Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\f7c95b81-d336-4010-8655-b0ba225e0f5c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 28-марты № 185

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599, 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 240 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын компетенциялары өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө” токтомун көңүлгө алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 72 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги жөнүндө жободо:

1) 5-пунктта:

- үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:

“- архив иши чөйрөсүндөгү мыйзамдардын абалын талдоо жана аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана андан ары Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизүү үчүн Кызматтын кароосуна киргизүү;”;

- жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 6-пунктта:

- экинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:

“- архив иши жана мамлекеттик маалымат ресурстарын ишке киргизүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун андан ары Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизүү үчүн Кызматтын кароосуна киргизет;”;

үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

“- архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты камсыздоого жана ишке ашырууга, ошондой эле мамлекеттик маалымат ресурстарын ишке киргизүүгө катышат;”; 

- жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

- сегизинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:

“- архивдик документтердин сакталышын, мамлекеттик катталышын камсыздоо боюнча талаптарды аныктайт;

- мамлекеттик архивдерде Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин пайдалануунун тартибин белгилейт;”;

- он бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

- мамлекеттик тилдеги текст төмөнкү мазмундагы 18-абзац менен толукталсын:

“- мамлекеттик архивдерде сакталуучу ретроспективдүү документтик маалыматты берүүсүн камсыз кылат;”;

- мамлекеттик тилдеги текст төмөнкү мазмундагы жыйырма биринчи абзац менен толукталсын:

“- мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар, ишканалар тарабынан иштелип жаткан архивдик иштер жана иш кагаздарын жүргүзүүдө документтерди уюштуруу маселелери боюнча ченемдик-усулдук документтерге макулдук берүүгө;”;

- жыйырма экинчи абзацтын расмий тилдеги текстинде “ченемдик-усулдук документтер” деген сөздөр “усулдук документтер” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жыйырма тогузунчу абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 7-пункттун үчүнчү, бешинчи жана онунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

4) 12-пункттун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 токтомуна ылайык күчун жоготту)

3. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 токтомуна ылайык күчүн жоготту))

4.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 304 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментин түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жөнүндө жободо:

1) 4-пункт төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

“- калкты мамлекеттик каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана башка мамлекеттик маанидеги документтерди берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын абалын талдоо жана аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана андан ары Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизүү үчүн Кызматтын кароосуна киргизүү;”;

2) 5-пунктта:

- төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“- калкты мамлекеттик каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана башка мамлекеттик маанидеги документтерди берүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун андан ары Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизүү үчүн Кызматтын кароосуна киргизет;”;

- он төртүнчү абзац “жарандыгы жок адамдарга” деген сөздөрдөн кийин “Департаменттин компетенциясынын чегинде” деген сөздөр менен толукталсын;

- он жетинчи абзац “жарандарынын материалдарын” деген сөздөрдөн кийин “Департаменттин компетенциясынын чегинде” деген сөздөр менен толукталсын;

- он сегизинчи абзац “чакыруу кагаздарын” деген сөздөрдөн кийин “Департаменттин компетенциясынын чегинде” деген сөздөр менен толукталсын;

- жыйырма экинчи абзац “боюнча сунуштарды” деген сөздөрдөн кийин “андан ары Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизүү үчүн” деген сөздөр менен толукталсын;

- жыйырма жетинчи абзацтагы “бирдиктүү” деген сөз алып салынсын жана “маалыматтар базасын” деген сөздөрдөн кийин “Департаменттин компетенциясынын чегинде” деген сөздөр менен толукталсын;

3) 6-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы белгиленген тартипте өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Биринчи вице-премьер-министрдин

милдетин аткаруучу,

Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу

 

 

 

Дж.К. Оторбаев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2014-жылдын 28-мартындагы
№ 185 токтому менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын
БАШКАРУУ СХЕМАСЫ

Описание: 111402-kyr.png