Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

 

ЧЕЧИМИ

 

2014-жылдын 24-январы № 4-р

жаран Гулайым Абдыганиевна Эркебаеванын кызыкчылыгын жактаган Таалайбек Жапарович Саатовдун кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 131-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:

төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиев,

судьялар: Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Ж.М.Макешов, Э.Т.Мамыров, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,

жыйналыштын катчысы: М.Э.Толобалдиевдин;

кайрылуучу тарап - ишеним каттын негизиндеги жаран Г.А.Эркебаеванын өкүлү Т.Ж.Саатов;

жоопкер тарап - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним катынын негизинде өкүлү болгон К.С.Карабекованын катышуулары менен Конституциянын 97-беренесинин 1-, 6-, 8-, 9-, 10-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-, 18-, 19-, 37-, 42-беренелерин жетекчиликке алып, ачык сот жыйналышында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин (мындан ары - ЖПК) 131-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.

Ишеним каттын негизиндеги жаран Г.А.Эркебаеванын өкүлү Т.Ж.Саатовдун өтүнүчү ишти кароого себеп болду.

Ишти кароого негиз болуп, талаш-тартыш болгон ЖПКнын ченемдеринин Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндө маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу саналат.

Сот жыйналышына ишти даярдоону жүргүзгөн судья - баяндамачы Э.Т.Мамыровдун маалыматын угуп, берилген материалдарды изилдеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2013-жылдын 29-августунда ишеним каттын негизиндеги жаран Г.А.Эркебаеванын өкүлү Т.Ж.Саатовдун ЖПКнын 131-беренесинин 1-бөлүгүн Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келгендигин жана Конституцияга ылайык эместигин таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

Берилген материалдар көрсөткөндөй, Т.Ж.Саатов Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнө, 40-берененин 1-бөлүгүнө жана ЖПК 131-беренесине таянып, Конституция менен ЖПК берилген соттук коргонууга болгон укугун колдонуп, Бишкек шаарынын прокурору тарабынан анын жактоого алган соттолуучусуна карата чыгарылган кылмыш ишин козгоо туурасында токтомго даттануу жөнөтүп, жана аны мыйзамсыз деп эсептейт. Бирок, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2013-жылдын 19-апрелиндеги токтому менен адвокат Т.Ж.Саатовдун даттануусу канааттандыруусуз калтырылган. Негиз катары сот кылмыш ишин козголушу жарандардын эркиндигин жана конституциялык укугун чектөө же кемсинтүү деп баалоого жана кылмыш иши козголгон адамга карата анын күнөөсүнүн далили болуп саналбайт деп көрсөтөт.

Т.Ж.Саатов Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому менен макул болбой, Бишкек шаардык сотуна кассациялык даттануу менен кайрылган. Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы 2013-жылдын 23-майындагы аныктамасы менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтомун жокко чыгарып жана адвокат Т.Ж.Саатовдун даттануусу боюнча өндүрүштү кыскартты. Бул учурда соттук коллегиясы аныктамада, биринчи инстанциядагы соттун токтому ЖПКнын 131-, 132-беренелерин бузуу менен, чыгарылгандыгын көрсөткөн, ага ылайык сот тергөөчүнүн, прокурордун кылмыш ишин козгоосунан баш тартуу жөнүндө жана кылмыш ишин токтотуу, тинтүүгө, тартып алууга санкция берүү тууралуу чечиминин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерет. Соттук коллегиясынын пикири боюнча, тергөөчүнүн, прокурордун кылмыш ишин козголушу жөнүндө чечимдери даттанылууга жатпайт жана адвокаттын даттануусу ЖПКнын 131-беренесинин алкагында кароого мүмкүн эмес.

Т.Ж.Саатов Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтомун жана Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынын аныктамасын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанылган. Жогорку сотунун соттук коллегиясы 2013-жылдын 18-июлундагы токтому менен Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынын аныктамасын күчүндө калтырган, экинчи инстанциядагы сот жазык-процесстик мыйзамдын алкагында кылмыш ишин козголушу боюнча тергөөчү менен прокурордун чечимдери даттанууга жатпагандыгы, мыйзамдуулугу жана негизделген корутунду чыгаргандыгы көрсөтүлгөн.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Т.Ж.Саатов ЖПКнын 131-беренесинин 1-бөлүгү жарандарды соттук коргонуу укугунан ажыратуу менен ар бир адамга анын укуктарын жана эркиндиктерин соттук коргонууга кепилдик берген Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнө жана 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп эсептейт жана аны конституциялуулук эместигин таанууну сурайт.

Соттук жыйналышта Т.Ж.Саатов ЖПКнын 131-беренесинин 1-бөлүгү Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келгендиги тууралуу жана Конституцияга ылайык эместигин таануу менен бирге талаптарын колдоп, аны канааттандырууну суранды.

Ошондой эле, Т.Ж.Саатов мурдагы өтүнүчтө көрсөтүлгөн ошол негиздер боюнча ЖПКнын 132-беренесинин 1-бөлүгү конституциялуу эместигин таануу жөнүндө оозеки кошумча билдирген.

Жогорку Кеңештин өкүлү К.С.Карабекова кайрылуучу тараптын далилдери менен макул болбой, өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырууну сурады. К.С.Карабекова ЖПКнын 131-беренесинин 1-бөлүгүндө "тете алардын чечимдери жана аракеттери (аракетсиздиктери)" деген сөз айкалышы адамдарга тергөөчүнүн, прокурордун кандай гана аракеттери болбосун, анын ичинде кылмыш ишин козголушу боюнча токтомуна сотко даттануу мүмкүнчүлүк берет деп эсептейт.

Конституциялык палата иштин материалдарын изилдеп чыгып, жактардын далилдерин угуп, төмөнкүдөй тыянактарга келди:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Демек, бул иш боюнча Конституциялык палатанын кароосунун предмети болуп, төмөнкүдөй мазмундагы ЖПКнын 131-беренесинин 1-бөлүгү, 132-беренесинин 1-бөлүгү эсептелет:

"131-берене. Тергөөчүнүн, прокурордун аракеттерине жана чечимдерине даттануулар

(1) Тергөөчүнүн, прокурордун жазык ишин козгоо тууралуу, жазык ишин токтотуу жөнүндө токтому, ошого тете алардын жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине зыян келтирүүгө жөндөмдүү же жарандардын сот адилеттигине жетишүүсүн кыйындатуучу чечимдери жана аракеттери (аракетсиздиктери) териштирүү өндүрүшүнүн жери боюнча сотко даттанылышы мүмкүн.

132-берене. Прокурордун, тергөөчүнүн чечимине даттанууну кароонун соттук тартиби

(1) Жазык ишин козгоодон же токтотуудан баш тартылганда, тинтүүгө, алып коюуга санкция берилгенде, жеке жана юридикалык жак сотко даттанып кайрылууга укуктуу".

Жазык-процесстик кодекс мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык, № 62 сандуу 1999-жылдын 30-июнунда кабыл алынган, "Эркин-Тоо" газетасында 1999-жылдын 21-июлунда № 59-62 санында жарыяланган жана колдонуудагы кодекс болуп эсептелет.

2. Конституцияга ылайык, ар кимге Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндигин соттук коргоого кепилдиктер берилет (40-беренесинин, 1-бөлүгү).

Конституциянын көрсөтүлгөн беренесинде белгиленгендей, соттук коргоо укугу чагылдырылган жарыя кылып, Адам укуктарынын жалпы декларациясы (8-берене) жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакты менен (2-берене, 3-пункт "а" подпункту) корреспонденцияланат, ага Кыргыз Республикасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жыл 12-январдагы № 1406-XII токтому менен кирген, анда эгерде укуктар бузулган болсо, ар бири соттук коргонуу укугуна ээ экендиги белгиленген.

Конституциянын аталган жоболорунун жана Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналган Конституциянын 6-беренесинин 3-бөлүгүнүн күчүнө ээ болуп, эл аралык-укуктук актылардын мааниси боюнча, соттук коргоого ээ болгон ар биринин укугу болуп, мыйзам тарабынан бузулган же талаш-тартыш болгон укукту коргоо же мыйзам тарабынан корголгон кызыкчылыкты коргоо максатында бардык кызыкдар болгон жактардын сотко кайрылуу мүмкүндүгү болуп саналат.

3. Конституциянын 40-беренесинин 1-бөлүгү менен бекитилген соттук коргоого болгон укукту сотко чейинки кылмыш өндүрүшүнүн алкагында ишке ашыруу ЖПКга тергөөчүнүн, прокурордун аракеттерин (аракетсиздигин) жана чечимдеринин мыйзамдуулугун жана негизделгендигинин соттук көзөмөлдөө институтун бекитүү жолу менен камсыз кылынат.

Ошентип, ЖПКнын 131-беренесинин 1-бөлүгү тергөөчүнүн, прокурордун чечимдерине жана аракеттерине даттанууну кайсы сот тарабынан каралгандыгын белгилөө менен, жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө, кылмыш ишин токтотуу жөнүндө токтомдор гана, жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине зыян келтирүүгө жөндөмдүү же жарандардын сот адилеттигине жетишүүсүн татаалдатуучу чечимдери жана аракеттери (аракетсиздиктери) териштирүү өндүрүшүнүн жери боюнча сотко даттанылышы мүмкүн.

Башкача айтканда, мыйзам чыгаруучу кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө, кылмыш ишин токтотуу жөнүндө токтомдор гана эмес, башка чечимдери жана аракеттери дагы даттанууга жаткандыгын аныктаган. Мыйзам чыгаруучу даттанууга болгон тергөөчү менен прокурордун чечимдеринин түрлөрүн атайын санаган эмес, анткени сотко чейинки өндүрүш процессинде көрсөтүлгөн кызмат адамдары тарабынан жазык-процесстик мыйзам чыгаруунун алкагында ар кандай процесстик актылар кабыл алынышы мүмкүн. Бул ченематтык жобонун негизги учурлары болуп, тергөөчү же прокурор тарабынан кылмыш сот өндүрүшүнүн катышуучуларына эркиндиктерин же конституциялык укуктарына зыян келтире турган же жарандардын адилеттик сотко жетүүсүн татаалдаткан чечим кабыл алгандыгы же аракетти (аракетсиздиктери) кылганы менен байланыштуу кызыкдар болгон тараптын бузулган же талаш-тартыш болгон укугун же мыйзам тарабынан корголгон кызыкчылыгын коргоо максатында сотко кайрылуу мүмкүндүгү болуп саналат.

Мында, ЖПК 131-беренеси укук колдонуу процессинде таануу, тергөө органынын, прокурордун жана соттун чечимине жана аракетине даттануу мүмкүндүгүн караган ЖПКнын 25-беренесинин 1-бөлүгү менен жана анда сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө соттун ыйгарымы катары, прокурордун, тергөөчүнүн жана таануу органынын аракети (аракетсиздиктери) жана чечимине болгон дооматтарды кароодо бекиткен, ЖПКнын 32-беренесинин 3-бөлүгү менен байланышта каралышы керек.

ЖПКнын көрсөтүлгөн ченемдери соттук коргонууну чектөөнү алып салган Конституциянын 20-беренесинин 8-пунктунун 5-бөлүгү менен жана укуктар менен эркиндиктердин соттук коргоону кепилдеген Конституциянын 40-беренесинин 1-бөлүгү менен макулдашылган.

4. Кылмыш ишин негиздемесиз козголушу, кылмыш ишин козгоодон негиздебей туруп баш тартуу сыяктуу эле, жазык соттук өндүрүштөрүнүн милдеттерине карама-каршы келет жана мыйзамдуулуктун бузулушу болуп саналат. Ошондуктан, кылмыш ишин козгоо стадиясында кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугунун жана негизделгендигинин процесстик кепилдиги катары, чечимдерди кабыл алуу укугу берилген органдардын жана кызмат адамдарынын так тизмесин мыйзам тарабынан бекитүү, кылмыш ишин козгоо үчүн себептердин жана жетишээрлик негиздин болуу зарылдыгы, текшерүү аракеттерин жүргүзүү жана зарыл болгон кошумча материалдарды талап кылуу мүмкүндүгү; кылмыш жөнүндө маалыматтардын жана арыздардын кароо мөөнөтүн чектөө жана кабыл алынган чечимдерге даттануу мүмкүндүгү сыяктуу жоболорду атасак болот.

Токтом формасында чагылдырылган кылмыш ишин козгоо туурасындагы процесстик чечим алдын ала тергөө же таануу жүргүзүүнү баштоо үчүн укуктук негиз болуп саналат. Бул учурда, көрсөткөн токтом бир гана тиешелүү процесстик мамилелерди жаратпастан, тергөө тарабынан кылмыш иши боюнча өндүрүшкө байланыштуу жарандын жана адам укугун чектөөсү мүмкүн.

Ушуга байланыштуу, ЖПКнын 131-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кылмыш ишин козгоо тууралуу токтомдун мыйзамдуулугун жана негизделгендигин текшерүү боюнча соттук контролдун предмети болушу керек. Бирок ЖПКнын 131-беренесинин 1-бөлүгүн колдонуу учурунда карама-каршы болгон сот практикасы түзүлөт, мында айрым бир соттор кароо үчүн тергөөчүнүн токтомуна карата, прокурорлор жазык ишин козгоо жөнүндө даттанууларды кароого кабыл алат, башка соттор болсо, тергөөчүнүн, прокурордун жазык ишин козгоо жөнүндө чечимдери даттанылууга жатпайт деп эсептөө менен, даттануу боюнча өндүрүштү токтотушат. Бул Т.Ж.Саатовдун берген соттук чечимдери менен тастыкталат.

Кассациялык жана көзөмөл инстанциясынын соттук коллегиясы адвокат Т.Ж.Саатовдун даттануусу боюнча өндүрүштү токтотуу менен, ЖПКнын 131-беренесинин ошол эле кодекстин 132-беренеси менен өз ара байланышта карашкан, анда жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан даттанылуучу процесстик актылардын чектелген тизмеги келтирилген.

Мыйзам чыгаруучу ЖПКнын 131-беренесинин 1-бөлүгүндөгү даттанууга таандык прокурордун, тергөөчүнүн аракетин (аракетсиздиктери) жалпылоо менен, бир эле убакта, 132-берененин 1-бөлүгүндө алардын толук тизмегин келтирет, анын натыйжасында бир жактуу колдонулушуна жана соттук коргоого конституциялык укукту майнаптуу ишке ашырылышына тоскоол болуучу шарттарды түзгөн. Ошентип, мыйзам чыгаруучу ЖПКнын 132-беренеси менен тергөөчүнүн, прокурордун чечимдерине карата даттанууларды кароонун соттук тартибин жөнгө салуу менен, ушул эле берененин 1-бөлүгүнө аны жөнгө салуу предметине карата тиешеси болбогон ченемдик жоболорду киргизген. ЖПКнын каралып жаткан ченемдеринин ички макулдашылбагандыгын эске алып, жана укук колдонуу практикасында өзгөчө ченемдерди тандоону жол бербөө максатында мыйзам чыгаруучу ЖПКнын 132-беренесинин 1-бөлүгүн алып салууга тийиш.

Демек, Конституциялык палата ЖПКнын 132-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү үчүн негиз жок экендигин белгилейт.

Процесстин катышуучуларынын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө байланышкан тергөөчүнүн, прокурордун аракеттерин жана чечимдеринин үстүнөн болгон сот контролдугу Конституция, ЖПК жана эл аралык-укуктук актылар тарабынан кепилденген адамдарга сотко чейинки жазык өндүрүшүндө жеке инсандын мыйзамдуу кызыкчылыгын жана эркиндиктерин, укуктарын камсыз кылуу механизми болуп саналат.

Ошондуктан, мыйзам чыгаруучу ЖПКда болгон ченемдердин карама-каршылыктарын алып салууга. Бул өзгөртүүлөр Конституция тарабынан кепилденген ар бир адамдын укуктарынын жана эркиндиктеринин соттук корголууга карата укуктарын камсыз кылууга тийиш жана укук колдонуу процессиндеги анык эместикти жана сот органдары тарабынан укуктук мамлекеттик конституциялык принциптер менен макулдашылбаган негизсиз колдонуулардын, болтурбоосун камсыз кылууга тийиш.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46-, 47-, 48-, 51-, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Конституциялык палата

ЧЕЧТИ:

1. ЖПКнын 131-беренесинин 1-бөлүгүн Конституцияга карама-каршы келбегендиги таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Жазык-процесстик кодекске ушул чечимден келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизсин.

3. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.

5. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басмаларында, Конституциялык палатанын атайын сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.

Жогорку сотунун Конституциялык палатасы