Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН


КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

 

ЧЕЧИМИ

2014-жылдын 10-сентябры N 42-р

жарандар Тимур Эднанович Карабаевдин жана Павел Николаевич Евсеевдин кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 119-беренесинин 1- жана 6-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:

төрагалык кылуучу: судья М.Ш.Касымалиев,

судьялар: Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Ж.М.Макешов, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонованын курамында,

сот жыйналышынын катчысы: Н.А.Илиязованын,

кайрылуучу тарап - жарандар Тимур Эднанович Карабаев жана Павел Николаевич Евсеевдин,

жоопкер-тарап - ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү Света Садыковна Болджурованын,

башка жактар - ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Жылдыз Сейитбековна Бокошева,

ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратуранын өкүлү Азизбек Шарипович Шукурбековдун катышуулары менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн (мындан ары - Конституция) жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 1, 4, 18, 19, 24, 37 жана 42-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 119-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.

Ишти кароого жарандар Т.Э.Карабаевдин жана П.Н.Евсеевдин өтүнүчү себеп болду.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 119-беренесинин 1- жана 6-бөлүктөрүнүн ченемдик жоболору Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу ишти кароого негиз болду.

Ишти сот жыйналышына даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы А.О.Нарынбекованын маалыматын угуп, көрсөтүлгөн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2014-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 119-беренесинин 1- жана 6-бөлүктөрү (мындан ары - Жазык-процесстик кодекси) Конституциянын 12-беренесинин 2-бөлүгүнө, 42-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык эместигин таануу жөнүндө жарандар Т.Э.Карабаевдин жана П.Н.Евсеевдин өтүнүчү келип түшкөн. Т.Э.Карабаевдин жана П.Н.Евсеевдин пикири боюнча, Жазык-процесстик кодексиндеги талаш-тартыш туудуруучу ченемдер боюнча Конституция тарабынан өз ишмердигинин натыйжаларына ээ болууга, колдонууга жана тескөөгө кепилденген укуктарын кемсинтет, жана Конституция тарабынан аныкталган менчик ээсинен мүлктү алып коюу тартибине ылайык келбейт.

Арыз берүүчүлөр, прокурорго ошондой эле прокурордун санкциясы менен тергөөчүүгө адамдардын мүлкүн камакка алууга өзгөчө укук берүүсү Конституциянын 12-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык келбейт деп эсептешет, анткени, ага ылайык менчик кол тийгис, эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес. Менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет. Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында соттун чечимисиз мүлктү алып коюуга мыйзамда каралган учурларда гана жол берилет. Мындай алып коюунун мыйзамдуулугу сот тарабынан милдеттүү түрдө каралууга тийиш.

Ошондой эле, алардын пикири боюнча Жазык-процесстик кодекстин 119-беренесинин 6-бөлүгү камакка алынган мүлк камакка алууну жүргүзгөн адамдын чечими боюнча алынып коюлушу, же болбосо мүлктүн сакталышына жоопкерчилик тууралуу эскертилүү менен ал тууралуу протоколдо тиешелүү жазуу жүргүзүлүп, менчик ээсине же бул мүлктүн ээлик кылуучусуна, болбосо башка адамга өткөрүп берилиши мүмкүн деп белгилейт.

Т.Э.Карабаев жана П.Н.Евсеев камакка алынган мүлктү өткөрүп берүү, бул аракетти "алып коюу" катары аныктабай туруп, бир эле жол менен мүмкүн экендигин белгилешет - бул мүлкү камалган жактын макулдугу менен гана. Ушуга ылайык, менчик ээсинин же анын ээсинин эркине каршы, "өткөрүп берүү" катары каралбайт, мындай учурда бул аракет мыйзамдарда мүлктү "алып коюу" катары аныкталууга тийиш.

Буга байланыштуу, менчик ээсинин же мүлккө ээ кылуучунан ээсинин эркинен тышкары тергөөчү же прокурор бир жактуу түрдө, башка адамга же бир уюмга сактоо үчүн чечим кабыл алган учурда, камакка алынган мүлктү "алып коюу" эмес, "өткөрүп берүү" катары аныкталган учурда Жазык-процесстик кодексинин 119-беренесинин 6-бөлүгү Конституциянын 42-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 12-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет.

Өтүнүчтө баяндалган жагдайларды эске алып, арыз берүүчүлөр Жазык-процесстик кодексинин 119-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрү, Конституциянын 12-беренесинин 2-бөлүгүнүн, 42-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына карама- каршы келгендигинин таанууну өтүнүшөт.

Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 15-апрелиндеги аныктамасы менен Т.Э.Карабаевдин жана П.Г.Евсеевдин өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

Сот жыйналышында Т.Э.Карабаев жана Н.П.Евсеевдер өздөрүнүн өтүнүчүн колдоп, жана аны канааттандырууну суранышкан.

Жоопкер-тарап талаш-тартыш туудурган Жазык-процесстик кодекстин ченемдери Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт жана кайрылуучу тараптын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырууну суранат.

Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын иш боюнча берген түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкүдөй тыянактарга келди:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу боюнча күмөн жараткан бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Ошентип, ушул иш боюнча Конституциялык палатанын кароо предмети болуп төмөнкүдөй мазмундагы Жазык-процесстик кодексинин 119-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрү каралат:

"(1) Жарандык доо жагынан өкүмдүн аткарылышы үчүн башка мүлктүк жаза чараларын же мүлктү мүмкүн болгон конфискациялоону камсыз кылуу максатында прокурор, ошондой эле тергөөчү сот алдында шектүүнүн, айыпталуучунун же мыйзам боюнча алардын аракети үчүн материалдык жоопкерчилик тартуучу адамдардын мүлкүнө прокурордун санкциясы менен камак салат.

(6) Камак салынган мүлк камак салууну жүргүзгөн адамдын чечими боюнча алынып коюлушу, болбосо мүлктүн сакталышына жоопкерчилик тууралуу эскертүү менен ал тууралуу тиешелүү протоколдо жазуу жүргүзүлүп, менчик ээсине же бул мүлктүн ээлик кылуучусуна, болбосо башка адамга өткөрүп берилиши мүмкүн.".

1999-жылдын 30-июнундагы № 62 сандуу Кыргыз Республикасынын Жазык- процесстик кодекси мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, 1999-жылдын 30-июнундагы № 63 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен киргизилген, "Эркин-Тоо" гезитинде 1999-жылдын 21-июлунда № 59-60- 61-62 сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп саналат.

2. Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасында менчиктин ар кандай түрлөрү таанылат жана жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка менчик түрлөрүн тең укуктуу корголушуна кепилдик берилет. Менчик укугу, адамдардын башка конституциялык укуктары менен тең болуу менен эң жогорку баалуулук болуп саналат, алар түздөн-түз колдонулат, мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маани-мазмунун аныктайт. Конституциялык, жарандык, жазык, административдик жана башка сот өндүрүшү аркылуу жүзөгө ашырылуучу (12-беренесинин 1-бөлүгү, 16-беренесинин 1-бөлүгү, 40-беренесинин 1-бөлүгү, 93-беренесинин 2-бөлүгү) ар кимге менчик укуктарын соттук коргоого кепилдиктер берилет.

Конституциянын 12-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, менчик кол тийгис, эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес, менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет; улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ден соолугун жана адеп- ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында соттун чечимисиз мүлктү алып коюуга мыйзамда каралган учурларда гана жол берилет, мындай алып коюунун мыйзамдуулугу сот тарабынан милдеттүү түрдө каралууга тийиш.

Бул принципти 2003-жылдын 1-августундагы Кыргыз Республикасынын № 182 Мыйзамы менен ратификацияланган жана Конституциянын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин адамдын укуктары жана негизги эркиндиктери жөнүндө конвенциясынын жоболору да кабарлайт (26-берене). Аталган Конвенциянын беренесине ылайык, ар бир жеке же юридикалык жак өзүнүн мүлкүнө ээ болууга укуктуу, эч ким коомдук кызыкчылык, соттук тартипте жана улуттук мыйзамдарда жана жалпы таанылган эл аралык укук принциптеринде каралган шарттарды кармаган учурдан башка учурда, өз мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес.

Ошентип, жогорудагы конституциялык ченемдин негизинде, менчик ээсинин эркинен башка мүлктү мажбурлоо менен алып коюу менчик укугун жоготуу жана толук токтотуу менен байланышкан юридикалык жана иш жүзүндө аракеттердин (окуялардын) жыйындысын түшүндүрөт, анын натыйжасында акыркысы таптакыр жашоосун токтотот, же болбосо башка укук мамилелеринин субъектинде пайда болот.

3. Жазык-процесстик кодексинин 119-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык мүлккө камак салуу менчик ээсине ошол мүлккө ээлик кылуудан, ал эми керек болгон учурларда мүлктү пайдаланууга тыюу салуудан турат.

Ушул аракет Жазык-процесстик кодексинин 115-беренесине ылайык процесстик мажбурлоонун бир чаралары болуп саналат. Мындай чара, тактап айтсак, жарандык доо бөлүгүндө өкүмдүн аткарылышы үчүн башка мүлктүк жаза чараларын же мүлктү мүмкүн болгон конфискациялоону камсыз кылууга багытталган. Так ушуга байланыштуу мыйзам чыгаруучу Жазык-процесстик кодексинин 119-беренесинин 1-бөлүгүндө шектүүнүн, айыпталуучунун же мыйзам боюнча алардын аракети үчүн материалдык жоопкерчилик тартуучу адамдардын мүлкүнө прокурордун, ошондой эле прокурордун санкциясы менен тергөөчүнүн камак салуу укугун караган.

Мүлккө камак салууда превентивдик мүнөзгө ээ болгон процесстик мажбурлоонун чарасы катары, ал соттук өкүмдү талапка ылайык аткарууга шарт түзүүгө түрткү берип, мүлктү жашыруу, жок кылуу, бузуу же мүлктү ажыратууга багытталган.

Мүлккө камак салуу шектүү же айыпталуучу камакка салууга жаткан мүлктү жашыруу, бузуу же жок кылышы мүмкүн деп эсептөөгө жол берген негиз болуучу далилдер бар болгондо колдонулат. Жазык-процесстик кодексинин 119-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык мүлккө камак салуу, бул чараны колдонуунун зарылдыгы болбой калганда, жокко чыгарылат.

Албетте, мүлккө камак салуу убактылуу мүнөзгө ээ, жана тескөө укугуна, ал эми айрым учурларда пайдалануу укугун убактылуу чектөө болуп саналат.

Чектөөгө таандык мүлктү пайдаланууга жана колдонууга болгон менчик ээсинин укугу менчикке болгон укуктун мазмунунан алынып салынбайт, анткени укукту чектөө менчикке болгон укукту ишке ашырууда бул укуктан ажыратпастан, айрым бир чектөөлөрдү, кысууларды, менчикке болгон укугун ишке ашырууда токтотууларды жаратат. Андыктан, ЖПКнын 119-беренесинин 6-бөлүгүндө колдонулган "алып салуу" деген түшүнүк, бул учурда, менчик укугунан толук ажыратуу жана токтотууну түшүндүрбөйт.

Ошондуктан, камсыз кылуучу мүнөздөгү процесстик чара катары мүлктү убактылуу алуу мүлккө болгон укуктун өтүп кетүүсүн жаратпайт жана менчик укугун бузуу катары бааланбайт.

Ошентип, Жазык-процесстик кодекстин 119-беренесинде каралган мүлккө камак салуу башка адамдардын укуктарын жана эркиндигин коргоо максатында Конституциянын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө киргизүү мүмкүндүгү чектөөчү чара катары караш керек.

4. Конституциянын 12-беренесинин 2-бөлүгүнүн 20-берене (2-бөлүгү) менен байланыштагы мазмуну боюнча, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында менчик укугун чектөө, негизинен жабырлануучунун укугун калыптандырууну камсыз кылуу жана ага келтирилген зыяндын ордун толуктоо зарылдыгы менен шартталышы мүмкүн. Ошол себеп менен тергөө жүргүзүп жаткан жана иш боюнча көзөмөл жүргүзүп жаткан адамдарга мүлктү убактылуу алуу менен байланышкан тиешелүү камсыз кылуу чараларын колдонуу боюнча тиешелүү ыйгарымдар берилет.

Жазык-процесстик мыйзамга ылайык, мүлккө камак салуу прокурор же прокурордун санкциясы менен тергөөчү тарабынан жүзөгө ашырылат. Каралган аракеттерди аткаруу үчүн керектүү негиз болуп, прокурор тарабынан кабыл алынган чечим (азыркы учурда токтом), ошондой эле прокурордун санкциясы - тергөөчүнүн процесстик чечиминин прокурор тарабынан бекитүү актысы - бар болгон учурда, тергөөчүнүн токтому саналат.

Мыйзам чыгаруучу прокурор менен тергөөчүнү эл алдындагы кылмышты иликтөө органы катары субъекттердин алкагын аныктоо менен, жабырлануучунун кылмышкер тарабынан келтирилген зыяндын калыбына келтирүү көйгөйлөрүн чечүүгө умтулган. Анткени, жарандык доону камсыз кылууга кабыл албоо же өз учурунда кабыл алуу же боло турган мүлктү конфискациялоо чаралары жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтурууга алып келбеши мүмкүн. Мүлккө камак салуунун өз учурунда жүргүзүлбөгөндүгү, өкүм чыгарган кезде соттолуучунун өндүрүп алууга кайрылуучу мүлкү калбай калуусу себеби болуп калышы мүмкүн. Буга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу, прокурор жана тергөөчү тарабынан мүлккө камак салуу жөнүндө чечим кабыл алуунун мүнөзүнүн ыкчамдуулугун эске алып, мындай аракет кечиктирбестен, соттун чечимин аткаруунун майнаптуу механизмин аныктоого умтулган.

Жазык-процесстик кодексине ылайык, алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун аракеттери жана чечимдери процесстик катышуучулары, ошондой эле жарандар жана уюмдар тарабынан даттанылышы мүмкүн, эгерде жүргүзүлүп жаткан процесстик аракеттер алардын таламдарына таасир тийгизсе (25, 126, 131-беренелер), негизинен, тергөөчүнүн, прокурордун жазык ишин козгоо тууралуу, жазык ишин токтотуу жөнүндө токтому, ошого тете алардын жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине зыян келтирүүгө жөндөмдүү же жарандардын сот адилеттигине жетишүүсүн кыйындатуучу чечимдери жана аракеттери (аракетсиздиктери), териштирүү өндүрүшүнүн жери боюнча сотко даттанылышы мүмкүн. Буга ылайык, мүлккө камак салуу жөнүндө тергөөчүнүн же прокурордун токтому соттук тартипте даттанууга жатат, бул менчик укугун коргоонун кепилдиги болуп саналат.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ЧЕЧТИ

1. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 119-беренесинин 1- жана 6-бөлүктөрү Конституциянын 12-беренесинин 2-бөлүгүнө, 42-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.

2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.

4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында" жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы