Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН


КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

ЧЕЧИМИ

 

2014-жылдын 21-февралы № 15-р

жаран Виталий Николаевич Остриковдун кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:

төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиев,

судьялар - Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Ж.М.Макешов, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,

сот жыйналышынын катчысы: М.Э.Толобалдиевдин, кайрылуучу тарап - жаран В.Н.Остриковдун, жоопкер-тарап - ишеним катынын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү К.Р.Садыковдун, башка жак - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним катынын негизиндеги өкүлдөрү Л.Ю.Усманованын, А.Ш.Шукурбековдун катышуулары менен, Конституциянын 97-беренесинин 1-, 6-, 8-, 9-, 10-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 4-, 18-, 19-, 37-, 42-беренелерин жетекчиликке алып, ачык сот жыйналышта Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин (мындан ары - ЖПК) 259-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.

Ишти кароого В.Н.Остриковдун өтүнүчү себеп болду. Ишти кароого негиз болуп, талашылып жаткан ЖПКнын ченемдеринин Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу эсептелди.

Сот жыйналышына ишти даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы Ж.М.Макешовдун маалыматын угуп, жана берилген материалдарды изилдеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2013-жылдын 19-ноябрында жаран В.Н.Остриковдун ЖПКнын 259-беренесинин 2-бөлүгүнүн Конституциянын 20-беренесинин 3-бөлүгүнө, 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1- жана 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келгендигин таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

Берилген материалдар көрсөткөндөй, жаран В.Н.Остриков ЖПКнын 259-беренесинин 2-бөлүгү соттолуучунун катышуусуз ишти соттук териштирүүгө мүмкүнчүлүгүн белгилөө менен, Конституция менен кепилденген (40-беренесинин 1-бөлүгү) эч кандай чектөөгө жатпаган адамдын жана жарандын соттук коргоо укугун кемсинтет деп эсептейт (20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пункту).

В.Н.Остриковдун пикири боюнча, соттолуучу адамдын катышуусуз ишти соттук териштирүүдө соттолуучунун коргонуу ыкмасын аныктоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат, жактоочуну тандоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат, буга жараша коргоо стратегиясын тандоо, юридикалык кеңештерден жана юридикалык жардамдын башка курамдарынан, ошондой эле Конституциянын 40-беренесинин 2- жана 3- бөлүктөрү менен кепилденген өзүн коргоо укугунан ажырайт.

Андан дагы, арыз берүүчү талаш-тартыш болуучу ченем Конституциянын 99-беренесинин 3-бөлүгү менен бекитилген атаандаштык жана тараптардын тең укуктуулук принциптери бузулгандыгын көрсөтүп, өз процесстик укуктарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн ажыратуу менен, жазык процессинин тараптарынын атаандаштык принциптерин бузат, анткени андай ченем соттолуучунун катышуусуз эле ишти кароого жол берген деп ишенет.

Аны менен В.Н.Остриков ЖПКнын 259-беренесинин 2-бөлүгү менен жөнгө салынуучу жазык ишти сырттан териштирүүсү Конституциянын 20-беренесинин 3-бөлүгү көрсөткөндөй, адамдын жалпы мааниге ээ болгон конституциялуулук максаттарга ылайык болгон укуктарын жана эркиндиктерин өлчөмсүз чектеген карама-каршы келгендигин белгилейт.

Төмөнкүдөй баяндалган далилдердин негизинде, В.Н.Остриков ЖПКнын 259-беренесинин 2-бөлүгүнүн Конституциянын 20-беренесинин 3-бөлүгүнө, 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, ошондой эле 40-беренесинин 1- жана 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келгендигин таанууну өтүнөт.

Сот жыйналышында В.Н.Остриков өзүнүн кайрылуусундагы талаптарды колдоп, аны канааттандырууну сурады.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү К.Р.Садыков, кайрылуучу тараптын далилдери менен макул болбой, жасалган кылмышы үчүн жазык жоопкерчилигин сөзсүз тартуу принциби менен сырттан ишти соттук териштирүү толук үндөшүп жана жазык сот өндүрүшүнүн ишин жалпы принциптерин жана Конституция менен кепилденген соттук коргоо укугу жана квалификациялык юридикалык жардам берүүнү бузбайт дегенди билдирип, ушуга байланыштуу өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырууну сурады.

Конституциялык палата тараптардын келтирилген жүйөлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкүдөй тыянактарга келди:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Ошентип, ушул иш боюнча Конституциялык палатанын кароосунун предмети болуп, төмөнкүдөй мазмундагы ЖПКнын 259-беренесинин 2-бөлүгү каралат:

"259-берене. Соттолуучунун соттук териштирүүгө катышуусу

(2) Соттолуучунун катышуусуз соттук териштирүүгө төмөнкүдөй учурларда жол берилет, эгерде:

1) соттолуучу Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары болгондо жана сотко келүүдөн баш тартканда;

2) соттолуучу экинчи жолу чакырылганда соттук заседаниеге келбей койгондо жана келбеген себеби жөнүндө сотко билдирүү бербегенде".

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси мыйзамда белгиленген тартипке ылайык № 62 сандуу 1999-жылдын 30-июнунда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы менен 1999-жылдын 30-июнунда № 63 санында киргизилген, "Эркин-Тоо" газетасында 1999-жылдын 21-июлунда № 59-60-61-62 сандарында жарыяланган жана колдонуудагы кодекс болуп эсептелет.

2. Конституциянын 99-беренесинин 2-бөлүгү, мыйзамда аныкталган учурдан тышкары, жазык же башка иштерди соттордо сырттан териштирүүгө жол берилбейт деп белгилейт. Жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык жобонун маанисинен келип чыккандай, жалпы эреже боюнча сот териштирүүсү соттолуучунун милдеттүү катышуусу менен өткөрүлүшү керек, ал коюлган айыптан коргонууна мүмкүндүк алат. Соттук териштирүүгө соттолуучунун катышуусу жазык сот ишинин принциптерин жүргүзүүнү толугу менен камсыз кылат, жана акыйкат сот териштирүүгө жана жазык ишин кыска мөөнөттө кароого зарыл кепилдик болот.

Аны менен бирге, Конституциянын 99-беренесинин 2-бөлүгү мыйзам чыгарууга жазык ишти сырттан кароого тыюу салууну жок кылуу зарылдыгы жөнүндө маселени чечүүгө ыйгарым берген. Каралуучу ченемдин мыйзам чыгаруу өнүгүүсү болуп, кылмыш ишин биринчи инстанциядагы сот тарабынан сырттан кароого жол берүүчү ЖПКнын талаш-тартыш болгон 259-беренесинин 2-бөлүгү болуп саналат, эгерде:

1) соттолуучу Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары болгондо жана сотко келүүдөн баш тартканда;

2) соттолуучу экинчи жолу чакырылганда соттук заседаниеге келбей койгондо жана келбеген себеби жөнүндө сотко билдирүү бербегенде.

Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пакттын (мындан ары - Пакт) 14-беренесинин 3d пунктчасында ар бир соттолуучу кылмыш жасаганда анын катышуусу менен соттолууга укуктуу.

Пакттын бул ченеми БУУнун адам укугу боюнча Комитетинин 2007-жылдын 23-августунда № 32 CCPR/С/GC/32 жалпы тартиптеги Эскертүүлөрүндө өз өнүгүүсүн тапты, анда "соттолуучу жок өткөрүлгөн соттук териштирүү айрым бир жагдайларда акыйкат соттун тиешелүү кызыкчылыгында уруксат берилиши мүмкүн, эгер айыпталуучу соттук териштирүү жөнүндө алдын ала билдирүү алган болсо да, алардын катышуусунда соттолуу укугун колдонуудан баш тартса" деп айтылган. БУУнун адам укугу боюнча комитети - ал Пакттын аткарылышын көзөмөл кылып, ага Пакттын жоболорун аткаруу боюнча сунуштарды берүү укугу берилген.

Адам укугу боюнча Комитетинин чечиминде жарандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пакттын 2007-жылдын 27-июлундагы № 1173/2003 билдирүүсүнө карата факультативдик протоколуна ылайык (Али Бенхадждын иши боюнча), "14-беренеде келтирилген кепилдиктер, айыпталуучунун келбей калган себебине карабай, айыпталуучу жок кезде чыгуучу соттук токтомдорун жок кылуучу милдет катары талкууланбашы керек. Чынында, сырттан чыгарылган өкүмдөр айрым жагдайларда (мисалы, анын ишин кароо жөнүндө алдын ала маалымдар болуп калса, жыйналышка катышуудан баш тарткан учурларда) акыйкат соттун кызыкчылыгында алгылыктуу болот". Жогоруда айтылган ишти кароо менен, Комитет соттолуучу жок учурда ишти кароо Пакттын 14-беренесин бузуу болуп саналбайт деген жыйынтыкка келген.

Ошону менен бирге, Конституциянын 99-беренесинин 2-бөлүгү жана анын негизинде кабыл алынган мыйзам жоболору (ЖПКнын 259-беренесинин 2-бөлүгү) соттук териштирүүнү соттолуучунун катышуусуз өткөрүүгө мүмкүндүк берет жана жалпы маанидеги адам укугу тармагындагы эл аралык стандарттар менен жана сот акыйкаттыгын жиберүүгө макулдашат.

3. Конституциянын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ар кимге анын укуктары менен эркиндигин соттук коргоого кепилдиктер берилет. Ушул конституциялык ченемден жана эл аралык-укуктук актыларды кабардар кылган жоболордон, тагыраак айтканда, адам укугу Жалпы декларациясынын 8- жана 29-беренелеринде ошондой эле Пакттын 2-беренесинде (2-пункт жана 3-пункттун "а" бөлүгү) жана 14-беренесинде (1-пункт) айтылгандай, мамлекет соттук коргоо укугун ишке ашырууга милдеттүү, ал өз кезегинде акыйкат, компетенттүү жана майнаптуу болушу керек.

Соттук коргонууга болгон укук кепилдиктин болушун божомолдойт, толук көлөмдө ишке ашырып, адилеттиктин талаптарына жооп берген акыйкат соттун жардамы менен укугун калыбына келтирүүнү камсыз кылмак. Бул Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 10-беренесинин Эскертүүсүнөн чыгат, ага ылайык ар бир адам өз укуктары менен милдеттерин аныктоо жана ага коюлган кылмыш күнөөсүнүн негиздүүлүгүн аныктоо үчүн толук теңчилик негизде анын иши ачык жана адилеттүүлүктүн бардык талаптарын сактоо менен көз карандысыз жана адилет сот тарабынан каралышына укуктуу, атап айтканда акыйкаттык сотту териштирүүдө процесстик кепилдиктер берилет.

Ушундай кепилдиктердин бири Конституциянын 99-беренесинин 3-бөлүгүндө сот өндүрүшү тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун негизинде жүзөгө ашырылат деп бекитилген, мындан сырткары конституциялык принцип мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей (Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгү).

Тараптардын атаандаштыгы жана тең укуктуулугу жөнүндө конституциялык жобо, жазык-процесстик мыйзам чыгаруу ченемдерде өнүгүү аркылуу аткарылат. ЖПКнын 18-беренеси билдирет, жазыктык соттук териштирүү айыптоо жана актоо тараптарынын атаандаштыгынын жана тең укуктуулуктун негизинде жүзөгө ашырылат.

Сот процессинде тараптар болуп саналган сот териштирүүнүн карама-каршы процесстик позицияларында болгон тараптары менен катышуучуларына тең укук берүү тең талаш-тартышты жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, аларга тең укуктук мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылат жана ага ылайык, соттук териштирүүдө чыныгы атаандаштыкка мүмкүндүк берет.

Сырттан соттук териштирүүнүн жол берилбестиги жөнүндө жалпы эреже (укуктуу тартып алууну санабаганда) сөзсүз түрдө сот өндүрүшүндө тараптардын атаандаштык жана тең укуктуулук принцибин сактоо менен байланышкан, ошондуктан соттолуучунун соттук териштирүүдө катышуусу толук өлчөмдө аны жүзөгө ашырууну камсыз кылат.

Мыйзам чыгаруучу, жазык ишин биринчи инстанциядагы сот тарабынан сырттан кароого соттолуучу Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары болгон учурда, соттолуучу сотко келбей жана өзүнүн келбеген себебин билдирбеген учурда гана уруксат берилет, бул жол-жобонун бөлүштүрүү жалгыз критерийи катары соттолуучунун сот жыйналышына жеке катышуудан баш тарткандагы деп катталат. Ошентип, мыйзам чыгаруучу соттолуучунун соттук териштирүүдө катышуусунун маанилүү экендигин тааныйт.

Жазык иштерде соттолуучунун сот териштирүүсүнө катышуусуна тийиштүү маселелерди жөнгө салуучу жазык-процесстик ченемдер, бардык жазык-процесстик укугуна олуттуу маанилери бар. Аталган ченемдер эң алды менен соттолуучунун анын сот жыйналышка жеке катышуусу аркылуу коргонууга болгон укугун камсыз кылат, аны менен бирге соттогу далилдерди дагы тереңирээк изилденишине жана жазык-процесстик жалпы принциптеринин ишке ашырылышына зарыл шарттарды түзөт.

ЖПКнын 42-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык соттолуучу ишти соттук териштирүүгө катышууга, тараптардын бардык укуктарынан, соңку сөзүн айтуу, соттун аракетине жана чечимине даттануу укугунан пайдаланууга укуктуу. Ушул беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту соттолуучу сотко чакыруу боюнча келүүнү белгилейт. Буга окшогон милдет "биринчи инстанциядагы сотто ишти териштирүү сотко келүүсү милдеттүү болгон соттолуучунун катышуусу менен өтөт" 259-беренесинин 1-бөлүгү менен белгиленген. Демек, ишти соттук териштирүүгө соттолуучунун катышуусу бир эле учурда укугу жана милдети болуп саналат.

ЖПКнын 3-беренесинин 259-бөлүгүнө ылайык соттолуучу соттук териштирүүгө келбеген учурда кийинкиге калтырылат. Соттук териштирүүдө соттолуучунун келүүсүн камсыз кылуу максатында сот айыптоочуну сот жообуна тартылган адамдын келүүсүн милдеттендирүүгө укуктуу. Сот соттолуучунун сотко келбеген учурда айдап келүүгө укуктуу (ЖПКнын 117-беренесинин 1-бөлүгү) ага карата бөгөт коюу чарасын тандоого же аны дагы катуулатууга (102-беренесинин, 1-бөлүгү) укуктуу. Процессуалдык мажбурлоону бул чаралары чыныгы болгон учурларда, соттолуучу сотко келүүдөн качып жүргөндүгү такталган кезде колдонулат. Ушуну менен, кылмыш-процесстик мыйзам толук соттук териштирүүнүн өткөрүү үчүн керек болгон шартты түзүү жана соттолуучунун тиешелүү жүрүм-турумун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрөт.

Фактылар тастыкталган учурда сот адилеттигинен качып жүргөн адам соттук териштирүүгө келбесе, сот ЖПКнын 259-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде сот ишин сырттан кароого укуктуу. Белгилеп кетүү зарыл, ЖПКнын 352-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда белгиленген, эгерде иш соттолуучу жок болгондо каралса, ЖПКнын 259-беренесинин 2-бөлүгүндөгү учурларды кошуп албаганда, баары бир өкүм жокко чыгарылат.

Ошентип, арыз берүүчүнүн талашылып жаткан мыйзам жоболору сот өндүрүшүнүн атаандаштык принцибин бузуп, соттолуучунун процесстик укуктарын ишке ашыруу мүмкүндүгүнөн ажыратылып, жана далилдери жараксыз болуп саналат, анткени ЖПК 259-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурлардын ар биринде, адам сот адилеттигинен өз эркиндигин билдирүү менен качып жатат, аны менен Конституция жана жазык-процесстик мыйзамдары тарабынан ага кепилденип берилген укуктардан, биринчи кезекте, мыйзам тарабынан жеке бекитилген ыкмалар жана каражаттар менен коргонуу укугунан ыктыярдуу баш тартып жатат (ЖПКнын 20-беренесинин 1-бөлүгү).

4. Соттук териштирүүнү сырттан кароосу атаандаштык принцибин алып салбайт, анткени келбей калган соттолуучунун кызыкчылыгында сот жыйналышына ал тарабынан чакырылган жактоочу катышат. Жактоочу дагы соттолуучунун, алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан тапшырмасы же макулдугу боюнча, ошондой эле башка адамдар тарабынан чакырууга мүмкүн (ЖПКнын 45-беренесинин 1-бөлүгү). Соттук териштирүүдө жактоочунун катышуусуна соттолуучунун укугу сот тарабынан камсыз кылынат (ЖПКнын 45-беренесинин 2-бөлүгү).

Мындай учурларда жактоочу тарапты жактоочу көрсөтөт, бул соттолуучунун укуктарын жана таламдарын коргоочу жана ага юридикалык жардам көрсөтүүчү адам. Соттук териштирүүдө адвокат жактоочу катарында катышат. Мындан улам, соттолуучунун жакын туугандарына, ошондой эле мыйзамдуу өкүлдөрүнө да сотто жактоочу катары катышууга жол берилиши мүмкүн (ЖПКнын 44-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрү).

Соттук териштирүүдө жактоочунун катышуусу ар бирине конституциялык жобонун ишке ашыруудагы кепилдиктин бири болгон квалификациялык юридикалык жардам берүүнү (Конституциянын 40-беренесинин 3-бөлүгү) жана тараптардын атаандаштыктын жана тең укуктуулуктун негизинде сот адилеттик принциптерин жүзөгө ашырууну көрсөтөт (Конституциянын 99-беренесинин 3-бөлүгү, ЖПКнын 48-беренесинин 1-бөлүгү).

Соттук териштирүүдө жактоочунун иши, соттолуучуга укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоосуна камсыз кылууну, иштин жагдайын толук жана объективдүү изилдөөгө жардам берүүнү, чындыкты орнотууну көздөйт. Бул максатта жактоочу шектүүнүн, айыпкердин соттолуучунун жоопкерчилигин жеңилдетүүчү далилдерди табуу жана сунуш кылуу максатында мыйзамда көрсөтүлгөн бардык коргоо каражаттарын жана ыкмаларын пайдаланууга жана аларга зарыл болгон юридикалык жардамды көрсөтүүгө тийиш (ЖПКнын 48-беренесинин 2-бөлүгү).

Эгерде соттолуучу жактоочудан баш тартуунун натыйжасында жактоочу соттук жыйналышка келбеген учурда, (ЖПКнын 47-беренесинин 1-бөлүгү) же болбосо тандалган жактоочу катышууга мүмкүн болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот башка жактоочуну дайындоого укуктуу (ЖПКнын 45-беренесинин 4-бөлүгү). Жактоочу алмаштырганда, ЖПКнын 260-беренесинин 3-бөлүгү менен берилген тартипте, соттук териштирүүгө катышууга материалдар менен таанылып даярданып жана ага убакыт жетиштүү экендигин тактоо зарыл.

Ошону менен, жазык-процесстик мыйзам тараптардын атаандаштыгын жана тең укуктуулугун принцибин камсыз кылууга жана сырттан соттук териштирүүдө соттолуучуну мыйзамсыз жана негизделбеген айыптоолордон соттук коргоого кепилденген укуктарды ишке ашырууга багытталган бардык зарыл ченемдерди камтыйт.

Соттук коргоого болгон укук кепилдиги соттолуучуга бир гана соттук жыйналышка катышууга мүмкүндүк бербестен, өз коргоосун өзү же сот тарабынан дайындалган жактоочу жүргүзүүсүн тапшырууга мүмкүндүк берет.

Конституциялуулугу талашылып жаткан 259-беренесинин 2-бөлүгү соттолуучунун жактоочусу тарабынан процесстик милдеттерин аткарууга жана ага берилген укуктарды аткарууга тоскоолдук жаратпайт, аны менен соттолуучу үчүн сот коргоосуна болгон конституциялык укукту ишке ашырууга кандайдыр бир чектөөлөрдү камтыбайт.

Жалпысынан, соттолуучу жок учурда териштирүүнүн процесстик милдети, мамлекеттин кылмыштан жабыркаланган жактардын укуктарын жана мыйзамдык кызыкчылыктарын коргоону, аларга адилет сотко жеткиликтүүлүгүн жана жасалган кылмыштан келтирилген зыянды компенсациялоону камсыз кылат. Ага ылайык, ишти соттук териштирүүгө сырттан кароо соттон качып жүргөн же билип туруп, жазык ишин кароого катышуу милдетинен атайылап качып жаткан адам үчүн жазык жоопкерчилигин сөзсүз тартуу принцибин ишке ашыруу ыкмасы болуп саналат.

Конституциялык палата, Конституциянын 20-беренесинин 3-бөлүгү, ЖПКнын 259-беренесинин 2-бөлүгүнө каршы келет деген В.Н.Остриковдун далилдери жетиштүү эмес, анткени соттолуучунун катышуусуз жазык ишинин өткөрүлгөн соттук териштирүү тартиби анын конституциялык укугун жана эркиндигин чектөө катары каралышы мүмкүн эмес. Сот адилеттүүлүктөн атайылап келүүдөн качкан соттолуучунун талапка ылайык эмес жүрүм-туруму кылмыштан жабырлануучу адамдардын укугун ишке ашырууга жана сот өндүрүшүнүн максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн тоскоол болбошу керек.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46-, 47-, 48-, 51-, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ЧЕЧТИ:

1. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 2-бөлүгү Конституциянын 20-беренесинин 3-бөлүгүнө, 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.

2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн чечим милдеттүү жана алар тарабынан аткарылууга жатат.

4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы