Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2011-жылдын 8-июлу №377

Аудитордук ишти жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө

"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 жана 9-беренелерине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасында аудитти андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерлерди аттестациялоо жөнүндө жобо;

- Аудиторлордун квалификациясын жогорулатуу жөнүндөгү жобо.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 12-июлундагы № 56 жарыяланды

 

Премьер-министри

А.Атамбаев