Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

4-тиркеме

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2012-жылдын 29-майындагы
№ 346 токтому менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө
ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 262 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Жогорку кесиптик билим берүү программасын өздөштүрүү бүтүрүүчүлөрдү милдеттүү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо менен аяктайт.

2. Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) бардык формалар боюнча жогорку кесиптик билим алып жаткан бүтүрүүчүлөргө колдонулат.

3. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун максаты болуп ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнө кесиптик тапшырмаларды аткарууга болгон даярдыгынын деңгээлин жана аларды даярдоонун жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарына шайкештигин аныктоо эсептелет.

4. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо аккредиттелген (аттестацияланган) ЖОЖдордо (алардын обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрүндө) мамлекеттик аккредитациясы (аттестациясы) бар жогорку кесиптик билим берүүнүн бардык негизги программалары боюнча жүргүзүлөт.

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын курамына кирген жыйынтыктоочу аттестациялык сынакка жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарынын талаптарына ылайык ЖОЖ тарабынан иштелип чыккан, жогорку кесиптик билим берүү багыты (адистиги) боюнча негизги билим берүү программасын толук көлөмдө ийгиликтүү өздөштүрүп бүткөн адамдар киргизилет.

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого кирген бардык белгиленген жыйынтыктоочу аттестациялоо сынактарынын түрлөрүн ийгиликтүү тапшырган учурда бүтүрүүчүлөргө тиешелүү кесиптик классификациялык же академиялык даража ыйгарылат жана жогорку кесиптик билим жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү диплом берилет.

5. Мамлекеттик аккредитациясы (аттестациясы) жок ЖОЖдо окуган же аларды ийгиликтүү аяктаган адамдар мамлекеттик аккредитациясы (аттестациясы) бар ЖОЖдордо соңку жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан өтүүгө укуктуу.

2. Жыйынтыктоочу аттестациялоо сынагынын түрлөрү

6. ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун жыйынтыктоочу аттестациялоо сынагынын түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

- бүтүрүүчү квалификациялык ишти жактоо;

- мамлекеттик экзамен.

Милдеттүү жыйынтыктоочу аттестациялоо сынагынын тизмеси жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык белгиленет.

7. Бүтүрүүчүлөрдүн квалификациялык иштери жогорку кесиптик билим берүүнүн белгилүү бир баскычтарына туура келген формада аткарылат:

- бакалавр академиялык даражасы үчүн - бакалаврдын бүтүрүүчү иши формасында;

- адистин квалификациялык даражасы үчүн - дипломдук иштер (долбоорлор);

- магистр академиялык даражасы үчүн - магистрдик диссертация формасында.

8. Бүтүрүүчү квалификациялык иштердин темалары ЖОЖ тарабынан аныкталат. Студентке ЖОЖ белгиленген тартипте бүтүрүүчү квалификациялык иштин темасын тандап алуу, өзү каалаган теманы сунуштап, аны иштеп чыгуунун максатка ылайыктыгын далилдөө менен укук берилет. Бүтүрүүчү квалификациялык ишти аткаруу үчүн студентке жетекчи бекитилет.

Бакалаврдын бүтүрүүчү иштери жасалган курстук иштер менен долбоорлорду жалпылоого негизделип, теориялык окутуунун аягына жактоого даярдалат.

Адистерди жана магистрлерди даярдоодогу негизги билим берүү программаларынын негизинде жасалган бүтүрүүчү квалификациялык иштер рецензияланышы керек. Рецензиялоо тартиби ЖОЖ тарабынан белгиленет.

9. Бүтүрүүчү квалификациялык иштерди аткаруунун тартиптери жана мөөнөтү тиешелүү жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарына туура келген ушул Жобонун жана окуу-методикалык топтомдорунун рекомендацияларынын негизинде ЖОЖ тарабынан белгиленет.

10. Мамлекеттик экзамендердин программалары (өзүнчө дисциплина боюнча, багыттар (адистиктер) боюнча, жыйынтыктоочу дисциплина аралык экзамен) жана бүтүрүүчү аттестациялык сынактардын баалоо критерийлери окуу-методикалык топтомдордун рекомендациясын эске алуу менен ЖОЖ тарабынан бекитилет.

3. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиялары

11. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарын, ушул Жобону, жогорку кесиптик билим берүүнү мамлекеттик стандарттарын ЖОЖ иштеп чыккан окуу-методикалык документтерди жана окуу-методикалык топтомдордун рекомендацияларын жетекчиликке алат.

Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- жогорку кесиптик билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптары менен бүтүрүүчүнү даярдоо деңгээлинин дал келүүсү жана анын даярдыгынын деңгээлин аныктоо;

- жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча кесиптик квалификациялык же академиялык даражаларды ыйгаруу жана бүтүрүүчүгө тиешелүү жогорку кесиптик билим берүү жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү дипломду берүү чечимин кабыл алуу;

- мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын ишинин жыйынтыгынын негизинде бүтүрүүчүлөрдү даярдоону өркүндөтүүгө багытталган рекомендацияларды иштеп чыгуу.

12. ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өткөрүү үчүн ЖОЖ карамагында турган тиешелүү мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ар бир багыт жана адистик боюнча мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын курамын бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине сунушталат.

ЖОЖдун сунушу менен жогорку кесиптик билим берүүнүн бир негизги билим берүү программасы боюнча бир канча мамлекеттик аттестациялоо комиссиясын беките алат.

Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясы бир календарлык жылдын ичинде иштейт.

13. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясы ЖОЖдун профессордук-окутуучулук курамынан жана илимий кызматкерлеринен, жана ошондой эле чакырылган башка уюмдардан: аталган багыт боюнча кадрларды талап кылган ишкана, мекеме, уюмдарынын адистеринен жана башка ЖОЖдордун жетектөөчү окутуучуларынан илимий кызматкерлеринен түзүлөт.

14. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясын төрага жетектейт, ал комиссиянын ишин уюштурат жана көзөмөлдөйт, бүтүрүүчүлөргө талап кылынган талаптардын бирдейлигин камсыз кылат.

Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын төрагасы, көрсөтүлгөн ЖОЖдо иштебеген, илимдин докторлору, аталган багыт боюнча профессорлор, алар жок болгон учурда - илимдин кандидаттары же ушул багыттагы кадрларды талап кылган ишкананын, мекеменин, уюмдун ири адистери болушу керек.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 262 токтомунун редакциясына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 262 токтому берилген өзгөртүүлөр 14-пункттун расмий тилдеги редакциясына киргизилди.

4. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны өткөрүү тартиби

15. Мамлекеттик аттестациялык сынакты өткөрүү тартиби ЖОЖ тарабынан ушул Жобонун негизинде иштелип чыгат жана бардык формалар боюнча билим алган студенттерге жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын башталышына жарым жыл калганда түшүндүрүлөт. Студенттер мамлекеттик экзамендердин программалары менен камсыздандырылышат, аларга даярданууга керек болгон шарттар түзүлөт, консультациялар өткөрүлөт.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 262 токтомунун редакциясына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 262 токтому берилген өзгөртүүлөр 14-пункттун расмий тилдеги редакциясына киргизилди.

15-1. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин шарттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 354 токтому менен бекитилген Билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын колдонуунун тартибине ылайык аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режиминде бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого жол берилет.

Ушуну менен бирге жашыруун режимин сактоону талап кылган, жеткиликтүүлүгү чектелген грифтеги сабактарга, ошондой эле маданият жана искусство боюнча жогорку окуу жайларында атайын чыгармачылык сабактарга карата аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режиминде бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого жол берилбейт.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 262 токтомунун редакциясына ылайык)

16. Бүтүрүүчү квалификациялык ишти жактоо (жабык тематика ишинен башкасы) мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын үчтөн эки бөлүгү катышкан ачык жыйынында өткөрүлөт. Мамлекеттик экзамендерди кабыл алуу процедурасы ЖОЖ тарабынан бекитилет. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын жыйыны бир күндө 6 сааттан ашпашы керек.

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодо камтылган, бардык түрдөгү аттестациялоо сынактарынын жыйынтыктары, "эң жакшы", "жакшы", "канааттандыраарлык", "канааттандырылбаган" деген баалар менен аныкталат жана ошол эле күнү комиссиянын жыйынынын протоколу бекитилген тартипте таризделгенден кийин угузулат.

Бүтүрүүчү квалификациялык ишти жактоого жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарынын талаптарына ылайык жогорку окуу жайы иштеп чыккан жогорку кесиптик билим берүүнүн багыты (адистиги) боюнча негизги билим берүү программасын толук өлчөмдө өздөштүрүүнү ийгиликтүү аяктаган жана жыйынтыктоочу аттестациялык сыноолордун башка түрлөрүн ийгиликтүү өткөн адамдар киргизилет.

17. Бүтүрүүчүгө даярдоо багыты боюнча бакалавр же магистр академиялык даражасын жана адистерди даярдоонун адистиги (багыты) боюнча квалификацияны ыйгаруу жана мамлекеттик үлгүдөгү жогорку кесиптик билими жөнүндө дипломун берүү чечимин мамлекеттик аттестациялоо комиссиясы мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын протоколу менен таризделген жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын канааттандыраарлык жыйынтыктарынын негизинде кабыл алат.

Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын чечими жабык жыйындарда сөзсүз түрдө комиссиянын төрагасынын же анын орун басарынын катышуусунда, жыйында катышкан комиссиянын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштардын тең чыккан учурунда комиссиянын төрагасы (же анын ордун алмаштырган комиссиянын төрагасынын орун басары) чечүүчү добушка ээ. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын бардык чечимдери протокол менен таризделет.

18. Экзамен берген бардык дисциплиналардын 75%ынан кем эмес "эң жакшы" деген баалары бар бүтүрүүчүгө артыкчылык диплом берилет, ал эми калган дисциплиналардан "жакшы" деген баалар жана мамлекеттик аттестацияны "эң жакшы" баа менен өткөн дисциплиналар дипломдун тиркемесине киргизилет.

Жогорку билим берүүнүн эки баскычтуу системасы боюнча окуган бүтүрүүчүгө артыкчылык диплому жогорку кесиптик билим берүүнүн толук программасы аткарылгандан кийин, бардык баскычтарда жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны артыкчылык менен өткөндөн кийин, тиешелүү базалык билимди (бакалавр) эске алуу менен берилет.

19. Негизги билим берүү программасын өздөштүрүп бүткөн жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына жооп берээрин тастыктабаган адамдарга бир же бир нече жыйынтыктоочу аттестациялоо сынактарынан өтүүдө, ЖОЖго кайра кирүүдө ЖОЖ белгилеген тартипте жыйынтыктоочу аттестациялоо сынагын кайрадан тапшыруу белгиленет. Эгерде экинчи ирет аттестациялоо сынагы бүтүрүүчү квалификациялык ишти коргоо болсо, анда студентке жаңы тема жана тапшырма берилет.

20. Жыйынтыктоочу аттестациялык сынактардан кайрадан өтүү, жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өткөндөн кийин үч айдан эрте эмес жана беш жылдан кеч эмес белгиленет.

Кайталап жыйынтыктоочу аттестациялоо сынактары ЖОЖ тарабынан экиден көп эмес дайындалат.

21. Жыйынтыктоочу аттестациялык сынактарды жүйөлүү себептер менен өтпөй калган адамдарга (медициналык көрсөтмө, үй-бүлөлүк жагдай боюнча, документ менен ырасталган), ЖОЖдон чыгаруусуз жыйынтыктоочу аттестациялык сынактарды тапшыруу мүмкүнчүлүгү түзүлүп берилет.

Мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын кошумча жыйындары ЖОЖ тарабынан белгиленген тартипте уюштурулуп берилет.

22. Мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын иши тууралуу отчет ЖОЖдун окумуштуулар кеңешинде угулат жана адистерди кесиптик даярдоо сапатын жогорулатуу рекомендациялары менен биргеликте бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо бүткөндөн кийин эки айлык мөөнөт ичинде уюштуруучуга жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине берилет. Бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын протоколдору ЖОЖдун архивинде сакталат.