КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
5-тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын |
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын (мындан ары - ЖОЖ) студенттерди которуунун, окуудан чыгаруунун жана окууга калыбына келтирүүнүн процедураларына жалпы талаптарды белгилейт.
2. Бул Жобо мамлекеттик аккредитациясы (аттестациясы) бар жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү жогорку уюмдарына колдонулат.
3. Мамлекеттик аккредитациясы (аттестациясы) бар жогорку окуу жайлардын студенттерин которуу жайкы же кышкы каникул маалында студентти кызыктырган адистик/багыт боюнча тийиштүү курста ваканттык орундар болсо окутууга кеткен чыгымдарды толугу менен компенсациялоонун келишимдик негизинде ишке ашат.
4. Студент которулуп жаткан курска жана окутуунун формасына, негизги билим берүү программасынын түрүнө байланыштуу чектөөлөрдү ЖОЖ белгилебейт.
5. Студенттин мамлекеттик бюджеттин эсебинен билим алуусунун жалпы узактыгы негизги билим берүү программасын өздөштүрүү үчүн кабыл алуучу ЖОЖдун окуу планында белгиленген мөөнөтүнөн ашпоосу керек.
6. Аккредитацияланбаган (аттестацияланбаган) жогорку окуу жайларда билим алган жарандарды аккредитацияланган ЖОЖго окутуунун каалаган формасына которуу экстернат формасындагы аттестациялоо укуктары ишке ашканда жүргүзүлөт, экстернат формасында окутуу жол берилбеген жогорку кесиптик билим берүүнүн адистиктери/багыттары буга кирбейт.
7. Билим берүү уюму кайрадан түзүлүп же жоюлган учурунда студенттерди которуу Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлиги менен бирдикте, карамагына ЖОЖ кирген уюштуруучу тарабынан камсыздалат.
8. Окутуунун биринчи жана акыркы курстарында студенттерди которуу жүргүзүлбөйт.
9. Акы төлөө негизинде окуп жаткан студенттерди мамлекеттик бюджеттин (гранттар боюнча) эсебиндеги орундарга которуу жүргүзүлбөйт.
10. Бир ЖОЖдон экинчи ЖОЖго билим алуусун улантуу үчүн которуу, анын ичинде бул которуу окутуунун бардык формасы боюнча бир адистиктин/багыттын негизги билим берүү программасынан башкасына өтүү, ошондой эле аларды алмаштыруу менен коштолсо, студентти которуу анын жеке арызы боюнча ишке ашат (1-тиркеме).
Арыз студентти аттестацияга киргизүү жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн ректорго (проректорго) жиберилет. Арызга зачеттук китепченин көчүрмөсү (соңунда академиялык маалымкат менен текшерилет) тиркелет. Кредиттерди Которуунун жана Топтоонун Европа Системасын (ECTS) колдонгон ЖОЖдор үчүн транскрипт (баалоо баракчасы) тиркелет.
11. Студентти которуу аттестациянын негизинде ишке ашат. Студентти аттестациялоо аттестациялык комиссия тарабынан зачеттук китепчесинин көчүрмөсүн (транскрипт), баалоо баракчасын карап чыгуу менен жүргүзүлөт. Аттестациялык комиссия окуу иштери боюнча проректор (комиссиянын төрагасы), факультеттин деканы (бүтүрүүчү кафедранын башчысы) билим берүү программасынын жетекчиси жана окуу бөлүмүнүн, студенттик кадрлар бөлүмүнүн кызматкерлери/офис каттоочусунун (комиссиянын катчысы) курамында түзүлөт.
Аттестациялык комиссия студенттин арызын арыз берген күндөн тартып 10 күн аралыгында, бирок окуу башталганга чейин карап чыгуусу керек. Эффективдүү иштерди уюштуруу үчүн ЖОЖдо аттестациялык комиссиялар тектеш адистиктер жана багыттар боюнча түзүлүшү керек.
12. Айрым дисциплиналар студентке кайрадан зачеттолбосо же окуу пландарында окутулбаган дисциплиналардан айырма болуп калган учурда, аттестациянын жыйынтыгы менен студент аларды тапшырышы, башкача айтканда академиялык айырманы жоюшу керек. Бул үчүн кабыл алуучу ЖОЖ студенттин жекече окуу планын иштеп чыгып, бекитиши керек. Анда окутууга тийиштүү дисциплиналардын тизмеси (же алардын бөлүмдөрү), алардын көлөмү жана экзамен/зачетторду тапшыруунун белгиленген мөөнөтү берилет. Академиялык айырма ошол академиялык жылдын ичинде жоюлушу керек.
13. Окутуунун кредиттик технологиясын колдонгон ЖОЖдор үчүн академиялык айырма транскрипт/баалоо баракчаларынын негизинде окутулган дисциплиналардын аннотациясын берүү менен алынган кредиттерге ылайык белгиленет. Академиялык айырма кредиттерде (зачеттук бирдигинде) аныкталып, студенттин жекече окуу планына кошумча киргизилет.
14. Которууда жалпы гуманитардык жана социалдык-экономикалык, анын ичинде милдеттүү базалык дисциплиналар студент тарабынан окутулган көлөмдө кайрадан зачет алынат. Студентти мурда билим алган ошол эле негизги билим берүү программасына, же тектеш негизги билим берүү программасына башка ЖОЖго которууда, аны менен катар ЖОЖ тарабынан бекитилген (мамлекеттик компонент) математикалык, жалпы табигый илимдер дисциплиналарынан жана бардык дисциплиналардын студенттин тандоосу менен кайрадан зачет алынат.
Студентти мурда билим алган ошол эле негизги билим берүү программасына, же тектеш негизги билим берүү программасына которууда академиялык айырманы тапшырууга төмөндөгүлөр кирет:
- математикалык жана жалпы табигый илимдер, жалпы кесиптик жана атайын дисциплиналар боюнча тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандартынын мамлекеттик компонентине тиешелүү бөлүмдөгү адистиктердин/багыттардын окуу пландарындагы айырма чегинен ашса, анын алкагында ЖОЖ дисциплиналардын көлөмүн өзгөртүүгө (10-20%) укуктуу;
- жалпы кесиптик жана атайын дисциплиналар боюнча тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандартынын мамлекеттик компонентине тиешелүү бөлүмдөгү адистиктердин/багыттардын окуу пландарындагы айырма.
Студентти тектеш эмес негизги билим берүү программасына которууда тапшырууга тийиштүү (академиялык айырманы жоюу) дисциплиналардын тизмеси, окутуунун кредиттик технологиясын колдонбогон ЖОЖдор үчүн 7 дисциплинадан ашпоого тийиш. Окутуунун кредиттик технологиясын колдонгон ЖОЖдор үчүн тапшырууга тийиштүү (академиялык айырманы жоюу) дисциплиналардын тизмеси зачеттолгон кредиттердин (зачеттук бирдиктердин) негизинде аныкталат, мында кабыл алуучу ЖОЖ билим берүү программасынын мазмунуна жараша (багыттын/адистиктин маалымат пакети) валидирлейт/эсепке алат.
15. Аттестациянын жыйынтыгы боюнча аттестациялык комиссия жыйындын протоколун даярдайт (2-тиркеме).
16. Которуу жөнүндө (студенттин бекитилген жекече окуу планы бар болгондо) маселе оң жагына чечилсе, кабыл алуучу ЖОЖ студентке белгиленген үлгүдөгү маалымкат берет (3-тиркеме). Берилген маалымкатты студент окуп жаткан жогорку окуу жайга көрсөтөт жана которулгандыгына байланыштуу окуудан чыгаруу жана которулгандыгына байланыштуу академиялык маалымкат, өздүк делосунан ЖОЖго кабыл алынууга негиз болгон билими тууралуу документти берүүсү тууралуу арызы менен кайрылат. Көрсөтүлгөн маалымкаттын жана арызынын негизинде ЖОЖдун ректору арыз берген күндөн тартып 10 күн аралыгында аны окуудан чыгаруу туурасында төмөндөгүдөй формулировкадагы буйругун чыгарат: "... ЖОЖго которулгандыгына байланыштуу окуудан чыгарылды". Студенттин өздүк делосунан анын колуна ЖОЖго кабыл алынууга негиз болгон билими тууралуу документи (мындан ары - билими тууралуу документ), ошондой эле белгиленген үлгүдөгү академиялык маалымкаты берилет. Өздүк делодо ырастаган билими тууралуу документинин көчүрмөсү жана которулгандыгына байланыштуу окуудан чыгарылгандыгы туурасында буйруктун көчүрмөсү, ошондой эле студент тапшырган студенттик белет жана зачеттук китепче калат.
17. Студентти университетке которулгандыгына байланыштуу кабыл алуу жөнүндө буйрук ректор тарабынан билими тууралуу документ жана академиялык маалымкат алынгандан кийин (тиешелүү окуу бөлүмчөсүнүн жетекчиси зачеттук китепченин/транскриптин/ баалоо баракчасынын көчүрмөсүн академиялык маалымкатка туура келгендигин текшерет), чыгарылат. Алар арыз ээсинин өздүк делосуна тиркелет. Документтерди кабыл алганга чейин ЖОЖдун ректору өзүнүн буйругу менен студентти сабактарга киргизүүгө укуктуу. Кабыл алуу жөнүндө буйрукта төмөндөгүлөр жазылат: "Которуу тартибинде ... ЖОЖдон, ... адистигине (багытына),... курска,... окутуунун ... формасына кабыл алынды".
Эгер аттестациянын жыйынтыгы боюнча академиялык айырманы жоюунун зарылдыгы келип чыкса, которуу жөнүндө буйрукта студенттин жекече окуу планын бекитүү боюнча жазуу болууга тийиш.
18. ЖОЖдо студенттин жаңы өздүк делосу жасалып, каттоого алынат, ага которулуу туурасында арызы, академиялык маалымкат, билими тууралуу документ жана которуу тартибинде кабыл алуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү, ошондой эле окутуу үчүн чыгашаларды толук компенсанциялоо жөнүндө келишим киргизилет. Которулган студентке студенттик билет, зачеттук китепче тапшырылат.
Академиялык маалымкаттан кайра зачет алынган дисциплиналар (дисциплиналардын бөлүмдөрү), практикалар, курстук долбоорлор (иштер), ошондой эле академиялык айырмаларды жоюу тууралуу жазуулар белгиленген тартипте студенттердин зачеттук китепчелерине/транскриптерге жана башка каттоо документтерге бааларды (зачетторду) коюу менен киргизилет.
19. ЖОЖдун ичинде студенттин бир негизги билим берүү программасынан башка (анын ичинде окутуу формасын алмаштыруу) программага өтүүсү, семестрдин аякталышы менен студентти кызыктырган адистиктин тиешелүү курсунда ваканттык орун болгон учурда бул тартипке ылайык (16 жана 17-пункттарын кошпогондо) студенттин жеке арызы жана зачеттук китепчесин/транскрипти көрсөтүүнүн негизинде ишке ашат.
Студенттин бир негизги билим берүү программасынан башка программага өтүүсүндө ЖОЖдун ректору төмөндөгү формулировка менен буйрук чыгарат: "... адистиги (багыты) боюнча .... курстан .... адистиги (багыты) .... боюнча .... курска которулду".
Өтүү боюнча буйрукта тиешелүү окуу материалын тапшыруу (академиялык айырманы жоюу) боюнча студенттин жекече планын бекитүү жөнүндө жазуу камтылышы мүмкүн.
Буйруктун көчүрмөсү студенттин өздүк делосуна киргизилет.
20. Студенттин студенттик билети жана зачеттук китепчеси/транскрипти сакталып, ага ректордун (проректордун) колу жана ЖОЖдун мөөрү менен тастыкталган тиешелүү оңдоолорду киргизүү менен, окуу пландарындагы айырманы тапшыргандыгы жазылат. ЖОЖ тарабынан студенттин жаңы жекече карточкасы жасалат.
21. Эгер студент уюм менен келишимде окутулуп жаткан болсо, анын которулушуна уюмдун алдын-ала макулдугу керек.
22. Студент ЖОЖдон өз демилгеси боюнча жеке арызынын негизинде ректордун буйругу менен чыгарылат (4-тиркеме):
- өз каалоосу менен (конкреттүү себептерин көрсөтпөстөн);
- башка ЖОЖго которулгандыгына байланыштуу;
- оорусуна байланыштуу (медициналык мекеменин маалымкатынын негизинде);
- үй-бүлөлүк шартка байланыштуу.
23. Администрациянын демилгеси менен окуудан чыгаруу тиешелүү окуу бөлүмчөсүнүн жетекчисинин билдирүүсү боюнча ректордун буйругу менен жүзөгө ашырылат (5-тиркеме);
- академиялык карыздары үчүн;
- окуу дисциплинасын бузгандыгы үчүн (окуу процессинин графигин аткарбагандыгы, ЖОЖ менен байланышты үзгөндүгү, мөөнөтү аяктагандан кийин академиялык өргүүдөн кайтпагандыгы үчүн); ички тартип, жатаканада жашоо эрежелерин бузгандыгы үчүн;
- мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясынан өтпөгөндүгүнө байланыштуу;
- мыйзамга туура келбеген аракеттерди кылгандыгы үчүн сот өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин студент эркинен ажыратылса же окууну улантууга мүмкүн болбогон башка жазага тартылганда;
- окутууга болгон чыгашаларды төлөй албай калган учурда.
Администрациянын демилгеси менен окуудан чыгарууда студентке окуудан чыгуунун себептери жана мөөнөттөрү жөнүндө жазуу жүзүндө милдеттүү түрдө кабарланат.
24. Студентти окуудан чыгарууда ага билими тууралуу документинин түп нускасы жана анын суроосу боюнча белгиленген үлгүдөгү академиялык маалымкат берилет.
25. Калыбына келтирүү семестрдин аякталышы менен тиешелүү курста студентти кызыктырган адистик/багыт боюнча орун болсо, студенттин жеке арызы менен (6-тиркеме) жана академиялык маалымкатты көрсөтүү менен жүзөгө ашат. Ошол эле ЖОЖдо мурда окуудан чыгарылган студентти кайрадан калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү студенттин окуу карточкасынын/транскриптинин негизинде каралат.
26. Аттестация аттестациялык комиссия тарабынан академиялык маалымкатты карап чыгуу жолу менен жүргүзүлөт.
Курсту аныктоодо окуу пландарындагы айырма, 7 дисциплинадан ашпоого тийиш. Бул үчүн кабыл алуучу ЖОЖ студенттин жекече окуу планын иштеп чыгып, бекитиши керек, анда окутула турган дисциплиналардын (же алардын бөлүмдөрүнүн) тизмеси, алардын көлөмү жана экзамен/зачет тапшыруунун белгиленген мөөнөтү каралышы керек. Академиялык айырма ошол академиялык жыл ичинде жоюлушу зарыл.
27. Окутуунун кредиттик технологиясын колдонгон ЖОЖдор үчүн академиялык айырма алынган кредиттерге ылайык транскрипт/баалоо баракчасынын негизинде окутулган дисциплиналардын аннотациясын берүү менен белгиленет. Академиялык айырма кредиттери (зачет бирдиктери) менен аныкталып, студенттин жекече окуу планына кошумча киргизилет.
Аттестациянын жыйынтыгы менен аттестациялык комиссия жыйындын протоколун даярдайт (2-тиркеме).
Калыбына келтирүү жөнүндө маселе оң жагына чечилсе калыбына келтирүүгө байланыштуу окууга кабыл алуу жөнүндө буйрук чыгарылат.
28. Эгер окуудан чыгарылганга чейин студент ЖОЖдо эки семестрден аз окуган болсо, анда ал окуунун улантуу үчүн калыбына келтирүү укугуна ээ болбойт.
29. Тиешелүү окуу бөлүмчөсү тарабынан студенттин жаңы өздүк делосу жасалып, ага калыбына келтирүү жөнүндөгү арызы, академиялык маалымкаты, билими тууралуу документи, калыбына келтирүү тартибинде окууга кабыл алуу жөнүндөгү буйруктун көчүрмөсү, жекече окуу планы киргизилет. Студентке студенттик билет жана зарыл болсо, зачеттук китепче тапшырылат.
30. Мамлекеттик аккредитацияга ээ эмес ЖОЖдон чыгарылган студент ушул жобого ылайык башка ЖОЖго калыбына келтирилиши мүмкүн.
|
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерин
которуунун, окуудан чыгаруунун жана окууга калыбына келтирүүнүн тартиби
жөнүндө жобого |
______________________________
(ЖОЖдун аталышы)
ректору ______________________
(аты-жөнү)
______________________________
Арыз
Которуу тартибинде ____________________дан "__"-курсунун окутуунун
(ЖОЖдун аталышы)
______________________________________ формасынын "___________________" (көрсөтүңүз: күндүзгү, сырттан, кечки)
адистигинен/багытынан ________________________________ курска окутуунун ________________________________________________________ формасы боюнча
(көрсөтүңүз: күндүзгү, сырттан, кечки)
"____________________" адистигине/багытына кабыл алууну Сизден суранам.
Датасы "_____" ____________ 20__-ж. Колу ___________________
|
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерин
которуунун, окуудан чыгаруунун жана окууга калыбына келтирүүнүн тартиби
жөнүндө жобого |
Жыйындын протоколунан көчүрмө
__________________________________________________________________
(ЖОЖдун бөлүмүнүн аталышы)
Аттестациянын негизинде _______________________________________________
(аты-жөнү)
_______________________________________________________________________
(адистиктин/багыттын аталышы)
адистиктин/багыттын ______-курсуна которулушу мүмкүн (которулбайт) жана төмөндөгү дисциплиналар боюнча кайрадан зачет алынышы мүмкүн:
┌─┬────────────────────────┬───────────────────────────┬──────────────┐
│№│ Дисциплинанын аталышы │Сааттардын/зачет бирдигинин│ Контролдоо │
│ │ │ көлөмү │ формасы │
├─┼────────────────────────┼───────────────────────────┼──────────────┤
│1│ 2 │ 3 │ 4 │
├─┼────────────────────────┼───────────────────────────┼──────────────┤
│1│ │ │ │
├─┼────────────────────────┼───────────────────────────┼──────────────┤
│2│ │ │ │
├─┼────────────────────────┼───────────────────────────┼──────────────┤
│3│ │ │ │
└─┴────────────────────────┴───────────────────────────┴──────────────┘
Академиялык айырма _____________________________ дисциплина түзөт.
(саны көрсөтүлөт)
┌─┬────────────────────────────────┬──────────────┬──────────┬────────┐
│№│ Дисциплинанын аталышы │ Сааттардын/ │Контролдоо│ Жоюу │
│ │ │ зачет │ формасы │ мөөнөтү│
│ │ │ бирдиктеринин│ │ │
│ │ │ көлөмү │ │ │
│ │ │ │ │ │
├─┼────────────────────────────────┼──────────────┼──────────┼────────┤
│1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │
├─┼────────────────────────────────┼──────────────┼──────────┼────────┤
│1│ │ │ │ │
├─┼────────────────────────────────┼──────────────┼──────────┼────────┤
│2│ │ │ │ │
├─┼────────────────────────────────┼──────────────┼──────────┼────────┤
│3│ │ │ │ │
└─┴────────────────────────────────┴──────────────┴──────────┴────────┘
Жетекчинин колу
"______" ___________________ 20_-ж.
|
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерин
которуунун, окуудан чыгаруунун жана окууга калыбына келтирүүнүн тартиби
жөнүндө жобого |
Берүү датасы ___________________________
Каттоо номери __________________________
МААЛЫМКАТ
Берилди __________________________________________________________
(аты-жөнү толугу менен)
Ал жеке арызынын жана ____________________________________________
(ЖОЖдун аталышы)
тарабынан берилген (___________________________________________________
(зачеттук китепчени берүү датасы
______________________________________________________________________)
жана каттоо номери)
зачеттук китепчесинин көчүрмөсүнүн негизинде аттестацияга киргизилип, аны ийгиликтүү тапшырды.
Бул адам _________________________________________________________
(жогорку кесиптик билим берүү багыттардын жана
_______________________________________________________________________
адистиктердин колдонуудагы классификаторуна ылайык аталышы)
даярдоо (адистик) багыты боюнча негизги билим берүү программасы боюнча билим алууну улантуу үчүн билими тууралуу документин жана академиялык маалымкатын көрсөткөндөн кийин которуу жолу менен кабыл алынат.
Ректор ______________________
(колу)
|
Кыргыз Республикасынын жогорку
окуу жайларынын студенттерин которуунун, окуудан чыгаруунун жана окууга
калыбына келтирүүнүн тартиби жөнүндө жобого |
______________________________
(ЖОЖдун аталышы)
ректору ______________________
(аты-жөнү)
___________________________дан
(аты-жөнү толук жазылат)
______________________________
(тобу, курсу)
Арыз
Мени __________________________________________-курсунун окутуунун _________________________________________________ адистигинен/багытынан
(көрсөтүңүз: күндүзгү, сырттан, кечки)
формасынын "______________________________" ___________________________
(адистиктин/багыттын аталышы) (себебин көрсөтүү)
байланыштуу окуудан чыгарууну Сизден суранам.
Датасы ___________ Колу _____________
|
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерин
которуунун, окуудан чыгаруунун жана окууга калыбына келтирүүнүн тартиби
жөнүндө жобого |
______________________________
(ЖОЖдун аталышы)
ректору ______________________
(аты-жөнү)
Билдирүү
_______________________________________________-курсунун окутуунун ____________________________________________________________ формасынын
(көрсөтүңүз: күндүзгү, сырттан, кечки)
___________________________________________ адистиги/багытынын студенти
(адистиги/багытынын аталышы)
_________________________ ________________________ байланыштуу окуудан
(аты-жөнү) (себебин көрсөтүү)
чыгарууну Сизден суранам.
Тиешелүү окуу бөлүмүнүн жетекчисинин колу ________________________
"________" ______________ 20__-ж.
|
Кыргыз Республикасынын жогорку
окуу жайларынын студенттерин которуунун, окуудан чыгаруунун жана окууга
калыбына келтирүүнүн тартиби жөнүндө жобого |
______________________________
(ЖОЖдун аталышы)
ректору ______________________
(аты-жөнү)
Арыз
Окутуунун _____________________________________________ формасынын
(көрсөтүңүз: күндүзгү, сырттан, кечки)
"_____________________________________________________________________"
(адистиктин/багыттын аталышы)
адистигине/багытына калыбына келтирүүгө уруксат берүүнү Сизден суранам. ______-курсунун окутуунун _____________________________________________
(көрсөтүңүз: күндүзгү, сырттан,кечки)
формасынын "__________________________________________________________"
(адистиктин/багыттын аталышы)
адистигинен/багытынан _________________________________________________
(чыгаруунун себеби көрсөтүлөт)
байланыштуу окуудан чыгарылганмын.
Датасы: "____" __________ 20__-ж. Колу _______________