Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\b9f6694a-5872-4295-9269-f5fc8f5a44cc\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 5-июлу №364

Кыргыз Республикасында магистралдык темир жолу куруунун уюштуруу маселелери жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесине жана "Транспорт жөнүндө" жана "Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын темир жол тармагын эл аралык транспорттук коридорго интеграциялоону камсыздоо, жаңы магистралдык темир жол линияларын долбоорлоо жана куруу боюнча уюштуруучулук жана финансылык маселелерди чечүүнү тездетүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жаңы темир жол линияларын куруу үчүн чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун маанилүүлүгүн жана зарылдыгын моюнга алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы болуп кайра аталсын.

2. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагына өткөрүп берилсин.

3. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте:

- эки айлык мөөнөттө:

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун киргизсин;

өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- Кыргыз Республикасында магистралдык темир жолдун курулушун долбоорлоо жана каржылоо үчүн инвесторлорду тартууга чараларды көрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-июлундагы № 301 "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

А.Атамбаев