КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-майы № 346
Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган нормативдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кошумча кесиптик билим берүү программасын жүзөгө ашырган жогорку жана орто кесиптик билим берүү жайларынын түзүмдүк бөлүмү жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Окуу басылмаларына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин грифин ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- Билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди даярдоонун, акысын төлөөнүн, сактоонун, берүүнүн жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерин которуунун, окуудан чыгаруунун жана окууга калыбына келтирүүнүн тартиби жөнүндө жобо 5-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын кафедрасы жөнүндө жобо 6-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын факультети жөнүндө жобо 7-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын окумуштуулар кеңеши жөнүндө жобо 8-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн окутуу-методикалык бирикмеси жөнүндө жобо 9-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерин учурдагы контролдоо жана орто аралык аттестацияны жүргүзүү жөнүндө жобо 10-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучу курамынын кызмат ордун ээлеп туруунун тартиби жөнүндө жобо 11-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |