Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 25-февралы № 102

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 «Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу» жөнүндө

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15 токтомдун редакциясына ылайык)

 

Дары каражаттарын мамлекеттик каттоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү максатында, «Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 «Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентти бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламенттин 328-1-пунктунун экинчи-онунчу абзацтары күчүн жоготту деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ыйлайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 Ушул токтом Бажы союзунун тиешелγγ техникалык регламенти Кыргыз Республикасынын аймагында кγчγнѳ киргенге чейин колдонулат.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15 токтомдун редакциясына ылайык)

 

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев