Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\27763336-ef2a-437e-9bf4-dd8d789f8498\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

ЧЕЧИМИ

жаран Мамасадык Абдыкалыковдун кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 34-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

 

2014-жылдын 13-январы №1-р

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:

төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиев,

судьялар - Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Ж.М.Макешов, Э.Т.Мамыров, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,

сот жыйналышынын катчысы: М.Э.Толобалдиевдин;

кайрылуучу тарап: М.Абдыкалыков, ишеним каттын негизиндеги М.Абдыкалыковдун өкүлү И.Н.Айткуловдун;

жоопкер тарап: ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү К.Р.Садыковдун;

башка жак - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Л.Ю.Усманованын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6, 8, 9, 10-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37, 42-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 34-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун (мындан ары - ЖПК) конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык сот жыйналышында карады.

Төмөнкүдөй мазмундагы ЖПКнын 34-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "өзгөчө учурларда тергөөнүн караштуулугуна карабастан" деген ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү боюнча ишти кароого жаран М.Абдыкалыковдун кайрылуусу себеп болуп саналат.

Ишти кароого негиз болуп Жазык-процесстик кодекстин 34-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун ченемдик жобосунун "өзгөчө учурларда тергөөнүн караштуулугуна карабастан" деген мазмуну Конституцияга ылайык келүү маселесинде күмөндүүлүктүн пайда болуусу эсептелинет.

Сот жыйналышына ишти даярдаган судья - баяндамачы Ж.М.Макешовдун маалыматын угуп, иштин материалдарын изилдеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2013-жылдын 8-июлунда жаран М.Абдыкалыковдун ЖПКнын 34-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун ченемдик жобосунун "өзгөчө учурларда тергөөнүн караштуулугуна карабастан" деген мазмунунун конституциялуулугун текшерүү жана Конституциянын 104-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык эместигин таануу жөнүндө өтүнүчү түшкөн.

Берилген материалдар көрсөткөндөй, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы М.Абдыкалыковго карата 2011-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүгүнүн       2-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон жана Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 34-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык тергөө өндүрүшү Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздуктун мамлекеттик комитетинин тергөө башкармалыгына тапшырылган (мындан ары - УКМК ТБ).

М.Абдыкалыковдун кызыкчылыгын көздөгөн адвокат И.Н.Айткулов Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кылмыш ишин иликтөөнү УКМК ТБ тапшырылган бөлүгүндө Башкы прокурордун иш аракеттерин мыйзамсыз деп таанууну, ошондой эле көрсөтүлгөн иш боюнча далилдерди жыйноо боюнча тергөөчүнүн аракеттери мыйзамсыз деп таануу жөнүндө даттануу менен кайрылган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2011-жылдын 23-ноябрындагы токтому менен адвокат И.Н.Айткуловдун даттануусу жарым-жартылай канааттандырылып жана кылмыш ишин иликтөөнү УКМК ТБ тапшырылган бөлүгүндө Башкы прокурордун аракеттерин мыйзамсыз деп, калган бөлүгү каанаттандыруусуз калтырган.

Адвокат И.Н.Айткулов Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому менен макул болбой, Бишкек шаардык сотуна даттанган.

Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы 2012-жылдын 25-январындагы аныктамасы менен Биринчи май райондук сотунун токтомун өзгөртүп жана кылмыш ишти иликтөөнү УКМК ТБ тапшыруу жөнүндө Башкы прокурордун чечимин, ошондой эле УКМК ТБ тергөөчүсүнүн иш-аракеттерин мыйзамсыз деп тааныган.

Жогорку соттун соттук коллегиясы Башкы прокурордун сунуштамасын кароонун жыйынтыгында 2012-жылдын 22-мартындагы токтому менен Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынын аныктамасын күчүндө калтырылган. Жогорку соттун соттук коллегиясы ишти жаңы жагдайлар боюнча карап чыгып, 2012-жылдын 22-мартындагы токтому менен бул иш боюнча болуп өткөн соттук чечимдерди жокко чыгарган.

Ошого байланыштуу, М.Абдыкалыков ЖПКнын 34-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "өзгөчө учурларда тергөөнүн караштуулугуна карабастан" деген сөздөр менен берилген ченемдик жобосун конституциялык эмес жана Конституциянын 104-беренесинин 6-пунктуна карама-каршы келет деп таанууну өтүнөт.

Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2013-жылдын 12-августундагы аныктамасы менен М.Абдыкалыковдун өтүнүчү конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алынган.

Соттук жыйналышта кайрылуучу тарап М.Абдыкалыков жана анын өкүлү И.Айткулов өздөрүнүн өтүнүчүн колдошуп, аны канааттандырууну суранышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү К.Р.Садыков ЖПКнын 34-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун Конституцияга ылайык келет деп жана жаран М.Абдыкалыковдун өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырууну суранды.

Конституциялык палата иштин материалдарын изилдеп, жактардын жүйөлөрүн угуп, жыйналышка катышкан башка жактын пикирин угуп, төмөнкүдөй тыянактарга келди:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык палата кайрылууда каралган ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Демек, бул иш боюнча Конституциялык палатанын кароосунун предмети болуп ЖПКнын 34-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "өзгөчө учурларда тергөөнүн караштуулугуна карабастан" деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосу саналат.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык, № 62 сандуу 1999-жылдын 30-июнунда кабыл алынган, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысында" 1999-жылы № 10 санында жарыяланган жана күчкө ээ болуп эсептелет.

2. Конституциянын 104-беренеси менен прокуратурага жүктөлгөн ыйгарымдардын жалпы көлөмүндө, кызмат адамдарын кылмыштык куугунтуктоо, прокуратура тарабынан жүзөгө ашыруучу башка иш-милдеттерден обочолонгон, өз алдынча, башка иш-милдет катары чыгат.

Мындай конституциялык белгилөө мамлекеттик органдардын конституциялык тутумунда прокуратуранын өзгөчө статусу менен алдын ала аныкталгандыгын билдирет.

Конституциянын түзүмүндө прокуратуранын статусун жана ыйгарым укуктарын аныктоочу жоболор жетинчи "Мамлекеттик башка органдар" бөлүмүндө каралган. Ошону менен бирге, Конституцияны түзүмдөштүрүү логикасынан алып караганда, прокуратура бийликтин бир да бутагына кирбеген жана конституциялык деңгээлде түзүлгөн өз алдынча, көз карандысыз мамлекеттик орган болуп саналат.

Конституциянын 3-беренесинин 2-бөлүмүндө бекитилген мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү принциби башка институционалдык көз карандысыз жана иш-милдеттик мамлекеттик-укуктук институттардын өз алдынча жашоо мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт. Алардын болушу мамлекеттин айрым функцияларын ишке ашыруу зарылдыгын, мамлекеттик-укуктук жашоонун учурдагы керектөөлөрүн алдын ала аныктайт. Алардын көз карандысыздыгынын кепилдиги, ошондой эле алардын ишинин уюштурулушу жана тартиби Конституциянын 109-беренесине ылайык мыйзамдар менен аныкталат.

Прокуратуранын иш-милдеттик багытын конституциялык мамиледен алып караганда, "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамынын 1-беренесинде "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзүүчү мамлекеттик орган" деп аныкталган. Прокуратура органдары, мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга көз карандысыз жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ченемдик укуктук актыларга жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге так ылайык келген ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат ("Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту).

Прокуратуранын мамлекеттик органдар тутумунда ээлеген өзгөчө ордун, бийликти бөлүштүрүүдө анын обочолонгон механизмин эске алып, Конституция ага таандык болгон көзөмөлдөөчү иш-милдеттеринен тышкары, кызмат адамдарына кылмыштык куугунтуктоону жүргүзүү иш-милдеттерин жүктөдү.

Кызмат адамдарга кылмыштык куугунтуктоону жүргүзүү Конституция тарабынан берилген мааниде, прокуратура тарабынан кылмыш жасаган кызмат адамдын бетин ачуу дегенди түшүндүрөт. Кылмыштык куугунтуктоонун мазмуну, кылмыш ачууга багытталган прокурордун (тергөөчүнүн) процесстик аракеттеринин жыйындысы болуп төмөнкүлөр саналат:

а) бир конкреттүү жакка карата кылмыш ишинин козголушу;

б) бир конкреттүү жакка карата айыптоочу далилдерди жыйноого багытталган тергөө аракеттерин жүргүзүү;

в) бир конкреттүү жакка карата айып тагуу жана жасаган кылмышына айып коюу;

г) ишти сотко жөнөтүү.

3. Жазык-процесстик кодекс жазык иштердин тергөөгө караштуулугун аныктоодо 163-беренесинин 3-бөлүгүндө мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө жазык иштери боюнча тергөө прокуратура органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт деп аныкталган. Ошону менен, мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө жазык иштери боюнча, прокуратуранын жеке белгиси боюнча прокуратуранын компетенциясына караштуу.

Ушуну менен бирге, жазык мыйзамында "кызмат адам" деген түшүнүктүн аныктамасы бирдиктүү мамиледе регламенттешкен.

Кылмыш-жаза кодексинин (мындан ары - КЖК) "Кызматтык кылмыштар" деген 30-бөлүгүндө кызмат адам катары туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укуктар боюнча бийлик өкүлүнүн милдеттерин жүзөгө ашырган же болбосо мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик түзүлүштөрдө уюштуруучулук-тескөөчүлүк, администрациялык-чарбалык милдеттерди аткарган адам таанылат (КЖКнын 304-беренесине эскертүү).

Ушул берененин 2-эскертүүсүндө жооптуу абалды ээлеген кызмат адамдар болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясында, конституциялык мыйзамдарында мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын түздөн-түз аткаруу үчүн мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдар табылат.

Ушуну менен, кылмыш мыйзамы кызмат адамдын критерийин болгону кызматтык кылмышкер катары аныктайт.

Мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыштар туурасында кылмыш иштеринин ирээттүүлүгү персоналдык белгилерден алып бекитилгендигин эске алып, мыйзам тарабынан, прокуратура тарабынан кылмышка куугунтукталган жактардын алкагын аныктоосу керек.

Мындай аныктоонун зарылдыгы Конституциянын өзүнөн чыгат, ага ылайык мамлекеттик органдардын кызмат адамдары Президент тарабынан түзүлгөн мамлекеттик органдардын курамдарында өз ишин жүргүзүшөт, анын ичинде Президенттин өзү да мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигинин тутумунда, ошондой эле Конституциянын жетинчи бөлүмүндө аныкталган статустагы органдардын курамында иш алып барат.

Конституциялык палата, Конституция, прокуратуранын көз карандысыз жана өз алдынча орган статусун бекитип, ага мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын кылмыштык куугунтугун жүзөгө ашыруу милдетин өз ара макулдашылган токтотуп туруу жана карама-каршы коюулар принцибине негизделген мамлекеттик бийликтин механизминин акылга сыярдуу иштеп турушун камсыз кылуу максаттарында жүктөгөн деп эсептейт. Прокуратуранын ишинин принциптери, андан келип чыккан конституциялык статус прокуратуранын ишине башка мамлекеттик органдар тарабынан мүмкүн болгон таасир этүү тариздерин жокко чыгарат. Ага ылайык, так ушул прокуратура, аткаруу бийлик бутактарынын курамына кирген жана жалпы кылмыштык куугунтуктоо иш-милдеттерин жүргүзгөн, башка укук коргоо органдарынан айырмаланып, мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына болгон кылмыштык куугунтуктоо иштерине кызыктар болбостон, адилеттик менен карашат. Каралган аспектте прокуратуранын ролу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу процессинде мүмкүн болгон кийлигишүүнүн алдын алууга багытталган.

Демек, Конституция менен прокуратурага жүктөлгөн атайын маселеден, эл алдында боло турган мүнөздө бийлик ыйгарым укуктары берилген мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын кылмыштык куугунтуктоо тергөөнү прокуратура жүзөгө ашырууга тийиш. Жалпы көлөмдө прокуратуранын компетенциясы, ушул ыйгарым укук өз алдынча жана обочолонгон мүнөзгө ээ. Анын үстүнө, бүтүндөй алганда кылмыштык куугунтуктоо тергөө иш-милдеттерин жүзөгө ашырышкан органдар тутумунда, мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын кылмыштык куугунтуктоо тергөө жалгыз гана прокуратуранын ыйгарым укугу катары каралууга тийиш. Прокурор тарабынан мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына болгон кылмыштык куугунтуктоо иштерин жүргүзүү өзү тараптан түздөн-түз жүргүзүлүп, кылмышка шектелген айыпкерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган.

4. Кайрылуунун субъекти, өз абалын негиздөөчү негизги аргумент катары мындай далил келтире алат, каралып жаткан ченемдик жободо прокуратура органдарынын жетекчилеринин жана алардын орун басарларынын Конституциянын 104-беренесинин 6-пунктунда каралган милдеттерди аткаруудан - мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына, алардын ичинен сотторго карата кылмыштык куугунтуктоо жүргүзүүдөн баш тартуу мүмкүндүгүнө уруксат берилет.

Конституциянын 95-беренесинин 6-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык, сотторго кылмыш куугунтуктоо жүргүзүү атайын жол-жоболук механизмдин жардамы менен жүргүзүлөт, ал акыйкат сотко жөнөтүү учурунда соттордун көз карандысыз өз эркин билдирүүдө, сотторду акталбаган кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мүмкүн эместиги, ошондой эле сотторго мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан кысым көргөзүүнү минималдаштырууда кошумча кепилдиктерди түзүү зарылдыгы менен шартталган.

Конституциялык палатанын ушул сыяктуу позициясы 2013-жылдын 27-декабрындагы чечиминде баяндалган. Башкы прокурордун сотторго карата кылмыш иштерин козгоосу өзгөчө ыйгарым укуктары тууралуу маселени кароо менен, Конституциялык палата мындай ченемдик укуктук белгилөөнү сотко карата кылмыш ишин козгоо үчүн негиздин бардыгы же жоктугу туурасында юридикалык баа берүү укугун берген жактардын алкагында чектөө зарылдыгы менен шартталганын белгиледи жана ушуну менен сотторго таасир этүү мүмкүндүгүн азайтууга багытталган. Андан сырткары, сотко карата кылмыш ишин козгоонун негизделгендиги жана мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчилик Башкы прокурорго жүктөлөт.

Жогоруда айтылгандардын негизинде мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына, өзгөчө процесстик иммунитети бар жактарга кылмыштык куугунтуктоо жүргүзүү маселелерин мыйзамдуу регламенттештирүүнүн зарылдыгын күбөлөндүрөт.

Жазык-процесстик кодекс иммунитетке ээ кызмат адамдарына кылмыш куугунтуктоо жүргүзүүнү укуктук жонго салууну камтыбайт. Бул категориядагы жактардын жазык-процесстик иммунитетин ишке ашыруу башка мыйзамдарда (ЖПКдан башка) камтылган атайын ченемдерди аткаруу аркылуу жүргүзүлөт. Негизинен, "Судьяларынын статусу жөнүндө" КР Мыйзамы бул жактарга берилген атайын кепилдиктердин (иммунитетин) көлөмүн жана чегин аныктаган материалдык укуктардын ченемин камтыйт, ага ылайык, процессуалдык мыйзам ченемдер кылмыш жасаган сотторго кылмыштык куугунтуктоо ишин жүргүзүүнү ишке ашырууга байланышкан кылмыштык сот жообуна тартууда бул ченемдерди колдонуу тартибин аныктайт.

Буга байланыштуу ЖПКда процесстик иммунитети бар кызмат адамдардын категориясына карата кылмыш иштерди жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүн жөнгө салган бөлүмдү алдын ала кароо зарыл. Укук колдонуунун ыңгайлуу позициясынан да, бытыранды жазма буйруктарды бирдиктүү кодекске келтирүү аркылуу, чогултуу жолу менен мыйзам чыгарууну жакшыртуу көз карашынан алып караганда да, мындай жүрүштүн максаттуулугу акталган. Андан сырткары, мындай жүрүш кылмыштык сот жообуна тартууда өзгөчө укугу (иммунитети) бар укуктук институтту калыптандырууга шарт түзөт. Негизинен, аталган маселенин контексти, каралып жаткан жактардын категориясына карата жазык ишин жүргүзүү тартибин ишке ашыруу механизминин биримдиги жазык, жазык-процесстик башка мыйзам чыгаруу ченемдеринин жыйындысын камтыган укуктук ченемдердин тутуму тарабынан камсыз кылынышы керек.

Мындай учурда бардыгынын мыйзам жана сот алдында бирдей деген принциптен алып караганда, айрым категориядагы жактарга карата жүргүзүлгөн жазык процесстик мыйзамдын ар кандай аракеттери эл алдында болгон укуктук кызыкчылыктарга гана уруксат берилиши керек. Ошентип, кызматтык абал процесстик иммунитетти шартташы мүмкүн, башкача айтканда, бир катар кызматтык жактардын категориясына болгон өндүрүштүн өзгөчө тартиби, бул жактарга карата бардык же бир катар процесстик аракеттерди жүргүзүүгө уруксат алуу зарылдыгын да шарттайт. Процесстик иммунитет бул жактар тарабынан персоналдык артыкчылыктарга ээ дегенди билдирбейт, алар тарабынан маанилүү мамлекеттик жана коомдук иш-милдеттерди майнаптуу аткаруусунун кепилдиги болуп саналат. Ошентип, сотторго карата өзүнүн юридикалык негизинде жарандардын теңдигине эмес, сот бийлигинин көз карандысыздык принцибине ээ.

Мындай учурда сотторду кылмыштык куугунтуктоосунун жол-жоболук өзгөчө тартибинде, сот кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт дегенди билдирбейт. Бул тармактагы мыйзам чыгарууну жөнгө салуу, иммунитетти жеке артыкчылыкка айланууну жокко чыгарган багытта жүрүшү керек. Буга ылайык, соттордун жасаган жоруктары үчүн кылмыш куугунтуктоо мамилелерин жонго салуу, мыйзам чыгаруучудан тең салмактуулуктун шайкештиги принцибинин негизинде бир тараптан кылмыш жоопкерчилигин кайтарымсыздыгы принциби, экинчи жактан - соттордун кол тийбестиги жана көз карандысыздыгы сыяктуу конституциялык маанилүү баалуулуктарды, сактоону талап кылат.

5. Мыйзам чыгаруучу ЖПКнын 34-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пункту менен прокурордун кылмыш иштерин тергөөчү тарабынан өзгөчө учурларда тергөө үчүн тергөөнүн караштуулугуна карабастан, жана мында тергөө прокуратура органдарынын өзгөчө компетенциясына гана кирүүгө тийиш болгон кылмыш иштердин айрым категорияларына карата айырмачылыкты белгилебей туруп, берүү укугун аныктап жатып, Конституциянын 104-беренесинин 6-пунктундагы мындай ченемдик жобонун карама-каршылыкка келип жатканын көңүлгө алган эмес.

Андан тышкары, талаш-тартыш ченемде камтылган "өзгөчө учурларда" деген термин баа берүүчү категория болуп саналат жана мазмуну конкреттүү иштин факт жүзүндө жагдайларынан көз каранды болуу менен толтурулат.

Өзгөчө учурлардын регламентациясынын жок болушу прокурорго өз алдынча, өз каалашынча, ага субъективдүү-жеке көз карашка тийиштүү болгон белгиленген мындай учурлардын мүнөзүн аныктоого жол берет.

Каралып жаткан ченемдик жобо түшүнүгүнүн көп маанилүүлүгү, кылмыш процессинин катышуучуларынын процесстик укуктарын жана милдеттерин аныктоодо жана буга ылайык чечимдерди чыгаруу учурунда субъектке чектелбеген кароо мүмкүндүгүн берген белгисиздик катары кабыл алынат. Мыйзам чыгаруучу, жазык процессинде укуктук жөнгө салуунун негизги ыкмасы чечүүчү ыкма экендигин эсинен чыгарбашы керек. Укуктун бул тармагында анын басымдуулук кылуусу, так ушул укук коргоо тармагында адамдын жана жарандын укугун жана эркиндигин, анын мыйзамдык кызыкчылыктарын козгогон аракеттер ишке ашырылганы менен шартталган, ага ылайык, жазык-процесстик укуктук ченемдери мындай аракеттердин негизин, шарттарын жана процедурасын так аныкташы керек. Алардын мыйзамдуулугу жана негизделиши укуктук ченемдерди бир түрдүү колдонуу шартында гана камсыз кылынышы мүмкүн, ал колдонуудагы укуктук жөнгө салуу тутумунда алардын формалдык аныкталышы, тактыгы, ачыктыгы, кош маанилүү болбошу жана макулдашылгандыгы болгон учурда гана мүмкүн болот. Көрсөтүлгөн бул белгилердин жоктугу жасаган кылмышы үчүн кылмыштык куугунтуктоо жол-жобосунда ишке ашырылуучу кылмыш процессинин катышуучуларынын укугунун бузулушуна алып келет.

Тиешелүүлүгүнө жараша прокурор тергөөчүлөргө иштин караштуулугуна карабастан тергөө үчүн кылмыш иштерин өткөрүп берүүгө мүмкүндүк бере турган өзгөчөлүү учурлардын критерийлерин, же болбосо өзгөчө учурлар болуп саналуучу жагдайларды мыйзамдуу түрдө аныктоого зарыл.

Мында эч кандай өзгөчөлүү учурлар прокуратура органдары тарабынан мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын айрым категорияларынын кылмыштык куугунтуктоону жүзөгө ашырууда иштерди тергөөнүн караштуулугуна карабастан өткөрүп берүүгө негиз болбойт.

Ошентип, Конституциялык палата ЖПКнын 34-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун ченемдик жобосу Конституциянын 104-беренесинин 6-пунктуна прокурорго тергөөнүн караштуулугуна карабастан башка тергөө органдарына ушул Чечимдин жүйөлүү бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын айрым категориялары тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө кылмыш ишин өткөрүп берүү укугун берген өлчөмдө карама-каршы келген деп эсептейт.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 42-, 46-, 47- 48-, 51-, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Конституциялык палата

ЧЕЧТИ:

1. ЖПК 34-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда "өзгөчө учурлар да тергөөнүн караштуулугуна карабастан" деген сөздөр менен берилген ченемдик жобо, бул жобо менен прокурорго, критерийлери ушул Чечимдин жүйөлүү бөлүмүндө аныкталган мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө кылмыш иштердин иликтөөсүн башка тергөө органдарына тапшырууга, өткөрүп берүүгө жол берген бөлүгүндө Конституциянын 104-беренесинин 6-пунктуна ылайык келбейт деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кылмыш-жаза, жазык-процесстик мыйзамдарына Конституциянын талаптарынан жана ушул чечимден келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизсин.

3. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.

5. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басмаларында, Конституциялык палатанын атайын сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы