Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН


КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

 

ЧЕЧИМИ

 

2014-жылдын 19-марты № 22-р

жарандар Венера Ташмухамедовна Шаяхметованын жана Марита Давлетовна Шаяхметованын кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пункту жана 384-беренесинин 3-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:

төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиев,

судьялар - Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Ж.М.Макешов, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,

жыйналыштын катчысы М.Э.Толобалдиевдин;

кайрылуучу тарап - жаран В.Т.Шаяхметованын, анын ишеним катынын негизиндеги өкүлү Д.Р.Расуловдун;

жоопкер тарап: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним катынын негизиндеги өкүлү А.А.Джорупбекованын;

башка жак: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Ж.К.Абдиеванын катышуулары менен, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүн, 24-беренесин жетекчиликке алып, ачык сот жыйналышында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пунктунун жана 384-беренесинин 3-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.

Жарандар В.Т.Шаяхметованын жана М.Д.Шаяхметованын ушул ишти кароонун себеби өтүнүчү болду.

Өтүнүчтү кароого негиз болуп, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пункту жана 384-беренесинин 3-бөлүгүн Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу эсептелди.

Сот жыйналышына ишти даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы Ч.О.Осмонованын маалыматын угуп жана берилген материалдарды изилдеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2013-жылдын 2-октябрында жарандар В.Т.Шаяхметовадан жана М.Д.Шаяхметовадан Жазык-процесстик кодексинин (мындан ары - ЖПК) 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пунктчасынын жана 384-беренесинин 3-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жана ушул ченемдерди Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-, 8-пункттарына, 1-бөлүгүнө жана 40-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык эмес деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

Берилген материалдардан В.Т.Шаяхметова 2013-жылдын 22-мартында, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин (мындан ары - Жазык кодекси) 66-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш жасоодо В.Т.Шаяхметованы күнөөлүү деп таануу жөнүндө сот актыларын кайра кароо үчүн жаңы ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү козгоо жөнүндө арыз менен Башкы прокуратурага кайрылгандыгы көрүнөт. В.Т.Шаяхметованын пикири боюнча айыптоочу өкүмдүн негизинде күбөлөр Г.Р.Давлетова, Б.М.Давлетов, А.К.Эшимканов жана А.К.Эшимканованын көз көрүнө жалган көрсөтмөлөрү жатат.

2013-жылдын 3-апрелинде Бишкек шаарынын прокуратурасынын № 102-08-2231 жазык иши боюнча өндүрүштүн козголушу тууралуу токтом чыгарылып, жаңы ачылган жагдайлардын натыйжасында жазык ишинин материалдары Бишкек шаарынын ТБ БИИБне тергөөнү уюштуруу үчүн жана көрсөтүлгөн жагдайларды текшерүүгө жиберилген.

Текшерүүнүн натыйжасында бекитилген ЖКнын 330-беренесинде каралган кылмыштардын курамы Г.Р.Давлетованын, Б.М.Давлетовдун, А.К.Эшимкановдун жана А.К.Эшимканованын аракеттеринде бар, бирок жазык жоопкерчилигине тартылуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу, ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пунктунун негизинде тергөө органдары тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн адамдарга карата жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом кабыл алынган.

ЖПКнын 384-, 387-беренелерине ылайык, Башкы прокуратура тарабынан 2010-жылдын 23-сентябрында чыккан Жогорку соттун токтомун жокко чыгаруу жана ишти жаңыдан кароого берүү жөнүндө жаңы ачылган жагдайлар боюнча В.Т.Шаяхметовага карата жазык иш боюнча сот өндүрүшүн кайра жаңылоо жөнүндө Жогорку сотко корутунду жиберилген.

Башкы прокуратуранын корутундусунда, В.Т.Шаяхметовага карата жазык иш боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн көз көрүнө жалган фактылары текшерүүнүн жүрүшүндө тастыкталды, алар сотко сот актысын чыгарып жатканда белгилүү болгон эмес жана ага ылайык сот тарабынан изилденбей жана бааланбай калган.

Жогорку соттун 2013-жылдын 17-июлундагы жазык иштери жана администрациялык укук бузуулары боюнча сот коллегиясынын аныктамасы менен Башкы поокуратуранын В.Т.Шаяхметовага карата жазык ишинин сот өндүрүшүн кайра жаңылоо жөнүндө корутундусу жаңы ачылган жагдайлардын натыйжасында четке кагылган. Жогорку соттун соттук коллегиясы өз чечиминин негизинде жазык жоопкерчилигине тартылуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом жаңы ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү кайра жаңылоо үчүн негиз боло албагандыгы тууралуу далилдерди келтиришти. Андан тышкары, Г.Р.Давлетованын көрсөтмөлөрүнүн жалгандыгы соттун күчүнө кирген өкүмү тарабынан аныкталган эмес, ага ылайык, Жогорку соттун соттук коллегиясы В.Т.Шаяхметованын жазык иши боюнча жаңы ачылган жагдайлардын натыйжасында өндүрүштү кайра жаңылоо үчүн негиз жок деп жыйынтык чыгарды.

Ушуга байланыштуу, кайрылуучу тарап, качан соттун өкүмүнүн негизине күбөнүн же жабырлануучунун сотко мурда белгисиз көз көрүнө жалган көрсөтмөлөрү болгондо же жазык ишин козгоодо эскирүү мөөнөтү бүткөндүгүнөн жазык ишин козгоодон баш тартуунун натыйжасында жазык жоопкерчилигине тартуу мүмкүн болбогондо, ЖПКнын 384-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык эскирүү мөөнөтү бүткөндүгүнөн жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндөгү токтом мындай кайра кароо үчүн негиз болуп эсептелбегендиктен мыйзамсыз соттолгон адамдар жаңы ачылган жагдайлар боюнча сот актыларын кайра кароого болгон өз укугун ишке ашыра алышпайт.

Ушуга байланыштуу, арыз ээлери, жогору турган сот тарабынан өз ишин кайра кароодон жана эч кимге укугун чектөөгө таандык эмес соттук коргоодон жана аларга кепилденген Конституциядан колдоно алышпайт деп эсептешет.

Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2013-жылдын 6-ноябрындагы аныктамасы менен арыз ээлеринин өтүнүчтөрү өндүрүшкө кабыл алынган.

Сот жыйналышында арыз ээси В.Т.Шаяхметова анын өкүлү Д.Р.Расулов өз өтүнүчтөрүн колдоду жана аны толук көлөмдө канааттандырууну суранышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү А.А.Джорупбекова Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пункту жана 384-беренесинин 3-бөлүгү Конституцияга толугу менен ылайык келет жана жарандар В.Т.Шаяхметованын, М.Д.Шаяхметованын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырууну сурады.

Конституциялык палата жактардын жүйөлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкүдөй жыйынтыктарга келди:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда козголгон ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү предмет боюнча актыларды чыгарат.

Демек, Конституциялык палатанын ушул иш боюнча кароо предмети болуп, төмөнкүдөй мазмундагы ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пункту жана 384-беренесинин 3-бөлүгү эсептелет:

"28-берене. Жазыктык сот ишин жүргүзүүнү жокко чыгаруучу жагдайлар

(1) Төмөндөгү жагдайларда:

11) эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен".

"384-берене. Иш боюнча иш жүргүзүүнү кайра баштоонун негиздери

(3) Ушул берененин экинчи бөлүгүнүн 1-, 3-пункттарында саналып өткөн жагдайлар өкүмдөн тышкары мөөнөттүн эскиргендигинин, мунапыс же кечирим берүү актысынын айынан, күнөөкөрдүн өлүмүнө же күнөөкөр катары тартуу үчүн жашы жетпегендигине байланыштуу жазык ишин токтотуу жөнүндө соттун аныктамасы, токтому, прокурордун, тергөөчүнүн токтому тарабынан белгилениши мүмкүн".

Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июнунда № 62 кабыл алынган Жазык-процесстик кодекси 1999-жылдын 30-июнунда № 63 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы менен колдонууга киргизилген, 1999-жылдын 21-июлунда "Эркин-Тоо" газетасынын № 59-62 сандарында жарыяланган мыйзамда белгиленген тартипте кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп эсептелет.

2. Жаңы ачылган жагдайлар боюнча жазык иши боюнча өндүрүштү кайра жаңылоо институтунун конституциялык-укуктук негизи болуп мыйзамда белгиленген тартипте жогору турган сот тарабынан ар бир соттолуучуга кылмыш үчүн анын ишин кайра кароо укугун камсыз кылган ар бир адамга укукту чектөөнү соттук коргоого таандык эмес укук кепилденген, жана 27-берененин 1-бөлүгү, Конституциянын 40-беренесинин 1-бөлүгү, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктунун жоболору эсептелет.

Ушул конституциялык жоболор, эгерде "жаңы же жаңы ачылган жагдайлар жөнүндө маалыматтар болсо" же болбосо, эгерде "кандайдыр бир жаңы же жаңы ачылган жагдайлар сот жаңылыштыгын талашсыз далилдеп турса", мамлекеттин жазык-процессуалдык мыйзамына ылайык, ишти кайра кароо мүмкүнчүлүгү божомолдогон Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын (14-беренесинин 6-пункту) жоболору менен кабарлануучу ЖПКнын 43-главасынын ченемдеринде өз өнүгүүсүн алды.

Жаңы ачылган жагдайлардын табылганына байланыштуу сот актыларын кайра кароо боюнча өндүрүштүн өзгөчөлүктөрү сот жаңылыштыгынын мүнөзү менен аныкталган, өндүрүштүн ушул түрү аны оңдоо үчүн арналган. Конституциялык палатанын 2014-жылдын 7-февралындагы чечиминде, "жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра жаңылоо - бул жазык сот өндүрүшүндө жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуунун каражаттарынын бири катары кызмат кылат", мааниси сот адилеттиги туура жүзөгө ашыруунун маанилүү кепилдиги болуп саналган жазык процессинин өз алдынча стадиясы, деп белгилейт. Демек, мыйзамдуу күчүнө кирген жазык иши боюнча сот актысын кайра кароо жана жазык ишин туура чечүү үчүн жазык ишин кароодо олуттуу мааниге ээ жагдайларга карата соттун кабардар эместигинен улам кетирилген сот жаңылыштыгын оңдоо адамдын жана жарандын соттук укугун коргоонун майнаптуу зарыл шарты, ошондой эле сот адилеттигинин акыйкаттуулугу жана сот актыларынын стабилдүүлүгү сыяктуу баалуулуктарды колдоо болуп саналат.

Жаңы ачылган жагдайлардын натыйжасында жазык иши боюнча өндүрүштү кайра жаңылоо процессуалдык стадиясы - жазык процессинин өз алдынча стадиясы, ал өз өндүрүш предметине, өз милдеттерине, жазык-процесстик мыйзамдарда каралган негиздер болгондо ишке ашырылуучу жол-жоболорго жана субъекттер чөйрөсүнө ээ. Жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра жаңылоо үчүн негиз ЖПКнын 384-беренесинде белгиленген жана толук мүнөзгө ээ.

Жогоруда көрсөтүлгөндөй, мурда 2014-жылдын 7-февралында жаран Е.В.Осинцевдин кайрылуусу боюнча Конституциялык палата тарабынан ЖПКнын 384-беренесинин ченемдик жоболорунун конституциялуулугу текшерилген. Конституциялык палата өз чечиминде жаңы ачылган жагдайлардын тизмегинде сот адилеттигине жетүүгө чектөөлөрдү караган эмес.

Ошону менен бирге белгилей кетүүчү нерсе, ЖПКнын 384-беренесинин конституциялуулугу кайрылуучу тараптын (Е.В.Осинцевдин) талаптарына ылайык ЖПКнын 387-беренеси менен тутумдук байланышта белгиленген. Конституциялык палата өз чечиминде, прокурордун процессуалдык аныкталуучу ролунда мыйзам чыгаруучу тарабынан белгиленген жаңы ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштүн тартиби, "жаңы ачылган жагдайлар боюнча ар тараптуу текшерүүнүн талаптарына кыйла толук жооп берет" деп көрсөтүлгөн.

Ушул багытта, Конституциялык палата прокурордун жаңы ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү козгоодо укугу менен байланышкан жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра жаңылоо үчүн негиздердин толук тизмеги Конституциянын ченемдерине каршылыкты тапкан жок.

Бул иш боюнча В.Т.Шаяхметова жана М.Д.Шаяхметова ЖПКнын 384-беренесинин 3-бөлүгүнүн ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пунктунда тутумдук байланыш бар деп талашып жатышат. Демек, бул иш боюнча кайрылган субъекттердин талаптары жана Конституциялык палатада мурда каралган иш боюнча Е.В.Осинцевдин талаптары жазык-процесстик мыйзамдын башка ченемдери менен ЖПКнын 384-беренесинин өз ара байланыш жана өз ара шарт менен аныкталган ченемдери ар кандай мүнөзгө ээ.

3. ЖПКнын 28-беренеси жазык сот ишин жокко чыгаруучу жагдайларды белгилейт. Ушундай жагдайлардын бири ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пункту менен эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазык жоопкерчилигине тартылуусу каралган. Жазык жоопкерчилигине тартууда эскирүү мөөнөтү деп - жазыкты жасагандан кийин жазык мыйзамдары тарабынан аныкталган мөөнөттүн бүткөндүгү, анын күчү менен жазык жасаган адамдар жазык жоопкерчилигинен бошотулат. Эскирүү мөөнөтүнүн өтүп кеткендиги жазык жоопкерчилигинен бошотуунун калыбына келтирилбеген негиздеринин катарына кирет. Эскирүү институтун колдонуунун укуктук негизи болуп, узак убакыт өткөндөн кийин жасалган кылмыш коомдук коркунучту бир кыйла азайтып жана анын узак убакыт укук ченемдүү жүрүм-турумунун шартында адамдын коомдук коркунучту жоготкондугу саналат. Эскирүү мөөнөттөр жазык жасалган күндөн тартып жана соттун өкүмү мыйзамдык күчүнө кирген мөөнөткө чейин эсептелет.

Эскирүү үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулууга белгилүү процессуалдык жол-жоболор бар. Жазык иши козголушу мүмкүн эмес, ал эми козголгон иш милдеттүү токтотулууга жаткандыгы тууралуу алгач текшерүү органынын, тергөөчүнүн же прокурордун токтому чыгарылат.

Жазык иши сотко берилген стадиясында соттун аныктоосу менен токтотулат. Эгерде айыпталуучу ага каршы пикирде болсо (мисалы, өзүн күнөөсүз деп ойлосо) эскирүү мөөнөтүнүн өтүп кеткендигине байланыштуу жазык ишти токтотууга жол берилбейт. Мындай учурда иш боюнча өндүрүш улантыла берет жана ага негиздер болгондо, соттолгон адамды жазадан бошотуу менен айыптоо өкүмүн чыгаруу токтому менен аяктайт. (ЖПКнын 28-беренесинин 3-бөлүгү).

Эскирүү мөөнөтүнүн өтүп кеткендигине байланыштуу жазык ишин токтотууга каршы болгон жак, актоо өкүмүнө жетүү укугу бар.

ЖПКнын 67-беренесинде эгерде жазык жасаган күндөн тартып төмөнкү мөөнөттөр:

1) чоң коркунуч келтирбеген кылмыш жасалгандан кийин бир жыл;

2) анча оор эмес кылмыш жасалгандан кийин үч жыл;

3) оор кылмыш жасалгандан кийин жети жыл;

4) ушул берененин бешинчи бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, өзгөчө оор кылмыш жасагандан кийин он жылга.

ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пункту менен жогоруда көрсөтүлгөн КЖКнын 67-беренесинин тутумдук өз ара байланышы, эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазык ишин козгоодон баш тартуу же аны токтотуу чечимин кабыл алууда жазык ишинин жасалуу фактысы, анын туура бөлүнүшү, укукка каршы аракеттерди жасаган адамды аныктоо жана башка кылмыш жосундарын далилдеген иш жүзүндөгү жагдайлар болгондугу тууралуу ырастайт.

Жазык ишин козгоодон баш тартуу же болбосо аны жазык процессинин сотко чейинки стадияларында токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу менен компетенттүү мамлекеттик органдар жазык куугунтуктоосу эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен токтотулган жарандар жазык сот ишине катышкан деген стадия менен аларга каршы күмөн же күнөөлүү болуп көрсөтүлгөндүктөн, жазык сот өндүрүшүндө катышууга тартылган деп эсептелет.

Ошондуктан, эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазык ишин козгоодон баш тартуу же аны токтотуу жакты жазык жоопкерчилигинен же жазадан бошотууну караса да, бирок укук колдонуучу практика тарабынан тергөөгө чейинки текшерүүлөрдүн материалдарына негизделген же жак иш жүзүндө кылмыш жасагандыгын мойнуна алгандыгын ырастоо менен бааланат. (Бул учурда анын күнөөлүү экендиги тууралуу маселе ачык бойдон калат.)

4. ЖПКнын 387-беренесине ылайык, жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү козгоо укугу прокурорго, сотко - жаңы же жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча, жосундун жазалануусун болтурбоочу же жазаны жеңилдетүүчү мыйзамдын күчүнө кирүү негиздери боюнча өндүрүштү козгоо бөлүгүнө таандык.

ЖПКнын 384-беренесинин төмөндөгү пункттардын негизинде сот иш боюнча иш жүргүзүүнү кайра баштайт:

2) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү тарабынан белгиленген мыйзамсыз же негизсиз өкүм, аныктама, токтом чыгарууга алып келген жабырлануучунун же күбөнүн түшүндүрмөлөрүнүн, эксперттин корутундусунун атайылап жалган берилиши, ошого тете буюм далилдеринин, тергөө жана сот аракеттеринин протоколдорунун жана башка документтердин атайылап жалган берилиши же котормонун атайын туура эмес которулушу;

3) мыйзамсыз жана негизсиз өкүмдүн, аныктаманын, токтомдун чыгышына алып келген тергөөчүнүн же прокурордун, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү тарабынан белгиленген кылмыштуу аракеттери;

4) ушул ишти кароодо алар тарабынан жасалган, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү тарабынан белгиленген судьялардын кылмыштуу аракеттери;

Жогоруда көрсөтүлгөн негиздер калыбына келтирилбеген жагдайлар боюнча соттун өкүмү тарабынан аныкталбаган учурларда (эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу, мунапыс же кечирим берүү актысынын айынан, күнөөкөрдүн өлүмүнө же күнөөкөр катары тартуу үчүн жашы жетпегендигине байланыштуу) өндүрүштү кайра баштоо үчүн негиз болуп, тиешелүү аныктама, соттун токтому, прокурордун токтому, жазык ишин кыскартуу жөнүндө тергөөчүнүн токтому эсептелет (ЖПКнын 384-беренесинин 3-бөлүгү).

Белгилей кетүү керек, калыбына келтирилбөөчү негиздер боюнча жазык ишин токтотуу, анын ичинде эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу, териштирүү процессинде бардык зарыл процессуалдык аракеттердин аткарылышын божомолдойт, анын ичинде жакты айыпталуучу катары тартуу, жазыктан жабыркаган жакты - жабырлануучу деп табуу, жактын жасалган кылмышка катышкан фактыларын (далилдерди) аныктоо жана башка. Ошону менен, сот прокурордун жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча жазык ишинин өндүрүшүн кайра жаңылоону, тергөөчүнүн эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн жазык ишин токтотуу жөнүндө токтомун негиз кылуу менен ЖПКнын 389-беренесине ылайык тиешелүү аныктаманы кабыл алуу үчүн жетишээрлик мүмкүнчүлүгү бар.

Ушул өңүттө, ЖПКнын 384-беренесинин 3-бөлүгүнүн жобосу менен каралган прокурордун, тергөөчүнүн эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазык ишин токтотуу жөнүндө токтому жазык ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого толук түрдө негизделген.

Ошону менен бирге, эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазык ишин токтотуу жөнүндө токтом да, жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндөгү токтом да бир тартиптеги укук мамилелери катары ЖПКнын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пункту тарабынан жөнгө салынат. Мыйзам чыгаруучу, эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазык жоопкерчилигинен бошотуу тартибин жөнгө салуу менен, жазык процессинин стадиясына жараша кандайдыр бир айырмачылыктарды аныктабайт. Демек жаңы ачылган жагдайлар боюнча жазык иши боюнча өндүрүштү кайра баштоо жөнүндө маселени чечүү учурунда, эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом ушундай эле жагдай боюнча жазык ишин токтотуу жөнүндөгү токтом сыяктуу эле юридикалык кеспетке ээ болушу керек.

Ошону менен белгилей кетүүчү нерсе, процессуалдык актынын түрү (бул учурда жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом) жаңы ачылган жагдайлар боюнча жаңылыш сот актысын кайра кароо максатында жазык процессинин катышуучулары тарабынан соттук коргоого болгон укугун ишке ашырыш үчүн тоскоол болбошу керек.

Анын үстүнө, укук колдонуучу практикада (иштин материалдары тастыктап жаткандай), прокурор, качан жаңы ачылган жагдайлар эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазык жоопкерчилигине тартуу мүмкүн болбогон жактардын укукка каршы аракеттерине байланыштуу болгондо, бул жактын (же жактардын) укукка каршы аракеттерине тийиштүүлүк далилдерин кыйла толук аныктоо үчүн тергөө жана алгачкы тергөө органдарынан текшерүүчү аракеттерди жүргүзүүнү талап кылат.

Бул жагдай прокурор текшерүү же тергөө бүткөндөн кийин (ЖПК 388-берене) сотко негизделген, материалдар менен тастыкталган корутундуну жөнөтүшү керек болгондуктан жаңы ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштүн өзгөчөлүктөрү менен алдын ала аныкталат.

Демек, жаңы ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү жаңылоо үчүн негиздердин тизмесиндеги эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазык ишин козгоодо баш тарткандыгы тууралуу токтомдун жоктугу, жаңылыш сот актысын кайра кароо укугун чектейт, аны менен соттук коргоого болгон укуктун жана сот адилеттигинин акыйкаттуулук принциптерин, укуктук айкындыкты, укук стабилдүүлүгүн ишке ашырууга тоскоолдук кылат.

Жогорудагылардын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 46-, 47-, 48-, 51-, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Конституциялык палата

ЧЕЧТИ:

1. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пункту Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-, 8-пункттарына, 1-бөлүгүнө жана 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама каршы келбейт деп табылсын. Эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтомдо жаңыдан ачылып жаткан жагдайлар боюнча жазык иши боюнча өндүрүштү кайра баштоо негизинин тизмесинин жоктугунан улам Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 384-беренесинин 3-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-, 8-пункттарына каршы келет деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Жазык-процесстик кодексинин 384-беренесинин 3-бөлүгүнө ушул чечимге ылайык толуктоо киргизүү сунушталсын.

3. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.

5. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басмаларында, Конституциялык палатанын атайын сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы