Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

 

ЧЕЧИМИ

 

2014-жылдын 9-июлу N 39-р

жаран Нурбек Акбарович Токтакуновдун кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 184-беренесинин 3-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:

төрагалык кылуучу: судья М.Ш.Касымалиевдин,

судьялар: Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Ж.М.Макешов, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,

сот жыйналышынын катчысы: М.Э.Толобалдиевдин катчылыгы менен,

кайрылуучу тарап - жаран Н.А.Токтакуновдун;

жоопкер-тарап: - ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү А.А.Джорупбекованын;

башка жак - ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү А.Ш.Шукурбековдун катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 1, 4, 18, 19, 24, 37 жана 42-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, тинтүү жана алып коюу, ошондой эле турак жайда тинтүү жана алып коюу прокурордун санкциясы менен тергөөчүнүн жүйөлүү токтому боюнча калыс күбөлөрдүн катышуусу менен жүргүзүлөт деп көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 184-беренесинин 3-бөлүгүнүн (мындан ары - ЖПК) конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык сот жыйналышында карады.

Ишти кароого жаран Н.А.Токтакуновдун өтүнүчү себеп болду.

Ишти кароого негиз болуп ЖПКнын 184-беренесинин 3-бөлүгү Конституцияга ылайык келүү маселесинде күмөндүүлүктүн пайда болуусу эсептелинет.

Сот жыйналышына ишти даярдаган судья-баяндамачы Э.Т.Мамыровдун маалыматын угуп, иштин материалдарын изилдеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2014-жылдын 20-февралында жаран Н.А.Токтакуновдун ЖПКнын 184-беренесинин 3-бөлүгүнүн Конституциянын 30-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келгендигин таануу жөнүндө өтүнүчү түшкөн.

Н.А.Токтакунов жеке менчигинде же башка укуктук ээлигинде турган турак-жай менен башка объектилердин кол тийбестигине болгон ар кимдин укугу Конституциянын 30-беренесинин 1-бөлүгүндө кепилденген, жана тинтүүгө, алып коюуга, кароого жана башка аракеттерди жүргүзүүгө Конституциянын аталган беренесинн 2-бөлүгүнө ылайык, сот актысынын негизинде гана жол берилет.

Бирок, ЖПКнын 184-беренесинин 3-бөлүгү Конституциянын 30-беренесинин 2-бөлүгүнө каршы келип, тинтүү жана алып коюу жүргүзүүнүн соттон тышкары тартибин караган.

Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 17-мартындагы аныктамасы менен арыз берүүчүнүн өтүнүчү конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алынган.

Соттук жыйналышта кайрылуучу тарап Н.А.Токтакунов өзүнүн өтүнүчүн колдоп, аны канааттандырууну суранды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү А.А.Джорупбекова, кайрылуучу тараптын далилдери менен макул болуп жана ЖПКнын талаш туудурган ченеми Конституцияга ылайык келбейт деп билдирди.

Конституциялык палата тараптардын жүйөөлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп, жыйналышка катышкан башка жактын пикирин угуп, төмөнкүдөй тыянактарга келди:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык палата кайрылууда каралган ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Демек, бул иш боюнча Конституциялык палатанын кароосунун предмети болуп төмөнкү мазмундагы ЖПКнын 184-беренесинин 3-бөлүгү саналат:

"184-берене. Тинтүүнү жана алып коюуну жүргүзүүнүн негиздери жана тартиби

(3) Тинтүү жана алып коюу, ошондой эле турак жайда тинтүү жана алып коюу прокурордун санкциясы менен тергөөчүнүн жүйөөлүү токтому боюнча калыс күбөлөрдүн катышуусу менен жүргүзүлөт.".

1999-жылдын 30-июнундагы № 62 Кыргыз Республикасынын Жазык- процесстик кодекси мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, 1999- жылдын 30-июнундагы № 63 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ишке киргизилген, "Эркин-Тоо" гезитинин 1999-жылдын 21-июлундагы № 59-60-61-62 сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы кодекс болуп эсептелинет.

2. Конституцияга ылайык адам укуктары менен эркиндиктери эң жогорку баалуулук болуп эсептелет. Алар тикелей колдонулат, мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маанисин жана мазмунун аныктап турат (16-берененин 1-бөлүгү).

Расасына, жынысына, улутуна, этноско таандыктыгына, туткан динине, курагына, билимине, мүлктүк же башка абалына, саясий же башка ынанымдарына, ошондой эле башка жагдайларына карабастан туруп Конституция тарабынан инсандын өзгөчө макамынын таанылышы эл аралык укуктук актылардын ченемдери менен корреляцияланат (Адам укуктарынын Жалпы декларациясы, Адамдын негизги укуктары жана эркиндиктери жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги Конвенциясы), ага ылайык адамдык ченемдин жалпыга таанылган стандарттары сакталууга жана ар бир мамлекетте камсыздалууга тийиш.

3. Конституциянын 30-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ар кимдин өзүнүн менчигинде же башка укуктук ээлигинде турган турак-жайы жана башка объектилери кол тийбестик укугуна ээ. Эч ким ээсинин эркинен тышкары алар пайдаланып турган турак-жайга жана башка объектилерине кире албайт. Турак жайдын кол тийбестигине болгон укук жеке мүлктүк эмес укук болуп саналат жана жеке жашоонун кол тийбестигине болгон укугун түзөт. Бул укук эл аралык укуктардагы эң маанилүү укуктардын бири жана көптөгөн эл аралык актыларда бекитилген.

Адам укуктарынын Жалпы декларациясынын 12-беренесине ылайык "эч ким анын жеке жана үй-бүлөлүк турмушуна ээнбаштык менен кийлигишүүгө, анын турак жайына ээнбаштык менен кол салууга кириптер болууга тийиш эмес". Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактка ылайык, ага Кыргыз Республикасы 1994-жылдын 12-январындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин № 1406-XII токтому менен кошулган, эч ким турак жайына ээнбаштык менен же мыйзамсыз кол салууга дуушар болбошу керек (17-берене). № 182 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен 2003-жылы 1-августта ратификацияланган 1995-жылдын 26-майындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Адам укуктары жана негизги эркиндиктери жөнүндөгү конвенциясы бул укукту колдонууда мамлекеттик органдар тарабынан эч кандай кийлигишүү болбошу керек экендигин караган, мындай кийлигишүү мыйзам тарабынан каралган болсо жана демократиялык коомдо мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ден соолугу менен адеп- ахлагын сактоо же башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо кызыкчылыктары үчүн зарыл учурларда гана болушу мүмкүн (9-берене). Көрсөтүлгөн эл аралык келишимдер Конституциянын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат.

4. Конституцияда жана эл аралык укуктук актыларда жар салынган турак жайдын кол тийбестиги принциби адамдын жеке турмушунун кол тийбестигине болгон укукту, жеке адамдык жана үй бүлөлүк жашырын сырларды сыйлоону, инсандын ар намысы менен аброюн сыйлоону камсыз кылат, бул өзгөчө жазык сот өндүрүшүнүн алкагында маанилүү, анткени бул укуктар турак жайга кирип баруу менен байланышкан процессуалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу учурунда кыйла көбүрөөк деңгээлде чектелет.

Турак жайдын кол тийбестигин дал ушундай жагдайга байланыштуу чектөө, Конституцияга ылайык, жеке менчикте жана башка укукта болгон турак-жайда жана бөлөк объектилерде тинтүү, алып коюу, кароо жана башка аракеттерди жүргүзүү үчүн, аларга бийлик өкүлдөрүнүн кирүүсү үчүн соттун актысынын негизинде гана жол берилет (30-берененин 2-бөлүгү).

Ошондуктан, турак жайдын кол тийбестигине болгон укукту чектөөнүн ар бир конкреттүү окуясынын конституциялык маанилүү максаттарга шайкештигине жана адекваттуулугуна алдын ала соттук акты менен жетишип алуу керек.

5. Жазык процессинин сотко чейинки стадиясында ишке ашырылуучу соттук көзөмөл сот бийлигин жүзөгө ашыруунун бир түрү жана анын иш-милдети болуп саналат жана адамдын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылууга жана алардын бузулуусун болтурбоого багытталган. Бул учурда алдын ала соттук- көзөмөл ишмердүүлүгүнүн юридикалык табиятынын негизи Конституция менен жөндөлөт. Ошентип, тинтүү, алып коюу, кароо сыяктуу тергөө амалдарын жана башка аракеттерди жүргүзүүгө, ошондой эле бийлик өкүлдөрүнүн жеке менчик же башка укукта турган турак жайга же башка объекттерге кирүүсүнө соттук көзөмөлүн жайылтылары Конституцияда аныкталган (30-берененин 2-бөлүгү).

Бирок, ЖПК 184-беренесинин 3-бөлүгү менен тинтүү жана алып коюу, ошондой эле турак жайда тинтүү жана алып коюу прокурордун санкциясы менен тергөөчүнүн жүйөлүү токтому боюнча калыс күбөлөрдүн катышуусунда жүргүзүлөрүн караган, жана бул жогоруда аталган конституциялык аныктоого туура келбейт.

Судьялардын көз карандысыздыгы, алардын Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийиши (94-берененин 1-бөлүгү) жана сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ишмердүүлүккө болгон ар кандай кийлигишүүгө тыюу салуу (94-берененин 3-бөлүгү) тууралуу конституциялык принциптерден алып караганда сот актысы тергөөчүнүн ар бир өзүнчө окуяда аткарган аракеттеринин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерип туруудагы майнаптуу каражат болуп саналат.

Соттун нейтралдык статусу айыптоочу тараптын жана жактоочу тараптын далилдери менен ой-пикирлерине байланып калбоого мүмкүндүк берет, ал тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун конституциялык принцибин ишке ашыруу менен, жазык иликтөө органы тарабынан процессуалдык иш-аракеттерди жүргүзүүсүнүн зарылдыгын калыс баалайт.

Соттук көзөмөл маңызы жагынан тараптардын укуктук чыр-чатактарын чечүү боюнча сот ишмердүүлүгүнүн бир түрү болуу менен бирге, Кыргыз Республикасынын демократиялык жана укуктук мамлекет катарында конституциялык аныкталышын чагылдырып турат. Соттук көзөмөлдүн мааниси анын ишти кароо учурундагы сот чечиминин объективдүүлүгүнө жана акыйкаттуулугуна түздөн түз таасир этүүсүнөн келип чыгат.

Конституция тарабынан соттук актынын тинтүү, алып коюу, кароо жана башка тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн негиз катары таанылышы, адамдын конституциялык укуктарын чектөө менен байланышкан учурлардагы тергөө органдарынын иш-аракеттерине жана чечимдерине карата болгон көз карандысыз соттук көзөмөлдүн зарылдыгы менен да шартталган. Конституциянын 30- беренесинин 2-бөлүгүнүн мааниси боюнча, прокурордук көзөмөл же ведомстволук процессуалдык көзөмөл эмес, так ушул соттук көзөмөл, жазык- процесстик мыйзамдар тарабынан регламенттелгендей, коомдук процессуалдык органдардын оюна келгендей иш-аракеттерди жана чечимдерди кылбоосуна кепилдик берет жана инсандын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылат.

Буга байланыштуу, турак жайдын кол тийбестигине болгон укукту чектөөнүн конституциялык маанилүү максаттарга дал келүүсүнө жана шайкештигине ар бир конкреттүү учурда алдын ала соттук акты менен жетишүү керек.

Бул учурда, Конституция сот актысысыз жеке менчик жана башка укукта болгон турак-жайга жана башка объектилерди тинтүү, алып коюу, кароо жана башка аракеттерди жүзөгө ашыруу жана аларга бийлик өкүлдөрүнүн кирүүсүнө мыйзамда каралган учурларда мүмкүндүк берет (30-берененин 3-бөлүгү).

Белгилей кетүү керек, Конституциянын бул ченеми ЖПКда көрсөтүлгөн тинтүү, алып коюу, кароо жүргүзүү үчүн негиз болгон прокурордун санкциясы менен чыгарылчу тергөөчүнүн жүйөлүү токтому конституциялуу болуп саналат дегенди билдирбейт. Конституциянын 30-беренесинин 3-бөлүгүнүн мааниси боюнча, аталган процессуалдык аракеттерди сот актысы жок жүргүзүүгө өзгөчө гана учурларда уруксат берилет, ал эми жүргүзүлгөн процессуалдык аракеттер алар аяктагандан кийин кандай болгон учурда да сот тарабынан анын негиздүүлүк жана мыйзамдуулук предметине карата каралууга тийиш.

Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан 2011-жылдын январында жазык процессинин сотко чейинки баскычында сот актысынын негизинде жеке менчик же башка укукта турган турак жайды же башка объектини тинтүү, алып коюу жана кароо жөнүндө көрсөтмө чыгарып, төмөн турган бөлүнүштөргө жиберилген.

Аны менен бирге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2011- жылдын 9-августундагы чыккан № 458 токтому менен демилгеленген, конституциялуулук предметине талашка түшкөн ЖПКнын ченемдерин Конституциянын 30-беренесине ылайык келтирүүгө багытталган мыйзам долбоору, жарандардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу жагындагы маанилүүлүгүнө карабастан, мыйзам чыгаруу органы тарабынан көңүлгө алынбай калган.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктунун 8, 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Конституциялык палата

ЧЕЧТИ:

1. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 184-беренесинин 3-бөлүгү Конституциянын 30-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Жазык-процесстик кодексине Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарынан жана ушул чечимден келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизсин.

3. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.

5. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басмаларында, Конституциялык палатанын атайын сайтында жана

"Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы