Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-августундагы № 409 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 5-июлу №357

"Этил спиртинин, арактын жана ликер-арак ичимдиктеринин коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти тууралуу

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15, 2017-жылдын 29-мартындагы № 184 токтомдун редакциясына ылайык)

 

"Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген "Этил спиртинин, арактын жана ликер-арак ичимдиктеринин коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (мындан ары - Техникалык регламент) бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Техникалык регламентке ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия экономикалык бирлигинин "Алкоголдук продукциялардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти күчүнө киргенге чейин колдонулат.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15, 2017-жылдын 29-мартындагы № 184 токтомдорнун редакциясына ылайык)

 

Премьер-министри

А.Атамбаев