КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-апрели №178
К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин маселелери жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 31-декабры № 895, 2016-жылдын 30-июнундагы № 364 , 2018-жылдын 3-декабрындагы № 562 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы №425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу" Жарлыгына ылайык, илимий жана жогорку билим берүү системасын реформалоо, бирдиктүү илимий-изилдөө жана билим берүү борборун түзүү жана илимий-педагогикалык потенциалды пайдаланууну оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин уставы;
- К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин түзүмү.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 7-мартындагы № 126 "Кыргыз агрардык академиясын К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетине кайра уюштуруу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-июлундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын агрардык илимий-изилдөө институттарын каржылоо жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 42-пункту.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жана билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
А.Атамбаев |
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнү |
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 31-декабры № 895, 2016-жылдын 30-июнундагы № 364 , 2018-жылдын 3-декабрындагы № 562 токтомдун редакциясына ылайык)
Эскертүү: пунктир менен чарбалык эсептеги мекемелер көрсөтүлгөн, үзгүлтүксүз сызык менен көрсөтүлгөн мекемелер мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат.
Илим-изилдөө институттарынын (тажрыйба-селекциялык станциялардын, эксперименталдык, үрөнчүлүк чарбалардын, асыл тукум заводдордун жана таяныч пункттардын) ведомстволук уюмдардын тизмеси жана алардын дареги, жайгашкан орду
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын
3-декабрындагы № 562 токтомуна ылайык
КҮЧҮН
ЖОГОТТУ)