Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2011-жылдын 5-июлу №354

Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын калктуу конуштарында 2010-жылдын июнунда болгон окуяларда мүлкү талап-тонолгон же өрттөлгөн Кыргыз Республикасынын жарандарына (ишкердик субъекттерин кошпогондо) мамлекеттик жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-мартындагы №118 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын 2010-жылындагы иши жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын калктуу конуштарында 2010-жылдын июнунда болгон окуяларда мүлкү талап-тонолгон же өрттөлгөн Кыргыз Республикасынын жарандарына (ишкердик субъекттерин кошпогондо) мамлекеттик жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Ош жана Жалал-Абад облусунун шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жабыр тарткан жарандарга ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Жобого ылайык акысыз мамлекеттик жардам көрсөтсүн.

3. Ош жана Жалал-Абад облустарынын мамлекеттик администрациялары Ош шаарынын мэриясы июнь окуяларында жабыр тарткан жарандарга мамлекеттик жардам көрсөтүү максатында келтирилген материалдык зыяндын өлчөмүн аныктоо максатында комиссияларды түзүшсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 12-июлундагы № 56 жарыяланды

 

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.