Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

2-тиркеме

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын
29-майындагы № 346 токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин окуу басылмаларына гриф берүү жөнүндө
ЖОБО

 

1. Негизги аныктамалар

 

1. Окуу китеби - бул конкреттүү бир дисциплинанын негизги окуу китеби. Анда окуучулар милдеттүү түрдө өздөштүрүүчү базалык билимдин системасы баяндалат. Окуу китебинин мазмуну мамлекеттик билим берүү стандартынын (мындан ары - МБС) талабын канааттандырып, конкреттүү бир дисциплинанын программасын толугу менен ачуусу зарыл. Окуу китебинин аты МБСнын мамлекеттик компонентиндеги дисциплинанын атына шайкеш келиши керек.

2. Окуу куралы окуу китебине кошумча катары түзүлөт. Окуу куралы бүткүл дисциплинаны эмес, болжолдуу программанын бөлүктөрүн гана (бир нече бөлүмдөрүн) камтышы мүмкүн. Окуу куралы негизги окуу китебинен айырмаланып апробациядан өткөн жалпыга бирдей таанылган билимди жана жоболорду гана эмес, тигил же бул проблемалар боюнча ар түрдүү пикирлерди, ойлорду да камтышы мүмкүн.

 

2. Окуу басылмаларын бекитүү

 

3. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары - Министрлик) окуу басылмаларын билим берүү уюмдарында колдонууга гриф берүү процедурасы аркылуу уруксат берет.

4. Министрликтин грифи окуу басылмасы кесиптик билим берүүнүн МБСна, болжолдуу программаларына жана башка нормативдик талаптарына жооп берээрин далилдейт. Грифтин текстинде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

окуу басылмаларынын түрү;

дисциплина, предмет (сабак) боюнча окуу программасына (негизги же кошумча) ылайык басылманын предметтик мазмуну;

билим берүү уюмунун түрүнө, даярдоонун даражасына, окутуунун деңгээлине жана окурмандын категориясына жараша окурмандык дарек (арналышы).

5. Министрликтин грифи титул барагынын тышында башкы маалыматтарда орун алат. Грифтин редакциясын чыгаруучу же автор тарабынан өзгөртүүгө болбойт.

6. Окуу китебинин же окуу куралынын титул барагынын арт жагында кол жазмага оң корутунду жазган рецензенттин аты-жөнү жазылат.

 

3. Орто, жогорку жана кошумча кесиптик билим берүү үчүн окуу басылмаларына гриф берүүнүн тартиби

 

7. Окуу китебине же окуу куралына гриф берүү жөнүндө маселени чечүү үчүн Министрликке төмөнкү документтер тапшырылат: автордун же автордук жамааттын; окуу басылмасын болбосун формада жана ар кандай ыкмада пайдалануунун айрыкча укугуна ээ болгон автордун жазуу түрүндөгү макулдугу бар болсо,чыгаруучунун, билим берүү уюмунун каты, окуу басылмасы жөнүндө кыскача маалымат, басылып чыгарылышы жөнүндө маалыматтар (автордун же автордук жамааттын (редактордун) аты-жөнү); кол жазманын аталышы; чыгарылыштын номери (биринчи жолу же кайтадан бастырылганы); көлөмү; пландаштырылган тиражы жана чыгарылган жылы; кол жазма кайсыл окуу программа боюнча даярдалганы; окурмандык аркалышы; рецензия (тышкы жана ички).

Басылып чыгарылышка даярдалган кол жазма (даяр басылышы) эки нускада тапшырылат. Экинчи же кийинки басылыштарына оңдолгон жана кошумчаланган кол жазманын чапталган барактары берилет (түп нуска-макет, даяр басылма).

8. Берилген материалдар Министрликте катталып, эксперттик корутунду берүү үчүн Министрликтин алдындагы окуу-усулдук бирикмелерине жана окуу-усулдук кеңешине (мындан ары - ОУБ, ОУК) жиберилет.

9. Берилген материалдардын каралып чыккан жыйынтыктары боюнча ОУБ, ОУК эксперттик корутундуну Министрликке жөнөтөт. Корутундуда кол жазманын мазмуну кесиптик билим берүүнүн МБСнын талабына, психологиялык-педагогикалык талаптарына жооп бергени, анын актуалдуулугу, башка окуу басылмалар менен бир комплектте колдонулушу көрсөтүлөт. Корутундуда окуу басылмасынын мазмунун жана структурасын баардык жагынан объективдүү бааланганы, башка окуу китептерине салыштырмалуу өзгөчөлүктөрү жөнүндө, анын методикалык жагынан жетишкендиктерин жана кемчиликтерин анализдөө, материалдын илимий деңгээлде баалуулугу, окуу дисциплинанын программасына ылайык келиши берилет. Кол жазманын Министрликтин грифи менен басылып чыгарылышынын максатка ылайыктуулугу жөнүндө негизделген тыянак берилип, окурмандык дареги аныкталып, грифтин редакциясы сунуш кылынат.

10. Терс корутунду берилген учурда бүтүм жүйөлүү болуп, ачык жазылышы керек.

11. Окуу китептердин, окуу куралдардын кайрадан басылып чыгарылыштарына гриф ОУБнын, ОУКнын эксперттик корутундусунун негизинде берилет. Стереотиптик басып чыгарылган окуу китептер, окуу куралдар (3-чыгарылыштан баштап) кесиптик билим берүүнүн МБСнын же дисциплинанын программасынын колдонуу мөөнөтүнүн чегинде жана акыркы чыгарылыштан эки жылдан кем эмес мезгил өтсө, корутундусуз чыгарылат.

12. Биринчи басылып чыгарылышында окуу китептерге ОУБнын, ОУКнын оң корутундусу бар болсо, "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан окуу китеп катары уруксат берилет..." деген гриф берилет жана тиешелүү деңгээлдеги билим берүүнүн мазмунуна жооптуу министрдин орун басарынын колу коюлган Министрликтин буйругу менен таризделет.

13. "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан окуу китеп катары уруксат берилет..." деген грифи бар жана тиешелүү билим берүү уюмдарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык апробациядан өткөн окуу китептерге кийинки чыгарылышында ОУБнын, ОУКнын оң корутундусу болгондон кийин "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан окуу китеп катары сунушталат..." деген гриф берилет жана министрдин колу коюлган Министрликтин буйругу менен таризделет.

14. Биринчи басылып чыгарылышында окуу куралына "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан окуу куралы катары уруксат берилет..." деген гриф берилет, ал тиешелүү деңгээлдеги билим берүүнүн мазмунуна жооптуу министрдин орун басарынын колу коюлган Министрликтин буйругу менен таризделет.

15. "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан окуу куралы катары уруксат берилет..." деген грифи бар жана тиешелүү билим берүү уюмдарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык апробациядан өткөн окуу куралына кийинки чыгарылышында "Кыргыз Республикасынын билим берүү Министрлиги тарабынан окуу куралы катары сунушталат... " деген гриф берилет, ал тиешелүү деңгээлдеги билим берүүнүн мазмунуна жооптуу министрдин орун басарынын колу коюлган Министрликтин буйругу менен таризделет.

16. Грифти ыйгаруу үчүн документтерди кароо мөөнөтү үч айга чейин белгиленет.

17. Грифти колдонуу мөөнөтү - 5 жыл. Эгерде ушул убакыттын аралыгында китеп басылып чыгарылбаса, анда Министрликтин грифин алуу үчүн кайрадан уруксат алуу зарыл.

18. Кабыл алынбаган кол жазма басылма Министрликке корутундуда берилген сын-пикирлер боюнча оңдолгондон кийин, бирок кабыл алынбаган күндөн баштап үч айдан эрте эмес мезгилде кайра кароо үчүн тапшырылышы мүмкүн.

19. Министрликтин грифи бар окуу китебин же окуу куралын басып чыгарган басмакана (чыгаруучу уюм) же окуу жайы (автор) бул басылманын бир нускасын эсептик каттоо үчүн Министрликке тапшырышы керек.