КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
9-тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын |
1. Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн окутуу-методикалык бирикмеси (мындан нары - ОМБ) жогорку окуу жайларынын илимий-педагогикалык кызматкерлери, өкүлдөрүнөн, илимий-изилдөө институттарынын жана экономика тармактарынын жетектөөчү адистеринен түзүлөт.
2. ОМБны түзүүнү, кайра түзүүнү, жоюуну Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан нары - министрлик) жүргүзөт.
3. ОМБ өзүнүн ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамын, кесиптик жогорку билим берүү тармагы боюнча нормативдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. ОМБ өзүнүн ишин окуу жайлардын окуу-методикалык, предметтик-педагогикалык жана башка кеңештери (комиссиялары), кесиптик ассоциациялары, бирикмелери жана башка илимий, долбоорлоо жана өндүрүштүк уюмдар менен өз ара байланышта жүргүзүлөт.
5. ОМБнын ишмердүүлүгүнүн негизги принциптери кесипкөйлүк, тең укуктуулук, коллегиалдуулук, айкындык жана ачыктык болуп эсептелет.
6. ОМБнын чечимдери ЖОЖ белгилеген анын иши жөнүндө регламентке ылайык кабыл алынат жана сунуштоочу мүнөзгө ээ болот.
7. ОМБнын негизги максаты жогорку кесиптик билим берүүнүн, түзүмү, мазмуну жана сапаты боюнча билим берүү саясатын инсандын кызыкчылыктарына, коомдун керектөөлөрүнө ылайык, илимдин, маданияттын, техниканын, технологиялардын жана башка тармактардын өнүгүү багыттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын дүйнөлүк академиялык коомчулукка жана КМШ өлкөлөрүнүн катышуучуларынын бирдиктүү билим берүү алкагына интеграциялоону эске алып, аныктоо жана жүргүзүү ылайык болуп эсептелет.
8. ОМБнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкөлөрүнүн бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүнүн шарттарын аткаруу, КМШ эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграциянын эквиваленттүүлүгүн камсыз кылуу максатында жогорку билим берүү системасын өркүндөтүү;
- жогорку билимдүү адистерди даярдоонун натыйжалуу түзүмүн эмгек базарынын азыркы учурдагы талаптарын эске алуу менен калыптандыруу;
- азыркы учурдун талаптарына жана билим берүүнүн дүйнөлүк тенденцияларына ылайык кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын аныктоо;
- мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык жогорку билим берүү программаларын окуу китептери, окуу-методикалык куралдар менен камсыз кылуу;
- ЖОЖдордо окутулуп жаткан кесиптик билим берүү программаларынын сапатын жогорулатуу.
9. ОМБнын функцияларына төмөндөгүлөр кирет:
- жогорку билим берүү тармагында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды даярдоо;
- жогорку билим берүүнүн сапатын көтөрүү жана адистерди даярдоонун түзүмүн өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоо;
- жогорку билим берүүнүн өнүгүү тенденцияларын талдоо жана божомолдоо, окуу жайларда адистерди даярдоонун профилин өзгөртүү боюнча сунуштарды даярдоо;
- жогорку билим берүү адистиктерин жана даярдоо багыттарынын тизмесине өзгөртүү киргизүү жана толуктоо боюнча сунуштарды киргизүү;
- багыттар жана адистиктер боюнча бүтүрүүчүлөрдүн даярдоо деңгээлин, мазмунунун минимумуна коюлуучу мамлекеттик талаптар бөлүмүндө мамлекеттик билим берүү стандарттарынын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда окутулуп жаткан, ОМГга бекитилген багыттар жана адистиктер боюнча адистиктерди эсепке алуу жана каттоо;
- болжолдуу окуу пландарын, ошондой эле дисциплиналардын болжолдуу (сунуш кылынган) окуу программаларын иштеп чыгуу;
- ЖОЖдун дисциплиналар компонентинин тизмесин жана анын жалпы кесиптик жана адистик дисциплиналардын блогу, ошондой эле ОМБга бекитип берилген адистиктердин жана багыттардын адистешүү дисциплиналары боюнча мазмунун аныктоо;
- ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону, өндүрүштүк практиканы өткөрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- болжолдуу окуу пландарындагы дисциплиналардын окуунун ырааттуулугун, ошондой эле керектүү адабияттардын тизмесин, лабораториялык жана практикалык тапшырмаларды аныктоо;
- окуу процессинин окуу-методикалык адабияттар менен камсыз болушуна талдоо жүргүзүү жана зарыл болгон окуу китептерин, окуу куралдарын басмага даярдоо боюнча келечектүү планды түзүү;
- министрликтин грифи менен басмага даярдалган окуу китептеринин, окуу куралдарынын кол жазмаларын экспертизадан өткөрүү;
- окуу процессин, билим берүү программаларын методика жана окутуу технологиясын өркүндөтүү боюнча рекомендацияларды жана сунуштарды иштеп чыгуу;
- педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын көтөрүү программаларын иштеп чыгуу жана адистик ишмердүүлүгү боюнча ар кандай курстарды уюштуруу;
- жогорку билим берүү проблемалары боюнча конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду, студенттик олимпиадаларды жана конкурстарды өткөрүү.
10. Өзүнүн милдеттерин жана функцияларын натыйжалуу аткаруу максатында ОМБ төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
- окуу жайларда адистерди даярдоо түзүмүнүн өнүгүү багыттарын талдоо жана болжол жүргүзүү үчүн ЖОЖдордон адистерди даярдоо жөнүндө маалымат суроого;
- окуу китептердин жана окуу-методикалык адабияттарды, окутуу үчүн аудио каражаттарын түзүү үчүн автордук топту түзүүгө;
- ЖОЖдордо окуу китептеринин бар болушу жана аларды бастырып чыгаруу боюнча маалымат алууга, аудио видео окуу каражаттарын, окуу китептерин жана окуу-методикалык адабияттарды түзүү боюнча конкурстарды өткөрүү үчүн талаптарды белгилөөгө;
- жогорку билим берүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча тажрыйба алмашуу максатында чет өлкөлөрдүн окуу жайлары, коомдук-кесиптик бирикмелер, ассоциациялар менен байланыштарга чыгууга;
- жогорку билим берүүнүн сапатын көтөрүү жана мазмунун өркүндөтүү маселелери боюнча семинарларды жана кеңешмелерди өткөрүүгө.
11. Министрликтин тапшырмасы боюнча ОМБ:
- альтернативдүү билим берүү стандарттарынын долбоорлорун жана дисциплиналардын болжолдуу окуу программаларын экспертизадан өткөрөт;
- жогорку окуу жайлардын мыйзамдуулук бузулгандыгы жана адистерди даярдоо сапаты билим берүү стандарттарынын талаптарына жооп бербегендиги жөнүндө рекламация түшкөн учурда ЖОЖдордун ишмердүүлүгүн текшерүүгө катышат;
- жогорку окуу жайларын лицензиялоого, мамлекеттик аттестациялоого жана аккредитациялоого катышат;
- профессордук-окутуучулук курамга жана илимий кызматкерлерге окумуштуулук наамдарды жана даражаларды ыйгарууга аттестациялоочу талаптарды иштеп чыгат;
- министрликтин грифи менен чыгарууга даярдалган окуу китептерин, окуу куралдарынын кол жазмаларын жана ЖОЖдор тарабынан министрликке бекитүүгө сунуш кылынган окуу пландарын экспертизадан өткөрөт.
11. ОМБнын ишине жетекчиликти ЖОЖдун окуу иштери боюнча проректор - төрага жүргүзөт, аны министрлик буйрук менен дайындайт, ал ЖОЖдогу ОМБнын түзүмүн аныктайт жана ЖОЖдун профессордук-окутуучулук курамын чыгармачыл топторго жана жамааттарга тартуу үчүн билим берүү уюмдары менен байланыш түзөт.
12. ОМБнын курамына ЖОЖдун жетектөөчү адистери жана тийиштүү профилдеги билим берүү программаларын жүзөгө ашырып жаткан ЖОЖдордун өкүлдөрү ошондой эле тийиштүү экономика тармагынын жана илимий-изилдөө мекемелеринин жетектөөчү адистери кирет. ОМБнын курамы министрликтин буйругу менен бекитилет жана ЖОЖдордун жетекчилеринин сунуштары боюнча өзгөртүлөт.
13. ОМБнын төрагасы министрликтин буйругу менен ЖОЖго бекитилген жогорку билим берүүнүн даярдоо багыттары жана адистиктери боюнча илимий-методикалык кеңештерди (секцияларды) түзөт.
14. ОМБнын төрагасы дайындаган секция жетекчилери ОМБнын тапшырмаларын аткаруу үчүн түздөн түз кеңештерге (секцияларга) жетекчилик кылышат.
15. ОМБ өзүнүн ишмердүүлүгүн ушул Жобого ылайык иштелип чыккан ЖОЖдун ОМБнын жобосунун жана ОМБ төрагасы бекиткен иш планынын негизинде жүргүзөт.
ЖОЖдун ОМБсынын жобосу ОМБ мүчөлөрүнүн укуктарын, функцияларын белгилейт жана иш регламентин аныктайт.
16. ОМБ ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн ЖОЖ шарттарды түзөт жана жыйындарды өткөрүү боюнча уюштуруу маселелерин өз мойнуна алат.