Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

 

ЧЕЧИМИ

 

2014-жылдын 25-июну, № 35-Р

жаран Таалайбек Джапарович Саатовдун кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 308-1-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:

төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиевдин,

судьялар - Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Ж.М.Макешов, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,

сот жыйналышынын катчысы М.Э.Толобалдиевдин катчылыгы менен;

кайрылуучу тарап - жаран Т.Ж.Саатовдун; жоопкер-тарап: ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү Т.Ы.Ырысбековдун;

башка жак - ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү А.Ш.Шукурбековдун, ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү М.Т.Токтосуновдун жана жаран А.М.Шаршенбаевдин катышуулары менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын (мындан ары - Конституция) 97-беренесинин 1, 6-бөлүктөрүн "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 1, 4, 18, 19, 24, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, ачык сот жыйналышында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 308-1-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.

Ишти кароого жаран Таалайбек Жапарович Саатовдун өтүнүчү себеп болду.

Ишти кароого негиз болуп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 308-1-беренесинин Конституцияга ылайык келүү маселесинде күмөндүүлүктүн пайда болуусу эсептелди.

Сот жыйналышына ишти даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы Ч.А.Айдарбекованын маалыматын угуп, берилген материалдарды изилдеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2014-жылдын 21-январында жаран Т.Ж.Саатовдун Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (мындан ары - Кылмыш-жаза кодекси) 308-1-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнүн диспозицияларын Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 26-беренесинин 2 жана 4-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

Кайрылуучу субъекттин пикири боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 308-1-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнүн диспозициялары Конституциянын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына карабай, кызмат адамдарына өз күнөөсүздүгүн далилдөө түйшүгүн жүктөйт, анда эч ким өз күнөөсүздүгүн далилдебеши керек экендиги түз көргөзүлгөн, жана Конституциянын 26-беренесинин 4-бөлүгүндө ага жүктөлгөн жазык иши боюнча күнөөнү далилдөө боюнча түз милдеттерин аткаруудан айыптоочуну бошотот. Арыз берүүчү, мыйзам чыгаруучу талашка түшкөн ченемдерде "негиздөө" деген сөздү төмөнкү сүйлөмдө - "ал жүйөөлүү негиздеп бере албайт" деп туура эмес колдонгон деп эсептейт.

Ж.Т.Саатовдун пикири боюнча, талашка түшкөн ченемдердин талаптары кызмат адамдарын жазык-жазалоочу иш аракеттерди жасаган Кыргыз Республикасынын башка жарандары менен тең эмес абалга коет, алардын күнөөсүн мамлекеттик айыптоочу Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин ченемдерине ылайык далилдөөгө милдеттүү жана соттук териштирүүнүн негизин түзгөн, бардыгынын мыйзам жана сот алдында тең укуктуулугу принцибин бузуп жатат. Мыйзам чыгаруучу, Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизип жатып (308-1-берене), Конституциянын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарын бузган, анткени кызмат адамдары категориясына кирген Кыргыз Республикасынын жаранынын укугун кемсинткен мыйзам кабыл алган.

Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 12-июнундагы аныктамасы менен арыз берүүчүнүн өтүнүчү кабыл алынган.

Жоопкер-тараптын өкүлү кайрылуучу тараптын далилдери менен макул болбой, өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырууну суранды.

Конституциялык палата, иштин материалдарын изилдеп чыгып, тараптардын далилдерин жана жыйналышка катышкан башка жактардын пикирлерин угуп, төмөнкүдөй тыянактарга келди:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Демек, бул иш боюнча Конституциялык палатанын кароосунун предмети болуп, төмөнкүдөй мазмундагы Кылмыш-жаза кодексинин 308-1-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнүн диспозициялары саналат:

"308-1-статья. Мыйзамсыз баюу

(1) Ал жүйөөлүү негиздеп бере албаган кызмат адамынын активдеринин анын мыйзамдуу кирешелеринен олуттуу көбөйүшү, үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(2) Ошол эле жосундар:

1) ири өлчөмдө;

2) жооптуу абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалса, мүлкүн конфискациялоо менен алты жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси Мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык, 1997-жылдын 1-октябрында № 68 санында кабыл алынган, 1998-жылдын № 7 санында "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысында" жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы кодекс болуп саналат.

2. Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей (16-берененин 3-бөлүгү); ар бир адам мыйзамда каралган тартипте күнөөлүү экени далилденмейинче жана соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргени аныкталмайынча кылмыш жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт; эч ким өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эмес; жазык иши боюнча күнөөнү далилдөө түйшүгү айыптоочуга жүктөлөт (26-берененин 1, 2 жана 4-бөлүктөрү); Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек (20-берененин 1-бөлүгү).

Конституциянын 26-беренесинде бекитилген күнөөсүздүк жоромолу сот адилеттигинин негизги принциптеринин бири болуп саналат. Анын укуктук маңызы, айыпталуучу, эгер анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденген шартта гана күнөөлүү деп табылаарында жатат. Мыйзамдуу тартип, тиешелүү субъекттер тарабынан айыпталуучунун күнөөсүн уруксат берилген далилдердин жардамы менен жана мыйзам тарабынан бекитилген мөөнөттөрдү жана башка шарттарды кармоо учурунда далилдөөнү билдирет. Андан сырткары, айыпталуучунун (соттолуучунун) күнөөсү мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоочу өкүмүндө орнотулушу керек.

Ушул принцип Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерде - Адам укуктарынын жалпы декларациясында (11-берене), Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыда (14-беренесинин 2-бөлүгү) көрсөтүлгөн, алар болсо Конституциянын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Айыпталуучунун күнөөсүн далилдөө түйшүгү же милдети иликтөө органдарына жүктөлөт, алар айыпталуучуга далилдөө милдетин салууга укуксуз жана айыпталуучунун жактоочусунун бардык далилдерин объективдүү текшериши керек. Айыпталуучу өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө укуктуу, бирок, бул өзү колдоно ала турган анын гана укугу.

Айыпталуучуну өз күнөөсүздүгүн далилдөө милдетинен куткаруу аны жазык иши боюнча далилдөөгө катышуу укугунан ажыратпайт. Каалаган учурда айыпталуучу көрсөтмө бере алат, далилдерди сунуштай алат (документтер, буюм далилдери), кошумча далилдерди алууга жана орнотууга чара көрүү жөнүндө өтүнүч бере алат. Бул учурда, мыйзам далилдерди берүүдө катышып жаткан айыпталуучуга карата билип туруп жалган көрсөтмө бергени үчүн жоопкерчилик караган эмес, эгерде мындай көрсөтмө күнөөсүз адамды кылмыш жасады деп айыптап жатпаса. Айыпталуучу өз өтүнүчтөрү менен арыздарында чогултулган далилдерге баа берип, ошондой эле соттогу жарыш сөздөргө катыша алат. Айыпталуучуга, айыптоо тарабынан айтылган корутундуларды жокко чыгаруучу өз ойлорун далилдөө милдети жүктөлбөйт, алардын чындыгы соттук териштирүүнүн жүрүшүндө тастыкталат.

Мыйзамдын талаптарын милдеттүү түрдө аткаруу талабы сотко күнөөлүүнү жазалоодо же күнөөсүздү актоодо негизделген жана акыйкат чечимди кабыл алууга мүмкүндүк берет, күнөөсүздүк жоромолу мына ушуга кызмат кылат жана сот адилет соттук териштирүүнүн башкы кепилдиктеринин бири болуп кызмат кылат.

Күнөөсүздүк жоромолу тууралуу конституциялык мыйзам жоболору жазык жоопкерчилиги тармагында колдонулат. Жоопкерчиликтин башка түрлөрү үчүн мыйзам чыгаруучу, аныкталган бир мамилелерди укуктук жөнгө салуу процессинде, күнөөнү башка жол менен далилдөө түйшүгүн бөлүштүрүү тууралуу маселени чечүүгө укуктуу, анда бул мамилелердин жана алардын субъекттеринин өзгөчөлүгү; улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, ден соолукту жана калктын адеп-ахлагын коргоо кызыкчылыгы, башка адамдардын укугун жана эркиндигин коргоо (Конституциянын 20-беренесинин 2-бөлүгү); ошондой эле жоопкерчиликтин болбой коюу талаптары эске алынат. Мындай чечимдерди кабыл алуу менен, мыйзам чыгаруучу киргизилип жаткан чектөөлөргө жараша жана мыйзам тарабынан каралган, укук бузуу субъектилери үчүн мамлекеттик бийлик органдары же башка элдик органдардын аракеттерине даттануу укугун тиешелүү түрдө камсыз кылуудан алышы керек.

3. Күнөөсүздүк жоромолу жазык сот өндүрүшүндө, алардын жынысынан, расасынан, тилинен, улутунан, майыптуулугунан, этноско таандыктыгынан, туткан дининен, курагынан, саясий же башка ынанымдарынан көз карандысыз түрдө кылмыштын бардык субъектилери үчүн колдонулат, бул мыйзам жана сот алдында бардыгы тең принцибин камсыз кылат.

Аны менен бирге, бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу жана кодулоого тыюу салуу мамлекеттик кызматта иштеп жаткан адамдардын кесиптик ишмердүүлүгүн укуктук жөнгө салууга өзгөчө ыкманы жокко чыгарбайт. Мындай жыйынтык Конституциялык палатанын укуктук көз карашы менен макулдашылат, 2014-жылдын 30-апрелиндеги жаран Э.А.Асановдун кайрылуусунун негизинде "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 1-бөлүгүнүн "м" пунктун жана 8-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндөгү иш боюнча чечиминде белгиленгендей мамлекеттик кызматчылардын кесиптик ишинин укуктук жөнгө салуу өзгөчөлүгүн орнотуу, анын жогорку деңгээлин, мамлекеттик кызматта милдеттерин аткарып жаткан жактардын кесиптик ишинин өзгөчөлүк мүнөзүн колдоо максатында, мамлекеттик кызматты уюштуруу жана ишке милдеттендирүү принциптери, милдеттер менен шартталган деп айтылган.

Буга байланыштуу, мамлекеттик кызматчы мамлекеттик кызматка кирген учурда, кызмат адамынын өзү алып жаткан коомдук-укуктук статусуна байланыштуу чектөөлөрдү да кабыл аларын белгилей кетүү керек жана мыйзамда белгиленген тартипке ылайык тиешелүү талаптарды аткарат, бул - жарандын конституциялык укугун бузууга жана чектөөлөргө алып келбейт.

Жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын ишмердүүлүгүн укуктук жөнгө салуунун өзгөчөлүгүнө жараша мамлекеттик кызматчы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте өзүнүн, ошондой эле күйөөсүнүн (аялынын) жана жашы жетпеген балдарынын кирешелери, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү экендиги мыйзамдарда каралган (Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 7-беренеси, Кыргыз Республикасынын "Саясий жана башка атайын мамлекеттик-кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" Мыйзамынын 2-беренеси).

Мамлекеттик кызматчы тарабынан аталган маалыматтарды бербөө же өзүнүн, ошондой эле жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө билип туруп туура эмес же толук эмес маалымат бериши ага болгон ишенимдин жоголушуна негиз болуп саналат жана аны кызматынан бошотууга же ага юридикалык жоопкерчиликтин башка чараларын көрүүгө алып келет.

4. Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 6-августундагы № 127 Мыйзамы менен Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган Коррупцияга каршы БУУнун конвенциясы мыйзамсыз баюуну, башкача айтканда коомго шардана кызмат адамдарынын активдеринин анын мыйзамдуу кирешелеринен ашып, бир кыйла көп болушун, жана аны акылга сыярлык кылып негиздеп бере албаса, - катышуучу-мамлекеттер тарабынан кылмыш жазалоочу иш катары таанууга багытталган чараларды кабыл алуу мүмкүндүгүн карап жатат.

Кылмыш-жаза кодексинин талашка түшкөн ченемдери жогоруда аталган Конвенциянын жоболорунун улуттук мыйзамда имплементациялоо болуп саналат. Буга ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 308-1-беренесинин жоболору эл аралык келишимдин ченемдеринен келип чыгат, ал Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат (Конституциянын 6-беренесинин 3-бөлүгү).

Эске алуу керек, каралып жаткан кылмыш курамы коррупциялык көрүнүштөрдүн катарына кирет, ал коррупцияга каршы БУУнун Конвенциясынын жоболоруна ылайык "коомдун туруктуулугуна жана коопсуздугуна коркунуч келтирет, демократиялык институттарды жана баалуулуктарды бузат жана туруктуу өнүгүүгө жана укук тартибине зыян келтирет; мамлекеттин саясий стабилдүүлүгүнө жана туруктуу өнүгүүсүнө коркунуч келтирет".

5. Текшерилип жаткан Кылмыш-жаза кодексинин 308-1-беренесинин диспозицияларынан, бул кылмыштын субъектилери болуп, кызмат адамы жана жооптуу абалды ээлеп турган кызмат адамдары (саясий жана атайын мамлекеттик кызматты ээлеп турган адамдар) саналары белгилүү болду. Субъективдүү тарап - тикелей ниеттин болгондугун божомолдойт. Объект катары - мамлекеттик кызматтын кызыкчылыгы каралууда. Кылмыштын объективдүү тарабы болуп, анын объектисинен алып караганда, жарандардын же уюмдардын мыйзамдуу кызыкчылыгын жана укуктарын, же мыйзам тарабынан корголгон коомдун же мамлекеттин кызыкчылыгын бузууга алып келген кызмат адамдарынын иш-аракеттери көрсөтүлүшү керек, алар бийлик органдарынын, мамлекеттик же коомдук уюмдардын кадыр-баркын түшүрүү менен чагылдырылышы мүмкүн. Аны менен бирге, бул кылмыштын объективдүү тарабын так аныктоо үчүн, мыйзам чыгаруучу талашка түшкөн берененин диспозициясынын редакциясын тактап алуусу керек.

Бул кылмыштын курамы, кызмат адамы өзүнүн мыйзамдуу кирешелеринен ашып кеткен активдеринин кыйла көбөйүш себептерин негиздей албай калган учурда гана келип чыгат. Мындай активдердин келип чыгуусун далилдөө же негиздөө процесси жазыктык сот ишинен тышкары ишке ашырылышы керек жана, кызмат адамы же жооптуу абалды ээлеп турган кызмат адамы катары анын милдеттеринин бири болуп саналат. Кызмат адамы тарабынан сатылып алынган мүлктүн мыйзамдуулугуна далилдерди берген учурда, аны жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн негиз жок калат. Буга ылайык, кызмат адамынын өзүнүн мыйзамдуу кирешелеринен ашып кеткен активдеринин көбөйүшүн далилдөө милдети - анын кызматтык ишмердүүлүгүнүн алкагындагы милдеттеринин бир бөлүгү болуп саналат.

Мамлекеттик кызматчынын милдети, өз активдеринин келип чыгышын далилдөө зарылдыгы, башка жагдайлардан - өз кирешелерин, мүлкүн жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмесин декларациялоодон келип чыгат, анын максаты - коррупциялык бузууларды табуу жана алдын алуу. Мамлекеттик кызматчылардын декларацияларында берилген маалыматтардын чындыгы үчүн көзөмөл бул маалыматтарды текшерүү механизми аркылуу чагылдырылат, анда алардын активдеринин бир кыйла жогорулап кеткендигинин мыйзамдуулугу жөнүндө түшүндүрмө берүүгө мажбурлашат. Болбосо, кызмат адамынын - кирешелерин, мүлкүн декларациялоо милдети жараксыз болуп, өз максатына жетпей калат. Буга байланыштуу, кызмат адамынын өзүнүн мыйзамдуу кирешелеринен ашып кеткен активдеринин көбөйүп кеткендигин далилдөө милдети, анын эл алдында-укуктук статусунан жана кызматтык ишмердүүлүгүнөн келип чыккан анын милдеттеринин алкагында ишке ашырылат, жана жазык сот ишинин алкагында өз күнөөсүздүгүн далилдөө катары каралбайт.

6. Бардык кылмыштарды, анын ичинде мыйзамсыз баюуну тергөө Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси тарабынан жөнгө салынган, ага ылайык далилдөө - жазык процессинин курамдык бөлүгү. Тергөө органдарынын бардык аракеттери күнөөсүздүк жоромолун эске алышы керек жана мыйзам тарабынан бекитилген тартипке ылайык айыпталуучунун (шектүүнүн) күнөөсүнө далилдерди чогултушу керек. Бул мааниден алып караганда далилдөө түйшүгү, кылмыш субъектисине карабай, тергөө органдарына жатат, ал эми көрсөтмө берүү - бул айыпталуучунун милдети эмес, укугу. Болбосо, Кылмыш-жаза кодексинин 308-1-беренесинин диспозициясын башкача түшүнүү күнөөсүздүк жоромолу жөнүндө конституциялык эрежелерге каршы келип калат.

Ошентип, Кылмыш-жаза кодексинин талашка түшкөн, кызмат адамдарынын жазык жоопкерчилигин караган ченемдеринин жоболору мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей жана күнөөсүздүк жоромолу деген конституциялык принциптерге каршы келбейт.

Жогорудагылардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып Конституциялык палата

ЧЕЧТИ:

1. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 308-1-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнүн диспозициялары Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 26-беренесинин 2, 4-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.

2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.

4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын атайын сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы