Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\bbf4fdba-df86-4533-979b-906b0092770c\document.files\image001.jpg

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН


ЧЕЧИМИ

2013-жылдын 6-ноябры № 8-р

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесин Кыргыз Республикасынын
Конституциясына ылайыктуулугун текшерүү жөнүндө жаран Орозобек Капарбекович
Мадиновдун өтүнүчүнүн негизинде козголгон иш боюнча

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы төмөнкү курамында:

төрагалык кылуучу: М.Ш.Касымалиев, судьялар: Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Ж.М.Макешов, Э.Т.Мамыров, Ч.О.Осмонова, Э.Ж.Осконбаев, К.С.Сооронкулова,

соттук жыйналыштын катчысы: М.Э.Толобалдиев,

тараптар: жаран Орозобек Капарбекович Мадинов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү Кызжибек Советовна Карабекованын катышуулары менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6, 7, 8, 9,10-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 18, 24, 37, 42 жана 46-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышта жаран O.K.Мадиновдун Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесин, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна жана 33-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайыктуулугун текшерүү жөнүндө жаран Орозобек Капарбекович Мадиновдун өтүнүчүнүн негизинде козголгон иш каралды.

Судья Ж.М.Макешовдун баяндамасын, жаран O.K.Мадиновдун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү К.С.Карабекованын ой-пикирлерин угуп, иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2013-жылдын 12-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 1997-жылдын 18-сентябрында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна жана 33-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык эмес деп табуу жөнүндө жаран O.K.Мадинов өтүнүч менен кайрылган.

2013-жылдын 21-августундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын аныктамасы менен жаран O.K.Мадиновдун кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынган.

Өтүнүчтү негиздөө ирээтинде төмөнкү жүйөөлөр келтирилген.

Жаран O.K.Мадинов 2012-жылдын 22-августунда жаран Б.М.Бекежановдун жеке айыптоо арызы боюнча Нарын шаардык сотунун өкүмү менен O.K.Мадиновдун кыймыл аракети экинчи бир адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын атайлап уятсыздык менен кемсинтип мазактаган деп табылып, Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

O.K.Мадинов тарабынан Нарын шаардык сотунун өкүмүнө кассациялык даттануу берилип, жазык ишин кароодо Нарын областтык сотунун судьяларынын толук курамынан баш тартуу өтүнүчү канааттандырылып, жазык ишин кароо Ысык-Көл областтык сотуна жүктөлгөн.

2012-жылдын 4-декабрында жаран О.К.Мадиновдун кассациялык даттануусу Ысык-Көл областтык сотунун соттук коллегиясында каралып, алардын аныктамасы менен Нарын шаардык сотунун 2012-жылдын 22-августундагы өкүмү эч өзгөртүүсүз күчүндө калтырылган.

Нарын шаардык сотунун өкүмүнө жана Ысык-Көл областтык сотунун аныктамасына жаран O.K.Мадинов көзөмөл ирээтинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун соттук коллегиясына даттануу келтирген.

2013-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун соттук коллегиясы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн соттук актылар күчүндө калтырылган.

Ошондуктан, жаран O.K.Мадинов Конституциялык палатага кайрылып, Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна жана 33-беренесинин 5-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таап берүүнү суранган.

Соттук жыйналышта жаран О.К.Мадинов өзүнүн талабын колдоп, аны канааттандырууну суранды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү К.С.Карабекова өтүнүчтүн жүйөөлөрү эч негизсиз деп, O.K.Мадиновдун коюлган талаптары менен макул болбостон аны канааттандыруусуз калтырууну сурады.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөөлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкү тыянактарга келди.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы адамды, анын укуктарын жана эркиндиктерин эң жогорку баалуулук деп жарыялайт. Алар тикелей колдонулгандыктан, мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин жана өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маани-мазмунун аныктап тургандыктан, алар сот адилеттүүлүгү менен камсыз болгондуктан, адам укуктарын жана эркиндиктерин таануу, сактоо жана коргоо мамлекетке милдет катары жүктөлгөн (16-берене). Мамлекет адам укуктарын жана эркиндиктерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерине жана ченемдерине ылайык кепилдеп, Конституция жана мыйзамдар менен гана белгиленген шарттардын алкагында, конституциялык түзүлүштү, адеп-ахлакты, саламаттыкты, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо, коомдун жана  мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо максатында өлчөмдүү чектөөгө жол берилет (20-берене, 2-бөлүк).

Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана эл аралык келишимдерде таанылган укуктардын жана эркиндиктердин катарында өзүнүн табияты боюнча эч кандай чектелбей турган, адамдан ажырагыс касиет болуп каралган баалуулуктардын бири болуп инсандын ар-намысы жана бедели эсептелет.

Ар-намыс деген бул коом тараптан инсанга болгон субъективдүү мамиле жана коом тараптан берилген бааны билдирген адеп-ахлактык категориясы.

Бедел (кадыр-барк) деген бул инсандын ажырагыс, колтийгис, баажеткис укугу. Ошондой эле инсандын, анын чөйрөсүндөгү адамдардын кандай кабыл алып, баа бергендигине карабастан, өзүнүн баалуулугуна болгон ички ишенимин, инсандын өзүнүн түшүнүүсүндөгү жеке сапаттарын, жөндөмдөрүн жана коомдогу баркын билдирген адеп-ахлактык категориясы.

Адамдын укуктарынын жалпы Декларациясы (преамбула, 1-берене) жана жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык Пакт, эркиндиктин, адилеттүүлүктүн, жана жалпы тынчтыктын негиздери катары эсептелген адамдын бирдей жана тартып алынгыс укуктары менен бирге адам коомчулугунун бардык мүчөлөрүнө таандык болгон беделдикти тааныйт. Ушул жоболор Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат (Конституция, 6-берене, 3-бөлүк).

Ошондуктан инсандын ар-намысынын жана беделинин кол тийбестиги сөзсүз түрдө кепилдениши зарыл.

Бирок, коомдук тажрыйбадан келип чыккандай инсандын ар-намысын жана беделин жаманатты кылган же кемсинткен көрүнүштөр бул сөз жана басма сөз эркиндигин, маалымат эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууда байкалат.

Эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Кыргыз Республикасында ар бир адам эркин ой жүгүртүүгө жана өзүнчө пикирге ээ болууга, өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине, маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка ыкма менен жайылтуу укугуна ээ (31-берененин 1, 2, 3-бөлүктөрү; 33-берененин 1-бөлүгү).

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык ой-пикир эркиндиги эч чектелүүгө тийиш эмес.

Ар бир адамдын маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же өзүнүн тандоосу боюнча башка ыкмалар менен жайылтууну кошуу менен өз пикирин билдирүү укугу жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык Пакт менен дагы белгиленген. Бирок, бул укуктар менен колдонуу өзгөчө милдеттенмелерди жана өзгөчө жоопкерчиликти талап кылат жана алардын чектөөлөрү башка адамдардын укуктары жана беделин урматтоо үчүн, мамлекеттин коопсуздугун, коомдук тартипти, калктын ден-соолугун жана адеп-ахлактуулугун сактоо максатында мыйзам тарабынан орнотулат (19-берененин 2, 3-пункттары).

Башкача айтканда, ар бир адам Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана эл аралык келишимдерде кепилденген укуктар менен эркиндиктерди пайдаланууда башка адамдардын укуктарына жана эркиндиктерине опузалаган же залал келтирген аракеттерден баш тартууга милдеттүү.

Ушуга ылайыктуу, ар бир адам баардык жеке жана юридикалык жактардан өзүнүн ар-намысынын жана беделинин кол тийбестигине каршы багытталган аракеттерден кармануусун талап кылууга укуктуу.

Ошондуктан, маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны ар кандай мыйзамдуу ыкмалар менен жайылтуу укугу, башка адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо жана бузууга жол бербөө принциптеринде негизделип, ишке ашуусу тийиш. Инсандын беделине зыян келтирбөө максатында, жеке турмушунун кол тийбестик укугу, адамдын макулдугусуз анын жеке турмушу тууралуу маалыматты, жашыруун маалыматты жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга жол берилбестиги Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболорунда кепилденген (29-берененин 1, 3-бөлүктөрү).

Ушундай жагдайларда, ар бир адам өзүнүн ар-намысын жана беделин коргоо үчүн таасирлүү механизмдерге ээ болушу керек.

Адамдын ар-намысын жана беделин коргоо укугунун маңызын төмөнкүлөр түзөт: башка адамдар тарабынан бул укукту басмырлоодон баш тартууну талап кылуу жана беделин жаманатты кылган же кемсинткен адамды жоопкерчиликке тартуу үчүн мыйзамдын каражаттарын жана мамлекеттик мажбурлоо чараларын пайдалануу. Бул укуктук каражаттар ар бир адамдын ар-намысын жана беделин натыйжалуу сакталышын жана корголушун билдирет.

Инсандын беделин басмырлоого эч нерсе негиз боло албагандыктан, инсандын беделин, ошондой эле, аны менен байланышкан укуктарын жана эркиндиктерин тиешелүү шарт жана мүмкүнчүлүк түзүп берүү мамлекеттин милдети экендиги талашсыз.

Адамдын ар-намысын жана беделин коргоо укугунун негизги ыкмасы болуп соттук коргоо эсептелет. Соттук коргоо укугу башка баардык укуктардын жана эркиндиктердин процессуалдык кепилдиги катары жана инсандын ар-намысын жана беделин таасирдүү коргоо ыкмасы катары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесинин 4-бөлүгүндө жана 40-беренесинин 1-бөлүгүндө бекитилген.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында инсандын ар-намысын жана беделин укуктук коргоо жолдору Жарандык кодексинин 18-беренесинде жана конституциялуулугу талашылып жаткан Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинде көрсөтүлгөн.

Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинде инсандын ар-намысына жана беделине мазактоо түрүндө кемсинткендик үчүн жазыктык-укуктук жоопкерчилик каралган. Кылмыш-жаза кодекси мазактоону башкача айтканда уятсыздык менен экинчи бир адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын атайылап кемсинтүү деп аныктайт.

Мазактоо оозеки, жазуу жүзүндө, аракет же башка ыкма менен жасалышы мүмкүн. Ар-намыс жана беделин кемсинтүүчү аракеттердин коомдук коркунучу, беделди алып жүрүүчү катары инсандын баалуулугун кунөөлүү жак тараптан төгүндөөдө камтылат.

Жогоруда көрсөтүлгөн берененин 2-бөлүгүндө калк алдында чыгып сүйлөгөндө, калкка көрсөтүлгөн чыгармада же массалык маалымат каражаттарында мазактагандык, ошол эле кылмыштын квалификациялоочу белгиси болуп саналат. Бул ченемдин маңызы боюнча кылмыш деп эсептелген мындай аракеттер инсандын ар-намысын жана беделин басмырлоо же кемсинтүү маалыматтарды жайылтуу жолу менен жасалат.

Демек, мындай аракеттер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 33-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык кылмыш деп эсептелинбейт жана укук бузуу субъектиси кылмыштык жазага тартылышы мүмкүн эмес.

Инсандын ар-намысын жана беделин басмырлоо же кемсинтүү маалыматтарды жайылтуу жолу менен жасалган мазактоону кылмыш эмес деп табуу менен бирге, инсандын ар-намысына жана беделине каршы багытталган коомдук кооптуулугу боюнча төмөнүрөөк турган аракеттерди дагы кылмыш деп эсептөөгө негиз болбош керек. Ошондуктан, 128-беренедеги аракеттер бир эле кылмыштын белгилерин камтыгандыктан, мазактоону жалпысынан эле Конституцияга карама-каршы келет деп табуу зарылчылыгы чыгып турат.

Ошол эле убакта адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоочу иштей турган жолдорду жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү.

Ошондуктан, жогорудагыларды эске алуу менен Конституциялык палата, Конституциянын ченемдерине ылайык, мазактоо үчүн кылмыш-жаза куугунтуктоону алып салуу зарылчылыгын белгилейт.

Бул менен бирге, ар-намыс жана бедел мүлктүк эмес укуктардын арасында биринчи орунду ээлерин жана натыйжалуу корголууга муктаж экендигин басым кылып белгилеп кетүү керек.

Кылмыш-жаза сот өндүрүшү тартибинде бул укуктарды бузуунун акталбагандыгын таануу менен, Конституциялык палата мазактоо аракеттеринде коргоо ченемдерин камтыган Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен инсандын ар-намысын жана беделин коргоонун таасирдүү механизмин кароо керектигин белгилейт.

Мындан тышкары, инсандын ар-намысын жана беделин жаманатты кылган же кемсинткен аракеттер коомдук коркунучунун даражасы боюнча кылмыш деп эсептелбегени менен, өзүнүн маңызы боюнча административдик укук бузуулардын катарына киргизилиши мүмкүн.

Демек, инсандын ар-намысына жана беделин коргоо механизми Кыргыз Республикасынын укуктук системасында бир нече укуктук чөйрөлөрдө орун алышы керек.

Мындай жагдайда Конституциялык палата Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси толугу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 33-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган адамдын ар-намысын жана беделин жаманатты кылган же кемсинткен маалыматтарды тараткандыгы үчүн кылмыштык жазага тартылышы мүмкүн эмес деген жана 20-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн ушул тыюунун кепилдиги чектелүүгө тийиш эместигин камтыган жоболоруна ылайык эмес экендигин аныктады.

Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы

ЧЕЧТИ:

1. Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна жана 33-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык эмес деп табылсын.

Жаран Орозобек Капарбекович Мадиновдун өтүнүчү толугу менен канааттандырылсын.

2. Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ушул чечимдин негизинде тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө милдеттендирилсин.

3. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт. Бардык мамлекеттик органдар, юридикалык жактар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы