Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

ЧЕЧИМИ

 

"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызматтар жөнүндө" Мыйзамынын 32-беренесинин 1-, 4-, 7-бөлүктөрү, 35-беренесинин 1-бөлүгү, 36-беренесинин 1-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайыктуулуктарын текшерүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын судьяларынан келип түшкөн суроо талаптарынын негизинде козголгон иш боюнча

19-ноябрь 2013-жыл № 10-р

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы:

төрагалык кылуучу – судья М.Ш.Касымалиев, судьялар - Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Д.М.Макешов, Э.Т.Мамыров, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,

сот жыйналышынын катчысы: Э.Т.Толобалдиевдин;

тарап: 2013-жылдын 10-сентябрындагы ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү К.С.Карабековынын;

башка жак катары тартылган, ишеним катгын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин өкүлү Т.У.Саалаевдин катышуулары менен, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 18-беренесинин 1-бөлүгүн, 24-беренесин жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьялары А.Молдобаев, А.Субанкуловдун, Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьясы Ч.Асанованын "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызматтар жөнүндө" Мыйзамынын 32-беренесинин 1, 4, 7-бөлүктөрү, 35-беренесинин 1-бөлүгү, 36-беренесинин 1-бөлүгү жана Кылмыш-жаза кодексинин 351-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун аныктоо боюнча суроо-талаптарынын негизинде козголгон, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын судьясынын 2013-жылдын 23-августунда кабыл алган аныктамасы менен бир конституциялык өндүрүшкө бириктирилген конституциялык өндүрүштөгү ишти карады.

Судья-баяндамачы Ч.О.Осмонованын баяндамасын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү Кызжибек Советовна Карабекованын жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин өкүлү Талгат Уметакунович Саалаевдин сөздөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьялары А.Молдобаев, А.Субанкуловдун, Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьясы Ч.Асанованын "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызматтар жөнүндө" Мыйзамынын 32-беренесинин 1, 4, 7-бөлүктөрү, 35-беренесинин 1-бөлүгү 36-беренесинин 1-бөлүгү жана Кылмыш-жаза кодексинин 351-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун аныктоо боюнча суроо-талаптары келип түшкөн.

Суроо-талаптарды негиздөөгө темөндөгүдөй жүйөөлөр келтирилген: Чүй облусунун Москва райондук сотунун 2012-жылдын 19-, 22-, 31-июлунда, 16-октябрында, Жайыл райондук сотунун 2012-жылдын 11-январында, Бишкек шаарынын Октябр райондук сотунун 2012-жылдын 23-апрелинде жана 16-июлунда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2012-жылдын 6-июлунда чыккан өкүмдөрү менен К.А.Абасканов, О.О.Дребот, Э.Б.Жусупов, А.С.Исмаилов, А.В.Култасов, Т.А.Осмонбеков, М.В.Раскин, Н.С.Сатаев, М.К.Сооронбаев, С.Т.Турдалиев

альтернативдүү (аскерден тышкары) кызмат өтөө үчүн акчалай салым төлөөдөн баш тарткандыктары үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 351-беренесинин 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылышкан. Жогоруда көрсөтүлгөн берененин квалификациялык белгилери - аскердик кызматтан бошотулган адамдар альтернативдүү (аскерден тышкары) кызматты өтөөдөн качуу болуп саналат. Ал эми соттолуучулар А.А.Эркинов, Аттокур уулу Амантур жана Н.А.Полосухиндер тергөө органдары тарабынан ушул эле берененин талаптары менен кылмыш жоопкерчилигине тартылып, кылмыш иштери Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жана Чүй облусунун Жайыл райондук сотторунун сот өндүрүштөрүнө келип түшүшкөн. Жогоруда көрсөтүлгөн соттолуучулар өзүнүн мыйзамга туура келбеген аракеттерин, "Жахабалар кудайдын күбөөсү" диний уюмдун мүчөсү экендиктерин, ал эми төлөгөн акчалай елчөмү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин атайын эсебине түшө турганы алардын диний көз карашы боюнча үйрөтүлгөн абийирине каршы келгендиги менен түшүндүрүшкөн.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 32-беренесинин 1-бөлүгүндө ар кимге абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденгендиги, 56-берененин 2-бөлүгүндө жарандарды аскер кызматынан өтөөдөн бошотуунун же анын альтернативдүү (аскерден тышкары) кызмат менен алмаштыруунун негиздери жана тартиби мыйзам менен белгиленгендиги көрсөтүлгөн. Ал эми "Кыргыз Республикасынын жарандарын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдүү (аскерден тышкары) кызматтар жөнүндө" Мыйзамынын 32-беренесинин 4, 7-бөлүктөрү альтернативдүү (аскерден тышкары) кызмат өтөө түздөн түз Коргоо министрлигинин көзөмөлүндө жана жетектөөсүндө жүргүзүлүп, ал кызматты өтөп бүткөндөр Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн экинчи категориядагы запасына киргизилгендиги каралган.

Аталган соттор Кылмыш-жаза кодексинин 351-беренесинин 2-бөлүгү жана "Кыргыз Республикасынын жарандарын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдүү (аскерден тышкары) кызматтар жөнүндө" Мыйзамынын 32-беренесинин 1, 4, 7-бөлүктөрү, 35-беренесинин 1-бөлүгү, 36-беренесинин 1-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайыктуу, же ылайыктуу эместигин текшерип берүүнү өтүнөт.

Көрсөтүлгөн суроо-талаптардын бир түрдүүлүгүн эске алып, Конституциялык палатанын судьясы Ч.О.Осмонованын 2013-жылынын 23-августунда, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 30-беренесине ылайык чыгарган аныктамасы менен жогоруда көрсөтүлгөн суроо-талаптар боюнча козголгон өндүрүштөрү бир өндүрүшкө бириктирилген.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү К.С.Карабекова соттордун суроо-талаптары менен макул болбой, аларды канааттандыруусуз калтырууну суранды.

Башка жак катары ишке тартылган Коргоо министрлигинин өкүлү Т.У.Саалаев, соттордун суроо талаптары боюнча конституциялуулугу текшерилип жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршылык туудурбаганын билдирди.

Конституциялык палата келип түшкөн суроо-талаптардын жүйөөлөрүн талкуулап, жоопкер тараптын соттук жыйналышта берген көрсөтмөсүн, башка жак катары тартылган Коргоо министрлигинин өкүлүнүн көрсөтмөсүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөндөгүдөй тыянакка келет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 56-беренесинде бекитилгендей Ата-Мекенди коргоо - жарандардын ыйык парзы жана милдети. Бул милдетти жана конституциялык парызды ишке ашыруу максатында, аскердик милдет белгиленген. Аскердик милдетти жүзөгө ашыруу тартиби жана жолдору, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамда жөнгө салынган.

Бул мыйзамдын преамбуласында көрсөтүлгөндөй Кыргыз Республикасынын жарандары расасына, тилине, этностук таандыктыгына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк жана башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү.

Ошону менен бирге, аскердик милдетти аткаруу тартибин жөнгө салууда, мыйзам чыгаруучу орган, Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана эл аралык келишимдерде кепилденген, адамдан ажырагыс, чектөө коюуга тыюу салынган укуктарды жана эркиндиктерди камсыз кылууга милдеттүү.

Ата-Мекенди коргоо милдетин аткаруу кээ бир учурларда жарандын дин ишенимине жана көз караштарына ылайык келбей, карама каршылык туудурган учурлар коомдо оорун алган көрүнүш.

Конституциянын 32-беренесине ылайык, ар кимге абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет. Ар ким өз алдынча же башкалар менен бирдикте ар кандай динди тутуу же эч бирин тутпоо укугуна ээ, диндик жана башка ишенимдерди эркин тандоого жана тутууга укуктуу. Эч ким өзүнүн диндик жана башка ишенимдерин билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес. Конституцияда көрсөтүлгөндөй, диний ынанымдарын билдирүүгө жана алардан баш тартууга мажбурлоого болгон кепилдиктерге эч кандай чектөө коюулууга тийиш эмес (20-берене, 4-бөлүк, 7-пункт).

Конституцияда кепилденген абийир жана дин тутуу эркиндиги "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү" Мыйзамы тарабынан таанылган.

Ушул мыйзамдын 32-беренесинин 1-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын диний көз караштарын эске алып, ошону менен бирге жарандын Ата-Мекенди коргоо милдетинин аткарылышын камсыз кылуу максатында, аскердик кызмат ордуна берилүүчү альтернативдик кызмат каралган.

Башкача айтканда, бул өз учурунда мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын жаранынын Ата-Мекенди коргоо боюнча милдети жана ыйык парзы мыйзам белгилеген формаларда, анын ичинде альтернативдүү (аскерден тышкары) кызмат өтөө жолу менен аткарыла тургандыгын билдирет.

Аталган мыйзамдын 32-беренесинин 2, 4-бөлүктөрүнө ылайык он сегизден жыйырма беш жашка чейинки курактагылар чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугуна ээ эмес, же болбосо чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган, мөөнөттүү аскер кызматын өтөбөгөн эркек жаран альтернативдик кызматка чакырылууга тийиш, эгерде ал ынанымы боюнча курал колдонууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат өтөөгө жол бербеген, каттоодон өткөн диний уюмдун мүчөсү болуп саналса.

Ошону менен бирге, альтернативдик кызматты өтөө альтернативдик кызматтын кызматчылары тарабынан чакыруу жери боюнча райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик органдын атайын эсебине эсептик көрсөткүчтүн 180 өлчөмүндө акчалай төлөмдөрдү төгүүнү карайт. Анын 20 пайызы атайын каражаттарга салык төлөнгөндөн кийин мамлекеттик чек араны кайтаруу жана сактоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине чегерилет.

Ар бир квартал ичинде акча төгүмдөрүнүн жалпы көлөмүнүн алтыдан биринен кем эмесин төгүп турууга жатат.

Альтернативдик кызматка чакырылган жарандардан түшкөн акча каражаттары окуу жыйындарын өткөрүүгө, аскердик бөлүктөрдүн окуу-материалдык базасын өркүндөтүүгө, аскер кызматчыларын социалдык коргоону жогорулатууга, аскер кызматчыларын сыйлоого жана өкүлчүлүк боюнча чыгымдарга жумшалат.

Соттордун суроо-талаптарына тиркелген кылмыш-жаза иштердин материалдарына ылайык, соттолуучулар коргоо министрлигинин атайын ачылган эсебине мыйзамда көрсөтүлгөн акчалай төлөмдү төгүүдөн баш тарткандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууда. Бирок, тергөө учурундагы сурак протоколдоруна жана сотгук отурумдардын протоколдоруна жараша, соттолуучулар "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзам талап кылган альтернативдик кызматка макул боло албай турганын, андай кызматты өтөөгө абийри төмөнкү себептерден улам жол бербей турганын түшүндүрүшкөн: а) кызматтын бул түрү аскерге жана аскер кызматына байланышкан иш-аракеттерди колдоо үчүн коргоо министрлигинин атайын эсебине акча которууну талап кылат; б) андай кызматты өтөгөндөр аскер күчтөрүнүн көзөмөлү жана жетеги астында болушат жана в) аны өтөп бүткөндөр куралдуу күчтөрдүн бөлүгү болуп эсептелинген "запаска" киргизилет. Соттолуучулар альтернативдик кызмат үчүн талап кылынчу акча каражатты Кыргыз Республикасынын жалпы фондуна же коргоо министрлиги менен байланышы жок мамлекеттик башка органга төлөп берүүгө даяр экенин бир нече иреет билдиришкен.

Ошону менен бирге ошол эле берененин 7-бөлүгүнө ылайык, альтернативдик кызмат аяктагандан жана толук сумманы төлөп бергенден кийин жаран экинчи категориядагы аскер кызматчыларынын каттоосуна берилет жана запаска киргизилет.

Аталган мыйзамдын 36-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн запасы эки категорияга бөлүнөт - биринчи жана экинчи.

Биринчи категориядагы запаска аскер кызматында бир жылдан аз эмес кызмат өтөгөн аскер кызматчылары кирет.

Экинчи категориядагы запаска мөөнөттүү аскер кызматын өтөбөгөн аскер кызматчылары кирет.

Экинчи категориядагы запаска катталган жана мобилизациялык резервге киргизилген аскер кызматчылары, алар тарабынан аскердик жыйындар өтүлгөндөн кийин, биринчи категориядагы запаска каттоого которулууга тийиш. Аскердик каттоодо турган аялдар экинчи категориядагы запаста турушат.

Демек, аталган мыйзам маанисине жана талаптарына ылайык альтернативдик кызмат "жарандык мүнөзгө" ээ эмес. Тескерисинче ал, аскер күчтөрүнүн жетеги жана көзөмөлү алдында жүргүзүлөт, аны өтөгөндөрдөн акчалай төлөмдөрүн түздөн түз аскер күчтөрүнүн фондуна аскердик иш-аракеттерди колдоо үчүн төлөө талап кылынат жана бул кызматты өтөп бүткөндөр Куралдуу Күчтөрүнүн запасына киргизилип, аскердик иш-аракеттерге жана окутууларга арналган жыйындарга чакырылышы мүмкүн экендиги ачык айкын тастыкталып турат.

Мыйзамдагы бул кемчилик жарандар менен мамлекеттин ортосунда карама-каршылыктын пайда болуусуна негиз түзөт, себеби жарандардын Конституция менен кепилденген укуктары толук түрдө камсыздалбай, аларды жүзөгө ашыруунун чектери аныкталган эмес.

Дин эркиндигин кепил кылган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 32-беренесинин 1-бөлүгү, 56-беренесинин 2-бөлүгү, жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык Пакты адамга абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тартуу укугун кепил кылат. Көрсөтүлгөн Пакттын 18-беренесине ылайык ар бир адамдын ойлоо, абийир жана диний эркиндигине укугу бар. Бул укук өзүнө дилди же ишенимдерди өз тандоосу менен кабыл алуу эркиндигин, өз динин жана ишенимдерин жеке өзү да, башкалар менен бирдикте да, жалпы же өзүмдүк тартипте колдонуу эркиндигин, сыйынуу, диний жана үрп-адаттарды, окууларды жүргүзүү эркиндигин камтыйт. Эч ким анын динди жана ишенимди тандоо эркиндигин кемсинткен таңуулоого дуушар болбошу керек.

Жогоруда келтирилген жүйөөлөрдөн улам, мамлекет аскердик кызматтан же аскерди колдогон жана анын көзөмөлү, жетеги астында жүргүзүлгөн "альтернативдик кызматтан" абийири жол бербегендиктен баш тарткандарды куугунтуктабашы же кайсы бир башка жол менен жазалабашы керек.

Аталган Пактка Кыргыз Республикасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 12-январындагы № 1406-XII токтому менен кошулган.

Кыргыз Республикасынын Конституциянын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Демек, бул жагдайлардын негизинде Конституциялык палата "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамынын аталган айрым беренелери өзүнүн Конституцияда бекитилген вазыйпасын толук аткара алалбаган деп эсептейт.

Белгилеп кетүүчү нерсе болуп, бул атуулдардын аскер милдетин альтернативдик (аскерден тышкары) милдет менен алмаштыруунун жүйөлөрүнүн эң негизгиси - адамдын абийри менен милдетинин ортосундагы карама-каршылыкты жоюу жана кандайдыр бир өлчөмдөгү компромиске келтирүү, жана альтернативдик кызмат жарандык мүнөздө болушунун зарылдыгы. Муну жүзөгө ашыруу үчүн альтернативдик кызмат өтөө үчүн мыйзамда көрсөтүлгөн акчалай каражат Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине түздөн-түз түшүшү жана кызматты өтөөнүн башка альтернативдүү түрлөрү каралышы керек.

"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамынын 36-беренесинин 1-бөлүгүндө аскер кызматын өтөбөгөндөр экинчи категориядагы аскерге милдеттүүлөрдүн запасына кирет.

Бирок, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 56-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жана жогоруда келтирилген мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн түшүнүк боюнча альтернативдик кызмат Кыргыз Республикасынын жарандарына алардын жашын, диний көз караштарын, үй-бүлөлүк абалын, соттолгонун же ден-соолугунун абалын эске алып, мөөнөттүү аскердик кызматтын ордуна көрсөтүлүүчү кызматтын түрү болуп эсептелинет.

Демек, "экинчи категориядагы запас" деген түшүнүк кайрадан каралып чыгып, кийинки мааниде такталышы керек: альтернативдүү кызматты өтөгөн жарандар экинчи категорияга караштуу болгону менен "аскердик милдеттүү" статуска ээ боло албайт жана ошону менен бирге мобилизация учурунда курал көтөрүү менен байланышпаган бардык иштерди аткарууга милдеттүү.

Ошондуктан мыйзам чыгаруу органы тарабынан аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө, биринчи жана экинчи категориядан тышкары аскер милдетин жаратпаган категориясы каралышы керек. Аталган категория мыйзамда орун алган күндөн тартып жарандар үчүн өзгөчө жарандык милдет катары бекитилиши тийиш.

Конституциянын 101-беренесинин талаптарына ылайык, сот Конституцияга каршы келген ченемдик укуктук актыны колдонууга укуксуз. Эгерде ар кандай сот инстанциясында ишти кароодо иштан чечилиши көз каранды болгон мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу жөнүндө маселе келип чыкса, анда сот Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасына суроо-талап жиберүүгө тийиш.

Ушунун негизинде, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун суроо-талабында Кылмыш-жаза кодексинин 351-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугу күмөн жаралган.

Ата-Мекенди коргоо - жарандардын милдети болгондуктан, мамлекет бул милдеттин тийиштүү түрдө аткарылышын талап кылууга укуктуу. Ушул себептен, Кылмыш-жаза кодексинде аскердик кызматка чакыруудан негизсиз качкандык үчүн кылмыш жоопкерчилиги бекитилген.

Аскердик кызматка чакыруудан мыйзамдуу негиздерсиз качкандык, коомдук кооптуу аракет катары эсептелет, анткени мындай аракеттер мамлекеттин аскердик коопсуздугуна жана мамлекеттик коргонуунун тийиштүү деңгээлине камсыз кылууга багытталган мамлекеттин иш-аракетине коркунуч түзөт. Ошондуктан, аскердик кызматка чакыруудан негизсиз качкандык үчүн кылмыш жоопкерчилик каралгандыгы Конституцияга карама-каршы келиши мүмкүн эмес. Аскердик кызматтын ордуна көрсөтүлүүчү альтернативдик кызматты өтөөдөн качкандык коомдук кооптуулугу дагы жогоруда көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлүүшү зарыл. Демек, Кылмыш-жаза кодексинин 351-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ченемдер Конституцияга ылайыктуу экендиги талашсыз жагдай.

Жогорудагылардын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 42-, 46-, 47-, 48-, 51-, 52-беренелерин жетекчиликке алып Конституциялык палата,

ЧЕЧТИ:

1. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызматтар жөнүндө" Мыйзамынын 32-беренесинин:

1-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык деп табылсын;

4-бөлүгүнүн биринчи абзацында курал колдонууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат өтөөгө жол бербеген диний көз карашы жана ынанымы боюнча альтернативдик кызматты өтөгөн жарандардын акчалай төлөмдөрү коргоо маселелерин жана мамлекеттик чек араны кайтаруу жана сактоо маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын атайын эсебине төгүлүшү жөнүндөгү ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама каршы келет деп табылсын;

7-бөлүгүндө каралган жарандар экинчи категориядагы аскер кызматчыларынын каттоосуна берилет жана запаска киргизилет деген ченем курал колдонууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат өтөөгө жол бербеген диний көз карашы жана ынанымы боюнча альтернативдик кызматты өтөгөн жарандарга карата Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама каршы келет деп табылсын;

35-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган курал колдонууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат өтөөгө жол бербеген диний көз карашы жана ынанымы боюнча альтернативдик кызматты өтөгөн жарандар запаска киргизилиши жөнүндөгү ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама каршы келет деп табылсын;

36-беренесинин 1-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык деп табылсын;

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 351-беренесинин 2-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамына ушул чечимдин негизинде тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө милдеттендирилсин.

3. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт. Бардык мамлекеттик органдар, юридикалык жактар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын атайын сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын. 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы

 

                                                    

 

                                                                                                                                            

 

 

 

                                         .