Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 17-июлу № 495

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө,
башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын
жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуусунун) тартиби жөнүндө жобону
бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо
киргизүү жөнүндө

Офицердик аскер наамдарын ыйгарууну тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 90-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:

"4) өзгөчө кырдаалдар жана улуттук коопсуздук органдарында, кенже жана улук офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары, мөөнөтүнөн эрте берилгендерди кошкондо, - ушул органдардын жетекчилеринин буйруктары менен.";

- 90-пункту төмөнкү мазмундагы 4-1 - 4-3-пунктчалары менен толукталсын:

"4-1) Жазык-аткаруу тутумунун кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү департаментинде:

- кенже офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары "капитанга" чейин, - Департамент начальнигинин буйругу менен;

улук офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары "полковникке" чейин, ошондой эле кенже жана улук офицердик курамдын мөөнөтүнөн эрте берилүүчү аскердик наамдары - жазык-аткаруу тутумунун жетекчисинин буйругу менен;

4-2) Кыргыз Республикасынын аскердик прокуратура органдарында кенже жана улук офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары, мөөнөтүнөн эрте берилгендерди кошкондо - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун буйругу менен;

4-3) Кыргыз Республикасынын аскердик сотунун органдарында кенже жана улук офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары, мөөнөтүнөн эрте берилгендерди кошкондо - коргоо органынын жетекчисинин буйругу менен.".

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

"Премьер-министр

Ө.Бабанов