трансформатор алмаштырылган, алардын номиналдуу кубаттуулугу 32,3 мВтка көбөйгөн. 66 кошумча ТП 6-10/0,4 кВ трансформатор подстанциялары орнотулган. Алардын ичинде Чүй облусунда - 27, Талас облусунда - 6, Бишкек шаарында - 35. Ошондой эле Бишкек шаарында 9 трансформатордук подстанция курулуш стадиясында, 2 трансформатордук подстанциянын курулушуна кошумча тендер жарыяланган, 1 трансформатордук подстанциянын долбоорлоо-сметалык документтери иштетүү стадиясында;

- Бишкек шаары боюнча 6-10 кВ 41, 9 км кабель линиялары орнотулган, кабелдик линиялар үчүн 3 км казылган траншеялар даярдалган, 3,9 км кабель линиялары жогорку сапаттууларга алмаштырылган;

- Ош шаарында "Ошэлектр" ААКсы тарабынан "Достук" кичи районунда 35/10-6 подстанциясынын курулушу аякталган, "Ош-1" ПС 35/6да кВ 10 МВА кубаттуулугу орнотулган жана ишке киргизилген, ошондой эле "Ош-3" ПС 35/6да 4 МВА кубатындагы Т-2 трансформатор 6,3 МВА кубатындагы трансформаторго алмаштырылып ишке киргизилген. 11,244 км жалпы узундуктагы кабелдердин алмаштыруу иштери аткарылган, анын ичинде 7,9 км 6-10 кВ кабелдик линияларда жана 0,4 кВ кабелдик линияларда - 3,317 км;

- "Жалалабадэлектр" ААКсында трансформаторлор эң кубаттуу 35/6-10 кВ 4 ПСде трансформаторлоруна алмаштырылган ("Ажиматов" "Жаңы-Жол", "Промышленная", "Ключевая");

- кайра жаңырган энергия булактарын (КЭБ) өнүктүрүү максатында Меркадос ЕМI (Испания) консорциуму жана "Русгидро" ААКсы (Россия) тарабынан "Кыргыз Республикасында чакан гироэнергетиканы өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу" долбоору боюнча иш жүргүзүлүп жатат. I фазанын чектеринде консорциум тарабынан Кыргыз Республикасында чакан жана орто гидроэлектрстанцияларын өнүктүрүүнүн базистик баалоосу даярдалды, КЭБди колдоо жана аны интеграциялоонун механизмдерин кароо иштери жүргүзүлгөн. II фазанын чегинде 4 чакан ГЭСтер (Орто-Токой - 20 мВт, Ой-Алма- 7,7 мВт, Сокулук - 5 - 1,5 мВт, Төрткүл - 3 мВт) үчүн ТЭТ иштеп чыгарылган, III фазанын чегинде белгиленген 4 чакан ГЭСтердин тендер документтерин иштеп чыгуу жана тендерди өткөрүү каралган;

- "Бишкек жана Ош шаарларын электр менен камсыз кылууну жакшыртуу" долбоорун ишке ашыруу улантылууда;

- жабдуулардын жана тармактардын техникалык абалын мониторинги такай өткөрүлүүдө (бөлүштүрүү электр компанияларында 110 кВ подстанциялардын 6/10 кВ тармактарында авариялык өчүрүүлөрдүн жалпы саны 14%га азайды, анын ичинде "Түндүкэлектр" ААКсында - 13,4%га, "Жалалабадэлектр" ААКсында - 38,2%га, "Ош электр" ААКсында - 10%га, бир гана "Чыгышэлектро" ААКсында 1,6%га көбөйдү);

- тармактарды жана калкты күз-кыш мезгилине даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-апрелиндеги № 257 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча чаралар жөнүндө", 2012-жылдын 18-октябрындагы № 725 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2012/2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы жөнүндө" токтомдору кабыл алынган.

2011-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эл аралык финансылык институттар менен активдүү кызматташтыгынын аркасында энергетика тармагына 809,58 млн. АКШ долл. каражаты тартылган.

(3) Кен казуу өнөр жайында 2012-жылы 6,9 млрд. сомго продукция өндүрүлүп, 2011-жылга салыштырганда 22,5%га өстү, анын ичинде отун-энергетикалык кендерди казып алуу - 8,8%га өстү жана башка кендерди казып алуу - 1,7 эсеге өстү. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн көбөйүшү базальтты 3,3 эсеге, көмүрдү, лигнитти - 32,1%га, жаратылыш газын - 7,1%га, жаратылыш кумдарын - 14,7%га, эстеликтер же курулуш үчүн граниттин, кумду жана колдонулган таштарды - 1,6 эсеге казып алуулардын өскөндүгү менен белгиленет.

Кен казууда негизги көйгөйлүү маселелер: инженердик жана техникалык кесипкөй кызматкерлердин, жумушчулардын жетишсиздиги, инвестициялардын жоктугу, запастардын азайышы, жабдуулардын эскириши, иштетилген жана изилденген кендерде, жумуш аянттарында жергиликтүү калктын тирешүүсү болуп эсептелет.

Тоо кен өнөр жайын өнүктүрүү максатында мамлекеттин, жергиликтүү калктын жана кен казуусун пайдалануучулардын кызыкчылыктарын оптималдуу балансын эске алуучу, Кыргыз Республикасынын тоо кен тармагын реформалоо жана стабилдүү өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган мыйзам долбоорлорунун пакеттери иштелип чыккан жана кабыл алынган (2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 2012-жылдын 9-августундагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 2012-жылдын 9-августундагы № 159 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 2012-жылдын 9-августундагы № 162 "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы).

Кабыл алынган мыйзамдарда төмөнкү ченемдер камтылган:

- жергиликтүү калк менен жер казынасын пайдалануучулар ортосунда чыр-чатактын деңгээлин төмөндөтүү максатында, кендерди иштеткенде жер казынасын пайдалануучулар үчүн жергиликтүү калкты иш орундары менен камсыз кылуу, жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү боюнча социалдык жоопкерчилигин караштырган социалдык пакет киргизилген;

- "унчукпоо макулдуктун белгиси" ченемин киргизүү аркылуу жыл сайын бериле турган отчетко бюрократиялык жол-жоболордун тийгизген деңгээлин азайтуу;

- Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү аркылуу жер казынасын пайдалануучулар үчүн жер участокторун берүүнүн укуктук режимин жөнөкөйлөтүү;

- жер казынасын пайдалануучуларды кен чыккан жерди натыйжалуу жана тез иштетүү үчүн кызыктыруу максатында, кен чыккан жерде кендерди тез ара мөөнөттө ишке киргизүү үчүн, кен чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана кенди иштетүү лицензияларын кармагандыгы үчүн прогрессивдүү салык төлөмү киргизилген;

- алтындын дүйнөлүк баасынын улам алмашып туруусун жана жөнөкөй башкарууну эске алуу менен кыйла адилеттүү жаңы киреше (иштеп чыгаруу үчүн) салыгы киргизилген.

1.2.3. Курулуш комплекси

2012-жылдын жыйынтыгы боюнча каржылоонун бардык булактарынын эсебинен негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 62,5 млрд. сомду түздү жана 21,5%га өстү. Өсүшү тоо кен казуу өнөр жай обьекттерин куруу - 1,6 эсе, иштетүү өнөр жай - 3 эсе, электр энергиясын, газ менен сууну өндүрүү жана бөлүштүрүү - 2,7 эсе, соода, автомобилдерди, турмуш-тиричилик буюмдарды жана жеке колдонулуучу нерселерди оңдоо - 1,9 эсе, финансы иши - 5,6 эсе, кыймылсыз мүлк операциялары, ижара жана керектөөчүлөргө тейлөөлөрдү көрсөтүү - 3,3 эсе, билим берүү - 1,3 эсе, коммуналдык, социалдык жана жеке тейлөөлөрдү көрсөтүү - 1,4 эсе көбөйткөндүгүнүн эсебинен камсыздалды.

Ошону менен бирге эле 2012-жылы мейманканалар жана ресторандардын курулуштарында, транспорт жана байланыш обьекттеринде жана турак-жай курулушунда инвестициялардын төмөндөшү байкалды, жалпы көлөмдөгү алардын үлүшү 22%га чейин кыскарды. Мында байланыш обьекттеринде өздөштүрүлгөн инвестиция 66,6%, транспорттогу 20,1% жана турак-жай курулушунда 12,1%га төмөндөдү.

 

 

7-таблица

Курулуш дүң продукциясынын жана негизги капиталга инвестициянын жалпы көлөмү

 

Көрсөткүчтөр

2012- жылы алдын ала иш жүзүндө

2011-жылы иш жүзүндө

Иш жүзүнөн четтөө (+,-)

2012-жылы
күтүлүүдө

Күтүлүүдөн четтөө (+,-)

Курулуштун дүң продукциясы, млн. сом

54625,0

44616,3

10008,7

54265,5

359,5

Өсүш темпи, %

117,3

102,5

14,8

119,3

-2,0

Негизги капиталга инвестициялар, млн. сом

62625,0

49369,2

13255,8

60871,7

1753,3

Өсүш темпи, %

121,5

96,9

24,6

118,1

3,4

Ички инвестициялар, млн. сом

42192,7

36422,3

5770,4

43645,0

-1452,3

Тышкы инвестициялар, млн. сом

20432,3

12946,9

7485,4

17226,7

3205,6

2012-жылы 25196,1 млн. сом суммасындагы негизги фонддор колдонууга берилген, мында өздөштүрүлгөн инвестициялардын бир сомуна негизги фонддун 2011-жылдагы 0,9 сомуна каршы 0,4 сом туура келди.

Ички инвестициялык каражаттардын суммалык үлүшү өздөштүрүлгөн капиталдык салымдын жалпы суммасынын 67,4%ын (өнүгүүгө кошкон салымы 8,12 пайыздык пункт) жана тышкы инвестициянын - 32,6%ын түздү (салымы - 13,37 пайыздык пункт).

2011-жылга салыштырганда негизги капиталдагы ички инвестициянын көлөмү 11,0%га көбөйдү, анын ичинен ишканалардын жана уюмдардын каражаттары - 20,2%га, калктын каражаттары - 16,4%га. Ошону менен бирге, республикалык бюджеттен инвестициялар 31,6%га, жергиликтүү бюджеттин каражаты - 12,9%га жана банктын насыялары - 6,6%га төмөндөдү.

Тышкы булактардан негизги капиталдагы инвестициянын көлөмү 1,5 эсе көбөйдү, анын ичинен чет өлкөлүк түз инвестициялар 1,9 эсеге, чет өлкөлүк насыялар боюнча инвестициялар 42,0%га жана чет өлкөлүк гранттар, гуманитардык жардамдар 29,2%га өстү.

Отчеттук мезгилде "Талас-Тараз-Суусамыр", "Ош-Эркечтам", "Ош-Исфана", "Бишкек-Нарын-Торугарт", "Түштүк транспорт коридору" автоунаа жолдорун куруу жана реконструкциялоо, "Аймактык жол коридорун жакшыртуу" долбоору боюнча жолдорду реабилитациялоо иштери жүзөгө ашырылды.

Региондук бөлүктө 2012-жылы капиталдык салымдын көлөмү Жалал-Абад облусунда 2,1 эсеге көбөйдү (инвестициянын өсүшүнө салымы 10,30 проценттик пунктту түздү), Нарын облусунда - 1,7 эсеге (салымы - 2,09 проценттик пункт), Ысык-Көл облусунда - 1,6 эсеге (салымы - 12,52 проценттик пункт) жана Чүй облусунда 32,7%га (салымы - 4,59 проценттик пункт) көбөйдү.

2012-жылы жалпы аянты 824,8 миң чарчы метр болгон 8539 батир колдонууга берилген, же 2011-жылдын деңгээлине карата 95,3%. Турак үйлөрдү 2012-жылы (баалоо боюнча) негизги капиталга инвестициянын 12676,9 млн. сом жумшалды, бул 2011-жылдын деңгээлине салыштырмалуу 11,9%га аз.

Турак үйлөрдү куруу жана пайдаланууга берүү негизинен, калктын каражатынын эсебинен ишке ашырылды (жалпы киргизүүдөн 87%).

2012-жылы курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 54,6 млрд. сомду түзгөн же 2011-жылга салыштырганда 17,3%га көбөйгөн, бирок божомолдогон көрсөткүчкө 2,0 пайыздык пунктка жетпей калды.

Региондук бөлүктө негизги курулуштун өндүрүшүнүн үлүшү Бишкек шаарына туура келет - курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмүнүн - 27,9%, реалдуу өсүш 101,2%ды түздү, Ысык-Көл облусу - 19,6% (өсүү темпи 365,1%), Чүй облусу - 15,7% (өсүү темпи 107,7%), Жалал-Абад облусу - 12,7% (өсүү темпи 143,3%).

Ошондой эле 167,7% деңгээлде бир кыйла өсүү темпи Нарын облусунда байкалууда, анын курулуштун жалпы көлөмүнүн дүң продукциясындагы үлүшү 5,0% болду.

Өсүү темпинин азайышы Баткен, Ош жана Талас облустарында жана Ош шаарында белгиленди, алардагы өсүү темпинин деңгээли 2011-жылга салыштырганда иретине жараша 91,3%, 77,1%, 80,2%, 57,5% түздү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук академиясынын сейсмология институту иштеп чыккан сейсмологиялык райондоштуруунун жаңы картасын киргизүүгө байланыштуу, 2012-жылдын 15-апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын аймагында Курулуштун нормалары жана эрежелери 20-02:2009 "Сейсмологиялык туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери" ченемдик документине № 1 Өзгөртүү бекитилген жана ишке киргизилген. Бул өзгөртүүлөр менен 1996-жылдагы карта 2011-жылдагы картага менен алмаштырылды.

1.2.4. Кызмат көрсөтүү чөйрөсү

2012-жылы кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн дүң чыгаруусунун көлөмү 258,4 млрд. сом көлөмүндө болуп, реалдуу өсүштүн темпи 106,1%ды түздү. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өсүшү соода тарабынан камсыздалган, мында өсүш 10,1%ды түздү (салымы 3,1 пайыздык пункт), ошондой эле, мейманкана жана ресторандык кызмат көрсөтүүдө - 11,9%ды (салымы 0,55 пайыздык пункт), транспорт жана байланышта - 8,8%ды (салымы 1,9 пайыздык пункт) түздү.

Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү реалдуу өсүштүн темпи бул мезгилде күтүлгөн деңгээлге 0,4 пайыз пунктунда жетишилген жок, бул транспорт жана финансы иши чөйрөсүндөгү өсүш темпинин солгундоосу менен шартталган.

 

 

8-таблица

2011-2012-жылдардын январы-декабрындагы кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн дүң өндүрүшүнүн негизги көрсөткүчтөрү

 

Көрсөткүчтөр

2011-жылдын январь-декабры

2012-жылдын январь-декабры

2012-жылдын январь-декабры

Январь-декабрь четтөөлөр (+,-)

иш жүзүндө

алдын ала иш жүзүндө

күтүү

2011-жылдан

2012-жылдан күтүү

Кызмат көрсөтүү чөйрөсү:

 

 

 

 

 

- млн. сом

232390,7

258397,8

261582,2

26007,1

-3184,4

- өсүш темпи, %

108,7

106,1

106,5

-2,6

-0,4

Соода, автомобилдери, тиричилик буюмдарын оңдоо:

 

 

 

 

 

- млн. сом

72436,5

81827,3

82446,5

9390,8

-619,2

- өсүш темпи, %

110,1

110,1

107,9

0

2,2

Транспорт:

 

 

 

 

 

- млн. сом

29583,7

34095,7

36425,6

4512

-2329,9

- өсүш темпи, %

117,2

108,6

114,4

-8,6

-5,8

Байланыш:

 

 

 

 

 

- млн. сом

19441,3

21336,0

21308,6

1894,7

27,4

- өсүш темпи, %

110,8

109,2

105,6

-1,6

3,6

Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн түзүмүндө рыноктук кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 74,4%ды түзөт, мында 2012-жылда дүң чыгаруунун реалдуу өсүү темпи 7,2% менен 192,2 млрд. сомду түздү, ал эми рыноктук эмес кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 25,6%ды түзүп, мында реалдуу өсүшү 3,0%га көбөйдү.

2012-жылы соода жүргүзүү, автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жеке колдонуу предметтерин оңдоонун көлөмү 286,5 млрд. сомду, реалдуу өсүш темпи 2011-жылга салыштырганда 111,1%ды түздү. Үлүшү 86,6%дан ашкан чекене жана дүң соода 8,0 пайыздык пунктта кумулятивдик салымды сооданы жүгүртүүнүн өсүшүнө кошту. Сооданы жүгүртүүгө айрыкча көп салымды мотор отунун чекене соодалоо кошту. Мунай продуктыларына суроо-талаптын жогору болуусунун негизинде мотор отуну соодасы 24,4%га өстү.

Ошондой эле сооданы жүгүртүүнүн өсүшүнө курулуш-подряддык жумуштардын көлөмүнүн 16%га көбөйүшүнүн негизинде курулуш материалдарын (жыгачтан жасалган материалдары, цемент, айнек, курулуш кирпичи) сатуунун өсүшү таасир тийгизди.

Региондор боюнча алганда, сооданын өсүшүнө негизги салымды Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустары жана Бишкек шаары кошту, алардын кумулятивдик салымы 9,0 пайыздык пунктта бааланууда. Баткен (83,8%) облусунан бөлөк, бардык облустарда 2011-жылга салыштырганда чекене соода жүргүзүүнүн көлөмүнүн өсүшүнүн оң темпи байкалууда.

2012-жылда транспорт жана байланыш кызматынын кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө салымы 1,9 пайыздык пунктту түздү. Транспорт кызматынын дүң чыгарылышы 34,1 млрд. сом көлөмүндө болду, реалдуу өсүштүн темпи 108,6%ды түздү.

Өткөн мезгилде жүргүнчүлөрдү ташуунун реалдуу өсүшүнүн темпи 108,1%түздү.

Жүк ташуу 2011-жылга салыштырганда 1,1 пайыздык пунктка өстү. Мында жүк ташуунун өсүшү транспорттун бардык түрлөрү боюнча байкалды: темир жолу боюнча жүк ташуу 15,6%га өстү.

2012-жылы автомобиль жолдорун оңдоого жана күтүүгө 1634,1 млн. сом каржыланган, анын ичинде мамлекеттик капиталдык салымдарынын суммасы - 181,3 млн. сом. Бул 2011-жылга караганда 7,5%га көп (1519,2 млн. сом).

2012-жылы жол уюмдары тарабынан аткарган иштердин көлөмү 1865,2 млн. сомду түздү, 2011-жылга салыштырмалуу 134,7%га көп.

2012-жылы 375,8 км жол оңдолуп түзөлдү. Анын ичинде, 136,5 км асфальт бетон төшөлгөн, бул болсо, 2011-жылдын көрсөткүчүнүн 179,0% түздү, 119 км узундукта быдыр бетон менен жабуу жүргүзүлгөн, 128,9 км шагыл төшөлүп, 2 км кара шагыл төшөлдү жана жалпы узундугу 84 п/метр 5 көпүрө курулду. 251,2 миң кв.м аянтында 219,1 млн. сомдук же 2011-жылга карата 116,2% чуңкурларды оңдоп-түзөөлөр жүргүзүлдү.

Болуп өткөн табигый кырсыктардын натыйжасында жалпы узундугу 134,7 км автожолдор талкаланууга дуушар болду, жалпы узундуту 255 м 9 көпүрө жана ар түрдүү диаметрдеги жалпы узундугу 351 м болгон 27 суу өткөргүч түтүктөр талкаланган.

Кырсык келтирген жалпы зыян 204,8 млн. сомду түздү, анын 88,1 млн. сому жол уюмдарынын күчү менен калыбына келтирилген.

Отчеттук мезгилде чет элдик инвестициялардын эсебинен автожолдорду реабилитациялоо долбоорунун ишке ашыруу улантылды. Толук масштабдуу реабилитациялык жумуштар жүргүзүлүп жаткан 7 долбоордун ичинен 6 долбоордо жумуштардын негизги көлөмү бүткөрүлдү. Анын аркасында Ош-Сарыташ-Эркечтам автожолу боюнча бүткүл 258 км узундуктагы түз өтүү камсыз кылынды. Ошондой эле 136 км Сарыташ-Карамык автожолундагы кыймыл ачылды. Ош-Баткен-Исфана автожолу боюнча Сох анклавын айланып өткөн, узундугу 92 км Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен айланма жолунун курулуп бүтүшү тоскоолдуктарсыз кыймылды камсыздады.

2012-жылдын ноябрында эки долбоор боюнча жумуштардын негизги көлөмдөрү бүттү: Дүйнөлүк банктан 25 млн. АКШ доллары суммасында каржыланган 123-155 км чейинки участок жана Ош-Баткен-Исфана автожолунун 155-220 км чейинки участогу, ага ЕРРБ 35 млн. АКШ долларынын көлөмүндө зайымдык каражат бөлгөн. Кытай Эл Республикасынын "Синьцзян-Бейсин Роуд энд Бридж Констракшн Лтд" компаниясы Генералдык подрядчик болду.

Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 9-272 км участогунда жумуш улантылды, аткарылган жумуштардын көлөмү 153,4 млн. АКШ долларын же контракттык баанын 77,5%ын түздү.

103-148 км участокто (II фаза, Боом капчыгайы) жер жумуштары, жер полотносун түзүү улантылды, ИССО жана таяныч дубалдарын куруу боюнча бетон жумуштары аякталды. 33 км узундуктагы жол бөлүгүнүн бардык кеңдиги боюнча эки катмарлуу асфальт бетон төшөө жумуштары бүттү. Аткарылган жумуштардын көлөмү 48,3 млн. АКШ долларын же 64,1%ын түздү.

2012-жылдын сентябрында Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) 20 млн. АКШ доллары өлчөмүндө грант ишке ашырылган, Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 400-239 кмда (БНТ-1 долбоору) реабилитациялоо жумуштары толугу менен бүткөрүлдү. Ушул долбоор боюнча үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен Ат-Башы айылына баруучу 4,2 км жол капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Ошондой эле "Транспорт коридору - 1 БАРЭК" экинчи долбоору боюнча, 365-400 км жана 439-479 км боюнча жумуштар улантылды.

2012-жылы Бишкек-Торугарт жолун реабилитациялоонун үчүнчү долбоору боюнча, 479-539 км, участоктун узундугу 60 км, 55 млн. АКШ доллары суммасында АӨБ менен болгон Насыялык макулдашууну ратификациядан өткөрүү боюнча жол-жоболор жүргүзүлдү. Консультант жана жалдануучу менен Контрактка кол коюлду. Курулуш жумуштары 2013-жылы башталат.

"Тараз-Талас-Суусамыр" автожолун реабилитациялоонун III фазасынын алкагында, 75-105 км участогу боюнча Кувейтте 2012-жылдын 10-14-мартында АКГнын мүчөлөрү менен жогоруда көрсөтүлгөн долбоорду биргелешип каржылоого АӨБ (10 млн. АКШ доллары) жана Сауд Өнүгүү фонду (10 млн. АКШ доллары) тарабынан келишимге жетишилди. Долбоордун жалпы наркы - 22,1 млн. АКШ доллары (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биргелешип каржылоо үлүшү - 2,075 млн. АКШ доллары).

Азыркы учурда республика боюнча 1807 конуштар бар, алардын 1616 конушу 89,5%ы автобустук каттамдар менен тейленет. Бир жылдын ичинде бардыгы 9 автобустук каттам кайрадан ачылды жана 15и калыбына келтирилди.

2012-жылы Кыргыз темир жолу аркылуу жүк ташуу 923,1 млн. т/км, же 2011-жылга карата 115,6%ды түздү. Жүргүнчүлөрдү ташуу 75,8 млн. жүргүнчү/км түздү, же 2011-жылга салыштырганда 91,5%.

2012-жылдын ичинде кыргыз авикомпаниялары тарабынан 830677 жүргүнчү ташылды, анын ичинде, эл аралык рейстер боюнча - 590991 жана ички рейстер менен - 239686, бул өткөн жылга салыштырганда 14,68%га көп.

Бишкек-Баткен, Бишкек-Жалал-Абад, Бишкек-Исфана ички аба линиялары боюнча туруктуу каттамдар кайра жаңыртылды.

Бишкек-Кожент, Бишкек-Сеул, Бишкек-Сургут, Бишкек-Иркутск, Ош-Сургут жаңы эл аралык каттамдар ачылды.

Краснодар-Бишкек, Бишкек-Омск, Ош-Стамбул каттамдары чет өлкөлүк компаниялар тарабынан ачылды.

Почта ташуунун көлөмү боюнча 25,8%га өсүш байкалууда, ал эми жүк ташуулар боюнча 2011-жылга салыштырганда 41,8%га төмөндөө байкалды.

29 млн. АКШ доллары өлчөмүндө АКШнын Өкмөтү бөлгөн гранттык каражаттардын эсебинен аэронавигациялык жабдууларды модернизациялоо программасынын алкагында "Манас" эл аралык аэропортунун аймагында 7 кабат мунаранын курулушу аякталды.

2012-жылы байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн өсүү темпи ошондой мезгилге салыштырганда 9,2%га көбөйдү жана 21,3 млрд. сомду түздү.

Уюлдук байланыштын абоненттеринин саны 6324,7 миңге жетти жана Кыргызстандын бардык калкына карата камтуу 13,9%га өстү. Бул бүгүнкү күндө республиканын калкы бир эле учурда 2-3 уюлдук байланыш операторунун кызматын пайдалана алат дегенди түшүндүрөт. Уюлдук абоненттердин суммалык саны азыр эле белгиленген тармактардын абоненттик базасынан 12,8 эсеге (493 миң абонент) ашты. Интернет-кызматтарын колдонуучулардын саны 3204,4 миң абонентти түздү.

Ысык-Көл облусунда байланыштын була-оптикалык линияларынын узундугу 102 км (мындан ары - ББОЛ) курулушу аякталды, Талас облусунда 97 км, Бишкек-Ош-Баткен - 235 км ББОЛ магистралын уюштуруу боюнча, 2012-жылы жалпы узундугу 375 км Кара-Балта - Жалал-Абад ББОЛ курулушу аякталды.

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында DVВ-Т стандартындагы санариптик берүүлөрдү жайылтуу долбоору ишке ашты. Санариптик берүүлөр менен Ош облусунун калкынын 67%ы, Жалал-Абад облусунун калкынын 35%ы, Баткен облусунун калкынын 95,7%ы жана Чүй облусунун калкынын 64%ы, Бишкек шаарынын калкынын 98%ы камтылды (тест режиминде).

Программалык камсыздоо рыногун жана маалымат технологиялар индустриясын өнүктүрүү, жаңы жумушчу орундарын жана мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүгө жакшы чөйрөнү түзүү максатында Кыргыз Республикасында Жогорку технологиялар паркын (мындан ары - ЖТП) түзүү боюнча жумуштар аткарылды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркын түзүү жөнүндө" токтому менен ЖТПнын Байкоочу кеңеши жөнүндө Жобо; ЖТП резиденттерин каттоо тартиби жөнүндө Жобо жана ЖТП Дирекциясынын Уставы бекитилди. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 3-декабрындагы № 888 буйругу менен КР ЖТПнын Байкоочу кеңешинин курамы бекитилди.

2012-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгында "Кыргызтелеком" ААКсынын байланыш объектилеринде капиталдык салымдар 129,5 млн. сом көлөмүндө өздөштүрүлдү, анын ичинде өздүк каражаттардын эсебинен - 126,2 млн сом, калктын каражаттарынын эсебинен - 3,2 млн. сом.

2012-жылы аткарылган "Кыргызпочтасы" көрсөткөн кызматтардан 466,3 млн. сом план белгиленсе, 499 млн. сом суммасында киреше түшкөн. Негизинен кирешелердин өсүшү кызматтардын жаңы түрлөрүн жана алар боюнча технологияларды жайылтуунун эсебинен камсыздалды.

Мейманкана менен ресторандардын дүң кызмат көрсөтүүлөрү 12,1 млрд. сом көлөмүндө түзүлдү, реалдуу өсүш темпи 111,9% түздү.

Туризм. Алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген туристтердин саны 2012-жылдын январь-декабрь айларында 368,7 миң адамга көбөйгөн(11) жана 3393,2 миң адамды түзгөн (2011-жылы - 3024,5 миң адам). Туристтик иш чөйрөсүндөгү дүң кошумча нарк 2012-жылы(12) 14267,9 млн. сомду (2011-жыл - 12877,2 млн. сом болгон) жана 10,8%ды түзгөн. Туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту 677,7 млн АКШ долларды түздү, 2011-жылга салыштырганда 46,4 млн. АКШ долларына көп.

Инвестициялык жана туристтик жагымдуулукту жогорулатуу максатында "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, анда 44 мамлекеттин жарандары үчүн визасыз режим киргизилген.

Алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн жарандарынын келүүсүнүн санынын өсүшүнө Кыргызстанда учурдагы жылда 14 жаңы авиа каттамды ачуу да көмөк берди.

 

1.3. Мамлекеттик бюджеттин аткарылышы

 

1.3.1. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы

2012-жылдын январь-декабрында мамлекеттик бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 86768,4 млн. сомду же белгиленген пландуу милдеттин 96,8%ын түзгөн. Отчеттук мезгилде мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешесинин үлүшү ИДПга карата 28,5%ды түздү. Өткөн жылдын көрсөткүчү менен салыштырганда бюджеттин жалпы кирешелери, негизинен салыктык кирешелердин өсүшүнө байланыштуу 12,1%га же 9344,1 млн. сомго өстү.

МИП гранттарын жана атайын каражаттарды эсепке албаганда жалпы кирешелердин планы 98,1%га аткарылды. Өткөн жылдын деңгээли менен салыштырганда МИП гранттарын жана атайын каражаттарды кошпогондо жалпы кирешелердин көлөмү 8687,1 млн. сомго же 12,9%га көбөйдү.

 

 

9-таблица

2011-2012 жылдардын январь-декабрында мамлекеттик бюджеттин кирешеси (млн. сом)

 

2011-жылдын январы-декабры иш жүзүндө

2012-жылдын январы-декабры алдын ала

Иш жүзүндө четтөө (+/-)

77424,3

86768,4

9344,1

Отчеттук мезгилдеги салыктык кирешелердин көлөмү 63911,4 млн. сомду же пландын 96,6%ын түздү. Өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу салыктык кирешелер 10894,0 млн. сомго же 20,5%га өстү. Бул өсүш салыктык да, бажылык да органдар тарабынан камсыз кылынды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 33832,2 млн. сом суммада салыктар жана төлөмдөр чогултулган, пландуу көрсөткүч 97,4%га аткарылган, өткөн жылга салыштырганда өсүш арымы 115,3% түздү. "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖЧКсын эсепке албаганда салыктык кирешелер 29288,3 млн. сомду түздү же планга карата 97%. Мурдагы жыл менен салыштырмалуу МСКнын салыктык кирешелери Кум-Төр кенин иштеткен ишканалардан түшүүлөрсүз 25,8%га өстү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан мамлекеттик бюджетке 30079,2 млн. сом суммада бажы жыйымдары менен төлөмдөрүнүн түшүүсү камсыздалды же пландын 95,7%ын түздү. Өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу бажылык төлөмдөрдүн жана салыктардын түшүүлөрү 27,1%га же 6404,4 млн. сомго өстү, бул негизинен импорттун көлөмүнүн өсүшү менен шартталган.

 

 

10-таблица

Мамлекеттик бюджеттин киреше түзүмү (млн. сом)

 

 

2011-жылдын январы-декабрь иш жүзүндө (млн. сом)

2012-жылдын январы-декабрь алдын ала (млн. сом)

Өсүү темпи, (%)

2012-жылдын январы-декабрь план (млн. сом)

Аткаруу пайызы (%)

Салыктык келип түшүүлөр

53017,4

63911,4

120,5

66178,6

96,6

анын ичинде:

 

 

 

 

 

МСК

29342,6

33832,2

115,3

34748,6

97,4

МБК

23674,8

30079,2

127,1

31430,0

95,7

Салыктык эмес келип түшүүлөр

15654,6

17248,7

110,2

17300,5

99,7

Алынган расмий трансферттер

8752,3

5608,3

64,1

6148,4

91,2

Бардыгы

77424,3

86768,4

112,1

89627,5

96,8

Мамлекеттик бюджетин салыктык эмес түшүүлөрү каралып жаткан мезгил үчүн 17248,7 млн. сомду же пландын 99,7%ын түздү. Мурдагы жыл менен салыштырмалуу жыйымдар 10,2%га өстү. Түшүүлөрдүн өсүшү негизинен берилген ссудалар жана насыялар боюнча пайыздардын түшүүсүнүн көбөйүшү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана мамлекеттик ишканалардын пайдасынын, акылуу кызмат көрсөтүүлөрдөн жана башка салыктык эмес кирешелерден түшүүлөрдүн көбөйүшүнө байланыштуу болду.

Расмий гранттардын түшүүсү негизинен МИП гранттарынын толук түшпөй калуусуна байланыштуу, бюджетке 540,1 млн. сом түшпөгөндүктөн пландын 91,7%ды же пландын 540, млн. сомго жетпей калуусу менен 5608,3 млн. сомду түздү. Өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу гранттардын түшүүсү 3144,0 млн. сомго төмөндөдү, бул негизинен программалык гранттардын түшүүсүнүн төмөндөшү менен шартталган.

Маалымат үчүн:

- 2012-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Турция Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Гранттык келишимге кол коюлду, 6 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү гранттык каражаттар жана 100 млн. АКШ доллары насыялык негизде тартылды;

- 2012-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда Инвестициялык климатын жакшыртуу программасы боюнча гранттык макулдашууга кол коюлду, 20 млн. АКШ доллары суммасындагы гранттык каражаттар тартылды;

- 2012-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда 25 млн. АКШ доллары суммасында Гранттык каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө гранттык макулдашууга кол коюлду;

- 2012-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Европа Бирлигинин ортосунда "Кыргызстан 2011. Социалдык сектор, сектордук саясатты колдоо программасы" боюнча финансылык келишимге кол колду. Натыйжада Европа Бирлиги 12,25 млн. евро грант түрүндө бөлүп берет. 2012-жылдын 20-декабрында 2,25 млн. евро көлөмүндө биринчи транш түштү.

1.3.2. Бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн милдеттерин аткаруу "2012-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылды. Мамлекеттик чыгашалардын ачык-айкындыгын жогорулатуу максатында 2012-2014-жылдарда Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик сатып алууну өндүрүү стратегиясы иштелип чыгып, 2012-жылдын 27-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 661 токтому менен бекитилди, анын максаты электрондук мамлекеттик сатып алуу системасын киргизүү жана ошондой эле мамлекеттик сатып алуу боюнча ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү болуп саналат.

2012-жылдын январь-декабрында республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү (атайын каражаттарсыз жана мамлекеттик карызды эсепке алуу менен) 81960,5 млн. сом суммасында же план 96,9%га аткарылды. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде республикалык бюджетти (атайын каражаттарсыз) аткаруу 75305,6 млн. сомду түзгөн. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпы чыгашалар 6654,9 млн. сомго, же 8,8%га көбөйдү. ИДПнын көлөмүнө карата республикалык бюджеттин жалпы чыгымдары 26,9% түзгөн.

2012-жылдын январь-декабрында республикалык бюджеттин корголгон беренелери боюнча 58714,3 млн. сом каржыланган, же 59588,7 млн. сом суммасында пландын 98,5% аткарылган. 2011-жылдын окшош көрсөткүчтөрү менен салыштырмалуу каржылоо 15,5%га же 7883,6 млн. сомго көбөйгөн.

 

 

11-таблица

2011-2012-жылдардын январы-декабрында республикалык бюджеттин чыгашалары (млн. сом)

 

Беренелердин аталышы

2011-жылдын январь-декабрь иш жүзүндө

2012-жылдын январь-декабрь план

2012-жылдын январь-декабрь иш жүзүндө

Аткаруу пайызы %

Четтөө (+/-)

Бардыгы

75305,6

84541,1

81960,5

96,9

-2580,6

Эмгек акы

12429,0

14583,1

14381,9

98,6

-201,2

Социалдык фондго төгүмдөр

1313,1

1637,1

1593,9

97,4

-43,2

Медикаменттерди сатып алуу

425,4

406,0

402,4

99,1

-3,6

Эл аралык уюмдардын күндөлүк гранттары

199,8

348,6

160,3

46,0

-188,3

Мамлекеттик башкаруунун башка бирдиктерине берилген күндөлүк гранттар

13286,3

14388,9

14333,6

99,6

-55,3

Социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдар

8021,6

11081,6

10961,5

98,9

-120,1

Калкка социалдык жардам берүү боюнча жөлөк пулдар

5574,5

5413,7

5325,4

98,4

-88,3

Корголгон беренелер боюнча бардыгы

50830,7

59588,7

58714,3

98,5

-874,4

Финансылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар

1343,5

1175,3

1175,3

100,0

0,0

Корголбогон беренелер боюнча бардыгы

7890,8

8316,4

7668,3

92,2

-648,1

Имараттар жана курулмалар

6344,5

5285,0

4933,2

93,3

-351,8

Насыялар, ссудалар жана зайымдар

1467,9

2210,7

1541,1

69,7

-669,6

Акциялардан тышкары баалуу кагаздар

4695,9

6634,2

6634,0

100,0

-0,2

Тышкы зайымдар

1973,4

1943,2

1907,7

98,2

-35,5

Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин айлык акысынын көлөмдөрү жогорулашына байланыштуу (айлык акынын чыгымы 2011-жылы 12429,0 млн. сом түзүлгөн) республикалык бюджеттин айлык акынын чыгымын каржылоо 2011-жылга салыштырмалуу 1952,9 млн. сомго же 15,7%га көбөйдү.

2012-жылы социалдык чөйрөгө республикалык бюджеттин чыгашаларынын салмагы 45,2%ды түздү, бардыгы 2011-жылга салыштырмалуу 5624,9 млн. сомго көп багытталган (2011-жылдын салмагы 40,1%ды түзгөн).

2012-жылдын январь-декабрь айларында мамлекеттик бюджеттин жалпы тартыштыгы 20232,1 млн. сомду (ИДПга карата 6,6%) түздү.

 

 

12-таблица

Социалдык чөйрөнүн чыгымдары (млн. сом)

 

 

2011-жылдын январь-декабры

2012-жылдын январь-декабры

Үлүшү %

2011-жылы иш жүзүндөгү четтөө (+/-)

Бардыгы:

27527,8

33152,7

45,2

5624,9

социалдык коргоо

14206,4

16865,1

23,0

2658,7

билим берүү

3903,1

4930,7

6,7

1027,6

саламаттыкты сактоо

7713,5

9550,2

13,0

1836,7

эс алуу, маданият жана дин

1704,8

1806,7

2,5

101,9

1.3.3. Мамлекеттик карыз: тышкы жана ички карызды тейлөө

2012-жылы мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруудан (МКВ жана МКО) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине 6973,802 млн. сом көлөмүндө каражат түштү, анын ичинде:

- МКВдерин жайгаштыруусунан - 4388,097 млн. сом анын ичинде:

3-айлык МКВ - 222,414 млн. сом;

6-айлык МКВ - 1176,933 млн. сом;

12-айлык МКВ - 2988,750 млн. сом.

- МКОнун жайгаштыруусунан - 2585,705 млн. сом.

2012-жылдын декабрь айынын аягындагы абал боюнча мамлекеттик карыз 156719,4 млн. сомду, анын ичинде ички карыз - 13006,0 млн. сомду, тышкы карыз - 143713,4 млн. сомду түздү, анын ичинен:

- мамлекеттик карыздын 92%ын мамлекеттик тышкы карызы ээлеп 143,713 млрд. сом көлөмүн түздү;

- мамлекеттик карыздын 8% мамлекеттик тышкы карызы ээлеп 13,006 млрд. сомду түздү.

2012-жылдын аягындагы абал боюнча мамлекеттик тышкы карыздын ИДПга ара катышы 47,2%ды түздү (2011-жылы - 45,6%).

2012-жылдын январь-декабрында карызды тейлөө 11440,6 млн. сомду түздү. Тышкы карыздарды тейлөөгө 3428,7 млн. сом, анын ичинде негизги сумма боюнча - 1907,7 млн. сом жана пайыздар боюнча - 1521,0 млн. сом бөлүнгөн. Ички карыздарды тейлөө 8011,9 млн. сомду, анын ичинде негизги сумма - 6634,0 млн. сомду жана пайыздар боюнча - 1378,0 млн. сомду түздү.

Маалымат үчүн:

- 2012-жылы 792,8 млн. АКШ доллары суммада 14 макулдашууга кол коюлду, анын ичинде: грант - 121,7 млн. АКШ доллары; насыя - 671,12 млн. АКШ доллары.

- 2012-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын алдындагы мурда берилген насыялар боюнча бересени жөнгө салуу боюнча макулдашууга кол коюлду, ага ылайык Кыргыз Республикасынын 188,9 млн. АКШ доллары суммасындагы бересени бир жолку эсептен чыгарылып, Кыргыз Республикасынын 300 млн. АКШ доллары суммадагы бересеси 2016-жылдын 16-мартынан баштап 10 жылдын ичинде тең бөлүктөр менен эсептен чыгарылат, карыздын калдыгына проценттик төлөмдөр кошулуп эсептелбейт жана төлөнбөйт;

- 2012-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы карызды кечүү жөнүндө макулдашуу күчүнө кирип, ага ылайык 49,2 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү карызды эсептен чыгарылган.

 

1.4. Тышкы экономикалык иштер

 

1.4.1. Тышкы экономикалык саясат жана тышкы экономикалык иштер

Тышкы экономикалык саясатты жүргүзүү алкагында Кыргызстандын өнүгүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүүгө, коңшу өлкөлөр менен ынтымактуулук мамилелерин өнүктүрүү, жакшы санаалаш мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө багытталган иш-чаралар ишке ашырылган.

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөр менен кызматташуусун активдештирүү максатында бүгүнкү күндүн талаптарына ылайык эл аралык келишимдик-укуктук базаны түзүү боюнча иш жүргүзүлдү, Кыргыз Республикасынын алыскы жана жакынкы чет өлкөлөр менен кызматташуу, интеграциялык кызматташуу чөйрөсүндө республиканын ченемдик укуктук базасын өнүктүрүү, соода-экономикалык кызыкчылыктарды алга жылдыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын отурумдары өткөрүлдү.

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк жана кыргыз-россия комиссияларынын отурумдары, экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-азербайжан комиссиясынын, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча биргелешкен кыргыз-санкт петербург комиссиясынын, экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-корей комиссиясынын, эки тараптуу мамилелерди комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын, экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-поляк өкмөттөр аралык комиссиясынын, соода-экономика, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын, соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумдары, соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясына караштуу "Кыргызстан - КЭР СУАР" координациялык тобунун 6-отуруму жана соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-швейцария өкмөттөр аралык комиссиясынын 3-отуруму өткөрүлгөн.

2012-жылы Россия Федерациясы менен кызматташтык саясий карым-катнаштардын жогорку арымдуулугу жана соода-экономикалык чөйрөдө өз ара аракеттенүүнү активдештирүү менен мүнөздөлдү, өкмөттөр аралык, парламенттер аралык жана региондук жогорку деңгээлдерде бир катар иш-чаралар ишке ашырылган.

Россия Өкмөтүнүн Кыргызстанга 25 млн. АКШ доллары көлөмүндө каржылык жардамын берүү боюнча, ошондой эле 20 миң тонна азык-түлүк буудайын гуманитардык жардам түрүндө жана 80 миң тонна данын жеңилдеткен шарттарда берүү боюнча чечими олуттуу жардам болду.

2012-жылы КЭРнын Өкмөтүнүн насыяларынын жана гранттарынын эсебинен каржыланган ири социалдык-экономикалык долбоорлор ишке ашырылган, анын ичинде: Ош шаарында турак үйлөрдү, Бишкек жана Ош шаарларында оорукана комплекстерин, Бишкек шаарында кытай тилин окутуу менен орто мектепти куруу жана Бишкек шаарында автомобиль жолдорун реконструкциялоо бар.

2012-жылы кыргыз-кытай мамилелери арымдуу өнүгүп, жогорку деңгээлдерде 30дан ашуун өз ара визиттер өттү, анын ичинен: КР Президенти А.Атамбаевдин КЭРге жасаган расмий визитин жана КЭРдин Мамкеңешинин Премьеринин Вень Цзябаонун Кыргызстанга жасаган расмий визитин бөлүп көрсөтүү зарыл. Визиттердин жыйынтыгында тараптар 40тан ашык эки тараптуу өз ара кызматташтыктын ар кандай чөйрөсүнө тийиштүү документтерге кол коюшту. КЭР Өкмөтүнөн Кыргызстанга 220 млн. юань (35 млн жакын АКШ доллары) өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга грант бөлгөн. Мындан тышкары КЭР Өкмөтү бөлгөн 389,795 млн. АКШ доллары суммасындагы жеңилдетилген насыя "Датка-Кемин" жана "Кемин" подстанциясын куруу долбоорун ишке ашырууну баштоого насыя берген, алар өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо боюнча стратегиялык мааниге ээ болушат. Кытай тарабынан "Ош-Баткен-Исфана" жана "Бишкек-Балыкчы" автомобиль жолдорун реабилитациялоого 135 млн. АКШ долл. суммасында жеңилдетилген насыя бөлүндү. Ошондой эле кытай тарап "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорунун ТЭНди иштеп чыгууга 4 млн. АКШ долларын инвестициялаган.

Өлкөнүн эң ири саясий жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири катары Түркия менен мамилелер эң арымдуу түзүлдү. Кыргызстандын шайланган Президенти катары А.Атамбаевдин 2012-жылдын 12-15-январында Түркияга жасаган биринчи чет өлкөлүк расмий визити муну ырастап турат, визиттин жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелердин жаңы тарыхый этабы тууралуу биргелешкен мааракелик декларацияга кол коюлду. Ошондой эле Түркиянын Президенти А.Гүлдүн, Түркия Парламентинин спикери Ж.Чичектин Кыргызстанга визиттерин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Түркиянын башкаруучу партиясынын съездине катышуусун баса белгилеп кетүү керек. Түрк тараптын 100 млн. АКШ доллары суммасындагы кредитти жана 6,0 млн. АКШ доллары суммасындагы грантты бөлүүсү Кыргызстанга болгон олуттуу колдоо болуп калды.

Көп тараптуу багыттарда КМШ, ЕврАзЭС менен кызматташуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлдү.

Кыргызстандын Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин кызматташтыгынын алкагында КМШнын Эркин соода зонасы тууралуу келишимдин күчүнө кирүүсү үчүн макулдашуу жол-жоболору боюнча иштер жүргүзүлдү, ал Кыргызстан үчүн маанилүү товардык позициялар боюнча алып салуулар маанисине ээ болот. ЕврАзЭСтин алкагында болуп өткөн иш-чаралардын башкы жыйынтыгы ЕврАзЭСти Евразиялык экономикалык союзга өзгөртүп түзүү маселесинин 2015-жылга чейин калтыра туруу болуп калды. Мындан тышкары иш жүзүндө ЕврАзЭСтин жоюлушун белгилеген бир катар документтерге кол коюлду.

2012-жылы эл аралык уюмдар жана БУУнун бөлүмдөрү тарабынан финансылык, техникалык, гуманитардык жана эксперттик жардам көрсөтүүнү тартуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлдү. 2012-жылы БУУнун системасы Кыргызстанда жаңы программалык циклди баштаган, 186,9 млн. АКШ долларындагы индикативдик сумма менен 2012-2016-жылдарга БУУнун бардык долбоорлорун жана программалар системасын Жардам көрсөтүүнүн алкактык негизине (U№DAF) бириктирген.

БУУнун Тынчтыкты түзүү фондунун линиясы боюнча биринчи кезектеги чараларды колдоо үчүн 10 млн. АКШ доллары өлчөмүндө гранттык каражаттары, ошондой эле Fiash Appeal (Кыргызстан боюнча чакырыктар) алкагында өлкөнүн түштүк региондорун калыбына келтирүүгө 133 млн. АКШ доллары берилген.

Кыргыз Республикасынын Рио-де-Жанейродогу "Рио+20" БУУнун саммитине катышуусу республиканын узак мөөнөттүү өнүгүү программасына "жашыл өнүгүү" концепциясын киргизүүнүн зарылдыгына түрткү болуп калды.

БУУнун Адам укугу боюнча кеңешине Кыргыз Республикасынын мүчө болушун ийгиликтүү деп эсептөөгө болот, анын натыйжасында Кыргызстан боюнча терс резолюциялар жыйындардын күн тартибинен алып салынды, ал резолюциялар 2010-жылдагы кайгылуу окуялардан кийин 2 жыл бою коюлуп келе жаткан эле. Бул багытта адам укугун коргоо жана көтөрмөлөө жагындагы эл аралык конвенцияларды аткаруу боюнча улуттук төрт баяндама даярдалды.

2012-жылдын 4-5-декабрында Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШОС) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин (ӨБК) (премьер-министрлердин) кезектеги жыйыны болду. ШОС ӨБК жыйынында өкмөт башчылар Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык, техникалык жана гуманитардык кызматташууларына тиешелүү көптөгөн маселелерди талкуулашты. Жыйындын натыйжасында биргелешкен коммюнике кабыл алынды жана бир топ маанилүү документтерге кол коюлду.

2012-жылы Кыргызстан Ислам Кызматташтык Уюму жана алдыңкы исламдык өлкөлөр менен саясый жана экономикалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө умтулду. 2012-жылдын ноябрь айынын ортосунда Жибутиде Ислам Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин 39-сессиясынын алкагында кыргыз тарап бир топ жолугушууларды өткөрүп, аларда Ислам Кызматташтык Уюму, Уюмдун алдындагы Ислам өнүктүрүү банкы, ИСЕСКО сыяктуу финансылык жана башка институттар менен кызматташтыкты диверсификациялоо маселелери талкууланды.

Кыргызстанга гуманитардык жардам берүү боюнча ишке олуттуу маани берилди. Ош жана Бишкек шш. 4 медициналык мекемеге медициналык жабдуулар, Жалал-Абад облусундагы Октябрь балдар үйүнө гуманитардык жардам алынды. Ош ш. заманбап жабдуулар жана эмерек менен 500 орундуу шаардык оорукананын курулушу аяктап калды, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы поликлиникалар толук реконструкцияланып, жабдуулары жана эмеректери жаңыртылып жатат. Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлигинин линиясы боюнча БУУнун Балдар фондуна (ЮНИСЕФ) Кыргызстандын түштүк облустарындагы элдин аялуу катмарларын колдоо боюнча программага 8 млн. АКШ доллары келди. Ысык-Көл облусунун "Ак-Суу" Балдарды калыбына келтирүү борборуна гуманитардык жардам көрсөтүү маселеси иштелип чыгып, Кызыл Крест Коомунан жалпы суммасы 227 миң еврого жакын гуманитардык жардам берилген. Сауд Аравиясынын Кызыл Жарым Ай коому менен Ошто эки жана Ысык-Көл облусунда бир поликлиниканын курулушун бүткөрүү жана тийиштүү жабдуулар менен жабдуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен Бишкек шаарында бул уюмдун өкүлчүлүгүн ачуу маселеси боюнча натыйжалуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Жүргүзүлгөн иштин натыйжасында ФАОнун Кеңеши офисти ачуу тууралуу чечимди жактырды жана аны 2013-жылы Римде ФАОнун 38-конференциясынын жүрүшүндө бул чечимди юридикалык бекитет. Азыркы учурда тараптар Кыргызстан менен ФАОнун ортосундагы Макулдашуунун долбоорунун үстүндө иштеп жатышат.

1.4.2. Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү

2012-жылы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 7267,7 млн. АКШ долларын түздү жана 2011-жылга салыштырмалуу 11,8%га өстү, анын ичинде экспорт - 1893,8 млн. АКШ долларын түздү (15,5%га кыскарды), импорт - 5373,9 млн. АКШ долларын түздү (26,1%га өстү).

Жалпы тышкы соода жүгүртүүдө импорттун үлүшү 73,9%ды түздү, экспорттуку - 26,1%.

Соода балансынын сальдосу терс болуп түзүлдү жана 3480,1 млн. АКШ доллары көлөмүндө түзүлдү, бул 2011-жылга салыштырмалуу 72,4%га көп. Акыркы жылдары соода балансынын терс сальдосу улам көбүрөөк өсүүдө жана өлкөнүн тышкы соода ишиндеги негизги проблемалардын бири бойдон калууда. Бул импорттун функциялык түзүмүндө дээрлик 45%дан ашыкты инвестициялык жана орто аралык товарлар (машиналар, жабдуулар, чийки заттар, материалдар жана комплекттөөчү буюмдар, нефть продуктулары, газ, көмүр) ээлегенине байланыштуу, алар өндүрүштүк максаттар үчүн зарыл.

2012-жылы Кыргыз Республикасы дүйнөлүк соода коомунун 145 мамлекети менен соода-экономикалык байланыштарын жүргүзгөн.

КМШ өлкөлөрү менен соода жүгүртүү 3774,2 млн. АКШ долларын түзүп, 18,0%га өстү, анын ичинде экспорттун көлөмү 1092,4 млн. АКШ долларын түздү (7,1%га өстү), импорт - 2681,8 млн. АКШ доллар (23,1% өстү).

Алыскы чет өлкөлөр менен соода жүгүртүү 3493,5 млн. АКШ долларын түздү (5,7% өстү), анын ичинде экспорттун көлөмү 801,4 млн. АКШ доллары (34,5%га кыскарды), импорт - 2692,1 млн. АКШ долларын түздү (29,2%га өстү).

Экспорт. 2012-жылы экспорттук берүүлөр 2011-жылга салыштырганда 15,5%га кыскарып, 1893,8 млн. АКШ долларын түздү. Экспорттун кыскарышы алтындын экспорту 1,8 эсе кыскарышына, металлургия өндүрүшүндө продукциянын көлөмүнүн азаюусуна байланыштуу болду. Экспорттун көлөмү, алтынды эсептебегенде 7,7%га өсүп, 1331,5 млн. АКШ долларын түздү.

Экспорттун товардык түзүмүндө баалуу металлдар экспорттун жалпы көлөмүнүн 30%ын түздү, кийим жана кийимге тиешелүү буюмдар - 10,8%, азык-түлүк товарлар жана айыл чарба чийки заттары: сүт азыктары, тирүүлөй мал, жашылча-жемиштер жана башкалар - 11,9%, химия өндүрүшүнүн продукциясы - 3,0%.

Алтынды эсепке албаганда, экспорттун көлөмү негизинен минералдык продуктулардын (34,4 млн. АКШ долларына), текстиль жана текстиль буюмдардын (15,6 млн. АКШ долларына), машиналар, жабдуулар жана механизмдердин (15,3 млн. АКШ долларына), жерде, абада жана сууда жүргөн транспорттук каражаттардын (70,9 млн. АКШ долларына) экспорту көбөйүшү менен камсыздалган.

Кыргыз Республикасынын экспорт боюнча негизги соода өнөктөштөрү Казакстан (экспорттун жалпы көлөмүнөн 28,2%), Швейцария (27,2%), Орусия (14%) жана Өзбекстан (11,3%) болушту.

Импорт. 2012-жылы товарлардын импорту 26,1%га өстү жана 5373,9 млн. АКШ долларына жетти.

Импорттун түзүмүндө машина куруу продукциясы (машиналар, жабдуулар жана механизмдер; электротехникалык жабдуулар жана алардын тетиктери) - 19,9%, химия жана өнөр жайдын аны менен байланышкан тармактарынын продукциясы - 9,9%, жерде, абада жана сууда жүргөн транспорттук каражаттар - 22,3%, жеңил өнөр жайдын продукциясы - 13,4% ж.б. басымдуу болду.

Импорт негизинен жерде, абада жана сууда жүргөн транспорт каражаттардын, алардын тетиктеринин (231,1 млн. АКШ долл.), минералдык продуктулардын (202,8 млн. АКШ долл.), машиналардын, жабдуулардын жана механизмдердин (151,0 млн. АКШ долл.), ошондой эле асыл эмес металлдардын жана алардан жасалган буюмдардын (130,8 млн. АКШ долл.) арбын келишинин эсебинен көбөйдү,

2012-жылы, өткөн жылдардагыдай эле, импорттук келүүлөрдүн негизги көлөмү КМШ өлкөлөрүнө туура келди - 2681,8 млн. АКШ доллары же 49,9%.

Импортто негизги соодалык өнөктөр Орусия (жалпы импорттун түзүмүндө 33,2%ды ээлейт), Кытай (22,5%), Казакстан (9,7%), Жапония (4,0%), Германия (3,7%), Түркия (3,3%) жана Өзбекстан (1,2%) болушту.

Импорттук келүүлөрдүн нарктык көлөмүнүн өсүшү дээрлик баардык негизги статьялар боюнча өстү, анын ичинде буудай - 3 эсе, эт - 22,7%, табигый газ - 10,3% ж.б.

1.4.3. Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кириши боюнча иштер

Бажы союзуна кошулуу боюнча сүйлөшүү процессин жүргүзүү максатында улуттук мыйзамдардын БСнын келишимдик-укуктук базасына ылайыктуулугун талдоо, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Дүйнөлүк соода уюмунун алдындагы бажы тарифтери боюнча милдеттенмелерин салыштыруу, ошондой эле ченемдик укуктук актылардын пакетин жана эл аралык келишимдерди даярдоо иштери активдүү жүргүзүлдү.

Бажы союзунун маселелери боюнча иштин алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 269 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги № 150 "Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому кабыл алынган; Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кошулуусу боюнча 2012-2013-жылдарга карата иш-аракеттердин планы Евразиялык экономикалык комиссиянын жумушчу тобу менен макулдашылып, ал азыр аткарылууда. Кыргыз тарап ушул планга ылайык 2012-жылга пландаштырылган бардык иш-чараларды аткарды.

2012-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын Бажы Союзуна катышуу маселеси боюнча Евразиялык экономикалык комиссиянын жумушчу тобунун жыйыны болуп өттү. Ага кыргыз делегациясы катышты(13). Жыйындын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кошулуу маселеси боюнча Иш-чаралардын планы макулдашылды. Буга чейин Иш-чаралардын планы Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусу тууралуу сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ведомстволор аралык комиссиянын 2012-жылдын 3-августундагы жыйынында макулдашылган.

2012-жылы кыргыз тарап Планга ылайык улуттук мыйзамдардын Бажы союзунун келишимдик-укуктук базасына ылайыктуулугуна, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ДСУнун алдындагы бажылык тарифтер боюнча милдеттерине талдоону, ошондой эле ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык келишимдердин пакетин берди.

Иш-чаралардын планы боюнча кыргыз тараптан Евразиялык экономикалык комиссияга төмөнкү документтер жөнөтүлгөн:

- дипломатиялык каналдар боюнча Бажы союзунун келишимдик-укуктук базасы менен жөнгө салынуучу чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана эл аралык келишимдердин пакети;

- Дүйнөлүк Соода уюмунун алкагында Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин Россия Федерациясы кабыл алган бажы тарифтери боюнча милдеттенмелер менен салыштыруунун талдоосу, байлаштыруунун акыркы деңгээли боюнча ДСУнун алдындагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын милдеттенмелеринин салыштырма талдоосуна түшүндүрмө кат, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын бажы алымдарынын ставкаларынын орточо деңгээлин эсептеринин электрондук варианттары;

- Евразиялык экономикалык комиссия берген формат боюнча статистикалык маалыматтардын электрондук версиясы;

- Кыргыз Республикасынын үчүнчү өлкөлөр менен, анын ичинде товарлардын айрым түрлөрү боюнча соода режимине талдоо;

- Кыргыз Республикасынын тышкы чек арасы аркылуу өткөрүүчү пункттарда чек аралык, бажылык, санитардык-карантиндик, фитосанитардык жана транспорттук контролду уюштуруу үчүн керектүү жабдыктардын жана материалдык-техникалык жабдуулардын, имараттардын, жайлардын, курулмалардын Бажы союзунун Комиссиясынын 2011-жылдын 22-июнундагы № 688 чечими менен кабыл алынган Бирдиктүү типтүү талаптарга ылайык келүүсүнө талдоо;

- Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарынын жана анын эл аралык келишимдеринин тийиштүү чөйрөлөр боюнча Бажы союзунун келишимдик-укуктук базасына ылайык келүүсүнө талдоо.

- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Бажы тарифи менен Бирдиктүү Бажы тарифине 10795 товардык субпозиция боюнча (ТЭИ ТН товардык номенклатурасынын 10 белгиси боюнча) салыштыруу жүргүзүлдү (Россия Федерациясынын ДСУнун алдындагы милдеттенмелерин эске алуу менен), алар 2012-2014-жылдары күчүнө кирет, анын ичинен:

- 2759 товардык субпозиция боюнча бажы алымдарынын ставкалары дал келет, бул бардык товардык номенклатуранын 25,5%ын түзөт;

- 2703 боюнча (25%) - Кыргыз Республикасынын ставкаларын Бирдиктүү бажылык тарифке теңештирүү мүмкүнчүлүгү бар;

- 5112 товардык субпозиция (47%) дал келбейт;

- 221 (2%) боюнча - салыштыруу мүмкүн эмес, анткени алар боюнча бажы алымдарынын атайын жана комбинацияланган ставкалары колдонулат (товарды ченөөнүн бирдиги үчүн жана нарктык түшүнүктө бажы наркына карата пайызды айкалыштыруу менен).

Ошентип, бажы тарифтерин айкалыштыруу көйгөйү 5333 товардык субпозицияга же бардык товардык номенклатуранын жалпы санынын 49%ына туура келет. Бул сан Россия Федерациясынын ДСУнун алдындагы кийинки 2020-жылга чейинки жылдарда милдеттенмелери ишке киришине жараша азайышы керек, дал келбей калуунун пайызы 40%га жакын.

Ошондой эле социалдык жактан маанилүү товарлардын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасы үчүн Бирдиктүү бажы тарифинен алып салуу жөнүндө Бажы союзу менен иштер жүргүзүлүүдө.

 

1.5. Ишкер чөйрөнү жакшыртуу

 

1.5.1. Инвестициялык саясат

Инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бизнеске ыңгайлуу шарттарды түзүү жана инвестицияларды тартуу процессин өркүндөтүү боюнча чараларды көрүп жатат.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин алга жылдыруу үчүн "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоо, тандоо жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүнү караштырат. Долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн 10 ченемдик укуктук актыга жана 3 мыйзамдан келип чыгуучу актыга тийиштүү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору иштелип чыккан, алар Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунда жеке өнөктүн катышуу формаларын колдонуу боюнча нускама, Тендер өткөрүүнүн эрежелерин жана тендердик документтерди даярдоо тартиби, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча жеке өнөктөрдү тандоо боюнча тендердик комиссия жөнүндө жобо сыяктуу жол-жоболорду жөнгө салат.

101,0 млн. АКШ доллары уставдык фонду бар Кыргыз-казак инвестициялык фондун түзүү боюнча иш активдүү жүргүзүлүүдө.

Коңшу мамлекеттердин ишкер жамааттары менен байланышты, өз ара ишенимди чыңдоо жана кызматташуунун жаңы формаларын аныктоо алкагында бизнес-форумдар (кыргыз-түрк, кыргыз-корея, кыргыз-польша), "Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын регион аралык кызматташуусун кеңейтүү экономиканы туруктуу өнүгүүсүн камсыздоонун фактору" деп аталган Кыргызстан-Россия региондор аралык экинчи конференция өткөрүлдү.

Мамлекеттик бюджетти колдоо үчүн 20 млн. АКШ долларын алуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү жана 20 млн. АКШ долларын алуу жөнүндө Гранттык макулдашууга кол коюлду. Каражаттар АБРдин "Инвестициялык климатты жакшыртуу программасынын" алдындагы 2-программанын чегинде бөлүнүп жатат. Программа Кыргыз Республикасында бизнес жасоо шарттарын жакшыртууга жана инвестициялык кызыктуулугун арттырууга багытталган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федерациялык Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Финансылык жана техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду, ал Макулдашууда саламаттык сактоо, билим берүү жана инфраструктура тармактарындагы социалдык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 26 млн. евро өлчөмдө грант каражат берүү каралган.

2012-жылы келген чет өлкөлүк тике инвестициялар 521,4 млн. АКШ долларын түздү жана бул 2011-жылдын деңгээлине карата 61,4% болду.

 

 

13-таблица

Чет өлкөлүк тике инвестициялардын келиши

 

Көрсөткүч/жылдар

2010-ж.

2010-ж. 2009-ж. карата % менен

2011-ж.

2011-ж. 2010-ж. карата % менен

2012-ж.

2012-ж. 2011-ж. карата % менен

иш жүзүндө

иш жүзүндө

Баштапкы факт

ТЧИ, бардыгы, миң АКШ долл.(*)

666086,0

100,8

849201,1

127,5

521401,1

61,4

(*) Чыгып кетүүнү эске албаганда

2012-жылы инвесторлор үчүн кыйла алгылыктуу тармактар иштетүүчү өнөр жайы болду, анын чет өлкөлүк тике инвестициялардын (ЧТИ) жалпы көлөмүндөгү салыштырма салмагы 45,9%ды түздү; кыймылсыз мүлк менен операциялар, ижара жана керектөөчүлөргө кызматтарды көрсөтүү - 31,9%ды; финансылык иш - 9,0%ды, соода; автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жеке колдонулуучу буюмдарды оңдоо - 6,0%ды, кен казуу тармагы - 5,4%ды түздү.

КМШдан тышкары өлкөлөрдөн чет өлкөлүк тике инвестициялардын келиши 2012-жылда 2011-жылдын деңгээлине карата 57,6%ды түздү (жалпы келген чет өлкөлүк тике инвестициялардын ичиндеги көлөмү - 89,1%). Негизги инвестор-өлкөлөр: Канада - ЧТИнин жалпы көлөмүнөн 22,1% (115,3 млн. АКШ доллары), Кытай - 22,1% (22,1 млн. АКШ доллары), Виргин аралдары (Британия) - 6,2% (32,6 млн. АКШ доллары), Корея Республикасы - 5,3% (27,6 млн. АКШ доллары), Түркия - 3,9% (20,2 млн. АКШ доллары) болду.

КМШ өлкөлөрүнөн келген чет өлкөлүк тике инвестициялардын көлөмү 2011-жылга салыштырмалуу 31,8% өстү (келген инвестициялардын жалпы көлөмүнөн 10,9%ды түздү). ЧТИнин негизги үлүшүн Казакстандын инвесторлору салышты, алардын ЧТИнин жалпы көлөмүндөгү салыштырма салмагы 6,0% (31,1 млн. АКШ доллары, 29,1%га өсүү болду), ошондой эле Россия инвесторлору салышты, ЧТИнин жалпы көлөмүндөгү салыштырма салмагы - 4,9% (25,5 млн. АКШ доллары, 36,5% өсүү болду).

 

 

14-таблица

ЧТИнин региондор боюнча келиши (миң АКШ долл.)(*)

 

 

2012-ж. баштапкы факт

2012-ж., 2011-ж. карата % менен

Жыйынтык суммага % менен

Баардыгы

521401,1

61,4

100,0

анын ичинде:

 

 

 

Баткен облусу

9550,0

16,9

1,8

Жалал-Абад облусу

77623,8

116,6

14,9

Ыссык-Көл облусу

109812,5

25,1

21,1

Нарын облусу

140,5

52,0

0,0

Ош облусу

11626,5

88,3

2,2

Талас облусу

14519,4

в 2,3 р.

2,8

Чүй облусу

101174,8

135,9

19,4

Бишкек шаары

196886,4

108,8

37,8

Ош шаары

67,2

в 1,5 р.

0,0

(*) Чыгып кетүүнү эске албаганда

2012-жылы жалпы ЧТИнын жалпы көлөмүндө кыйла чоң үлүш Бишкек ш. туура келди - 37,8%, же 196,9 млн. АКШ. долл., Ысык-Көл облусуна - 21,1%, же 109,8 млн. АКШ. долл., Чүй облусуна - 19,4% же 101,2 млн. АКШ. долл., Жалал-Абад облусуна - 14,9% же 77,6 млн. АКШ. долл. туура келди.

2012-жылы чет өлкөлүк тике инвестициялардын тышка кетүүсү 149,2 млн. АКШ долларын түздү (келген ЧТИнин 28,6%ы), бул 2011-жылга салыштырганда 6,5 млн. АКШ долларына же 4,1%га аз (2011-жылы 155,7 млн. АКШ доллар).

ЧТИнин тышка чыгуусу ишканалардын чет өлкөлүк кошо ээлеринен алынган кредиттерди жана соода кредиттерин көп жагынан кайра берүү менен түшүндүрүлөт, алар чыгып кетүүнүн түзүмүндө 90,1%ды түзөт. Өзүнүн капиталын чыгарып кетип жаткан негизги өлкөлөр: Кытай, Корея Республикасы, Түркия, Казакстан, Россия, Канада.

Мамлекеттик инвестициялар программасы. 2012-жылы Мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында инвестициялык долбоорлорго жумшалган жалпы чыгым 20909,6 млн. сомду түздү, анын ичинде инвестициялык долбоорлорду каржылоо 20360,2 млн. сомду, же жылдык пландык көрсөткүчтүн 95,3%ын түздү, инвестициялык долбоорлорду ички кошо каржылоо жагынан 549,4 млн. сомду, же жылдык пландык көрсөткүчтүн 99,2%ын түздү.

1.5.2. Фискалдык саясат

2012-жылдагы фискалдык саясаттын негизги багыттары - чарбалык субъекттердин иштөөсүн активдештирүү үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү, бизнес жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу, ошондой эле ишкердиктин өнүгүүсүнө шарт түзүү боюнча маселелерди кароо болду. Жүргүзүлүп фискалдык саясаттын алкагында бир топ ченемдик укуктук актылар кабыл алынды (кабыл алынгандар 16, анын ичинде: Кыргыз Республикасынын 7 мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 9 токтому, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3 буйругу).

Ломбард кызматын көрсөтүүчү ишкерлерден бюджетке түшүүчү салыктардын көлөмүн милдеттүү патенттин негизинде атайын салыктык режимге которуу жолу менен көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 29-майындагы № 69 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы кабыл алынган.

Эл аралык конкурстарда акчалай жана башка байгелерди жана утуштарды, ошондой эле эл аралык уюмдар (фонддор) тарабынан ыйгарылган сыйлыктарды алган адамдарды киреше салыгынан бошотуу максатында "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 25-июлундагы № 124 Мыйзамы кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 239-беренеси менен мурдагы берилген КНС төлөөдөн 3 жылга бошотуу мөөнөтүн узартуу менен (белгиленген үч жылдык мөөнөт 2012-жылдын сентябрында бүткөн) айыл чарба продукциясын иштетүүчү ишканаларга колдоо көрсөтүү максатында 2012-жылдын 5-декабрындагы № 194 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды, анда айыл чарба продукциясын иштетүүчүлөр үчүн КНС боюнча жеңилдиктерди узартуу белгиленген.

Байланыш чөйрөсүнүн субъекттерине сатык салыгынын ставкасын 2ден 5%га чейин жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 26-декабрындагы № 205 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы кабыл алынды.

Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылынын 6-августундагы № 547 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому кабыл алынды, анда аракка акциздик салыктын ставкасын 21 сомдон 26 сомго жогорулатуу белгиленген.

Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-мартындагы № 204 "Кыргыз Республикасындагы текстиль, тигүү жана эмерек тармагын өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен текстиль, тигүү жана эмерек тармактарында өндүрүштүк максаттарда пайдаланылуучу жабдууларды чарбакер субъекттер өздөрүнүн өндүрүшүндө пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келишкенде бажылык тариздөө үчүн бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотулушту.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-августундагы № 434-б буйругу менен экспортко багытталган өндүрүштөрдү колдоо, өнүктүрүү жана бюджетке туруктуу салык түшүрүү максатында "Интергласс" ЖчК Кошумча нарк салыгы боюнча 300000 (үч жүз миң) сомдон ашык төлөнгөн сумманы кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө чечим салык органы тарабынан кабыл алынуучу салык салынуучу субъекттердин тизмесине киргизилди.

Өзүбүздүн ун тартуу тармагыбыздын кызыкчылыгын коргоо жана Кыргыз Республикасынын айыл чарбалык өндүрүүчүлөрүн жер семирткичтер менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-сентябрындагы № 90-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июлундагы буйругу чыгарылды. 2012-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнөн чыгып калган сумманын ордун толтуруучу кошумча кирешелерди табуу боюнча иш жүргүзүлдү жана фискалдык саясаттын чаралары жана 2012-жылга карата мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн 6500,0 млн. сом суммага көбөйтүү боюнча сунуштар даярдалды, алар кийин "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилди. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-февралындагы № 30-б буйругуна ылайык кирешенин 1392,8 млн. сом суммадагы кошумча булактары боюнча сунуштар жөнөтүлгөн.

2012-жылы Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун бсы бюджеттин киреше бөлүгүнүн булагын көбөйтүүгө багытталган. Атап айтканда, накталай акча менен эсептешүү жасалган бардык чөйрөлөрдө салык саясаты салык салуу системасынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип жана максимум пайдаланууга багытталган, мисалы, ишкердиктин кээ бир түрлөрүн ыктыярдуу патенттен милдеттүү патентке өткөрүү жана салык салуу базасын кеңейтүүчү чараларды көрүү багыты көздөлгөн.

1.5.3. Атаандаштык саясат жана монополияга каршы тескөө

Табигый жана уруксат берилген монополиялар өндүрүүчү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоо максатында Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялардын иштери 2012-жыл бою контролдонду, ошондой эле мүмкүн болгон сегменттерде атаандаштыкты өнүктүрүүгө багытталган иштер жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын товардык рыногундагы атаандаштыкты өнүктүрүү чөйрөсүндөгү иштер баарыдан мурда атаандаштык саясаттын ченемдик укуктук базасына жакшыртууга багытталды. Кыргыз Республикасынын "Атаандаштык жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" мыйзамдарынын нормаларын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын 11 ченемдик укуктук актысы кабыл алынды, анын ичинде айрым чарбакер субъекттердин атаандаштыкка каршы макулдашууларын (макулдашылган иш-аракеттерин), карасанатай атаандаштыкты аныктоого жана атаандаштыкка каршы мыйзамдын бузулушун тергөөгө мүмкүндүк берүүчү, андай тергөөнүн жыйынтыгында чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүүгө (ажыратууга) чейин чара көрүлүшү мүмкүн болгон эрежелер кабыл алынды.

Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү, ошондой эле монополиялык ишти болтурбоо жана чектөө максатында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинин буйруктары менен төмөнкүлөр түзүлүп жана бекитилди:

- 2012-жылдын 16-январындагы № 2 буйрук менен - Кыргыз Республикасынын табигый жана уруксат берилген монополияларынын субъектилеринин республикалык мамлекеттик реестри;

- 2012-жылдын 16-январындагы № 3 буйрук менен - Кыргыз Республикасынын табигый жана уруксат берилген монополияларынын субъектилеринин региондук мамлекеттик реестри.

2012-жыл ичинде табигый жана уруксат берилген монополия субьектилеринин республикалык региондук мамлекеттик реестрине цемент, көмүр, уюктук байланыш, мамлекеттик кызмат көрсөтүү (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн паспортторду акы төлөөнүн негизинде шашылыш тартипте кабыл алуу, тариздөө, жасоо, персонификациялоо, текшерүү жана берүү) рыногунда иш жүргүзгөн 6 чарбакер субъект кошумча киргизилди.

Табигый жана уруксат берилген монополия субъектилеринин региондук мамлекеттик реестринин "Уруксат берилген монополиялардын субъектилери" бөлүмүнөн 2 чарбакер субъект чыгарылды. Монополияга каршы мыйзамдарга ылайык, 2 чарбакер субъекттин жөнгө салуу методу баалык жөнгө салуудан рентабелдүүлүктүн акыркы чегин белгилөөгө өзгөртүлдү.

2012-жылдын 31-декабрына карата абал боюнча Мамреестрдеги чарбакер субъекттердин саны - 197, анын ичинде республикалык реестрде - 59, алардын 40ы табигый монополисттер, региондук реестрлерде 138, анын 69у табигый монополисттер.

Табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъектилеринин ишин жөнгө салуу максатында төмөндөгү иштер жүргүзүлдү:

Байланыш чөйрөсү. Монополияга каршы органдын 2012-жылдын 26-июлундагы № 42 буйругу менен "Кыргызтелеком" ААК улуттук оператору үчүн телефонду пайдалануу укугун бергендик (орноткондук) үчүн тарифтин деңгээли 26%га төмөндөтүлдү. Орнотуу акысы төмөндөгөндө Бишкек шаары боюнча абоненттик төлөмдөр мурдагы деңгээлинде сакталат.

Ошондой эле, телефонду кайра каттоо үчүн тарифтерди төмөндөтүү кайра каралган, ал боюнча:

- Бишкек шаары үчүн - 513,0 сом (салыктарды эске албаганда);

- облустук, райондук борборлор үчүн, айыл жериндеги калктуу пункттар үчүн - 256,0 сом (салыктарды эске албаганда).

Мурда "Кыргызтелеком" ААК телефон коюлган жайдын ээси өзгөргөндө телефонду кайра каттоо үчүн акыны жалпы пайдалануудагы байланыш тармагына кошкон сыяктуу алып келген да, ал Бишкек шаары үчүн - 2975,О сом болчу (салыктарды эске албаганда).

Энергетика тармагы. "Кыргызгаз" ААК тарабынан берилчү табигый газдын калк жана башка керектөөчүлөр үчүн тарифинин долбоорун карап чыгып, экономикалык негиздин жоктугуна байланыштуу табигый газдын тарифи көбөйтүлбөстөн, мурдагы деңгээлинде калтырылды.

Жылуулук ишканалары жана "Кыргызтураккоммунсоюз" МИ үчүн жылуулук энергиясынын тарифи 2012-2013-жылдагы жылытуу мезгилине карата Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин Аткаруу Кеңеш мурдагы бекиткен деңгээлде, көбөйтүлбөстөн калтырылды.

Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорттор менен камсыздоо. Кыргыз Республикасынын жарандарынын шашылыш түрдөгү берилчү паспортторунун баасын арзандатуу максатында, Департаменттин 2012-жылдын 2-майындагы № 5 буйругу менен "Интел-Линкс" ЖчК үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына паспортторду акы төлөмө негизде шашылыш түрдө даярдоонун жана персонификациялоонун баасы төмөнкүдөй белгиленди:

 

 

15-таблица

 

Кызматтын түрү

Шашылыш деңгээли

Аткаруу мөөнөтү (иш күн)

Бир паспорт үчүн баа (евро)

 

 

Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун шашылыш түрдө персонификациялоо

Шашылыш

2

30

 

 

Өзгөчө шашылыш

1

35

 

 

Өтө шашылыш (Бишкек шаары боюнча)

0,75

39

 

Мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы № 210 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун шашылыш кабыл алуу, тариздөө, текшерүү жана берүү боюнча акы төлөмө кызматтар жөнүндө" токтому менен Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун тез тариздөө, жасоо/персоналдаштыруу, жеткирүү жана берүү боюнча акы төлөнүүчү кызматтарга баалардын прейскуранты жокко чыгарылган жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун шашылыш кабыл алуу, тариздөө, текшерүү жана берүү боюнча акы төлөмө кызматтарга тарифтин прейскуранты паспортторду даярдоо боюнча кызматтын акысы кошулбаганда төмөнкүдөй деңгээлде бекитилген.

 

 

16-таблица

 

Паспорттун түрү

Шашылыштык деңгээли

Аткаруу мөөнөтү (иш күн)

Бирөө үчүн акы (евро)

 

 

Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-card)

Шашылыш

8

18

 

 

Өзгөчө шашылыш

4

20

 

 

Өтө шашылыш (Бишкек шаары үчүн)

2

22

 

 

Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту (чет өлкөлүк паспорт)

Шашылыш

8

30

 

 

Өзгөчө шашылыш

4

35

 

 

Өтө шашылыш (Бишкек шаары үчүн)

2

40

 

ID-карталарын даярдоо боюнча функциялар "Интел-Линкс" ЖчКдан "Инфоком" МИге өткөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинин 2012-жылдын 10-октябрындагы № 104 буйругу менен "Инфоком" МИге караштуу Мамлекеттик персонификациялоо борбору тарабынан акы төлөмө негизде, шашылыш түрдө Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун баасы төмөндөгү деңгээлде белгиленген:

 

 

17-таблица

 

Паспорттун түрү

Шашылыштык деңгээли

Аткаруу мөөнөтү (иш күндөр)

Бирөө үчүн төлөм (сом)

 

Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун шашылыш даярдоо

Шашылыш

2

500

 

Өзгөчө шашылыш

1

600

 

Өтө шашылыш (Бишкек шаары үчүн)

0,75

700

Мурдагы баасын төмөндөтүү шашылыштык деңгээлине карай бир паспорт үчүн 8 евродон 11 еврого чейин арзандатылды.

1.5.4. Ишкердик

Ишкердик жүргүзүүнү мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чегинде лицензиялардын жана уруксаттардын 113 түрүн кыскартууну караштырган Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 жана 11-октябрындагы № 171 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамдары иштелип чыккан жана кабыл алынган.

Арыздарды кароо жана лицензияларды берүү мөөнөттөрү менен байланыштуу лицензиялоо жол-жоболорун ишке ашырууда лицензиар-мамлекеттик органдардын иш аракеттерин регламенттөөгө багытталган "унчукпоо-макулдуктун белгиси" ченемин киргизүүнү караштыруучу 2012-жылдын 14-ноябрындагы № 182 "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы иштелип чыккан жана кабыл алынган.

АРВ процедурасынын негизин конкреттүү жана жеңил түшүндүрүү максатында, регуляциялык таасирди талдоону жүргүзүү боюнча жаңы колдонмону иштеп чыгуу жүрүп жатат.

2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында болгон талап-тоноолордун жана өрттөөнүн кесепетинен жабыр тарткан ишкердик субъекттер үчүн мамлекеттик колдоонун чаралары таркалуучу адамдардын тизмесин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 90 "2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында болгон тоноолордун, талоончулуктун жана өрттүн кесепетинен жабыркаган ишкерлердин кошумча реестрин бекитүү жөнүндө" токтому кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарында апрель жана июнь окуяларында жабыр тарткан жана Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын апрель-июнунда болгон талап-тоноолордун, мародерчулуктун жана өрттөрдүн натыйжасында жабыр тарткан ишкердик субъекттеринин реестринде турган коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик мекемелердин карыз алуучуларына кошумча колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-апрелиндеги № 266 "Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарында апрель жана июнь окуяларында жабыр тарткан карыз алуучуларды колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" токтому кабыл алынган.

Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн арттыруу максатында Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри бекитилген. Реформага чейин акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы саны 21,0 миңдей позиция болчу. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процессинин системасыздыгы, ачык эместиги, берилчү уруксат документтердин көптүгү мурда коррупциялык көрүнүштөр үчүн шарт түзүп келген. Бирок бирдей түргө келтирилген критерийлерди иштеп чыгуу жана бекитүү тийиштүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү ведомстволук тизмелердин тандап алууга жана 388 мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү Бирдиктүү реестрге киргизүүгө мүмкүндүк берди.

1.5.5. Техникалык жөнгө салуу

Соодадагы жана ишкердик жүргүзүүдөгү техникалык тоскоолдуктарды кыскартуу үчүн продукцияга жана анын өндүрүү процесстерине заманбап эл аралык талаптарды киргизүү максатында Техникалык регламенттерди иштеп чыгуу программасын ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлдү, ал үчүн 17 техникалык регламенттин долбоорун иштеп чыгууга 3627,3 миң сом каражат каралган.

16 техникалык регламент кабыл алынды, алар продукция жана аны өндүрүү процесстери үчүн заманбап эл аралык талаптарды жайылтуу жолу аркылуу соодада жана ишкердикте техникалык тоскоолдуктарды кыскартууну камсыз кылууга багытталган.

3 техникалык регламенттин долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жактыруусунда турат.

2012-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор Стандартташтыруу боюнча Европа комитетине (СЕ№) мүчөлүккө алынды. 2012-жылдын 31-августунда Брюссель шаарында (Бельгия) Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор менен СЕИ ортосунда европалык стандарттарды колдонуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган,

СЕ№ге кирүү Кыргыз Республикасында ар кандай европа стандарттарын, анын ичинде курулуш тармагында евро-коддорду колдонуу мүмкүндүгүн берет (биз үчүн ал мурда жабык болгон). Евро коддорду колдонуу биринчи этапта Кыргыз Республикасынын курулуш индустриясына евро-коддорду колдонуунун курулуш тажрыйбасына ээ болгон, ири чет өлкөлүк компанияларды тартууга мүмкүндүк түзөт, ал өз учурунда чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга алып келет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 664 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому менен төмөнкүлөр бекитилген:

- Кыргыз Республикасында ченөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо;

- Ишеним эн тамгаларын даярдоо, колдонуу жана сактоо тартиби жөнүндө жобо;

- Текшерилүүгө тийиш болгон ченөө каражаттарынын тизмеси жана ченөө каражаттарын текшерүүнүн мезгилдүүлүгү.

Дүйнөлүк Банктын "Ишкердикте жана соодада техникалык тоскоолдукту кыскартуу" долбоорунун алкагында ДСУнун Техникалык тоскоолдуктар боюнча Макулдашуусунун жоболорун жана "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу боюнча техникалык регламенттерди иштеп чыгуу процессинде маалыматтык колдоо, көзөмөлдү тез жана толук жүргүзүү, шайкештикти баалоо органдарынын иштерине мониторинг жана анализ жүргүзүү максатында техникалык тескөө боюнча Интеграциялык маалымат системасы түзүлдү.

Стандартташтыруу бөлүмү боюнча:

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы министрлиги менен Польшанын Стандартташтыруу боюнча комитетинин ортосунда 2012-жылдын 2-мартында Варшава шаарында (Польша) Стандартташтыруу тармагында кызматташуу боюнча макулдашуу түзүлдү;

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор менен Түркия Республикасынын Улуттук метрология институтунун ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду;

- Кыргыз Республикасы менен СЕ№дин ортосунда Кыргыз Республикасында Курулуш боюнча европалык кодексти (Еврокод) колдонуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

1.5.6. Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу

2012-жылдын 31-декабрына карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй иштерди 53 юридикалык жак жүргүздү, аларга иштин түрлөрүн жасоого 88 лицензия берилген.

Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун жалпы көлөмү 2012-жылы 2083,5 млн. сомду, бүтүмдөрдүн жалпы көлөмүнүн саны 3519ду түздү. Жасалган бүтүмдөрдүн жалпы көлөмүнүн түзүмүндөгү 769,2 млн. сом биржадан тышкаркы рынокторго туура келээрин белгилей кетүү керек.

2012-жылдын 12 айында баалуу кагаздар менен соода кылуунун көлөмү 1314,4 млн. сомду түздү, бул 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 17,2%га аз болду.

Отчеттук мезгилде баалуу кагаздар менен түзүлгөн бүтүмдөрдүн саны 2187 болду же өткөн жылдын ушул мезгилинде түзүлгөн бүтүмдөрдүн көлөмүнөн 12%га көп болду.

2012-жылдын 12 айында тооруктардын көлөмүнүн структурасында экинчи рынокто жасалган бүтүмдөрдүн саны көп болду.

Менчик ээлеринин түзүмүнүн өзгөрүлүшүн мүнөздөгөн экинчи рынокто жасалган бүтүмдөрдүн көлөмү 983,6 млн. сомду, же жалпы биржалык сатуунун көлөмүнөн 74,9%ды түздү.

Финансы ресурстарын тарткан жана инвестициялык капиталды кайрадан бөлүштүрүүнү жүргүзгөн биринчи рынокто жасалган бүтүмдөрдүн көлөмү 330,7 млн. сомду же жалпы биржалык сатуунун көлөмүнөн 25,1%ды түздү.

2012-жылдын 31-декабрына карата листингден өткөн эмитенттердин саны 18 болду, бул 2011-жылдын ушул мезгилине караганда 5 эмитентке көп 5 эмитент ("Чакан ГЭС" ААК, ОАО "Бишкек жылуулук тармагы" ААК, "Улан" ААК, "Тепличный" ААК жана "Залкар Банк" ААК) 2012-жылдын ичинде "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКнун листингине кошулушту.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы 2012-жылда Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин 2674 баалуу кагаздарды чыгарышын каттаган. Эмиссиянын жалпы көлөмү 64019,35 млн. сомду түздү, анын ичинде 63161,5 млн. сом суммада акциялар, 684,25 млн. сом суммада облигациялар, 101 млн. сом суммада инвестициялык пайлар жана 2454,9 млн. сом суммада турак жай сертификаттары.

2012-жылда 2720,6 млн. сомдук баалуу кагаздардын 55 чыгарылышы катталган. 2011-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда чыгарылган баалуу кагаздардын көлөмү 265,7 млн. сомго көп болду (2011-жылы 2454,9 млн. сомдук баалуу кагаздардын 58 чыгарылышы катталган).

2012-жылда Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин корпоративдик баалуу кагаздарына салынган чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 1625,49 млн. сомду түздү, мунун ичинен алыскы чет өлкөлөрдөн келген инвестициялар 1010,87 млн. сомду, КМШ өлкөлөрүнөн инвестициялар 614,62 млн. сомду түздү.

Камсыздандыруу рыногу. 2013-жылдын 1-январына карата абал боюнча Кыргыз Республикасында 16 камсыздандыруу уюму иштеп жатат, анын ичинде эки кайра камсыздандыруу уюму ("Камсыздандыруу резерви" жана "Фаворит"), ошондой эле резидент эместердин катышы бар 6 компания ("Кыргызинстрах" САОЗТ, "Росстрах-Кыргызстан" ЖАК БК, "Лондон-Бишкек" ЖАК, "Страховой резерв" ЖАК, "НСК" ЖАК БК,"Столичное Страховое Общество ЖАК") иштеп жатат.

Камсыздандыруу уюмдарынын активдеринин жыйындысы 2013-жылдын 1-январына карата 1376,5 млн. сомду түздү жана 30,5%га өстү.

Камсыздандыруу уюмдарынын өздүк капиталдарынын жыйындысы 2013-жылдын 1-январына карата 1111,1 млн. сомду түздү, ал өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 32,1%га өскөн. Милдеттенмелер 2013-жылдын 1-январындагы абал боюнча өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 42,7%га өстү жана 228,5 млн. сомду түздү.

Аракеттеги камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу келишимдери боюнча кабыл алынган милдеттенмелерди аткаруу үчүн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары түзгөн камсыздандыруу резервдеринин көлөмү 2013-жылдын 1-январына карата 113,4 млн. сомду түздү жана 12,1%га өстү.

Мамлекеттик эмес пенсия менен камсыз кылуу. 2013-жылдын 1-январына карата рынокто 1995-жылдан тартып өз ишин жүргүзүп келе жаткан бир гана мамлекеттик эмес пенсиялык фонду - "Кыргызстан" МЭПФ иштеп келе жатат (мындан ары МЭПФ).

МЭПФнин ишинин негизги түрү пенсиялык келишимдердин негизинде жарандарды кошумча ыктыярдуу пенсия менен камсыз кылуучу болуп саналат.

2013-жылдын 1-январына карата абал боюнча МЭПФнин пенсиялык активи 23,7 млн. сомду, МЭПФнин катышуучуларынын жалпы саны 2317 адамды түздү.

Банктык эмес финансылык мекемелерге көзөмөлдүн жалпы абалы. 2012-жылдын 1-январынан баштап "Кыргыз Республикасында оюн-зоок иштерине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 1-ноябрындагы № 191 Мыйзамы күчүнө киргенине байланыштуу Кыргыз Республикасында оюн-зоок жайларды ачууга, кармоого жана кумар оюндарын уюштурууга укук берген 25 казинонун жана 35 оюн автоматтар залынын лицензиялары жокко чыгарылды.

2012-жылдын 25-декабрындагы абал боюнча лотереялык иштерди жүргүзүүгө 9 лотерея уюштуруучунун укуктары бар.

Аудит. Азыркы учурда Кыргыз Республикасындагы аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун жана аудиторлордун мамлекеттик реестринде 71 аудитордук уюм, 24 жеке аудитор, 258 аудиторлор катталган. Аудитордук иштин туруктуу көбөйүү тенденциясы байкалууда, бул финансылык отчеттун тууралыгын жана аны пайдалануучулардын ишенимин арттырууга мүмкүндүк берет жана аны менен мамлекеттин инвестициялык кызыктуулугун жогорулатат, бул болсо Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк экономикага интеграциясына алып келет.

1.5.7. Мамлекеттик менчикти башкаруу

Чарбалык коомдордун уставдык капиталындагы акцияларды мамлекеттик пакетин, мамлекеттик үлүштөрүн башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинде өтө маанилүү багыттардын бири. Бүгүнкү күндө мамлекет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд аркылуу:

- 60 акционердик коомго катышат, анын ичинен 22 - стратегиялык АК, 7 - мамлекеттештирилген АК;

- 152 мамлекеттик ишканалар менен иш жүргүзөт.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги мамлекеттик мүлктү эсепке алуу жана каттоо боюнча негизги методикалык документтерди даярдап баштады. Мамлекеттик мекемелер менен ишканалар колдонгон негизги каражаттарды эсептөө саясатын талдап чыгып жана маалымат чогултуп, анын негизинде Финансылык отчеттун эл аралдык стандарттарын эске алуу менен Мамлекеттик менчиктеги негизги жана жүгүртмө каражаттардын Бирдиктүү классификаторун иштеп чыгуу башталды.

Финансылык көрсөткүчтөр. 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча менчиктештирүүдөн, дивиденддерден, ижара акысынан, мамлекеттик ишканалардан түшкөн каражаттардын өлчөмү 2,8 млрд. сомду түздү, ал пландалган өлчөмдөн 6,9%га көп болду.

 

 

19-таблица

Менчиктештирүүдөн, дивиденттерден, ижара акысынан түшкөн каражаттар

 

Аталышы

2011-ж. январь-декабры, иш жүзүндө (млн. сом)

2012-ж. январь-декабры, иш жүзүндө (млн. сом)

Өсүү темпи, %

2012-ж. январь-декабры план (млн. сом)

Аткырылган, %

Дивиденддер

2918,2

1825,6

62,6

2059,20

88,7

Менчиктештирүү

179,1

166,8

93,1

-

-

Ижара

20,1

23,0

114,4

20

115,0

МИден түшкөн пайда

257,6

758,9

294,6

522,4

145,3

Субординацияланган карыз боюнча пайыздар

7,5

6,6

88,0

-

-

Бардыгы

3382,5

2780,9

82,2

2601,6

106,9

Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү. Мамлекеттик обьекттерди менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 1877-V токтому менен бекитилген 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчиктерди менчиктештирүү Программасына ылайык жүргүзүлүүдө. Бул Программада мамлекеттин менчигиндеги жана менчиктештирилүүгө тийиш эмес уюмдардын жана обьекттердин тизмеси, белгиленген тартипте акциялардын мамлекеттик пакетин жана мамлекеттик үлүшүн сатуу аркылуу менчиктештирилүүчү объекттердин тизмеси жана менчиктештирилүүгө жаткан мүлктүк комплекстердин жана башка мамлекеттик мүлктөрдүн тизмеси камтылган.

2012-жылдын январь-декабрында төмөнкү объекттер менчиктештирилди:

- "КАТ" ЖЧКсынын уставдык капиталындагы мамлекеттин үлүшүнүн 65,5%ы;

- мурдагы менчиктештирилген "Заря" кинотеатрынын жер участогу;

- "ИталКир" БИ ЖАКтын акцияларынын мампакетинин 9,67%ы.

Ошондой эле, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылында 29-ноябрындагы № 801 "Аукциондо сатуу ыкмасы менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому кабыл алынган. Жаңы Жободо Мамлекеттик мүлктү сатуучунун, аукционду даярдоо жана өткөрүү боюнча комиссиянын, өзгөчө тооруктардын жыйынтыктарын таануу бөлүгүндөгү ыйгарым укуктары, аукцион өткөрүү тартиби жөнүндөгү маселелер так регламенттештирилген, "аукциончу" термини жана анын милдеттери берилген, аукционго катышууга талапкерлер берүүчү документтердин тизмеси такталган. Ошондой эле аукцион өткөрүүнүн электрондук форматы каралган.

Менчиктештирүү динамикасы.

Менчикке болгон мамилени кайра өзгөртүүнүн натыйжасында республикада менчиктештирүү процесси башталгандан тартып 2012-жылдын 31-декабрына карата менчиктештирилген ишканалардын жалпы деңгээли 73,57%ды түздү.

Региондор боюнча менчиктештирүү деңгээли төмөнкүлөрдү түзөт:

- Бишкек шаары - 74,47%;

- Чүй облусу - 72,60%;

- Ош жана Баткен облустары - 79,43%;

- Ысык-Көл облусу - 72,08%;

- Талас облусу - 63,99%;

- Жалал-Абад облусу - 74,56%;

- Нарын облусу - 50,95%.

Экономиканын тармактары боюнча менчиктештирүү деңгээли төмөнкүнү түзөт:

- өнөр жай - 92,62%;

- курулуш - 57,53%;

- транспорт -65,08%;

- айыл чарбасы - 45,73%;

- соода жана коомдук тамактануу - 97,71%;

- турмуш-тиричиликтик тейлөө - 99,85%;

- өндүрүштүк эмес чөйрө - 51,16%;

- башка тармактар - 54,80%.

Мамлекеттик ишканалар менен иштөө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык мамлекеттик ишканалар жылдык таза пайданын жарымынан кем эмесин республикалык бюджетке которот. Алсак, 2012-жылы мамлекеттик ишканалардын пайдасынан 50%дан кем эмес өлчөмдө каражаттардын түшүүсү 759,0 млн. сомду түздү.

Ижара. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 263 токтому менен бекитилген Мамлекеттик, анын ичинде администрациялык курулмаларды, имараттарды (жайларды) пайдалануу, ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобого ылайык 2012-жылы мамлекеттик мүлктү ижарага берүү боюнча 1232 келишим каралды жана катталды. 2013-жылдын 1-январына карата мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн каражаттардын түшүүсү 23,0 млн. сомду түздү, ижарага алынган мүлктүн аянты 69,3 миң кв. метрди түзөт.

Мамлекеттештирилген объекттер менен иштөө. Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-апрелиндеги № 158 токтому менен жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны ишке ашыруу боюнча иштер улантылды.

Отчеттук мезгилде мамлекеттештирилген объекттерди менчиктештирүү боюнча даярдоо иштери жүргүзүлдү. Тактап айтканда, жогоруда аталган 2012-жылдын 28-июнундагы Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому иштелип чыккан жана кабыл алынган, мында Менчиктештирилүүчү объекттердин тизмегине төмөнкү объекттер киргизилген:

1. Кыймылсыз мүлктүн 5 бирдиги бар аянты 11,029 га жер участогу (Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылындагы "Солнышко" пансионаты);

2. Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында жайгашкан аянты 9,32 га жер участогу жана "Витязь" пансионатындагы кыймылсыз мүлктүн 91 бирдиги;

3. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер участогунда жайгашкан курулуштар;

4. 1975-жылы чыгарылган, борт номери ЕХ-00007 Як-40 аба учагы;

5. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылында жайгашкан аянты 10 га жер участогу.

2012-жылы ЯК-40 мамлекеттештирилген учагына инвентаризация жүргүзүлгөн, учакка бардык зарыл документтер калыбына келтирилген, ошондой эле белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинде катталган жана каттоо жөнүндө күбөлүк алынган.

Ошондой эле, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылында жайгашкан курулуштарга (коттедж шаарчасы) инвентаризация жүргүзүлгөн жана мамлекеттин менчигине алынган, каттоо жана техникалык паспортторду даярдоо үчүн тиешелүү документтер каттоо кызматына берилген.

Белгиленген тартипте кийин кабыл алуу үчүн мамлекеттештирилген объекттерди башкаруу жана тескөө маселелери боюнча мыйзам долбоорлору жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлору иштелип чыккан жана мамлекеттик мүлктү башкаруу саясатын аныктоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жиберилген.

Тактап айтканда төмөнкүлөр даярдалган:

- "Коомдук телекөрсөтүү каналы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;

- "Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Мамлекеттин менчигиндеги объекттерди өткөрүп берүү жөнүндө" буйругунун долбоору;

- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун жактыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Мүлктү сатуу жөнүндө" токтом долбоору;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы № 36-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоору.

Ошондой эле, 2012-жылы коммерциялык банктарга күрөөгө коюлган мамлекеттештирилген объекттердин маселелери боюнча позициялар иштелип чыккан жана аныкталган.

Белгиленген тартипте төмөнкү 9 мамлекеттештирилген объекттерди баалоо үчүн баалоочу компаниялардын кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу боюнча тендер өткөрүлгөн:

- "Каприз" ЖЧКсынын уставдык капиталындагы 28,34% үлүшү;

- "СК Ресурс" ЖЧКсынын уставдык капиталындагы 70% үлүшү;

- 1975-жылы чыгарылган, борт № ЕХ-00007, Як-40 учагы;

- "Континент Принт" ЖЧКсынын уставдык капиталындагы 65% үлүшү;

- "Солнышко" мамлекеттик ишканасынын кыймылсыз мүлк объекттери менен аянты 11,029 га жер участогу;

- "Витязь" мамлекеттик ишканасынын кыймылсыз мүлк объекттери менен аянты 8,56 га жер участогу;

- Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы жер участогунда жайгашкан курулуштар;

- "Аврора плюс" элиталык турак жай комплекси менен аянты 10,0 га жер участогу;

- "Аврора Грин" ден соолукту чыңдоо-туристтик комплексинин 31 коттеджи жана көп батирлүү мейманкана үйү.

Өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр болуп төмөнкү 3 баалоочу компания таанылды:

- "Славянский Восток" ЦО ЖЧКсы;

- "Азия Оценка" ЖЧКсы;

- "Аl Star" ЖЧКсы.

Отчеттук мезгилде 5 мамлекеттештирилген объекттерди сатуу боюнча аукцион жарыяланып, бир дагы өтүнмө түшпөгөнүнө байланыштуу аукцион өткөн жок деп табылган, алар:

1. Мансардасы бар 3 кабаттуу курулушу бүтпөгөн мейманкана үйү.

2. Жер участогу жана турак эмес жайлар (Жалал-Абад ш., Курманбек көчөсү, 8).

3. Жер участогу жана турак эмес жайлар (Жалал-Абад ш., Нефтичилер көчөсү, 3).

4. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айылында жайгашкан аянты 6,5 га жер участогу менен "Достук" эс алуу үйү.

5. "Альфа Телеком" ЖАКынын акцияларынын 49%ы.

1.6. Социалдык чөйрө

1.6.1. Социалдык коргоо

Отчеттук мезгилде калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларынын абалын жакшыртууга багытталган иштер жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын 2012-2014-жылдарга калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясын натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасында социалдык коргоо боюнча координациялык кеңеш түзүлгөн.

Жетүүгө кыйын жана алыскы региондордо жашаган, калың түшкөн кардан жана башка табигый кырсыктардан жабыр тарткан, аз камсыз болгон жана абдан муктаж үй-бүлөлөргө акысыз мамлекеттик социалдык колдоо көрсөтүү максатында бир бүлөгө 50 килограммдан ун менен 8341 үй-бүлө камсыз кылынды. Бардыгы болуп 417,6 т ун (Нарын облусу - 96,6 т ун, Ош облусу - 224,5 т ун, Жалал-Абад - 96,9 т ун) бөлүштүрүлгөн.

Мамлекеттик жөлөкпулдар. 2013-жылдын 1-январына карата мамлекеттик жөлөкпул алгандардын саны 414,8 миң адамды түздү, анын ичинен: балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын жөлөкпул алган (АКҮАЖ) - 343,5 миң адам же туруктуу калктын 6%ы; ай сайын социалдык жөлөкпул (АСЖ) алгандар - 71,3 миң адам же туруктуу калктын 1,3%ы.

2013-жылдын 1-январына карата жалпысынан республика боюнча АКҮАЖдын орточо өлчөмү 52,0%га көбөйдү жана 463,7 сомду түздү, бул кепилденген минималдык кирешенин (КМК) өлчөмүн 56,8%га (370тен 580 сомго чейин) жогорулатууга байланышкан, АСЖнын орточо өлчөмү 19,4%га көбөйтүлдү жана 2403,7 сомду түздү. АСЖ жашоо минимумунун 55,4%ын (4341,2 сом) түзөт.

Отчеттук мезгилде республикалык бюджеттин каражаттарынан мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө жалпы суммасы 3256,9 млн. сом акча каражаты каржыланды, бул 2011-жылга салыштырганда 15,7%га көп, анын ичинен АКҮАЖ төлөөгө - 1485,3 млн. сом, АСЖ -1771,6 млн. сом.

Ошондой эле, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык коргоонун деңгээлин жогорулатуу максатында 2012-жылдын 1-декабрынан баштап майыптуулугунун категориясына жараша бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга АСЖнын өлчөмү айына 1000 сомдон 3000 сомго чейин жогорулатылат (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-октябрындагы № 723 токтому).

Социалдык кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү. 2013-жылдын 1-январына карата жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация алгандардын саны 56,2 миң адамды түздү, бул 2011-жылга салыштырганда 0,1%га (100 адамга) көп болду, бул угуусу жана көрүүсү боюнча майыптардын санынын өсүшүнө байланыштуу.

Отчеттук жылы республикалык бюджеттин каражаттарынан жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды төлөөгө 1379,2 млн. сом жалпы суммасына акча каражаттары каржыланды.

Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине кошумча социалдык колдоо көрсөтүү максатында өмүр бою ай сайын 3000 сом өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясы төлөнөт. 2013-жылдын 1-январына карата стипендияны 1972 адам алышты, анын жалпы суммасы 79,1 млн. сомду түздү, бул 2011-жылга салыштырганда 21,8% га аз. Алгандардын саны табигый азайтууга байланыштуу кыскарууда.

Иштегендерди социалдык камсыздоо. 2013-жылдын 1-январына карата кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул, сөөк коюуга жөлөкпул алгандардын жалпы саны 32,0 миң адамды түздү, ал эми эсептелген жөлөкпулдардын суммасы - 214,0 млн. сом, бул 2011-жылга салыштырганда 74,5%га көп.

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул 203,4 млн. сом суммасында 28,3 миң адамга, сөөк коюуга жөлөкпул 10,6 млн. сом суммасында 3,7 миң адамга төлөндү.

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү 24,7%га көбөйдү жана 1799,5 сомду түздү, сөөк коюуга жөлөкпулдун өлчөмү 95,6%га көбөйдү жана 3073,0 сомду түздү.

2013-жылдын 1-январына(14) карата 2010-жылдагы кайгылуу окуялардын натыйжасында курман болгон жана жоголгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө 1,0 млн. сомдон өлчөмүндө бир жолку берилүүчү материалдык жардам бөлүнгөн. Мындай жардамды бардыгы болуп жалпы суммасы 531,0 млн. сом суммасында 531 үй-бүлө алган.

20,0 миң сом өлчөмүндөгү бир жолу берилүүчү акчалай жөлөкпул (БАЖ) курман болгондордун 412 үй-бүлөсүнө бөлүндү, алардын жалпы суммасы 8,2 млн. сомду түздү. 50,0дөн 100,0 миң сомго чейинки өлчөмдөгү бир жолу берилүүчү материалдык жардам (БМЖ) 2270 жабырлануучуга бөлүнүп, жалпы суммасы 130,6 млн. сомду түздү.

Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга 3700 сомдон өлчөмдө кошумча ай сайын социалдык жөлөкпул (КАСЖ) төлөндү. Республикалык бюджеттин каражатынан апрель, май жана июнь окуялары боюнча КАСЖ төлөөгө бардыгы болуп 37,5 млн. сом (802 адамга) бөлүндү.

Социалдык тейлөө. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин тутумунда 15 жатак-үй иштейт, анын ичинен 14ү республикалык бюджеттин каражатынан, Бишкек кары-картаңдар жатак-үйү жергиликтүү бюджеттин каражатынан каржыланат. Азыркы учурда жатак-үйлөрдө 2327 камкордукка алынгандар багылат, анын ичинен кары-картаңдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар - 802, психоневрологиялык диагноз менен - 1138 чоң адам жана 387 бала.

Отчеттук мезгилде жатак-үйлөр жалпы суммасы 200,9 млн. сомго каржыланды.

2012-жылдын январь-декабрында бир кызматкерге номиналдык орточо айлык эмгек акы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 10891 сомду түздү жана 2011-жылга салыштырганда 16,5%га көбөйдү, ал эми керектөө баасынын индексин эсептөө менен эсептелген анын реалдуу өлчөмү 13,3%га өстү.

2012-жылы финансылык иштин, транспорт жана байланыштын, кен казуучу өнөр жайдын, электр энергиясын, газ жана суу өндүрүү жана бөлүштүрүү чөйрөсүндөгү кызматкерлердин эмгек акыларынын орточо республикалык деңгээли кыйла жогорулады. Ал эми алардын эң төмөнкү деңгээли айыл чарбасында, билим берүүдө, коммуналдык, социалдык жана жеке кызмат көрсөтүүлөрдө түзүлдү.

Жашоо минимумунун чоңдугу. 2012-жылдын IV кварталында өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда жашоо минимумунун чоңдугу 6,2%га өстү жана 4514,0 сомду түздү. Орточо алганда өткөн жылда жашоо минимуму 4341,2 сом өлчөмүндө түзүлдү, бул күтүлгөн көрсөткүчтөн 202,5 сомго аз. Эмгек акынын орточо өлчөмү жашоо минимумунун чоңдугун дээрлик 2,5 эсеге жабат. Эмгекке жарамдуу курактагы калк үчүн жашоо минимумунун чоңдугу орточо 2012-жыл үчүн - 4850,3 сом, ал эми пенсия курагындагы калк үчүн - 3858,3 сом.

 

 

20-таблица

2012-жылдын январь-декабрында социалдык чөйрөнү өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрү(15)

 

Көрсөткүчтөрдүн аталышы

Ченөө бирдиги

2011-ж. январь-декабры

2012-ж. январь-декабры

%

1

Номиналдуу эмгек акынын орточо айлык өлчөмү

сом

8908,0

10891,0

16,5

2

Жашоо минимуму

сом/айына

4390,0

4341,2

98,8

3

Эмгекке жөндөмдүү калктын жашоо минимуму

сом/айына

4920,7

4850,3

98,6

4

Мамлекеттик жөлөкпул алгандардын саны (16)

 

 

 

 

 

АКҮАЖ

миң адам

376,8

343,5

-8,8

 

АСЖ

миң адам

70,5

71,3

1,1

5

Мамлекеттик жөлөкпулдардын орточо өлчөмү(17)

 

 

 

 

 

АКҮАЖ

сом

304,9

463,7

52,1

 

АСЖ

сом

2011,5

2403,7

19,5

6

Мамлекеттик жөлөкпулдардын орточо өлчөмдөрүнүн катышы

 

 

 

 

 

Балдардын жашоо минимумуна карата АКҮАЖ

%

8,2

12,5

52,4

 

Жашоо минимумуна ара карата АСЖ

%

45,8

55,4

20,9

7

Социалдык төлөөлөрдү каржылоо

 

 

 

 

7.1

Мамлекеттик жөлөкпулдарды (АКҮАЖ, АСЖ)

млн. сом

2815,1

3256,9

15,7

7.2

Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсациялар

млн. сом

1417,5

1379,2

-2,7

Пенсиялык камсыздоо. 2012-жылдын 1-ноябрынан тартып пенсиянын орточо өлчөмү электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөөлөрдү эске алганда 4270 сомду түздү, бул күтүлгөн көрсөткүчтөрдөн 200 сомго көп. 2012-жылы пенсияны эки этап менен жогорулатуу аны өткөн жылга салыштырганда 14%га жогорулатууга мүмкүндүк берди.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - Соцфонд) тарабынан пландагы 17942,0 млн. сомдун ордуна 18795,7 млн. сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды, пландын аткарылышы 104,8%ды түзөт, бул суммалык туюнтулушта - 853,7 млн. сомго көп. 2011-жылга салыштырганда камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо 2586,7 млн. сомго же 16%га өстү.

Пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөөгө керектөөлөр 26781,5 млн. сомду түзүп, толугу менен каржыланды, 2013-жылдын 1-январына карата пенсияларды төлөө боюнча карыздар жок.

Аскер кызматчыларына пенсиялык төлөөлөргө, жеңилдетилген пенсияларга, пенсияларга үстөк акыларга жана электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөөлөргө республикалык бюджеттен милдеттүү акча каражаттары толук көлөмдө 10652,3 млн. сом суммасында түштү.

Ведомстволор аралык комиссия тарабынан 2011-жылдын 19-июлунда бекитилген 2011-2012-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында Соцфонд тарабынан пенсионерлерди республиканын коммерциялык банктарына которуу боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыккан.

Азыркы учурда Соцфонд тарабынан "Банк аралык Процессинг борбору" ЖАКы жана 9-коммерциялык банк ("Айыл Банк" ААКы, "ЭкоИсламикБанк" ААКы, "БТА Банк" ЖАКы, "Бакай Банк" ААКы, "Залкар Банк" ААКы, "Банк Азия" ЖАКы, РК "Аманбанк" ААКы, "Кыргыз инвестициялык-насыялык банк" ЖАКы, "ДоскредоБанк") менен бирдикте "Элкарт" улуттук төлөм системасы аркылуу пенсиялык банк карталарын тейлөө боюнча "Пенсионердин картасы" долбоору ишке киргизилди. Ошондой эле "РСК Банк" ААКы менен "Алай Кард" системасында пенсионерлердин эсеп-карталарын банктык тейлөөгө келишим түзүлгөн. Төлөм (пенсиялык) карталарын чыгаруу жана тейлөө, эсеп карталарынан акча каражаттарын накталоо пенсионерлер үчүн акысыз жүргүзүлөт, ошондой эле пенсионерлердин эсеп-карталарындагы калдыкка жылына 5% эсептелет.

2013-жылдын 1-январына карата республика боюнча пенсия алгандардын саны 565,5 миң адамды түзөт, алардын ичинен: 428,0 миң адам же жалпы санынын 75,7%ы "Кыргызпочтасы" МИ филиалдары аркылуу, 137,5 миң адам же 24,3%ы республиканын банктары аркылуу алат.

Жекелештирилген эсепке алуу. 2012-жылы жекелештирилген эсепке алууга республика боюнча 4905,7 миң адам (республиканын жалпы калкынын 92,7%ы) камтылган, алардын ичинен иштеген жарандар 1666,8 миң адамды же Кыргыз Республикасынын экономикалык жактан активдүү калкынын 95,1%ын түзөт.

2012-жылдын 1-январы - декабрында жекелештирилген эсепке алууга системасында 109565 жаран катталган.

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштеп жаткан 44158 пенсионерге 2011-жылы төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү үчүн пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү (ПК2) кайра эсептелүүдө.

1.6.2. Эмгек базары, жумуштуулук жана миграция

2012-жылдын ичинде чет өлкөдө жумушка орноштурууну кошкондо, республиканын калкынын жумушсуз бөлүгүн ишке орноштурууга көмөк көрсөтүүгө, качкындардын проблемаларын чечүүгө, жаштардын ишке орношуусун жана бош убакытын уюштурууга, гендерлик саясат чөйрөсүндө иш-чараларга багытталган практикалык иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча иштер жүргүзүлгөн.

Эмгекке жарамдуу курактагы калктын үлүшү 2005-жылдын башталышындагы 57,9%дан 2012-жылдын башталышына карата 61,0%га чейин көбөйгөн. Экономикалык жактан активдүү калк 2490,1 миң адамды(18) түзөт, экономикалык жактан активдүү калктын ичинен иштегендер - 2277,7 миң адам же экономикалык жактан активдүү калктын 91,5%ы. Жумушсуздардын саны - 212,4 миң адам.

2012-жылдын жыйынтыгы боюнча республикада 88216 жаңы жумуш оруну түзүлгөн. Түзүлгөн жумуш орундарынын ичинен 6,9%ы - иштеп жаткан ишканаларда (формалдуу сектордо - 6122 жумуш орун), 93,1%ы - формалдуу эмес сектордо (жеке ишкерлер жана дыйкан, фермер чарбалары - 82094).

Ошентип, эң көп сандагы жумуш орундары (көбүнчө формалдуу эмес сектордо) айыл чарбасында жана соодада түзүлгөн. Формалдуу сектордогу жумуш орундарынын эң көбү өнөр жай ишканаларында, курулушта, ошондой эле билим берүү системасында түзүлөт. Олуттуу орунду соода ээлейт, мында бардык жумуш орундарынын 30%дан ашыгы түзүлгөн.

Жумушсуздук. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында катталбагандарды кошкондо жумушсуз жарандардын жалпы саны 212,4 миң адамды түздү, бул 2011-жылдын деңгээлине туура келет.

Жумушсуздуктун жалпы деңгээли 8,5%ды түзүп, 2012-жылы өзгөргөн жок. Жалпы жумушсуздуктун эң жогорку деңгээли Ош - 10,7%, Баткен - 10,6%, Нарын - 10,3% жана Чүй - 9,9% облустарында белгиленген.

Республика боюнча иш менен камсыз кылуу кызматтарында эсепте тургандардын саны 95,3 миң адамды түзгөн, алардын ичинен жумушсуз деген расмий макамы барлар - 60,4 миң адам.

2012-жылы иш менен камсыз кылуу кызматтарына иш берүүчүлөрдөн 53,9 миң бош орундары түшүп, республика боюнча 1 жумуш ордуна талапкерлердин саны орточо 13 адамды түзгөнүнө карабастан 7 миңден ашык бош орунга эч ким барган жок.

2012-жылы калкты иш менен камсыз кылуу кызматтарына 142,8 миң адам кайрылды, бул 2011-жылга салыштырганда 3116 адамга аз. Кайрылгандардын ичинен 71,3 миң адам иш издегендер катары катталып, 71,5 миң адам консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү алышты. 2013-жылдын 1-январына карата иш менен камсыз кылуу кызматтарында 95,2 миң жумушсуз каттоодо турат. Алардын ичинен 60,4 миң адам жумушсуз деген расмий макамга ээ, бул өткөн жылдагыга караганда 707 адамга көп. Каттоодо тургандардын жана жумушсуз деген расмий макамы барлардын ичинен жаштар 43,1%ды (26,4 миң адам), аялдар - 51%ды (30,7 миң адам) түзөт.

Иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызматтарынын көмөгү менен 2012-жылы бардыгы 39,6 миң адам ишке орноштурулду, бул 2011-жылга караганда 7%га аз.

2012-жылы жумушсуздук боюнча жөлөкпул алган жумушсуздардын саны 888 адамды түздү, бул 2011-жылга караганда 204 адамга же 18,7%га аз.

2012-жылы активдүү чараларга (кесиптик окутуу, коомдук акы төлөнүүчү иштер, чакан насыялоо) 30,8 миң жумушсуз тартылган, алар расмий жумушсуз макамына ээ болгондордун 51%ын түзөт.

Кесиптик окутуу. Жумушсуздардын ичинен 6514 адам кесиптик окутууга/кайра окутууга жиберилди, бул 2011-жылга караганда 24%га же 2080 адамга аз. Кесиптик окутууга жиберилгендердин ичинен 65%дан ашыгын жаштар (4236 адам) түзөт. Кесиптик окутуудан кийин ишке орноштуруу 87%дан ашыкты түзөт (5661 адам), алардын 62%ы (3541 адам) жаштар.

2012-жылы коомдук акы төлөнүүчү иштерге 19861 жумушсуз жолдомо алган, бул 2011-жылга караганда 23%га же 5946 адамга аз.

Жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылууну көбөйтүү жана ишкердикти өнүктүрүүгө дем берүү максатында чакан насыя берүү агенттиктери тарабынан жумушсуз жарандарга чакан насыялар берилет. 2012-жылы иш менен камсыз кылуу кызматтары аркылуу алынган чакан насыялардын эсебинен 4479 адам жаңы жумуш орундарын түзүштү, бул 2011-жылга караганда 2502 адамга көп. Орточо алганда бир жумушсузга 10 миңден 30 миң сомго чейин жылдык 15% менен 1 жыл мөөнөткө берилет.

Миграция. 2012-жылы демографиялык кырдаал калктын тышкы миграциялык активдүүлүгүнүн олуттуу төмөндөөсү менен мүнөздөлдү. Алсак, республикага туруктуу жашоого 5532 адам келсе, 13019 адам чыгып кеткен, миграциялык агым (-)7487 адамды түзгөн. Мурункудай эле, тышкы миграциялык чыгып кетүүнүн кыйла жогорку ургаалдуулугу Чүй (10 миң тургунга 55,8 адам), Талас (10 миң тургунга 23,3 адам) облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында (10 миң тургунга 37,6 адам) белгиленди.

1.6.3. Саламаттык сактоо

2012-жылдын жыйынтыгы боюнча демографиялык жагдай төрөлгөндөрдүн көрсөткүчүнүн өсүүсүнүн туруктуу тенденциясы менен мүнөздөлдү, ал 1000 адамга 27,6ны түздү (2011-жылы - 27,1). Калктын табигый өсүү көрсөткүчүнүн тенденциясы сакталууда, ал 1000 адамга 21,1ди (2011-жылы - 20,6%) түздү.

Калктын өлүмгө учуроосунун жалпы көрсөткүчү 1000 адамга 6,5ти түзүп өзгөргөн жок (2011-жылы - 1000 адамга 6,5).

Калктын өлүмгө учуроосу негизги себеби кан айлануу системасынын оорулары болуп калды - 51,3% (2011-жылы - 50,1%), өлүмдүн тышкы себептери - 9,6% (10,1%), шишик пайда болуулар - 9,2% (9,4%), дем алуу органдарынын оорулары - 7,0% (7,2%), тамак-аш сиңирүү органдарынын оорулары - 6,8% (6,7%), инфекциялык жана мите оорулары - 2,6% (2,9%).

Ымыркайлардын өлүмгө учуроо көрсөткүчү 2012-жылы тирүү төрөлгөндөрдүн 1000не карата 20ны түздү (2011-жылы - тирүү төрөлгөндөрдүн 1000не карата 21,1).

Ымыркайлардын жана балдардын өлүмүнүн көрсөткүчүн азайтуу натыйжалуу перинаталдык багуу жана жаңы төрөлгөндөрдүн реанимациясы, иммунопрофилактика программалары, балалык курактагы ооруларды интеграциялап дарылоо жана "Гүлазык" азыктандыруу программаларын ишке киргизүүгө байланыштуу болду.

Балдарда кыйла кеңири тараган ооруларды дарылоо стационарларда медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу максатында "Чектелүү ресурстар шартында балдарда кыйла кеңири тараган ооруларды дарылоо боюнча стационардык медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу" программасы бекитилген. Азыркы учурда Программа республиканын 10 пилоттук ооруканаларында ишке киргизилүүдө.

2012-жылы республикада энелердин өлүмгө учуроо көрсөткүчүнүн бир аз өсүшү белгиленүүдө, ал тирүү төрөлгөндөрдүн 100000не 47,6 түздү (2011-жылы - 47,5).

2012-жылы алдын алуучу эмдөөнүн бардык түрү менен камтуу 95,2%дан ашыкты түздү, бул республикага вакциналык препараттардын үзгүлтүксүз келип турушу, муздаткычтардын иштешин сактоо жана эмдөө иштерин туура уюштуруунун натыйжасында болду.

2012-жылы курч кармаган респиратордук-вирустук инфекцияны кошкондо, инфекциялык жана мите оорулары менен ооруган 304,2 миң учур катталды. Инфекциялык жана мите ооруларынын түзүмүндө курч респиратордук-вирустук инфекция басымдуулук кылды (63,7%). Оорулардын жалпы санында ичеги-карын инфекциясынын үлүшүнө - 11,1%, вирустук гепатит - 7,4%, кургак учук - 1,9%, бруцеллез - 0,8% жана жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар - 0,4% туура келди.

Отчеттук мезгилде кызылча, полиомиелит, кептөөр менен ооруган учурлар белгиленген жок. Бирок, В гепатити менен ооругандардын - 2011-жылдагы 549дун ордуна 565, эпидпаротит менен ооругандардын - 2011-жылдагы 300дүн ордуна 377 учуру катталды, бул вакцинациянын бустердик дозасынын жоктугу менен байланышкан. Көк жөтөл менен ооругандардын саны бир аз төмөндөдү - 2011-жылдагы 77нин ордуна 63 учур. Кызамык менен ооруган 6 учур белгиленди.

2012-жылы 2011-жылга салыштырганда (100 миң калкка эсептегенде) ич келте, бруцеллез, котон жара, көк жөтөл, сальмонеллез инфекциялары жана сүзөк менен ооругандар азайды. Муну менен бирге, эпидемиологиялык жагдай сасык тумоо, вирустук гепатит, эпидемиялык сактоо, бактериялуу дизентерия, курч кармаган респиратордук-вирустук инфекциялар, ичеги-карын инфекциялары, АИВ-жуктургандар, эхинококкоз, педикулез жана кургак учук ооруларынын өсүшү менен мүнөздөлдү.

2013-жылдын 1-январына карата республика боюнча АИВ жуктурган 4611 жаран аныкталды, алардын ичинен Кыргыз Республикасынын жарандары - 4413, чет өлкөлүк жарандар - 198, ЖИТС менен ооруган жарандардын саны - 532 адамды түздү. Бардык каза болгондор - 706 оорулуу, анын ичинде ЖИТСтен - 247 (2011-жылы тиешелүү түрдө - 539 адам жана 194 адам).

Мамлекеттик дары саясаты. Дары каражаттары менен камсыздоону 3001 фармацевттик уюм жүзөгө ашырат: 957 дарыкана, 1235 дарыкана пункттары, 64 ДПУ (дарылоо-профилактикалык уюмдардын) дарыканалары, 270 дарыкана киосктору, 38 оптика дүкөндөрү, 21 МББ (медициналык багыттагы буюмдар) дүкөнү, 260 дүң кампалар жана 116 МББ кампалары, 40 өндүрүштүк уюмдар.

2013-жылдын 1-январына карата 7650 аталыштагы фармацевттик продукция, анын ичинде 5537 - дары каражаттар, 2113 - МББ катталган жана медициналык практикада пайдаланууга уруксат берилген.

2012-жылы дары каражаттарын сертификаттоо боюнча органдар тарабынан 35169 аталыштагы фармацевттик продукцияга сертификат берилген. 98 аталыштагы дары каражаттары бракка чыгарылган, анын жалпы суммасы - 21,2 млн. сом.

Медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу максатында 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкү токтомдорду кабыл алган:

- 2012-жылдын 27-мартындагы № 209 "Адистештирилген жардам берген саламаттык сактоо уюмдарын Бирдиктүү төлөөчү системасындагы каржылоого которуу жөнүндө";

- 2012-жылдын 24-майындагы № 309 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2012-2016-жылдарга карата "Ден соолук" улуттук программасы жөнүндө";

- 2012-жылдын 28-майындагы № 326 "Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолору киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө";

- 2012-жылдын 11-июнундагы № 389 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 7-майындагы № 287 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондун түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу";

- 2012-жылдын 28-июлундагы № 456 "Иоддоштурулган тамак-аш тузунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент тууралуу";

- 2012-жылдын 16-августундагы № 569 "Байытылган ундун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент тууралуу";

- 2012-жылдын 16-августундагы № 570 "Кыргыз Республикасынын алыскы райондорунда, чакан шаарларында жана айыл жергесиндеги саламаттык сактоо уюмдарында иштеген дарыгерлерге кошумча түрткү берүү чаралары жөнүндө";

- 2012-жылдын 9-октябрындагы № 693 "Кыргыз Республикасында жашоого маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө";

- 2012-жылдын 9-ноябрындагы № 690 "Жеке медицинаны өнүктүрүү жана секторлор аралык келишимдик мамилелерди эске алып, саламаттык сактоо системасын өркүндөтүү концепциясын бекитүү жөнүндө".

Төмөнкү медициналык мекемелердин объекттеринин курулушу жүрүп жатат:

- Улуттук госпиталдын дарылоо корпусу КЭР Өкмөтүнүн финансылык жардамынын эсебинен, жалпы сметалык наркы - 10,5 млн. АКШ долл. Улуттук госпиталдын дарылоо корпусунун жалпы аянты 5547 кв.м болгон 150 орундуу 6 кабат имараты курулду;

- Ош шаардык Үй-бүлөлүк медицина борборунун (ҮМБ) имараты (Түркия Республикасынын гранты - 89,0 млн. сом).

Жалал-Абад облусунда 18 орундуу Түштүк региондук жүрөк-кан тамыр хирургиясынын борбору ачылды. Ысык-Көл бириккен облустук ооруканасынын "Ак-Суу" реабилитациялык бөлүмү 48 млн. сом суммасына капиталдык оңдоо аяктады.

Республиканын калкына алгачкы медициналык-санитардык жардамды 66 ҮМБ, 26 жалпы дарыгердик практика борборлору көрсөтөт, аларда 688 үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору (ҮДТ) иштейт, алардын ичинен 17си өз алдынча юридикалык жактар болуп эсептелет жана 1003 фельдшердик-акушердик пункт иштейт (2012-жылдын 1-январына карата - 998).

ҮМБ/ҮДТда 2012-жылы республика боюнча дарылоо-алдын алуучу уюмдарга келгендердин саны азайгандыгы байкалып, 20864069ду түздү, бул 2011-жылы 20207755 болуп, 656314 адамга азайган. Азаюу бардык облустар боюнча байкалат, буга Чүй облусу (+144724), Ош облусу (+126092) жана Ош ш. (+172989) кирбейт.

Республиканын калкына стационардык жардамды 25938 орундуу 141 саламаттык сактоо уюму көрсөттү. 2012-жылы республиканын стационарларынан 860745 пациент дарылоо курсунан өтүштү, бул 2011-жылга караганда 2093кө аз (862838). Көрсөткүчтүн азаюусу Бишкек шаарында (-1448), Ош шаарында (-595) жана Ош облусунда (-1498) ооруканага жаткыруулардын азаюусунун эсебинен болду.

1.6.4. Билим берүү жана илим

2013-жылдын 1-январына карата өлкөдө 819 мектепке чейинки мекеме иштейт, аларга 115,8 миңден ашык бала барат; окуучуларынын саны 1012,3 миң болгон 2204 мектеп; окуучуларынын саны 83,3 миң болгон орто кесиптик билим берүүчү 132 билим берүү уюму жана студенттеринин саны 231,6 миң болгон жогорку кесиптик билим берүүчү 52 билим берүү уюму бар.

Балдарды мектепке даярдоо программасы жана окутуу 240 саатка эсептелген программага методикалык сунуштар кабыл алынган (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 601 токтому).

Жалпы билим берүүчү мектептердин базистик окуу планын оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 202 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарында мектептик окуу жүктөмүн этабы менен кыскартуу жөнүндө" токтому кабыл алынган, ага ылайык 2012-2012-окуу жылында жумалык жүктөм 2011-2012-окуу жылындагы жумалык жүктөмгө салыштырганда 21 саатка кыскартылды. Окуу сааттарын ушундай кыскартуу окуучуларга жүктөмдүн олуттуу азайышына мүмкүндүк берет, билим берүүгө кайра инвестициялануучу бюджеттик каражаттарды байкалаарлык үнөмдөйт (жылына 275,4 млн. сом эсебинде).

2020-жылга чейин Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы, 2012-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы жана 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы бекитилген (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 201 токтому).

Стратегиянын негизги максаты билим берүү системасын туруктуу өнүктүрүү үчүн көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатууга ички жана тышкы ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жолу менен шарттарды түзүү болуп эсептелет.

2012-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорун окутуунун эки деңгээлдүү системасына өткөрүү башталды (бакалавр-магистр). Азыркы мезгилде окутуунун бардык багыттары боюнча бакалавриат үчүн жаңы муундагы стандарттар иштелип чыкты.

Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандарты бекитилди (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 742 токтому).

1365 мектеп балдарды мектепке даярдоону уюштуруу үчүн эмерек менен жабдылды.

Балдарды мектепке даярдоо программасына бала бакчага барбаган балдардын 96%ы тартылды. Алардын 102606сы 2012-2013-окуу жылында окуй баштаган биринчи класстын окуучулары, даярдоо программасынан 98110 бала өттү, алардын ичинен: мектепке чейинки билим берүү уюмдарында - 13922, 240 сааттыктан - 53405 бала, 100 сааттыктан - 30783 бала.

Балдарды мектепке даярдоо класстарында иштөө үчүн 3 миңден ашык мугалим квалификациясын жогорулатты.

Мектептик билим берүүдө 2012-жылы төмөнкүлөр кыйла маанилүү болду:

- Бишкек жана Ош шаарларын жан башына каржылоо принцибине которуу иш-чаралары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 202 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарында мектептик окуу жүктөмүн этабы менен кыскартуу жөнүндө" токтому кабыл алынды;

- I жарым жылдыгында жалпы тиражы 655 миңден ашуун нуска менен 9 аталыштагы окуу китептери чыгарылып, мектептерге жеткирилген.

- Республиканын мектептеринин технологиялык жабдылышын жогорулатууга жана билим берүүнүн саатын жогорулатууга багытталган "100 инновациялык мектеп" долбоорун ишке ашыруу үчүн жабдуулардын тизмеги жана өз алдынчалыгы иштелип чыкты.

Кесиптик билим берүүдө эмгек базарына тезирээк чыгуу жана аны ортоңку звенодогу талап кылынган кадрлар менен камсыз кылуу максатында, бардык адистиктерге окутуунун мөөнөттөрүн кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алынды, буга медициналык, авиациялык, ошондой эле маданият маселелери менен байланышкан адистиктер кирбейт.

Жогору кесиптик билим берүүдө жогорку кесиптик билими бар кадрларды даярдоого республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттарды кыйла натыйжалуу пайдалануу, ЖОЖдор менен кызыкдар болгон жумуш берүүчүлөрдүн ортосундагы социалдык өнөктөштүктү чыңдоо, ошондой эле республикалык бюджеттин эсебинен окутулуучу ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштуруу жол-жоболорун тартипке келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 331 "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерин даярдыктын багыттары жана адистиктер боюнча окутууну каржылоо механизмин бекитүү жөнүндө" токтому кабыл алынды.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү мекемелери боюнча пландагы 2345,9 млн. сомдун ордуна 2334,0 млн. сомду түздү же 99,4% болду(19).

Илим жаатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2012-жылы тармактык илимдердин жана ЖОЖдордун 49 илим-изилдөө мекемелери каржыланды, аларда 198,544 млн. сом суммасына 143 илим-изилдөө долбоорлору ишке ашырылууда.

Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү интеллектуалдык менчикти коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча иш жүргүздү.

Мисалы, 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына (мындан ары - Кыргызпатент) каттоо үчүн 5183 арыз түшкөн, анын ичинен: ойлоп табуулар - 113, пайдалуу хмоделдер - 17, улуттук процедуралар боюнча өнөр жайлык үлгүлөр - 36, Гаага макулдашуусу боюнча өнөр жайлык үлгүлөр - 114, улуттук процедура боюнча товардык белгилер - 703, Мадрид макулдашуусунун процедурасы боюнча товардык белгилер - 4091, Кыргызпатент аркылуу берилген эл аралык арыздар - 4, товарлардын чыгарылган жеринин аталыштары - 1, фирмалык аталыштар - 30, рационализатордук сунуштар - 72, салттуу билимдердин объекттери - 1, селекциялык жетишкендиктер 1.

2012-жылы баардыгы болуп Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик реестрлеринде өнөр жайлык менчиктин 882 объекти катталган, анын ичинде: ойлоп табуулар - 103; пайдалуу моделдер - 14; өнөр жайлык үлгүлөр - 11; улуттук процедура боюнча товардык белгилер - 672; товарлардын чыгарылган жеринин аталыштары - 5; фирмалык аталыштар - 25; рационализатордук сунуштар - 50; жалпы белгилүү товардык белгилер - 1; салттуу билимдердин объекттери - 1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик реестрлеринде катталган объекттердин саны 10,1% көбөйдү.

Отчеттук мезгилде автордук укук жана чектеш укуктар объекттер каттоого 264 арыз түшкөн, ЭЭМ үчүн программаларды каттоого 25 арыз түшкөн.

2012-жылдын 31-декабрына карата Кыргыз Республикасынын аймагында коргоодо тургандар: ойлоп табуулар - 3003, анын ичинен евразиялык патенттер - 2662; пайдалуу моделдер - 44; өнөр жайлык үлгүлөр - 5458, анын ичинен Гаага макулдашуусунун процедуралары боюнча - 5370; улуттук процедура боюнча товардык белгилер - 8850; Мадрид макулдашуусунун процедурасы боюнча товардык белгилер - 49215; фирмалык аталыштар - 326; товарлардын чыгарылган жеринин аталыштары - 13; рационализатордук сунуштар - 660; жалпы белгилүү товардык белгилер - 9; салттуу билимдердики - 4; селекциялык жетишкендиктер - 11.

2012-жылдын 31-декабрына карата Мамлекеттик реестрге 1827 автор, 4268 чыгарма, ЭЭМ үчүн 260 программа, 17 маалыматтык база киргизилген.

Автордук акылардын алынышы 2012-жылы 5509490,25 сомду түздү. 2012-жылы 4617 нуска аудиовизуалдык продукцияга жасалма эместигине карата текшерүү жүргүзүлдү.

2012-жылдын ичинде өнөр жайлык менчик объекттерине, селекциялык жетишкендиктерге коргоо документтерин өткөрүп берүү жөнүндө, аларды пайдалануу укугун берүү жөнүндө 81 келишим катталды, ошондой эле автордук укук жана чектеш укуктар укугун пайдаланууга 251 лицензиялык макулдашуу катталды.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы интеллектуалдык менчик тармагындагы 23 көп тараптуу эл аралык келишимдин, 17 көп тараптуу өкмөттөр аралык келишимдин, ошондой эле интеллектуалдык менчик тармагындагы 39 эки тараптуу ведомстволор аралык макулдашуунун катышуучусу.

2012-жылы Кыргызпатент менен Польша Республикасынын Патент ведомствосунун ортосунда өнөр жайлык менчикти коргоо тармагындагы макулдашууга кол коюлду; Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму менен интеллектуалдык менчик боюнча ведомство көрсөтүүчү кызматтарды өнүктүрүү тармагында кызматташуу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы токтому менен бекитилген 2012-2016-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча макулдашууларга кол коюлду.

2012-жылдын февралында Кыргызпатент менен КЭРдин Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик башкармасынын ортосунда интеллектуалдык менчикти коргоо жөнүндө маалымат алмашуу боюнча кызматташуунун планына кол коюлду.

Инновацияларды өнүктүрүү максатында инновациялар чөйрөсүндөгү нормативдик укуктук актыларга инвентаризация жүргүзүлдү; эл аралык тажрыйба изилденди; 2012-жылдын июлунда Кыргызпатент менен "Скольково" фондунун ортосунда Кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында Инновация боюнча мамлекеттик кеңеш түзүлдү. Инновациялык ишти андан ары өнүктүрүүнүн концепциясын иштеп чыгуу үчүн өлкөдө инновациялык өнүгүүнү талдоо боюнча иш башталды.

Бишкек шаарында жана региондордо интеллектуалдык менчикти башкаруу жана коммерциялаштыруу маселелери боюнча семинарлар, "тегерек үстөлдөр" жана конкурстар өткөрүлдү. Улуттук илимдер академиясы менен бирдикте "Инновация 2012" деп аталган II республикалык көргөзмө-конкурс өткөрүлдү. Жыл сайын ойлоп табуучуларга инновациялык долбоорлорду колдоого, тажрыйбалык үлгүлөрдү жаратууга, арыз берүүдө алым төлөөгө, мунун ичинде чет өлкөлөрдө төлөөгө финансылык жардам көрсөтүлөт.

2012-2016-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында интеллектуалдык менчик тармагындагы нормативдик укуктук база өркүндөтүлдү (6 мыйзамды, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 4 токтомун кабыл алууга демилге көтөрүлдү), инновациялык, ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке колдоо көрсөтүлдү, коомдун интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсүндөгү маалымдуулук деңгээли жогорулатылды.

Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө укук колдонуу практикасын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын башкы прокуратурасынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы окуу борборлору менен интеллектуалдык менчикке укукту коргоо маселеси боюнча кызматташуу жүргүзүлүп жатат.

Чакан жана орто ишканалардын инновациялык ишин өнүктүрүүгө маалыматтык көмөктөшүүгө, элдин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудуруучу жасалма продукциянын таралышына каршы чара көрүүгө, жаштар жана мектеп окуучулары арасында ойлоп табуучулукту жана чыгармачылыкты колдоого (Бишкек ш. жана Чүй облусунда балдар үчүн техникалык жана көркөм чыгармачылык ийримдери ачылды), ошондой эле элдин салттуу билимдерин сактоого арналган долбоорлор ишке ашырылып жатат.

2012-жылдын октябрында Ош мамлекеттик социалдык университетинде Технологияларды жана инновацияларды колдоо боюнча борбор ачылды; 363 адамдын катышуусу менен патенттик жана патенттик эмес маалымат боюнча окутуучу тренингдер өткөрүлдү. 2012-жылы чакан жана орто ишканалардын суроолору боюнча интеллектуалдык менчик жана патенттик маалыматты издөө боюнча 810 консультация берилди. Ойлоп табуучулардын, аспиранттардын жана студенттердин суроолору боюнча интеллектуалдык менчиктин объекттерине улуттук арызды түзүү жана патенттик маалыматты издөө боюнча консультациялар өткөрүлдү (баардыгы 3505 суроо түшкөн).

Укук ээлерине интеллектуалдык менчикке укугун коргоо боюнча укуктук консультациялар такай негизде берилип жатат. 2012-жылы 200гө жакын консультация берилди.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-майындагы № 277 токтомунун редакциясына ылайык)

1.6.5. Жаштар жана гендердик саясат

2013-жылдын башталышына карата жаштардын саны (курактык топ 14-28 жаш) 1679 миң адамды же республиканын бүткүл калкынын 30%ын жана экономикалык активдүү калктын 68%ын түзөт. Бүгүнкү күндө жаштар кабылып жаткан негизги проблемалардын бири - бул жумушсуздук проблемасы. Расмий жумушсуздардын ичинде жумушсуз жаштардын үлүшү 43,5%ды түзөт.

2012-жылы республиканын ишке орноштуруу кызматтарына болжол менен 68 миң жаштар иш издеп кайрылышкан. Жаштардын ичинен 36 миңден ашыгы консультациялык жардам алышкан. Региондордогу жергиликтүү эмгек базарларындагы активдүү чараларга 13 миңден ашык жаштар тартылган.

Жаштарды жумушка орноштурууга көмөктөшүү боюнча чоң иштерди Жаштардын эмгек биржасы жүргүзүүдө. Түрдүү маселелер боюнча Жаштардын эмгек биржасына жана региондордогу Жаштардын эмгек биржасына 2012-жылы 6648 адам, анын ичинде 3062 кыз-келин кайрылган. Бардык кайрылгандар менен кесипке багыттоочу жана психологиялык консультациялар өткөрүлгөн. Жалпы кайрылгандардын ичинен 3147 адам ишке орноштурулган.

Республиканын региондорунда 23 жаштар борбору иштейт, аларда түрдүү багыттар боюнча жаштар менен иш жүргүзүлөт. 2012-жылы 2015-жылга чейинки жаштар саясатынын мамлекеттик стратегиясы кабыл алынган (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 640 токтому).

Гендерлик саясат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы № 443 токтому 2020-жылга чейин гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясы жана 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планы кабыл алынган.

2012-жылы республикада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Гендерлик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлгөн, ал гендерлик өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну координациялоочу, ошондой эле гендерлик өнүктүрүү маселелери боюнча макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу үчүн аналитикалык, эксперттик иштерди жүргүзүүчү координациялык, консультативдик, кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

2012-жылы Кыргыз Республикасы БУУнун комитетине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-декабрындагы № 872 токтому менен жактырылган Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУнун конвенциясынын ченемдерин аткаруу боюнча төртүнчү мезгилдүү баяндаманы берди.

1.6.6. Маданият

2012-жылы Кыргызстан өзүнүн ЮНЕСКОго мүчөлүгүнүн тарыхында алгачкы жолу материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча ЮНЕСКОнун өкмөттөр аралык комитетине мүчө болуп шайланган.

"Шырдак" жана "Ала кийиз" номинациялары ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдүү тизмесине киргизилди.

Тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү максатында "Манас" эпосу үчилтигинин номинациялык файлы даярдалды жана ЮНЕСКОнун штаб-квартирасына жиберилди.

ЮНЕСКОнун бүгкүл дүйнөлүк жаратылыш жана маданий мурастарынын тизмесине киргизүү үчүн Улуу Жибек Жолу эстеликтеринин сериялык трансчекаралык номинацияларын даярдоо жана илгерилетүү боюнча иштер жүргүзүлдү, буга "Чүй өрөөнүнүн жогору жагындагы орто кылымдагы шаарлар: Кызыл Суу (Невакет), Ак-Бешим (Суяб), Бурана (Баласагын)" артыкчылыктуу сериялары кирет.

Казакстан тарап менен биргеликте ЮНЕСКОнун Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдүү тизмесине киргизүү үчүн "Айтыш - төкмөчүлүк өнөрү" жана "Боз үй жасоо боюнча салттуу билимдер" номинациялары жиберилди.

10 өлкөнүн атынан "Ноорузду" майрамдоонун көп улуттуу номинациялык файлы ЮНЕСКОнун Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдүү тизмесине киргизүү үчүн жиберилген.

Отчеттук мезгилде маданият чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында төмөнкүлөр кабыл алынды:

- "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 25-июнундагы № 143 Мыйзамы;

- "Материалдык эмес маданий мурастар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 25-июнундагы № 163 Мыйзамы.

Маданият жаатындагы укуктук актыларды колдонулуудагы мыйзамдарга ылайык келтирүү, ошондой эле алардагы карама-каршылыктарды жоюу максатында "Кыргыз Республикасынын музейлери жана музей фонду жөнүндө", "Басма иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору даярдалды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору кабыл алынды:

- "Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасы жөнүндө" 2012-жылдын 31-январындагы № 67;

- "Кыргыз улуттук консерваториясына К.Молдобасановдун ысымын ыйгаруу жөнүндө" 2012-жылдын 2-ноябрындагы № 766.

Эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун жана эл акыны Майрамкан Абылкасымованын юбилейлик иш-чаралары өткөрүлдү. Ошондой эле Гапар Айтиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлдү.

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын 70-жылдыгынын алкагында партитура калыбына келтирилип жана жаңыртылган "Чолпон" балети коюлган. Ч.Айтматов атындагы сейил багына көрүнүктүү мамлекеттик ишмер М.Аммосовго 115 жылдыгына карата эстелик орнотуу боюнча иш жүргүзүлдү.

Ж.Садыковдун 80 жылдыгына арналган театр жумалыгы, ошондой эле генерал Ысакбек Монуевдин 110 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлдү.

Белгилүү манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына карата 2013-жылы жана 2014-жылы юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө даярдануу иштери жүрүп жатат.

Эл аралык кызматташтык чөйрөсүндө:

- Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий мамилелерди бекемдөө максатында Кыргызстанда жана Түркияда белгилүү сүрөтчүлөрдүн көргөзмөлөрү өткөрүлдү;

- 2012-жылдын 6-июнунда Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги менен КЭРдин Маданият министрлигинин ортосунда эки тараптуу деңгээлде жолугушуу өттү, анын жүрүшүндө 2012-2015-жылдарга министрликтердин ортосундагы кызматташтык программасына кол коюлду;

- 2012-жылдын 29-июнунда Чолпон-Ата шаарында Ч.Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борборунда Евразия экономикалык коомдоштуктун Интеграциялык комитетинин алдындагы Маданият боюнча кеңештин VI отуруму өттү;

- өткөрүлдү: Кыргыз Республикасында Казакстан Республикасынын маданият күндөрү; Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын маданият күндөрү; Кыргыз Республикасында Саха (Якутия) Республикасынын маданият күндөрү.

Түрк тилдүү мамлекеттер башчыларынын саммитинин алкагында 2012-жылдын августунда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 423-б буйругу менен жактырылган Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын Өкмөттөрүнүн ортосунда Түрк маданиятын жана түрк мурасын коргоону колдоо фондунун уставына кол коюлган.

Европа кеңеши менен кызматташуу программасынын алкагында Европа кеңеши тарабынан 398000 евро суммасында каржылануучу "Региондук кызматташтык, интеграция жана эл аралык тарамдар аркылуу Борбордук Азиянын музыкалык маданиятын чыңдоо" долбоору старт алган. Кыргызстандан негизги мекеме болуп Мукаш Абдраев атындагы орто-атайын мектеп-интернаты чыгат.

Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясынын концерттик залын реконструкциялоо аяктады, анда "Маданият чөйрөсүндөгү аз масштабдуу гранттык жардам" программасынын алкагында Япония Өкмөтү тарабынан жардам катары кайтарымсыз түрдө бөлүнүп берилген 88912 АКШ доллары суммасына жарактандыруучу жана үн берүүчү жабдуулар орнотулду.

Азыркы учурда Москва шаарында Кыргыз илим жана маданият үйүн ачуу боюнча маселени иштеп чыгуу жүрүп жатат.

1.6.7. Спорт жана дене тарбия

2012-жылы республиканын курама командалары 86 эл аралык спорттук мелдештерге катышты.

Эл аралык мелдештерде ата мекендик спортчулар 42 алтын, 39 күмүш жана 77 коло медал жеңип алышты.

Отчеттук мезгилде төмөнкү спорттук-массалык иш-чаралар өткөрүлдү:

- 2012-жылдын 22-25-мартында бильярд спорту боюнча "Айкалыштырылган пирамида" дүйнөлүк чемпионаты болуп өттү, ага 16 өлкөдөн 100гө жакын спортчу катышты. Чемпионаттын байге фонду: I орунга - 8000 АКШ долл; II орун - 5000 АКШ долл; III орун - 2500 АКШ долларын түздү;

- 2012-жылдын 11-21-июнунда Ысык-Көлдүн жээгинде ФИДЕ Президентинин байгелерине шахмат боюнча Борбордук Азия өлкөлөрүнүн II Кубогу өткөрүлдү;

- 2012-жылдын 4-12-сентябрында Ысык-Көл облусунун аймагында "Достук-тынчтык жана ден соолук" урааны менен КМШга катышкан мамлекеттердин VIII эл аралык спорт оюндары өткөрүлдү.

2012-жылда спорт жана дене тарбия жаатындагы төмөнкү ченемдик укуктук актылар кабыл алынды:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн:

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдында Кыргыз Республикасында Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча республикалык борбор түзүү жөнүндө" 2012-жылдын 15-февралындагы № 96 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 684 "2011-2016-жылдарга Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү артыкчылыктары" концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 243 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" 2012-жылдын 21-июнундагы № 435 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 657 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-июнундагы № 435 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн:

- "Кыргыз Республикасынын спортчуларын 2012-жылы Лондон (Улуу Британия) шаарында өтө турган XXX Олимпиадалык оюндарга ийгиликтүү даярдоону жана катышууну камсыз кылуу жөнүндө" 2012-жылдын 29-февралындагы № 63-б буйругу;

- "Эркин, грек-рим жана аялдар күрөшү боюнча Азиянын биринчилигине даярдануу жана аны Бишкек шаарында өткөрүү жөнүндө" 2012-жылдын 5-апрелиндеги № 133-б буйругу.

1.6.8. Маалыматтык саясат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отчеттук мезгилде маалыматтык саясат чөйрөсүндө төмөнкү маселелерди чечүүнүн үстүндө иштеди:

- улуттук коопсуздук маселелерин эске алуу менен маалыматтык чөйрөнү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик маалыматтык саясатты жүргүзүү;

- мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарын реформалоо;

- санариптик телерадиоберүүгө өтүүгө даярдык көрүү, санариптик берүүгө өтүүдө телерадиокомпанияларды лицензиялоо маселелерин чечүү;

- cоциалдык пакетти түзүү маселелерин чечүү жана ага телерадиоуктуруучулардын кирүү шарттарын иштеп чыгуу;

- мамлекеттик облустук жана райондук гезиттерди, 7 облустук телерадиокомпанияларды, "ЭлТР", "Мир", "Бешинчи канал", "Пирамида" телерадиокомпанияларын өнүктүрүү саясатын аныктоо, ошондой эле эки балдар журналын каржылоо жана башкаруу маселелерин чечүү;

- "Кыргызтелеком" ААКынын курамынан Республикалык радиорелелик магистралдар, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу өндүрүштүк бирикмесин (телемунара) бөлүү жөнүндө маселени чечүү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан облустук телерадиокомпанияларды техникалык кайра жабдуу долбоору иштелип чыкты. Бул максатка 44 млн. сом бөлүнгөн. Облустук телерадиокомпаниялар өздөрүнүн уставдарына ылайык жабдууларды сатып алууга өз алдынча тендерлерди өткөрүштү. 44 млн. сомду бөлүштүрүү облустук телерадиокомпаниялардын жетекчилери тарабынан телерадиокомпаниялардын муктаждыктарына ылайык жүргүзүлдү. Бүгүнкү күнгө карата бардык телерадиокомпаниялар жабдууларды комутациялашкан жана өз каналдарында эфирге чыгышууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 токтому менен Кыргыз Республикасында Санариптик телерадиоберүүгө (мындан ары - СТБ) өтүү программасы бекитилген. СТБга өтүү боюнча биринчи кезектеги чаралардын планына ылайык төмөнкү иш-чаралар аткарылган:

2012-жылдын 21-декабрында улуттук контингентти түзүү маселелери менен иштеген жумушчу топтун биринчи кеңешмеси болгон, анда Жумушчу топтун иш планы иштелип чыккан, ал андан ары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин (МКТ) 2012-жылдын 29-декабрындагы чечими менен бекитилген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул токтомунун алкагында төмөнкүдөй төрт багыт боюнча иш башталды.

1. Калкка маалымат берүү.

Журналисттер жана мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтары үчүн "Санариптик берүүлөргө өтүү. Контент маселелери" деген темадагы презентация өткөрүлдү.

2. Укуктук базаны инвентаризациялоо жана иштеп чыгуу.

Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү тармагын жөнгө салуучу төмөндөгү мыйзамдарына талдоо жүргүзүлдү, алар:

- "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө";

- "Электрдик жана почта байланышы жөнүндө";

- "Лицензиялоо жөнүндө";

- "Маданият жөнүндө";

- "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө".

Ушуну эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасына ылайык иш-чаралардын кадамдык планы иштелип чыкты.

3. Социалдык пакетти түзүү.

Кыргыз Республикасында санариптик телекөрсөтүүгө өтүү программасында колдо болгон 14 мультиплекс бүткүл өлкө боюнча көрсөтүү үчүн төмөнкүдөй бөлүштүрүлөөрү аныкталган:

- социалдык пакет үчүн (ачык көрсөтүүлөр) - 1 мультиплекс;

- билим берүү пакети үчүн - 1 мультиплекс;

- иштеп жаткан жеке менчик берүүлөрдү которуу үчүн - 2 мультиплекс.

4. Өткөөл мезгилде мамлекеттик ЖМКларда санариптик телеберүүнү каржылоо механизмдерин аныктоо жана аларды техникалык жактан кайра жабдуу.

Бюджеттен төмөнкү телерадиокомпаниялар каржыланат: Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТР), Кыргыз Республикасынын телерадиоберүү компаниясы "Коомдук телекөрсөтүү ЭлТР" ("ЭлТР" ТРК), "Мир" мамлекеттер аралык телерадио компаниясы жана 6 облустук мамлекеттик телерадио компаниялар. Мындан тышкары КТРде жана "ЭлТР ТРКда" СТБга өтүү боюнча программалар ар биринде жок дегенде эки кошумча телеканалдарды түзүү жоопкерчилиги түзүлгөн. "Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясы дагы бир "Мир-24" каналын киргизүүнү даярдап жатат.

2012-жылы республиканын кээ бир барууга кыйын региондорунда калктын өздөрүнүн каражатынын эсебинен жана "ЭлТР ТРКнын" жардамы менен телерадиотрансляторлор орнотулган, бул каналдын теле көрүүчүлөр аудиториясын кеңейтүүгө мүмкүндүк берди.

"ЭлТР ТРКсы" обого 30 радио программаны жана 50дөн ашуун телеберүүлөрдү чыгарат. Мындан тышкары, Кыргызстандын телекөрсөтүүсүнүн тарыхында биринчи жолу канал Ош-Бишкек-Талас шаарларынын ортосундагы теле көпүрөлөрдү жүргүзүү ишин практикалоодо. Алар "Манас күнү", "Күү майрамы", "Кадыр түн", "Күн сереп", "Аймактар", "Нооруз", "Көз карандык эмес күнү" жана башкалар сыяктуу программалар.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ЖМК басма сөздөрүнүн абалын ийне жибине чейин иликтөөнү өткөрдү, анын натыйжалары боюнча "Мамлекеттик басма сөз ЖМКларын өзгөртүп түзүү концепциясы" даярдалды.

Мамлекеттик мезгилдүү басылмалар республикалык деңгээлде үч Өкмөттүк гезиттер - "Кыргыз Туусу", "Слова Кыргызстана", "Эркин Тоо" гезиттери, облустук деңгээлде 12 облустук жана райондук деңгээлде - 32 шаардык жана райондук гезиттер деңгээлинде катышат.

Көпчүлүк облустук гезиттердин нускасы 1300дөн 2500 нускага чейин. Райондук гезиттердин 75 пайызы айына бир жолу, калгандары жума сайын чыгарылат. Гезиттердин көпчүлүгүнүн көлөмү 8 бет. Дээрлик бардык басылмалар түстүү басууга өтүшкөн. Бул гезиттердин суммалык бир жолку нускасы дээрлик 50 миң нусканы түзөт.

Медиа-эксперттик коомчулук менен бирге Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча иш жүргүзүлүүдө:

- "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. Бул Мыйзамга электрондук, басма жана интернет - ЖМКларды жөнгө салууга багытталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет;

- "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- "Журналистин кесиптик ишин коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. Журналистин кесиптик ишин, анын ичинде экстремалдык иш шарттарын жөнгө салуучу жоболор киргизилет;

- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматты алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. Оңдоп түзөтүүлөр мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачыктыгын жана айкындуулугун жогорулатууга багытталат;

"Почта жана электр байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. Телерадиоберүүчү уюмдарга жыштыктарды, алардын негизги ишин эске алуу менен ыйгаруу маселелерин жөнгө салуучу жоболор киргизилет. Бул маселе чечилгенден кийин телерадиоберүү үчүн жыштык спектрин бөлүштүрүү проблемасын чечүү талап кылынат, анткени, "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы келген аныкталбагандык узак мөөнөткө жыштыктарды ыйгаруунун жүргүзүүгө мүмкүндүк бербейт.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-майындагы № 277 токтомунун редакциясына ылайык)

1.6.9. Архив иши

Архив иши чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук базаны жакшыртуу максатында 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралындагы № 29 Мыйзамы), Кыргыз Республикасынын Мыйзамына оңдоолорду киргизүү демилге кылынган, ошондой эле Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүүнүн типтүү нускамасы бекитилген.

2012-жылдын 1-январына карата 65 архивдин 9у гана типтүү архив сактоочу жайга ээ болсо, калган 56 архив ыңгайлаштырылган имараттарда жайгашкан.

Отчеттук мезгилде Ош шаардык архивинин заманбап имаратынын (543,7 кв.м) капиталдык курулушу бүткөрүлдү. Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук архивинин, Чүй облусунун Аламүдүн жана Жайыл райондук архивдеринин, Ош облусунун Алай райондук архивинин имараттарында капиталдык ремонттор жүргүзүлгөн.

Ысык-Көл облустук мамлекеттик архиви биринчилерден болуп жылып туруучу заманбап механикалык текчелер менен жабдылды. Туруктуу орнотулган текчелер менен 6 мамлекеттик архив камсыздалды.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустук мамлекеттик архивдер үчүн китеп сканерлери сатып алынды.

Республиканын мамлекеттик архивдеринде 2013-жылдын 1-январына карата туруктуу сакталуу мөөнөтүндөгү кагаз жүзүндө 4,093 млн. бирдик документ, 16,7 миң кинодокументтер, 73,3 миң фотодокументтер жана 763 видеодокументтер сакталууда. 2012-жылы 671 мекемеден-комплектөө булагынан 86 миң документ мамлекеттик сактоого келип түштү.

Отчеттук мезгилде 3322 архив мекемелеринин архивдеринде сакталган Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтеринин борборлоштурулган мамлекеттик эсеби алынды. Иш кагаздарын жүргүзүү, документтерди архивдештирүү маселелери жана мекемелердин архивдериндеги документтердин мамлекеттик эсебин алуу эрежелери боюнча 243 семинар өткөрүлдү.

Отчеттук мезгилде 34 көргөзмө, 11 телекөрсөтүү и 23 радиоберүү уюшулуп, 109 макала жана документтерди тандап алуу даярдалды. Алардын тематикасы юбилейлик жана эскерүү күндөрүнө арналган. Мамлекеттик архивдин документтери окуу залдары аркылуу да пайдаланылды. Отчеттук жылы окуу залдарында ар кандай изилдөө темалары боюнча 355 пайдалануучу иштеди. Мамархивдер тарабынан жарандардын жана мекемелердин социалдык-укуктук мүнөздөгү 499 тематикалык суроо-талаптары жана 80853 арызы аткарылган.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-майындагы № 277 токтомунун редакциясына ылайык)

 

 

2. КООПСУЗДУКТУ, КОРГОО ЖӨНДӨМДҮҮЛҮГҮН ЖАНА УКУКТУК ТАРТИПТИ КАМСЫЗ КЫЛУУ

 

2.1. Коомдук коопсуздук жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү

2012-жылы республика боюнча 28847 (30520) кылмыш катталган, бул 2011-жылга караганда 5,4%га аз, алардын ичинде ички иштер органдарында - 25246 (26409), бул жалпы катталган кылмыштардын 87,5%ын түзөт, прокуратура органдарында - 2390 (8,2%), анын ичинде аскердик прокуратурада - 209 (0,7%), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинде - 204 (0,7%), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында - 469 (1,6%), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматында - 24 (0,08%), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматында - 223 (0,7%), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында - 291 (1,0%) кылмыш катталган.

Өткөн жылы республика боюнча - 20826 (21440) кылмыштын бети ачылган, бетин ачуу 62,2%ды (60,6%) түздү, бул 2011-жылга караганда 1,6% көп. Ички иштер органдары тарабынан 18945 (18964) кылмыштын бети ачылган, бетин ачуу 68,8%ды (65,8%) түздү, бул 2011-жылга караганда 3,0%га көп. Кылмыштардын бетин ачуу боюнча төмөн көрсөткүч Бишкек ш. - 5953 (6115) же 2,6% жана Чүй облусунда - 3720 (3884) 4,2%га белгиленген.

Отчеттук мезгилдин ичинде 286 (373) кызматтык жана коррупциялык кылмыштар аныкталган, бул 2011-жылга караганда 23,3%га аз.

Бүткөн иштер боюнча материалдык зыян келтирүү - 115,4 (62,2) млн. сомду түздү. Келтирилген материалдык зыяндын ичинен - 49,0 (13,2) млн. сомдун орду толтурулган. Материалдык зыяндын ордун толтуруу 42,5%ды (21,2%) түздү.

Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштардын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,6%га көбөйгөн жана 1673 (1662) фактыны түздү.

Алынган баңги заттардын саны 10655,8ден 14718,5 кг чейин көбөйгөн, анын ичинде: марихуана - 1805,3төн 1865,1 кг чейин, каннабис - 8056,1ден 8856,1 кг чейин, апийим - 134,4төн 394,3 кг чейин жана прекурсорлор 0дөн 3077,6 кг чейин.

Апийимди алуу - 47,6дан 5,9 кг чейин, героинди алуу - 150,7ден 114,8 кг чейин жана гашишти алуу - 256,9дан 225,8 кг чейин азайган.

Коомдук жайларда 3413 (3584) кылмыш жасалган, бул 2011-жылга караганда 4,7%га аз. Кылмыштуулуктун жалпы түзүмүндө алардын салыштырма салмагы 13,9%ды (13,6%) түзөт. Коомдук жайларда жасалган кылмыштардын санынын өсүшү Нарын облусунда гана (87ден 96 чейин же 10,3%га) белгиленген.

2012-жылы 15691 (15883) кылмышкер аныкталган, алардын ичинен 14774 (14971) адам жазык жоопкерчилигине тартылды, анын 2043 (1818) аялдар.

Изилденген кылмыштардын ичинен:

- тобу менен - 2263 (2455) адам, анын ичинде уюшкан топтун курамында - 31 (23) адам кылмыш жасаган;

- мас абалында - 500 (582) адам кылмыш жасаган;

- баңгилик жана токсикалык мас абалында - 14 (20) адам кылмыш жасаган;

- мурда кылмыш жасагандар - 286 (586);

- кызматкерлер - 1472 (1409), анын ичинде кызмат адамдары - 919 (849); - туруктуу иштеген иши жана киреше булагы жоктор - 11786 (11372);

- окуучулар жана студенттер - 592 (770).

жашаган жери боюнча - 15091 (15399);

- чет элдик жарандар - 295 (202), анын ичинде КМШ өлкөлөрүнүн тургундары - 268 (179).

2.2. Коргоо жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу

2012-жылы аскерлерди даярдоо жана алардын иш-аракеттери боюнча негизги аракеттер төмөнкү олуттуу маселелерди чечүүгө багытталды:

- бирикмелерди, бөлүктөрдү жана мекемелерди аскердик даярдыктын жогорку деңгээлине өз убагында келтирүүгө жана белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аскердик милдеттерди аткарууну уюштурууга;

- ККТ (курал-жарак жана куралдуу техниканын) абалын жана бирикмелердин бирдикте аракеттенишүүсүн эске алуу менен болуп турган жана боло турган коркунучтарга, тышкы таасирге ыкчам жооп кайтарууну камсыздаган деңгээлде керектүү санда күчтөрдү жана каражаттарды даярдыкта камсыз кылуу;

- бирикмелердин, бөлүктөрдүн жана мекемелердин командирлери тарабынан негизги багыт болуп мобилизациялык пландарды практикалык колдонуу жана аскерлерди тынч абалдан согуш абалына өткөрүү боюнча иш чараларды иштеп чыгуу саналган мобилизациялык даярдыктын өткөрүлүшүнүн туруктуу контролдонушуна;

- коюлган милдеттерди сапаттуу аткаруу үчүн башкаруу органдарын окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу;

- өздүк курамдын туруктуу моралдык-психологиялык абалын кармап турууга, алардын жогорку уюшкандыгын жана моралдык духун калыптандырууга; социалдык камсыздоону жакшыртууга, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын жана жарандык персоналын патриоттуулукка тарбиялоого багытталган иш-чараларды өткөрүүгө жана өркүндөтүүгө;

- башкаруу органдарында жана Куралдуу Күчтөрдүн аскерлеринде (күчтөрүндө) окуяларды жана кылмыштарды алдын алууга;

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн даярдоо планына ылайык төмөнкү негизги иш-чаралар аткарылган:

Күжүрмөн жана мобилизациялоо даярдыкты кармап туруу боюнча.

Төмөнкү документтер иштелип чыкты, анын ичинде:

1) Президенттин - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчынын Ыкчам директивасы менен 2012-жылга Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыздоо планы.

2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн, министрликтеринин, ведомстволорунун, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу планы.

Мындан тышкары төмөнкүлөр иштелип чыкты жана бекитилди:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясы;

- Кыргыз Республикасынын аймагында ЫТЖКнын(19) ЖККУнун(20) бирикмелерин, бөлүктөрүн ыкчам жайылтуу боюнча сунуш.

Кыргыз Республикасынын Аскер доктринасынын долбоору иштелип чыкты;

Резервдик түзүмдөрдүн күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү негизги милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды бирдиктүү аткарууну иштеп чыгууну камсыздоо максатында Свердлов райондук администрациясынын өзүнчө резервдик ротасынын практика жүзүндө жайылтуу менен, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын райондук (шаардык) мамлекеттик администрацияларынын жетекчилери менен окуулар өткөрүлдү.

Башкаруу органдарын сапаттуу даярдоо максатында 2012-жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин бирикмелери, бөлүктөрү жана мекемелери менен окуулар, машыгуулар, талаага чыгуулар, жыйындар жана ыкчам даярдоонун башкы иш-чаралары өткөрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алкагында ведомстволор аралык деңгээлде 16, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын алкагында 9 окуу өткөрүлдү.

2.3. Коррупцияга каршы күрөшүү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 596 токтому менен бекитилген "2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чараларынын планынын жана программасынын алкагында төмөнкү иш-чаралар аткарылды:

- коррупцияга каршы күрөшүү, коррупциялык жана башка укук бузууларды алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын жүргүзгөн иштеринин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо методологиясы иштелип чыкты;

- коррупцияга каршы күрөшүүгө күч-аракеттерди уюштуруу жана бириктирүү боюнча натыйжалуу механизмди куруу үчүн негиз катары мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун институттарынын активдүү диалогун жүргүзүү үчүн аянтча түзүлдү. Бул максатта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен жарандык коомдун институттарынын ортосунда коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюлду жана жобо кабыл алынды, бул жарандык коомдун институттары тарабынан коррупцияга каршы коомдук контролдоонун таасирдүү механизмин ишке киргизүүгө мүмкүндүк берет.

- мамлекеттик кызматкерлер үчүн коррупцияга каршы күрөшүү тематикасы боюнча окутуучу тренингдер өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын (мындан ары - ККК) материалдары боюнча 2012-жылы 298 кылмыш иши козголгон, анын ичинде коррупцияга каршы күрөшүү багыты боюнча 227 жана экономикалык кылмыштуулукка, наркобизнеске каршы күрөшүү багыттары боюнча 71. Алардын ичинен 96 кылмыш иши боюнча тергөө амалдары бүткөн жана материалдар сот органдарына жиберилген.

Кылмыш иштеринин жана ыкчам материалдардын алкагында 1 млрд. 368 млн. сомдук зыян келтирүү аныкталган, алардын ичинен көрүлгөн чаралардын натыйжасында бюджетке 102,276 млн. сомдун орду толтурулган.

Жазык жоопкерчилигине 214 кызмат адамы тартылган, алардын ичинде укук коргоо, сот, фискалдык, прокуратура жана башка органдардын кызматкерлери. Коррупциялык кылмыш жасаган жана ага катышкан деген күнөө боюнча 68 адам камакка алынды. Соттук чечимдердин жыйынтыгы боюнча 28 кызмат адамы соттолду.

Укук коргоо органдарынын кызмат адамдарына карата 65 кылмыш иши козголгон, алардын ичинде:

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине карата - 47;

- прокуратура органдарынын кызматкерлерине карата - 6;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине карата - 2;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине карата - 1;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине карата - 4;

- сот органдарынын кызматкерлерине карата - 5.

Коррупцияга каршы күрөшүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтардын коомго жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, коррупциялык кылмыштардын маңызы маселелерин калкка маалымдоонун алкагында КККда жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-мейкиндигинде иштөө системалаштырылган.

Айтылгандардын фонунда жарандык катышуунун көрсөткүчү болуп МУККнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын дарегине түшкөн арыздардын жана кайруулардын өсүшү саналат. 2012-жылдын башында алардын саны 1528ден ашты. Мындай кайрууларды кароонун жыйынтыгы боюнча 66 кылмыш иши козголду.

Коррупциялык кылмыштар боюнча, анын ичинде өлкөнүн сот системасына карата мыйзам чыгаруу базасын оптималдаштыруу жана күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын МУКК тарабынан 2012-жылы күчүнө кирген мыйзам актыларынын пакети иштелип чыкты:

- "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-августундагы № 153 Мыйзамы;

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" "Мамлекеттик кызмат жөнүндө", "Муниципалдык кызмат жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу", "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө", "Ыкчам-изилдөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары) Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамы;

- "Кыргыз Республикасынын сотторунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөрүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-августундагы № 167 конституциялык Мыйзамы.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан 2012-жылы 653,3 млн. сом суммасына 517 укук бузуу фактысы аныкталды. Аныкталган укук бузуу фактылары боюнча 356 кылмыш иши (анын ичинде прокуратура тарабынан - 70) козголду. Сотко 141 кылмыш иши жиберилди. Бардыгы 243,17 млн. сомдун орду толтурулду, анын ичинде мамлекеттин кирешесине келтирилген 222,3 млн. сомдук зыяндын орду толтурулду, бул Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казынасы тарабынан ырасталган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын материалдары боюнча салык органдары тарабынан 146 документалдык текшерүү жүргүзүлгөн, алардын жыйынтыгында кошумча эсептелген сумма (жазапулдук жана финансылык санкциялар жок) 251,9 млн. сомду түздү. Салык кылмыштарынын фактылары боюнча 72 кылмыш иши (КР ККнын 211, 212, 213, 214-беренелери) козголду.

Мыйзам чыгаруу базасынын абалын күчөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 16 долбоор демилге кылынган, анын ичинде "Ыкчам-издөө иши жөнүндө", "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө".

"Кыргыз Республикасындагы экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору иштелип чыкты.

2.4. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринин алдын алуу жана жоюу

2012-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында 449 табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар болду. Бул 2011-жылга караганда өзгөчө кырдаалдардын саны 2 эсеге жакын (2011-жылы - 240) өскөнүн белгилей кетүү керек.

Болгон өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында 47 адам (2011-жылы - 82) каза болду же 2011-жылга караганда 2 эсеге жакын азайган.

2012-жылда болгон өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен келтирилген материалдык зыян келтирүү 2011-жылдын деңгээлинде болду - 924,921 млн. сом (2011-жылы - 939,912 млн. сом).

2012-жылы болгон 449 өзгөчө кырдаалдардын ичинен жер титирөө - 13, көчкү - 98, суу каптоо, жер астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшү - 10, бороон, катуу шамал - 18, катуу өрт - 34, жер көчкү - 17, тоңуп калуудан жолдун бөгөлүшү - 8, сел каптоо, ташкындар - 217, таштын түшүүсү - 4, инфекциялар, инвазиялар - 21, мөндүр - 1, мекемелердин кыйрашы - 1, чагылган - 5, газ менен уулануу, шахтанын кыйрашы - 2.

2012-жыл жаан-чачындын көп жаашы менен коштолгон аба ырайынын бир нече аномалдык шарттары менен мүнөздөлдү, бул өз кезегинде республиканын аймагында көчкүнүн жана сел каптоонун мурун болбогондой активдүүлүгүн жаратты.

Алсак, 2011-жылга салыштырмалуу кар көчкүлөрүнүн түшүшү - 4,5 эсеге (2012-жылы - 98, 2011-жылы - 22) жана селдин капташынын - 3,5 эсеге (2012-жылы - 217 жана 2011-жылы - 61) көбөйгөндүгү байкалууда. Ошол эле учурда жер титирөөлөрдүн саны 2 эсеге (2012-жылы - 13, 2011-жылы - 31) азайган.

2012-жылы республика боюнча 3300дөн ашуун турак жайлар, 40 социалдык объекттер, 8000 короо жанындагы участкалар суу астында калды, 415 км автожолду жана 9400 га суу жууп кеткен, 2319 айыл чарба жаныбарлары өлдү, 119 көпүрө кыйрады, 59 км селди буруп кетүүчү каналдар бузулду.

2012-жылы кар көчкүнүн кесепетинен 15 адам каза болду, алардын ичинде Бишкек-Ош автожолунда 5 адам. Республиканын автожолдорунда кар көчкүлөрүн атайын түшүрүү үчүн 10 артиллериялык расчет колдонулду. Бардыгы 832 артатуулар жүргүзүлдү, анын жүрүшүндө жалпы 5 млн. 318 миң 265 куб.м кар массасы көлөмүндө 56 көчкү түшүрүлдү, анын ичинде Бишкек-Ош автожолунда 132-265 км чейин 4,5 млн. куб.м кар массасы түшүрүлдү.

2.5. Жаратылышты коргоо иши

"Жашыл өнүгүү" багытын эске алып, климаттын өзгөрүшүнө адаптация кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризация жүргүзүү жана экономиканын негизги секторлоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө", "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары кайра иштелип чыкты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы № 448 "Кыргыз Республикасынын Токой кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому менен документтердин пакети жактырылган.

Биотүрдүүлүктү сактоо үчүн өзгөчө корголуучу жаратылыш аянттарын көбөйтүү боюнча иштер жүрдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июлундагы № 482 токтому менен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 8189,6 га аянтты ээлеген Дашман мамлекеттик жаратылыш коругу уюштурулду.

Республиканын токой чарбалары тарабынан 1742,6 га аянтка көчөттөр тигилди, анын ичинен мамлекеттик токой фондунун 1722,6 га аянт жерине жана мамлекеттик токой фондунун аймагынан тышкаркы башка менчик ээлеринин 20,0 га аянт жерлерине көчөттөр тигилди.

Токой чарбалары тарабынан жашылдандыруу үчүн 784,3 миң даана көчөт бекер бөлүнүп берилди. Республикалык маанидеги Исфана-Кулунда жана Талас-Тараз магистралдык жолдору жашылдандырылды, ага тиешелүү түрдө 300 миң сомго 1,8 миң ийне жалбырактуу породалардын көчөттөрү, жалпы 140 миң сомго арчанын жана туянын көчөттөрү берилди. Ошондой эле Кочкор районунун Кочкор жана Ак-Кыя айыл аймактары жашылдандырылды, ага токой чарбалары тарабынан 1,06 млн. сомго 1700 ийне жалбырактуу породалардын көчөттөрү берилди.

Глобалдык экологиялык фонд (КЭФ) менен кызматташуунун алкагында 6 долбоорду ишке ашыруу башталды:

- Кыргызстандын токойлуу тоолорун жана жер ресурстарын климаттын өзгөрүшүнүн шарттарында туруктуу башкаруу (ФАО) - 5,5 млн. АКШ доллары суммасына;

- Борбордук Тянь-Шандагы корголгон аймактар системасын камтууну жакшыртуу жана натыйжалуу башкаруу (ПРООН) - 1,1 млн. АКШ доллары;

- Айдаркендеги сымапты казуудан глобалдык жана жергиликтүү экологиялык коркунучту азайтуу (ЮНЕП) - 950,0 миң АКШ доллары;

- климаттын өзгөрүшү боюнча үчүнчү улуттук билдирүү (ЮНЕП) - 500,0 миң АКШ доллары;

- Чөлгө айланууга каршы күрөшүү конвенциясы боюнча Улуттук иш-аракеттердин планын жаңыртуу (ДБ) - 150 миң АКШ доллары;

- биотүрдүүлүк боюнча улуттук стратегия жана иш-аракеттер планы (ЮНЕП) - 220 миң АКШ доллары.

Илбирстин санын сактоо жана калыбына келтирүү максатында Кыргыз Республикасында илбирсти сактоонун 2013-2023-жылдарга карата улуттук стратегиясы иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы № 732 токтому менен бекитилди.

 

3. БИРДИКТҮҮ МАМЛЕКЕТТИК УКУКТУК САЯСАТТЫ ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА КОНСТИТУЦИЯНЫ ЖАНА МЫЙЗАМДАРДЫ АТКАРУУ БОЮНЧА ИШТЕРДИ УЮШТУРУУ

 

Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестри

Ченемдик укуктук актылардын мыйзамдуулугун камсыз кылуу үчүн "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестри жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине келип түшүүчү документтер электрондук түргө өзгөртүлөт жана Укуктук маалыматтын борбордоштурулган маалыматтар банкына киргизилет.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине 3335 ченемдик укуктук акты киргизилген.

Мыйзамдарды (өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча) актуалдуу (контролдук) түргө системалаштыруу максатында 785 ченемдик укуктук акты кагаз түрүндө алып келинген.

Маалыматтардын борбордук банкы тарабынан 2009-жылдан берки ченемдик укуктук актылардын электрондук түрүн толтуруу боюнча иштер жүргүзүлгөн, алардын саны 10079 бирдикти түзөт, алардын ичинде 783 мыйзам, 1827 Кыргыз Республикасынын Президентинин указы, 2075 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин токтому, 2647 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому, 108 Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын токтому, 946 БШК токтому, 1693 өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын токтому.

Адвокатура жана нотариат чөйрөсүндө

2012-жылы "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча республикада 1881 жаранга акысыз юридикалык жардам көрсөтүлгөн, алардын ичинен 572 жаранга - тергөө учурунда, 316 жаранга - кармалган учурда жана 993 жаранга - сотто.

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөткөн адвокаттарга республикалык бюджеттен 1,65 млн. сом төлөнгөн.

Аталган мезгилде нотариустардын жана адвокаттардын иш-аракеттери боюнча 381 арыз каралды.

Аларды кароонун жана тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жыйынтыгында 44 жеке нотариуска эскертүү жарыяланды, 35 жеке нотариустун лицензиясынын колдонулушу убактылуу токтотулду, 38 жеке нотариус лицензиядан ажыратылды, 15 адвокатка кесиптик жүрүм турум ченемдерин бузууга жол бербөө жөнүндө эскертүү жарыяланды, 6 адвокат адвокаттык ишти жүргүзүүгө лицензиясынан ажыратылды.

 

4. ӨКМӨТ ТАРАП БОЛУП САНАЛГАН СОТТУК ТАЛАШ-ТАРТЫШТАР

 

Бүгүнкү күндө өндүрүштө 75 соттук доо бар, алардын ичинен Өкмөткө карата 40 жана Өкмөт үчүнчү тарап катары тартылган 35 доо арызы.

Каралган иштердин жыйынтыгы боюнча 21 доо арызы боюнча доону канааттандыруудан баш тартылган, алардын ичинен 18и жогорку сот инстанцияларына даттанылган эмес, 6 доо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда кароонун жыйынтыктары боюнча акыркы чечимдер чыгарылган.

13 доо арызы боюнча сот тарабынан коюлган талаптарды канааттандыруу жөнүндө чечим чыгарылган, алар азыркы убакта даттанылган жана жогорку сот инстанцияларында кароодо.

41 доо арызы боюнча соттордо соттук териштирүүлөр жүрүп жатат, алардын ичинде жаңы кароого жиберилген сот иштери да бар.

Өкмөт тарабынан доо талаптар коюлган эмес.

Мындан тышкары Өкмөт төмөнкүлөрдүн талаптары боюнча 4 эл аралык териштирүүдө тарап болуп саналат:

- "Манас Банк" ЖАКнын акционеринин;

- "Азия Универсал Банк" АККнын акционерлеринин;

- "БТА Банк" АКнын

- "Систем Мюхендислик Санайи ве Тижарет А.Ш." түрк компаниясынын.

5. СТРАТЕГИЯЛЫК ДОКУМЕНТТЕРДИ ИШТЕП ЧЫГУУ ЖАНА АТКАРУУ

Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү милдеттерин ырааттуу чечүү, туруктуу экономикалык өнүгүү үчүн базалык шарттарды түзүү жана мамлекеттик бийлик органдарынын алдыга коюлган милдеттерге жетүү боюнча иштеринин келечектүү багыттарын аныктоо, жалпысынан бюджеттин жана финансылык системанын туруктуулугун сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2264-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасы иштелип чыкты. Бул Программаны ишке ашыруу үчүн 2012-жылга "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" иш-чаралар планы иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 55 токтому бекитилди, анда макроэкономикалык шарттарды түзүүгө, бюджеттик жана фискалдык саясатты, финансылык рыноктук жана банктардын туруктуу ишин оптималдаштырууга, инвестицияларды тартууга жана ишкердик ишти өнүктүрүүгө, реалдуу жана социалдык секторлорду башкаруу боюнча ыкчам чараларды иштеп чыгууга, ошондой эле коомдук, энергетикалык, бюджеттик-финансылык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чаралар каралган.

Жаңы коалициялык Өкмөт түзүлгөндөн кийин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2264-V токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасы бекитилген, аны аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 747 токтому менен 2012-жылга негизги иш-чаралар планы бекитилген.

 

6. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ МЕНЕН ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮ

 

2012-жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Жогорку Кеңеш, анын фракциялары, комитеттери жана депутаттары менен өзүнүн мыйзам чыгаруу демилгелерин жылдыруу, каралуучу маселелер боюнча макулдашуу жана позицияларды жакындаштыруу боюнча натыйжалуу өз ара аракеттенүү боюнча иштер жигердүү жүргүзүлдү.

Мыйзам чыгаруу иши.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылга мыйзам чыгаруу иштеринин планына ылайык ишке ашырылды. 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 221 мыйзам долбоор демилге кылынган, алардын ичинен 90 мыйзам долбоору кабыл алынды, 3ү четке кагылды, 14 мыйзам долбоору кайра сурап алынды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан демилге кылынган мыйзам долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27 корутундусу берилген. Мындан тышкары парламентарийлер тарабынан демилге кылынган мыйзам долбоорлорунун көпчүлүгүнө кат жүзүндө сунуштар жана сын-пикирлер даярдалган, алар парламент кабыл алган мыйзамдардын сапатын жогорулатууга олуттуу салымын кошту.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө келип түшкөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 67 токтомунун ичинен 47 токтом боюнча тиешелүү маалыматтар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилген, аткаруу мөөнөтү жете элек 20 токтом иштелип жатат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин суроо-талаптары.

Отчеттук мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, комитеттеринин жана фракцияларынын 2237 суроо-талабы келип түшкөн жана контролго алынган. Фракциялардын 179 суроо-талабы, комитеттерден 770 суроо-талабы жана депутаттардын 1158 суроо-талабы каралган жана алар боюнча тиешелүү маалыматтар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилген.

Отчеттук мезгилде Жогорку Кеңеш тарабынан 5 "өкмөттүк күн" өткөрүлдү, анда социалдык-экономикалык мүнөздөгү эң актуалдуу маселелер каралган, алар: "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо жана Токтогул суу сактагычында суунун зарыл болгон көлөмүн топтоо боюнча чаралар жөнүндө, 2012-жылдын жазгы-талаа иштерине даярдануу жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө; өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал жана экономика тармактарын 2011/2012-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө; 2012-2014-жылдарда өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасы жөнүндө жана башкалар.

Талдоо көрсөткөндөй, Өкмөткө жиберилген Жогорку Кеңештин токтомдорунун жарымынан көбү аткарылган жана контролдон алынган. Жогорку Кеңештин 2010-жылдын июнь окуяларында жапа чеккен жарандарга социалдык колдоо көрсөтүүгө жана экономикалык иштин субъекттерин, ошондой эле насыя берүүчү мекемелердин карыз алуучуларын колдоого багытталган бир катар токтомдору боюнча Өкмөттүн ченемдик укуктук актылары кабыл алынган. Региондорду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ведомстволор аралык комиссия жана жумушчу топторду түзүү жөнүндө буйругу кабыл алынды.

Каралып жаткан мезгилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Жогорку Кеңештин 14 протоколдук тапшырмасы келип түшкөн, алардын бардыгы боюнча тиешелүү маалыматтар парламентке жиберилген.

Депутаттардын суроо-талаптарында калктын жана мамлекеттин жашоо турмушу, экономикалык кризисти жеңүү, мамлекеттик органдардын ишиндеги коррупция менен каршы күрөшү, коомдун жашоосунун бардык тараптарын реформалоо боюнча маанилүү жана актуалдуу маселелер көтөрүлөт. Депутаттардын суроо-талаптарында эң көп көтөрүлүүчү маселе болуп бюджеттик каражаттарды ар кандай түрдөгү социалдык объекттерди жана өндүрүштүк багыттагы объекттерди курууга же алардын курулушун аяктоого бөлүү саналат. Депутаттар шайлоочулардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын билдирүү менен, шаарларды жана айылдарды көрктөндүрүү, инфраструктураларды өнүктүрүү, мектептерди, ооруканаларды, спорт жана маданий мекемелерин куруу жана оңдоо боюнча маанилүү маселелерди коюшат. Мындай маселелер менен бардык депутаттар кайрылышкан. Объекттерди курууга, реконструкциялоого жана оңдоого финансылык каражаттарды бөлүү боюнча суроо-талаптар алардын жалпы санынын 26,1%ын түзөт. Өкмөт учурдагы жана кийинки жылдарда өлкөнү жана айрым региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн планын түзүүдө, алдыга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн кошумча резервдерди издөө менен депутаттардын өтүнүчтөрүн көңүлгө алат.

 

7. 2013-ЖЫЛГА НЕГИЗГИ МИЛДЕТТЕР

 

2013-жылга экономикалык саясаттын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- макроэкономикалык туруктуулукту калыбына келтирүү жана туруктуу экономикалык өсүштү пландаштырылган деңгээлде камсыз кылуу;

- социалдык милдеттерди аткаруу;

- Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин алкагында интеграциялык процесстерди улантуу;

- региондук саясатты мындан ары өнүктүрүү;

- мамлекеттик башкаруу системасын модернизациялоо.

Бул үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экономикада натыйжалуу ишкердик чөйрөнү түзүүдө турган өзүнүн негизги жөнгө салуу функциясын аткарат. Бул бир жагынан экономикалык саясаттын фискалдык жана башка түрлөрүнүн каражаттары менен туруктуу макроэкономикалык абалды кармап туруу. Башка жагынан бардык катышуучулар үчүн чарбалык иштин бирдиктүү эрежелерин белгилөө, атаандаштык чөйрөнү камсыз кылуу, ченемдерди жана стандарттарды иштеп чыгуу жана алардын сакталышын контролдоо, лицензиялоо, ошондой эле Бажы союзуна кирүү келечектери жана келечекте Евразия экономикалык союзуна интеграциялоо менен байланыштуу ата-мекендик бизнестин бөлүгүн кайра багыттоо.

Экономикалык саясаттын экономикага салыктык жүктү бирдей бөлүштүрүү аркылуу экономикалык өсүшкө дем берүү, инфраструктурага тышкы жана ички инвестицияларды тартуу, бизнес жана инвестициялык климатты жакшыртуу, экономиканы региондук экономикалык системага интеграциялоо, ошондой эле экономиканын негизги тармактарын (энергетика, кен казуу, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, транспорт, финансылык сектор ж.б.) өнүктүрүү үчүн түзүмдүк реформаларды ишке ашыруу; ички өндүрүштүн жана айыл чарбасында өндүрүмдүүлүктүн көлөмүн жогорулатуу аркылуу азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле мамлекеттик резервдерди жетиштүү көлөмдө түзүү; жеке активдерди натыйжалуу башкаруу; либералдуу соода режимин колдоо; эки жана көп тараптуу өз ара пайдалуу жаңы жана салттуу экономикалык байланыштарды түзүү жана өнүктүрүү; ата-мекендик продукцияларды сатуунун жаңы базарларына чыгуу; продукцияларды экспорттоону жогорулатуу жана соода балансынын терс сальдосун бара-бара азайтуу сыяктуу багыттары боюнча иштер улантылат.

Макроэкономикалык туруктуулукка жетишүүнүн негизги шарты болуп өлкөдө коомдук-саясий туруктуулукту камсыздоо, ички ресурстарды жана өздүк потенциалды натыйжалуу пайдалануу саналат.

Макроэкономикалык туруктуулук төмөнкү негизги сандык параметрлерге жетишүүдө көрсөтүлөт:

- 7,0%дан төмөн эмес экономикалык өсүштү камсыздоо;

- инфляциянын деңгээлин пландаштырылган, бир маанилүү көрсөткүчтөн ашпаган коридордо инфляция деңгээлинде кармап туруу;

- ИДПга карата бюджеттин тартыштыгын 5,3%дын чегинде кармап туруу;

- ИДПга карата мамлекеттик карыздын өлчөмүн экономикалык коопсуздуктун чегинен ашпаган деңгээлде кармап туруу;

- мамлекеттин бардык социалдык кепилдиктерин толук жана өз убагында аткаруу.

АКлдыга коюлган милдеттерге жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 111 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча 2013-жылга иш-чаралар планы бекитилген, ага өлкөнүн экономикасынын абалын турукташтыруу жана аларды чечүүнүн жолдору боюнча келечектүү милдеттер, ошондой эле 2013-жылы жана орто мөөнөттүү мезгилге өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор кирген. План учурдагы айрыкча курч проблемаларды чечүүгө, экономикалык реформаларды жүргүзүү үчүн туруктуу платформаларды түзүүгө, экономиканын айрым чөйрөлөрүн турукташтырууга, инвесторлордун өлкөгө болгон ишенимин калыбына келтирүүгө багытталган.

2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы бекитилгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн программасынын долбоору жана планы иштелип чыкты.

Өкмөттүн программасынын негизине төмөнкү өнүгүүнүн үч негизги аспектинин ортосундагы айкалышты жана балансты болжогон туруктуу өнүгүүнүн модели салынган: экономикалык, социалдык өнүгүү жана келечек муундар үчүн курчап турган чөйрөнү коргоо. Бул компоненттер бири-бирине карама-каршы эмес өз ара бирин-бири толуктап туруучу компоненттер болуп саналат.

Бул Программа өлкөнүн экономикасынын бардык чөйрөлөрүн мындан ары стратегиялык өнүгүшүн аныктайт, алсак, айыл чарба энергетика, кен казуу сектору транспорт, коммуникация жана туризм индустриясы.

Аталган Программаны ишке ашыруу бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бутактарынын туура, жөнгө салынган жана биргелешкен ишинен, ошондой эле алардын жарандык коом өз ара аракеттенүүсүнөн түздөн-түз көз каранды.

Азыркы учурда Бул Программа кызыкдар мамлекеттик органдар менен макулдашуу жол-жобосунан өтүүдө. Программанын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жактырылгандан кийин ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бекитүүсүнө жиберилет.

(1) Көрсөткүчтөр дүң кошумча нарк боюнча көрсөтүлдү.

(2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 49 "Фермерлерге арзан кредит - 2" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык.

(3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 487 "Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүлгөн түшүмүн жыйноону өз учурунда жана уюшкандыкта жүргүзүү боюнча жана 2013-жылдын түшүмүнө күзгү себүүнү жүргүзүүнүн белгиленген программасын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык.

(4) М2 агрегаты колдонууда болгон накта акчаларды, банктын учурдагы эсептериндеги каражаттарды, коммерциялык банктардагы тез жана топтомо депозиттерди, жана ошондой эле кыска мөөнөттү мамлекеттик баалуу кагаздарды камтыйт.

(5) Банк тутумунун аналитикалык балансынын маалыматтары боюнча жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, башка финансы-кредит уюмдарынын депозиттерин өзүнө камтыйт, мында Өкмөттүн жана резидент эместердин депозиттери эсепке алынбайт.

(6) Банк тутумунун аналитикалык балансынын маалыматтары боюнча жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, башка финансы-кредит уюмдардын кредиттерин өзүнө камтыйт, мында Өкмөткө жана резидент эместерге болгон кредиттер киргизилбейт.

(7) Маалыматтар коммерциялык банктардын жөнгө салуучу отчетуна ылайык берилген.

(8) 2012-жылдын 13-ноябрыңда ЗАО "Чакан финансылык банк "Бай-Түшүм жана Өнөктөштөр" банктык лицензия алган.

(9) Бул категорияда ишканалардын жана калайык-калктын, банктардын жана башка ФКМдердин, бийлик органдарынын депозиттери камтылган.

(10) Иштетип алма чийки затты эсепке албастан.

(11) КР Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча.

(13) Сүйлөшүүчү топтун курамы Ведомстволор аралык комиссиянын 2012-жылдын 8-июнундагы № 1 чечими менен бекитилген.

(14) Маалыматтар өсүү иретинде.

(15) КР Социалдык өнүгүү министрлигинин жана КР Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча.

(16) Болгон калктан.

(17) Жашоо минимумунан.

(18) КР Улутстаткомунун "Жумуштуулук жана жумушсуздук" деген жыйнагы, Бишкек, 2012-жыл.

(19) КР Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча.