КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 329 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-июлу № 507
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы №
105 "Кыргыз Республикасынын аткаруу
бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун
баалоо
жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтомунун 1-тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
9-главада:
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"
┌──┬──────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│4 │Президенттин каршы пикир билдирүүсү менен Жогорку Кеңешке кайра │
│ │берилгендеринин, ошондой эле Өкмөт демилге кылган мыйзам │
│ │долбоорлорунун саны │
└──┴──────────────────────────────────────────────────────────────────┘
";
- 6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"┌──┬──────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│6 │Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү), │
│ │күрөө жөнүндө келишимдерди каттоодо, кайра каттоодо жана │
│ │иш-аракетин токтотууну каттоодо жана сот экспертизаларын │
│ │жүргүзүүдө мөөнөттөрдү сактоо │
└──┴──────────────────────────────────────────────────────────────────┘".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ө.Бабанов |
|
|