КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
10-тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын |
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын (мындан ары - ЖОЖ) студенттерин учурдагы контролдоо жана орто аралык аттестацияны жүргүзүү жөнүндө ушул жобо ЖОЖдордун студенттерин учурдагы контролдоо жана орто аралык аттестацияны жүргүзүүнүн жана академиялык карыздарын жоюунун тартибин аныктайт.
1. Студенттерди учурдагы контролдоо жана орто аралык аттестациялоо (зачеттор, экзамендер, модулдар, текшерүү иштерин, рефераттар, докладдар, оозеки суроолор) - ЖОЖдордун студенттеринин окуу материалын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын билим берүүсүнүн минимумуна жана ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнүн даярдалыш деңгээлине карата талаптарына ылайык өздөштүрүүсүнө контрол жүргүзүү.
2. Студенттердин жетишүүсүн учурдагы контролдоо (мындан ары учурдагы контролдоо) - семестр ичиндеги оперативдүү контролдоо жана тийиштүү дисциплиналарды модулдар, оозеки суроо, рефераттар, докладдар текшерүү иштери түрүндө үйрөнүү процессинде логикалык жактан бүткөрүлгөн бөлүмдөрү (модулдар жана главалар) боюнча студенттердин билим деңгээлин жана окуу материалынын өздөштүрүүсүнүн даражасын баалоо.
3. Студенттердин жетишүүсүнүн орто аралык аттестациясы (мындан ары - орто аралык аттестация) - семестр аяктаганында (экзамендик сессия убагында) окуу планы тарабынан ушул семестрде үйрөнүлүшү каралган дисциплиналар боюнча зачетторду жана экзамендерди кабыл алуу жолу менен милдеттүү контролдоо.
4. Учурдагы контролдоо жана орто аралык аттестацияны өткөрүү формасы ЖОЖ тарабынан аныкталат, семестрдин башталышына карата студенттерге маалымдалат.
5. Экзамендер билимдердин жана окутуунун сапатын орто аралыктык контролдоонун негизги формаларынын бири болуп эсептелинет жана студенттин семестр ичиндеги ишин, теориялык билимдерди өздөштүрүү деңгээлин баалоо, өз алдынча иштөө, алынган билимдерди синтездей жана аларды практикалык, кесиптик милдеттерди чечүүдө колдоно алуу көндүмдөрүн текшерүү максатын көздөйт.
6. Дисциплина боюнча экзамен жок учурунда зачеттор студенттин теориялык билимдерин баалоонун формасы болуп эсептелинет, ошондой эле студенттер тарабынан лабораториялык жана эсептик-графикалык иштердин, курстук долбоорлордун (иштердин), практикалык жана семинардык сабактардын жана окуу сабактарынын башка түрлөрүнүн аткарылышын текшерүү формасы катары кызмат кылат.
7. Студенттердин жетишүүсүн баалоонун модулдук рейтингдик системасы - семестр ичинде тийиштүү дисциплиналарды логикалык жактан бүткөрүлгөн бөлүмдөрү (модулдар жана главалар) боюнча аны үйрөнүү процессинде окуу материалынын студенттер тарабынан өздөштүрүлүүсүн контролдоо.
8. Факультативдик дисциплиналар боюнча студенттер өздөрүнүн каалоосуна ылайык экзамендерди жана зачетторду тапшырышат жана булар ведомостко, зачет китепчесине жана дипломдун тиркемесине түшүрүлөт.
9. Учурдагы контролдоо жана орто аралык аттестация ЖОЖдун окуу жылы үчүн окуу процессинин белгиленген тартипте ЖОЖдун жетекчиси (окуу иши боюнча проректору) бекиткен графигине ылайык өткөрүлөт.
10. Окутуунун бардык формаларынын студенттерине эгер алардын мурдагы семестр (курс) үчүн академиялык карыздары болбосо, экзамендик сессиясын тапшырууга уруксат берилет.
11. Айрым дисциплиналар боюнча учурдагы контролдоодон толугу менен өтпөгөн студенттерге бул дисциплиналар боюнча экзамен тапшырууга жол берилбейт, бирок башка дисциплиналар боюнча экзамендерди тапшыруу укугуна ээ.
12. Сырттан окуу формасынын студенттери эгер алар ушул зачеттук-экзамендик сессияга алып чыгылган дисциплиналар боюнча бардык текшерүү тапшырмаларын жана курстук долбоорлорду (иштерди) аткарган болушса, зачеттук-экзамендик сессияга катышуусуна жол берилет.
13. Факультеттин (институттун) жетекчилери сырттан окуу бөлүмүнүн студенттери үчүн дисциплиналар боюнча текшерүү тапшырмаларын тапшыруу жана курстук долбоорлорун (иштерин) коргоо мөөнөттөрүн зачеттук-экзамендик сессияга чейин жеке белгилеп берүү укугуна ээ.
14. Факультеттин (институттун) жетекчиси тийиштүү кафедранын өтүнүчүн эсепке алып, сабагына жакшы жетишкен студенттердин текшерүү тапшырмаларын тапшыруусунун, курстук долбоорлорун (иштерин) коргоосунун жеке мөөнөттөрүн аныктай алат жана экзамендик сессиялар башталганга чейин айрым дисциплиналар боюнча экзамендерди жана зачетторду тапшырууларына жол бере алат.
15. Экзаменге жана зачетко келишкенинде студенттердин зачеттук китепчеси сөзсүз болушу керек, аны алар экзаменаторго көрсөтүшөт.
16. Экзамендерди экзаменатордун ассистенттеринин катышуусу менен лекциялык сабактарды өткөн экзаменаторлор (профессорлор, доценттер, улук окутуучулар) кабыл алышат. Кафедранын чечими менен экзаменди өткөрүүгө бул дисциплина боюнча топто сабактын башка формаларын (практикалык, семинардык, лабораториялык сабактар ж.б.) жүргүзгөн окутуучулар катышат.
17. Зачетторду бул дисциплина боюнча топто практикалык, семинардык жана лабораториялык сабактарды жүргүзгөн окутуучулар кабыл алышат.
18. Курстук иштердин (долбоорлордун), эсептик-графикалык иштердин корголушун жана практиканын өткөрүлүшү тууралуу отчетторду алардын жетекчилеринин катышуусу менен кафедра тарабынан дайындалган комиссия кабыл алат.
19. Экзамендердин, курстук иштердин (долбоорлордун) корголушу, практикалардын жүргүзүлүшү тууралуу отчеттордун натыйжалары "эң жакшы", "жакшы", "канааттандырарлык" жана "канааттандырарлык эмес", ал эми зачеттор "өттү" жана "өтпөдү" деп бааланат.
20. Студенттердин жетишүүсүн баалоонун модулдук-рейтингдик системасын ишке киргизүүдө ЖОЖ тарабынан баллдарды баага же тескерисинче, когоруу механизми аныкталат.
21. Экзамендерди жана зачетторду жүргүзүүнүн формасын, ошондой эле студенттердин жетишүүсүн баалоонун критерийлерин ЖОЖ белгилейт.
22. Окуу процессине тиешеси жок чоочун жактардын экзамендерге жана зачетторго катышуусуна факультеттин (институттун) жетекчисинин же окуу иштери боюнча проректордун уруксатысыз жол берилбейт.
23. Дисциплинанын айрым бөлүмдөрүн бир нече окутуучулар окуткан учурларда экзаменди же зачетту кабыл алуу бул дисциплина боюнча лекциялык, практикалык жана лабораториялык сабактарды жүргүзгөн бардык окутуучулар тарабынан жүзөгө ашырылат, бирок бир гана баа коюлат.
24. Зачеттордун жана экзамендердин натыйжалары жетишүү ведомостуна жана студенттин зачеттук китепчесине коюлат. "Өткөн жок" жана "канааттандырарлык эмес" баалары жетишүү ведомостуна гана коюлат. Экзамендерди жана зачетторду тапшыруу мөөнөтүндө расписаниеде белгиленген экзаменге жана зачетко келбөө экзамендик ведомостто "келген жок" сөзү менен белгиленет. Эгер орчундуу себеби жок келбей калса, бул факультеттин (институттун) жетекчиси тарабынан канааттандырарлык эмес баа катары бааланат.
25. Экзамендердин расписаниеси экзамендерге даярдануу үчүн ар бир дисциплинага эки календарлык күндөн кем эмес убакыт бөлүнүүсүн эсепке алынуу менен түзүлөт. Бир экзамендик сессияга беш экзаменден жана алты зачеттон көп эмес киргизилет. Бул көрсөтүлгөн санга дене тарбия боюнча зачеттор жана факультативдик дисциплиналар боюнча отчеттор кирбейт. Окутуунун бардык формасы үчүн экзамендердин расписаниеси студенттик топтордун сунуштарын эсепке алуу менен түзүлөт, ЖОЖдун жетекчиси (окуу иштери боюнча проректору) бекитет жана экзамендик сессия башталганга чейин бир айдан кем эмес мурда окутуучуларга жана студенттерге маалымдалат.
26. Жогорку окуу жайларынын жетекчилери, проректорлор, факультеттердин (ииституттардын) жетекчилери жана кафедралардын башчылары профессордук-окутуучулук курам менен бирдикте экзамендик сессия процессинде студенттерди даярдоонун сапатын анализдешет жана билим берүүчүлүк процесстин андан ары жакшыртылуусун камсыз кылуучу чараларды көрүшөт. Экзамендик сессиялардын натыйжалары факультеттин (институттун) жана ЖОЖдун кеңештеринин жыйындарында каралат.
27. Экзамендик сессиянын аяктоо учуруна карата эч болбоду дегенде бир экзаменден же зачеттон канааттандырарлык эмес баа алган студент академиялык карызы бар делип эсептелинет.
28. Документтер менен ырасталган негиздүү себептерден (ооруп калуу, үй-бүлөлүк жагдайлар, узакка созулган кызматтык командировкалар, табигый кырсыктар) улам белгиленген мөөнөттөрдө зачетторду жана экзамендерди тапшыра албай калган студенттерге факультеттин (институттун) жетекчисинин буйругу менен экзамендерди жана зачетторду тапшыруунун жекече мөөнөттөрү белгиленет.
29. Канааттандырарлык эмес баа алган экзаменди экзамендик сессия учурунда кайра тапшырууга, жол берилбейт.
30. Жакшы бааны ("канааттандырарлык", "жакшы") жогорулатуу максатында кайра тапшырууга орто аралык контролдоо мезгилинде жол берилбейт.
31. Артыкчылык дипломун алуу үчүн жакшы бааны жогорулатуу максатында экзамендерди кайталап тапшырууга бүтүрүүчү курста гана факультеттин (институттун) жетекчисинин негизделген (жүйөлүү) сунуштоосу боюнча жана эки дисциплинадан көп эмес болсо, уруксат берилет. Мындай кайра тапшыруунун бардык маселелери ЖОЖдун Мамлекеттик аттестациялык комиссиясынын жыйыны башталганга чейин кеминде бир ай мурда чечилүүсү керек.
32. Студенттердин академиялык карыздарын жоюу мөөнөттөрүн факультеттин (институттун) жетекчиси ЖОЖ тарабынан белгиленген тартипте аныктап берет. Негиздүү себептерден улам практиканын программасын аткарбаган студенттер факультеттин (институттун) жетекчисинин уруксааты менен практикага кайталап жөнөтүлөт. Кайталанган практиканын мөөнөттөрүн факультеттин (институттун) жетекчиси жекече тартипте аныктап берет.
33. Бир эле дисциплина боюнча канааттандырарлык эмес бааны кайрадан тапшырууга экиден көп эмес ирет жол берилет. Экинчи жолку кайра тапшырууну кафедра башчысы же факультеттин (институттун) жетекчиси түзгөн комиссия кабыл алат. Комиссиянын чечими акыркы болуп эсептелинет жана протокол менен таризделет.
34. Жазуу экзаменинде канааттандырарлык эмес баасын алган учурда студент аппеляция берүү укугуна ээ. Аппеляция эки күн ичинде (экзаменди тапшырган күндү кошкондо) берилиши ыктымал. Аппеляцияны кароо үчүн факультеттин (институттун) жетекчиси канааттандырарлык эмес баасын койгон экзаменаторду кошкондо курамы үч окутуучудан кем эмес, кафедра башчысы төрагасы же аны алмаштыруучу адам болгон комиссияны түзөт. Комиссия студенттин өздөрүнө мурдараак берилген жазуу түрүндөгү жообун баалайт. Эгерде комиссия студенттин жообу жакшы баага татыктуу деген корутундуга келсе, бул баа экзамендик ведомостко коюлат. Комиссия тарабынан коюлган баа акыркы болуп эсептелинет.
35. Жогорку окуу жайына которулуу же калыбына келтирүү тартибинде кабыл алынып жаткан адамдарга мурда тапшырылган дисциплиналарды кайрадан тапшыруу тууралуу маселе баа алган күнүнөн канчалык убакыт өткөнүнө карабастан, ар бир айрым учур үчүн тийиштүү кафедранын башчысынын сунушу боюнча бул дисциплиналардын программалык талаптарына дал келүүсүнө жараша факультеттин (институттун) жетекчиси тарабынан уруксат берилет.
36. Кийинки жылга кайталап окутууга калтырылган студентке кафедра башчысынын макулдугу менен факультеттин (институттун) жетекчиси бул студентке лекциялык курстарды угууга, аткарууга жана тапшырууга тийиш болгон дисциплиналарды, лабораториялык, практикалык жана үй тапшырмаларын, зачетторду жана экзамендерди белгилеп берет.
37. Экзаменаторго берилүүчү студенттердин жетишүүсүнүн экзамендик ведомостторуна экзаменаторлордун, экзаменатордун ассистенттеринин жана топтун студенттеринин аты-жөнү, факультеттин (институттун) аталышы, курсу, тобу, семестри, дисциплинанын аталышы, экзаменди же зачетту тапшыруу датасы жазылат, Экзамендик ведомостко факультеттин (институттун) жетекчисинин колу коюлат.