Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a2d57d14-c6cb-4ea9-8cde-f00924492647\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 11-апрели № 211

Кыргыз Республикасынын асыл-тукум мал чарбасына

андан ары колдоо көрсөтүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтомунун редакциясына ылайык)

Асыл-тукум жаныбарлардын генетикалык ресурстарын сактоо, генофонддук чарбаны, урук банкын түзүү жана андан ары натыйжалуу иштеши үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин “Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча республикалык “Элита” асыл-тукум станциясы” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин “Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча республикалык “Элита” асыл-тукум станциясы” мамлекеттик мекемеси болуп кайра уюштурулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги эки айлык мөөнөттө “Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча республикалык “Элита” асыл-тукум станциясы” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун киргизсин.

3. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-мартындагы № 138 “Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча республикалык “Элита” асыл-тукум станциясы” мамлекеттик мекемесин республикалык бюджеттин каражаттарынан 2015-жылга чейин каржылоону жүргүзсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын “Элита” мамлекеттик көмөкчү чарбасынын 2005-2009-жылдар мезгилинде топтолгон 2014-жылдын 1-январына карата 3355,0 миң сом суммасындагы “Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча республикалык “Элита” асыл-тукум станциясы” мамлекеттик ишканасынын бюджеттен тышкары зайым каражаттары боюнча карызы эсептен чыгарылсын.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев