КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
6-тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын |
1. Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын кафедрасы (мындан ары - кафедра) студенттердин окуу-методикалык, илимий-изденүүчүлүк ишмердүүлүгүн, сабактан тышкаркы иштерин жүргүзгөн, ошондой эле жогорку билимдүү адистердин квалификациясын жогорулатуу жана даярдоо жана кайра даярдоо жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды бир же бир нече тектеш багыттар жана адистиктер боюнча даярдоочу Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын окуу-методикалык, илимий бөлүмү болуп эсептелет.
2. Кафедрага бекитилген дисциплиналарды тиешелүү илимий-теориялык, методикалык жана уюштуруучулук деңгээлде окутууну жана окуу-методикалык, илимий-изденүүчүлүк иштерди аткарууну камсыз кылган инженердик-техникалык, окуу-жардамчы кызматкерлердин, аспирант, докторанттардын окутуучулук-профессордук (профессорлор, доценттер, улук окутуучулар, окутуучулар, ассистенттер жана стажерлер) курамын бириктирет.
3. Кафедрага кафедранын жана башка бөлүмдөрдүн илимий багыты боюнча илимий-изденүүчүлүк иштерин жүргүзгөн илимий-изденүүчүлүк лабораториялар, окуу лабораториялары бекитилип берилет.
4. Кафедранын ишмердүүлүгүнүн негизги максаты жогорку билимди, жогорку билимден кийин жана кошумча кесиптик билимди алуу менен инсандын нравалык жана, маданий, интеллектуалдык өнүгүүсүндөгү муктаждыктарын канааттандыруу болуп эсептелет.
5. Кафедранын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- окутуучулук-профессордук курамдын окуу-методикалык ишмердүүлүгүн өнүктүрүү;
- студенттин чыгармачылык потенциалын жана анын өздүк мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү максатында окутуунун технологияларын өркүндөтүү;
- окутуучулук-профессордук курамдын, илимий-педагогикалык кызматкерлердин жана студенттердин биргелешкен чыгармачыл ишмердүүлүгү аркылуу фундаменталдык, прикладдык илимдерди жана искусствону өнүктүрүү, алынган жыйынтыктарды окуу процессинде колдонуу;
- жогорку билимдүү адистерди ошондой эле жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо, кайрадан даярдоо, квалификациясын жогорулатуу;
- коомдун нравалык, маданий жана илимий баалуулуктарын көбөйтүү жана коргоо;
- калк арасында билимдерди жайылтуу, мамлекеттин интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу;
- студенттер арасында тарбиялык иштерди өткөрүү.
6. Функционалдык арналышы боюнча кафедралар төмөнкүдөй болушу мүмкүн:
- студенттерди жалпы кесиптикке даярдоо программаларын ишке ашырган жалпы кесиптик (факультеттер аралык);
- курстук, бүтүрүү (дипломдук) иштерди (долбоорлорду) жетектөө, студенттердин практикасынын бардык түрүн уюштуруу, студенттерди теориялык жана практикалык жана атайын кесиптик даярдоо жүргүзгөн бүтүрүүчү.
7. Кафедра төмөнкү негизги функцияларды аткарат:
- мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык жогорку, жогорку билимден кийин жана кошумча кесиптик билим берүүнүн кесиптик билим берүү программаларынын долбоорун иштеп чыгат, аларды жогорку окуу жайлардын (мындан ары - ЖОЖ) жана факультеттин окумуштуулар кеңешине кароого киргизет;
- бекитилген кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырат, тиешелүү, мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарынын сакталышына жоопкерчиликти алат;
- студенттердин өз алдынча иштерин, жекече жумуштарын, семинардык, лабораториялык, практикалык, лекциялык сабактардын бардык формаларын жана кафедрага бекитилген бардык дисциплиналар боюнча окуулардын башка түрлөрүн каралган окуу планынын негизинде жетиштүү илимий-теориялык, методикалык жана уюштуруучулук деңгээлде уюштурат жана өткөрөт;
- практиканын бардык түрлөрүнүн эффективдүү өтүшүн уюштурат жана камсыз кылат, практиканын жыйынтыгын кафедранын жыйынында талкуулайт;
- студенттердин курстук жана бүтүрүү (дипломдук) иштерине (долбоорлоруна) компетенттүү жетекчиликти камсыз кылат;
- студенттердин билимин жыйынтыктуу (ар бир семестрдин акырында) жана учурдагы (рейтингдик семестр учурунда) контролдоону өткөрүүнү уюштурат жана жыйынтыктарын анализдейт;
- студент-бүтүрүүчүлөргө белгиленген тартипте жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону уюштурат;
- окутуунун технологияларын өнүктүрүү боюнча окутуунун сапатын жана эффективдүүлүгүн жогорулатуучу илимий-методикалык программаларды пландайт жана иш жүзүнө ашырат;
- студенттерди тартуу менен профессордук-окутуучулук курамдын илимий иштерин пландайт жана уюштурат;
- окутулуучу дисциплиналардын методикалык камсыздалышын: окуу китептерин, окуу куралдарын, окуу-методикалык жана башка маалымат материалдарын иштеп чыгууну уюштурат;
- окуу жана илимий-изденүүчүлүк, лабораториялардын жана башка бөлүмдөрдүн илимий-методикалык, илимий-изденүүчүлүк, окуу жана окуу-методикалык ишмердүүлүгүн жетектөөнү жүргүзөт;
- аспирант, докторант, улук илимий кызматкер, изденүүчү жана кафедра мүчөлөрүнүн илимий изилдөөлөрүнүн темаларынын бекитишин карайт жана сунуштарды киргизет;
- кафедра мүчөлөрүнүн окумуштуулук даражаны алуу үчүн жазылган диссертациясын карайт жана окуу жайдын жетекчилигинин тапшырмасы менен башка изденүүчүлөрдүн ишине корутунду чыгарат;
- ЖОЖдун жетекчилиги же факультеттин деканынын тапшырмасы менен кафедра кызматкерлеринин, же башка ЖОЖдордун басмага даярдалган окуу китептери, окуу куралдары, дисциплиналардын окуу программаларынын долбоорун карайт жана корутунду даярдайт;
- кафедранын бүтүрүүчүлөрү менен ЖОЖдун бүтүрүүчү аспирант, докторанттары менен байланышып түзөт;
- белгиленген тартипте ЖОЖдун кабыл алуу ишине катышат;
- окутуунун, тажрыйбаларын, жаңы инновациялык технологияларды үйрөнүү, жалпылоо жана жайылтуу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү, конструктордук жана башка иштелмелерди уюштуруу жогорку билимдүү адистердин квалификациясын жогорулатуу ошондой эле конференция жана башка иш чараларды өткөрүү максатында башка ЖОЖдордун кафедралары, уюмдар, ишканалар, фирмалар, мекемелер менен чыгармачылык байланышты түзөт;
- окуу-методикалык, илимий-изденүүчүлүк иштерди уюштуруу, өткөрүү боюнча чет өлкөлүк ЖОЖдордун кафедралары менен ошондой эле кафедранын илимий багыты боюнча чет өлкөлүк илимий-изденүүчүлүк уюмдар менен байланышты камсыздайт.
8. Кафедра факультеттин курамында түзүлөт же ЖОЖдун жетекчисинин түздөн-түз көзөмөлүндө болот.
9. Кафедра ЖОЖдун жетекчисинин буйругунун, ЖОЖдун, факультеттин Окумуштуулар кеңешинин кафедраны ачуу тууралуу чечимдеринин негизинде уюштурулат:
- материалдык-техникалык базанын бар болушу;
- окуу процессин тиешелүү окуу-методикалык камсыздоонун мүмкүнчүлүктөрү бар болсо;
- кафедрага бекитилген дисциплиналарды уюшкандык деңгээлде, теориялык, методикалык жактан окутууну камсыз кылуу үчүн профессордук-окутуучулук курамдын (5 штаттык окутуучудан кем эмес, алардын ичинен кеминде экөөсүндө окумуштуулук наамы жана даражасынын бар болушу;
10. Аскер кафедрасы Кыргыз Республикасынын Өкүмөтүн токтому менен түзүлөт.
11. ЖОЖдун Окумуштуулар кеңешинин тиешелүү чечиминин негизинде окуу жайдын жетекчилигинин буйругу менен кафедра кайра уюштурулат (бөлүнөт, бириктирилет жана кайра профилденет) ошондой эле жоюлат.
12. Чет тилдеринин жана дене тарбиясынын жалпы кесиптик (факультет аралык) кафедрасы илимий даражасы жана илимий наамына карабай жогорку квалификациялуу адистерден түзүлүшү мүмкүн.
13. Кафедранын ишмердүүлүгүн тикелей жетектөөнү окумуштуулук даражасы жана наамы бар, контрактык-конкурстук негизде ЖОЖдун жетекчисинин буйругу менен 5 жылдык мөөнөткө, Окумуштуулар кеңешинин жабык добуш берүүсү менен дайындалган кафедра башчысы жүргүзөт.
14. Кафедраны түзүүдө жана кайра уюштурууда (бөлүүнүн, бириктирүүдө, жоюуда жана кайра профилдешетирүүдө) кафедра башчысына конкурс өткөрүүгө чейин белгиленген тартип боюнча ЖОЖдун жетекчисинин буйругу менен кафедра башчысынын милдетин аткаруучу дайындалат.
15. Кафедра башчысы:
- ЖОЖдун жана кафедранын ишмердүүлүгүнүн маселелери чечилүүчү жана талкуулануучу ЖОЖдун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишине катышат;
- жогорку, ЖОЖдон кийинки жана кошумча кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырууда мамлекеттик билим стандартынын талаптарын сактоо жоопкерчилигин алат;
- кафедранын иштерин пландайт жана бекитилген функциялык милдеттерине ылайык аны кафедра кызматкерлерине бөлүштүрөт;
- кафедрага бекитилген дисциплиналар боюнча студенттердин билиминин сапаты жана деңгээли үчүн жоопкерчиликти алат, окуу жүгүн бөлүштүрүп, өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылат;
- кафедранын башка бөлүмдөрүнүн, лабораторияларынын, кафедранын окуулук, окуу-методикалык, илимий-методикалык, илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүгүн жетекчиликке алат;
- окуу процессин, студенттердин практикасын өткөрүүнү, студенттер арасында өз алдынча иштерди аткаруусун жана тарбиялык иштерин контролдойт;
- окуу процессинин графигинин сакталышын жана окуу расписаниесинин аткарылышын контролдойт;
- студенттердин билимин орто аралык (ар бир семестрдин акырында) жана учурдагы (рейтингдик семестр учурунда) өткөрүүнү контролдойт жана жыйынтыктарын анализдейт;
- окуу китептерин, окуу-методикалык куралдарды иштеп чыгуу, кафедранын окуу лабораторияларында, илимий кружокторунда жана башка бөлүмдөрүндө кафедрада өткөрүлгөн студенттердин чыгармачылык иштерин уюштуруу боюнча кафедра мүчөлөрүнүн иштерин контролдойт жана координациялайт.
- илимий-педагогикалык кадрларды (аспирант, докторант, изденүүчү) даярдоо жана профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатуу ишин жетекчиликке алат;
- профессордук-окутуучулук курамдын жекече иш пландарын бекитет, кафедранын компетенциясына кирген башка документтерди карайт жана бекитет;
- кафедра кызматкерлеринин кызматка алуу, кызматтан бошотуу, кызмат орунга которуу жана аларды моралдык, материалдык сыйлоо, ошондой эле тартиптик жаза чаралары тууралуу ЖОЖдун жетекчилигине сунуш берет;
- кафедранын түзүмү жана штаттык расписаниеси боюнча ЖОЖдун жетекчилигине сунуштарды берет;
- окуу-тарбиялык, методикалык, илимий-изилдөө иштери үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу максатында маселелерди ЖОЖдун түзүмдүк башка бөлүмдөрү менен биргеликте чечет;
- ар бир окуу жылында кафедранын ишмердүүлүгү тууралуу отчет даярдайт, аны факультеттин Окумуштуулар кеңешине кароого киргизет.
16. Кафедра башчысынын жекече иш планы кафедранын жыйынында талкууланат жана факультеттин деканы, ЖОЖдун жетекчиси тарабынан бекитилет.
17. Кафедра башчысы жетекчилик кылган кафедранын ишмердүүлүгү үчүн жеке жоопкерчилик алат. Кафедра башчысынын ушул кызмат ордунда иштеген мезгилдеги иши тууралуу отчетунун мөөнөтүн жана формасын ЖОЖдун жетекчиси белгилейт.
18. Кафедра башчысынын төрагалыгы менен кафедранын жыйынында окуу, окуу-методикалык, илимий-изденүүчүлүк жана тарбиялык иштердин аткарылышы талкууланат жана анализденет. Жыйынга профессордук-окутуучулук курамдан сырткары кафедранын окуу-жардамчы персоналдары, башка ЖОЖдун жана кафедралардын кызматкерлери, ЖОЖдун жетекчилигинин өкүлдөрү жана талкууланып жаткан маселени чечүүгө кызыкдар болгон башка кызматкерлер катыша алат.
19. Кафедрада окуу-тарбия процессинин мазмунун уюштурулушун жана аткарылышын чагылдырган документтер болушу керек. Документтерди жүргүзүү тартиби жана тизмеси, аны сактоо, жокко чыгаруу тартиби ЖОЖдун иш кагаздарын жүргүзүү нускамасы жана анын уставы менен аныкталат.