КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-октябры № 616
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы
Мамлекеттик ветеринария департаменти жөнүндө
жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасында ветеринария ишин башкаруу максатында, Кыргыз Республикасынын "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамынын 5-беренесине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаменти жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментинин башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментинин штатынын сандык чеги 1044 адам санында белгиленсин (техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдан башкалары).
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментинин уюштуруу, финансылык жана башка маселелерин 2011-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте чечсин;
- Мамлекеттик чек арадагы жана транспорттогу мамлекеттик ветеринариялык башкы башкарма жөнүндө жобону эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-августундагы № 562 "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-августундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматынын уюштуруу түзүмү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 649 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-июнундагы № 60 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария инспекциясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн
2011-жылдын 5-октябрындагы
№ 616 токтому
менен
бекитилген
┌─────────────────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба │
│ министрлигинин алдындагы Мамлекеттик │
│ ветеринария департаменти │
└──────────────────┬──────────────────────┘
V
┌────────────────┬─────────┬─────────┬────────────────┐
V V │ V V
┌───────────────┐ ┌─────────────┐ │ ┌─────────────┐ ┌───────────────┐
│ Мамлекеттик │ │ Бишкек │ │ │ Чек арадагы │ │Ветеринариялык │
│ветеринариянын │ │ шаардык │ │ │ жана │ │диагностиканын │
│ зоналык │ │ мамлекеттик │ │ │транспорттогу│ │ республикалык │
│ башкармалары │ │ветеринария- │ │ │ мамлекеттик │ │ борбору │
└───────┬───────┘ │ санитария │ │ │ветеринария- │ └───────┬───────┘
V │ башкармасы │ │ │лык контроль │ V
┌───────────────┐ └─────────────┘ │ │ башкы │ ┌───────────────┐
│ Мамлекеттик │ ┌─────────────┐ │ │ башкармасы │ │Ветеринариялык │
│ветеринариянын │ │ Мамлекеттик │ │ └──────┬──────┘ │диагностиканын │
│ райондук │ │ветеринария- │ │ V │ зоналык │
│ башкармалары, │ │ нын Ош │<─┘ ┌─────────────┐ │ борборлору, │
│ 40 башкарма │ │ шаардык │ │ Чек арадагы │ │ 6 борбор │
└───────┬───────┘ │ башкармасы │ │ветеринардык │ └───────┬───────┘
V └─────────────┘ │контролдоочу │ V
┌───────────────┐ │ пункттар │ ┌───────────────┐
│ Мамлекеттик │ └─────────────┘ │Ветеринариялык │
│ветеринариянын │ │диагностиканын │
│ шаардык │ │райондор аралык│
│ башкармалары, │ │ жана райондук │
│ 13 башкарма │ │ борборлору, │
└───────────────┘ │ 20 борбор │
└───────────────┘
|
|