Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН


КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

ЧЕЧИМИ

 

2014-жылдын 11-апрели № 25-р

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн берилген сунуштамасына байланыштуу "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын жана "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:

төрагалык кылуучу - судья М.Ш. Касымалиев,

судьялар - Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Ж.М.Макешов, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонованын курамында, сот жыйналышынын катчысы Н.А.Илиязованын;

кайрылуучу тарап - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишеним катынын негизиндеги өкүлү О.В.Лаврованын катышуусу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциянын (мындан ары - Конституция) 97-беренесинин 1-, 6-, 8-, 9-, 10-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-, 18-, 19-, 37-, 42-беренелерин жетекчиликке алып, ачык сот жыйналышында "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы жана "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) сунуштамасы ишти кароого себеп болду.

Ишти кароого негиз болуп, талаш-тартыш болгон "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамдарынын ченемдерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мындан ары - Конституция) ылайык келгендиги жөнүндө маселеде күмөндүүлүк пайда болгондугу саналды.

Сот жыйналышына ишти даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы М.Р.Бобукееванын маалыматын угуп, берилген материалдарды изилдеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2013-жылдын 9-октябрында "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацынын конституциялуу эместиги жана Конституциянын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 74-беренесинин 9-бөлүгүнө, 76-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келгендиги жөнүндө Өкмөттүн сунуштамасы келип түшкөн.

Өкмөттүн сунуштамасында көрсөтүлгөндөй, талаш-тартыш болгон Мыйзамдын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык, республикалык бюджеттен капиталдык салымдарды пландаштыруу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан (мындан ары - Финансы министрлиги) жүзөгө ашырышы керек жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары - Жогорку Кеңеш) кеңейтилген форматта тармактык комитет менен макулдашууга жиберилиши керек.

Өкмөттүн пикири боюнча, бул ченем Конституциянын чектөөлөрүнө карабастан, Жогорку Кеңештин комитетинин ыйгарым укуктарын кеңейтет. Конституциянын 3-беренеси мамлекеттик бийликти бөлүштүрүүнүн принцибин бекитүү менен мамлекеттик бийлик органдары Конституцияда белгиленген мамлекеттик бийликти өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде атынан чыгат жана жүзөгө ашырат. Өкмөт белгилегендей, Конституциянын 5-беренесинин 3-бөлүгүндө мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым алкагынан чыга алышпайт.

Кайрылуучу тарап белгилегендей, Конституциянын 74-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык Жогорку Кеңеш Конституцияда каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. Мында, Конституциянын 76-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирген маселелерди даярдоо жана алдын ала кароо Жогорку Кеңештин комитеттерине жүктөлөт. Аларга ошондой эле Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдарды жана чечимдерди аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруусу жүктөлгөн.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Өкмөт талаш-тартыш болгон ченем мамлекеттик бийликти бөлүү принциби бузулган, бийликтин аткаруу бутагынын маселелерди чечүүсүнө кийлигишүүгө жол берилген, жана ошону менен Конституция тарабынан орнотулган коромжулар менен карама-каршылыктар тутуму бузулган деп эсептейт.

Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын аныктамасы менен 2013-жылдын 1-ноябрындагы Өкмөттүн сунуштамасы конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алынган.

2014-жылдын 13-январында Өкмөт Конституциялык палатага "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацынын конституциялуу эместигин таануу жөнүндө жогору аталган сунуштамага толуктоо киргизген. Кошумча талаптардын негизинде келтирилген далилдер, талаш-тартыш болгон ченемдердин окшоштугунан алып караганда, мурда каралган сунуштамаларда камтылган далилдерге окшош.

Сот жыйналышта кайрылуучу тарап өзүнүн талабын колдоп, аны канааттандырууну суранды.

Жоопкер тараптын өкүлдөрү сот жыйналышка жүйөлүүсүз себептер боюнча келишкен жок. Бирок, каралып жаткан иште Жогорку Кеңештин көз карашын чагылдырган кат түрүндө каршы пикир билдирилген. Каршы пикирдин мазмуну билдиргендей, кайрылуучу тараптын жүйөөлөрү менен макул болбой жана Өкмөттүн сунуштамасын төмөнкүдөй негизинде канааттандыруусуз калтырууну суранды.

Конституциянын 74-беренесинин 3-бөлүгүндө, 2-бөлүгүнүн 2-, 5-пункттарында Жогорку Кеңеш мыйзамдарды кабыл алат, республикалык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитет деп аныкталган.

Жоопкер тарап белгилегендей, Конституциянын 13-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык республикалык бюджетти түзүүнүн, кабыл алуунун, пайдалануунун тартиби, ошондой эле, аны аткаруунун аудити мыйзам менен аныкталат. Көрсөтүлгөн ченемдердин негизинде, Жогорку Кеңеш республикалык бюджеттин жылдарга ылайык жөнүндө мыйзамдарды кабыл алган жана республикалык бюджеттин аткаруу тартибин аныктаган.

Конституциянын 76-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин комитеттери Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону жүзөгө ашырат, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдарды жана чечимдерди турмушка ашырууга контролдук кылат. Кыргыз Республикасынын "Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 1-бөлүгүнүн 19-пунктуна ылайык, Жогорку Кеңештин комитеттери өзүнө таандык болгон маселелер боюнча көрсөтүлгөн мыйзамда жана ченемдик укуктук актыларда каралган башка маселелерди карайт.

Жоопкер тараптын өкүлдөрүнүн пикири боюнча, Жогорку Кеңештин тармактык комитети республикалык бюджеттин аткаруу тартибин, ошондой эле республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды турмушка ашырууга контролдук кыла алат. Конституциянын 88-беренесине ылайык өкмөт финансы, баа, тариф, инвестиция жана салык саясатын жүргүзүүнү жүзөгө ашырбайт, аларды камсыз кылат.

Ошондой эле, жоопкер тарап, Конституциянын 85-беренесинин жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесине ылайык, Өкмөт өзүнүн ишинде Конституцияда каралган чектерде Жогорку Кеңешке отчет берет жана алдында жооптуу экендигине көңүл бурат.

Жогорку Кеңештин өкүлдөрүнүн пикири боюнча, тармактык комитеттин капиталдык салымы боюнча объекттердин тизмегин алдын ала макулдашуу Өкмөт менен Жогорку Кеңештин өз ара аракеттенишүү таризи болуп саналат, ал келечекте Жогорку Кеңештин республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту баалоо учурунда Өкмөткө болгон талаш-тартыштарды жана суроолорун болушунча азайтат.

Конституциялык палата иштин материалдарын изилдеп чыгып, жактардын далилдерин угуп төмөнкүдөй тыянактарга келди:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Ошентип, бул иш боюнча Конституциялык палатанын кароосунун предмети болуп төмөнкүлөр саналат:

- төмөнкүдөй мазмундагы "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы:

"Республикалык бюджеттен капиталдык салымдарды пландаштыруу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кеңейтилген форматта тармактык комитет менен макулдашууга жиберилсин. Жергиликтүү бюджеттерден капиталдык салымдарды пландаштыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан жүзөгө ашырылсын";

- төмөнкүдөй мазмундагы "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы:

"Республикалык бюджеттен капиталдык салымдарды пландоону Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети менен кеңейтилген форматта макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, ал эми капиталдык салымдарды жергиликтүү бюджеттерден пландоону - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жүзөгө ашырат".

"Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы № 10 сандуу 2013-жылдын 1-февралында кабыл алынган, "Эркин-Тоо" гезитинде 2013-жылдын 5-февралында № 8 санында жарыяланган.

"Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы № 227 сандуу 2013-жылдын 30-декабрында кабыл алынган, "Эркин-Тоо" гезитинде 2013-жылдын 31-декабрында № 104 санында жарыяланган.

Көрсөтүлгөн ченемдик укуктук акттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына белгиленген тартипке ылайык ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп мыйзам болуп саналат.

2. Конституциянын 3-беренесинин 2-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлиги мамлекеттик бийлигине бөлүнүү принциптеринин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийликтерине негизделүүдө.

Бул принцип укуктук кепилдиктер, коромжулар менен карама-каршылыктар тутумун орнотууну алдын ала карайт, ал бийликтин мунун бирине гана көңүл топтоо мүмкүндүгүн болтурбайт, бийликтин бардык бутактарын өз алдынча жана көз карандысыз жүзөгө ашырууну, бир эле убакта алардын өз ара аракеттенүүсүн жана өз ара тең салмактуулугун камсыз кылат, ошондуктан бийликти бөлүштүрүү мыйзам чыгаруу, мамлекеттик башкаруу жана сот адилеттиги сыяктуу иш-милдеттерди табигый бөлүштүрүүгө негизделет.

Бул принцип мамлекеттик бийликти уюштуруунун фундаменталдык принциби болуп саналгандыктан, орнотулган предметти так сактоо жана ыйгарым укуктарын так аткаруу жалпысынан мамлекеттин иш-милдеттеринин уюшкандыгынын кепилдиги болуп саналат.

3. Бюджеттик тармактагы коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салуунун конституциялык негиздери Конституциянын 13-пунктунда бекитилген жана белгилөөчү мааниге ээ. Конституциянын 13-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык республикалык бюджетти түзүүнүн, кабыл алуунун, пайдалануунун тартиби мыйзам менен аныкталат. Ошондой эле, өзгөчө Мыйзам менен республикалык бюджет кабыл алынат. Ошону менен бирге, көрсөтүлгөн конституциялык ченемдердин маанисинен жана мазмунунан чыкканда, бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу колдонуудагы бюджеттик мыйзамдардагы конституциялык негизди өнүктүрүү аркылуу жүзөгө ашырышат. Конституция бюджеттик-укуктук башталыштардын топтолгон ченемдик көрсөткүчтөрүн камтыйт. Конституциянын 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык Өкмөткө республикалык бюджетти иштеп чыгуу жана Жогорку Кеңешке сунуш кылуу, Жогорку Кеңешке болсо, Конституциянын 74-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык - аны бекитүү жүктөлөт.

Белгилей кетүү керек, Конституция бюджеттик процессти толук камтыган деталдык жөнгө салууга умтула албайт жана умтулбашы керек, анткени, Негизги Мыйзамдын маңызы эң алды менен анын туруктуулугунда жана узак мөөнөттүүлүгүндө көрсөтүлөт. Ошондуктан, Конституциянын 13-беренесинин 2-бөлүгү республикалык бюджетти түзүүнүн, кабыл алуунун, пайдалануунун тартиби, ошондой эле аны аткаруунун аудити мыйзам менен аныкталат деп көрсөтүлгөн.

Конституциянын 13-беренесинин жоболору "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында ишке ашырылган, ал республикалык бюджеттин негиз салуучу принциптеринин калыптанышын жана аткарылуусун аныктайт. Мындай жөнгө салуучу мыйзамдар аркылуу бир гана бюджеттик укук мамилелеринин эмес, алардын субъекттеринин укуктук абалынын дагы ачыктыгына, туруктуулукка жана ишин улантуучулукка жетишүүгө болот.

"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын маанисинен караганда, бюджеттик процессти өз ара байланышкан этаптар менен иш-чаралардын жыйындысы катары карасак болот, ал республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгуудан баштап, анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү жөнүндө мыйзамды кабыл алганга чейинки бардык стадияларын камтыган. Бул процесс төмөнкүдөй биринин артынан келүүчү стадиялардан турат: 1) Өкмөт тарабынан республикалык бюджеттин долбоорун түзүү жана Жогорку Кеңешке киргизүү; 2) республикалык бюджеттин долбоордун Жогорку Кеңеште каралышы жана бекитилиши; 3) республикалык бюджетти Өкмөт тарабынан аткаруу; 4) республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү.

Бюджеттик процесстин мындай ырааттуулугу өзгөрүлүшү мүмкүн эмес, анткени ар бир стадияда башка убакытта чечилбей турган маселелер чечилет. Бюджеттик процесстин ар бир этабында бюджеттик процесстин катышуучулары катары мамлекеттик бийликтин органдарынын иши жана алардын ыйгарым укуктары, Конституция жана мыйзамдар менен жөнгө салынат.

Республикалык бюджетинин долбоорун түзүү жана Жогорку Кеңешке киргизүү (бюджет процессинин биринчи стадиясы) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда жана "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде белгиленген өкмөттүн толугу менен прерогативасы болуп саналат. Республикалык бюджеттин долбоору бюджеттик жиктештирүүнүн чегинде, анын кирешелер жана чыгашаларын эске алуу менен өкмөт тарабынан түзүлөт. Көрсөтүлгөн жиктештирүүгө ылайык капиталдык салымдарга жиберилген каражаттар республикалык бюджеттик чыгашаларынын беренеси болуп саналат (мыйзамдын 14-беренеси). Өкмөт орточо мөөнөттүү бюджетти божомолдоосунун алкагында, күнүмдүк чыгымдарды бөлүп чыгаруу менен негизги чыгашалардын тобунун резервиндеги бюджеттин чыгашасын да эске алышы керек, ага капиталдык салымдарга кирген чыгымдар да кирет. Белгилей кетүү керек, бюджетти орточо мөөнөттүү божомолдоо мамлекеттик каражатты башкаруунун аспабы катары каралат, ал Өкмөткө сарптала турган чыгашаларды жалпы жана ар бир тармак боюнча пландаштыруу максатында ресурстардын болочок көлөмү жөнүндө түшүнүк алууга, мамлекеттин ишинин артыкчылыктуу багыттарын так аныктоого, өзгөчө артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлор бөлүгүн аныктап алууга мүмкүндүк берет (Мыйзамдын 9-беренеси).

Бул стадиянын жыйынтыгы болуп өкмөт тарабынан кезектеги бюджеттик жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорун жактыруу жана Жогорку Кеңешке киргизүү саналат.

Бюджет процесстин экинчи стадиясы - Жогорку Кеңеш тарабынан республикалык бюджетинин кезектеги бюджеттик жылга мыйзам долбоорун кароо жана бекитүү.

Конституциянын 70-беренесине ылайык Жогорку Кеңеш - Кыргыз Республикасынын парламенти - мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган болуп саналат. Конституциянын 74-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, Жогорку Кеңеш республикалык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитет. Жогорку Кеңештин комитеттери дайыма иштеп турган жумушчу органдары, Конституциянын 76-беренесине ылайык Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону жүзөгө ашырат, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдарды жана чечимдерди турмушка ашырууга контролдук кылат. Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Жогорку Кеңешке киргизилген мыйзам долбоорлорун карап чыгат жана өзүнүн корутундусун берет.

Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору боюнча өз корутундуларын беришкен бардык комитеттер тарабынан каралат. Өз кезегинде жооптуу (тармактык) комитет берилген документтердин негизинде консолидацияланган корутунду даярдайт жана Жогорку Кеңештин кароосуна республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштайт. Жогорку Кеңеш мыйзам менен белгиленген тартипте, республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды кийинки бюджеттик жылга жана келе турган дагы эки жылга божомолду кабыл алат.

Ушул стадияда негизги ролу бюджеттик процесстин субъекти катары Жогорку Кеңешке таандык, анын бюджеттик ыйгарым укуктары бийлик бутактарын бөлүштүрүүнүн конституциялык принцибинин негизинде жана мыйзамдарды кабыл алуу укугунун негизинде аныкталган. Бул учурда Жогорку Кеңештин комитеттери бюджеттик процесстин өз алдынча субъекти катары чыга албайт.

Бюджеттик процессинин үчүнчү стадиясы - бюджетти аткаруу. Конституциянын 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык республикалык бюджеттин аткарылышын камсыз кылуу өкмөткө жүктөлгөн.

Бюджеттик процесстин бул стадиясы бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн камтыйт.

Бюджетти аткаруунун маанилүү милдети - салыктардын жана башка төлөмдөрдүн жалпы жана ар бир булак боюнча толук жана өз убагында келип түшүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле бюджет бекитилген жылга карата финансылык жылдын аралыгында суммалардын бюджети боюнча бекитилген ченемде иш-чараларды каржылоо.

Конституциянын 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык өкмөт финансы саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат, республикалык бюджетти иштеп чыгуусу жана аткарылышы ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ушул функция өкмөткө гана тиешелүү жана Финансы министрлиги аркылуу ишке ашырылат. Буга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык республикалык бюджеттен капиталдык салымдарды пландаштыруу иш-милдеттерин Финансы министрлигине жүктөгөн (Мыйзамдын 20-беренеси).

Буга ылайык, мыйзам чыгаруучу тарабынан бекитилген Жогорку Кеңештин тармактык комитети менен республикалык бюджеттен капиталдык салымдарды пландаштырууну макулдашуу жол-жобосу республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды аткаруу стадиясында аткарылбайт. Тармактык комитетке бюджеттик процесстин бул стадиясында талаш-тартыш болгон мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджетти аткаруу боюнча Өкмөттүн ишине кийлигишүү болуп саналат жана Конституциянын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө каршы келет жана мамлекеттик бийликти бөлүшүүнүн принциптерин бузат (Конституциянын 3-беренесинин 2-пункту).

Бюджеттик процесстин төртүнчү стадиясы - республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту түзүү жана бекитүү. "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесине ылайык, Өкмөт Финансы министрлигинин атынан республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту түзөт. Отчетту түзгөндөн кийин өкмөт республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке берет.

Конституциянын 74-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралгандай, Жогорку Кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде өткөн жылдагы республикалык бюджетти аткарылышы жөнүндө отчетту бекитет.

Демек, мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү принцибинен алсак, Конституция ар бир бюджет процессинин стадиясында өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын так аныктайт.

4. Өз далилдеринин негизинде, жоопкер тарап Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин республикалык бюджеттен капиталдык салымдарды пландаштырууга макулдук берүүсү, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдар менен чечимдердин турмушка ашырылышына болгон парламенттик контролдун таризи болуп саналат деп эсептейт. Бирок, парламенттик контролдун маңызы кабыл алынган мыйзамдын аткарылышын текшерүүдө турат, ал кабыл алынган мыйзамды аткаруу бөлүгүндө кандайдыр бир кийинки макулдашууларды болжолдой албайт.

Парламенттик контроль, мамлекеттик контролдун алдыңкы түрлөрү болуп саналып, парламенттин мыйзам чыгаруу иш-милдеттери менен катар, аткаруу бийлигинин органдарынын аткаруучу-тескөөчү ишине кийлигишүүсүз жүзөгө ашырууга тийиш.

Конституциянын маанисинен жана мазмунунан алып караганда, парламенттик контролдун чеги аткаруу бийлигинин тутумунун негизги ыйгарым укуктары башталгандан тартып жүргүзүлөт, ага бийликти бөлүштүрүү принциптерине ылайык, мыйзам чыгаруучу бийликтин укугу жок. Парламенттик контролдун белгилеген чегинин так маанисин түшүнүү бийликти бөлүштүрүүнүн принцибинин негизинде мамлекеттеги мыйзам чыгаруу жана аткаруучу бийлик бутактарынын өз ара мамилесин уюштурууга шарт түзөт.

Белгилей кетүү керек, республикалык бюджет жөнүндө мыйзам мамлекеттин финансылык планына кандайдыр бир убакытка чагылдырган атайын ченемдик укуктук акт болуп саналат. Эгерде мыйзам чыгаруучу тарабынан кабыл алынган укуктук ченемдер жокко чыгарганга чейин же аны башка менен алмаштырганга чейин аныкталбаган бир узак мөөнөткө эсептелген болсо, бюджетти бекитүү жөнүндө мыйзамдар өзүнүн юридикалык колдонулушун тиешелүү бюджеттик жыл үчүн гана сактайт. Бул мөөнөт аяктагандан кийин, алар автоматтык түрдө өз күчүн жоготот жана колдонулбайт. Конституциялуулук предметине талаш-тартыш болгон беренелер жалпы ченемдерди белгилейт, алардын таасир этүүсү бир эле бюджеттик жыл менен чектелбейт жана олуттуу мааниден алганда, мындай актылар үчүн типтүү болуп саналбайт. Буга ылайык, алардын мыйзамдуу орду жылдык бюджетти бекитүү жөнүндө актыларда эмес, башка ченемдик укуктук актыларда. Аны менен бирге, мындай түрдөгү ченемдер республикалык бюджетти аткаруу стадиясына тиешеси жок.

Жогоруда баяндалгандарды эске алып, мыйзам чыгаруучу тармактык комитетке республикалык бюджетти аткаруу стадиясында республикалык бюджеттен капиталдык салымдарды пландаштыруу маселелерин макулдашуу укугун кеңейтилген форматта берүү менен, конституциялык белгилөөлөрдүн алкагында, анын ичинде мамлекеттик бийликтин органдарынын иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын чектөө бөлүгүнөн чыгып кеткен деп айтууга болот (Конституциянын 3-беренесинин 4-пункту, 5-беренесинин 3-бөлүгү, 13-берене, 74-беренесинин 9-бөлүгү, 76-беренесинин 2-бөлүгү, 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пункту).

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 42-, 46-, 47-, 48-, 51-, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Конституциялык палата

ЧЕЧТИ:

1. "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы жана "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанылсын.

2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.

4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басмаларында, Конституциялык палатанын атайын сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы