КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
1-тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому менен бекитилген |
Бул Кошумча кесиптик билим берүү программасын жүзөгө ашырган, жогорку жана орто кесиптик билим берүү жайларынын структуралык бөлүмдөрү жөнүндө жобо Кыргыз Республикасында кошумча кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу шарттарын жана тартибин жөнгө салат.
1. Кошумча кесиптик билим берүү - бул кесипке жана кызматка коюлган квалификациялык талаптарга ылайык ишкердик жана чыгармачылык жөндөмдөрдүн өнүгүшүнө өбөлгө болуучу, негизги кесиптик билим берүү программасынын чегинен тышкары кесиптик билимге ээ болгон адамдардын квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатууга жана кесиптик, кайрадан даярдоого багытталган билим берүү.
2. Кошумча кесиптик билим берүү программалары окуучуларды даярдоо деңгээлине коюлуучу талаптарга ылайык, жогорку кесиптик билим берүүнүн кошумча билим берүү программасы, орто кесиптик билим берүүнүн кошумча билим берүү программасы жана башталгыч кесиптик билим берүүнүн кошумча билим берүү программасы болуп бөлүнөт.
3. Кошумча кесиптик билим берүү программаларына квалификацияга ээ кызматкерлерди, жогорку жана орто кесиптик билими бар адистерди кесиптик жактан кайрадан даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана стажировкадан өткөрүү программалары кирет.
4. Кесиптик кайрадан даярдоо кошумча билим, көндүм, жөндөм алуу жана ошону менен бирге кесиптик билимге окуп жаткан окуучулардын кесиптик ишинин жаңы түрүн аткаруу үчүн зарыл болгон бөлөк окуу дисциплиналарын, техниканын бөлүмдөрүн жана жаңы технологияларды окуп үйрөнүү максатында ишке ашат.
5. Адистердин квалификациясын жогорулатуу, алардын кесиптик билимдеринин деңгээлин жогорулатуу, алардын ишке жөндөм сапаттарын жакшыртуу жана кесиптик тапшырмаларды чечүүнүн заманбап ыкмаларын өздөштүрүү зарылдыгына жана адистердин квалификациясына коюлуучу талаптарды жогорулатууга байланыштуу теориялык билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү жаңылатуу максатында ишке ашат.
6. Квалификацияны жогорулатуу кызматкердин бардык эмгек ишмердүүлүгүндө зарылдыгына жараша 5 жылдын ичинде 1 жолудан кем эмес жүргүзүлөт. Адистердин квалификациясын жогорулатуунун мезгили кызмат берүүчү тарабынан аныкталат.
7. Стажировка теориялык жактан даярдоонун жыйынтыгында алынган, практика жүзүндөгү кесиптик билимдерди, көндүмдөрдү, жөндөмдөрдү өркүндөтүү жана бекемдөө, ошону менен бирге алдыдагы тажрыйбаны окуп үйрөнүү, ээлеп турган же жогорку кызмат ордунун милдеттерин аткаруу үчүн кесиптик жана уюштуруучулук жөндөмдөрүнө ээ болуу максатында иш жүзүнө ашырылат.
8. Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын түзүмдүк бөлүмдөрү (мындан ары - кошумча кесиптик билим берүүнүн структуралык бөлүмдөрү) кошумча кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырат.
9. Кошумча кесиптик билим берүүнүн структуралык бөлүмдөрүнө төмөнкүлөр кирет:
- квалификациясын жогорулатуу же/жана кесиптик кайрадан даярдоо институту (факультет);
- квалификациясын жогорулатуу же/жана кесиптик кайрадан даярдоо тармактык (ведомстволук) борбор;
- жогорку окуу жайларындагы квалификациясын жогорулатуу же/жана кесиптик кайрадан даярдоо боюнча базалык кафедралар;
- Квалификациясын жогорулатуу же/жана кесиптик кайрадан даярдоо боюнча окуу борборлору (өндүрүштөгү кызматкерлерди окутуу боюнча окуу борборлору);
- Квалификациясын жогорулатуу курстары.
10. Кошумча кесиптик билим берүүнүн структуралык бөлүмдөрү, окумуштуулар жана педагогикалык кеңештин чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча, жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин буйругу менен түзүлөт, кайрадан түзүлөт жана уюмдары жоюлат.
11. Кошумча кесиптик билим берүүнүн структуралык бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- илим, техника жана маданият тармактарындагы жетишкендиктер, ата мекендик жана чет өлкөлүк алдыңкы тажрыйбалар жөнүндө жаңы билимдерди алуудагы адистердин муктаждыктарын канааттандыруу;
- адистердин, бошотулган кызматкерлердин, бош болгон калктын квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик жактан кайрадан даярдоо, жана аларды жаңы эмгек функциясын аткарууга даярдоо;
- кеңеш берүү иши.
12. Кошумча кесиптик билим берүүнүн структуралык бөлүмдөрү өзүнүн ишмердүүлүгүн "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын, уставдын (жобонун) жана ушул Жобонун негизинде ишке ашырат.
13. Кесиптик ишмердүүлүктүн жаңы түрүн аткаруу үчүн кесиптик жактан кайрадан даярдоо, конкреттүү кесипке же кызматка коюлган квалификациялык талаптардын негизинде ишке ашат.
14. Адистер тарабынан кошумча квалификация алуу үчүн кесиптик кайрадан даярдоо, кайрадан даярдоо программасынын мазмунундагы минимумдарга коюлуучу мамлекеттик талаптарга жана Мамлекеттик билим берүү стандарттарында аныкталган адистерге коюлуучу талаптардын деңгээлине ылайык жүргүзүлөт.
15. Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдары кошумча кесиптик билим берүүнүн структуралык бөлүмдөрүн тийиштүү материалдык-техникалык база менен, заманбап жабдуулар жана жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрлар менен камсыз кылат, штаттарын, аудиториялык жана лабораториялык фонддорун, угуучуларга жатаканалардан жашоо үчүн орундарды бөлөт жана бекитет.
16. Кошумча кесипкөй билим берүү чөйрөсүндө билим берүү кызматын көрсөтүү жөнүндө келишимди жогорку же орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдары менен түзгөн жеке же юридикалык жак заказ берүүчү (мындан ары - заказ берүүчү) болуп эсептелет.
17. Кошумча кесиптик билим берүүнүн структуралык бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн жалпы башкарууну жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун жетекчиси жүргүзөт, жана ал:
- кошумча кесиптик билим берүүнүн структуралык бөлүмдөрүнүн структурасын, штатын жана чыгымдоо сметаларын бекитет;
- аудиториялык фондусун, окуу кабинеттерин жана лабораторияларды бекилишин, окуу, илимий жана окуу-методикалык адабияттардын чыгышына жана аларды көбөйтүүгө финансылык каражаттардын бекитилишин камсыз кылат;
- угуучуларга китепкана, окуу залы, компьютердик класстар, спорттук-ден соолук чыңдоо базаларынан жана медициналык мекемелерден колдонуу мүмкүнчүлүгүн берет.
18. Кошумча кесиптик билим берүүнүн структуралык бөлүмдөрүнүн ишине тикелей жетекчиликти, жогорку окуу жайында (мындан ары - ЖОЖ) жана орто кесиптик окуу жайында (мындан ары - ОКОЖ) белгиленген тартипте жогорку жана кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмунун жетекчисинин буйругу менен дайындалган жетекчи башкарат.
19. Заказ берүүчү менен болгон өз ара мамиле адистердин квалификациясын жогорулатуу же кесиптик жактан кайрадан даярдоо боюнча жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдары менен түзүлгөн келишимде аныкталат.
20. Кошумча кесиптик билим берүүнүн структуралык бөлүмдөрүнүн угуучулары болуп, жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин буйругу менен окууга кирген адамдар эсептелет.
21. Окуп жаткан учурда угуучуга кошумча кесиптик билим берүүнүн структуралык бөлүмдөрүндө окуп жаткандыгын жана мөөнөтүн күбөлөндүргөн маалымкат берилет.
22. Кошумча кесиптик билим берүүнүн структуралык бөлүмдөрүнүн угуучулары төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- кошумча кесиптик билим берүү программаларынын мазмунун түзүүгө катышуу;
- жогорку жана кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын структуралык бөлүмдөрүндө болгон кесиптик иштин маселеси боюнча окуу-методикалык документтерин, китепканаларын, маалымдама фондусун, бөлүмдүн жана кызматтарынан пайдаланууга;
- конференцияларга, семинарларга катышууга, өзүнүн илимий жана илимий-методикалык макалаларын басылмаларда жарыялоого сунуш кылууга.
23. Кошумча кесиптик билим берүүнүн структуралык бөлүмдөрүндө негизги ишинен бошотулуп окуп жаткан мезгилинде, угуучулардын негизги иши боюнча орточо эмгек акысы сакталат.
24. Кошумча кесиптик билим берүүнүн структуралык бөлүмдөрүндө шаар четинен келип, негизги ишинен бошотулуп окуп жаткан угуучуларга, Кыргыз Республикасынын аймагында командировкага жөнөтүү үчүн белгиленген баалар (нормалар) боюнча суткалык акылар төлөнөт.
25. Кошумча кесиптик билим берүүнүн структуралык бөлүмдөрүндө окуган угуучулардын окууга келген жана кайрадан жашаган жерине кеткен жол кире акылары жөнөтүүчү тараптын эсебинен төлөнөт.
26. Кошумча кесиптик билим берүүнүн структуралык бөлүмдөрүнүн угуучуларынын билим деңгээлин баалоо, билимин контролго алуунун жыйынтыгы жана жыйынтыктоочу аттестация боюнча жүргүзүлөт. Угуучуларды жыйынтыктоочу аттестациялоону, ЖОЖ жана ОКОЖ жетекчиси түзгөн, аттестациялык комиссия ишке ашырат.
27. Кесиптик кайрадан даярдоонун билим берүү программасын өздөштүрүү милдеттүү Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация менен бүткөрүлөт. Угуучулардын Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясын комиссия ишке ашырат, анын төрагасы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилет.
28. Кошумча кесиптик билим берүүнүн структуралык бөлүмдөрүндө окуусун ийгиликтүү аяктаган жана мамлекеттик аттестациядан өткөн угуучуларга кошумча кесиптик билими жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү документ берилет.
29. Окуу планынын талаптарын аткарбаган жана ошондой эле окуу жайынын ички тартип эрежелерин одоно бузган учурда, окууга келгендиги жөнүндө тийиштүү маалымкат берилип, окуудан чыгарылат.
30. Кошумча кесиптик билим берүүнүн структуралык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин жана окутуучуларын кызматка кабыл алуу, кызматтан бошотуу, алардын укуктары, милдеттери, эмгек мамилелери эмгек жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен аныкталат.
31. Кошумча кесиптик билим берүүнүн структуралык бөлүмдөрүндө штаттагы окутуучулар менен бирдикте, көрүнүктүү окумуштуулар, адистер жана ишканалардын (бирикмелердин), уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлери, аткаруу бийлик органдарынын өкүлдөрү штаттык айкалыштырып иштөө шартында же саат боюнча эмгек акы төлөө шартында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте окуу процессин ишке ашыра алат.
32. Адистерди кайрадан даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу ишинен бошотуу менен жүргүзүлөт. Окуунун мөөнөтү кошумча кесиптик билим берүүнүн структуралык бөлүмдөрү тарабынан, заказ берүүчүнүн муктаждыгына ылайык, түзүлгөн келишимдин негизинде белгиленет.
33. Адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кайрадан даярдоонун кошумча кесиптик билим берүү программасы окутуунун программасынын мазмунуна коюлган талаптардын негизинде, кошумча кесиптик билим берүүнүн структуралык бөлүмдөрү тарабынан иштелет, бекитилет жана ишке ашырылат.
34. Окуу сабактарынын жана окуу иштеринин төмөнкү түрлөрү белгиленет: лекциялар, практикалык жана семинардык сабактар, лабораториялык иштер, тажрыйба алмашуу боюнча семинарлар, көчмө сабактар, стажировка, өз алдынча иш, консультациялар, аттестациялык иштер.
35. Окутууну өткөрүүдө, окуу топтору угуучулардын билим деңгээлине, кесиптик даярдыгына, иш тажрыйбасына жараша түзүлөт.
36. Кошумча кесиптик билим берүүнүн структуралык бөлүмдөрү илимий, илимий-методикалык иштерди аткарат, угуучулар үчүн окуу пландарын, программаларды, окуу куралдарын, лекциялардын конспектилерин жана башка илимий-методикалык адабияттарды белгиленген тартипте чыгаруу боюнча басма ишин уюштурат.
37. Кошумча кесиптик билим берүүнүн структуралык бөлүмдөрүн каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- заказ берүүчү менен түзүлгөн келишим боюнча окуу үчүн төлөнгөн каражаттын;
- бюджеттен бөлүнгөн каражаттын;
- консультация иштерин аткаруудан, окуу, методикалык, илимий жана башка иштелмелерди сатуудан алынган каражаттын;
- мыйзамдарда каралган, башка булактардан.
38. Кошумча кесиптик билим берүүнүн структуралык бөлүмдөрүнүн ишин контролдоону окумуштуулар, педагогикалык кеңештер жана билим берүү уюмдарынын жетекчилери жүргүзөт.
39. Кошумча кесиптик билим берүүнүн структуралык бөлүмдөрү өзүнүн иши тууралуу билим берүү уюмдарынын жетекчилерине отчет берет.