Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-августундагы № 409 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 23-сентябрындагы
№ 587 токтому менен
бекитилген

 

"Көтөргүч-транспорттук жабдуулардын жана аны пайдалануунун процесстеринин коопсуздугу жөнүндө"
ТЕХНИКАЛЫК РЕГЛАМЕНТ

 

1-бап

Жалпы жоболор

 

§1. Колдонуу чөйрөсү

 

1. "Көтөргүч-транспорттук жабдуулардын жана аны пайдалануунун процесстеринин коопсуздугу жөнүндө" ушул техникалык регламент (мындан ары - Техникалык регламент) "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуулардын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү сактоо, айлана-чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо, сатып алуучуларды адаштыруучу аракеттердин алдын алуу максатында иштелип чыккан жана төмөндөгүлөргө коопсуздук боюнча минималдуу талаптарды белгилейт:

1) ушул Техникалык регламенттин 1-тиркемесине ылайык көтөргүч-транспорттук жабдууларга (мындан ары - КТЖ);

2) рынокко өзүнчө чыгарыла турган ушул КТЖ чогултуучу бирдиктерине;

3) КТЖ долбоорлоо, даярдоо, ташуу, сактоо, пайдалануу жана утилдөө процесстерине.

2. Ушул Техникалык регламент төмөнкүлөргө колдонулбайт:

1) Кыргыз Республикасынын бирдиктүү байланыш тармагынын иштөөсүнүн бүтүндүгүн жана туруктуулугун камсыз кылууга жана радиожыштыктын спектрин пайдаланууга байланышкан;

2) мамлекеттик коргоо боюнча тапшырыктар менен келүүчү жана ал жөнүндөгү маалыматтар мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн;

3) лифттерге.

 

§2. Негизги түшүнүктөр

 

3. Ушул Техникалык регламенттин максаттары үчүн "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө", "Кооптуу өндүрүштүк объекттердеги өнөр жайлык коопсуздук жөнүндө" жана "Машиналарды жана жабдууларды коопсуз пайдалануу жана утилдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негизги түшүнүктөр колдонулат.

Ошону менен катар төмөнкү түшүнүктөр дагы колдонулат:

- индикатор - КТЖнын жана анын механизмдеринин иштөөсүнүн шарттары жана параметрлери жөнүндө операторго маалымат берүүчү түзүлүш;

- жүк көтөрүүчү кран (мындан ары - кран) - циклдүү аракет кылган КТЖ, ал илгичке илинген же жүктү кармоочу башка орган менен кармалып турган жүктү көтөрүүгө жана мейкиндикте жылдырууга арналат;

- көпүрө тибиндеги кран - жүктү кармоочу органы көпүрө аркылуу жылып турган жүк арабасына, тальга же жебелүү кранга илинген кран;

- көпүрө краны - көпүрөсү түздөн-түз курулуш конструкцияларында жайгаштырылган крандын жолуна таянган же жердин үстүндөгү кран жолунун төмөнкү текчелерине илинген көпүрө тибиндеги кран;

- аяктуу кран - көпүрөсү эки таяныч түркүктүн жардамы менен кран жолуна таянган көпүрө тибиндеги кран;

- кабелдүү кран - таяныч мачталарынын (мунараларынын) жогорку бөлүгүндө бекитилген аркандар көтөргүч элементтери болгон көпүрө тибиндеги кран;

- кабелдүү көпүрө краны - көпүрөнүн учтарына бекитилген аркандар көтөргүч элементтери болгон көпүрө тибиндеги кран;

- жебе тибиндеги кран - жүк кармоочу органы жебеге же жебе менен жылуучу арабага асылган кран;

- эркин туруучу кран - коңторулуп кетүүдөн өз салмагы сактап турган, адатта жебе тибиндеги кран;

- порталдык кран - темир жол же автомобиль транспортун өткөрүүгө арналган порталга жайгашкан жылып жүрүүчү жана айлануучу жебе тибиндеги кран;

- грейфердик жүктөгүч-кран - грейферлүү жүк арабасы менен жабдылган жана грейферлүү жүк арабасынын номиналдуу ылдамдыгы крандын өзүнүн жылышынын номиналдуу ылдамдыгынан олуттуу жогору болгон көпүрө тибиндеги жүк көтөргүч кран;

- жебелүү кран - жебе же мунаралуу-жебелүү жабдуу менен жабдылган жана жүктөлгөн же жүктөлбөгөн абалында өзү жүрүүчү шасси (автомобиль, пневмодөңгөлөктүү, каз тамандуу, тракторлук ж.б.) жылып жүрө ала турган жебе тибиндеги кран;

- мунаралуу кран - жебеси тикесинен турган мунаранын жогорку бөлүгүндө бекитилген айлануучу жебе тибиндеги кран;

- темир жол краны - темир жолдо жылып жүрүүчү платформага орнотулган жебелүү кран;

- мачталуу кран (Деррик) - мачтага жебеси шарнирдик бекитилген айлануучу жебе тибиндеги кран;

- консолдуу кран - жүк кармоочу органы бекем бекитилген консолго (жебеге) же консоль (жебе) менен жылып жүрүүчү арабага асылган жебе тибиндеги кран;

- жыйгыч көпүрө - кран-жүктү жыйуу үчүн жүк көтөргүчү бар тике колонна менен жабдылган көпүрө краны;

- атайын металлургиялык кран - металлургия өндүрүшүнүн технологиялык процесстеринде колдонулуучу кран;

- атайын химия өндүрүшү үчүн кран - химия өндүрүшүнүн технологиялык процесстеринде колдонулуучу кран;

- жүктөгүч кран - транспорттук каражатка (автомобиль, трактор, темир жол платформасы ж.б.) орнотулуп, бул каражатты жүктөөгө жана жүгүн түшүрүүгө кызмат кылган жебелүү кран;

- түтүк жаткызгыч кран - тракторго орнотулуп, түтүктөрдү көтөрүүгө, жылдырууга жана өткөргүч түтүктөрдү чогултууга арналган жебелүү кран;

- дарыялык калкыма кран - дарыяларда сүзүп жүрүү үчүн калкыма каражатка орнотулган жебелүү кран;

- лебедка - тартуу күчү ийилчээк элемент (аркан, чынжыр) аркылуу иштеткич барабандан бериле турган механизм;

- жалгыз рельстүү жүк ташыгыч электр арабалары - жылып жүрүү үчүн жалгыз рельстүү жолго коюлган, кабинадан же алыстан башкарылуучу көтөргүч механизми бар жүк ташыгыч электр арабалары;

- КТЖнын өзүнчө чогултулуучу бирдиги - КТЖнын өзүнчө жасалган жана анын курамында комплекттөөчү же запастык бөлүк катары колдонулуучу бөлүгү;

- жүк көтөрүүнү чектегич (жүк моменти) - КТЖнын илгичиндеги ашыкча жүктөлүүдөн сактоочу прибор (көтөрүп жаткан жүктүн салмагынан коңторулуп кетүү моментинен);

- жүк кармагыч орган - жүктү иле турган, кармай турган же алдынан иле турган (илгич, грейфер, электромагнит, айры ж.б.) чыгарылбай турган түзүлүш;

- причалдык жүктөгүч - кемеден причалга жана андан кайра жүктөө-жүк түшүрүү иштерин аткаруу үчүн причалга орнотулуп, спредерлүү жүк арабасы менен жабдылып, анын жылышынын номиналдуу ылдамдыгы крандын жылышынын номиналдык ылдамдыгынан олуттуу жогору болгон жүк көтөргүч кран;

- көтөргүч транспорттук жабдуу (КТЖ) - өзүнчө колдонула турган же машинага орнотула турган жүктөрдү жана/же адамдарды тик, горизонталдуу жана жантык тегиздиктерде жылдырууга колдонулуучу техникалык түзүлүш;

- көзөмөлдөгү КТЖ - рыноктук айлануу жана турмуштук циклдеги стадияларында өнөр жай коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан техникалык регламенттерге ылайык, коопсуздук талаптарын аткаруу боюнча мамлекеттик текшерүү жана көзөмөл жүргүзүлүүчү КТЖ;

- көтөргүч (мунара) - тейлөө чөйрөсүнүн чегинде жумуш аткаруу үчүн адамдарды жабдуулары жана материалдары менен ташып жүрүүчү үзгүлтүк менен иштөөчү жүк көтөргүч машина;

- крандын көтөргүчү - операторлорду кабинага (мисалы, мунара кранынын) жана/же тейлөөчү персоналды жумуш аткаруучу ордуна жеткирүү үчүн көтөргүч түзүлүш;

- жүргүнчүлөр үчүн асма аркан жолу - асма аркан менен кыймылдуу составда жүргүнчүлөрдү ташуучу курулуш;

- жүргүнчү жана жүргүнчү-жүк ташуучу фуникулерлер - жантык рельс жолу менен тартуучу аркандын жардамы менен вагондордо адамдарды (жүктөрдү) ташууга арналган көтөргүч;

- коопсуздук прибору - КТЖ да орнотулган, авариялык кырдаалдарды болтурбоочу техникалык түзүлүш;

- жүк кармагыч жабдуу - кран менен жүктү кармоого же бириктирүүгө арналып, илгичке илине турган чыгарылма түзүлүш (грейфер, электромагнит ж.б.);

- КТЖнын (чогултулуучу бирдиктин, деталдын) чегине жеткен абалы КТЖнын мындан ары пайдаланууга мүмкүн болбогон же максатка жооп бербеген КТЖнын (чогултулуучу бирдиктин, деталдын) абалы;

- КТЖнын (чогултулуучу бирдиктин, деталдын) ресурсунун көрсөткүчү - КТЖнын (чогултулуучу бирдиктин, деталдын) иштелмесине адекваттуу баа берүүчү параметр;

- КТЖнын иштөө параметрлеринин каттоочу - КТЖнын иштөө параметрлери боюнча маалыматтарды каттоо (жыйноо), иштеп чыгуу жана сактоо боюнча түзүлүш;

- коопсуздук системасы - коопсуздук боюнча приборлордун комплекси;

- биринчи (кезектеги) техникалык диагностикага чейинки мөөнөт техникалык абалы диагностикалоо өткөрүлө турган пайдалануунун календарлык узактыгы;

- тике жана жантайыңкы найлар үчүн шахталык көтөргүч орнотмо - тиешелүү шахта найларын тейлөөдө пайдаланылуучу адам, жүк көтөргүч түзүлүш;

- тара - жүктү ташуу үчүн колдонулуучу ар кандай идиш (челек, контейнер ж.б.);

- таль - иштеткич менен бир тулкуда орнотулган жүк көтөргүч механизм;

- эскалатор (травалатор) - адамдарды жантык (горизонталдуу) тегиздикте ташуучу конвейер;

- жүргүнчүлөр үчүн асма аркан жолу - асма аркан жолу менен кыймылдуу составда жүргүнчүлөрдү ташуучу курулма;

- эксперттик уюм - өнөр жай чөйрөсүндөгү коопсуздукту экспертизалоого укугу бар уюм;

- ТКБ - техникалык контролдоо бөлүмү;

- ЭӨЛ - электр өткөрүүчү линиялар.

 

2-бап
КТЖнын өмүр циклинин стадиясындагы коопсуздук боюнча жалпы талаптар

 

§1. КТЖны долбоорлоодогу коопсуздукту камсыздоо боюнча талаптар

 

4. КТЖны долбоорлоо учурунда ушул Техникалык регламенттин, КТЖга тиешеси бар башка бардык регламенттердин, "Машиналарды жана жабдууларды коопсуз пайдалануу жана керекке жаратуу жөнүндө" техникалык регламенттин талаптары канааттандырылышы керек.

5. КТЖ жумушчу жана жумушчу эмес абалдарында коопсуз болушу керек:

1) жумушчу абал деп КТЖ толугу менен жыйналып, жабдуу толугу менен же бир бөлүгү менен (жүгү жүргүнчүлөрү менен же жүксүз/жүргүнчүлөрүсүз) өзүнүн механизмдеринин жардамы менен жылып жүрө ала тургандай абал эсептелинет;

2) жумушчу эмес абал деп төмөнкүлөр эсептелет:

- жүк/жүргүнчүлөрү жок, КТЖ энергия булагынан ажыратылган жана пайдалануу боюнча нускамада көрсөтүлгөн абалга келтирилген;

- чогултуу жана бириндетүү учурунда;

- КТЖны чогултулган жана/же бириндетилген түрүндө жүктөө жана түшүрүү, ташуу жана ордун которуу учурунда;

- КТЖны сактоо жана/же узак убакытка консервациялоодо;

- КТЖны сыноо учурунда.

6. КТЖ шарттардын төмөнкү өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштөөнүн көрсөтүлгөн мөөнөтүнө белгиленген ресурсту/иштетип бүткүүнүн чектүү абалына чейин пайдалануунун коопсуздугун камсыз кылуусу керек:

1) курчап турган чөйрөнүн;

2) климаттык;

3) метеорологиялык;

4) сейсмикалык;

5) жарылуу коркунучу;

6) өрт коркунучу.

Ушул шарттардын мүнөздөмөлөрү КТЖнын пайдалануу документтерине көрсөтүлүшү керек.

7. Долбоорлоо учурунда КТЖнын конструкциясында өмүрүнүн циклинин бардык стадияларындагы ченемдүү пайдаланууну, өзгөчө кырдаалдарды (отказдар жана сырткы таасирлер), персоналдын болжолдонгон жаңылыштыктары жана жол берилбеген пайдаланууну кошуу менен (болжолдуу) бирдейлештирилген бардык коркунучтардын төмөнкүлөргө байланышкан тобокелдиги жок кылынышы же жол бериле турган чектерге чейин азайтылышы зарыл:

1) жасоого колдонулган материалдарга;

2) жумуш учурунда пайдаланылган заттарга;

3) тейленүүчү мейкиндиктин, башкаруу кабиналарынын жана аппараттык бөлмөлөрдүн жетиштүү эмес жарык кылынуусу;

4) башкаруу системасына, башкаруу органдары менен кошо, программалык камсыздоого, логикалык жана операторлордун жаңылыштыктарына, күтүүсүз от алдыруудан жана шашылыш токтотууга;

5) механикалык, анын ичинде гидравликалык жана пневматикалык, ошондой эле энергиянын электрдик түрүн колдонууга;

6) энергияны берүүнү токтоосу жана бузулушуна;

7) конструкциянын анын бөлүктөрүнө жана тутумдарына механикалык касиеттерине, анын ишенимдүүлүгүнө, бекемдигине, узакка кызмат кылаарына, формасынын туруктуулугуна, конструкциянын, жогорку температурада жана басымда суюктугу болгон шлангдар менен идиштердин абалына;

8) өндүрүштүн зыяндуу факторлорунун операторго жана КТЖ жардамы менен кыймылдаган адамдарга таасири берүүсүнө (катуу добуштар, титирөөлөр, экстремалдык температуралар, газ менен чаңдын бөлүнүп чыгуусу, радиация, лазердик нурлануу);

9) жаракат келтирүүчү беттерге, четтерине жана бурчтарына;

10) КТЖнын кыймылдоочу бөлүктөрүнө жана жүккө;

11) жүктүн, аспаптардын жана деталдардын кулашына;

12) статикалык электричествонун топтолушуна;

13) өрт жана жарылууга;

14) кураштыруу менен чогултуудагы калпыстыктарга;

15) техникалык тейлөөнүн ыңгайсыздыгына, жумуш орундарына жетүүнүн кыйынчылыктарын кошо, адамдардын кулап түшүүсүнө, тайгалануусуна, мүдүрүлүүсүнө;

16) эргономиканын талаптарын эске алуунун жетишсиздигине;

17) маалыматтык приборлор жана коргоочу каражаттардын иштөөсүнүн катачылыктарына;

18) маркировкалоого;

19) техникалык документтердин жана инструкциялардын кемчиликтерине.

8. Окшоштурулган коркунучтардын тобокелдигин баалоо эсептик, эксперименталдык, эксперттик жолдор менен же ушундай КТЖларды пайдалануунун статистикалык маалыматтары боюнча жүргүзүлөт. Аткарылган баалоону текшерүүгө мүмкүнчүлүк камсыз болуусу керек.

9. Ушул Техникалык регламенттин максаттары үчүн КТЖнын белгиленген ресурсту бүтүрүү мезгилиндеги келтирилген зыяндын оордугуна байланыштуу жол берилген отказдардын болжолдору белгиленген.

10. КТЖнын айрым түрлөрүнүн коопсуздугу боюнча негизги талаптар ушул Техникалык регламенттин 2-тиркемесинде келтирилген.

11. КТЖнын конкреттүү түрү үчүн жүргүзүлгөн коркунучту баалоону эске алуу менен долбоорлоо учурунда анын өмүрүнүн циклинин бардык стадиясында болочок зыянды болтурбоого же азайтууга (эң төмөнкү деңгээлге жеткирүүгө) багытталган чаралардын бардык комплекси аныкталышы зарыл.

12. Колдонуу боюнча паспорттун (формуляр) пайдалануу документтерин жана нускамаларын иштеп чыгуу КТЖны долбоорлоонун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Паспорт (формуляр) КТЖнын бардык пайдалануу параметрлерин камтуусу керек.

Колдонуу боюнча нускамалар төмөнкүлөр боюнча толук көрсөтмөлөрдү камтуусу керек:

1) кураштыруу (чогултуу, жөндөө жана жөнгө салуу);

2) КТЖны пайдалануу жана пайдалануу мезгилинде сактоого зарыл болгон коопсуздукту камсыз кылуу чаралары (пайдаланууга жиберүүнүн шарттарын аткарууну кошо, пайдаланууга берүү, тиешелүүлүгүнө жараша пайдалануу, техникалык күбөлөндүрүүдөн, диагностикадан, тейлөөдөн, ремонттун бардык түрүнөн өтүүнүн тартиби, көлөмү жана мөөнөттөрү, транспортировкалоо, таңгактоо, консервациялоо жана сактоонун шарттары);

3) белгиленген ресурс же коопсуз пайдалануунун мөөнөтү;

4) коопсуздукка таасир берүүчү КТЖнын бөлүктөрүнүн чегине жетүү абалы;

5) пайдалануудан чыгаруу жана калдыктарды керекке жаратуу боюнча көрсөтмөлөр;

6) долбоордо КТЖнын жана анын түйүндөрүнүн долбоорго жана регламенттин талаптарына ылайыктыгын тастыктаган текшерүүлөрдү жана изилдөөлөрдү жүргүзүүнү камтыган КТЖны сыноо методикасы жана программасы иштелип чыгыш керек.

13. Долбоор түзүлүп жаткан КТЖнын ушул Техникалык регламенттин бардык талаптарына ылайыктыгын күбөлөндүргөн же жокко чыгарган өнөр жай коопсуздук экспертизасына коюлушу керек. Өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертизанын корутундусу долбоордун ажырагыс бөлүгү болот.

14. Өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертиза жана экспертизанын корутундусу эксперттик уюм тарабынан даярдалышы керек.

15. Жалпысынан КТЖны же өзүнчө рынокко чыгарылып жаткан чогултуучу бирдигин жасоо, өркүндөтүү жана кайра түзүү боюнча долбоор төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) техникалык тапшырма (чанда учуроочу үлгүлөрдү жасоодо) же сериялык чыгарууда ченемдик документ (уюмдун стандарты же улуттук стандарт);

2) ушул Техникалык регламент менен белгиленген чиймелердин комплектиси, эсептөөлөр жана пайдалануу документтерди;

3) сыноолордун методикасынын программаларын;

4) пайдалануу документтери: паспорт, (формуляр), колдонуу боюнча нускамалар;

5) долбоордун өнөр жай экспертизасынын корутундусу.

16. КТЖнын металл конструкцияларына талаптар:

1) КТЖнын металл конструкциялары сынып кетүү мүмкүнчүлүктөрүн, туруктуулукту жоготууну, белгиленген өлчөмдөрдөн ашыкча болгон калдыктуу деформациялардын топтолуусун жана өнүгүүсүн болтурбоосу керек, бул жоопкерчиликтин жана классификациясынын группаларын эске алуу менен (2-тиркеме) бардык жумушчу жана жумушчу эмес абалда сыноолор жана эсептөөлөр менен тастыкталышы керек;

2) КТЖнын металл конструкцияларынын элементтери дат басуудан корголуусу керек;

3) ЖТКТКнын ачык абада иштеген, жабык көңдөйлүү куту сымал, түтүктүү металл конструкцияларында нымдын топтолушуна каршы чаралар көрүлүшү керек, мисалы, дренаждык тешиктер;

4) КТЖнын металл конструкцияларынын чиймелеринде ширетүү тигиштерин жана башка зарыл белгилерди коюучу жерлердин орду көрсөтүлүшү керек.

 

§2. КТЖны жасоодогу коопсуздук талаптары

 

17. Даярдоочу КТЖны жасоо долбоорун, ушул Техникалык регламенттин талаптарына, "Машиналарды жана жабдууларды коопсуз пайдалануу жана калдыктарды керекке жаратуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына так дал келүүсүн камсыз кылуусу керек.

18. Даярдоочу КТЖнын коопсуздугу көз каранды болгон бардык технологиялык операциялардын сапатын текшерүүнүн мүмкүндүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

19. КТЖнын металл конструкциялары жана механизмдери даярдала турган материалдар төмөнкүлөрдү эске алуу менен тандалышы керек:

1) долбоордун талаптары;

2) крандын жумушчу жана жумушчу эмес абалында курчап турган чөйрөнүн зыяндуулугун жана төмөнкү температуранын чегине жеткен маанисин, элементтердин жүктөмүнүн даражасын жана мүнөзүн;

3) туруктуу жана алмашып туруучу чыңалууларга, дат басууга, эскирүүгө, соккуларга, сууктан морт болуп калуусуна каршылыгын, ошондой эле эскиргендикке байланыштуу алардын өзгөрүлүшүн.

20. Материалдардын механикалык касиеттери ченемдик документтер менен кабыл алынып, жабдып туруучулардын сертификаттары менен тастыкталышы керек. Сертификаты жок материалдарды пайдаланууга жол берилбейт.

21. Металл конструкцияларын жана механизмдерди дат басуудан коргоочу материалдар адгезиясын, зыяндуу касиеттерге туруктуулугун жана аларды пайдалануудагы эң төмөнкү жана эң жогорку температуралык маанилерди эске алуу менен тандалышы зарыл.

22. КТЖны даярдоодо ширетүүчү материалдар, технологиялар жана жабдуулар белгиленген талаптарга жооп берүүсү керек.

23. КТЖнын курамында колдонула турган комплекттөөчү буюмдар жана жабдуулар ченемдик документтер менен кабыл алынып, жабдып туруучулардын сертификаттары менен тастыкталат. Сертификаттары жок комплекттөөчү буюмдар алардын техникалык параметрлерин тастыктаган сыноолордон өткөндөн кийин гана пайдаланууга жиберилет.

24. Даярдоочу (импорттоочу) Кыргыз Республикасынын рыногуна келип жаткан КТЖны мамлекеттик жана расмий тилде даярдалган паспорт (формуляр), маркировкалоо жана колдонууга нускама менен камсыз кылуусу керек.

25. КТЖнын тулкусуна мамлекеттик жана расмий тилдерде коопсуз пайдалануу жана калдыктуу коркунучтар боюнча эскертүү жазуулары же белгилери түшүрүлүшү керек.

26. КТЖнын тулкусуна мамлекеттик жана расмий тилдерде так жана өчүрүлбөс бирдейлештирилген төмөнкүдөй жазуулар болуш керек:

1) буюмдун аталышы;

2) даярдоочу-өлкөнүн аталышы;

3) даярдоочу ишкананын аталышы;

4) даярдоочунун же сатуучунун юридикалык дареги;

5) сериясынын же тибинин белгилениши, номуру;

6) даярдалган күнү;

7) шайкештигин тастыктаган маркировка.

 

§3. КТЖны ташуудагы жана сактоодогу коопсуздук талаптары

 

27. Ташуу жана сактоо боюнча жоопкерчиликтүү адам КТЖнын ташуу жана сактоо процесстеринин долбоорго жана ушул Техникалык регламенттин, ошондой эле "Машиналарды жана жабдууларды коопсуз пайдалануу жана утилдештирүү жөнүндө" Техникалык регламенттин талаптарына так жооп берүүсүн камсыз кылышы керек.

28. Таңгактоого жана консервациялоого пайдаланылуучу материалдар жана заттар ченемдик документтердин талабына жооп бериши керек.

29. Жүктөө, түшүрүү, ташуу жана жыюу үйрөтүлгөн персонал аркылуу коопсуздук талаптарын сактоо менен жүргүзүлүшү керек.

 

§4. КТЖны пайдаланууда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптар

 

30. Пайдалануучу КТЖны пайдаланууну ушул Техникалык регламенттин жана "Машиналарды жана жабдууларды коопсуз пайдалануу жана утилдештирүү жөнүндө", "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттердин талаптарына ылайык жүргүзүүнү камсыз кылуусу керек.

31. Пайдалануучу төмөнкүгө милдеттүү:

1) КТЖны, жүк кармагыч жабдууларды жана идиштерди коопсуз пайдаланууга көзөмөлдүк кылуучу инженердик-техникалык кызматкерди, кызматтык нускаманы иштеп чыгуу менен дайындоого;

2) КТЖны пайдаланууга даяр абалында кармоого жоопкерчиликтүү инженердик-техникалык кызматкерди кызматтык нускаманы иштеп чыгуу менен дайындоого.

32. КТЖны коопсуз пайдаланууну камсыз кылуу үчүн төмөндөгү шарттар аткарылышы керек:

1) КТЖнын ушул Техникалык регламентке ылайык экендигин тастыктаган документтердин (паспорт (формуляр), монтаждоо жана колдонуу боюнча нускаманын) бар болушу;

2) КТЖны белгиленген тартипте каттоону кошуп, ишке киргизүү боюнча бардык талаптардын сакталышы;

3) КТЖнын тургузулушу жана аны куроонун жана кран жолдорунун долбоорлорго жана нускамага ылайык жүргүзүлүшү;

4) КТЖны пайдалануу тейлөөчү персонал үчүн коопсуздук талаптарына, өндүрүштүк колдонмолорго жана нускамаларга ылайык жүргүзүлөт;

5) КТЖны пайдаланууга белгилүү тартипте окуудан жана аттестациядан өткөн персоналга уруксат берилет (операторлор, коопсуздук приборлорун жөнгө салуучулар, слесарлар, электромонтерлор ж.б.);

6) тейлөөчү персоналдын квалификациясын текшерүү компетенттүүлүгү белгиленген тартипте тастыкталган адистер тарабынан жүргүзүлөт;

7) күбөлөндүрүү, техникалык тейлөө, диагностикалоо, КТЖны оңдоо жана тейлөөчү персоналдын квалификациясын текшерүү иштелип чыккан графиктерге ылайык жүргүзүлөт;

8) КТЖны диагностикалоо тиешелүү тартипте аккредиттелген уюм тарабынан жүргүзүлүп, корутунду жазылат;

9) КТЖны жана аны пайдалануунун процесстеринин ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкештиги (керек болгондо) мезгил мезгили менен тастыкталып турат.

33. КТЖны ишке киргизүү, техникалык күбөлөндүрүү жана диагностикалоо ушул Техникалык регламенттин үчүнчү главасынын бешинчи параграфына ылайык жүргүзүлөт.

34. КТЖны курууга, реконструкциялоого жана оңдоого экспертизаны өткөрүү ушул Техникалык регламенттин үчүнчү главасынын бешинчи параграфынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

35. Көтөрүү жана жүктөрдү жылдыруу процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөр белгиленген тартипте иштелип чыгышы жана бекитилиши керек:

1) курулуш монтаждоо өндүрүшүнүн жана/же жүктөө-түшүрүү иштеринин долбоорлору технологиялык карталары менен кошо;

2) жүктөрдү көтөрүүдөгү илүүнүн схемалары;

3) аянтчаларда, курулуш объектилеринде кампаларда жана базаларда жыйноонун схемалары;

4) өтө кооптуу иштерди аткаруу боюнча (кран жолдорун оңдоо, КТЖны ЛЭПке жакын орнотуу ж.б.) наряд-уруксат берүү системасы;

5) персоналды (илүүчүлөрдү, белги берүүчүлөрдү) жана КТЖнын коопсуз иштөөсүнө жоопкерчиликтүү адамдарды дайындоо жөнүндө жобо, ошондой эле алардын милдеттерин аныктоочу нускама.

36. Адамдарды ташуу жана жылдыруу боюнча операциялардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн атайын ыйгарым укуктуу органы менен пайдалануучу макулдашкан кошумча эксплуатациялык жана технологиялык документтер иштелип чыгышы керек.

37. Пайдалануу процессинде КТЖнын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизгенде долбоордо белгиленген коопсуздуктун деңгээлин төмөндөтүүгө жол берилбейт. Бул өзгөртүүлөр долбоор менен катталып, өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертизадан өтүп, пайдалануу документтерине киргизилиши керек.

38. КТЖны оң абалда кармап туруу жана авариялык кырдаалдардын алдын алуу максатында төмөнкүлөр иштелип чыгышы керек:

1) КТЖнын техникалык тейлөөсүнүн жана техникалык күбөлөндүрүүсүнүн, крандык жолдордун, жүк кармоочу жабдуулардын жана идиштердин пландык-алдын алуу оңдоосунун системасы;

2) КТЖны тейлөөчү персоналды дайындоо боюнча жобо жана өндүрүштүк нускамалар (кранчыларга, слесарларга, электриктерге, коопсуздук приборлорунун жөнгө салуучуларга).

39. Техникалык тейлөөлөрдү жүргүзүүдө, диагностикалоодо, оңдоо же КТЖга зарыл болгон текшерүүлөрдү аны толугу менен же жарым-жартылай иштен чыгаруу менен жүргүзүү учурунда коопсуздукту сактоо максатында пайдалануунун инструкциясына ылайык, бул иштерди аткаруунун программаларынын талаптары бекем сакталышы керек.

40. Пайдалануучу пайдаланууну токтоткондон кийин (КТЖнын иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин) КТЖны утилизациялоого милдеттүү.

 

§5. КТЖны пайдалануудан чыгаруу жана утилдештирүү стадияларында коопсуздукту камсыздоо боюнча талаптар

 

41. КТЖнын пайдалануудан чыгарууга жана утилдештирүүгө жоопкерчиликтүү адам ушул Техникалык регламенттин жана "Машиналарды жана жабдууларды коопсуз пайдалануу жана утилдештирүү жөнүндө" Жалпы Техникалык регламент Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын камсыз кылууга милдеттүү.

42. Белгиленген ресурс бүткөндөн (белгиленген иштөө мөөнөтү) кийин КТЖны пайдалануу токтолушу керек жана КТЖ пайдалануудан чыгарылып, белгиленген тартипте утилдениши керек.

43. КТЖнын коопсуз пайдалануу мөөнөтү узартылышы мүмкүн. Бул үчүн анын техникалык абалын жана калдык ресурсун аныктоого (зарыл болсо) эксперттик уюм тарабынан өнөр жайлык коопсуздук экспертизасы өткөрүлүшү керек.

44. Өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертизаны өткөрүү төмөнкүдөй тартиби жүргүзүлөт:

- КТЖнын пайдалануу мөөнөтү аяктагандан кийин;

- конструкциянын бекемдигин буза турган дефекттер табылганда же себебин аныктоого кыйын болгон дефекттер болгондо;

- КТЖнын авариясынан кийин.

Техникалык абалын баалоодо төмөндөгүлөр аткарылышы керек:

1) пайдалануу процессинде өзгөрүлүүчү техникалык жана геометриялык параметрлер ченелиши керек;

2) көтөргүч элементтердин бузулуу деңгээлин аныктоо, анын ичинде текшерүүнүн бузбай турган методдорун колдонуу менен;

3) КТЖнын металл конструкциясынын калдык ресурсун аныктоо (зарыл болсо).

45. Калдык ресурстарды баалоо эсептик, эксперименталдык, эксперттик же ушундай КТЖларды пайдалануу боюнча статистикалык маалыматтарды пайдалануу жолу менен жүргүзүлүшү керек. Аткарылган баалоону текшерүү мүмкүндүгү камсыз болушу керек. Калдык ресурстарды аныктоо боюнча методикалык көрсөтмөлөр пайдалануу боюнча нускамада көрсөтүлүшү керек.

46. Өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертизанын корутундусунун негизинде КТЖны ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайык келтирип же пайдалануудан чыгарышы керек.

47. Утилдештирүүгө жоопкерчиликтүү адам КТЖны пайдалануудан чыгаруу жана утилдештирүү долбоордун жана ушул Техникалык регламенттин талаптарына, ошондой эле "Машиналарды жана жабдууларды коопсуз пайдалануу жана утилдештирүү жөнүндө" Жалпы Техникалык регламентти Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жооп берүүсүн камсыз кылуусу керек.

48. КТЖны пайдаланууну токтоткондон кийин жол берилбеген пайдалануунун алдын алуу үчүн чаралар көрүлүшү керек.

49. КТЖны утилдештирүүнүн бардык этаптарын жүргүзгөн персонал зарыл болгон квалификациядан, тиешелүү даярдоодон өтүп, өнөр жай коопсуздугунун бардык талаптарын сактоосу зарыл.

 

3-бап
Шайкештикти баалоо

 

§1. КТЖнын шайкештигин баалоо формалары

 

50. Техникалык жөнгө салуунун объектилеринин ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин баалоо төмөнкү формаларда жүргүзүлөт:

1) мамлекеттик көзөмөлдүн;

2) долбоордук (техникалык, технологиялык) документациянын өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертизадан өткөрүү;

3) КТЖны сыноону жүргүзүү (техникалык күбөлөндүрүү).

 

§2. Шайкештикти баалоо процессинде аткарылышы текшерилүүгө тийиш талаптар

 

51. Долбоорлук техникалык, технологиялык жана пайдалануу документацияларды мамлекеттик көзөмөлдөн, экспертизадан өткөрүү учурунда ушул Техникалык регламенттин 2 жана 3-баптары менен белгиленген талаптар текшерилүүгө тийиш.

 

§3. Ушул Техникалык регламенттин талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдүк

 

52. Ушул Техникалык регламенттин талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү атайын ыйгарым укуктуу органы тарабынан КТЖнын кайрылуу стадиясында, ошондой эле өмүрүнүн циклинин бардык стадиясында жүргүзүлөт.

53. Мамлекеттик көзөмөл формасында шайкештикти баалоо объекттин иштөөсүнүн бардык мөөнөтүндө жүргүзүлөт.

Мамлекеттик көзөмөлдүн пландуу иш-чаралары жылына бир жолудан ашык жүргүзүлбөйт. Буга жылына мамлекеттик текшерүү жана көзөмөл эки жолудан ашык эмес өткөрүлө турган тик жана жантык найлардын көтөргүч жабдуулары жана жүргүнчүлөр үчүн асма аркан жолдору кирбейт.

Пландан тышкаркы иш-чаралар төмөнкү учурларда өткөрүлөт:

- ушул Техникалык регламенттин талаптарын пайдалануучу уюм тарабынан бузуусу жөнүндө маалымат алынганда;

- КТЖнын авариясында;

- КТЖны пайдаланууда оор же өлүмгө алып келүүчү жаракат болгондо;

- алардын коопсуздугуна коркунучтун болгондугуна байланыштуу үчүнчү жактар кайрылганда.

54. Ушул. Техникалык регламенттин талаптарынын сакталышы боюнча мамлекеттик көзөмөл Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте жүргүзүлөт.

55. Пландан тышкары иш чараны өткөрүүгө негиз болуп мамлекеттик көзөмөл органынын чечими эсептелет.

56. Текшерүүдө эксплуатациялоочу уюм өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарымдуу органына төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө тийиш:

коопсуздукту камсыз кылууга байланышкан ички документтерди (технологиялык регламенттерди, стандарттарды, жоболорду, нускамаларды, пландарды);

КТЖны даярдоодо, монтаждоодогу жана пайдаланууда документтерди;

өндүрүштүк текшерүү боюнча маалыматтарды;

персоналдын квалификациясы боюнча маалыматтарды;

КТЖнын техникалык абалын текшерүү боюнча отчеттук материалдар (сыноолордун, кароолордун, ремонттун, диагностиканын натыйжалары боюнча актылары);

өткөн мезгилде алынган мамлекеттик көзөмөл органдарынын жазма буйруктары (эскертүүлөрү).

Өнөр жай чөйрөсүндөгү коопсуздук боюнча атайын ыйгарым укуктуу органы пайдалануучу уюмдан даярдоодо, кураштырууда жана пайдаланууда коопсуздукту камсыз кылууга байланышпаган документтерди талап кылууга укугу жок.

57. Ушул Техникалык регламенттин талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүүдө өнөр жай коопсуздугу жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу органы төмөндөгүлөрдү талап кылууга укуктуу:

1) ушул Техникалык регламенттин талаптарын бузууларды четтетүү боюнча жазма буйруктарды (эскертүүлөрдү) берүүгө;

2) КТЖны керектөөдөн алып салуу жол-жобосун демилге көтөрүүгө;

3) КТЖны сатууга же башка жактарга берүүгө тыюу салуу боюнча чечим кабыл алууга;

4) соттун чечиминин негизинде КТЖны чыгаруу, сактоо, сатуу, пайдалануу жана утилдештирүү процесстерине толук же жарым-жартылай тыюу салууга аракеттерди жасоого;

5) адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө, жаныбарларга курчап турган чөйрөгө коркунуч пайда болгон учурда өз алдынча КТЖны чыгаруу, сактоо, сатуу, ташуу, пайдалануу жана утилизация кылуу процесстерине толук же жарым-жартылай тыюу салууга чараларды көрүүгө;

6) зыян келтирбөө максатында мыйзам тарабынан каралган башка чараларды көрүүгө.

58. КТЖны даярдоо стадиясында өнөр жай чөйрөсүндөгү коопсуздук боюнча атайын ыйгарым укуктуу органы төмөнкүлөргө укуктуу:

1) КТЖны даярдоого долбоорлордун жана ченемдик документтердин бар болушун жана алардын мазмунун текшерүүгө;

2) КТЖны даярдоого, коопсуздугун жана сапатын текшерүүгө зарыл болгон техникалык каражаттардын (жабдуулардын, лабораториялардын, кампалардын ж.б.) бар болушун текшерүүгө;

3) КТЖнын металл конструкцияларын, түйүндөрүн, механизмдерин, коопсуздук приборлорун жана бүтүндөй КТЖны жасоого байланышкан уюмдун жетекчи кызматкерлерин жана адистерин КТЖны жасоого тиешелүү ченемдик документтерди билүүсү боюнча аттестациядан өткөрүүгө;

4) КТЖны жасоого байланышкан ширетүүчүлөрдүн, ТКБ контролерлорун, технологдорун, слесарларын, жөндөөчүлөрдү жана башка технологиялык жумушчуларды окутууну жана аттестациялоону өткөрүүгө;

5) ширетүүчүлөрдө күбөлүктөрүнүн, жеке эн тамгаларынын болушун жана мезгилдүү аттестациядан өтүүсүн текшерүүгө;

6) маанилүү металл конструкциялардын чогултулушунун жана ширетилишинин сапатын текшерүүгө;

7) бузбай текшерүү жүргүзө турган аттестацияланган адистердин жана лабораториялардын бардыгын текшерүүгө;

8) КТЖны жасоого колдонулуучу ширетүүчү материалдардын, технологиялардын жана жабдуулардын аттестациясынын бардыгын текшерүүгө;

9) ширетилген бирикмелердин сапатын жана механикалык касиеттеринин текшерилишинин мезгилдүүлүгүн текшерүүгө;

10) КТЖны сатып алгандардан түшкөн доолорду каттоону уюшулгандыгын текшерүүгө;

11) КТЖнын долбоордо белгиленген сапатын, коопсуздугун жана бекемдигин камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралардын адекваттуулугун текшерүүгө.

59. КТЖны пайдалануу стадиясында өнөр жай чөйрөсүндөгү коопсуздук боюнча атайын ыйгарым укуктуу органы төмөнкүлөрдө текшерүүгө укуктуу:

1) өнөр жай коопсуздугун жана курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүнүн алдын алууну камсыз кылууга багытталган иш чаралардын бар болушун;

2) техникалык регламенттер жана башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленген өнөр жай коопсуздугунун талаптарын сактоого өндүрүштүк көзөмөлдүн бар болушун;

3) кооптуу өнөр жай объектилеринде аварияларды алдын алуу жана аварияларды чектөө жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди координациялоону;

4) КТЖны туура пайдалануусун көзөмөлдөө боюнча инженер-техникалык кызматкерлердин, КТЖны оң абалында кармап турууга жоопкер адамдардын, жумуштарды коопсуз жүргүзүүгө жоопкер адамдардын, ошондой эле тейлөөчү персоналдын туура дайындалышын;

5) ремонтту, техникалык тейлөөнү, диагностикалоону, күбөлөндүрүүнү жана КТЖны кароону уюштурууну;

6) ремонтту, техникалык тейлөөнү, диагностикалоону, күбөлөндүрүүнү жана КТЖны кароону аткаруунун тууралыгы, жана алардын натыйжаларын туура каттоону;

7) КТЖны коопсуз пайдалануу боюнча инженер-техникалык кызматчыларды, тейлөөчү персоналды ушул Техникалык регламент, кызматтык жана өндүрүштүк нускамалар жана башка жетекчи документтер менен камсыз болуусун;

8) КТЖны коопсуз пайдалануу боюнча инженер-техникалык кызматчыларды, тейлөөчү персоналды окутуу жана кызматтык жана өндүрүштүк нускамаларды жана башка жетектөөчү документтерди билүүсүн мезгил мезгили текшерип туруусун;

9) ээсинде же пайдалануучу уюмда КТЖнын электр линиясына жакын иштөөсүнүн тартиби жөнүндөгү буйруктун бардыгын жана КТЖнын электр линиясына жакын жана кран жолдорунда ж.б. иштөөсүнүн уруксат-нарядынын туура толтурулушун;

10) пайдалануу техникалык документациянын бардыгы жана анын мазмуну, анын ченемдик документтерге шайкештиги.

60. КТЖнын иштөөсүндө коопсуздук талаптарын сактоону тандап текшерүү өнөр жай чөйрөсүндөгү коопсуздук боюнча атайын ыйгарым укуктуу органы тарабынан КТЖнын ишине белгиленген тартипте объекттин участогунда (цехинде) түздөн-түз байкоо жүргүзүү менен аткарылышы керек.

61. Текшерүүнү жыйынтыктары менен өнөр жай чөйрөсүндөгү коопсуздук боюнча атайын ыйгарым укуктуу органынын кызмат адамы тарабынан белгиленген формадагы акт толтурулат. Тартип бузуулар аныкталган учурда актыда Техникалык регламентти бузуулар так көрсөтүлөт.

62. Ишкана, анын жетекчиси (кызмат адамы) же башка адам администрациялык жоопкерчиликке тартыла турган ушул Техникалык регламенттин талаптарын бузгандыгы аныкталган учурда, өнөр жай чөйрөсүндөгү коопсуздук боюнча атайын ыйгарым укуктуу органынын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө" кодексине ылайык администрациялык укук бузуулары жөнүндө протокол түзөт.

63. Авариянын келип чыгуу мүмкүндүгү, адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, жаныбарларга жана өсүмдүктөргө коркунуч пайда болгондо өнөр жай чөйрөсүндөгү коопсуздук боюнча атайын ыйгарым укуктуу органынын кызмат адамы КТЖны жасоого, кураштырууга жана пайдаланууга ишкананы жетекчисине жазма буйрук (кабарландыруу) берип, пломба коюу менен тыюу салуу (токтотуп туруу) чечимин кабыл алууга укуктуу.

64. Ушул Техникалык регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн өнөр жай чөйрөсүндөгү коопсуздук боюнча атайын ыйгарым укуктуу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка чараларды кабыл алууга укуктуу.

65. КТЖны пайдаланып жаткан юридикалык жактар, жеке ишкерлер болуп өткөн авариялар, кырсыктар жөнүндө өнөр жай чөйрөсүндөгү коопсуздук боюнча атайын ыйгарым укуктуу органына белгиленген тартипте кабар берүүгө милдеттүү.

 

§4. Долбоордук документациянын өнөр жайлык коопсуздугун экспертизадан өткөрүү

 

66. КТЖны жасоо (куруу), пайдалануу жана жоюу боюнча долбоордук (техникалык, технологиялык) документация экспертизадан өтүүгө тийиш.

67. Экспертизаны уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби өнөр жай чөйрөсүндөгү коопсуздук боюнча атайын ыйгарым укуктуу органы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

68. Экспертизаны өткөрүүгө негиз болуп тиешелүү документация тиркелген заказ берүүчүнүн арызы эсептелинет.

69. Долбоордук документациянын экспертизасын бүткөрүү мөөнөтү заказ берүүчүнүн арызын алган күндөн баштап бир айдан ашпайт.

70. Экспертизанын натыйжасы болуп долбоордук документациянын ушул Техникалык регламентке шайкештиги жөнүндө (оң корутунду) же шайкеш эместиги жөнүндө (терс корутунду) корутундусу эсептелинет.

Терс корутундуда ушул Техникалык регламенттин талаптарына жооп бербеген долбоорлук (техникалык, технологиялык) документациянын жоболорунун тизмеси ушул Техникалык регламенттин талаптарын көрсөтүү менен келтирилет.

Корутундунун жүйөө бөлүгүндө ушул Техникалык регламенттин талаптарына жооп бербейт деп табылган долбоорлук (техникалык, технологиялык) документациянын бул же тигил жоболору боюнча негиздери көрсөтүлүшү керек.

 

§5. КТЖны сыноодон (техникалык күбөлөндүрүүдөн) өткөрүүнүн тартиби

 

71. Көтөргүч-транспорттук жабдуу эксплуатацияга киргизилээрден мурда сыноодон (толук техникалык күбөлөндүрүүдөн) өткөрүлөт. Эксплуатациялоо мезгилинде КТЖ мезгилдүү толук, кезексиз жана айрым сыноолордон (техникалык күбөлөндүрүүдөн) өткөрүлөт.

72. Иштеп жаткан жүк көтөргүч машиналарга айрым сыноолор (техникалык күбөлөндүрүүлөр) 12 айда бир жолудан кем эмес, толук сыноо 3 жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.

73. Сыноо (техникалык күбөлөндүрүү) төмөнкү максатта жүргүзүлөт:

1) жүк көтөргүч машина жана анын орнотмосу ушул Техникалык регламентке, паспорттук маалыматтарга жана ченемдик-техникалык документацияга ылайык экендигин;

2) жүк көтөргүч машина анын коопсуз ишин камсыз кыла тургандай оң абалда экендигин;

3) жүк көтөргүч машинаны көзөмөлдөө жана тейлөөнү уюштуруу ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкеш келээрин аныктоо үчүн;

4) жүк көтөргүч машинаны толук сыноодон өткөрүү (техникалык күбөлөндүрүү) төмөнкүлөрдү камтышы керек:

- кароо;

- статикалык сыноолор;

- динамикалык сыноолор;

5) жүк көтөргүч машиналарды кароо учурунда анын механизмдери жана электр жабдуулары, коопсуздук приборлору, тормоздору, жүрүүчү дөңгөлөктөрү жана башкаруу аппараттары иш учурунда, ошондой эле жарык берүүсү, сигнал берүүсү жана ушул Техникалык регламент менен белгиленген габариттери текшерилиши керек.

Жүк көтөргүч машинаны сыноодо (техникалык күбөлөндүрүүдө) төмөнкүлөр текшерилиши керек:

6) жүк көтөргүч машинанын металл конструкцияларынын жана ширетилип (бөрктөлүп) кошулган жерлеринин абалы (жаракалардын, деформациялардын, капталдарынын дат басуудан жукаруусунун, бөрктөлүп бириктирилген жерлердин бошоңдоосунун жоктугу), ошондой эле кабиналардын, тепкичтик аянтчалардын жана тосмолордун абалы;

7) илгичтин, жүрүүчү дөңгөлөктөрдүн, блоктордун, барабандардын, тормоздук элементтердин абалы. Кесек күл же эриген металл ташыган көтөргүч машиналардын сузгучтун көтөрүү механизмдери жана анын четтеринин бекитүүсү, асылма деталдарынын жана сомдолгон илгичтеринин ревизиясы, ошондой эле пластинкалуу илгичтердин асылма деталдарын ревизиялоо бүлүндүрбөй текшерүүнү колдонуу менен заводдук лабораторияда жүргүзүлүүсү керек. Лабораториянын бүтүмү крандын паспорту менен чогуу сакталышы керек. Бүлүндүрбөй текшерген мезгилде сомдолгон (каттама) илгичтин моюн бөлүгүндө жараканын жоктугун, каттама илгичтин моюн бөлүгүндөгү айрычада, каттама илгичти айрыча же траверса менен кошулган жеринде жараканын жоктугу текшерилиши керек. Мындай текшерүү 12 айда бир жолудан кем эмес жүргүзүлүшү керек. Асылманын деталдарын текшерүүнүн зарылдыгы жана мезгилдүүлүгү ээси тарабынан белгиленет;

8) көтөргүч механизминин акыркы ажыраткычы ишке кирген мезгилдеги илгич асылма менен таканчык ортосундагы болгон аралык;

9) электр кранынын зымдарынын изоляциясынын жана жердештирүүсүнүн абалы каршылыкты аныктоо менен ченемдик техникалык документтердин талабына ылайык жүргүзүлөт;

10) жебе тибиндеги крандын каршылык салмагы менен балластынын массасынын паспортто көрсөтүлгөн мааниге ылайыктыгы;

11) крандын жолунун абалы жана ушул Техникалык регламенттин талаптарына, долбоорго жана жүк көтөргүч машинаны эксплуатациялоо боюнча нускамага ылайыктыгы;

12) аркандардын жана алардын бекитилишинин абалы;

13) жүк көтөргүч машинанын статикалык сыноосу анын жүк көтөрүмдүүлүгүнөн 25 процентке ашыкча жүктөм менен жүргүзүлүп, анын бекемдигин текшерүү максатын көздөйт;

14) көпүрө жана жылып жүрүүчү консолдук крандарды статикалык сыноолор төмөнкү тартипте жүргүзүлөт. Кран кран жолдорунун таканчыктарынын үстүнө орнотулат жана анын арабасы (арабалары) ийилүүнүн эң жогорку абалына дал келүүчү абалга келтирилет. Илгич же аны алмаштыра турган түзүлүш менен жүк 100-200 мм бийиктикке көтөрүлүп, 10 минут убакыт кармалып турат.

10 минут өткөндөн кийин жүк түшүрүлөт, андан соң крандын калдык деформациясынын жоктугу текшерилет.

Аяктуу кранды же көпүрө түрүндөгү жүктөгүчтү статикалык сыноо көпүрө тибиндеги кранды сынагандай эле жүргүзүлөт; консолдуу крандардын ар бир консолу өзүнчө сыноодон өткөрүлөт. Кранды жүк менен сыноодон чыккан калдык деформациянын бардыгы аныкталган учурда, кран адистештирилген уюм тарабынан деформациянын себептерин жана крандын мындан ары колдонуунун мүмкүндүгүн аныктаганга чейин кран жумушка пайдаланылбайт;

15) бир же бир канча жүктүк мүнөздөмөлүү жебе тибиндеги кранды сыноодо мезгилдүү же кезексиз техникалык күбөлөндүрүү крандын эң жогорку жүк көтөрүмдүүлүгүнө дал келген абалда жүргүзүлөт.

Алмаштырылуучу жебелик жабдуусу бар крандарды сыноо эң жогорку жүк көтөрүмдүүлүк абалында жүргүзүлүшү мүмкүн.

Алмаштырылуучу жебелик жабдуусу бар крандарды сыноо иштетүү үчүн ага орнотулган жабдуулар менен кошо жүргүзүлүшү мүмкүн.

Кранга алмаштырылуучу жебелик жабдууну орноткондон кийин сыноолор орнотулган жабдуулары менен эң жогорку жүк көтөрүмдүүлүк абалында жүргүзүлүшү мүмкүн.

Жебенин чыгуусун өзгөртүүчү механизми болбогон жебе тибиндеги крандарды сыноо (жебе асма тростор менен кармалып турат), сыноолор үчүн белгиленген чыгууларда жүргүзүлөт. Техникалык күбөлөндүрүүнүн канааттандырарлык шартында крандын кийинки иштерине ушул чыгуулар менен иштөөгө уруксат берилет;

16) Жебе тибиндеги крандарды статикалык сыноо учурунда жебе жүрүүчү, таканчык бөлүгүнө карата крандын эсептелген эң туруксуз абалына келтирилет жана жүк 100-200 мм бийиктикке көтөрүлөт;

17) эгерде 10 минуттун ичинде көтөрүлгөн жүк жерге түшпөсө, ошондой эле жаракалар, калдыктуу деформациялар жана механизмдердин жана металлоконструкциялардын башка бузулуулар табылбаса, кран сыноодон өттү деп эсептелет;

18) жүк көтөргүч машинанын динамикалык сыноосу анын жүк көтөрүмдүүлүгүнөн 10 процентке ашкан жүк менен жүргүзүлүп, анын механизмдеринин жана тормоздорунун иштөөсүн текшерүүнү максат кылат.

Динамикалык сыноолор учурунда жүктү көп жолу көтөрүү жана түшүрүү жүргүзүлөт, ошондой эле эксплуатация боюнча нускамада каралган жумушчу кыймылдарды кошкондогу бардык башка механизмдеринин аракеттери текшерилет;

19) көтөргүч механизми эки же андан ашык болгон жүк көтөргүч машинада ар бир механизми сыноодон өткөрүлүшү керек;

20) эгерде жүк көтөргүч машина жүктү көтөрүүдө же түшүрүүдө гана пайдаланылса (суу электр станцияларында затворлорду көтөрүү), динамикалык сыноолор машинаны өзүн же анын арабасын жылдырбастан эле жүргүзүлүшү мүмкүн;

21) суу-жылуулук электр станцияларын жана кичи станцияларды тейлөөгө арналган көпүрө тибиндеги крандардын статикалык жана динамикалык сыноолору жүктү колдонбостон тиешелүү сыноочу салмакты түзө алган приборлор жана жабдуулар менен жүргүзүлүшү мүмкүн.

Ошондой колдонмолор көтөрүү механизминин жүк алдындагы динамикалык сыноо барабандын бир айлануусунан кем эмес чекте болушу керек. Жүрүү механизмин жүк алдында сыноонун зарылдыгы жок.

22) Бир нече жүк кармагыч органдуу кранды сыноо ошол учурда орнотулуп турган жүк кармагыч орган менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Магниттик жана грейфердик крандарды сыноо тиешелүү магнитти же грейферди асуу менен жүргүзүлөт.

74. Жүк көтөргүч машинанын кезексиз толук сыноосу (техникалык күбөлөндүрүү) төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) жүк көтөргүч машинаны жаңы жерге орнотуудан келип чыккан чогултуудан кийин;

2) жүк көтөргүч машинаны реконструкциялагандан кийин;

3) эсептөө элементтерин жана түйүндөрүн алмаштыруу менен жүк көтөргуч машинанын металл конструкцияларын ремонттоодон кийин;

4) алмаштырылуучу жебе жабдууларын орноткондо же жебени алмаштырганда;

5) жүк (жебелик) лебедканы капиталдык ремонт кылгандан кийин же алмаштырганда;

6) илгичти же илгич асылмасын алмаштырганда (статикалык гана сыноо жүргүзүлөт);

7) кабельдик типтеги крандардын негизги же ванталык аркандарын алмаштырганда;

8) порталдык кранды жаңы иштөөчү жерине орноткондо жүргүзүлөт.

75. Иштеп жаткан аркан жолдору кеминде ар бир 12 айда мезгилдүү сыноодон (техникалык күбөлөндүрүүдөн) өтүп туруусу керек.

1) Кезексиз сыноо (техникалык күбөлөндүрүү) төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

- аркан жолду реконструкциялоодон же алмаштыруудан кийин;

- бөлүктөрдү, тетиктерди жана жабдууларды ширетүүнү колдонуп капиталдык ремонттоодон же аларды алмаштыруудан кийин;

- көтөрүүчү жана көтөрүп-тартуучу аркандарды жана тирөөчтөрдү алмаштыруудан кийин;

- жолдун токтоп калышына байланыштуу болгон авариядан же инциденттен кийин;

2) аркан жолдорун мезгилдүү сыноодон өткөрүү (техникалык күбөлөндүрүү) ээси тарабынан жүргүзүлөт жана аркан жолунун коопсуз иштөөсүнө жана оң абалы үчүн жооптуу адамга жүктөлөт.

Мезгилдүү сыноодон өткөрүү (техникалык күбөлөндүрүү) үчүн адистештирилген долбоордук же аркан жолдорунун ремонту жана жөндөө боюнча адистештирилген уюм тартылышы мүмкүн.

Кезексиз сыноону (техникалык күбөлөндүрүүнү) жүргүзүүдө аркан жолунун ээси адистештирилген долбоордук уюмду жана тиешелүү уюмдарды ремонттук-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн тартууга милдеттүү;

3) Сыноо (техникалык күбөлөндүрүү) учурунда жол каралып чыгат, кыймылдуу состав статикалык, динамикалык сыноого алынат, андан тышкары, үйрөнүү-куткаруу операциясы жүргүзүлөт;

4) Жолду кароодо: аркандардын, алардын бекилиштеринин жана кошулуштарынын, таяныч жана багыттоочу башмактарынын, чыгырыктарынын, роликтеринин, күч бергичтеринин жана анын түйүндөрүнүн, кыймылдуу составдын, таянычтардын жүкчүл конструкцияларынын жана станциялардын, ошондой эле куткаргыч каражаттардын абалы текшерилет.

Кароо мезгилинде жооптуу элементтердин жешилүү даражасы аныкталат. Зарыл болгон учурда жешилген элементтер алмаштырылат же алмаштыруу мөөнөтү белгиленет;

5) Асма составдын статикалык сыноосун номиналдууга карата эки эсе жүктөм менен жүргүзүлүп, ирээти менен сыналар: вагондор 30 минут, креслолор (кабиналар) - 15 минут;

6) Маятниктүү жолдорду динамикалык сыноону номиналдуу ылдамдыкта үч циклдин аралыгында ар бир вагон 1,1 эсептик жүктөм менен жүргүзүлөт. Айланма жолдорду динамикалык сыноодон өткөрүү номиналдык ылдамдыкта төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

- узундугу 600 метрге чейинки жолдордо кыймылдуу составдын 90 процент жалпы жүктөө менен өргө багытталган жалпы жол үчүн ар бир креслого расчеттук жүктөм 1,2 болуу менен;

- узундугу 600 метрден ашык жолдордо кыймылдуу составдын 95 процент жалпы жүктөө менен өргө багытталган жалпы жол үчүн ар бир креслого эсептик жүктөм 1,15 болуу менен.

Айлампа жолдорду сыноо учурунда жүктөлгөн креслолордун (кабиналардын) станциялык чыгырыктардын айланасында айлануусу төмөндөтүлгөн ылдамдыкта (1,25 м/с дан ашык эмес) болуусу керек.

76. Жаңы орнотулган, модернизацияланган (реконструкцияланган) же капиталдык ремонттон өткөн эскалатор эксплуатацияга берилерден мурда толук сыноодон (техникалык күбөлөндүрүүдөн) өтүшү керек.

Эскалатор ишке киргизилгенден кийин 12 айда бир жолудан кем эмес мезгилдүү сыноодон (техникалык күбөлөндүрүүдөн) өтүүсү керек.

Толук сыноо (техникалык күбөлөндүрүү) төмөнкү максатта жүргүзүлөт:

1) эскалатордун ушул Техникалык регламентке жана паспорттук маалыматтарга шайкеш келүүсүн;

2) эскалатор анын коопсуз иштөөсүн камсыз кыла турган оң абалда экендигин;

3) эскалаторду эксплуатациялоо ушул Техникалык регламентке шайкел келээрин далилдөө үчүн.

Толук сыноо (техникалык күбөлөндүрүү) төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:

1) эскалатордун тейлөөсүнүн уюштурулушун текшерүү;

2) эскалаторду орнотуунун жана жайгашкан жердин өлчөмдөрүнүн ушул Техникалык регламентке ылайыктыгын;

3) эскалаторду кароо жана иш жөндөмдүүлүгүн текшерүү;

4) жумушчу жана авариялык тормоздордун иштөөсүнүн жана жөндөлүшүнүн тууралыгын, регламенттелген ачыктыктардын жана составдык бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүнүн жана тепкичтүү тасманы токтотуу учурунда жумушчу жана авариялык тормоздук жолдорду өлчөөнүн тууралыгын текшерүү;

5) тартуучу чынжырлардын, каркастардын жана тепкичтердин жабууларын, чуркагычтардын жана багыттоочулардын абалын текшерүү (тандоого жараша);

6) бөгөт коюучу түзүлүштөрдүн аракетин жана жөнгө салынышынын тууралыгын текшерүү;

7) кирүү аянтчаларын жөнгө салуусунун тууралыгын текшерүү;

8) кармагычтын жана кармагычтык чарбанын абалын ачыктыктарын өлчөө менен тепкичтик тасманын кармагыч менен бирдей кыймылдоосун текшерүү;

9) балюстраданын абалын текшерүү (тандоо жолу менен);

10) башкаруу аппаратурасынын иштөөсүн текшерүү;

11) ар бир жаңы жасалган этаждык эскалаторлор чогултулган түрдө даярдоочу-ишканада 12 саат убакыт бою жүктөмсүз башкы кыймыл бергичтен алдыга-артка 6 сааттан токтоосуз иштетүү менен текшерилүүгө тийиш.

Текшерүү учурунда жөнгө салуу жана оңдоо үчүн 30 мүнөттөн ашык эмес токтотууга жол берилет. Мындан узак мөөнөткө токтотуу зарыл болуп калса, анда текшерүүнү кайра башынан баштап жүргүзүү талап кылынат.

12) ажыратылуучу этаждык эскалаторлор колдонгон жеринде сынап жүргүзүлөт.

13) ар бир жаңы орнотулган тоннелдик эскалаторду текшерип көрүү (сынап жүргүзүү) колдонулуучу жеринде 48 саат бою алдыга-артка 24 сааттан башкы кыймыл бергичтен тынымсыз иштөө менен жүргүзүлөт.

Текшерүү учурунда жөнгө салуу жана оңдоо үчүн 90 мүнөттөн ашык эмес токтотууга жол берилет. Мындан узак мөөнөткө токтотуу зарыл болуп калса, анда текшерүүнү кайра башынан баштап жүргүзүү талап кылынат.

14) модернизацияланган же капиталдык ремонттон өткөрүлгөн эскалаторду текшерүү (сынап жүргүзүү) мындай иштерди жүргүзүү боюнча ченемдик-техникалык документацияга ылайык жүргүзүлөт;

15) Эгерде эскалаторду модернизациялоо учурунда анын электромеханикалык мүнөздөмөлөрү (ылдамдыгы, жүргүзгөндөгү ылдамдоосу, тормоздоодогу акырындоосу), жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна таасири тие турган айлануучу бөлүктөрүнүн жана түйүндөрүнүн конструкцияларынын күүлөнүү моменти (чынжырлар, тепкичтер, тормоздор, башкы кыймыл бергичтин кыймылдаткычы) өзгөрүлсө, анда эскалатордун жүктөлгөн абалындагы сыноосу жүргүзүлүшү керек;

16) Сыноолордун (техникалык күбөлөндүрүүлөрдүн) натыйжалары КТЖнын паспортуна кийинки күбөлөндүрүүнүн мөөнөтүн көрсөтүү менен техникалык күбөлөндүрүүнү өткөргөн адам тарабынан жазылат.

 

§6. КТЖны рыноктон мажбурлап чакыртып алуу

 

77. КТЖ белгилүү партиясын же бир жолку үлгүсүн кайра артка алуу боюнча чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынат.

Мажбурлап чакыртып алуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, чечим күчүнө мыйзамдуу киргенден баштап бир айдан кеч эмес мөөнөттө сатып алуучуларды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башка жол менен кабардар кылууга милдеттендирет.

78. КТЖны чакыртып алуу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик же кылмыштык таасир берүү чаралары колдонулушу мүмкүн.

 

§7. КТЖны долбоорлоо, өндүрүү, кураштыруу, пайдалануу, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстеринин ушул Техникалык регламентке шайкеш эместиги үчүн жоопкерчилик

 

79. КТЖнын түрлөрү жана типтери боюнча ушул Техникалык регламенттин талаптарын бузгандык үчүн долбоорлоо уюму, даярдоочу (аткаруучу, сатуучу, чет элдик даярдоочунун функцияларын аткаруучу) пайдалануучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

80. Өнөр жай чөйрөсүндөгү коопсуздук боюнча атайын ыйгарым укуктуу органынын чечимдерин жана жазма буйруктарын (кабарландырууларын) аткарбаган учурда буга жоопкер юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

81. Эгерде КТЖнын ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкеш эместигинин натыйжасында долбоорлоо, өндүрүү, кураштыруу, пайдалануу, ташуу жана утилдештирүү процесстеринде жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик жана муниципалдык мүлккө айлана-чөйрөгө, жаныбарларга, өсүмдүктөргө зыян келтирилген болсо жана мындай зыяндын болуу коркунучу пайда болсо, бул боюнча жоопкерчиликтүү юридикалык жана жеке жактар келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү жана башка адамдарга, алардын мүлкүнө, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүнү болтурбоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүүсү керек.

82. Ушул Техникалык регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү болгон шайкештикти баалоо боюнча органдар, анын ичинде өнөр жай чөйрөсүндөгү коопсуздук боюнча атайын ыйгарым укуктуу органы, эксперттик уюмдар, ошондой эле алардын жетекчилери, мамлекеттик инспекторлор, эксперттер жана адистер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

 

4-бап
Корутунду жана өткөөл жоболор

 

§1. Өткөөл жоболор

 

83. Ушул Техникалык регламент күчүнө кирген күндөн тартып КТЖга, анын долбоорлоо, өндүрүү, кураштыруу, пайдалануу, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстерине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген талаптар төмөнкү максаттарга ылайык гана бөлүгүндө милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш:

1) жарандардын өмүрүн же ден соолугун, жеке жана юридикалык жактардын, мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү коргоого;

2) айлана-чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоого;

3) сатып алуучуларды адаштыра турган аракеттерди алдына алууга.

84. Ушул Техникалык регламент күчүнө киргенге чейин өткөрүлгөн шайкештикти баалоонун негизинде чыгарылып жана пайдаланууга берилген КТЖлар үчүн алардын шайкештигин тастыктаган документтер андагы көрсөтүлгөн мөөнөттөр бүткүчө күчүндө болот.

85. Ушул Техникалык регламент күчүнө киргенге чейин чыгарылып жана пайдаланууга берилген КТЖлар Кыргыз Республикасынын аймагында эркин пайдаланууга кайталап кирген учурда, ушул Техникалык регламент күчүнө киргенден кийин, ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин баалоо сөзсүз өткөрүлүшү керек.

 

 

1-тиркеме

 

Ушул Техникалык регламенттин талаптары колдонула турган КТЖлардын
ТИЗМЕСИ

 

┌────┬────────────────────────────────────────────────────────────────┐

│№   │                       Жабдуунун аталышы                        │

├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│1   │Жүк көтөргүч крандар                                            │

├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│1.1 │Көпүрө тибиндеги крандар                                        │

├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│1.2 │Порталдык крандар                                               │

├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│1.3 │Жебелүү крандар (автомобилдик, жел дөңгөлөктүү, атайын          │

│    │шассидеги, каз тамандуу, тракторлук)                            │

├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│1.4 │Мунара крандары                                                 │

├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│1.5 │Кабелдүү крандар                                                │

├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│1.6 │Темир жол крандары                                              │

├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│1.7 │Мачталык крандар                                                │

├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│1.8 │Консолдук крандар                                               │

├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│1.9 │Машина иштеткичтүү жыйгыч крандар                               │

├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│1.10│Экскаватор-крандар (илгичи менен)                               │

├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│1.11│Атайын крандар (металлургиялык; химиялык өндүрүштүн             │

│    │технологиялык процесстеринде пайдаланылуучу атайын крандар)     │

├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│1.12│Жүктөгүч крандар                                                │

├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│1.13│Түтүк жаткызгыч крандар                                         │

├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│1.14│Дарыялык калкыма крандар                                        │

├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│1.15│Дарыялык калкыма өзү жүрбөгөн крандар                           │

├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│2   │Көтөргүчтөр жана мунаралар                                      │

├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│3   │Эскалаторлор жана жүргүнчүлөр конвейери                         │

├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│4   │Тик жана жантык найлардын шахталык көтөргүч жабдуулары          │

├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│5   │Өзүнчө даярдала турган чогултулуучу бирдиктер жана деталдар     │

├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│5.1 │Металл конструкциялар: жебелер жана мунаралар                   │

├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│5.2 │Жүк көтөрүмдүүлүктүн жана жүктүү моменттин чектегичтери жана    │

│    │индикаторлору                                                   │

├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│5.3 │Башка чогултулуучу бирдиктер жана деталдар                      │

├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│6   │Жүргүнчүлөр үчүн асма аркан жолдору                             │

├────┼────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│7   │Жүргүнчүлөр жана жүк-жүргүнчү үчүн фуникулерлер                 │

└────┴────────────────────────────────────────────────────────────────┘

 

 

2-тиркеме

 

КТЖнын айрым түрлөрүнө коопсуздук талаптары.

КТЖлардын отказдарынын жол берилген ыктымалдуулугу

 

1-таблица

 

┌─────────────┬────────────────────────────────────────┬──────────────┐

│  Отказдын   │     Отказдын зыянынын мүнөздөмөсү      │   Отказдын   │

│  зыянынын   │                                        │ жол берилген │

│ категориясы │                                        │   болжолу    │

├─────────────┼────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│      I      │5тен ашуун адамдын өлүмү же материалдык │    10^(-6)   │

│             │зыян КТЖнын наркынан 10 эсе ашык        │              │

├─────────────┼────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│     II      │5ке жетпеген адамдын өлүмү же           │    10^(-5)   │

│             │материалдык зыян КТЖнын наркынан 10 эсе │              │

│             │ашпайт                                  │              │

├─────────────┼────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│     III     │Адамдардын өмүрү үчүн коркунуч жок,     │    10^(-4)   │

│             │материалдык зыян болжол менен КТЖнын    │              │

│             │наркына барабар                         │              │

├─────────────┼────────────────────────────────────────┼──────────────┤

│     IV      │Адамдардын өмүрү үчүн коркунуч жок,     │    10^(-3)   │

│             │материалдык зыян КТЖнын наркынан        │              │

│             │бир кыйла төмөн                         │              │

└─────────────┴────────────────────────────────────────┴──────────────┘

 

1-бап

Крандар, кабиналуу электр жүк арабалары, крандык көтөргүчтөр

 

1. Ушул Техникалык регламенттин максаттары үчүн пайдалануу класстарына жана жүктөмдөрдүн режимине көз каранды классификация топтору белгиленет (1-таблица). Жалпысынан крандар 1.1-таблицанын талаптарына шайкеш келиши керек.

 

1.1-таблица

 

┌────────────┬─────────────┬───────────────────────────────────────────

│Жүктөмдөрдүн │ Жүктөмдөрдү │           Пайдалануу классы

│   режими   │бөлүштүрүүнүн├────────────┬──────────────┬──────────────┬

│            │коэффициенти │    U0      │      U1      │      U2      │

│            │             ├────────────┴──────────────┴──────────────┴

│            │             │    Крандын иштөө мөөнөтүнүн ичиндеги

│            │             │     жумушчу циклдин максималдуу саны

│            │             ├────────────┬──────────────┬──────────────┬

│            │             │    1,60    │     3,20     │     6,30     │

│            │             │   10^(4)   │    10^(4)    │    10^(4)    │

├────────────┼─────────────┼────────────┼──────────────┼──────────────┼

│Q1 - жеңил  │   0,125     │            │              │      А1      │

├────────────┼─────────────┼────────────┼──────────────┼──────────────┼

│Q2 - орточо │   0,250     │            │      А1      │      А2      │

├────────────┼─────────────┼────────────┼──────────────┼──────────────┼

│Q3 - оор    │   0,500     │     А1     │      А2      │      А3      │

├────────────┼─────────────┼────────────┼──────────────┼──────────────┼

│Q4 - абдан  │   1,000     │     А2     │      А3      │      А4      │

│оор         │             │            │              │              │

└────────────┴─────────────┴────────────┴──────────────┴──────────────┴

──────────────────────────────────────────────────────────────────────┐

┬─────────┬─────────┬─────────┬─────────┬─────────┬─────────┬─────────┤

│   U3    │   U4    │    U5   │    U6   │    U7   │    U8   │   U9    │

┴─────────┴─────────┴─────────┴─────────┴─────────┴─────────┴─────────┤

┬─────────┬─────────┬─────────┬─────────┬─────────┬─────────┬─────────┤

│   1,25  │   2,5   │   5,00  │  1,00   │   2,00  │   4,00  │ > 4,00  │

│  10^(5) │  10^(5) │  10^(5) │  10^(6) │  10^(6) │  10^(6) │ 10^(6)  │

┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤

│    А2   │    А3   │    А4   │    А5   │    А6   │    А7   │    А8   │

┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤

│    А3   │    А4   │    А5   │    А6   │    А7   │    А8   │         │

┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤

│    А4   │    А5   │    А6   │    А7   │    А8   │         │         │

┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤

│    А5   │    А6   │    А7   │    А8   │         │         │         │

│         │         │         │         │         │         │         │

┴─────────┴─────────┴─────────┴─────────┴─────────┴─────────┴─────────┘

Жүктөмдөрдү бөлүштүрүүнүн коэффициенти крандын иштөө мөөнөтүндө көтөрүүчү жүктүн салыштырмалуу орточо кубдук массасын билгизет.

2. Ушул Техникалык регламенттин максаттары үчүн пайдалануу класстарына жана жүктөмдөрдүн режимине жараны классификация топтору белгиленет (1.2-таблица). Крандардын механизми 1.2-таблицага шайкеш келиши керек.

 

1.2-таблица

 

┌─────┬───────┬────────────────────────────────────────────────────────────┐

│ Жүк-│Жүктөм-│                    Пайдалануу классы                       │

│ төм-│дөрдүн ├───┬───┬───┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┤

│ дөр-│ бөлүш-│Т0 │Т1 │Т2 │  Т3  │  Т4  │  Т5  │  Т6  │  Т7  │  Т8  │  Т9  │

│ дүн │ түрүү-├───┴───┴───┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┤

│режи-│  нүн  │            Пайдалануунун жалпы узактыгы (саат)             │

│ ми  │коэффи-├───┬───┬───┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┤

│     │циенти │200│400│800│ 16   │  32  │  63  │ 125  │ 250  │ 500  │ 1000 │

│     │  Кm   │   │   │   │10^(2)│10^(2)│10^(2)│10^(2)│10^(2)│10^(2)│10^(2)│

├─────┼───────┼───┼───┼───┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│L1 - │ 0,125 │   │   │ M1│  М2  │  М3  │  М4  │  М5  │  М6  │  М7  │  М8  │

│жеңил│       │   │   │   │      │      │      │      │      │      │      │

├─────┼───────┼───┼───┼───┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│L2 - │ 0,250 │   │ М1│ М2│  М3  │  М4  │  М5  │  М6  │  М7  │  М8  │      │

│орто │       │   │   │   │      │      │      │      │      │      │      │

├─────┼───────┼───┼───┼───┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│L3 - │ 0,500 │ М1│ М2│ М3│  М4  │  М5  │  М6  │  М7  │  М8  │      │      │

│оор  │       │   │   │   │      │      │      │      │      │      │      │

├─────┼───────┼───┼───┼───┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│L4 - │ 1,000 │ М2│ М3│ М4│  М5  │  М6  │  М7  │  М8  │      │      │      │

│абдан│       │   │   │   │      │      │      │      │      │      │      │

│оор  │       │   │   │   │      │      │      │      │      │      │      │

└─────┴───────┴───┴───┴───┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┘

Жүктөмдөрдү бөлүштүрүүнүн коэффициенти механизмдин пайдалануунун жалпы иштөө мөөнөтүнүн узактыгында көтөрүүчү жүктүн салыштырмалуу орточо кубдук массасын билгизет.

3. Ушул Техникалык регламенттин максаттары үчүн кесепеттерине жараша крандын кырсыктуу отказдарына байланыштуу крандардын жоопкерчилигинин төмөнкү даражалары белгиленет. Крандар 1.3 таблицанын талаптарына жооп бериши керек.

4. Крандардын коңторулуусуна каршы туруктуулугуна талаптар:

1) эркин турган жебе тибиндеги жана причалдык жүктөгүч крандар бардык жумушчу жана жумушчу эмес абалдарда, кураштыруу жана чачуу стадиясын кошкондо туруктуу абалда болушу керек;

2) туруктуулук эсептөөлөр жана сыноолор менен тастыкталышы керек.

 

1.3-таблица

 

┌────────┬────────────┬───────────────────────────────────────────────┐

│Кесепет-│  Крандын   │             Крандардын мисалдары              │

│ тердин │жоопкерчилик│                                               │

│ катего-│  даражасы  │                                               │

│ риясы  │            │                                               │

├────────┼────────────┼───────────────────────────────────────────────┤

│   I    │I - абдан   │Курулуштагы жана монтаждагы ж.к. 100 т ашык    │

│        │жогорку     │жебелүү крандар.                               │

│        │            │Гидротехникалык курулуштар                     │

│        │            │жана бийиктиги 60 м ашык объекттер үчүн,       │

│        │            │ошондой эле жүк көтөрүмдүүлүгү 50 т ашык мунара│

│        │            │крандары.                                      │

│        │            │Жүк көтөрүмдүүлүгү 50 т ашык башка жебелүү     │

│        │            │крандар.                                       │

│        │            │Кооптуу өндүрүштөрдү тейлеген, көпүрө тибиндеги│

│        │            │крандар, металлургиялык крандарды кошо, жүк    │

│        │            │көтөрүмдүүлүгү 40 т ашык, бардык эритме куйуучу│

│        │            │крандар. Ортосунун аралыгы 50 м ашык болгон жүк│

│        │            │көтөрүмдүүлүгү 20 т ашык грейфердик            │

│        │            │кран-жүктөгүчтөр.                              │

│        │            │Жүк көтөрүмдүүлүгү 30 т ашык причалдык         │

│        │            │жүктөгүчтөр.                                   │

│        │            │Химия өндүрүшүндөгү крандар.                   │

│        │            │Жардыргыч заттарды ташуучу крандар             │

├────────┼────────────┼───────────────────────────────────────────────┤

│   II   │II - жогорку│Курулуштагы жана монтаждагы ж.к. 40 т ашык     │

│        │            │жебелүү крандар.                               │

│        │            │Бийиктиги 25 м ден 60 м чейинки объекттерди    │

│        │            │курууга жүк көтөрүмдүүлүгү 20 т ашык мунара    │

│        │            │крандары.                                      │

│        │            │Жүк көтөрүмдүүлүгү 30 т ашык башка жебелүү     │

│        │            │крандар.                                       │

│        │            │Кооптуу өндүрүштөрдү тейлеген, көпүрө тибиндеги│

│        │            │жүк көтөрүмдүүлүгү 40 т ашык крандар,          │

│        │            │металлургиялык крандарды кошо, эритме куйуучу  │

│        │            │крандардан башка.                              │

│        │            │Жүк көтөрүмдүүлүгү 30 т аз причалдык           │

│        │            │жүктөгүчтөр                                    │

├────────┼────────────┼───────────────────────────────────────────────┤

│   III  │III - орто  │Курулуштагы жана монтаждагы жүк көтөрүмдүүлүгү │

│        │            │40 т чейинки жебелүү крандар.                  │

│        │            │Бийиктиги 25 м чейинки объекттерди курууга жүк │

│        │            │көтөрүү-түшүрүү жумуштары үчүн мунара крандары.│

│        │            │Жүк көтөрүмдүүлүгү 30 т кем эмес башка жебелүү │

│        │            │крандар.                                       │

│        │            │Көпүрө тибиндеги жүк көтөрүмдүүлүгү 40 чейин   │

│        │            │металлургиялыктан башка, технологиялык         │

│        │            │процесстерди тейлеген крандар.                 │

│        │            │Мачталык жана кабелдик крандар.                │

│        │            │Түтүк жаткызуучу жүк көтөрүмдүүлүгү 30 т ашык  │

│        │            │крандар.                                       │

│        │            │Жүк көтөрүүнүн индикаторлору жана чектегичтери │

│        │            │(жүк моментин).                                │

│        │            │Коопсуздуктун башка маалыматтык жана аткаруучу │

│        │            │приборлору                                     │

├────────┼────────────┼───────────────────────────────────────────────┤

│   IV   │IV - төмөн  │Курулуштагы жана монтаждагы жүк көтөрүмдүүлүгү │

│        │            │20 т чейинки жебелүү крандар.                  │

│        │            │Коттедждик курулуш үчүн мунара крандары.       │

│        │            │Жүк көтөрүмдүүлүгү 10 т аз башка жебелүү       │

│        │            │крандар.                                       │

│        │            │Бул таблицада жогоруда аталбаган көпүрө        │

│        │            │тибиндеги крандар.                             │

│        │            │Түтүк жаткызуучу жүк көтөрүмдүүлүгү 30 т аз    │

│        │            │крандар                                        │

└────────┴────────────┴───────────────────────────────────────────────┘

5. Механизмдерге коюлуучу талаптар:

1) механизмдердин бекемдиги жана чыдамдуулугу (зарыл болсо) механизмдин классификациясынын тобун эсепке алуу менен арналышы боюнча бардык жумушчу жана жумушчу эмес абалдарында сыноолор жана эсептөөлөр менен (1.3-табл.) тастыкталышы керек;

2) жумушчу кыймылдарынын ылдамдыктарын кошуу же которуу боюнча түзүлүш менен жабдылган механизмдер өз бетинче кошулуу жана ажыратуу кокустугунан четтетилген болушу керек;

3) жүк көтөрүү механизмдеринин жана жебенин жасалышы жүктү жана жебени түшүрүү иштеп жаткан кыймылдаткыч менен гана жүргүзүп, жүктүн өз бетинче түшүрүлүшүнө жол бербөөсү керек;

4) жүк көтөрүүнүн жана жебенин механизмдери жүктүн кандай болбосун абалында жүк менен кыймылдоону жана жүктү калыптанган ылдамдык менен түшүрүүнү камсыз кылуучу кыймылдаткычтар менен жабдылышы керек, жүргүзгөндө жана токтоткондо жүктүн басырылышынын өлчөмү паспортто көрсөтүлүшү зарыл;

5) жүктү жана жебени көтөрүү механизмдери ченемдүү жабык типтеги тормоздор менен жабдылышы керек;

6) жүктү жана жебени көтөрүү механизмдери барабан менен тормоздун ортосунда ажыратылбаган кинематикалык байланышта болушу керек;

7) эки иштеткичтүү жүк көтөргүч механизмдер иштеткичтин бирөө иштебей калганда жүктүн өз бетинче түшүүсүнө жол бербеши керек;

8) эритилген же кызытылган металлды, эриген шлакты, жардыргыч жана радиоактивдүү заттарды ташыган жүк көтөрүү механизмдери жана крандардын жебелери бир бирине көз карандысыз аракет кылуучу эки тормоз менен жабдылышы керек;

9) крандардын (арабалардын) механизмдери тормоздор менен жабдылышы зарыл, эгерде:

- кран ачык абада иштөөгө арналган болсо;

- кран имарат ичинде иштөөгө арналып, полго жаткырылган рельс менен жылып жүрсө;

- кран имарат ичинде иштөөгө арналып, рельс жолу менен 60 м мин ашык ылдамдык менен жылып жүрсө;

10) классификациянын М2 жана андан жогорку тобуна кирген (1.2-табл.), буруу механизмдери, ошондой ачык асманда иштөөгө арналган бардык крандардыкы тормоздор менен жабдылышы керек;

11) крандардын буруу жана жылдыруу механизмдери жебелүү крандардын жылдыруу механизмдеринен башка, ченемдүү жабык типтеги тормоздор менен жабдылышы керек;

12) крандардын буруу механизмдерин тормозду жабык абалында бекитүүгө түзүлүшү болгон жана рычагдар менен педалдардын жардамы менен башкарылуучу ченемдүү ачык типтеги тормоздор менен жабдууга жол берилет;

13) ачык асман алдында иштөөгө арналган крандардын (арабалардын) жылдыруу жана буруу механизмдери аларга жумуш абалындагы өтө чоң шамалдан тулкусунун жол берилген жантайуусун эске алуу менен, токтоосун жана туруштук берүүсүн камсыз кылуусу зарыл, бул учурда тиш буроолуу бергичтер тормоз деп эсептелбейт;

14) рельстер менен жүрүүчү механизмдер рельстен чыгып кетүүгө каршы түзүлүштөр менен жабдылышы керек, эгерде көрүлгөн чараларга карабастан, рельстен чыгып кетүү мүмкүндүгү сакталса, анда бүтүндөй кранды коңторулуудан сактай турган түзүлүштөр болуусу зарыл.

6. Крандардын жана крандык арабалардын жылдыруучу механизмдеринин жүргүч дөңгөлөктөрүнө талаптар:

1) крандардын жүргүч дөңгөлөктөрү жалпы учурда эки ребордалуу болушу керек;

2) төмөнкү учурларда бир ребордалуу жүргүч дөңгөлөктөрдү колдонууга уруксат берилет:

- эки тилкеси тең бир деңгээлде жайгашып, жер бетиндеги кран жолунун ортосу 4 м ашык эмес болсо;

- эгерде, крандар ар бир жагы менен экиден рельсте жылса жана бир дөңгөлөктөгү реборданын жайгашуусу ошол эле октогу дөңгөлөктүн ребордасынын жайгашуусуна карама каршы келсе;

- көпүрө тибиндеги крандардын таяныч жана асма арабаларында;

- жалгыз рельстүү жолдо жылып жүргөн асма арабаларда;

- мунара крандарынын жүк арабасында.

7. Жүк кармагыч жабдууларга талаптар:

1) жүк кармагыч жабдуулардын бекемдиги, формасынын туруктуулугу, зарыл болгон учурларда узакка чыдамдуулугу крандын классификациясынын тобун (1.2-табл.) жана жоопкерчилигинин (1.3-табл.) эске алуу менен эсептөөлөр жана сыноолор менен тастыкталышы керек;

2) жүк көтөргүч крандардын бир мүйүздүү же эки мүйүздүү илгичтери штампталган, сомдолгон болуп же пластинкалардан турушу керек;

3) сатылып алынган илгичтердин паспорту болуш керек, өзү чыгарган илгичтер белгиленген тартипте бекитилген ченемдик-техникалык документтер боюнча жасалышы керек;

4) жалпы пайдалануудагы илгичтер илмелердин же жүктүн түшүп кетүүсүнөн сактоочу кулпулар менен жабдылышы керек;

5) жүк көтөрүмдүүлүгү 3 т ашык илгичтер, атайын жасалган илгичтерди кошпогондо, асма траверске тегеренүүчү подшипниктерде орнотулушу керек;

6) илгичтерде жасоочунун аталышы жана жүк көтөрүмдүүлүгү көрсөтүлүшү керек. Пластиналуу илгич жана ал асыла турган айрыча бирдей белгилениши керек;

7) үймө жүктөр үчүн грейфердин конструкциясы анын өзүнөн өзү ачылып кетүүсүн болтурбоосу керек;

8) грейфер даярдоочуну, номерин, салмагын, иштөөгө арналган материалдын түрүн жана сузулган материалдын жол берилген массасын көрсөткөн тактача менен жабдылышы керек;

9) түздөн-түз аркандарга илинген жана крандардын бир бөлүгү болгон жүк кармоочу органдарга (траверстерге, айрычаларга, спредерлерге, металл прокаты, устундар, түтүктөр ж.б. үчүн башкарылуучу кармагычтарга) талаптар бул крандар үчүн ченемдик документтерде жазылышы керек;

10) чыгарып алынуучу жүк кармагыч жабдууларга талаптар ушул буюмдардын ченемдик документтеринде жазылышы керек.

8. Болот аркандарга талаптар:

Жүктүк, жебелик, ванталык, көтөргүч, тарткыч, монтаждык жумуштар үчүн пайдаланылуучу болот аркандар крандын коопсуз пайдалануусун камсыз кылып, төмөнкү факторлорду эсепке алуу менен аныкталган өтө чоюулуусуна карата тандалыш керек:

1) көтөрүлүүчү эң оор жүктүн массасынын статикалык жүктөмүнө;

2) аркан менен кармалып турган крандын бөлүктөрүнүн массасынын статикалык жүктөмүнө; ошондой эле илгич асмасынын массаларынын жана башка жүк кармагыч органдар жана жүк кармагыч жабдуулардын массаларына;

3) механизмдин классификациялык тобуна (1.2-табл.);

4) полиспасттын эселенишине;

5) аркан-чыгырык системасынын пайдалуу аракетинин коэффициентине;

6) арканды пайдалануу коэффициентине;

7) вертикалдан же барабандын огуна карата перпендикулярдан алыстап кеткендигине байланыштуу аркандагы күчтүн жогорулашына карата;

8) ташылып жаткан жүктүн термикалык таасиринин аркасында аркандын көтөрүү жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөө мүмкүндүгүнө;

9) жүк көтөрүүчү, жебелик, ванталык, асма, сүйрөтүүчү катары колдонулуучу болот аркандар ченемдик-техникалык документтердин талаптарына жооп берүүсү керек;

10) ченемдик-техникалык документтердин талаптарына жооп бербеген аркандар крандарга колдонууга жол бербейт;

11) аркандардын бекитилиши жана жайгашуусу алардын бекиткен элементтеринен чыгып кетүүсүн, барабандардан жана чыгырыктардан тайып кетүүсүн жана кыймылсыз металл конструкциялары же башка аркандар менен тийишип калуусунун аркасында сүрүлүп, жешилүү мүмкүндүгүн жокко чыгаргандай болуусу керек;

12) күбөлөндүрүүнүн мөөнөттөрү жана болот аркандарды керектен чыгаруунун критерийлери крандын пайдалануу документацияларында көрсөтүлүшү керек.

9. Жүк чынжырларына талаптар:

1) пластиналуу жана ширетилген штампталган чынжырларды колдонууга уруксат берилет;

2) чынжырлар ченемдик-техникалык документтердин талаптарына жооп берүүгө тийиш;

3) ченемдик-техникалык документтердин талаптарына жооп бербеген чынжырларды кранда колдонууга жол берилбейт;

4) крандагы чынжырлардын бекитилиши жана жайгашуусу жылдызчалардан чыгып кетүүсүнөн жана крандын металл конструкцияларынын элементтерине тийишип калгандыгынан бузулуу мүмкүндүгүн жокко чыгаргандай болуусу керек;

5) күбөлөндүрүүнүн мөөнөттөрү жана чынжырларды керектен чыгаруунун критерийлери крандын пайдалануу документацияларында көрсөтүлүшү керек.

10. Күч бергич органдарына талаптар:

1) крандын күч бергич жабдуулары кран пайдаланган энергиянын түрүнө байланыштуу (электрдик, гидравликалык, пневматикалык) мүмкүн болгон коркунучтарды жокко чыгаруусу керек;

2) крандын электр жабдуулары крандын механизмдеринин иштөөсүнө зарыл болгон кубаттуулукту, механизмдерди классификациялоонун тобун (1.2-табл.), ошондой эле тышкы электр тармагынын өзгөчөлүктөрүн (мисалы: чыңалуунун жол берилүүчү төмөндөшүн) эсепке алуу менен тандалып алынышы керек;

3) кранды башкаруу панели же посту ансыз крандын механизмдери иштебей турган атайын ачкычтуу контакттык кулпусу менен (марка-ачкыч тибиндеги) жабдылуусу керек;

4) крандын кабинасы жана аппараттык бөлмө электр жарыгы менен камсыз болушу керек, ал эми ачык абада иштегендер ошондой эле жылытуу менен дагы;

5) бир устундуу таяныч жана асма крандардан башкалары 42В жогору эмес төмөнкү чыңалуудагы ремонттук жарык берүү менен камсыз болушу керек;

6) жүк көтөрүүнүн жана жебенин механизмдеринде, ошондой эле гидроиштеткичтүү телескоптук механизмдерде гидросистемада басым азайганда жүктүн жана жебенин түшүп кетүүсүнө жол бербөөчү жабдуулары болуусу керек;

7) гидравликалык системада ремонт учурунда жана техникалык тейлөөдө жумушчу суюктукту толугу менен коопсуз жана жерге агызбай куюп алуу (жана системаны толтуруу) мүмкүнчүлүгү каралган болушу керек;

8) сактоочу клапандардан жумушчу суюктукту куюп алуу гидробакка жүргүзүлүшү керек;

9) гидравликалык системанын конструкциясында гидроиштеткичтин, өткөргүчтүтүктөрдүн жана крандагы чыпкалардын элементтерин гидробактагы жумушчу суюктукту төкпөстөн алмаштыруу каралган болушу керек;

10) ар бир гидравликалык контур жумушчу басымдын артык баш болуп кетишинен номиналдуу жүк менен иштөөгө жөндөлгөн жана пломбаланган сактоочу клапандар менен сакталышы керек;

11) жумушчу суюктуктун деңгээли май ченөөчү айнектин максималдуу жана минималдуу белгилери боюнча көзөмөлдөнүүсү керек, шиштерди колдонууга жол берилбейт.

11. Крандык көтөргүчтөргө талаптар:

1) көтөргүчтүн механизмдеринин бекемдиги жана узакка чыдамдуулугу крандын классификациясынын тобун М8 (1.2-табл.) жана жогорку даражадагы жоопкерчилигин (1.3-табл.) эске алуу менен эсептөөлөр жана сыноолор менен тастыкталышы керек;

2) көтөргүчтүн статикалык сыноолору номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүктү 50 процентке ашкан жүктөмдө, динамикалык сыноолор номиналдуу жүк көтөрүмдүүлүктү 20 процентке ашкан жүктөмдө жүргүзүлүшү керек;

3) көтөргүчтүн механизми 2ден кем болбогон тормоздоо коэффициентине ээ болгон ченемдүү жабык типтеги тормоз менен жабдылышы керек;

4) аркан механизминдеги аркандардын бекемдик запасынын коэффициенти 9дан кем болбошу керек. Аркандар ГЛ (адам-жүк) тибине ылайык келиши керек. Барабандык лебедкаларда аркандын саны 2ден кем эмес, ал эми аркан алып баруучу тасма дөңгөлөктүү лебедкада Зтөн кем эмес болушу керек;

5) көтөргүч ылдамтыкты чектегич жана бул чектегич иштегенде аракетке келе турган кармагычтар менен жабдылышы керек;

6) көтөргүч кабинанын эң четки өйдөкү жана төмөнкү абалдарында иштей турган ажыраткычтар менен жабдылыш керек;

7) көтөргүч иштеткичти токтото турган ажыраткыч менен жабдылышы керек:

- көтөрүүнүн рейкалык механизми менен жабдылып, ылдамдыкты чектегич иштегенде;

- көтөрүүнүн аркандуу механизминде көтөргүч аркандар бошой түшкөндө же үзүлгөндө.

8) көтөргүчтүн кабинасы 2ден кем эмес адамды батыруу менен бийиктиги 2 м кем эмес, эшиктин кеңдиги 0,6 м кем эмес болушу керек. Көтөргүчтүн жүк көтөрүмдүүлүгү 160 кг кем болбошу керек;

9) көтөргүчтүн кабинасында электр азыктандыруусу жок болгондо аны кол менен жылдыруучу жабдуунун болушу каралышы керек;

10) көтөргүчтүн кабинасынын эшиги ачык же чала жабылган абалында жылуусуна жол бербеген блокировкалоочу ажыраткычтуу автоматтык кулпу менен жабдылышы керек. Андан тышкары, кабинанын эшигинде же ылдыйкы отуруучу аянтчасында кран иштебеген абалында бекитүү үчүн кулпу болушу керек;

11) көтөргүчтүн кабинасында көтөргүчтү көтөрүүдө, токтотууда жана түшүрүүдө башкарууну камсыз кыла турган пульт орнотулуш керек, ошондой эле авариялык кырдаалда көтөргүчтүн электросхемасын токсуз калтыра турган авариялык ажыраткыч болушу керек;

12) көтөргүчтүн кабинасын отуруучу аянтчасында токтоосу автоматтык түрдө болуусу керек. Кабинаны чакыруу (адамы жок) отуруучу аянтчасынан дагы кранды башкаруу кабинасынан дагы жүргүзүлүшү керек;

13) көтөргүчтүн конструкциясы авариялык токтоо болгондо адамдын кабинадан коопсуз чыгуусун жана аянтчага же крандын мунарасынын тепкичине өтүүсүн камсыз кылуусу керек;

14) көтөргүчтүн отуруучу аянтчаларында адамдын көтөргүчтүн иштөө зонасына кирип кетүүсүнө тоскоолдук кылуучу тосмолор менен тосулуусу керек;

15) көтөргүчтүн кабелин азыктандыруучу ийилгич кабель шамалдын күчү менен крандын (көтөргүчтүн) оркойгон элементтерине илинип үзүлүүсүнөн корголгон болуусу керек;

16) көтөргүч буфердик жабдуу менен жабдылышы керек.

12. Приборлорго жана коопсуздук системаларына талаптар:

Крандар автоматтык түрдө токтош үчүн жумушчу кыймылдарынын чектегичтери менен жабдылышы керек:

1) жүк көтөрүү механизми анын эң төмөнкү абалында (чектелген момент үчүн муфта менен жабдылган электр тальдарынан башка);

2) узартуу механизмдеринин анын эң четки абалдарында;

3) рельстик крандардын жылдыруучу механизмдеринде (темир жолдукунан башка), жана алардын имарат ичиндеги жүк арабаларында, эгерде крандын (арабанын) ылдамдыгы четки абалга жетээрде 30 м/мин. ашык болсо;

4) ачык абада иштеген крандардын механизмдери жылышынын ылдамдыгына карабастан, чектегичтер менен жабдылышы керек;

5) бир крандык жолдо иштеген крандардын же алардын жүк арабаларынын механизмдеринин;

6) көрсөтүлгөн жабдуулар ар кандай механизмдердин жүрүшүн чектөө зарылдыгы болгон учурларда коюлушу керек, мисал үчүн, буруу механизмине, жебенин телескоптук секцияларын же секцияларын кранды монтаж кылуу учурунда чыгарууда, жүк кармагыч органдын механизмдеринде жана кабинаны көтөрүү механизмдеринде;

7) кранга тагылуучу четки ажыраткычтар механизмдин кайра артка кетүүгө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылгандай болуп иштөөсү зарыл;

8) жүк көтөрүүнүн механизминин же жебенин чектегичи жүк кармагыч органды жүксүз көтөргөндө электр тальдарынын жүк кармагыч органы менен таканчыгына чейинки ачыктык 50 мм ден кем эмес, башка крандардыкы 200 мм ден кем эмес болушу керек;

9) көтөрүүчү жана түпкү лебедкаларына өз-өзүнчө иштеткичтери болгон грейфердик крандарда чектегич (чектегичтер) грейфер эң жогорку четки абалга жеткенде бир убакта эки кыймылдаткычты тең өчүрөт;

10) жебе тибиндеги крандар (консолдуктан башка), эгерде ушул чыгышындагы жүк көтөрүмдүүлүктөн төмөндөгү өлчөмдөрдө ашып кетсе, жүктү көтөрүү механизмдерин жана жебенин чыгышын автоматтык түрдө ажыратуучу жүк көтөрүмдүүлүгүн чектегич менен жабдылышы керек:

- 15 процент - мунара (жүк моменти 20 т.м кошо) жана порталдык крандар үчүн;

- 10 процент - калган крандар үчүн;

11) көпүрө тибиндеги крандар жүк көтөрүмдүүлүктүн чектегичтери менен жабдылышы (ар бир жүк лебедкасы үчүн) керек, эгерде өндүрүштүн технологиясына жараша алардын ашыкча жүк көтөрүүсү мүмкүн болсо. Көпүрөнүн узундугуна жараша ар кандай оордуктагы жүк көтөрө турган крандар дагы ушундай чектегичтер менен жабдылышы керек;

12) көпүрө тибиндеги крандардын чектегичтери ашыкча жүк көтөрүмдүүлүктү 25 проценттен ашырбоосу керек;

13) жебелүү крандар электр берүү линияларынын зымдарынан коопсуз аралыкта көтөрүү, буруу жана жебени чыгаруу механизмдерин автоматтык түрдө ажыратуучу жумушчу кыймылдардын чектегичи менен жабдылышы керек, ал эми тар жерлерде орнотулган учурда - координаттык коргоо болушу керек;

14) жүк көтөрүмдүүлүгү 10 т ашык болгон жана классификация тобу А6 кем эмес (1.1-табл.) жүк көтөрүмдүүлүгү 5 т ашык мунара крандары, порталдык, темир жол жана жебелүү крандар алардын иштөө параметрлерин каттагычтар менен жабдылышы керек;

15) асма пульт менен башкарылуучу крандардан башкалары үнү крандын иштөө зонасында жакшы угулган үн берүүчү сигналдык жабдуу менен жабдылышы керек. Кранды бир нече посттон башкаруу болгондо, ар бир посттон сигналды иштетүүгө мүмкүн болушу керек;

16) көпүрө тибиндеги крандарда галереяга чыкканда крандан чыңалууну автоматтык түрдө алып сала турган түзүлүш менен жабдылышы керек. Имарат ичинде иштеген крандарда 42 В көп эмес чыңалуудагы троллейлер бул учурда ажыратылбаса деле болот;

17) кирүүсү көпүрөнүн галереясы аркылуу болуучу көпүрө тибиндеги крандарда мындай ажыраткыч менен галереяга кирүүчү эшик жабдылышы керек;

18) кран менен кошо жылып жүрүүчү башкаруу кабинасына кирүүчү эшик отуруучу аянтча тарабынан крандын эшиги ачык убакта жылуусуна тыюу салуучу электр блокировкасы менен жабдылышы керек, эгерде кабинанын тамбуру болсо, анда мындай блокировка менен тамбурдун эшиги жабдылат;

19) магниттик крандардагы электрдик схема крандан коопсуздук приборлорунун жана түзүлүштөрүнүн контакттары менен чыңалууну алып таштаганда жүк көтөрүүчү электромагниттен чыңалуу алынып салбагандай болуп аткарылышы керек;

20) мунарасынын учуна чейин бийиктиги 15 м ашык мунара крандары, аралыгы 16 м ашык болгон аяктуу крандар, порталдык крандар, жүк жүктөгүч көпүрө крандары шамалдын ылдамдыгы паспортто көрсөтүлгөн крандын жумушчу абалына жеткенде автоматтык түрдө үн сигналын иштете турган прибор (анемометр) менен жабдылыш керек.

13. Башкаруу аппараттарына талаптар:

1) жасалуучу кыймылдардын багыттарынын шарттуу белгилери башкаруу аппараттарында көрсөтүлүп, пайдалануунун мөөнөтү бүткөнчө сакталышы керек;

2) туткалардын айрым абалдары бекилиши керек, нөлдүк абалдагы тутканын бекилүү күчү башка абалдагыларга караганда жогору болушу керек;

4) полдон башкарыла турган аппараттар нөлдүк абалга өзү келе турган түзүлүшкө ээ болушу керек; бул учурда механизмдин иштөөсү кнопканын үзгүлтүксүз басуу же тутканы жумушчу абалында кармап турууда гана мүмкүн болот;

5) кранда башкаруунун бир нече посту болгон учурда бир эле мезгилде ар кайсы посттон башкарууну болтурбай турган блокировканын болуусу каралышы керек.

14. Кранды башкаруу кабиналарына болгон талаптар:

1) көпүрө тибиндеги крандын кабинасы башкы троллейлер илинген тарапка карама каршы жагына илинген болушу керек;

2) кабинанын ички өлчөмү: бийиктиги - 2000 мм, кенендиги - 900 мм, узундугу - 1300 мм; минималдуу көлөмү 3 куб.м болушу керек;

3) алдынкы бети вертикалдуу эмес кабиналарда кранчынын отургучунун борбору аркылуу кетүүчү кесилиште бийиктикти 1600 мм чейин кичирейтүүгө болот;

4) А4 классификациясынын тобуна чейинки кабиналардын анын өзүн кошо, кичирейтүүгө мүмкүн, бирок бул учурда кабинанын бийиктиги 1600 мм кем болбоосу керек;

5) кабинанын жарык киргизүүчү терезелери сынбай турган (майдаланып кете турган) айнек менен капталышы керек;

6) кабинанын айнектелиши ичинен дагы тышынан дагы айнекти тазалоого мүмкүн болгондой кылып жасалышы керек же аны тазалоочу түзүлүшү болуусу керек. Кранчы буту менен тура турган төмөнкү айнектер анын салмагын көтөрө ала тургандай панжара менен капталышы керек;

7) ачык абада иштөөчү крандардын кабиналарында күн тоскуч калканчтар коюлушу керек;

8) электр иштеткичтүү крандардын полу сыйгаланбаган металл эмес материалдардан капталып, резинадан жасалган диэлектрикалык килемче төшөлүүсү керек. Полу чоң аянтты ээлеген кабиналарда 500х700 мм өлчөмүндөгү резина килемчелери электрожабдууларды тейлөөчү жерлерге гана салынышы керек;

9) крандын кабиналары кранчы отура турган туруктуу отургуч менен жабдылып, аппараттарды отурган абалында башкаруу менен жүккө байкоо жүргүзгөнгө мүмкүндүк бергендей орнотулган болуш керек. Жумуштун ыңгайлуулугу жана башкаруу аппараттарын тейлөө үчүн отургучту бийиктиги боюнча жана горизонталдык тегиздикте жылдыруу мүмкүнчүлүгү каралыш керек.

15. Айрым типтеги атайын крандардын конструкциясына талаптар:

1) технологиялык процесстин шарттары боюнча чыңалууда турган казыктуу крандын жүк кармоочу органы жана электр жабдуусунун корпусу жердештирилбейт. Мындай учурда жүк көтөрүүчү крандын жердештирилген бөлүктөрүнөн алар үчтөн кем эмес тепкичтүү изоляция менен изоляцияланышы керек. Ар бир тепкичтеги изоляциянын каршылыгы 10 Момдон кем болбошу керек;

2) порталдык крандын металл конструкциясы жумушчу чыгарылыштын бардык диапазондорунда, жебелүү түзүлүштүн максималдуу чыгышынын жебенин айлануу огуна карата массасы түзгөн моменттен чектен чыгуусу 15 процент дан ашпаган учурда жебелүү түзүлүштүн тең салмактуулугун камсыз кылуусу керек;

3) согуучу крандардын көтөрүү механизмдери согуудан келип чыккан технологиялык жүктөмдөрдүн таасиринен крандык металл конструкцияларын сактоочу амортизатордук түзүлүштөр менен жабдылышы зарыл;

4) штабелдөөчү-жыйгыч крандардын көтөрүү механизмдери жүк көтөрүүнүн, аркандын бошоп кетүүсүнүн чектегичтери менен, ошондой эле биринин артынан экинчиси ишке кирише турган көтөрүүнүн бийиктигинин эки чектегичи менен жабдылышы керек;

5) штабелдөөчү жыйгыч - крандардын жүк арабалары тоскоолдукка колоннанын төмөнкү бөлүгү менен же кармоочу менен тийген учурда дөңгөлөктөрү үзүлүп кетпөөсү үчүн арткы жөлөктөр менен жабдылышы керек;

6) кабелдүү крандын жүк көтөргүч краны жүргүч дөңгөлөктөрү сынганда же жүкчүл аркандан тайыганда анын кулап кетүүсүн болтурбагандай долбоорлонушу керек;

7) атайын крандардын габариттери өнөр жай чөйрөсүндөгү коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу органы менен макулдашууга ылайык башка болушу мүмкүн;

8) жарылуу коркунучу бар чөйрөлөрдө пайдаланууга долбоорлонуп жаткан крандардын механизмдерине жана конструкцияларына материалдар механикалык учкундардын пайда болуусун төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен тандалуусу керек;

9) өрт жана жарылуу коркунучу бар чөйрөлөрдө пайдаланууга долбоорлонуп жаткан крандардын башкаруу системаларында жана электр жабдууларды изоляциялоого пайдаланылуучу материалдар алардын күйүүгө каршылык жана жалындабоо мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен тандалышы керек.

 

2-бап
Курулуш жана жумушчу платформалуу көтөргүчтөр

 

16. Ушул Техникалык регламенттин максаттары үчүн көтөргүчтөрдүн күтүүсүз бузулуусунун кесепеттеринин категорияларына жараша жоопкерчиликтин төмөнкү даражалары белгиленет. Көтөргүчтөр 2.1-таблицанын талаптарына жооп бериши керек.

 

2.1-таблица

 

┌────────┬────────────┬───────────────────────────────────────────────┐

│Кесепет-│  Крандын   │            Көтөргүчтөрдүн түрлөрү             │

│ тердин │  жоопкер-  │                                               │

│ катего-│ чилигинин  │                                               │

│ риялары│  даражасы  │                                               │

├────────┼────────────┼───────────────────────────────────────────────┤

│    I   │I - өтө     │Жебелүү, өзү жүрүүчү, комбинацияланган жебелүү │

│        │жогору      │жана көтөрүүсүнүн бийиктиги 50 м ашык          │

│        │            │көтөргүчтөр.                                   │

│        │            │Түшүрүүсүнүн бийиктиги 50 м ашык жебелүү жана  │

│        │            │курулуш көтөргүчтөрү.                          │

│        │            │Көтөрүүсүнүн бийиктиги 100 м ашык мачта        │

│        │            │тибиндеги жумушчу платформалуу көтөргүчтөр     │

├────────┼────────────┼───────────────────────────────────────────────┤

│   II   │II - жогору │Жебелүү, өзү жүрүүчү, комбинацияланган жебелүү │

│        │            │жана көтөрүүсүнүн бийиктиги 22 м ашык          │

│        │            │көтөргүчтөр.                                   │

│        │            │Жебелүү, өзү жүрүүчү, тик телескоптолуучу жана │

│        │            │көтөрүүсүнүн бийиктиги 18 м ашык көтөргүчтөр.  │

│        │            │Жумушчу платформасы пантограф тибиндеги        │

│        │            │көтөрүүсүнүн бийиктиги 22 м ашык көтөргүчтөр.  │

│        │            │Түшүрүүсүнүн бийиктиги 22 м ашык жебелүү жана  │

│        │            │курулуш көтөргүчтөрү.                          │

│        │            │Көтөрүүсүнүн бийиктиги 50 м ашык мачта         │

│        │            │тибиндеги жумушчу платформалуу көтөргүчтөр     │

├────────┼────────────┼───────────────────────────────────────────────┤

│   III  │III - орточо│Жебелүү, өзү жүрүүчү, комбинацияланган жебелүү │

│        │            │жана көтөрүүсүнүн бийиктиги 22 м жетпеген      │

│        │            │көтөргүчтөр.                                   │

│        │            │Жебелүү, өзү жүрүүчү, тик телескоптолуучу жана │

│        │            │көтөрүүсүнүн бийиктиги 18 м жетпеген           │

│        │            │көтөргүчтөр.                                   │

│        │            │Жумушчу платформасы пантограф тибиндеги        │

│        │            │көтөрүүсүнүн бийиктиги 22 м  жетпеген          │

│        │            │көтөргүчтөр.                                   │

│        │            │Түшүрүүсүнүн бийиктиги 22 м жетпеген жебелүү   │

│        │            │жана курулуш көтөргүчтөрү.                     │

│        │            │Көтөрүүсүнүн бийиктиги 50 м жетпеген мачта     │

│        │            │тибиндеги жумушчу платформалуу көтөргүчтөр     │

├────────┼────────────┼───────────────────────────────────────────────┤

│   IV   │IV - төмөн  │Жебелүү, өзү жүрүүчү, комбинацияланган жебелүү │

│        │            │жана көтөрүүсүнүн бийиктиги 12 м жетпеген      │

│        │            │көтөргүчтөр.                                   │

│        │            │Жебелүү, өзү  жүрүүчү, тик телескоптолуучу жана│

│        │            │көтөрүүсүнүн бийиктиги 12 м жетпеген           │

│        │            │көтөргүчтөр.                                   │

│        │            │Жумушчу платформасы пантограф тибиндеги        │

│        │            │көтөрүүсүнүн бийиктиги 12 м жетпеген           │

│        │            │көтөргүчтөр.                                   │

│        │            │Түшүрүүсүнүн бийиктиги 12 м жетпеген жебелүү   │

│        │            │жана курулуш көтөргүчтөрү                      │

└────────┴────────────┴───────────────────────────────────────────────┘

17. Көтөргүчтөрдүн коңторулуп кетүүгө каршы туруктуулугуна талаптар:

1) эркин турган көтөргүчтөр бардык жумушчу жана жумушчу эмес абалында, кураштыруу жана чечүү стадияларын кошкондо, туруктуу болушу керек;

2) туруктуулугу эсептөөлөр жана сыноолор менен тастыкталышы керек;

3) көтөргүчтөрдүн туруктуулугунун эсептик чени болуп, көтөргүчтүн оордук күчүнүн калыбына келтирүү моментинин каралып жаткан коңторулуу кырынын коңторулуу моментине ошол эле коңторулуу кырынын шамалдын басымына, бир тарапка аракет кылган мүмкүн болуучу жантайуунун жана динамикалык таасирлерине карата туруктуулук коэффициенти алыныш керек;

4) жүктүү туруктуулук коэффициенти (жумушчу абалында) 1,15тен кем болбоосу керек, ушул эле учурда, бир тарапка аракет кылган мүмкүн болуучу жантайуунун жана динамикалык таасирлердин эсептөөлөрдө сырткы таянычтар болгондо 0 град. 30, таянычтар болбогондо - 3 град. ашпаган коркунучтуу тарапка жантайуу дагы эсепке алынышы керек;

5) көтөргүчтүн жумушчу платформасы менен жеке өзүнүн туруктуулугу эсептегенде 1,1 ден кем болбошу керек.

18. Көтөргүчтөрдүн механизмдерине талаптар:

1) механизмдердин бекемдиги жана узакка чыдамдуулугу (зарыл болгондо) көтөргүчтөрдүн арналуу жоопкерчилигин эске алуу менен (2.1-табл.) бардык жумушчу жана жумушчу эмес абалдарында эсептөөлөр жана сыноолор менен тастыкталышы керек;

2) жумушчу кыймылдардын ылдамдыгын кошуучу жана которуучу түзүлүштөр менен жабдылган механизмдер өз бетинче кошулуу же ажыратууну болтурбоосу керек;

3) айлантуу моментин берүүчү көтөргүчтүн механизмдеринин түйүндөрү кошулуп турган деталдардын өз бетинче айлануусун жана буроолуу бирикмелер чечилип кетүүсүн болтурбагандай болуп түзүлүшү керек;

4) таяныч-буруу түзүлүштөрүн бекитүү үчүн пружиналуу эбелектерди колдонууга тыюу салынат;

5) муундарынын телескопиялык чыга турган секциялары болгон көтөргүчтөрдө чыгарылган секциялардын жумушчу абалында ишенимдүү бекитилиши каралышы керек;

6) люльканын полунун багыттоочусунун байкоо системасынын горизонталдуу абалындагы багыт берүүчү тарткычтарында аркандар, роликтердеги, жылдызчалардагы, барабандагы чынжырлардын тайып кетүүсүн жана жылбай калуусун болтурбай тургандай кылып жасоосу керек;

7) дайыма техникалык тейлөөнү талап кылган механизмдерге ыңгайлуу жана коопсуз жетүүгө мүмкүндүк болушу керек.

19. Болот аркандарга жана чынжырларга талаптар.

Болот аркандар жана чынжырлар төмөнкү факторлорду эске алуу менен аныкталган эң чоң чоюлуусуна жараша тандалышы керек:

1) көтөрүлүп жаткан эң чоң жүктүн статикалык жүктөмүнө;

2) аркан менен кармалып турган көтөргүчтүн бөлүктөрүнүн массасынын жүктөмүнө;

3) аркан-чыгырык системасынын пайдалуу аракет коэффициентин;

4) аркандарды пайдалануу коэффициентин;

5) аркандагы вертикалдан же барабандын огунун перпендикулярынан кыйшайуусунан келип чыккан аркандагы күчтүн көбөйүүсүн;

6) ташылып жаткан жүктүн термикалык таасиринен аркандын көтөрүмдүүлүк жөндөмдүүлүгүнүн мүмкүн болгон төмөндөөсүнө;

7) болот аркандар жана чынжырлар даярдоочу-ишкананын аркандын тиби, анын конструкциясы жана диаметри, зымынын маркасы жана бекемдик классы, ошондой эле жалпы үзүлүү күчүн көрсөткөн сыноо жөнүндөгү сертификаты менен болушу керек;

8) аркандардын бекитилиши жана жайгашуусу алардын бекиткен элементтеринен чыгып кетүүсүн, барабандардан жана чыгырыктардан тайып кетүүсүн жана кыймылсыз металл конструкциялары же башка аркандар менен тийишип калуусунун аркасында сүрүлүп, жешилүү мүмкүндүгүн жокко чыгаргандай болуусу керек;

9) болот аркандарды жана чынжырларды пайдалануудан чыгаруунун критерийлери көтөргүчтүн пайдалануу документацияларында көрсөтүлүшү керек.

20. Күч бергич жабдууларга талаптар:

1) көтөргүчтүн күч бергич жабдуусу пайдаланган энергиянын түрүнө (электр, гидравликалык, пневматикалык) байланыштуу болгон потенциалдуу коркунучтарды болтурбоосу тийиш;

2) көтөргүчтүн электр жабдуусу анын механизмдеринин иштөөсүнө зарыл болгон кубаттуулукту жана тышкы электр тармактарынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тандалып алынышы керек (мисалы, чыңалуунун жол берилген төмөндөөсү);

3) курулуш көтөргүчүнүн башкаруу панели же посту ансыз крандын механизмдери иштебей турган атайын ачкычтуу контакттык кулпусу менен (марка-ачкыч тибиндеги) жабдылуусу керек;

4) көтөргүчтүн кабинасы электр жарыгы менен камсыз болушу керек;

5) бардык көтөргүчтөр 42В жогору эмес төмөнкү чыңалуудагы ремонттук жарык берүү менен камсыз болушу керек;

6) жүк көтөрүүнүн жана жебенин механизмдеринде, ошондой эле гидроиштеткичтүү телескоптук механизмдерде гидросистемада басым азайганда жүктүн жана жебенин түшүп кетүүсүнө жол бербөөчү жабдуулары болуусу керек;

7) гидравликалык системада ремонт учурунда жана техникалык тейлөөдө жумушчу суюктукту толугу менен коопсуз жана жерге агызбай куюп алуу (жана системаны толтуруу) мүмкүнчүлүгү каралган болушу керек;

8) сактоочу клапандардан жумушчу суюктукту куюп алуу гидробакка жүргүзүлүшү керек;

9) гидравликалык системанын конструкциясында гидроиштеткичтин, өткөргүчтүтүктөрдүн жана крандагы чыпкалардын элементтерин гидробактагы жумушчу суюктукту төкпөстөн алмаштыруу каралган болушу керек;

10) ар бир гидравликалык контур жумушчу басымдын артыкбаш болуп кетишинен номиналдуу жүк менен иштөөгө жөндөлгөн жана пломбаланган сактоочу клапандар менен сакталышы керек;

11) жумушчу суюктуктун деңгээли май ченөөчү айнектин максималдуу жана минималдуу белгилери боюнча көзөмөлдөнүүсү керек, шиштерди колдонууга жол берилбейт.

21. Коопсуздук приборлоруна жана түзүлүштөрүнө талаптар:

1) жумушчу платформалуу көтөргүчтөр төмөнкү коопсуздук түзүлүштөрү менен жабдылышы керек:

- жүктүн чегин чектегигич (ЖЧЧ);

- анемометрлер (көтөрүүнүн бийиктиги 22 м ашкан көтөргүчтөр үчүн);

- тейлөөнүн бардык чөйрөсүндө жумушчу платформанын полунун горизонталдуу абалына көз салуучу түзүлүш; бул учурда жумушчу платформанын полунун жантайуу бурчу 50 ашпоосу керек;

- тейлөө чөйрөсүн чектеген түзүлүш (түзүлүштөр) менен;

- көтөргүч таянычтарга коюлбай калган учурда (кол менен коюулуучу бурама таянычтардан башка) жебени көтөрүүнү жана бурууну болтурбай турган түзүлүштөр;

- жебенин жумушчу абалы учурунда таянычтардын көтөрүлүшүн (кол менен коюулуучу бурама таянычтардан башка) болтурбай коюучу түзүлүштөр;

- гидросистема, электр иштеткич жа гидронасостун иштеткичи отказ кылганда жумушчу платформаны авариялык түшүрүүчү түзүлүш;

- көтөргүч турган жерден төмөн турган жумушчу платформадан жумушчуларды көчүрүүгө арналган түзүлүш;

- көтөргүчтүн кыймылы учурунда чыгарылуучу таянычтарынын өзүнөн-өзү чыгып кетүүсүнөн сактоочу түзүлүш;

- көтөргүчтүн жантайуу бурчун көрсөткөн түзүлүш (көрсөткүч);

- "Стоп" кнопкасы менен жабдылган жумушчу платформасынан жана төмөнкү пульттан башкарылуучу кыймылдаткычты авариялык токтотуу системасы;

- сүйлөшмө түзүлүш (көтөрүүнү бийиктиги 22 м жогору болгон көтөргүчтөр үчүн);

- иштөөнүн өлчөмүн мотосаат менен эсептегич түзүлүш;

- бардык башкаруу пульттарында үн сигналдары;

- көтөргүч турган жерге жумушчу платформанын 3 м кем эмес жакындоосунда иштей турган үн сигналдары;

2) жүк жүргүнчү көтөргүчтөр коопсуздуктун төмөнкү түзүлүштөрү менен жабдылышы керек:

- кабинанын эң жогорку жана эң төмөнкү абалдарын чектөөчү түпкү ажыраткычтар;

- кабинанын төмөнкү тосмосунун эшиктеринин жабык абалын көзөмөлдөөнүн түпкү ажыраткычтары;

- кабинаны кирүүчү жана чыгуучу эшиктеринин жабык абалын көзөмөлдөөнүн түпкү ажыраткычтары;

- траптын (эгер ал болсо) абалын көзөмөлдөөнүн түпкү ажыраткычтары;

- кармагычтардын (аркан иштеткичтүү көтөргүчтөрдө) иштөөсүн көзөмөлдөөнүн түпкү ажыраткычтары;

- көтөрүүчү аркандардын бошоңдугун же үзүлүүсүн көзөмөлдөөнүн түпкү ажыраткычтары;

- ылдамдыкты чектегичтин иштөөсүн көзөмөлдөөнүн түпкү ажыраткычтары (рейкалуу иштеткичтүү көтөргүчтөрдө);

- ылдамдыкты чектегичтин арканынын чойгуч түзүлүшүнүн абалын көзөмөлдөөнүн түпкү ажыраткычтары;

- анемометр (көтөрүүнүн бийиктиги 15 м жогорку көтөргүчтөрдө);

- кармагычтар (авариялык токтотуу);

- "Стоп" кнопкасы;

3) жүк көтөргүчтөр төмөнкү ажыраткычтар менен жабдылыш керек:

- кармагычтар (авариялык токтотуу);

- кабинанын эң жогорку жана эң төмөнкү абалдарын чектөөчү түпкү ажыраткычтар;

- траптын (эгер ал болсо) абалын көзөмөлдөөнүн түпкү ажыраткычтары;

- кармагычтардын (аркан иштеткичтүү көтөргүчтөрдө) иштөөсүн көзөмөлдөөнүн түпкү ажыраткычтары;

- ылдамдыкты чектегичтин иштөөсүн көзөмөлдөөнүн түпкү ажыраткычтары (рейкалуу иштеткичтүү көтөргүчтөрдө);

- "Стоп" кнопкасы;

- көтөрүүчү лебедканын ишин токтотуучу имараттын ичине (монорельстин, укосинанын, ж.б.) жүктү киргизүүчү түзүлүштү чыгарууну көзөмөлдөөнүн түпкү ажыраткычтары;

- жогоруда көрсөтүлгөн имараттын ичине жүктү киргизүүчү түзүлүштүн эң четки горизонталдык абалында чектөөчү түпкү ажыраткычтары;

- имараттын ачык жерине караган платформанын четинин тосмосунун ачык абалын көзөмөлдөөнүн түпкү ажыраткычтары (зарыл болгондо);

- курулуштун бет маңдайын бойлой рельс менен көтөргүчтүн жылган жолун чектөөчү түпкү ажыраткычтары;

4) фасаддык көтөргүчтөр төмөнкүлөр менен жабдылышы керек:

- кармагычтар (авариялык токтотуу);

- имараттын чатырына орнотулган консолго люлька жакындаганда лебедканын электр кыймылдаткычын автоматтык түрдө ажыратуучу эки түпкү ажыраткыч;

- люльканы кол менен жылдыруучу чыгарылма тутка орнотулганда лебедканын электр кыймылдаткычынын иштөөсүнө жол бербеген ажыраткыч.

22. Башкаруу пульттарына жана аппараттарына талаптар:

1) көтөргүчтү башкаруу пульттары люльканын жылышына такай байкоо жүргүзүүнү жана башкарууга ыңгайлуулукту камсыз кылуусу керек;

2) туткалардын кыймылынын багыттары көтөргүчтүн люлькасынын жылышынын багыты менен дал келиши керек;

3) башкаруу пульттарында колдонулуучу туткалар (кнопкалар) аларды жылдыргандан кийин автоматтык түрдө баштапкы абалына келиши керек. Кнопкаларда көтөргүчтүн механизмдеринин аткаруучу кыймылдарынын багыттарынын белгилери болушу керек;

4) башкаруунун эки пульту болгон көтөргүчтөрдө бир эле мезгилде эки пульт менен башкарууну болтурбаган тоскоолдуктун болуусу каралышы керек;

5) жумушчу платформалуу көтөргүчтөр люлькада жана төмөндө ыңгайлуу жерде жайгашкан башкаруунун эки пульту менен же аралыктан башкаруу менен жабдылышы керек;

6) люлькасынын көтөрүлүүсүнүн бийиктиги 12 м чейин болгон көтөргүчтөрдү башкаруунун бир пульту менен жасоого уруксат берилет, бул учурда люлькада кыймылдаткычты авариялык токтотуу жана үн сигналын иштетүүчү түзүлүштөр болушу керек;

7) курулуш көтөргүчтөрүндө ички жана тышкы башкаруусу болушу мүмкүн;

8) жүк жүргүнчүлүк жана фасаддык көтөргүчтөр жумушчу катары - ички башкарууга ээ болушат;

9) жумушчу катары пайдаланылган, алып жүрүүчү пульт көтөргүчтү чоочун адамдын башкаруусунан сактаган тоскоолдук түзүлүш менен жабдылышы керек;

10) рейкалык иштеткичтүү жана фасаддык көтөргүчтөрдө алып жүрүүчү пультта "Сыноо" режиминдеги авариялык токтоолорду текшерүү үчүн иштеткичти тормоздон чыгаруучу (анын электр кыймылдаткычын иштетпестен) кнопканын болушу каралышы керек;

11) курулуш көтөргүчүнүн башкаруу системасы көтөргүчтү пайдалануу документтеринде каралган бардык режимдерде ("Жумуш", "Монтаж", "Сыноолор", "Ревизия"), пайдаланууну камсыз кылып, кнопка же башкаруу рычагы басылган учурда гана иштеп, башкаруунун системасында көтөргүчтү башкарууну ушул режимдердин биринде гана жүргүзүүнү камсыз кыла турган режимдерди тандоо которгучунун болушу каралышы керек;

12) "Сыноо" режиминде көтөргүчтү башкаруу алып жүрүүчү пульттан жүргүзүлүшү керек;

13) эки жерден асылма фасаддык көтөргүчтөр лебедкаларды биргелешип же өзүнчө башкарууга мүмкүндүк берген которгучтар менен жабдылышы керек.

23. Жумушчу платформасына, асма люлькаларга жана башкаруу кабиналарына талаптар:

1) жердин бетинен же отургузуу аянтчасынан жумушчу платформасына же көтөргүчтүн бурулма платформасына чыгуунун бийиктиги 400 мм ашпоосу керек;

2) жумушчу платформасынын, кабинанын жана люльканын полу сыйгалак болбоосу керек;

3) кармагычтардын үстүнкү бети кол менен кармаганга ыңгайлуу болуп, жылуулук өткөрбөгөн материал менен капталышы керек;

4) асма люлькалардан башка жумушчу платформаларга кире бериши чыгарылып алынуучу тосмо менен же бекитилүүчү эшик менен корголушу керек. Бул талаптарды аткарууга мүмкүн болбогон учурларда (жумушчу платформа пластиктен болсо ж.б.) жумушчу платформага үстүнөн кирүүгө уруксат берилет. Бул учурда кирүүнү жеңилдетүүчү жасалганы колдонууну кароо зарыл;

5) 100 В чейинки чыңалуудагы электр тармактарын тейлөөгө арналган жумушчу платформасынын конструкциясы жана орнотулушу көтөргүч менен жумушчу платформасынын ортосундагы изоляциянын гальваникалык чечилүүсүн камсыз кылуусу керек;

6) көтөргүчтүн жумушчу платформасы жана люлька жумушчулардын сактагыч курларын карабиндерин жана аспаптар салынган фалдарды бекитүү үчүн скобалар менен жабдылышы керек. Люлька менен жумушчу платформанын тосмолорунун элементтери жана курларды бекиткен жерлери 1300 Н кем эмес бардык багыттардагы топтоштурулган жүктөмдөрдү көтөрө алышы керек;

7) жүк жүргүнчү көтөргүчтөрүнүн кабинасы бардык тарабынан тосмолонуш керек;

8) жүк жүргүнчү көтөргүчтөрүнүн кабинасынын чатыры эки адамдын жана монтаждык инструменттин салмагына туруштук бергидей эсептелиши керек.

 

3-бап

Эскалаторлор жана жүргүнчү конвейерлер

 

24. Ушул Техникалык регламенттин максаттары үчүн эскалаторлор менен жүргүнчү конвейерлердин төмөнкү классификациясы белгиленет (3.1-табл.). Эскалаторлор жана жүргүнчү конвейерлери бүтүндөй жана алардын механизмдери 3.1-таблицанын талаптарына ылайык келиши керек.

 

3.1-таблица

 

┌────────────────┬─────────────────┬─────────────────┬────────────────┐

│ Жүктөлүүсүнүн  │Суткадагы жумушчу│  Жүргүзүүдөгү   │   Классифика-  │

│     режими     │ сааттардын саны │   максималдуу   │  циясынын тобу │

│                │                 │     жүктөм      │                │

├────────────────┼─────────────────┼─────────────────┼────────────────┤

│Q - орто        │       15        │    80% чейин    │       А1       │

├────────────────┼─────────────────┼─────────────────┼────────────────┤

│Q - оор         │       20        │      100%       │       А2       │

└────────────────┴─────────────────┴─────────────────┴────────────────┘

25. Ушул Техникалык регламенттин максаттары үчүн кесепеттерине жараша кырсыктуу отказдарына байланыштуу эскалаторлордун жана жүргүнчү конвейерлеринин жоопкерчилигинин төмөнкү даражалары белгиленет. Эскалаторлор жана конвейерлер 3.2-таблицанын талаптарына жооп бериши керек.

 

3.2-таблица

 

┌────────┬───────────────┬────────────────────────────────────────────┐

│Кесепет-│   Крандын     │Эскалаторлор менен жүргүнчү конвейерлеринин │

│ тердин │ жоопкерчилик  │                мисалдары                   │

│ катего-│   даражасы    │                                            │

│ риялары│               │                                            │

├────────┼───────────────┼────────────────────────────────────────────┤

│   I    │I - өтө жогорку│Тоннелдик эскалаторлор жана транспорт       │

│        │               │түйүндөрү жана метрополитендер үчүн жүргүнчү│

│        │               │конвейерлери, оор типтеги этаждык           │

│        │               │эскалаторлор                                │

├────────┼───────────────┼────────────────────────────────────────────┤

│   II   │II - жогору    │Имараттар жана курулуштар үчүн этаждык      │

│        │               │эскалаторлор (музейлер, офистер, соода      │

│        │               │борборлору жана ж.у.с.)                     │

└────────┴───────────────┴────────────────────────────────────────────┘

26. Эскалатордун туруктуулугуна талаптар:

1) кермара тибиндеги эскалаторлор бардык жумушчу жана жумушчу эмес абалдарында, монтаждоону жана ажыратууну кошо, туруктуу болушу керек;

2) туруктуулук эсептөөлөр жана сыноолор менен тастыкталышы керек.

27. Күч бергич жабдууларга талаптар:

1) эскалатор (жүргүнчү конвейери) шаты тасмасын пайдалануу ылдамдыгы менен жүргүзүүгө арналган жок дегенде бир өзүнүн иштеткичке ээ болушу керек;

2) эскалаторду жүргүзгөндө шаты тасмасынын бир калыптагы ылдамдоосу жүргүзүүнү башталышында 0,6 м/кв.с ашпоосу жана ылдамдоо процессинде 5м/кв.с болуш керек;

3) ылдый түшүрүүдө эскалаторду жүктөм менен жүргүзгөндө шаты тасмасынын максималдуу ылдамдыгы номиналдуу ылдамдыктан 20 проценттен ашык болбошу керек;

4) башкы вал менен ажырагыс кинематикалык байланышта болгон иштеткичтин валдарынын биринде жумушчу тормоз орнотулуш керек;

5) айлануу моментин бере турган кепилдүү шыкап отургузулган бирикмелерди кошумча бекемдөөсүз (буроолор, шпонкалар жана у.с.) пайдаланууга жол берилбейт;

6) иштеткич чынжырларды колдонгон учурларда алардын бекемдик запасы 6.5 кем болбоосу керек. Бул запас эскалатордун тартуусун эсептөөнүн негизинде алынган эсептик эң чоң чоюлуусунун чынжырдын үзүлүү күчүнө карата байланышынан аныкталат;

7) монтаждык иштерде жана техникалык тейлөөдө эскалатор (жүргүнчү конвейери) ремонттук ылдамдыкты камсыз кылуу үчүн жардамчы иштеткич (же башка түзүлүш) менен камсыз болушу керек;

8) жардамчы иштеткичтин кубаттуулугу монтаждык операцияларды аткарууга жана авариялык тормозду (авариялык жүк таканчык тормоздуу эскалаторлордо) жылдырууга жетиштүү болушу керек;

9) жардамы иштеткич бар болгондо, анын негизги иштеткичи менен бир убакта иштөөсүн болтурбоо керек;

10) эскалатордун ар бир иштеткичинин жумушка жөндөмдүүлүгү пайдалануу шартына ылайык жүктөм менен даярдоочу-ишканада текшерилиши керек.

28. Эскалатордун (жүргүнчү конвейердин) тормоздук системасына талаптар:

1) эскалатор (жүргүнчү конвейер) жүкчүл тасманы токтотуп, кыймылсыз абалда кармап туруучу тормоздук система менен жабдылышы керек;

2) тормоздук система минимум катары бир жумушчу жана бир авариялык ченемдүү учтары бириккен типтеги тормоз менен жабдылышы керек;

3) иштеткичти (башкы жана жардамчы) ар бир ажыраткан сайын же башкаруу чынжыры токсуз калганда жумушчу тормоз автоматтык түрдө иштеп туруусу керек. Тормозду ажыратуучу электр түзүлүшүн аракетке келтирүү менен тормоздук калыптарды беттештирүү убактысы 0,3 с көп болбоосу керек;

4) азыктандырууну берүүнү токтотуу кеминде эки электр түзүлүшү менен болуусу керек. Эгерде эскалаторду токтоткондо ушул түзүлүштүн бирөөсү ажырабаса, кайталап жүргүзүү мүмкүн эмес болушу керек;

5) тормоздоо күчү кысуучу пружинанын (пружиналардын) же жүктүн (жүктөрдүн) жардамы менен жасалышы керек;

6) ылдамдыктын азайышынын коопсуз деңгээли жана тормоздоонун натыйжалуулугу камсыз болуусу керек, ылдыйлап бараткан жүкчүл тасманы тормоздоодо тормоз жолунун узундугу төмөндөгүдөй болуусу керек:

- жүктөмсүз - номиналдык ылдамдыктан 0,5 кем эмес, м/с;

- максималдуу жүктөм менен - 2 номиналдуу ылдамдыктан ашык эмес, м/с;

7) пайдалануу жүктөмү менен шаты тасмасын токтотууда тормоздук моменттин запасы 2 кем болбошу керек;

8) эки же андан көп жумушчу тормозун орноткондо пайдалануу жүктөмү менен шаты тасмасын токтотууда тормоздук моменттин запасы 1,1 кем болбошу керек;

9) автоматтык түрдө иштей турган авариялык тормоз башкы валда орнотулушу керек (же жүкчүл тасманын тартуучу чынжырлары менен түздөн-түз ажыратылбоочу кинематикалык байланышта болгон башка валда);

10) ылдый түшүп бара жаткан шаты тасмасынын ылдамдыгы номиналдык ылдамдыктан 20 проценттен ашык эмес болгондо, көтөрүү багытында иштеп жаткан эскалатордун шаты тасмасынын кыймылынын багыты өз бетинче өзгөрүлсө, ошондой эле жумушчу тормозунун чынжырын ажыратканда шаты тасмасы жумушчу тормозу аны токтотууга жумшаган убакыттан чоң убакыттын интервалында кыймылын улантып, жумушчу тормоздун натыйжалуулугу жетишсиз болгондо авариялык тормоз ишке киришүүсү зарыл;

11) авариялык тормоз эскалатордун жүкчүл тасмасын же жүргүнчү конвейерди натыйжалуу жайлатуу менен жумушчу тормоз (же жумушчу тормоздун бири) отказ кылган учурда же жумушчу тормоздун валы менен башкы валдын ортосундагы кинематикалык байланыш жок болгондо кыймылсыз кармап туруусу керек;

12) авариялык жүк таканчыктуу тормоздун (же өзгөрүлмө тормоздук моменттүү башка тормоздун) баштапкы тормоздук моменти тормозду салгандан кийин жүкчүл тасманын ылдамдоосун улантуусун токтотуу үчүн жүкчүл тасманы пайдалануунун максималдуу жүктөмү менен кармап турууга зарыл болгон моменттен жогору болушу керек.

29. Шаты тасмасына жана тепкичтердин жүгүрмөлөрүнүн багыттоочуларына талаптар:

1) эскалатордун шаты тасмасы тепкичтердин эки жагында жайгашкан экиден кем эмес тартуучу чынжырлардын жардамы менен байланышып, багыттоочулар менен жылып турган тепкичтерден турушу керек;

2) тепкичтердин бети кирүүчү аянтчанын биринен баштап экинчи аянтчага чейин горизонталдуу абалын сактоосу керек; анын бетинин 1:100 ашык эмес жантыктыгына жол берилет;

3) кирүү аянтчаларынын алдында тепкичтер узундугу 1200 мм кем эмес горизонталдуу аянтчалар түзүлгөндөй багытталышы керек; шаты тасмасы 0,65 м/с ылдамдыкта жүргөн учурда бул өлчөм 1600 мм чоңойтулат;

4) эскалатордун конструкциясында тасманын тармагынын жумушчу участкасында тепкичтердин көтөрүлүшүнө, ошондой эле шаты тасмасынын туурасынан жылышына тоскоолдук кылуучу түзүлүштөр каралышы керек;

5) шаты тасмасынын жылышынын трассасынын жумушчу участогундагы багыттоочу жүгүрмөлөрдүн чың ийилүү жебеси кермаранын чоңдугунун 1/100 ашык эмес болуусу керек;

6) багыттоочулар жана алардын кошулган жерлери трассанын бардык участкаларында каптал жакка жылуусунан сакталышы керек;

7) тепкичтердин жана кичинекей тепкичтердин бетинин капталдары чуңкур болуп бүтпөшү керек. Четки кырлары жана ага чейинки чуңкурчалар эки жагынан тең ачык көрүнүүчү түскө боелот;

8) тепкичтин четки кыры же кичинекей тепкичке жалганган бетинин кырынын мизи майтарылган болуусу керек;

9) которулуучу секциялары бар тепкичтин конструкциясы шаты тасмасынын ичине көрсөтүлгөн элементтер болбогон учурда бөтөн предметтердин түшүп кетүүсүн болтурбоосу керек;

10) тепкичтин бекемдиги, катуулугу жана чыдамдуулугу пайдалануунун шарттарын эске алуу менен жүргүзүлгөн стенддик сыноолор жана эсептөөлөр менен тастыкталышы керек;

11) тепкичтин бекемдигинин эсептелген запасы 5тен кем болбошу керек; Пайдалануудагы максималдуу жүктөмдү баалоодо тепкичке шаты тасмасынын жогорку кыйшык линиялуу участкаларындагы тепкичке таасир берүүчү тартуучу чынжырлардын максималдуу күчү эске алынуусу керек;

12) тепкичтин бекемдигин текшерүү үчүн сыноолор жана динамикалык сыноолор төмөнкү учурларда өткөрүлүшү керек:

- тепкичтин жаңы конструкциясын киргизгенде;

- тенкичтин конструкциясын же аны жасоонун технологиясын өзгөрткөндө;

- сериялык чыгаруудагы тепкичтердин бекемдик мүнөздөмөлөрүнүн стабилдүүлүгүн мезгил-мезгили менен текшерүү үчүн (үч жылда бир жолу);

- капиталдык ремонттон кийин.

Ар бир жасалган жана ремонттолгон тепкич статикалык кабыл алуу-өткөрүү сыноолорунан өтүшү керек;

13) тепкичтин бекемдигинин запасы стенддеги сыноо менен аныкталыш керек, бул учурда коюлуучу партиядан эки тепкич жана сериялык чыгарылыштагы эки тепкич ирети менен ченемдик жана талкалоочу бир калыпта бөлүнгөн жүктөм менен сыналышы керек. Талкаланууну критерийи болуп, бетинин үстүндөгү 4 мм ашык жаракалар, сыныктар жана калдыктуу деформация эсептелет.

30. Тартуучу чынжырларга талаптар:

1) тартуучу чынжырлардын эсептик бекемдиги 6,5 кем эмес болуусу керек;

2) тартуучу чынжырдын бекемдик запасы стендде сыноодо текшерилүүсү керек. Бул үчүн 200 ашык эмес кесиндиден бир типтүү экиден кем эмес чынжырдын кесиндисин алып аларды талкаланып кеткенге чейин жеткиришет;

3) чынжырдын ар бир кесиндиси пайдалануунун максималдуу жүктөмүндөгү эң чоң эсептик чоюлуудан 1,5 эсе ашык жүктөм менен стендде сыналышы керек;

4) чынжырдын валиктери жана втулкалары менен кошо пресстелип бекитилген пластиналары чынжырдын максималдуу пайдалануу жүктөмүнөн 1,5 эсе ашкан жүктөмдө чоюлганда анын бөлүктөрүнүн өз ара толгонуусунда пайда болгон айлануу моментин берүүнү камсыз кылуусу керек.

31. Чойгуч түзүлүшкө талаптар:

1) шаты тасмасынын тартуучу чынжырларынын дайыма тартылып туруусун камсыз кылуу үчүн чойгуч түзүлүштөр каралышы керек;

2) чойуу кысуучу пружиналар же жүк аркылуу жасалышы керек. Чойуу үчүн жүктөрдү пайдаланган учурда эгерде алар үзүлүп кетсе, ишенимдүү тосулуп алынышы керек;

3) шаты тасмасынын чойгуч түзүлүшүнүн багыттоочуларынын конструкциясы чойгуч жылдызчанын эскалатордун огу боюнча эки тарапка тең эркин жылышын жана чойгуч түзүлүштүн блокировкасынын ишке киришүүсүн камсыз кылуусу керек.

32. Кире бериш аянтчаларга талаптар:

1) кире бериш аянтчалардын конструкциясы жүргүнчүлөрдүн эскалатордун шаты тасмасына коопсуз кирип чыгуусун камсыз кылуусу керек, бул үчүн аянтчалар жантык таракчалар менен жабдылышы керек;

2) катуулугу жана бекемдиги боюнча кире бериш аянтчалар жүкчүл металл конструкцияларына коюлуучу талаптарга жооп бериши керек;

3) кире бериш аянтчалардын бети быдырлуу болуш керек (же бутка ишенимдүү таканчык берүүчү башкача түрү);

4) кире бериш аянтчалардын конструкциясы таракчалардын тиштерине карата төшөлмөнүн туура багытын камсыз кылуусу керек. Тепкичтердин төшөлмөсүнүн урчуктарынын таракчанын тиштеринин арасынан өтүүсү бир бирине капталдары тийишпегендей болуусу керек;

5) таракчанын тиштери эскалатордон түшүп жаткан жүргүнчүлөр мүдүрүлбөгөндөй формада жана жантаюуда болуусу керек;

6) кире бериш аянтчалардын таракчалары катуу болуп, конструкциясы аларга башка заттар түшүп кеткенде тиштери кыйшайып тепкичтин кобулунда калгандай же сынып кеткендей болуп жасалышы керек;

7) эгерде жогоруда көрсөтүлгөндөй чаралар менен жок кылууга мүмкүн болбогон заттар түшүп кетсе, анда эскалатор токтотулушу керек;

8) кире бериш аянтчаларынын таракчаларын алмаштырууга мүмкүн болуш керек жана бул учурда аларды тез арада алмаштырууга шарттар камсыз болуусу керек;

33. Балюстрадага талаптар:

1) шаты тасмасынын жумушчу бөлүгү жана кармагычтар эскалатордун механизмдеринен жана металл конструкцияларынан бекем, катуу жана тез күйбөй турган капталыштуу балюстрада менен бөлүнүп туруусу керек. Балюстраданын ички калканычтарын жасоодо жетишээрлик механикалык бекемдикке жана катуулукка ээ болгон майдаланып сынуучу коопсуз (чыңалган) айнекти колдонууга жол берилет. Айнектин калыңдыгы 10 мм ден кем болбосу керек;

2) техникалык тейлөөлөр жүргүзүлө турган жерлерде балюстраданын конструкциясы тез чечиле тургандай болушу керек (тиешелүү аспаптарды пайдалануу менен);

3) канатташ эскалаторлордун ортосундагы балюстрадалардын деталдары жантайыңкы жерлерде заттардын жылмышып түшүүсүнө тоскоолдук кылуучу конструктивдик элементтерди камтышы керек;

4) балюстраданын фартугу вертикалдуу болуш керек. Фартуктардын бет келиштеринде 0,5 мм ден ашык айырма болбошу керек;

5) калканычтар менен фартуктардын ортосундагы ачык 4 мм ден ашык болбошу керек. Кобулдардын жана урчуктардын кырлары учтуу болбошу керек;

6) фартуктар менен тепкичтердин ортосуна жүргүнчүлөрдүн бут кийимдери тартылып кетүү коркунучун азайтуу үчүн төмөндөгү шарттар аткарылышы керек:

7) фартуктун ченемдик катуулугу камсыз болушу керек;

8) горизонталь боюнча фартук менен тепкичтин ортосундагы регламенттелген ачыктыктар камсыз болуусу керек;

9) фартуктун материалы жана сырткы бети сүрүлүүнүн төмөнкү коэффициентине ээ болуусу керек;

10) тепкичтин төшөлмөлөрүнүн четки кырлары ачык айырмалануучу түскө сырдалат;

11) фартукка артка кайтаргыч түзүлүштү (мисалы, щеткаларды) орнотууга уруксат берилет.

34. Кармагыч түзүлүшкө талаптар:

1) эскалатордун эки капталында, балюстраданын үстүнкү бөлүгүндө кыймылынын багыты жана ылдамдыгы шаты тасмасынын кыймылынын багытына жана ылдамдыгына дал келүүчү кыймылдуу кармагычтар орнотулушу керек;

2) кармагычтын профилинин жана анын багыттоочусунун конструкциясы колдун манжаларын кыпчыбагандай болушу керек;

3) кармагычтын балюстрадага кире турган точкасы колдун манжаларын кыпчылышынан сактоочу тосмо менен жана 100Н көп эмес күч менен басканда эскалаторду токтотуучу ажыраткыч менен жабдылышы керек;

4) кармагычтын чоюулушу жана багыттоочулардын конструкциясы ченемдүү иш учурунда тайып кетүү мүмкүндүгүн болтурбоосу керек;

5) крамагычтын бекемдик запасынын коэффициенти 5тен кем болбошу керек. Кармагычтын үзүлүү күчү даярдоочунун сертификаты менен тастыкталышы керек;

6) кармагыч өтө чоюлганда, үзүлгөндө же токтоп калуусунда эскалаторду токтотуучу түзүлүштөр каралышы керек.

35. Электр жабдууларына талаптар:

1) эскалатордун электр бөлүгү эгерде көрсөтүлгөн электр жабдуулары өзүнө тиешелүү чөйрөлөрдө колдонулуп, аны техникалык тейлөө тиешелүү деңгээлде жүргүзүлсө сырткы таасирлер аркылуу түзүлүүчү электр жабдууларын пайдаланууга байланышкан тобокелдик факторлорунан коргоого тийиш;

2) башкаруу жана коопсуздук тармактарынын өткөргүчтөр ортосунда жана өткөргүчтөр менен жердин ортосунда туруктуу чыңалуунун орточо мааниси же өзгөрүлмө чыңалуунун орточо квадраттык мааниси 250 В дан ашык болбоосу керек;

3) тармакка тике байланышкан электр кыймылдаткычтар чолок туташуудан корголууга тийиш;

4) башкы иштеткичтин, чойгуч станциянын же башкаруу шкафынын чөйрөсүндө иштеткичти, тормозду жана башкаруу чынжырын азыктандыруучу чыңалуудагы чынжырларды ажыратуучу башкы ажыраткыч болушу керек. Бул ажыраткыч текшерүүгө жана техникалык тейлөөгө керектүү чыңалууну розеткаларга жана жарык берүү чынжырларга берүүнү ажыратпашы керек;

5) жардамчы жабдууну азыктандыруучу өзүнчө чынжыр болгондо, мисалы, жылытуу системасы, техологиялык жабдуу, балюстрада менен таракчаларды жарык кылуу сыяктуу, башкы ажыраткычтын жанында абалдары даана маркировкаланган бул чынжырларды ажыратуучу ажыраткыч болушу керек;

6) башкы ажыраткычты чоочун адамдар тарабынан кошууга мүмкүндүк берилбеши керек. Ал үчүн башкы ажыраткыч жабык болушу керек. Башкы ажыраткычтын башкаруу механизмине эшик (люк) ачылгандан кийин ага жеңил жана тез жетүү камсыз болушу керек;

7) башкы ажыраткыч эскалатордун ченемдүү ишиндеги мүмкүн болгон эң чоң токту ажыратууга эсептелген болуш керек;

8) эскалатордун электр жабдуусунун туташуулары кесилиш аянты 1 кв.м кем эмес зымдар менен жүргүзүлүшү керек;

9) изоляция 380 В кем эмес жумушчу чыңалууга эсептелиши керек;

10) төмөнкү көрсөтүлгөн эскалатордун электр жабдуусунун бузулууларынын бири дагы эскалатордун авариясына алып келбеши керек:

- токсуз калуу;

- чыңалуунун жол берилген чектен төмөн түшүүсү;

- чынжырдагы үзүк;

- чынжырдын жерге чолок туташуусу;

- чынжырдын чолок туташуусу же ажыроосу, чынжырдын курамындагы бөлүктөрдүн, мисалы, каршылыктын, конденсатордун, транзистордун, лампанын маанисинин же иштөөсүнүн өзгөрүүсү;

- контактордун же реленин якорунун толук эмес тартылышы же таптакыр тартылбоосу;

- контакттын ажырабоосу;

- контакттын бирикпөөсү;

11) электрдик сактагыч түзүлүштөрү бар чынжырдын жер менен чолок туташуусу иштеткичтин дароо токтоосуна алып келет. Кайталап иштетүү тейлөөчү персонал тарабынан гана жүргүзүлөт;

12) электрдик сактагыч түзүлүштүн ишке кириши (блокировка) иштеткичтин жүргүзүүсүн болтурбай же жумушчу тормоздорду салуу менен анын дароо токтоосун камсыз кылууга тийиш.

Электрдик сактагыч түзүлүштөр (блокировка) иштеткичти азыктандырууну башкаруучу жабдууларга тике таасир бериши керек.

36. Эскалаторду башкарууга жана коопсуздук приборлорунун жана түзүлүштөрүнүн курамына талаптар:

1) эскалатор тейлөөчү персонал гана бара алган ажыраткычтын бири менен жүргүзүлүүсү тийиш. Эскалаторду жүргүзүүдө тейлөөчү персонал жүргүнчүлөр зонасын байкоого мүмкүнчүлүгү болуп же эскалатордун жанындагы тейлөөчү персонал менен сүйлөшмө байланышы болуусу камсыздалып, жүргүнчүлөрдү эскалатордун жүргүзүлүүсү жөнүндө эскертүүчү маалымат берилип же эскалатордун тасмасында аны жүргүзгөнгө чейин жүргүнчүлөрдү болтурбоочу каражаттар каралышы керек. Ажыраткычта эскалатордун жылуу багыты даана көрсөтүлүүгө тийиш;

2) эскалатордун токтоосунун төмөнкү учурлары каралышы керек:

- тейлөөчү персонал менен токтотуу;

- коркунучтуу кырдаал түзүлгөндө персонал же жүргүнчүлөр тарабынан шашылыш токтотуу;

- тоскоолдук түзүлүштөрүнүн ишке киришүүсүнөн шашылыш автоматтык токтоо;

3) эскалатордун токтоосунда тейлөөчү персоналдын эскалаторду бүтүндөй байкоого мүмкүндүгү болуусу керек, анткени токтотоордун алдында эскалатордо адамдардын жоктугуна ынануу зарыл;

4) тейлөөчү персонал жана жүргүнчүлөр үчүн шашылыш токтотуунун түзүлүшү эскалатордун кире бериш аянтчаларында же анын жанында жакын көрүнгөн жана жеңил жете турган жерлерде жайгашышы керек;

5) эскалатор төмөнкү учурларда автоматтык түрдө токтотулат:

- башкаруу чынжырынын токсуз калуусунда;

- кайсы бир чынжырдын жерге туташуусунан;

- кыймылдаткычтын ашыкча жүктөмүндө, анын ысып кетүүсүндө;

- шаты тасмасын токтотуу менен электр кыймылдаткычты ажыратуучу тоскоолдук түзүлүштөрүнүн биринин төмөнкү учурда ишке кирүүсү менен:

кармагычтын үзүлүшүндө, өтө катуу чоюлушунда же токтошунда;

чойгуч станциянын кареткасынын бир же эки жылдызчасынын иштеткичти көздөй 30 мм ден ашык же тескери жакка регламенттелген четки абалга жылышында;

жүк таканчык тормозун колдонууда авариялык тормоздун гайкасынын бошоп кетүүсүнө же винттин чыгып кетүүсүндө;

жумушчу же авариялык тормоздордун ишке киришинде;

кире бериш аянтчасынын узата огу менен көтөрүлүшүндө же жылышында;

тепкичтердин көтөрүлүшүндө же түшүшүндө;

шаты тасмасынын түшүрүүгө иштөөсүндө номиналдык ылдамдыктан 20 процентке чейин ашканда же эскалатордун көтөрүүгө иштөөсүндө шаты тасмасынын багыты өзүнөн өзү өзгөрүлсө;

кармагычтын кире турган жеринин тоскоолдугу ишке кирсе;

багыттоочунун төмөнкү ийилме участогунда кармагычтын таюусу (алынышы);

тепкичтин жүгүрмөлөрүнүн алкактан таюусунда;

кирүү валынын подшипниктеринин ысып кетүүсүндө;

персонал тарабынан өткөөлдөгү же балюстраданын калканчынын артындагы "стоп" ажыраткычын басууда;

балюстрада же эскалатордо "стоп" ажырыткычы басылганда;

ортосунда чыгуусу жок улай орнотулуп бир багытта иштеген эскалаторлордун бирөөсүнүн токтоосунда.

37. Эскалатордун айланасындагы боштуктарга жана машина жайларына талаптар:

1) эскалаторго кире бериш аянтчаларда жүргүнчүлөрдүн өтүүсүнө тоскоолдук кылуучу заттар жана курулуштар болбошу керек. Жүргүнчүлөрдүн агымын багыттоочу жана токтотуучу, ошондой эле жүргүнчүлөрдү байкоо үчүн персоналдын кабинасын коюуга уруксат берилет;

2) тейлөөнү талап кылган эскалатордун механизмдеринин жана түйүндөрүнүн, туруктуу башкаруу пульттарынын жана шкафтарынын жанында тейлөөчү персонал бардык жабдууларга, айрыкча электр разъемдоруна жеңил жана коопсуз бара ала тургандай жетишээрлик мейкиндик болушу керек. Мындай жерлерге коопсуз баруу камсыз кылынышы керек;

3) тоннелдик эскалатор орнотулган жай мындан тышкары аны монтаждоого жана демонтаж кылууну камсыз кылуучу өлчөмдөргө ээ болушу керек. Бул учурда төмөндөгүлөр каралышы керек:

- иштеткич жайгашуучу жай (машина жайы);

- электр жабдуулар, башкаруу аппаратурасы жана телемеханиканын;

- чойгуч түзүлүштү орнотуу үчүн жай (чойгуч камера);

- эскалаторду жантаюу бөлүгүндө тейлөө үчүн аны бойлой өткөөлдөр; өткөөлдөр болбогон учурда курамдык бөлүктөрдү тейлөө үчүн шаты тасмасындагы жана балюстрадагы атайы оюктар аркылуу тейлөө мүмкүнчүлүгү камсыз болушу керек;

- демонтаж шахтасы жана демонтаж өткөөлү (камера);

4) эскалатордук жайлар чоочун адамдарга мүмкүн болбогон бекитилүүчү эшиктер менен жабдылышы керек;

5) чойгуч камерада эскалатордун төмөнкү кирүү аянтчасына ыңгайлуу жана коопсуз баруу үчүн шатылуу эшик же люк болушу керек. Шаты тике же жантык болушу мүмкүн;

6) Машина жайы, демонтаж шахтасы жана демонтаж өткөөлү (демонтаж камерасы) монтаждоо, демонтаж үчүн жана иштеткичтин элементтерин ташуу үчүн жүк көтөргүч каражаттар менен жабдылышы керек;

7) люк жогору ачылып, алынып ташталуучу тосмолуу болот. Туруктуу көтөргүч каражаттарды орнотуу мүмкүн болбогон учурда. Эскалаторду орнотуу долбоорунда жабдууну монтаждоо жана демонтаж кылуу өзү жүрүүчү жүк көтөргүч каражаттары аркылуу жүргүзүү каралышы керек. Ошол үчүн демонтаж камерасы люк менен жабдылышы керек.

8) жаңы долбоорлонуп жаткан жайларда машина жайы менен демонтаж камерасынын полу бир деңгээлде аткарылышы керек, босоголорду жана тепкичтерди курууга жол берилбейт;

9) полдун деңгээлинин бирдей эместигинин орун алуусу конструктивдик болгондо, ташылуучу элементтерди бир деңгээлден экинчисине көтөрүү үчүн жүк көтөрүү жабдуусунун болуусу каралыш керек;

10) үстүнкү жана төмөнкү вестибюлдердин полдоруна жабуу плиталарынын жана асма жолдордун анкердик бекитмелерине нымдын кирүүсүнөн ишенимдүү коргоочу гидроизоляция жасалышы керек;

11) эскалатордун машина жайы санитардык талаптарга ылайык желдетүү менен жабдылышы керек;

12) машина жайында, эскалатор тоннелинде жана чойгуч камерада алып жүрүүчү лампаларды азыктандыруу үчүн штепселдик розеткалар коюулушу керек;

13) алып жүрүүчү электр жабдууларын (ширетүүчү аппараттар, аспаптар) кошуу үчүн машина жайында жана чойгуч камерада электр азыктандыруучу пункттар болушу керек.

 

4-бап

Шахталык көтөргүч жабдуулар

 

38. Ушул Техникалык регламенттин максаттары үчүн жүктөмүнүн режимине жана пайдалануу классына карата шахталык көтөргүчтөрдүн классификация топтору белгиленет (4.1-табл.) Шахталык көтөргүчтөрдүн механизмдери 4.1-таблицага шайкеш келиши керек.

 

4.1-таблица

 

┌─────────┬──────────┬────────────────────────────────────────────────┐

│ Жүктөм  │ Жүктөмдү │                Пайдалануу классы               │

│ режими  │бөлүштүрүү├──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┤

│         │  коэффи- │  Т3  │  Т4  │  Т5  │ Т6   │ Т7   │ Т8   │ Т9   │

│         │  циенти  ├──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┤

│         │   (Km)   │          Пайдалануунун жалпы узактыгы          │

│         │          ├──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┤

│         │          │  16  │  32  │  63  │ 125  │ 250  │ 500  │ 1000 │

│         │          │10^(2)│10^(2)│10^(2)│10^(2)│10^(2)│10^(2)│10^(2)│

├─────────┼──────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│L1 -     │  0,125   │  М2  │  М3  │  М4  │  М5  │  М6  │  М7  │  М8  │

│жеңил    │          │      │      │      │      │      │      │      │

├─────────┼──────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│L2 - орто│  0,250   │  М3  │  М4  │  М5  │  М6  │  М7  │  М8  │      │

├─────────┼──────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│L3 - оор │  0,500   │  М4  │  М5  │  М6  │  М7  │  М8  │      │      │

├─────────┼──────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┤

│L4 -     │  1,000   │  М5  │  М6  │  М7  │  М8  │      │      │      │

│өтө оор  │          │      │      │      │      │      │      │      │

└─────────┴──────────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┘

Жүктөмдөрдү бөлүштүрүү коэффициенти механизмге аны пайдалануунун жалпы узактыгында орточо салыштырмалуу кубдук жүктөмдү билдирет.

39. Ушул Техникалык регламенттин максаттары үчүн шахталык көтөргүчтөрдүн күтүүсүз бузулуусуна байланыштуу кесепеттеринин категорияларына жараша жоопкерчиликтин төмөнкү даражалары белгиленет. Шахталык көтөргүчтөр 4.2-таблицанын талаптарына жооп бериши керек.

 

4.2-таблица

 

┌────────┬───────────────┬────────────────────────────────────────────┐

│Кесепет-│     Шахта     │      Шахталык көтөргүч орнотмолордун       │

│ тердин │  жабдуусунун  │                 мисалдары                  │

│ катего-│  жоопкерчилик │                                            │

│риялары │    даражасы   │                                            │

├────────┼───────────────┼────────────────────────────────────────────┤

│    I   │I - өтө жогорку│Адамдар үчүн (адамдарды гана көтөрүп        │

│        │               │түшүрүү үчүн)                               │

├────────┼───────────────┼────────────────────────────────────────────┤

│   II   │II - жогорку   │Башкы - жүктүк (тоо массасын көтөрүү үчүн), │

│        │               │жардамчы - жүктүк,  жүк-адамдар (адамдарды, │

│        │               │материалдарды жана жабдууларды              │

│        │               │көтөрүп-түшүрүүгө)                          │

├────────┼───────────────┼────────────────────────────────────────────┤

│   III  │III - орто     │Убактылуу (шахталардын курулушун, найларды  │

│        │               │тереңдетүүнү тейлеген);                     │

│        │               │өткөөлдүк (найларда өткөөл жасоо учурунда   │

│        │               │гана иштөөчү)                               │

├────────┼───────────────┼────────────────────────────────────────────┤

│   IV   │IV - төмөн     │Башка шахталык көтөргүч орнотмолор          │

└────────┴───────────────┴────────────────────────────────────────────┘

40. Шахталык көтөргүч орнотмолордо коопсуздуктун жалпы талаптары:

1) тике жана жаңы орнотулуп жаткан жантык түзүлүштөрдө бир аркандуу көтөргүч машиналардын багыттоочу шкивдеринде жана барабандарында кыйшайуу бурчу (чоюлган аркандын девиациясы) 1 град. 30' ашпоосу керек; бицилиндрлик барабандарда бети кобулдуу жасалган кичи цилиндр тарабында болсо кыйшайуунун бурчунун 2 град. чейин болуусуна жол берилет; өткөөлдүк жүк лебедкаларындагы багыттоочу шкивдерде жана барабандарда, ошондой эле иштеп жаткан жантык түзүлүштөрдөгү иштетүүнүн жантайуусунун бурчу 30 град. аз шкивдерде жана барабандарда өткөөлдүк кыйшайуунун бурчу 2 град. 30' ашык болбошу керек;

2) жаңы орнотулуп жаткан түзүлүштөрдө багыттоочу шкивдин айлануу тегиздиги чоюлган аркандын девиациясынын толук бурчунун ичинде калышы керек;

3) көтөргүч орнотмо сактоочу режимде кандай тормоздолсо, жумушчу (өзгөчө абалдарда) абалда дагы 4.3-таблицада көрсөтүлгөн чоңдуктардан ашпоосу керек:

 

4.3-таблица

 

┌──────────────────┬─────┬────┬────┬─────┬─────┬──────┬─────┬─────────┐

│Жантаюунун бурчу, │   5 │10  │15  │ 20  │ 25  │ 30   │ 40  │   50    │

│градус            │     │    │    │     │     │      │     │  жана   │

│                  │     │    │    │     │     │      │     │андан чоң│

├──────────────────┼─────┼────┼────┼─────┼─────┼──────┼─────┼─────────┤

│Акырындоонун      │ 0,8 │ 1,2│ 1,8│  2,5│  3,0│  3,5 │  4,0│    5,0  │

│чоңдугу, м/кв.с   │     │    │    │     │     │      │     │         │

└──────────────────┴─────┴────┴────┴─────┴─────┴──────┴─────┴─────────┘

4) най ичиндеги көтөргүч идиштердин жана тең салмактардын кыймылы багыттоочу өткөргүчтөр (жыгач, рельса, аркан) аркылуу камсыз болуусу керек;

5) көтөргүч идиштерди жүктөө жана түшүрүү учурунда най ичинде токтотуп туруу үчүн атайын түзүлүштөр колдонулушу керек (отургузуучу жабдуулар, устундар же термелүүчү аянтчалар, эгерде найдагы идиш арканда илинип турса);

6) курулуш стадиясында жана пайдалануунун жүрүшүндө машинанын, найлардын коперлорунун иштөө шартынын абалына, копердук багыттоочу шкивдерге, найда багыттоочулар менен көтөрүлүүчү идиштин ортосундагы ченемделген коопсуз ачыктыктарга, найды армировкалоонун башка элементтерине системалуу маркшейдерлик көзөмөл камсыз кылыныш керек;

7) көтөргүч орнотмонун сактоочу тормоздоосундагы орточо жайлашы жерди иштетүүнүн жантайуу бурчу 30 град. чейин болсо - 0,75 м/кв.с жана иштетүүнүн жантайуу бурчу 30 град. ашык болсо 1,5 м/кв.с кем эмес болуусу керек. Эгерде иштетүүнүн жантайуу бурчу 30 град. болгон көтөрүү түзүлүштөрүндө көтөрүлүп жаткан идишти кайра көтөрүү жолунун чегинде токтотуу камсыз кылынган болсо жана түшүрүлүп жатканды отургузуучу аянтчадан төмөн жайгашкан жолдун ээн участогунда токтотууга мүмкүн болсо анда 0,75 м/кв.с аз жайлатууга уруксат берилет.

41. Механизмдерге талаптар:

1) механизмдердин бекемдиги, бышыктыгы жана чыдамдуулугу (зарыл болгон учурда) алар иштей турган шарттарды жана шахталык көтөргүч түзүлүштүн тибин эске алуу менен бардык жумушчу жана жумушчу эмес абалдарында сыноолор жана эсептөөлөр менен тастыкталышы керек;

2) жумушчу кыймылдарынын ылдамдыктарын кошуучу жана өзгөртүүчү түзүлүштөр менен жабдылган механизмдер өзүнөн-өзү кошулууну же ажыратууну болтурбоосу керек;

3) көтөрүлүүчү идиштерди көтөрүүчү жана түшүрүүчү механизмдер идишти жылдырууну иштеп жаткан кыймылдаткыч аркылуу гана жүргүзө ала тургандай жасалып, көтөрүлүүчү идиштин өзүнөн-өзү түшүүсү болушу мүмкүн эмес;

4) көтөрүлүүчү идиштин (жүктүн) түшүрүү жана көтөрүү механизми кыймылдаткыч менен идиштин бардык абалында регламенттелген ылдамдык менен жүргүзүлөт, көтөрүлүүчү идиштин көтөрүлүүдөгү жана түшүрүүдөгү ылдамдыгынын, ылдамдоосунун жана жайлашынын чоңдугу паспортунда көрсөтүлгөн болуш керек;

5) шахталык көтөргүч орнотмо бир бирине көз карандысыз иштеген негизги жана кайталагыч тормоздор менен жабдылышы керек;

6) көтөргүч орнотмонун көтөрүү жана түшүрүү механизминде тормоз барабан менен ажыратылгыс кинематикалык байланышта болушу керек;

7) көтөргүч орнотмонун көтөрүү жана түшүрүү механизминде гидросистемада, пневмосистемада жана электр энергиясы берилбей калганда көтөрүлүчү идиштин өзүнөн-өзү түшүп кетүүсүнөн сактоочу түзүлүш болушу керек;

8) шахталык көтөргүч орнотмого эки же андан көп тормозду орноткондо, ар биринин ишенимдүүлүгүн өзүнчө текшерүүгө мүмкүн болушу керек;

9) көтөрүлүүчү идиште адамдарды ташуу учурунда бул максатта жол берилген идиштерде травмаларды жана аварияларды болтурбоочу коопсуздук шарттары максималдуу түрдө камсыз болуусу керек;

10) тик жана жантык найларда көтөрүлүүчү идиштерге адамдар отура турган жана түшө турган жайлар атайы жабдылышы керек;

11) шахталык найларда жүктөрдү ташуу үчүн колдонулган лебедкаларда жүктүн өз бетинче кыймылын токтоткон негизги жана кошумча тормоздор, ошондой эле храповиктер болушу керек.

42. Асма жана чиркелүүчү түзүлүштөргө талаптар:

1) чиркелүүчү түзүлүштөрдүн бекемдиги, бышыктыгы жана ишенимдүүлүгү сыноолор жана эсептөөлөр менен тастыкталышы керек;

2) адамдар үчүн жана жүк-адамдар үчүн көтөргүч орнотмолордун чанактары экилтик көз каранды эмес - жумушчу жана сактагыч асма менен жабдылышы керек;

3) жумуру тең салмактагыч аркандар идишке тегеретме түзүлүштөрдүн жардамы менен бекитилиши керек;

4) асманын бекемдик запасы (эсептик статикалык жүктөмгө карата) регламенттик чондукту камсыз кылышы керек:

- адамдар үчүн көтөргүч орнотмолорунун асма жана чиркегич түзүлүштөрү жана ошондой эле өткөөлдүк тайпак челек жана чиркегич түзүлүштөр үчүн;

- аркандары учуна жеткен тике жана жантык көтөрүүлөрдүн асма жана чиркегич түзүлүштөрдүн идиштери, бир рельстүү жана кыртыш үстүндөгү жолдор, найлык өткөөл жабдууларынын чиркегич түзүлүштөрү (текче, опалубка, ж.б.) жана көтөргүч орнотмолордун тең салмактоочу аркандары үчүн. Тең салмактоочу чиркегич орнотмолордун бекемдик запасы алардын салмагына жараша аныкталышы керек. Жүк-адам көтөргүч орнотмолордун асма жана чиркегич түзүлүштөрү түшүрүлүп жаткан адамдардын максималдуу санына карата 15 эсе бекемдик запасын камсыз кылуусу керек;

- өткөргүч жана артка кайтаруучу аркандардын чиркегич түзүлүштөрү, вагонеткалардын улаштыруу түзүлүштөрү үчүн;

5) чиркегич түзүлүштүн ар бир тиби ага бекитилген аркандын жаңы аркандын агрегаттык бекемдигинен кем эмес бышыктыгын камсыз кылуусу керек;

6) тең салмактоочу жумуру аркандар идишке тегеретме түзүлүш аркылуу бекитилиши керек;

7) асманын бекемдик запасы (эсептик статикалык жүктөмгө карата) регламенттик чоңдукту камсыз кылышы керек:

- адамдар үчүн көтөргүч орнотмолорунун асма жана чиркегич түзүлүштөрү жана ошондой эле өткөөлдүк тайпак челек жана чиркегич түзүлүштөр үчүн;

- аркандары учуна жеткен тике жана жантык көтөрүүлөрдүн асма жана чиркегич түзүлүштөрдүн идиштери, бир рельстүү жана кыртыш үстүндөгү жолдор, найлык өткөөл жабдууларынын чиркегич түзүлүштөрү (текче, опалубка, ж.б.) жана көтөргүч орнотмолордун тең салмактоочу аркандары үчүн. Тең салмактоочу чиркегич орнотмолордун бекемдик запасы лардын салмагына жараша аныкталышы керек. Жүк-адам көтөргүч орнотмолордун асма жана чиркегич түзүлүштөрү түшүрүлүп жаткан адамдардын максималдуу санына карата 15 эсе бекемдик запасын камсыз кылуусу керек;

- өткөргүч жана артка кайтаруучу аркандардын чиркегич түзүлүштөрү, вагонеткалардын улаштыруу түзүлүштөрү үчүн;

8) чиркегич түзүлүштүн ар бир тиби ага бекитилген аркандын жаңы аркандын агрегаттык бекемдигинен кем эмес бышыктыгын камсыз кылуусу керек;

9) көп аркандуу көтөрүүлөрдө идиштер жана тең салмактар аркандарга экиден кем эмес жерлеринен бекитилсе анда сактагыч асманын болбоосуна жол берилет. Бир аркандуу көтөрүүлөрдүн тең салмактар сактагыч асма менен жабдылбайт;

10) пайдаланылып жаткан көтөрүүчү орнотмолордо асма жана чиркегич түзүлүштөрдүн иштөө мөөнөтү 5 жылдан ашык болбоосу керек, (авариялык-ремонттук, ошондой эле флангалык, желдетүүчү найлардын авариялык учурларда адамдарды ташууга пайдалануучу көтөрүүчү орнотмолору - 7 жылдан ашык эмес), ал эми тайпак челектердин жана алардын догоолорунун мөөнөтү - 2 жылдан көп эмес. Амортизаторлордун иштөө мөөнөтү атайын комиссиянын чечими менен жылына дефектоскопия өткөрүлүп турган болсо, 15 жылга чейин узартылышы мүмкүн;

11) өткөөлдүк тайпак челектин догоосу анын кулагынын же андагы алмаштыруучу втулкасынын жешилиши огунун диаметринен 5 проценттен көп болсо алмаштырылууга тийиш;

12) тайпак челектердин чиркегич түзүлүштөрү тайпак челектердин кыймылы учурунда илгичтин оозун бекем жаап, анын өз бетинче ачылып кетүүсүнө жол бербөөчү түзүлүш менен жабдылыш керек;

13) бардык типтердеги асма жана чиркегич түзүлүштөр заводдук номери жана даярдалган күнү көрсөтүлгөн маркировкасы болушу керек.

43. Болот аркандарга талаптар:

1) шахталардын көтөргүч транспорттук орнотмолорунда колдонулуучу ата мекендик жана ошондой эле импорттук болот аркандар шайкештик сертификатына же шайкештик жөнүндө декларациясына ээ болуп, аткаруу бийлиги тарабынан өнөр жай чөйрөсүндөгү атайын укуктуу органы тарабынан пайдаланууга уруксаты болушу керек;

2) аркандардын конструкциялары ар кандай көтөргүч-транспорттук орнотмолордо болот аркандарды пайдалануу талаптарына ылайык тандалышы керек;

3) жүк-адамдык көтөргүч транспорттук орнотмолордун көтөргүч жана тарткыч аркандары В маркасындагы жүк-адамдык болушу керек, калгандары I маркасынан төмөн эмес;

4) шахталардын көтөргүч транспорттук орнотмолорунун аркандары идиштер жана теңдемелер үчүн илингенде бекемдиктин керектүү запасына ээ болушу керек;

5) төмөндөгүлөрдө пайдалана турган аркандар эсептөөгө жана бекемдик запасын аныктоого жатат:

- адамдар үчүн жана авариялык-ремонттук көтөргүч орнотмолор жана адамдык, адам-жүк (адамдар боюнча эсептөөдө) эки аркандуу парашют менен жабдылбаган сүрүлүүчү шкивдери бар көтөргүч орнотмолор үчүн;

- сүрүлүүчү шкивдүү бир аркандуу (адам, жүк-адамдык жана жүктүк) көтөргүч орнотмолор жана көп аркандуу адамдык жана адам-жүктүк көтөргүч орнотмолор үчүн;

- жүк-адам көтөргүч орнотмолор, ошондой эле найда, өткөөл люлькаларында механикалык жүктөгүчтөрдү илүү үчүн (грейферлер) аркандар үчүн;

- көп аркандуу жүктүк көтөргүч орнотмолор үчүн;

- жүктүк көтөргүч орнотмолор үчүн;

- кыймылдоочу авариялык көтөргүч орнотмолор, куткаруучу шатылар, пайдаланылып жаткан шахталардын аркан өткөргүчтөрү, тереңдиги 600 м чейин найларды казууда текчелерди илүү үчүн аркандар, насостор, сууну

агызуучу түтүктөр, казуучу агрегаттар үчүн;

- тең салмактоочу резина-тростуу аркандар, ошондой эле тереңдиги 600 м 1500 м чейин текчелерди илүү үчүн аркандар үчүн;

- артка кайтаруучу аркандар, казуучу көтөргүч орнотмолор үчүн аркан өткөргүчтөрү, казуучу жабдууларды илүү үчүн, анын ичинде тереңдиги 900 м ашык найлардагы най казуучу комбайндар үчүн;

6) аркан өткөргүчтөрү бар бир аркандуу көтөргүч орнотмолордо көтөрүлүүчү эки идишке тең бир диаметрдеги, бирдей конструкциядагы жана өрүмүнүн багыты бирдей башкы аркандар илиниши керек;

7) ар бир көп аркандуу көтөрүүдө анын арналышына жараша, экиден кем эмес теңдеме аркандар болушу керек;

8) шахталык аркандар белгиленген тартипте каттоодон өткөн аркан-сыноочу станцияларда сыноодон өтүшү керек;

9) сыноодон өткөн резервдик аркан илинердин алдында эгерде сактоо мөөнөтү 5 жылдан ашпаса, кайталап сыноодон өтпөөсү мүмкүн;

10) тике жана жантык шахталык көтөруүлөрдүн бардык көтөрүүчү аркандар (жантайуу бурчу 30 град. аз жүк көтөрүүдөгү аркандарды кошпогондо), текчелерди илүүчү аркандар, куткаруучу шатылардын жана өткөөлдүк люлькалар үчүн аркандар, резина-тростук теңдеме аркандар илүүнүн алдында белгиленген тартипте сыноодон өтүшү керек;

11) илинээрдин алдында сыноодон өткөн аркандар (көп аркандуу жана бир аркандуу сүрүлүү шкивдүү орнотмолордогу аркандардан жана текчелерди иле турган жана төмөнкү теңдеме аркандардан башка) белгиленген мөөнөттөрдө кайрадан сыноодон өтүшү керек;

12) адамдар, жана жүк-адам көтөргүч орнотмолорундагы жана өткөөлдүк люлькалардын аркандары мезгил-мезгили менен сыноолордон өтүп туруусу керек;

13) жүк, авариялык-ремонттук жана жылдырылуучу көтөргүч орнотмолордо, ошондой эле куткаруучу шатыларда;

14) көп эшмелүү, цинктелбеген аз айлануучу көтөргүч аркандар сыноодон өтүүгө тийиш (жүк жана жүк-адамдык);

15) аркандардын кайталап сыноо мөөнөтү аларды илгенден баштап эсептелинет;

16) эгерде алар мезгил-мезгили менен дефектоскоп менен үзүлгөн зымдарды табуу жана белгиленген ченемдерге ылайык, металлдын ичкергенинде аспаптык бузбай турган көзөмөлдөн өтүп турса, аркандар кайталап сыноодон өткөрүлбөйт.