Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

 

ЧЕЧИМИ

2014-жылдын 7-майы № 28-р

жаран Евгений Владимирович Осинцевдин кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндөгү иш боюнча

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:

төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиев,

судьялар - Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Ж.М.Макешов, Э.Т.Мамыров, А.О. Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, К.С.Сооронкулованын курамында,

сот жыйналышынын катчысы: М.Э.Толобалдиевдин;

кайрылуучу тарап - жаран Е.В.Осинцев, Е.В.Осинцевдин ишеним катынын негизиндеги өкүлү А.П.Волосатованын;

жоопкер тарап - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним катынын негизиндеги өкүлү К.Р.Садыков;

башка жактар - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним каттын негизинде өкүл болгон Ж.С.Бокошеванын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним каттарынын негизиндеги өкүлдөрү Л.Ю.Усманованын жана А.Ш.Шукурбековдун катышуулары менен, Конституциянын 97-беренесинин 1-, 6-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1-, 4-, 18-, 19-, 24-, 37- жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, ачык сот жыйналышында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин (мындан ары - КЖК) конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.

Ишти кароого жаран Е.В.Осинцевдин өтүнүчү себеп болду.

Ишти кароого негиз болуп, талаш-тартыш болгон Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин ченемдик жобосу Конституцияга ылайык келүү жөнүндө маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу саналат.

Сот жыйналышына ишти даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы Ч.А.Айдарбекованын маалыматын угуп, берилген материалдарды изилдеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2013-жылдын 1-октябрында жаран Е.В.Осинцевден Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин Конституциянын 20 беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна карама-каршы келгендигин таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

Е.В.Осинцев күчүнө кирген соттун өкүмүндө, соттун чечиминде же башка сот актысында бекитилген мөөнөттө кыянаттык менен аткарбагандыгы үчүн эркинен ажыратуу түрүндө санкциясы каралган жана алардын аткарылышына тоскоол болгон Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин Конституциянын 20-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, жарандык-укуктук милдеттенмени аткарбаганынын негизинде эркинен ажыратууга тыюу салуу кепилдиги бөлүгүнө каршы келет деп эсептейт.

Арыз берүүчүнүн пикири боюнча, конституциялык жобого мындай каршылык Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесине өзгөртүү киргизүү менен пайда болгон (Кыргыз Республикасынын 2009-жылы 24-июлдагы № 264 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен), ага ылайык соттун чечимин кыянаттык менен аткарбагандыгы үчүн жазык жоопкерчилиги мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына гана эмес, жарандарга да таратыла баштаган.

Е.В.Осинцевдин пикири боюнча, өндүрүп алуу жана карызды кайтаруу бөлүгүндө соттун чечимин аткаруу Кыргыз Республикасынын "Аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана сот аткаруучулардын статусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында бекитилген тартип боюнча жүзөгө ашырылышы керек. Бирок, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин ченемдери, эгер карыз болгон адамда өндүрүүгө бериле турган мүлк, акчалай сумма, баалуу кагаздар же киреше жок болгон учурда гана жазык жоопкерчилигине тартуу мүмкүнчүлүгү каралган, ошентип, Конституциянын ченемдерин бузуу жарандык-укуктук милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн эркинен ажыратууну карайт.

Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын аныктамасы менен 2013-жылдын 11-ноябрындагы арыз берүүчүнүн өтүнүчү конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алынган.

Е.В.Осинцев тарабынан 2014-жылдын 16-апрелинде мурда сунушталган өтүнүчтүн далилдөөчү бөлүгүнө толуктоо киргизилген, анда бир эле укук бузгандык үчүн адамдын эки жолу юридикалык жоопкерчилигин тартуу мүмкүн эместигине кошумча далилдерди келтирген. Е.В.Осинцев өтүнүчкө толуктоо катары, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексинин 422-беренесини  жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин ченемдерин келтирет, алар, арыз берүүчүнүн пикири боюнча, "аткарбоо" жана "кыянаттык менен аткарбоо" сөздөрүнөн башкасы дээрлик окшош болуп саналат, буга байланыштуу сот практикасы, бир эле жаранды алгач административдик жоопкерчиликке тартышып, андан кийин, кандайдыр бир себептерден же милдеттенмелерден улам сот актысы аткарылбаса, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси боюнча жазык иши козголот. Келтирилген далилдер, Е.В.Осинцевдин пикири боюнча, Конституцияга карама-каршы экендигин көрсөтөт.

Сот жыйналышында Е.В.Осинцев Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесин конституциялык эместигин таануу жөнүндө талабын колдоп жана аны канааттандырууну суранды.

Жогорку Кеңештин өкүлү К.Р.Садыков кайрылуучу тараптын далилдери менен макул болбой жана КЖКнын 338-беренесин Конституцияга карама-каршы эмес деп эсептейт.

Конституциялык палата иштин материалдарын изилдеп чыгып, тараптардын далилдерин угуп, сот жыйналышында катышкан башка жактардын пикирлерин угуп, төмөнкүдөй тыянактарга келди:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Демек, бул иш боюнча Конституциялык палатанын кароосунун предмети болуп, төмөнкүдөй мазмундагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин ченемдик жобосу эсептелет:

"338-берене. Соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка сот актысын аткарбагандык.

Мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка сот актыны кыянаттык менен аткарбагандык, ага тете аларды аткарууга тоскоолдук кылуу - сексенден эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга же болбосо жүздөн миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндө айып салууга, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууга, же болбосо бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат".

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекс мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык, 1997-жылдын 1-октябрында № 68 санында кабыл алынган, 1998-жылдын 229-б № 7 санында "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысында" жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы кодекс болуп саналат.

2. Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жеке адамдар үчүн милдеттүү болот жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш. Сот актыларын аткарбоо, талаптагыдай эмес аткаруу же болбосо аларды аткарууга тоскоолдук кылуу, ошондой эле соттордун ишине кийлигишүү мыйзам менен белгиленген жоопкерчиликке алып келет (100-берене).

Конституция тарабынан бекитилген жалпы милдеттүүлүк принциби сот тутумунун биримдигин сактоого, сот адилеттигинин кадыр-баркын жана жарандардын калыстыкка болгон ишенимин жогорулатууга багытталган. Жогоруда аталган конституциялык ченемдердин алкагында, мыйзамдык күчүнө кирген сот актыларын кароо керек. Аларды аткарбоо сот адилеттигинин милдеттерин ишке ашырууга тоскоол болот, зыяндын ордун кайтаруу мүмкүнчүлүгүн, бузулган укукту калыбына келтирүүнү жокко чыгарат, соттолуучунун же жоопкердин соттун өкүмүн же чечиминин натыйжаларын аткаруудан бошотууга түрткү болот.

Мыйзамдык күчүнө кирген сот актыларынын жалпы милдеттүүлүк принциби сот чечимин аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө ченемдер менен бекитилген, башка учурда, сот адилеттиги өзүнүн социалдык ролун жоготот, укук коргоочу жана укукту жүзөгө ашыруучу кызматын аткарбайт.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси менен сот актысын кыянаттык менен аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик караштырылган (338-берене). Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин контекстинде кыянаттык, адамды административдик жоопкерчиликке тарткандан кийин жана сот аткаруучусу тарабынан жазык жоопкерчилиги жөнүндө жазуу түрүндө эскертилгенден кийин, сот актысын андан кийин аткаруудан баш тарткан убакта, соттун өкүмүнөн, чечиминен же башка сот актысынан келип чыккан, ага жүктөлгөн милдеттердин ал тарабынан аткарбагандыгын түшүнсө болот. Бул учурда, сот актысын аткарбаган адамдын жүрүм-турумун, ал үчүн милдеттүү болгон сот актысынын жазма буйруктарын тоготпой жаткандыгын, жана бул жазма буйруктарды аткарууга чыныгы мүмкүнчүлүгү бар экендигин аныктоо маанилүү. Белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын "Аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана сот аткаруучулардын статусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселе сот аткаруучусунун сунушу боюнча компетенттүү органдар тарабынан чечилиши керек.

Адам тарабынан сот актыларын аткарууга тоскоолдук кылуу бул сот актыларынын аткарылышына тоскоол болгон аракеттерди аткаргандыгы менен чагылдырылат, ал өндүрүүгө бериле турган айлык акыны же башка мүлктү жашырып жабуу, иштеген орду, кирешелери, милдеттерди аткаруудан баш тартуу максатында мүлктү обочолонтуу боюнча келишимдерди түзүү жөнүндө маалымат бербөө, ошондой эле башка аракеттер менен чагылдырылат.

Субъективдүү тараптан бул жосун түз ниет менен гана жасалышы мүмкүн: күнөөлүү соттун актысы бар экендигин билип туруп, атайылап аракеттенген жок же чечим аткарылбай калышы үчүн анын аткарылышына тоскоолдук кылып жатат.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин субъекттери болуп, мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, юридикалык жактар, ошондой эле жарандар чыгып сүйлөй алышат. Мындай субъективдүү курам Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде аныкталган, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 100-беренесинин мазмунунан алып караганда, сот актыларынын аткарылбаганы үчүн, тиешелүү деңгээлде аткарылбаганы же тоскоол болушуна жоопкерчиликти карайт.

Ошентип, сот актыларынын жалпы милдеттүүлүгүнүн конституциялык принцибинен алып караганда, талаш-тартышка түшкөн ченемде каралган кылмыштын мындай субъективдүү курамы, конституциялык эрежелерге каршы келбейт жана жарандардын сот адилеттигине кирүү мүмкүнчүлүгүнө болгон укугун жүзөгө ашырууга багытталган.

Жогоруда аталган аракеттерге (аракетсиздикке) санкция катары, жазык мыйзамынын каралып жаткан ченеминде, мындан тышкары бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралган. Буга байланыштуу, кайрылуучу тарапта, жарандык-укуктук милдеттенме боюнча, негизинен, карыз акчасын төлөбөгөндүгү үчүн кабыл алынган, соттун чечимин кыянаттык менен аткарбагандыгы үчүн адамды эркинен ажыратуунун конституциялуулугуна карата шек саноо пайда болгон.

Мыйзамдын жогоруда аталган жоболорун туура түшүнүү үчүн, бул укук мамилелеринин предметтерин айырмалап алуу керек. Анткени, мыйзам тарабынан жарандык-укуктук милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 21-главасы) жарандык-укуктук жоопкерчилик каралган, мисалы, тараптардын бири да жооп бербей жаткан милдеттенме боюнча келип чыккан милдеттерди аткаруу мүмкүн эмес болгон учурларда милдеттенмелерди токтотот. Ошону менен бирге, жарандык-укуктук милдеттенмелерди аткарбаган учурда жарандык-укуктук жоопкерчилик тегиздигинде кароо менен, сот карыз болгон адамды эркинен ажыратпай, бирок, аныкталган бир сумманы төлөөгө милдеттендирген же арыз берилген доонун чегинде башка жарандык-укуктук милдеттерди аткарууга чечим чыгарат, алар Конституциянын 20-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пункту менен макулдашат.

Ушул конституциялык жобо ошондой эле атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык Пакттын ченемдери менен бекемделген (мындан ары - Пакт), ага Кыргыз Республикасы Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 12-январындагы № 1406-XII токтому менен кошулган. Пакттын 11-беренесине ылайык кандайдыр бир келишимдик милдеттенмелерди аткара албаганын негизинде эч ким өз эркинен ажыратылбашы керек. Бул ченемдик жобо, катышуучу-мамлекет бул талапты улуттук мыйзам чыгарууда милдеттенме алгандыгын түшүндүрөт, соттордун адам карызын төлөй албай же кандайдыр бир башка келишимдик милдеттенмелерди аткара албагандыгынын негизинде гана буга окшогон чечим чыгарууга укугу жок.

Бирок, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинде көрсөтүлгөн милдеттенмелер, укук мамилелеринин башка предметине көргөзүп турат, анда жазык жоопкерчилигине мыйзамдуу күчүнө кирген, ошондуктан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка сот актысын кыянаттык менен аткарбай жаткан адам жазык жоопкерчилигине тартылат, жана алардын аткарылышына тоскоол болгон аракеттерди (аракетсиздик) жүзөгө ашырууга барабар болот.

Мыйзам чыгаруучу тарабынан орнотулган жазык жоопкерчилиги сот адилеттигинин кызыкчылыгына олуттуу зыян келтирген коомдук коркунучтуу аракеттин жоосуна негизделген соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка сот актысын аткарбоонун терс натыйжасы жарандардын сот адилеттигине болгон терс мамилесин калыптандырат, соттун беделин түшүрүүгө шарт түзөт, маанилүү коомдук, мамлекеттик процесстерге жана тутумдарга таасир кылат.

Каралып жаткан аракеттин коомдук коркунучу, ошондой эле сот актысын аткаруунун мыйзамдуу жалпы милдеттүүлүк принцибин аткарбоодо турат, бардык адамдардын, анын ичинде көз каранды болгон жарандар тарабынан аткарылышын кепилдөө мүмкүнчүлүгүндө турат.

Соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка сот актысын аткарбагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигин караган кылмыш курамынын жашоо зарылдыгы бул кол салуу менен бузулуп жаткан коомдук мамилелердин сапаттуу өз алдынчалыгы менен аныкталат, анткени сот адилеттиги укук мамилелеринин катышуучуларынын ортосунда келип чыккан карама-каршылыктарды четтетүүчү маанилүү жөнгө салгыч катары чыгат жана жазык-укук каражаттары менен кайтарылууга муктаж.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинде каралган жазык-укук тыюу салууларынын шарттарын талдоо анын зарылдыгы жана максаттуулугу жөнүндө айтууга мүмкүндүк берет.

3. Эч ким бир эле укук бузгандык үчүн кайра юридикалык жоопкерчиликке тартылбайт (Конституциянын 27-беренесинин 3-бөлүгү).

Эгер адам юридикалык жоопкерчиликке тартылган болсо, жана соттун же башка ыйгарымдуу органдын укуктук актысы жыйынтыктоочу мүнөзгө ээ болсо, буга конституциялык принцип колдонулат. Бул корутунду мыйзамга жана ар бир өлкөнүн жазык-процесстик укугуна жана мыйзамына ылайык толугу менен соттолгон же акталган адам, ал кылмыш үчүн кайрадан соттолбойт же жазаланбайт деп көрсөтүлгөн (14-берененин 7-бөлүгү) Пакттын ченемдери менен макулдашылат. Пакттын аталган жобосу ошол эле иш боюнча жазык процедурасынын кайталоого формалдык тыюу салуу катары гана эмес, соттолуучулардын маанилүү укугу катары да каралат.

Бул принцип боюнча, баарынан мурда, соттолуучуга карата сот актысын кайра кароонун мүмкүн эместиги менен камсыздалат, ал жаңы жазык куугунтугуна тартылбайт, күнөөлүү деп табылып, бир эле иш үчүн кайра соттолбойт. Мындай мамиле бул укуктук аракеттин чөйрөсүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет, аны менен кандайдыр бир деңгээлде административдик сот өндүрүшүн камтыйт.

Бир эле кылмыш үчүн кайталап камалууга дуушар болбоо укугун жүзөгө ашыруунун негизги шарты кайрадан милдеттендирилген адамдын акталган же соттолгон ошол жосуну менен окшоштугу саналат. Бул учурда окшош болуп калган эки кылмышты баалоо учурунда, аларды бир укук бузууларынын аталышы менен гана эмес, абдан маанилүү болгон - алардын маңызы жана максаты боюнча дагы, ошондой эле бул укук бузуулар бир эле олуттуу элементтерди камтый тургандыгын айырмалоо керек.

Ушуга байланыштуу, адам бир эле укук бузгандык үчүн кайра юридикалык жоопкерчиликке тартылбайт деп көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27-беренесинин 3-бөлүгү бир эле юридикалык жоопкерчиликтин алкагында каралышы мүмкүн.

Ошентип, адамды жазык жоопкерчилигине жана административдик жоопкерчиликке тартуу аталган укук бузуулардын белгилеринин окшош эместигинен улам, бир эле укук бузуулар үчүн юридикалык жоопкерчиликке тартууга мүмкүн эместиги жөнүндө конституциялык эрежелерге каршы келбейт.

Жогоруда баяндалгандын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8-, 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46-, 47-, 48-, 51-, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Конституциялык палата

ЧЕЧТИ:

1. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси Конституциянын 20-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 27-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.

2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.

4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басмаларында, Конституциялык палатанын атайын сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында" жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы