Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 19-апрелиндеги
№173 токтому менен бекитилген

 

Дезинфекцияны, дезинсекцияны жана дератизацияны уюштуруу жана өткөрүү боюнча
КОЛДОНМО

 

 

I. Жалпы жоболор

 

1. Бул колдонмо менчигинин формасына жана таандыктыгына карабастан ар кандай ведомстволордун мекемелеринде жана уюмдарында, коомдук бирикмелеринде дезинфекциялоо ишин жүргүзгөн кызмат адамдары жана жарандар тарабынан колдонулат.

Дезинфекциялоо иши дезинфекциялоо, дезинсекциялоо жана дератизациялоо боюнча иш-чаралардын комплексин камтыйт.

2. Дезинфекция - бул объекттерде патогендүү микроорганизмдерди жана аларды алып жүрүүчүлөрдү жок кылуу. Дезинфекция профилактикалык, учурдагы, акыркы болуп бөлүнөт. Дезинфекция жайларды, жабдууларды, эмеректерди, транспортту, идиш-аякты, ич кийимдерди, оюнчуктарды, медициналык арналыштагы буюмдарды, оору адамды багуу предметтерин, тамак-аш азыктарын жана алардын калдыктарын, сырьену жана продукттарды кайра иштетүү боюнча технологиялык жабдууларды, санитардык-техникалык жабдууларды, кийимдерди, бут кийимдерди, китептерди, жууркан-төшөктөрдү, ичүүчү жана агын сууларды, аймактарды жана башкаларды зыянсыздандыруу боюнча иштерди камтыйт.

Дезинсекция жана дератизация - бул адамдын жана жаныбардын инфекциялык ооруларын жугузуучу, алып жүрүүчү жана резервуар болуп эсептелген муунак буттууларга (курт-кумурскаларга, кенелерге) жана синантроптук кемирүүчүлөргө каршы күрөшүү боюнча санитардык-гигиеналык жана жок кылуучу иш-чаралардын комплекси болуп эсептелет. Бул иш-чаралар юридикалык жана жеке жактардын, менчигинин формасына карабастан уюмдардын келишиминин жана арыздарынын негизинде жүргүзүлөт.

3. Документ дезинфекцияны, дезинсекцияны жана дератизацияны уюштурууга коюлуучу негизги талаптарды камтыйт.

 

II. Дезинфекциялык иш жүргүзгөн уюмдарга, мекемелерге жана адамдарга коюлуучу жалпы талаптар

 

4. Дезинфекциялоо ишин жүргүзгөн саламаттык сактоо уюмдары:

- дезинфекция, дезинсекция жана дератизация каражаттарын сатып алат, сактайт, ташыйт, таңгактайт, мекемелерге жана калкка сатат;

- дезинфекциялоочу аралашмаларды даярдайт, препараттагы жана жумушчу аралашмадагы дезинфекциялоочу заттын активдүүлүгүн аныктайт;

- мекемелерде, уюмдарда, турак жайларда жана башка объекттерде дезинфекциялоону, дезинсекциялоону жана дератизацияны жүргүзөт;

- дезинфекциянын, дезинсекциянын жана дератизациянын натыйжалуулугун контролдойт.

5. Дезинфекциялоо ишин жүргүзүүчү уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү:

- атайын даярдыктан өтүүгө;

- колдонуудагы талаптарга ылайык алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык текшерүүдөн өтүүгө.

 

III. Дезинфекциялык каражаттарды сактоодо, ташууда жана сатууда коюлуучу гигиеналык талаптар

 

6. Дезинфекциялык каражаттарды идиште, таңгакта ар бир препарат үчүн техникалык ченемдик документтер жөнгө салган шарттарда сактоо зарыл.

7. Дезинфекциялык каражаттарды сактоо үчүн кампада төмөнкүдөй бир нече жай болууга тийиш:

- конкреттүү каражаттарга коюлган талаптарга ылайык дезинфекциялык (стерилдөөчү), жуучу каражаттарды, инсектициддерди, репелленттерди, родентициддерди, жемдерди өз-өзүнчө сактоо үчүн жайлар;

- препараттарды берүү үчүн жай;

- персонал үчүн жай.

8. Кампанын жайлары сордуруучу желдеткич, дезкаражаттары бар айнек бөтөлкөлөрдү сактоо үчүн металл стеллаждар же жыгачтан жасалган текчелер менен жабдылууга тийиш.

9. Кампанын жайлары кургак болуп, дубалдары тегиз, астанасы цементтелүүгө же асфальтталууга тийиш. Дубалдар жана шыптар зыяндуу же таасири күчтүү заттардын сорбциясын болтурбай тургандай, аны нымдуу нерсе менен тазалоого же жууганга боло тургандай кылып жасалышы керек. Дезинфекциялык каражаттар тикелей тийүүчү күндүн нурунан корголууга тийиш.

10. Дезинфекциялык каражаттарда этикеткасы бар болуп, анда каражаттын аталышы, анын арналышы, таасир берүүчү заттардын концентрациясы, даярдоо күнү, сертификаттоо күнү, жарамдуулук мөөнөтү, коопсуздук чаралары, даярдоочунун жана жеткирүүчүнүн реквизиттери көрсөтүлүүгө тийиш.

11. Ташып келинген дезинфекциялык каражаттардын бактерияларга жана вируска каршы өзгөчөлүктөрү республиканын аймагында колдонуу үчүн аккредиттелген лабораториялардагы лабораториялык изилдөөлөр менен ырасталууга тийиш.

12. Препараттарды сактоонун жана берүүнүн шарттары үчүн мекеменин жетекчиси же кампанын башчысы жооп берет.

13. Кампанын персоналы жайгашкан жай толук же жарым-жартылай санитардык иштетүү үчүн жабдуулар менен жабдылып, анда кийим жана атайын кийим, жеке коргонуу каражаттары үчүн өзүнчө шкафтар, биринчи медициналык жардамды аптечкасы, жеке гигиенанын каражаттары (сүлгү, самын ж.б.) болушу керек.

14. Кампанын персоналы дезинфекциялык каражаттардын потенциалдуу коркунучун жакшы билип, аларды сактоонун талап кылынган шарттарын, аларды алуудагы, сактоодогу жана берүүдөгү техникалык коопсуздукту, идишти, төгүлгөн же чачылган дезинфекциялык каражаттарды зыянсыздандыруунун эрежелерин, өрт коопсуздугунун эрежелерин, авариялык жагдайларда өзүн алып жүрүүнүн эрежелерин, ошондой эле ууланганда биринчи жардам көрсөтүүнүн чараларын сактоого тийиш.

15. Кампада тамак-аш азыктарын, ичүүчү сууну, жемди сактоого, ошондой эле тамактанууга жана бөтөн адамдардын болушуна тыюу салынат.

 

IV. Дезинфекциялык иш-чараларды өткөрүүгө коюлуучу гигиеналык талаптар

 

16. Дезинфекциялык иш-чараларды өткөрүү төмөнкүлөрдү камтыйт:

- жумушчу аралашмаларды даярдоо, заттарды камералык зыянсыздандыруу, адамдарды санитардык тазалоо, объекттерди (жайларды, транспортту, санитардык-техникалык жабдууларды ж.б.) жана медициналык инструментарийди тазалоо;

- дезинфекциялоо үчүн саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган уруксат берген химиялык жана биологиялык каражаттарды белгиленген тартипте колдонуу, бул каражаттар максаты боюнча натыйжалуу болуп, адамга жана курчап турган чөйрөгө терс таасир тийгизбеши керек;

- объекттерде дезинфекциялоо иш-чараларын өткөрүүдө объекттин администрациясынын өкүлү катышууга тийиш. Тазалана турган жайда жайгашкан адамдар дезинфекциялык иш-чаралардын өткөрүлө тургандыгы жөнүндө жана коопсуздуктун зарыл болгон чаралары тууралуу алдын ала маалымдалышы керек;

- акыркы дезинфекциялоону тазалоого тиешеси жок адамдарсыз өткөрүү зарыл. Учурдагы дезинфекцияны адамдар (ооругандар, аларды багуучу персонал ж.б.) бар болгон учурда өткөрүүгө уруксат берилет;

- дезинфекциялык иш-чараларды өткөрүүчү бардык адамдар дезинфекциялык каражаттар менен иштөөдөгү жеке жана коомдук коопсуздуктун эрежелерин билүүгө, атайын кийимдер жана бут кийим менен, ошондой эле жеке коргонуу каражаттары, медициналык биринчи жардамдын аптечкасы менен камсыз болууга тийиш;

- жумушчу аралашмаларды даярдоо сордуруучу желдеткич менен жабдылган атайын жайда жүргүзүлүүгө тийиш. Бул жайларда өздүк буюмдарды, тамак-аш азыктарын сактоого, бөтөн адамдардын болушуна, тамактанууга, чылым чегүүгө тыюу салынат.

17. Объекттерди зыянсыздандыруу төмөнкүдөй жүргүзүлүүгө тийиш:

- жайлардын, жабдуулардын, эмеректердин, транспорттун ж.б. үстүңкү беттери дезинфекциялык аралашма менен жуулат;

- үстүңкү беттерге дезинфекциялык аралашмалардын аэрозолдору бир багытта чачылат;

- суюктук майда тамчы менен чачуучу чачкычтардын жардамы менен чачылат;

- герметикалык жайлар (бокстор, транспорт ж.б.) дезинфекциялык аралашмалардын аэрозолдору менен көлөмдүк ыкмада тазаланат;

- эмеректер, жабдуулар, оюнчуктар, медициналык багыттагы буюмдар, ооругандарды багуу предметтери, тамак-аш азыктарын жана башкалардын үстүңкү беттери дезинфекциялык аралашмага чыланган чүпүрөктөр менен сүртүлөт;

- идиш-аяктар, ич кийимдер, оюнчуктар, медициналык багыттагы буюмдар, ооругандарды багуу предметтери, тамак-аш азыктары жана башкалар дезинфекциялык аралашмага салынат;

- бөлүнүп чыгарылган заттар, тамактын калдыктары, өлүктөр, таштанды жыйналган жерлер, кыртыштар жана башкалар порошок, гранул же алардын концентрацияланган аралашмалары түрүндөгү дезинфекциялык каражаттар менен тазаланат;

- камераларда (кийимдер, бут кийимдер, жууркан-төшөктөр, жумшак оюнчуктар ж.б.) буу аба кошулмасы, буу, буу формалин кошулмасы, ысык аба менен тазаланат;

- физикалык тазаланат (өрттөө, ысык аба берүү, кайнатуу, буу берүү, ультракызгылт нурдануу ж.б.);

- ар кандай топтогу химиялык кошулмалар же алардын негизинде жасалган композициялык препараттар (галоид камтыган заттар, кычкылтек камтыган заттар, альдегиддер, фенол камтыган заттар, үстүртөн таасир берүүчү заттар, гуанидиндер, кислоталар, щелочтор ж.б.) менен тазаланат.

18. Дезинфекциялык каражаттар бактерициддик жана (же) вирулицинддик, фунгициддик, спороциддик таасирге ээ болушу керек. Статистикалык таасирге ээ б.а. микроорганизмдердин өсүшүн гана токтоткон каражаттарды колдонууга тыюу салынат.

19. Дезинфекциялык каражаттарды тандоодо төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл:

- тазалануучу объекттин өзгөчөлүктөрү (материалы, формасы, өлчөмү, табияты органикалык жана органикалык эмес болгон булгануунун бар болушу ж.б.);

- микроорганизмдин биологиялык өзгөчөлүктөрү (физикалык жана химиялык дезинфекциялык агенттерге туруктуулугу, тышкы чөйрөнүн объекттеринде болуусунун узактыгы, организмдин түрү жана формасы);

- дезинфекциялык каражаттардын өзгөчөлүктөрү (микробго каршы таасирдин спектри, таасир берүүчү зат, анын концентрациясы, сууда ээригендиги, колдонуу ыкмалары, уулуу болушу, тазалануучу объектке жана курчап турган чөйрөгө таасир бериши ж.б.).

20. Медициналык багыттагы буюмдарды зыянсыздандыруу үчүн колдонулуучу дезинфекциялык каражаттар вирулициддик таасирге ээ болушу керек.

21. Дезинфекциялык каражаттар менен иштөөдө коопсуздук чаралары төмөнкүдөй болот:

- дезинфекциялык каражаттар менен иштөөгө 18 жашка толо элек адамдарды, кош бойлуу же бала эмизген энелерди, ошондой эле белгиленген тартипке ылайык бул каражаттар менен иштөөгө уруксат берилбеген адамдарды тартууга жол берилбейт;

- хлор камтыган каражаттарды ачуу жана жумушчу аралашмаларды даярдоо менен байланышкан иштерди дем алуу органдарын универсалдуу респираторлор менен коргоп, ал эми колдун терисин резина кол каптар, көздү герметикалык көз айнектер менен коргоп аткаруу керек;

- дезинфекциялык препараттар менен дезинфекциялык иш-чараларды өткөрүүдө дем алуу органдарын респираторлор, колдун терисин кол каптар менен коргоо керек;

- медициналык инструментарий салына турган дезинфекциялык аралашма бар идиштер бекем жабылууга тийиш.

22. Медициналык биринчи жардамдын чаралары:

- сунуш кылынган сактануу чаралары бузулганда дезинфекциялык каражаттарга уулануу болушу мүмкүн. Жабыркаганда жумушчу жайдан сыртка, таза абага алып чыгып, оозун суу менен же ашкана содасынын 2 проценттик аралашмасы менен чайкоо зарыл;

- дезаралашма көзгө киргенде көздү суу менен жуу зарыл. Көздүн чел кабыктары жабыркаганда көзгө альбуциддин 30 проценттик аралашмасын тамызуу керек, ал эми көз ооруса новокаиндин 2 проценттик аралашмасын тамызуу зарыл;

- дезкаражаттар териге тийгенде ал жерди самын менен жууп, ашкана содасынын 2 проценттик аралашмасы менен же натрийдин гипосульфитинин 2 проценттик аралашмасы менен тазалоо керек;

- дезкаражатты кокустан жутуп алса, ашказанды суу менен тазалоо зарыл. Адистештирилген жардамды алуу үчүн медициналык уюмдарга кайрылуу керек.

 

V. Дезинсекциялык иш-чараларды жүргүзүүдө коюлуучу гигиеналык талаптар

 

23. Дезинсекциялык иш-чаралар - бул санитардык-техникалык, гигиеналык жана жок кылуу иш-чараларынын комплекси болуп эсептелет. Дезинфекция калктуу конуштарда (имараттар жана ага жакын жайгашкан аймактар) жана табийгатта муунак буттуулардын (курт-кумурскалардын, кенелердин) кол салуусунан коргоо жана аларды жок кылуу боюнча иш-чараларды камтыйт, бул иш-чарлар эпидемиологиялык жана санитардык-гигиеналык мааниге ээ.

24. Дезинсекцияны төмөнкүдөй жолдор менен жүргүзүүгө уруксат берилет:

- үстүңкү беттерди инсектициддик аралашмалар менен жууп, инсектициддин же реппленттердин аэрозолдорун чачуу;

- инсектициддин аралашмаларынын аэрозолдорун үстүңкү беттерге чачуу;

- лак, дуст, гель түрүндөгү инсектициддерди же башка инсектициддерди үстүңкү бетке чачуу;

- кийимдерди, пардаларды, босого килемчелерин, чатырларды жана башкаларды инсектициддердин же реппеленттердин аралашмалары менен импеграциялоо;

- муунак буттуулардын топтолгон, жашырынган жана алар жүргөн жерлерде инсектициддик жемдерди локалдуу колдонуу;

- кийимдерди, жууркан-төшөктөрдү жана башкаларды инсектициддердин дусттары менен тазалоо;

- камераларда кийимдерди, жууркан-төшөктөрдү, жумшак оюнчуктарды жана башкаларды буу аба аралашмасы, буу, кургак ысык аба менен тазалоо;

- шампунь, лосьон, дуст, сүйкөөчү суюктуктар жана башка инсектициддерди жана реппеленттерди адамдын денесине чачуу жана сүйкөө;

- эпидемилогиялык көрсөткүчтөр боюнча өсүмдүктөргө, суунун бетине, курулмаларга, анын ичинде инфекциялардын табигый-очокторуна атайын чачуучу аппаратуранын (анын ичинде авиациялык жана жерде жүрүүчү каражаттардын) жардамы менен суу аралашмаларын, суу суспензияларын, аэрозолдорду ультра аз өлчөмдө чачуу, аларды инсектициддердин же биологиялык препараттардын түтүндөрү, тумандары менен тазалоо.

25. Дезинсекциянын ыкмасын тандоо тазалануучу объекттин өзгөчөлүктөрү менен аныкталат.

Дезинсекциялык иш-чаралар катары төмөнкүлөрдү пайдалануу зарыл:

- физикалык (күйгүзүү, кургак же нымдуу ысык аба, ысык суу, буу, төмөн температура, үн термелүүлөрүнүн генераторлору);

- механикалык (кылтактар, үстүңкү бети чаптап калуучу нерселер);

- ар кандай топтордогу химиялык кошулмалар (фосфор органикалык, карбаматтар, пиретроиддер, репелленттер жана аттрактанттар жана башкалар) же алардын негизинде жасалган композициялык препараттар;

- биологиялык каражаттар (өсүүнү синтетикалык жөнгө салуучулар, муунак буттуулардын ылаңдарын козгогучтар - бактериялар, вирустар, грибоктор, жөнөкөй гельминттер, ошондой эле жырткыч-энтомофагдар жана башкалар).

26. Дезинсекциялык каражаттар инсектициддик жана (же) акарициддик (овицид, имагоцид, ларвицид) же репелленттик таасирге ээ болууга тийиш. Дезинсекцидцик каражаттарды тандоодо таасир берүүчү зат жана анын концентрациясы, инсектициддик же репелленттик таасиринин спектри, колдонуу формасы жана ыкмасы, адамдар жана жаныбарлар үчүн уулуу болушу, тазалануучу объекттерге жана курчап турган чөйрөгө тийгизген таасири жана башкалар эске алынат.

 

VI. Химиялык дезинсекциялык каражаттарды колдонуу эрежелери

 

27. Дезинсекциялоо боюнча иштерди жүргүзүүдө коопсуздук үчүн жоопкерчилик дезинфекциялык ишти жүргүзгөн уюмдун жетекчилигине жана жеке жактарга жүктөлөт, алардын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

- дезинсекциялык иштерди жүргүзүүдө эмгекти коргоонун эрежелерин жана коопсуздук техникасын иштеп чыгуу жана аткаруучуларга билдирүү;

- эмгекти коргоо эрежелерин жана коопсуздук техникасын, анын ичинде атайын кийимдерди, жеке коргонуу каражаттарын жана аларды дезактивизациялоо эрежелерин сактоону камсыз кылуу;

- пайдаланылуучу дезинсекциялык каражаттардын сапатын, иштөө үчүн берилген аппаратуранын, түзүлүштөрдүн, жеке коргонуу каражаттарынын оң болушун жана пайдаланылышын контролдоо.

28. Тобокелдиги жогору объекттерде дезинфекторлор кеминде эки адамдан турган, ал эми өзгөчө татаал шарттарда (кен казуу жайларында, көмүр шахталарында ж.б.) кеминде төрт адамдан турган тобу менен же бригадасы менен иштейт.

29. Администрация объекттин жайларын тазалоого даярдашы керек. Жайды тазалоо убагында адамдарды (анын ичинде балдарды) кетирип, үй жаныбарларын, канаттууларды, бөлмөдөгү өсүмдүктөрдү алып чыгып, аквариумдардын үстүн жабып, тамак-аш азыктарын алып чыгышат.

30. Дезинфекциялык иштерди аткаруу аяктагандан кийин порошок препараттар 24 сааттан кийин тазаланат, ал эми адамдар жана жаныбарлар барбаган жерлерден дезкаражаттарды 1 айга чейин, алардын натыйжалуулугу жоголгонго чейин тазалабай койсо болот. Активдүүлүгүн жоготкон жемдер өрттөлүп жок кылынат. Андан соң ал жер кальцийлүү содасы бар суу жана самын менен жуулат. Жайларды тазалаганда форточкалар же терезелер ачылат.

 

VII. Дезинсекциялык иштерди жүргүзүү жана анын тартиби

 

31. Дезинсекциялык жана репелленттик каражаттар менен иштөөгө атайын нускама алган, курагы 18 жаштан жогору, уруксаты бар адамдар тартылат (кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга иштөөгө тыюу салынат). Дезинсекциялык каражаттар менен иштеген бардык адамдар коопсуздук техникасына туура келген атайын кийимдер жана жеке коргонуу каражаттары (мындан ары - ЖКК) менен камсыз кылынууга тийиш. Бузулган ЖКК менен иштөөгө катуу тыюу салынат.

32. Дезинсекциялык иштерди аткаруучу персонал ЖККдан тышкары самын, сүлгү жана терини жумшартуу үчүн каражаттар менен камсыз кылынууга тийиш. Дезинсекциялык каражаттар жана аппаратура менен иштөөдө төмөнкүдөй эрежелер сакталууга тийиш:

- препараттык формалардын ар кандай түрлөрүн (аралашмаларды, эмульсияларды, суспензияларды, жемдерди) даярдоону, порошоктордун таңгагын ачууну, ич кийимдерди дезинсекциялык каражаттарга чылоону ЖККны колдонуу менен жайдан тышкары же сордуруучу желдеткичи бар, атайын бөлүнгөн жайларда, же терезелери (форточкалары) ачык жайларда, желдетилүүчү шкафтарда жүргүзүү зарыл. Жайлардагы иштөөчү жерлер сордургуч түзүлүштөр менен жеринде жабдылууга тийиш;

- каражаттардын териге, чел кабыктарга тийүүсүнө жол берилбеши керек;

- жем түрүндөгү каражаттарды балдар жана үй жаныбарлары жетпеген жерлерде сактоо жана коюу зарыл.

33. Дезинсекциялык каражаттар менен иштерди жүргүзүүдө жеке гигиенанын эрежелерин сактоо керек. Тазалануучу жайда чылым чегүүгө, суу ичүүгө жана тамактанууга тыюу салынат. Объекттеги жумуш аяктагандан кийин атайын кийимди жана ЖККны чечип, оозду суу менен чайкап, аралашмалар, эмульсиялар, дуст жана башкалар калып калышы мүмкүн болгон дененин ачык жерлерин, колду, бетти самын менен жуу керек. Смена аяктагандан кийин гигиеналык душка түшүү сунуш кылынат. Колго терини жумшартуучу кремди сүйкөө зарыл.

34. Администрация атайын кийимди мезгил-мезгили менен зыянсыздандырууну жана жууп турууну камсыз кылууга милдеттүү. Инсектициддер менен иштөө аяктагандан кийин атайын кийимди силкип, жайдан тышкары жерде кургатып, желдетүү зарыл. Кир жууганды кийимдердин кирдегенине жараша, бирок жумасына кеминде бир жолу жүргүзүү керек. Атайын кийимди үй шартында жууганга тыюу салынат.

35. Инсектициддик каражаттарды даярдоо, сактоо жана ташуу үчүн пайдаланылуучу идиштерди жана идиш-аяктарды башка максаттарда пайдаланууга тыюу салынат.

36. Дезкаражаттар менен булганган атайын кийимди зыянсыздандыруу боюнча бардык иш-чаралар, аны жуудуруу, иштөө процессинде колдонулган транспорт каражаттарын, идиш-аяктарды зыянсыздандыруу жайдан тышкары жерлерде же сордуруучу желдеткичи бар атайын жайларда, жеке коргонуу каражаттарын колдонуу менен жүргүзүлөт.

37. Фосфорорганикалык кошулмалардын тобундагы инсектициддер (мындан ары - ФОК), карбаматтар бар дезинфекторлор менен бир күндө 4 сааттан ашык эмес убакытка иштөөгө уруксат берилет, бирок бул иш күн сайын болбой, кеминде бир күн коюп, экинчи күнү болушу керек. Дезкаражаттар менен тазалоону жүргүзүүдө ар бир 45-50 мүнөт сайын 10-15 мүнөткө эс алуу болууга тийиш, анын убагында халатты, респираторду же противогазды чечип таза абага чыгуу зарыл.

38. Дем алуу органдарын коргоо үчүн жеке коргонуу түзүлүштөрү төмөнкүдөй маркадагы респираторлор колдонулушу керек:

- аралашмаларды же эмульсияларды чачканда суюк инсектициддерден коргонуу үчүн коргоочу таасири 60-100 саат болгон "А" маркасындагы противогаз патрону бар "РУ-60М", "РПГ-67" универсалдуу респираторлорду колдонуу зарыл;

- порошок инсектициддерден коргонуу үчүн чаңга каршы респираторлорду, кебез-даки респираторлорду (алардын коргоо таасири кеминде 100 саат) колдонуу зарыл;

- суспензияларды чачканда "РУ-60М", "РПГ-67" универсалдуу респираторлорду колдонуу зарыл;

- үстүңкү беттерге инсектициддик лактарды чачканда, инсектициддик аэрозолдук баллондорду колдонгондо "А" маркасындагы патрондору бар "РУ-60М", "РПГ-67" тибиндеги универсалдуу респираторлорду колдонуу зарыл;

- инсектициддин аэрозолдорунун териге тийүүсүнөн коргоону халат, жоолук, кол кап камсыз кылат;

- чаң түрүндөгү препараттардан колдун терисин коргоо үчүн кебез кол каптарды, ал эми суюк түрүндөгү препараттар болсо резина техникалык кол каптарды же пленкалык каптоосу бар кол каптарды колдонуу зарыл. Медициналык (анатомиялык же хирургиялык) кол каптарды колдонуу сунуш кылынбайт;

- көздүн чел кабыгын аэрозолдордон, буулардан жана башкалардан коргоо үчүн герметикалык, чаңга каршы же айдоочунун көз айнегин колдонуу зарыл. Жөнөкөй коргоочу көз-айнек-консерваны колдонууга болбойт.

39. Жеке коргонуу каражаттары өзүнчө шкафтарда, табигый түрдө желдетилүүчү же сордуруучу желдеткичи бар атайын бөлүнгөн жайларда сакталат. ЖККны уулуу химикаттар, кийимдер менен бирге, ошондой эле үй шарттарында сактоого катуу тыюу салынат.

 

VIII. Дезинсекциялык каражаттарды ташуунун жана сактоонун шарттары

 

40. Ар кандай кокустуктар болбошу үчүн абдан күчтүү уулардын негизинде жасалган дезинсекциялык каражаттарды кароосуз калтырууга же кимдир бирөөгө берүүгө тыюу салынат. Тазалоо бүткөндөн кийин ашып калган каражаттар жумушчу күндүн аягында мекемеге алып келинет жана аларды сактоо үчүн жооптуу адамга өткөрүп берилет.

41. Аз товардык дезинсекциялык каражаттарды сактоо үчүн металл стеллаждар, ал эми бөтөлкөлөрдү сактоо үчүн жыгачтан текчелер орнотулат.

42. Дезинсекциялык каражаттардын паспорту болуп, анда каражаттын аталышы, даярдалган күнү, жарамдуулук мөөнөтү көрсөтүлөт. Дезкаражаттарды адамдарга өзүн күбөлөндүргөн паспорттук маалыматтарсыз (документтерсиз) берүүгө жана колдонууга катуу тыюу салынат.

43. Инсектициддер "УУ" этикеткасы бар идиште сакталышы керек, аны алуу жана чыгымдоо катталууга тийиш.

Инсектициддер тазалоо өтүүчү жерге аларды ташуу максаттарында гана колдонулуучу идиштер (баштыктар, чемодандар ж.б.) менен жеткирилет.

44. Тамак-аш азыктарын дезинсекциялык каражаттар менен бирге ташууга жана өндүрүштүк же тазалануучу жайларга сактоого катуу тыюу салынат.

45. Каражаттарды утилдештирүү мамсанэпидкөзөмөл борборунун адистери тарабынан деактивизация кылуу жолу менен жүргүзүлөт.

 

IX. Инсектициддер менен ууланганда врачтык жардам келгенге чейинки көрүлүүчү биринчи чаралар

 

46. Инсектициддер менен ууланган ар бир учурда врачты тез арада чакыруу зарыл. Дезинсекциялык каражаттар менен ууланганда врач келгенге чейин жабыркаган адамды тез арада таза абага чыгарып, булганган кийимди чечип, теридеги препаратты кебез тампон менен абайлап (сүрбөй жана сүйкөбөй) алып, андан кийин терини нашатырь спиртинин 5-10 проценттик аралашмасы менен (ФОКто Б хлорамидин 5 проценттик аралашмасы менен) же соданын (кальцийленген же ашканалык) 2 проценттик аралашмасы менен, ал эми алар жок болсо самындап суу менен тазалоо керек.

47. Препарат көзгө тийсе, көздү суу менен, же ашкана соодасынын 2 проценттик аралашмасы менен 5-10 мүнөт ичинде жуу керек. Көз ачышканда альбуцид аралашмасы, ал эми ооруганда новокаиндин 2 проценттик аралашмасы тамызылат. ФОКтун таасиринин айынан көздүн кареги кичирейсе жана көрүүсү начарласа күкүрткычкылдуу атропиндин 0,05 проценттик аралашмасы тамызылат. Тамак кычышканда ашкана содасынын 2 проценттик аралашмасы менен чайкап, ал эми жөтөл пайда болсо банка, горчичник коюу керек. Препаратты адам кокустан жутуп алса бир нече стакан суу же кызгылт түстөгү марганец кычкыл калийдин аралашмасын (1:5000, 1:10000) ичип, андан кийин кусуу зарыл. Андан соң ашказанды ашкана содасынын 2 проценттик аралашмасы (бир стакан сууга 1 чай кашык сода), же активдештирилген көмүрдүн, бордун, күйгүзүлгөн магнезиянын кошулмасы менен (1 литр сууга 2 ашкана кашыгы өлчөмүндө кошулат) же жылуу суу менен тазалоо керек. Ашказанды жуугандан соң 10-15 мүнөт өткөндөн кийин жабыр тарткан адам күйгүзүлгөн магнезиянын же активдештирилген көмүрдүн кошулмасын (бир стакан сууга 1-2 ашкана кашыгы өлчөмүндө кошулат) ичүүгө тийиш. Андан соң ичти алуучу туздуу кошулманы ичиши зарыл (бир стакан сууга 1 ашкана кашыгы өлчөмүндө кошулат/Кастор майын ичүүгө болбойт!).

48. ФОК жана карбаматтар менен ууланганда ууну организмден чыгаруу боюнча чаралар менен кошо эле антидоттук терапияны жүргүзүшөт. Атропин, прозерин, тропацин ууга атайын каршы колдонулат. Уулануунун биринчи белгилери пайда болгондо (баштын ооруганы, шилекейдин агуусу, көздөн жаш агуу, каректин кичирейиши, булчуңдун диртилдөөсү пайда болгондо) шыр эле красавканын, бесалолдун же бекарбондун экстрактынын 2-3 таблеткасын ичирүү, булчуңга атропин сульфатынын 0,1 проценттик аралашмасын 2-3 мл өлчөмүндө саюу зарыл.

 

X. Дератизациялык иш-чараларды жүргүзүүгө коюлуучу гигиеналык талаптар

 

49. Дератизациялык иш-чаралар - бул калктуу конуштарда жана транспортто синантроптук кемирүүчүлөрдү жок кылууга багытталган, ал эми эпидкөрсөтмөлөр боюнча табийгатта адамдын жана жаныбарлардын инфекциялык ооруларын алып жүргөн жана резервуар болгон кемирүүчүлөрдү жок кылууга багытталган санитардык-гигиеналык, инженердик-техникалык жана жок кылуу иш-чараларынын комплекси.

Объектти дератизациялоону төмөнкүдөй жолдор менен жүргүзүүгө уруксат берилет:

- жайларда жана ачык станцияларда (коммуникацияларда) кемирүүчүлөрдүн топтолгон жана жүргөн жерлерине ууланган жемдерди таштоо;

- кемирүүчүлөрдүн ийиндерине жана жүргөн жолдоруна дары чачуу;

- калктуу пункттагы жайларда жана ачык станцияларда кемирүүчүлөрдү кармоонун механикалык каражаттарын (капкандарды, тузактарды, үстүңкү бетине чаптап калуучу нерселерди) колдонуу;

- кемирүүчүлөр жүргөн жерлерге жана ийиндердин оозуна үстүңкү бети жабышкак уулуу нерселерди жайгаштыруу;

- обочолонгон кампа жайларын жана транспортту газациялоо;

- адамдын жана жаныбардын инфекциялык ооруларынын табигый очогундагы кемирүүчүлөрдүн ийиндерине атайын аппаратуранын жардамы менен газ түрүндөгү ууларды берүү (газация) же порошок түрүндөгү родентициддерди себүү (чачуу);

- кемирүүчүлөрдү чоочутуу үчүн ультра үн түзүлүштөрүн колдонуу.

Дератизациялык каражат катары төмөнкү методдорду пайдалануу керек:

- физикалык (ультра үн термелүүлөрүнүн генераторлору ж.б);

- механикалык (капкандар, кармагычтар, тузактар, желимдүү жабуулар);

- химиялык (тез таасир этүүчү уулар, антикоагулянттар, негизи Д витамини болгон препараттар ж.б.);

- биологиялык (кемирүүчүлөрдү оорута турган микроорганизмдер ж.б.).

Дератизациялык каражаттар родентициддүү же репелленттүү таасирге ээ болушу керек.

Дератизациялык каражаттарды тандоодо төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл:

- иштетилүүчү объекттин өзгөчөлүгүн (тибин, категориясын, санитариялык-техникалык абалын);

- кемирүүчүлөрдүн биологиялык өзгөчөлүгүн (түрүн, жайгашуу өзгөчөлүгүн, родентициддерге туруктуулугун ж.б.);

- родентициддердин өзгөчөлүгүн (таасир берүүчү зат жана анын концентрациясы, кескин жана өнөкөт таасири, формасы жана колдонуу ыкмасы, адамдар жана жаныбарлар үчүн уулуулугу, иштетилүүчү объектке, айлана-чөйрөгө таасири ж.б.).

50. Дератизациялык иш-чараларды уюштурууга коюлуучу негизги талаптарга төмөнкүлөр кирет:

- объекттерди текшерүү;

- профилактикалык жок кылуучу иш-чаралар;

- кемирүүчүлөрдүн санын азайтуу боюнча иштер.

Объекттерди текшерүү кемирүүчүлөрдү табууга, алардын зыян келтирүүчү иштерин, анын ичинде кемирүүчүлөр менен байланышкан оорулардын пайда болуу кооптуулугун баалоого, кемирүүчүлөр байырлаган шарттарды, санын, жайгашуу өзгөчөлүктөрүн жана кемирүүчүлөрдүн санын азайтуу жана калктын ооруп калуу мүмкүнчүлүктөрүн болтурбоонун оптималдуу стратегиясын жана тактикасын тандоо максатында башка популяциялык мүнөздөмөлөрүн изилдөөгө багытталууга тийиш. Текшерүү объекттерди кароону, сурамжылоо жолу менен маалымат чогултууну, кемирүүчүлөрдүн санын эсепке алуу, атайын лабораторияларга жеткирүү боюнча иштерди, объекттерди кемирүүчүлөрдөн коргоо үчүн зарыл болгон санитардык жана техникалык иш-чаралар боюнча заказчылар үчүн сунуштарды түзүүнү камтыйт.

51. Текшерүүдө кемирүүчүлөрдү табуунун жана эсепке алуунун объективдүү методдорун колдонуу менен жайларды жана курулушу бүтпөгөн аймактарды кароо төмөнкүдөй жүргүзүлүүгө тийиш: негизги - изи калган аянтчаларды жана (же) кошумча - контролдук жемдер, кармагычтар, чычкандардын ийиндерин бүтөө.

Кемирүүчүлөрдү же алардын болгон жерлеринин жаңы издерин объективдүү ыкмалар менен табуу тиешелүү курулуштарда, аларды курчап турган короо аймактарында жана транспорт каражаттарында жок кылуучу иш-чараларды жүргүзүү зарылдыгы үчүн көрсөткүч болуп кызмат кылат.

Калктуу конуштардын бак-дарактуу аймактарында (парктарда, саябактарда, бакчаларда ж.б.), ошондой эле инфекциялардын табигый очокторунда кемирүүчүлөргө карата жок кылуучу иш-чаралар эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлөт.

52. Кемирүүчүлөр жайгашкан объекттерде жер которуп келген жырткычтардын жайгашуу ыктымалдыгын азайтуучу узак мөөнөттүү ууландыруучу жерлерди коюу менен профилактикалык жок кылуучу иш-чараларды мезгил-мезгили менен жүргүзүп туруу зарыл.

Кемирүүчүлөрдүн санын азайтуу боюнча иш-чараларды курулуштардын бүткүл аймагынын чегинде: жалпы пайдалуу негизги аянтка (квартирага, коридорго, дубал шкафтарына, сантүйүнгө, ашканага, тепкичтерге, холлго, аянтчаларга ж.б.) жана көмөкчү аянтка (жер төлөлөргө, чатырларга, таштанды камераларына, сарайларга, гараждарга, отказандарга, өзүнчө курулуштардын бойлердик жана башка имараттардын кошумча курулган жайларына ж.б.), ошондой эле курулушу бүтпөгөн аймактарга жүргүзүү керек.

53. Идишке салынбаган тамак-аш азыктары бар жайларда уулуу жабууларды (жабыштыргыч жана чаң чыгаруучу) колдонууга тыюу салынат. Чубурма (анын ичинде даны бар) ууландыргыч жемдерди идишке салынбаган тамак-аш азыктарына өтө жакын коюуга тыюу салынат.

Кемирүүчүлөр оңой зыянга учурата турган идишке (картон куту, кагаз баштык, мүшөк ж.б.) родентициддүү каражаттарды коюу өтө зарыл болгон учурда жемдерди кемирүүчүлөр ташып кетүүнү жана уулуу заттардын тамак-ашка кокусунан кошулуп кетишин болтурбоочу атайын коргоочу контейнерге жайгаштырылган родентициддүү блокторду (парафинделген, момдуу ж.б.) гана колдонуу керек.

Жагымсыз эпиджагдай пайда болгондо ургаалдуу профилактикалык жок кылуучу иш-чаралар жүргүзүлөт, ал учурда объекттин иши токтотула турушу мүмкүн.

54. Балдар, дарылоо, тамак-аш жана аларга теңештирилген адистештирилген объекттерде уу менен иштөөдө алдын ала сактануунун өзгөчө чараларынын катарына төмөнкүлөр кирет:

- жемдерди жана дератизациялык жабууларды бардык жагдайда балдар жетпеген жайларга же балдар толук жок болгон учурда гана коюу;

- жемдерди кемирүүчүлөр жете ала турган атайын идиштерге гана жайгаштыруу, бул учурда ууну кемирүүчүлөрдүн ташып кетүүсүнө жана анын тамак-аш азыктарына, медикаменттерге жана тиричилик буюмдарына кошулуп кетишин болтурбоо керек;

- уулуу жабууларды атайын идиштердин тик турган бетине гана сыйпоо;

- жемдери жана жабуулары бар идиштерди номерлөө, утилдештирүү максатында дератизациялык каражаттардын калдыктарын андан ары чогултуу менен заказчыга кол койдуруп берүү;

- кемирүүчүлөрдүн өлүктөрүн жыйноо жана жайларды кылдат тазалоо.

55. Кемирүүчүлөргө каршы күч каражаттарын (кармагычтар, кодоолор, желимдер ж.б.) колдонууга ар кандай типтеги объекттерде, өзгөчө уу менен коопсуз иштерди камсыздоого мүмкүн болбогондо уруксат берилет.

Таштанды камераларында кемирүүчүлөрдүн саны өтө көп болгондо таштанды өткөргүчтөрдүн бардык люктарын 24 сааттан кем эмес чаптап бекитүү менен аларга ургаалдуу дератизациялык тазалоо жүргүзүшөт. Үйлөрдүн тургундарына тазалоо мөөнөттөрү жана алардан сактануу чаралары жөнүндө алдын ала билдирилүүгө тийиш.

Кемирүүчүлөрдүн санын туруктуу азайтуу объекттин санитардык жана техникалык абалына талаптарды (4-бөлүмдө баяндалганга жана түзүлгөн келишимге ылайык) заказчынын милдеттүү аткаруусу, объекттин бүткүл аянтына (курулушу бүтпөгөн аймакты кошкондо) иштерди жүргүзүү менен жок кылуучу иштер башталгандан кийин 3 айдан кем эмес кепилдикке алынышы мүмкүн.

56. Дератизациянын сапатын контролдоо үч деңгээлде жүргүзүлөт:

- өзүн өзү контролдоо (аткаруучу дератизациянын күчү менен);

- ички (контролдук бригаданын же адистердин күчү менен);

- эксперттик (башка уюмдун күчү менен).

Өзүн өзү контролдоо дератизациялык иштердин комплексин бир учурда жүргүзүү менен дератизациялоо боюнча тейленүүчү объекттерде из калган аянтчалардын же башка контролдоо каражаттарынын жардамы менен ишке ашырылат.

Ички контролдоо дератизациялоо үчүн, эреже катары, эпидемиологиялык маанилүү же кемирүүчүлөр ургаалдуу жайгашкан объекттерде иш-чараларга оңдоо киргизүү үчүн дератизациялык иштерди аткаруучу уюмдун жетекчилигинин чечими боюнча жүргүзүлөт.

Эксперттик контролдоо зарылдыгына жараша тажрыйба алмашуу жана дератизациялык иш-чараларды жүргүзүүдө пайда болгон стандарттуу эмес маселелерди чечүү үчүн жүргүзүлөт.

 

XI. Дератизациялык каражаттарды колдонуунун эрежелери

 

57. Дератизациялык каражаттарды жеке жана коммуналдык гигиена эрежелерин, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды жана эмгекти коргоо менен коопсуздук техникасынын колдонулуудагы эрежелерин сактоо менен ар бир каражат үчүн белгиленген тартипте бекитилген методикалык көрсөтмөлөргө так ылайыкта пайдалануу керек.

58. Уулуу дератизациялык каражаттар (родентициддер) менен иштөөгө 18 жаштан ашкан, атайын окутуудан жана коопсуздук техникасы боюнча инструктаждан өткөн, медициналык көрсөткүчү боюнча кесибинде иштөөгө каршы көрсөткүчтөрү жок адамдарга уруксат берилет. Кош бойлуу жана балалуу аялдарга уулуу каражаттар менен иштөөгө тыюу салынат (башка чектөөлөр колдонулуучу каражаттар боюнча методикалык көрсөткүчтөргө ылайык).

59. Родентициддер (кемирүүчүлөрдү өлтүрүүчү препараттар) менен байланышкан бардык иштер, анын ичинде аларды өлчөп бөлүштүрүп салуу, жемдерди даярдоо ж.б., объекттерди (очокторун) тазалоо милдеттүү түрдө коопсуздук техникасынын талаптарына ылайык, дем алуу органдарын жана көздү жекече коргоо каражаттарын (ЖКК) пайдаланып, кебез же нооту кездемеден тигилген атайын кийим, коргоочу бут кийим, кол кап же мээлей менен төмөнкүдөй жүргүзүлүүгө тийиш:

- дем алуу органдарын чаңдан коргоо үчүн чаңга каршы респираторлор, газ сымал заттардан коргоо үчүн - газга каршы патрону же чыпкалоочу противогазы бар "РПГ-67" тибиндеги универсалдуу респираторлор колдонулат;

- чаң түрүндөгү каражаттардан колдун терисин коргоо үчүн кебез кездемеден тигилген кол кап, ал эми суюк формалар менен иштөөдө - резина техникалык мээлей же пленкалуу жабуусу бар кол кап кийүү сунушталат. Медициналык (анатомиялык же хирургиялык) мээлейлерди пайдаланууда алардын бүтүндүгүнө көз салуу керек, жыртыгы бар мээлейди колдонууга тыюу салынат;

- родентициддүү каражаттардын көзгө тийишинен коргоо үчүн жылчыксыз көз айнектерди колдонуу зарыл. Андан тышкары, родентициддүү каражаттарды өлчөп бөлүштүрүп салууда жана жыйноодо уунун колдун терисине тийишин болтурбоочу кашык, калакча ж.б. пайдалануу керек.

60. Атайын кийим иштен кийин төмөнкүдөй тартипте чечилет: мээлейди чечпей туруп, 5 проценттүү сода эритмесинде жуулат (10 литр сууга 500 г кальцийлүү сода), андан кийин сууга чайкайт, ушундан кийин коргоочу көз айнек жана респиратор, бут кийим, атайын кийим, баш кийим чечилет. Көз айнек жана респиратор 5 проценттүү кальцийлүү сода эритмесинде, самындуу сууда чайкалат, ушундан кийин мээлейди чечип, колду самындап жууш керек.

61. Жекече коргонуу каражаттары жетиштүү табигый же аба кирүүчү-соруучу желдеткичи бар атайын бөлүнгөн жайда өзүнчө шкафта сакталат. Аларды үйдө, ошондой эле родентициддер жана жеке кийимдер менен бирге сактоого катуу тыюу салынат.

62. Родентициддер менен булганган атайын кийимди зыянсыздандыруу, жууп-тазалоо, иш процессинде колдонулган транспорт каражаттарын, идиш-аяктарды, идиштерди зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар ЖККны пайдалануу менен жайдан сыртта же аба кирүүчү-соруучу желдеткичи бар атайын жайда жүргүзүлөт.

Родентициддер менен иштегенден кийин атайын кийимдерди күбүп, кургатуу жана желдетүү керек. Атайын кийимдерди дайыма жаңылап жана жууп-тазалап турууну администрация камсыздоого жана контролдоого тийиш. Жууп-тазалоо булганганына жараша, бирок жумасына бир жолудан кем эмес, пайдаланылган родентициддүү каражаттар боюнча көрсөтмөлөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт. Атайын кийимдерди үй шартында жана ушул максат үчүн ыңгайлаштырылбаган жайларда жууганга тыюу салынат.

Родентициддер менен иштөөдө ар бир 45-50 мүнөт сайын 10-15 мүнөткө танапис жасоо керек, ал учурда сөзсүз түрдө атайын кийимди жана дем алуу органдары менен көздү жекече коргоо каражаттарын чечип, таза абага же родентициддүү каражаттар жок жайга чыгуу керек.

63. Родентициддүү каражаттар менен иштерди жүргүзүүдө сөзсүз түрдө жекече гигиена эрежелерин сактоо зарыл. Тазаланып жаткан жайда тамеки тартууга, ичүүгө жана тамактанууга болбойт. Родентициддүү концентраттардын жана алардын негизинде жасалган каражаттардын териге, көзгө жана оозго тийишинен сак болуу керек. Родентициддүү каражаттардын организмге киришине шарт түзүүчү тырыктары, жарасы бар, териси дүүлүгүп кетүүчү кызматкерлердин иштешине жол берилбейт. Иштен кийин колду, бетти жана каражат тийиши мүмкүн болгон дененин башка ачык жерлерин самындап жууп, оозду суу менен чайкоо керек. Смена аяктагандан кийин гигиеналык душка түшүү керек. Зарылдыгына жараша терини жумшартуучу каражат пайдаланылат.

64. Дератизациялык иштердин аткаруучулары кемирүүчүлөрдөн инфекциянын жугуу мүмкүндүгүн болтурбоочу төмөнкү чараларды сактоолору керек:

- атайын кийим менен иштөө;

- кемирүүчүлөрдү кол кап кийилген кол же кычкач, кыпчуур ж.б. менен кармоо;

- кемирүүчүлөрдүн тиштеп алышынан, алар чыгарган суюктуктардын териге же тамак-ашка кокусунан туш болушунан сак болуу;

- бөйрөк синдрому бар геморрагиялык лихородка жана ооруну аэрогендик жол менен жуктуруучу башка инфекциялардын очокторунда респиратор пайдалануу зарыл;

- трансмиссивдүү инфекциялардын очогунда муунак буттуу оору жугузуучулардын кол салуусунан коргонуу чараларын сактоо керек;

- кемирүүчүлөр же алардын экскременттери менен иштегенден кийин республиканын аймагына ушул максатта колдонууга расмий уруксат берилген тери антисептиктери (70 проценттүү этил спирти, 0,5 проценттүү хлорамин эритмеси) колдонулат.

65. Жогорку кооптуулуктагы объекттерде дезинфекторлор топ же бригада менен иштеши керек: эки кишиден кем эмес, ал эми өзгөчө татаал шарттарда (таш көмүр шахталарында ж.б.) - 4 кишиден кем эмес, объекттин шарттарын жакшы билген адамдын коштоосунда.

66. Родентициддүү каражаттар тышынан тамак-аш азыктарынан, жем-чөптөн, үй тиричилик буюмдарынан, балдар оюнчуктарынан, дары-дармек препараттарынан кескин айырмаланып турушу керек. Мындай талапты аткаруу үчүн каражаттарга түс берилет, алардын формасы өзгөртүлөт, атайын таңгакталат жана маркировкаланат. Ууланган жемдерди даярдоо үчүн күн караманын майдаланбаган дандарын же адамдарга жагымдуу башка продукттарды пайдаланууга тыюу салынат.

67. Адистештирилген кызматтар дератизациялык жабууларды же жемдерди атайын жабдылган обочолонгон жайда-лабораторияда даярдашы керек. Лабораторияга кирүүчү эшик өзүнчө болууга тийиш. Бул жайга жана коңшу жайларга тамак-аштан кескин айырмаланган жыты бар заттарды, анын ичинде дезинфекциялык жана дезинсекциялык каражаттарды алып кирүүгө тыюу салынат.

68. Уулуу материалдар менен иштөө - ууланган жемдерди даярдоо, таңгактоо аталган лабораторияда жана сордуруучу желдеткичи бар жерде гана жүргүзүлөт. Ууланган жемдерди даярдоону лабораториядан тышкары жерлерде жүргүзүүгө тыюу салынат. Лабораторияда тамак-аш азыктарын сактоого, тамактанууга, үй жаныбарларынын, бөтөн адамдардын болушуна катуу тыюу салынат. Документтерди тариздөөнү жана кийимди которууну бул лабораториядан тышкары жерде же анын атайын бөлүнгөн отсегинде жүргүзүү зарыл.

69. Родентициддик каражаттар төмөнкүдөй сакталууга тийиш:

- "УУ" же "УУЛУУ" деген эскертүүчү жазуусу бар, бекем жабылган идиште;

- бекем жабылуучу, кургак, жакшы желдетилүүчү же сордуруучу желдеткич менен жабдылган атайын кампа-жайларда;

- алынган жана чыгымдалган нерселерди милдеттүү түрдө каттоо.

Родентициддик каражаттар сакталган жайларга тамак-аш азыктарын, сууну, жем-чөптү, жыттуу заттарды жана башка бөтөн предметтерди алып кирүүгө катуу тыюу салынат. Кампачынын жумушчу орду родентициддер сакталган жайдан обочолонуп бөлүнүшү керек. Бул жай кол жуугуч, жеке жана жумушчу (өзүнчө) кийим, дем алуу жана көз органдарын коргоонун жеке коргонуу каражаттары үчүн шкаф менен жабдылат; бул жайда биринчи жардамдын аптечкасы жана жеке гигиенанын каражаттары (сүлгү, самын ж.б.) милдеттүү түрдө болууга тийиш. Аз өлчөмдөгү родентициддик каражаттарды дератлабораторияда, ал эми андан тышкары жерлерде бекем жабылуучу шкафтарда (сейфтерде) гана сактоого жол берилет.

70. Уулуу заттарды тамак-аш азыктары жана жем-чөп менен бирге ташууга уруксат берилбейт. Ууну жүктөө жана түшүрүү атайын кийимди кийүү менен жүргүзүлүүгө тийиш. Каражаттарды вагондон (контейнерден) түшүрүүдө, аны ачуунун алдында пломбалардын бүтүндүгү текшерилет. Родентициддер төгүлсө (чачылса) атайын кийимдерди кийип жана дем алуу жана көз органдары үчүн зарыл болгон ЖККны тагынып транспорт каражатын тазалашат, андан соң жараксыз родентициддер жана тазалоочу материалдар жок кылынат.

71. Уулуу каражаттар дезинфекторго таңгагы ачылган, бекем жабылуучу идишке куюлган түрдө (мисалы, клеенка же полиэтилен баштыктарда) берилет, бул учурда каражаттын аталышы жана өлчөмү көрсөтүлөт.

Родентициддик каражаттар жайгаштыруу жерине жана кайра ташылганда ушул максаттарда гана колдонулуучу идиш (баштыктар, чемодандар ж.б.) менен жеткирилет. Ташуучу идиштин ичине өмүргө коркунуч келтирүүчү уу сакталгандыгы жөнүндө жазуу милдеттүү түрдө жазылып, бул жазууда дезинфекциялык мекеменин дареги көрсөтүлөт. Кокустуктарды болтурбоо үчүн родентициддик каражаттарды кароосуз калтырууга болбойт. Тамак-аш азыктарын родентициддик каражаттар менен кошо ташууга катуу тыюу салынат.

72. Родентициддик каражаттарды бөтөн адамга берүүгө тыюу салынат, ал эми кесиптик контингентке берүү ошол уюмдун эсепке алуу-отчеттук документтерине ылайык жүргүзүлөт. Тазалоодон кийин калган каражаттар жумушчу күндүн аягында уюмга алып келинет жана аларды сактоо үчүн жооптуу адамга өткөрүп берилет.

73. Тазалануучу объекттерде иштеген же жашаган адамдарга бул жерде родентицид бар экендигин кабарлоо жана коопсуздук чараларын сактоо боюнча сунуштарды берүү зарыл.

Объекттерди тазалоодо дератизациялык каражаттар балдар жана үй жаныбарлары жетпеген жерлерге, тамак-аш азыктарынан, ичүүчү суудан жана жем-чөптөн өзүнчө коюлууга тийиш.

74. Башка жаныбарлар (анын ичинде үй жаныбарлары) ууланбашы үчүн, суу жана кыртыш булганбашы үчүн родентициддик каражаттарды башка жаныбарлар жетпеген жерлерге, кемирүүчүлөр ууну ташып кетпегендей кылып атайын идиштерге же идиш-аяктарга салуу зарыл. Курулмалардын сыртындагы уулуу заттар жаан-чачындан, суу агымдарынан жана шамалдан сакталышы керек.

75. Балдардын, даарылуу, аштык жана ага теңдештирилген адистештирилген объекттерди тазалоодо өзгөчө сактануу чараларын көрүү зарыл.

Жумуштар аяктагандан кийин жемдин калдыктарын, жана анын идишин кийин кайра пайдалануу (эгерде жарактуу болсо) же жок кылуу (өрттөө, көмүү) үчүн катуу капка чогултуп салынат.

Өлгөн кемирүүчүлөрдү чогултуу керек. Бул өзгөчө кайра ууланууга алып келүүчү уулуу заттар менен тазалоодон кийин керек. Өлүктөрдү чогултууда корнцанг, пинцет менен пайдалануу же кол кап кийип алуу керек. Зарыл болгон учурда андан ары изилдөө жүргүзүү максатында аларды карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар республикалык борборунун лабораториясына жана ушул сыяктуу мекемелердин көрсөтмөлөрүнө ылайык таңгакка салып жана этикетка чаптап өткөрөт. Эгерде кемирүүчүлөргө изилдөө жүргүзүлбөсө, анда аларды төмөнкүдөй жок кылуу керек:

- өрттөйт же 0,5 метрден кем эмес тереңдикте жерге көмөт, мында кургак хлор акиташы менен үстүнөн себелеп коюшат же хлордун 10-20 проценттик аралашмасы же хлорамин менен жаба төгүшөт.

76. Родентицид каражаттары менен байкабастан уулануу болгон учурда тез жана шашылыш биринчи жардам көрсөтүлүшү керек. Родентицид каражаттары менен иштеген адамдар уулануунун алгачкы белгилерин билиши жана ууланганга биринчи жардам бере алышы керек.

 

XII. Родентицид менен ууланууда биринчи жардам көрсөтүү чаралары

 

77. Родентицид каражаттары менен ууланууда дарыгерлерге чейин биринчи жардам көрсөтүү чаралары уулануунун курамы жана оордугу менен аныкталат.

Дарыгерлерге чейин жардам көрсөтүүнүн жалпы тактикасы - жабыркаганды родентицидден дароо четтетүү болуп эсептелет. Жеке коргонуу каражаттарын чечүү, денени кыскан кийимден бошотуу жана медицина кызматкерлерин чакыруу керек. Медицина кызматкерлери келгенге чейин ууну жок кылуу чаралары төмөнкүдөй:

- дененин ачык жерине тийген ууну чүпүрөк, кебез тампону же жумшак кагаз менен сүйкөбөй акырын алып коюу, андан кийин терини самын менен жылуу сууга жуу керек;

- уулуу зат көзгө тийген учурда суу менен же ашкана соодасынын 2 проценттик аралашмасы менен аябай жууш керек, андан кийин сульфацил натрийдин (альбуцид) 30 проценттик аралашмасынын 1-2 тамчысы менен тамчылатып коюу зарыл;

- уулуу зат ашказанга кирген учурда жабыркаганга тез арада бир нече стакан жылуу суу же кычкыл марганцовка калийдин мала кызгылт өңүндөгү аралашмасын ичирип жибериш керек, андан кийин тилдин аягын жана көмөкөй артын механикалык дүүлүктүрүү менен куздуруш керек. Бул процедураны 2-3 жолу кайталаш керек! (Оорулуунун эси жок болгон же тарамыштары түйүлүп турган учурда куздурууга болбойт). Андан кийин 4-5 карболен дарысын же активдүү көмүр (1 чоң кашыкка 0,5 стакан суу) 0,5-1 стакан суу менен ичириш керек. Ушундан кийин туздуу ич өткөрүүчүнү гана ичирүү керек (глаубер тузунун 1 чоң кашыгын 1/2 стакан сууга);

- дем алуусу азайса, жабыркаганга нашатырь спиртин жыттатат. Дем алуусу токтоп калса, өпкөгө жасалма жол менен үйлөп дем алдыруу керек;

- жүрөк токтосо, төштүн сыртынан массаж жасоо керек;

- тарамыш түйүлсө, ар кандай дүүлүктүрүүдөн четтетип, оорулууга тынчтык бериш керек;

- мурундан кан акса, жабыркаганды чалкасынан жаткырып башын кайкалатуу керек, мында мурундун үстүнө жана желкеге муздак компресс, ал эми мурунга суутектин перекисинин 3 проценттик аралашмасы менен нымдалган тампон коюу керек.

Бардык процедуралардан кийин жабыркагандын денесин жылытып, катуу демделген аскорбин кислотасы менен таттуу чай берүү керек. Эгерде жабыркаган эсин жоготсо, денесин күйгүзүп албаш үчүн жылыткычтарды өзгөчө кылдаттык менен колдонуу керек.

78. Квалификациялуу медициналык жардам алуу үчүн сөзсүз кайрылуу керек. Антикоагулянт менен ууланган учурда медициналык көзөмөл жана кандын уюлуу системасын контролдоп туруу талап кылынат.

 

 

 

 

 

 

Дезинфекцияны, дезинсекцияны
жана дератизацияны уюштуруу
жана өткөрүү боюнча колдонмого
1-тиркеме

 

Дератизация каражаттарын пайдалануунун
БОЛЖОЛДУУ НОРМАТИВДЕРИ

 

1. Контролдук из калган аянтчаларды пайдалануу

┌───────────────────┬────────┬───────┬───────┬──────┬──────┬─────┬────┐

│  Тейленүүчү аянт  │250000 -│60000 -│17000 -│5000 -│2000 -│300 -│60 -│

│    (миң кв.м)     │60001   │17001  │5001   │2001  │301   │61   │1,5 │

├───────────────────┼────────┼───────┼───────┼──────┼──────┼─────┼────┤

│ Аянтчалардын саны │  3,0   │  3,5  │  4,0  │  4,5 │  5,0 │ 5,5 │6,0 │

│    1 миң кв.м     │        │       │       │      │      │     │    │

└───────────────────┴────────┴───────┴───────┴──────┴──────┴─────┴────┘

 

2. Татканткычты калктуу конуштарда пайдалануу, бир жылга 1 кв.м

 

┌───────────────────┬────────┬───────┬───────┬──────┬──────┬─────┬────┐

│  Тейленүүчү аянт  │250000 -│60000 -│17000 -│5000 -│2000 -│300 -│60 -│

│    (миң кв.м)     │60001   │17001  │5001   │2001  │301   │61   │1,5 │

├───────────────────┼────────┼───────┼───────┼──────┼──────┼─────┼────┤

│   Татканткычтын   │  2,0   │  3,0  │  4,0  │ 5,0  │  6,0 │ 7,0 │8,0 │

│     өлчөмү (г)    │        │       │       │      │      │     │    │

└───────────────────┴────────┴───────┴───────┴──────┴──────┴─────┴────┘

Эскертүү:

Тамак-аш, айыл чарба, мал чарба объекттери, эт комбинаттары, жеке үйлөр жана кемирүүчүлөр өтүп кете алуучу материалдардан салынган курулуштар үчүн норма эки эсеге чейин көбөйтүлөт.

Жайды бир жолу тазалоо үчүн 1 кв.м чыгымдалышы 1,0 г.

 

Курулуп бүтпөгөн аймакты бир жолу тазалоо үчүн татканткычты пайдалануу

 

┌───────────────────────────┬──────────────────────────┬──────────────┐

│      Жемдин курамы        │   Коюлуучу жердин саны   │   Чыгымдоо   │

│                           │       (1 гектарга)       │нормасы, кг/га│

│                           ├────────────────┬─────────┤              │

│                           │   Чычкандар,   │   Арс   │              │

│                           │   момолойлор   │чычкандар│              │

├───────────────────────────┼────────────────┼─────────┼──────────────┤

│Өтө уулар                  │      40        │   20    │      2,0     │

├───────────────────────────┼────────────────┼─────────┼──────────────┤

│Биринчи муундагы           │      80        │   40    │      6,0     │

│антикоагулянттар           │                │         │              │

├───────────────────────────┼────────────────┼─────────┼──────────────┤

│Экинчи муундагы            │      40        │   20    │      3,0     │

│антикоагулянттар           │                │         │              │

└───────────────────────────┴────────────────┴─────────┴──────────────┘

 

 

Дезинфекцияны, дезинсекцияны
жана дератизацияны уюштуруу
жана өткөрүү боюнча колдонмого
2-тиркеме

 

 

Родентициддүү каражаттар менен иштегендер үчүн
АЛГАЧКЫ ЖАРДАМ АПТЕЧКАСЫ

 

┌───┬──────────────────────────────────────────────────────┬──────────┐

│ № │                Каражаттын аталышы                    │ Өлчөмү   │

├───┼──────────────────────────────────────────────────────┼──────────┤

│1  │Аммоний хлориди (нашатырь спирти 2,5-5 проценттүү     │50 мл     │

│   │эритме)                                               │          │

├───┼──────────────────────────────────────────────────────┼──────────┤

│2  │Аскорбин кислотасы                                    │50 табл.  │

├───┼──────────────────────────────────────────────────────┼──────────┤

│3  │Атропин сульфаты (ампулада 0,1 проценттүү)            │10 ампула │

├───┼──────────────────────────────────────────────────────┼──────────┤

│4  │Бесалол, беллалгин                                    │50 табл.  │

├───┼──────────────────────────────────────────────────────┼──────────┤

│5  │Бинттер (стерилдүү жана стерилдүү эмес)               │5+5 даана │

├───┼──────────────────────────────────────────────────────┼──────────┤

│6  │Валериана (70 проценттүү спирттеги тундурма)          │30 мл     │

├───┼──────────────────────────────────────────────────────┼──────────┤

│7  │Гигроскопиялык вата                                   │150 г     │

├───┼──────────────────────────────────────────────────────┼──────────┤

│8  │Викасол (таблетка, ампулада 1 проценттүү эритме)      │50 даана  │

├───┼──────────────────────────────────────────────────────┼──────────┤

│9  │Глауберов тузу (натрий сульфаты)                      │150 г     │

├───┼──────────────────────────────────────────────────────┼──────────┤

│10 │Иод тундурмасы (5 проценттүү эритме)                  │100 мл    │

├───┼──────────────────────────────────────────────────────┼──────────┤

│11 │Хлорлуу кальций (ампулада 10 проценттүү эритме)       │200 мл    │

├───┼──────────────────────────────────────────────────────┼──────────┤

│12 │Кальцитонин                                           │50 ампула │

├───┼──────────────────────────────────────────────────────┼──────────┤

│13 │Калий марганцовкалуу кычкыл                           │20 г      │

├───┼──────────────────────────────────────────────────────┼──────────┤

│14 │Магнезий күйгүзүлгөн                                  │500 г     │

├───┼──────────────────────────────────────────────────────┼──────────┤

│15 │Магний сульфаты (ачуу туз)                            │300 г     │

├───┼──────────────────────────────────────────────────────┼──────────┤

│16 │Көк таш (жез сульфаты)                                │50 г      │

├───┼──────────────────────────────────────────────────────┼──────────┤

│17 │Суутек перекиси (3 проценттүү эритме)                 │1 флакон  │

├───┼──────────────────────────────────────────────────────┼──────────┤

│18 │Тамак-аш (кош көмүр кычкыл) содасы                    │200 г     │

├───┼──────────────────────────────────────────────────────┼──────────┤

│19 │Сулуулануу каражаттары: тундурма, экстракт            │1 флакон  │

├───┼──────────────────────────────────────────────────────┼──────────┤

│20 │Жүрөк ооруга каражаттар (Зеленин тамчысы, корвалол)   │2 флакон  │

├───┼──────────────────────────────────────────────────────┼──────────┤

│21 │Сульфацил-натрий (30 проценттүү эритме)               │1 флакон  │

├───┼──────────────────────────────────────────────────────┼──────────┤

│22 │Активдештирилген көмүр (карболен)                     │200 г     │

├───┼──────────────────────────────────────────────────────┼──────────┤

│23 │Фитоменадион (капсула, майлуу 10 проценттик эритме)   │50 даана  │

└───┴──────────────────────────────────────────────────────┴──────────┘

Эскертүү: аптечканы алгачкы медициналык жардам көрсөтүүгө зарыл болгон антидоттор менен комплекттөө зарыл.