Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

11-тиркеме

 

 

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2012-жылдын
29-майындагы № 346 токтому
менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын профессордук-окутуучу курамынын кызмат ордун
ээлеп туруунун тартиби жөнүндө
ЖОБО

 

1. Жалпы жоболор

 

1. Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучу курамынын кызмат ордун ээлеп туруунун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин, Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук башка актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын (мындан ары - ЖОЖ) профессордук-окутуучулук кызмат ордун ээлеп туруунун тартибин жөнгө салат.

2. ЖОЖдун профессордук-окутуучулук курамына төмөндөгүлөр кирет: ассистенттер, окутуучулар, ага окутуучулар, доценттер, профессорлор, кафедра башчылары, факультет декандары, булар белгиленген тартипте келишимдик-конкурстук негизде бул кызмат орундарын ээлешет.

3. Конкурсту өткөрүү максаты ЖОЖдун профессордук-окутуучулук курамынын бош кызмат орундарына тиешелүү теориялык-кесиптик даярдыгы бар, дисциплиналарды теориялык жана методикалык жактан жогорку деңгээлде өтө ала турган, илимий-изилдөө иштерин жүргүзгөн адистерди тандоо болуп эсептелет. Конкурсту өткөрүү жарандардын квалификациялык, илимий-теориялык жана кесиптик даярдыгына жараша бош кызмат орунун ээлөөгө бирдей мүмкүндүктү алуу укугун камсыз кылат.

4. ЖОЖдун профессордук-окутуучу курамынын: профессорлордун, доценттердин, улук окутуучулардын, окутуучулардын жана ассистенттердин бош кызмат орундарына келишимдик-конкурстук негизде 5 жылдык мөөнөткө ээленет.

5. ЖОЖдун профессордук-окутуучу курамынын: факультеттердин деканынын, кафедра башчысынын, профессорлордун, доценттердин бош кызмат орундарын ээлеп туруунун (искусство, дене тарбия боюнча жогорку окуу жайлары, аскер окуу жайлары, чет тилдер жана дене тарбия кафедралары) илимий даражасы болбосо да, профессорлор үчүн 10 жылдан кем эмес, доцент үчүн 5 жыл илимий-педагогикалык иш тажрыйбасы бар, жарыяланган илимий эмгектери, окуу-методикалык куралдары бар жана лекциялык сабактарды тиешелүү теориялык жана методикалык деңгээлде өткөрүүчү ЖОЖдордун окутуучуларына уруксат берилиши мүмкүн.

6. Профессордун бош кызмат ордуна жарыяланган конкурска профессор наамы же илимдин доктору даражасы бар тиешелүү квалификациядагы адистер катыша алат.

7. Доценттин бош кызмат ордуна жарыяланган конкурска доцент наамы бар же илимдин кандидаты даражасы бар тиешелүү квалификациядагы адистер катыша алат.

8. Улук окутуучунун бош кызмат ордуна жарыяланган конкурска илимдин кандидаты даражасы бар же жогорку билимдүү, ЖОЖдо 5 жылдан кем эмес илимий-педагогикалык тажрыйбасы бар тиешелүү квалификациядагы адистер катыша алат.

9. Окутуучунун, ассистенттин бош кызмат ордуна жарыяланган конкурска илимдин кандидаты даражасы бар же жогорку билимдүү, ЖОЖдо 1 жылдан кем эмес илимий-педагогикалык тажрыйбасы бар тиешелүү квалификациядагы адистер катыша алат.

10. Конкурсту өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык аныкталат.

11. ЖОЖдун кафедра башчысынын кызмат орду шайлануучу кызмат болуп эсептелет. Кафедра башчысы илимий даражасы бар, тиешелүү профилдеги жана квалификациядагы адистерден ЖОЖдун Окумуштуулар кеңешинин жыйынында конкурстук негизде (жашырын добуш берүү менен) шайланат жана ЖОЖдун жетекчисинин буйругу менен 5 жылга чейинки мөөнөткө дайындалат.

12. ЖОЖдо факультеттин деканы кызматына шайлануучу кызмат болуп эсептелет. Факультеттин деканы конкурстук негизде факультеттин профессордук-окутуучулар курамынын жалпы жыйынында (жашыруун добуш менен) тиешелүү профилдеги жана квалификациядагы илимий даражасы бар адистерден шайланат жана ЖОЖдун жетекчисинин буйругу менен 5 жылга дайындалат.

13. ЖОЖдун жетекчиси профессордук-окутуучулук курамдагы бош орундарга конкурс өткөрбөстөн айрым категориядагы адамдар менен бир жылга эмгек келишимин түзүүгө укуктуу. Бир окуу жылына эмгек келишимин түзө турган адистерге төмөндөгүлөр кирет:

- окутуучулук ишмердүүлүгүн негизги иш менен айкалыштырууну каалаган өндүрүштө тикелей эмгектенген адистер-практиктер;

- саат төлөмү менен иштеп жаткан окутуучулар;

- пенсия жашындагы окутуучулар;

- 3 жашка чейинки бала багуу өргүүсүнөн кийин окутуучулар.

14. Профессордук-окутуучулук курам менен бир жылга түзүлгөн келишим окуу жылынын аягында мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу токтотулат.

15. Өзүнүн кесиптик милдетин тиешелүү деңгээлде аткарган учурда кафедра башчысынын, факультеттин деканынын (түзүмдүк окуу бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин) өтүнүчү менен адистин макулдугу менен ЖОЖдун жетекчиси жаңы окуу жылына келишимди жаңыртып түзүшү мүмкүн.

 

2. ЖОЖдун профессордук-окутуучулук курамындагы бош кызмат орундарын ээлеп туруунун тартиби

 

16. Окуу жылынын аягында ЖОЖдун жетекчиси тарабынан жаңы келе турган окуу жылына төмөнкү бош кызмат орундарына кабыл алуу боюнча конкурс өткөрүүнүн графиги бекитилет: келаткан окуу жылында мөөнөтү бүткөн кафедра башчылары, профессорлор, доценттер, улук окутуучулар, окутуучулар, ассистенттер. Бул график жөнүндө маалымат тиешелүү түзүмдүк окуу бөлүмдөрүнүн жетекчилерине, ошондой эле жаңы мөөнөткө кайрадан шайлана турган адамдарга билдирилет.

17. Келаткан окуу жылында мөөнөтү бүткөн кафедра башчылары, профессорлорду, доценттерди, улук окутуучуларды, окутуучуларды, ассистенттерди кайра шайлоонун ЖОЖ бекиткен графигине ылайык конкурс жөнүндө жарыя жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.

18. ЖОЖдун штаттык расписаниесинде жарым же толук көлөмдөгү штаттык бирдик катары каралган бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жарыялоо жөнүндө чечимди ЖОЖдун жетекчиси кабыл алат.

19. ЖОЖдун профессордук-окутуучулук курамындагы бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жөнүндө жарыяда төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:

- бош кызмат орундун толук аталышы;

- конкурстун катышуучуларына коюлуучу талаптар;

- конкурска катышуу үчүн керек болгон документтердин тизмеси;

- документтерди тапшыруу мөөнөтү;

- документ кабыл алган жер, дареги жана байланыш телефондору.

20. Документтерди тапшыруу мөөнөтү конкурс жөнүндө жарыя жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялангандан кийин бир айды түзөт.

21. Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер тапшырылат:

- ректордун наамына жазылган арыз;

- адистерди каттоо боюнча толтурулган баракча сүрөтү менен;

- резюме, мүнөздөмө, мурдагы иштеген жеринен жолдомо;

- белгиленген форма боюнча жарык көргөн илимий эмгектердин жана ойлоп табуулардын, ошондой эле окуу-методикалык куралдардын тизмеси;

- төмөнкү документтердин көчүрмөсү: билими, окумуштуулук наамы жана даражасы, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, эмгек китепчесинин, сыйлыктарынын күбөлүктөрү жана башка документтердин көчүрмөсү, алар нотариустан же иштеген жеринин кадрлар кызматы тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек.

22. Бош кызмат орунун ээлөөгө берилген документтер тиешелүү кафедранын жыйынында (кафедранын кызматкерлеринин катышуусу менен) жарыя кылынган бош кызмат орундарына документ берген адамдардын катышуусу менен каралат.

23. Кафедра башчылыгына талапкерлерди талкуулоо боюнча кафедранын жыйынын факультеттин деканы (түзүмдүк окуу бөлүмүнүн жетекчиси) же ЖОЖдун проректору өткөрөт.

24. Конкурска документ тапшырган талапкерлер кафедранын жыйынында кароого конкурс болгонго чейинки окуу, окуу-методикалык, илимий иштери боюнча жазуу жүзүндө отчетун сунуштайт.

25. Кафедранын жыйыны штаттагы чогуу (025; 0.5; 0.75) иштеп жаткан окутуучулардын жана илимий кызматкерлердин ачык көпчүлүк добуш берип сунуш кылуусу менен ар бири боюнча өзүнчө корутунду кабыл алат. Ал кафедранын жыйыны өткөндөн кийин үч күндүн ичинде ЖОЖдун (факультеттин түзүмдүк окуу бөлүмүнүн) конкурстук жумушчу комиссиясынын кароосуна сунушталат.

26. Факультеттин деканы, кафедранын мүчөсү болбогон түзүмдүк окуу бөлүмүнүн, кафедра башчысынын кызмат ордуна жетекчиси жана проректору талапкерлер боюнча кафедранын корутундусун кабыл алууда добуш берүүгө катышпайт.

27. Кафедра бириккен же бөлүнгөн учурда профессордук-окутуучулук курам боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө тыюу салынат.

28. Кафедра бириккен же бөлүнгөн учурда же кайра уюшулган учурда кафедра башчысынын милдети ЖОЖдун жетекчисинин буйругу менен кафедра башчысы орунун ээлөө үчүн белгиленген тартипте шайлоо өткөрүлгөнгө чейин кафедранын жетектөөчү адистеринин бирине жүктөлөт.

29. Конкурска берилген документтерди алдын ала талдоо Окумуштуулар кеңешинде карала турган сунуштарын даярдоого ЖОЖдун жетекчиси бир окуу жылына конкурстук комиссия түзөт.

30. Окуу иштери боюнча проректору конкурстук комиссиянын төрагасы болот. Конкурстук комиссиянын курамына факультеттердин (түзүмдүк окуу бөлүмдөрүнүн), окуу бөлүмүнүн жана кадрлар бөлүмүнүн (катчы) ошондой эле кесиптик кошундун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирет.

31. Конкурстук комиссиянын чечими ар бир талапкер боюнча кыска корутундуну камтыган протокол менен таризделип, конкурстук комиссиянын төрагасы жана катчысы кол коет.

32. Штаттык профессордук-окутуучулук курамда мурда иштебей конкурска катыша ала турган адам эреже катары ЖОЖдо саатчы-окутуучу катары же штаттык айкалыштырып бир жыл иштеши керек.

33. ЖОЖду, аспирантураны жана докторантураны ошол окуу жылында аяктаган адамдар профессордук-окутуучулук курамдагы кызмат орунуна конкурсу жок эле кабыл алынат.

 

3. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби

 

34. Профессордук-окутуучулук курамдагы бош орундарды конкурстук ээлөө боюнча шайлоо ЖОЖдун Окумуштуулар кеңешинде (факультеттин жана түзүмдүк окуу бөлүмдөрүнүн) жашыруун добуш берүүсү менен өткөрүлөт.

35. Кафедра башчылары, профессорлор жана доценттер ЖОЖдун Окумуштуулар кеңешинде шайланат.

36. Конкурска катышуучулардын аты-жөнү, илимий даражасы жана наамы, эмгек стажы, ээлеген кызматы көрсөтүлгөн тизмеси ЖОЖдо Окумуштуулар кеңеши болоордон 10 күн мурда илинет.

37. Окумуштуулар Кеңешинин жыйынында ар бир кандидатура боюнча жашыруун добуш берердин алдында тиешелүү сунушу бар кафедранын чечими жана конкурстук комиссиянын жыйынтыгы угулат.

38. Профессордук-окутуучулук курамдагы бош орундарды ээлөө конкурсуна бардык катышкандардын аты-жөнү жашыруун добуш үчүн бир бюллетенге алфавиттик тартипте киргизилет.

39. Профессордук-окутуучулук курамдагы бош орундарды ээлөө конкурсуна катышкан адамдар Окумуштуулар кеңешинин жыйынына катыша алышат.

40. Окумуштуулар кеңеши добуш берүүнү өткөрүүдөн мурда курамында кеминде 3 мүчөдөн турган эсептөө комиссиясын шайлашат. Эсептөө комиссиясы ар бир талапкер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын угузат.

41. Эсептөө комиссиясынын протоколу Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн ачык добуш берүүсү менен бекитилет жана конкурстун материалдарына негизделет.

42. Эгерде конкурсту өткөрүүдө Окумуштуулар кеңешинин курамынын үчтөн экиси катышса, анын чечими мыйзамдуу болуп саналат.

43. Жыйынга катышкан Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн жарымынан көп добушун алган талапкер шайланган болуп эсептелет.

44. Эки же андан ашык талапкер конкурска катышып, бирок алардын эч кимиси жарымдан көп добуш албаса, анда ушул эле Окумуштуулар кеңешинин жыйынында кайрадан добуш берүү жүргүзүлөт. Экинчи турдун бюллетенине биринчи турда көбүрөөк добуш алган эки талапкер киргизилет. Экинчи турда көпчүлүк добушка ээ болгон кандидат шайланган болуп эсептелет.

45. Конкурска арыз берилбеген учурда, конкурс болбой калат.

46. Конкурс өткөрүүнүн эрежелерине коюлган талаптарга жооп берген талапкер болбосо, ректор кайрадан конкурс өткөрүү боюнча чечим кабыл ала алат.

47. Конкурстун ар бир катышуучусуна конкурс аяктаган күндөн кийин бир ай ичинде жазуу түрүндө конкурстун жыйынтыгы тууралуу билдиришет.

48. Конкурстун жыйынтыгы тууралуу чечим ректордун буйругу менен тастыкталат. Буйруктун көчүрмөсү тийиштүү кызматка шайланган кишиге тапшырылат.

 

4. Профессордук-окутуучулук курам менен келишимди токтотуу үчүн негиздер

 

49. Мурда кызматын ээлеп туруп, конкурста кызматка шайланбай калган адамдар, ошондой эле конкурска катышууга арыз бербегендер шайлоо мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу ушул семестр бүткөндө ЖОЖдогу кызматынан бошотулат.

50. ЖОЖдун жетекчисинин демилгеси менен эмгек келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотууга төмөнкү учурларда жол берилет.

- окуу жылы аягында штаттардын кыскаруусу (окуу жүгүнүн кыскаруусу) окутуучуга кеминде 1 ай мурда колун койдуруу менен жумуштан кетирүү боюнча жеке эскертилет.

- окутуучунун ден соолугунун абалы ээлеген кызматына тоскоолдук болот (оруунун узактыгы тынымсыз 4 айга созулганда) деп медициналык мекеме тарабынан таанылганда;

- окутуучу келишимдин шарттарын бузганда (ЖОЖдун уставын сактабаганда, ички тартип эрежелерин бузганда, жумуштун жекече планын аткарбаганда, контракт менен шартталган ишти же окуу сабактарынын бекитилген расписаниесине ылайык ишти жүйөлүү себептер боюнча аткарууга мүмкүнчүлүгү жок экендигин администрацияга өз убагында билдирбесе);

- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган башка негиздерде.

51. Жогорку окуу жайынын жетекчисине жогорку окуу жайынын Окумуштуулар кеңешине профессордук-окутуучулук курамдын ээлеген кызматына ылайык келбеген маселеси алып чечим чыгуу укугу берилет.

52. Педагогикалык кызматкердин ээлеген кызматына ылайык келүүсү жөнүндө маселени ЖОЖдун Окумуштуулар кеңешинде чечээрде анын ишин ректор тарабынан бекитилген комиссия текшериши керек.

53. Педагогикалык кызматкердин лекцияны окуусу, практикалык жана семинардык сабактары канааттандырарлык эмес болгон учурда, илимий, методикалык жана тарбиялык иштерин төмөнкү деңгээлде жүргүзсө, Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде ал жумуштан бошотулат.

54. Кафедра башчысы кафедраны жетектөө боюнча милдеттерин канааттандырарлык аткарбаганда ЖОЖдун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн.

55. Жат жүрүм-турумунун айынан андан ары иштөөсү мүмкүн болбогон ЖОЖдун профессордук-окутуучулук курамынын мүчөлөрү мекеменин кесиптик уюмунун же ЖОЖдун эмгек жамаатынын кеңешинин макулдугу боюнча ЖОЖдун жетекчисинин буйругу менен кызматынан бошотулат.

 

5. Эмгек келишиминин мазмуну

 

56. ЖОЖдун профессордук-окутуучулук курамынын мүчөлөрү жана жетекчилиги менен түзүлгөн эмгек келишиминде профессордук-окутуучулук курамынын мүчөлөрүнүн кызматы, кафедранын аталышы, келишимге кол койгон тараптар, эмгек келишиминин түрү, иштин режими жана эмгек акыны төлөөнүн шарттары көрсөтүлөт.

57. Окутуучунун милдеттери: жекече пландын, ЖОЖдун уставынын талаптарын, ички тартиптин эрежелерин аткарууну камсыз кылуу, администрацияга жүйөөлүү себептер менен эмгек келишиминин шарттарын аткарууга мүмкүнчүлүгү жок экендигин өз убагында билдирүү.

58. Окутуучунун укуктары: окутуунун каражаттарын жана методдорун, студенттерди даярдоонун сапатына коюлуучу талаптарды тандоо, ЖОЖдо белгиленген тартипте маалымат булактарын, лабораторияларды, жабдууларды пайдалануу.

59. Администрациянын милдеттери: келишимде белгиленген шарттарды түзүү, окуу процессиндеги өзгөрүүлөр тууралуу өз убагында маалымдоо, эмгек шарттарын камсыз кылуу жана коопсуздугун сактоо.