КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
7-тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын |
1. Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын факультети Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын окуу-илимий, административдик бөлүмү болуп эсептелет жана бир профилдеги же бир нече тектеш багыттар жана адистиктер боюнча жогорку, ЖОЖдон кийинки, кошумча кесиптик билим берүүнүн кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырат, тийиштүү илимий жааттагы илимий изилдөө иштерин жүргүзөт.
2. Факультеттин жана башка бөлүмдөрдүн профили боюнча окуу жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзгөн кафедраларды, окуу лабораторияларын, илимий изилдөө лабораторияларды өзүнө бириктириши мүмкүн.
3. Факультет кафедраларда, лабораторияларда, башка бөлүмдөрдө окуу, окуу-методикалык, илимий изилдөө, илимий-методикалык ишке жетекчилик кылат.
4. Тигил же бул факультетти ачуунун максатына ылайыктыгы, жогорку окуу жайы (мындан ары - ЖОЖ) тарабынан өз алдынча, бар болгон каржы каражатынын көлөмүнө жараша аныкталат.
5. Факультет ЖОЖдун Окумуштуулар кеңешинин факультетти ачуу жөнүндө чечиминин негизинде ЖОЖдун жетекчисинин буйругу менен төмөнкүлөр бар болгон учурда ачылат:
- материалдык-техникалык жана өндүрүштүк практикалык база;
- окуу процессин тийиштүү окуу-методикалык жана маалыматтык камсыздоо;
- окуу, окуу-методикалык жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө жөндөмдүү профессордук-окутуучулук курамдын жана илимий-педагогикалык кадрлардын;
- жогорку кесиптик билим берүүнүн багыттары жана адистиктери боюнча кесиптик билим берүү программаларында окутуу каралган дисциплиналарды илимий-теориялык, методикалык, уюштуруучулук деңгээлде окутууну камсыз кылган кадрлар;
- студенттердин контингенти кеминде 100 адамдан кем болбоого тийиш.
6. Бир багыттагы же адистиктеги студенттерди окутуу жана кадрларды даярдоо жана кесиптик кайра даярдоо үчүн ЖОЖдо бирин бири кайталаган түзүмдүк бөлүмдөрдү (институттар, борборлор, факультеттер, кафедралар ж.б.) ачууга тыюу салынат.
7. Факультет өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамына жана башка нормативдик укуктук актыларга, ЖОЖдун жетекчилиги бекиткен ЖОЖдун уставына жана ЖОЖдун факультет жөнүндө жобосуна ылайык жүргүзөт.
8. Факультеттин түзүмү жана штаттык расписаниеси колдонуудагы мыйзамдарга ылайык ЖОЖ тарабынан бекитилет.
9. ЖОЖдун факультетинин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- инсандын жогорку, ЖОЖдон кийинки жана кошумча кесиптик билим алуусу менен бирге интеллектуалдык, маданий жана адеп-ахлактык жактан өнүгүүсүнүн муктаждыктарын канааттандыруу;
- билим алуучулар менен илимий-педагогикалык кызматкерлердин биргелешкен чыгармачылык ишмердүүлүгүн билим алуу процессинде алынган натыйжаларды колдонуу аркылуу фундаменталдык жана прикладдык илимдерди, искусствону өнүктүрүү;
- жогорку билимдүү адистердин квалификациясын жогорулатуу жана жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо, кайра даярдоо;
- студенттердеги чыгармачылык активдүүлүктү жана өз алдынчалыкты, жоопкерчиликти күчөтүү, эмгекти сүйүүнү, атуулдук позициясын калыптандырууга көмөктөшүү;
- коомдогу адеп-ахлактык, маданий, илимий баалуулуктарды арттыруу жана сактоо;
- эл арасында билимди жайылтуу жана мамлекеттин интеллектуалдык потенциалын арттыруу.
10. Факультеттин ишмердүүлүгүнө ЖОЖдун жетекчисинин буйругу менен келишимдик-конкурстук негизде дайындалып, ЖОЖдун факультетинин адистеринен турган окутуучу-профессордук курамдын жалпы жыйналышында жашыруун добуш менен шайланган, тийиштүү профил боюнча илимий даражасы жана окумуштуулук наамы бар декан жетекчилик кылат.
11. Факультетти түзүүдө жана жоюуда (бөлүү, биригүү жана кайра адистешүү) факультеттин деканын шайлоого чейин белгиленген тартипте окуу жайдын жетекчисинин буйругу менен факультеттин деканынын милдетин аткаруучу дайындалат.
12. Факультеттин деканы ЖОЖдун уставында жана ЖОЖдун факультети жөнүндөгү жободо аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде факультеттин атынан төмөнкү иш чараларды аткарат:
- бардык мекеме, уюмдарга факультеттин атынан чыгат;
- факультеттин жана ЖОЖдун ишмердүүлүгү жөнүндө маселелер каралганда жана чечилгенде ЖОЖдун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иштерине катышат;
- факультеттин ишин пландайт жана аны факультеттин кызматкерлеринин ортосунда бекитилген функционалдык милдеттерге ылайык бөлүштүрөт;
- факультеттин кафедраларынын, лабораторияларынын, башка бөлүмдөрүнүн окуу, окуу-методикалык, илимий-изилдөөчүлүк, илимий-методикалык иштерине жетекчилик кылат;
- жогорку, ЖОЖдон кийинки жана кошумча кесиптик билим берүүнү ишке ашырууда мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын сакталышына толук жоопкерчилик тартат;
- студенттер арасында тарбия иштери жана өндүрүштүк практикаларды өткөрүүгө, окуу процессине контролдук кылат;
- окуу процессинин графигин, сабактардын расписаниесин түзүүгө жетекчилик кылып, алардын аткарылышын контролдойт;
- студенттердин өз алдынча иштерине, учурдагы семестр ичиндеги (рейтинги бар) жана ар бир жыйынтыктоочу (ар бир семестр боюнча) студенттердин билим деңгээлин контролдоону уюштурат жана алардын жыйынтыгын анализдейт, ЖОЖдун жетекчилигине факультетте окуу, окуу-усулдук жана илимий-изилдөө иштерин жакшыртуу боюнча сунуштары менен отчет даярдайт;
- студенттерди курстан курска которуп, бүтүрүүчү студенттерди жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга киргизет жана белгиленген тартипте жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация жүргүзүүнү уюштурат;
- ЖОЖдун жетекчилигине студенттерди окуудан чыгаруунун себебин көрсөтүү менен, окуудан академиялык өргүүгө чыгуучу студенттер жөнүндө, ошол ЖОЖдон окуудан мурда чыгып калган студенттердин окуусун калыбына келтирүү туурасында жана мурда башка окуу жайында окуган, студенттерди которуу жөнүндө ЖОЖдун жетекчилигине билдирме берет;
- ЖОЖдун жетекчилигине факультеттин студенттерине стипендия чектөө жөнүндө сунуш берет;
- окуу китептерин, окуу, методикалык куралдарды иштеп чыгуу, студенттердин чыгармачылык иштерин уюштурууну, кафедраларда илимий-изилдөөчүлүк жана окуу лабораторияларында, илимий ийримдерде жана факультеттин башка бөлүмдөрүндө иштерин координациялайт;
- илимий-педагогикалык кадрларды (аспиранттарды, докторанттарды жана изденүүчүлөрдү) даярдоону жана профессордук окутуучулар курамын квалификациялык жогорулатуу ишин координациялайт;
- факультеттин кызматкерлерин ишке кабыл алуу, иштен бошотуу жана кызматка которуу, аларды моралдык жана материалдык жактан сыйлоо, ошондой эле тартиптик жаза колдонуу жөнүндө ЖОЖдун жетекчилигине сунуш берет;
- кафедралар менен факультеттин түзүмүн жана штаттык расписаниесин түзүү боюнча ЖОЖдун жетекчилигине сунуштарды киргизет;
- ЖОЖдун башка түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирге окуу-тарбиялык, методикалык жана илимий изилдөөчүлүк иштер боюнча маселелерди чечет;
- факультеттин кызматкерлери же ЖОЖдун жетекчилигинин тапшыруусу боюнча башка изденүүчүлөрдүн окумуштуулук даражаны изденип алуу үчүн диссертацияларын кафедраларда кароону уюштурат;
- факультеттин кызматкерлери даярдаган жана ЖОЖдун жетекчисинин тапшырмасы боюнча башка ЖОЖдордо даярдалган окуу китептеринин, окуу куралдарынын, дисциплиналардын окуу программаларынын долбоорлорун кафедраларда кароону уюштурат;
- ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрү жана аспиранттар, докторанттар - факультеттин бүтүрүүчүлөрү менен байланышта болот;
- тиешелүү деңгээлде ЖОЖго студенттерди кабыл алууну уюштурууга катышат;
- тажрыйбаларды, окутуунун жаңы инновациялык технологияларын, биргелешкен илимий изилдөө иштерин изилдөө, жалпылоо, жайылтуу, конструктордук жана башка ойлоп табууларды уюштуруу, жогорку билимдүү адистердин квалификациясын көтөрүү, ошондой эле конференцияларды, семинарларды жана башка иш чараларды өткөрүү максатында ЖОЖдордун түзүмдүк бөлүмдөрү, мекемелер, ишканалар, уюмдар, фирмалар менен чыгармачылык байланыштарды түзөт;
- окуу, окуу-методикалык жана илимий изилдөө иштери боюнча чет өлкөлөрдүн ЖОЖдорунун түзүмдүк бөлүмдөрү менен ошондой эле факультеттин илимий багыты боюнча чет мамлекеттик илимий изилдөө уюмдары менен байланыштарды түзөт;
- ар бир окуу жылы үчүн факультеттин ишмердүүлүгү жөнүндө отчет даярдайт жана аны факультеттин окумуштуулар кеңешинин кароосуна киргизет.
13. ЖОЖдо бар болгон каржылык каражаттардын чегинде факультетте декандын орун басары жетектеген окуунун формасы боюнча бөлүм түзүлүшү мүмкүн;
14. Декандын орун басары илимий наамы же илимий даражасы бар кызматкерлердин ичинен факультеттин деканынын сунушу боюнча ЖОЖдун жетекчисинин буйругу менен дайындалат.
15. Окуу, илимий изилдөө, окуу-методикалык ишти, толуктоо жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча факультеттеги жалпы жетекчиликти шайлануучу орган - факультеттин окумуштуулар кеңеши ишке ашырат. Факультеттин окумуштуулар кеңешинин төрагасы факультеттин деканы болуп эсептелет.
16. Факультеттин окумуштуулар кеңеши ЖОЖдун жетекчиси тарабынан бекитилген Факультеттин окумуштуулар кеңеши жөнүндөгү жобонун негизинде иштейт.