Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН

 

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

 

ЧЕЧИМИ

 

2014-жылдын 19-декабры N 60-р

жаран Курманбек Белекович Иманалиевдин жана Юлия Алексеевна Богданованын жаран Куручбек Уялович Айталиевдин кызыкчылыгындагы кайрылуулары боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 339-беренесинин 2-бөлүгүнүн ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:

төрагалык кылуучу: судья М.Ш.Касымалиевдин,

судьялар: Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,

сот жыйналышынын катчысы: М.Э.Толобалдиевдин катчылыгы менен,

кайрылуучу тарап - жаран К.Б.Иманалиевдин, ишеним каттын негизиндеги К.У.Айталиевдин өкүлү Ю.А.Богданованын;

жоопкер-тарап - ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү Ч.Ч.Урумкалиеванын жана М.И.Арзиевдин;

башка-жак - ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Ж.С.Бокошеванын жана ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү А.Ш.Шукурбековдун катышуусунда,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6, 8, 9, 10-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37, 42-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышта биринчи инстанциядагы соттук териштирүүнүн жүрүшүндө чыгарылган соттук токтомдору боюнча апелляциялык тартипте даттанууга тыюу салууну, процесстин катышуучуларынын далилдерине тийиштүү, ошондой эле бөгөт коюу чарасын тандап алууну, өзгөртүүнү же жокко чыгарууну регламентештирген Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 339-беренесинин 2-бөлүгүнүн ченемдик жобосун конституциялуу эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 3, 8-бөлүктөрүнө, 24-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө, 25-беренесинин 1-бөлүгүнө, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама- каршы келет деп ишти карады.

Жаран К.Б.Иманалиевдин жана Ю.А.Богданованын жаран К.У.Айталиевдин кызыкчылыгындагы өтүнүчтөр ишти кароонун себеби болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 339-беренесинин 2-бөлүгүнүн ченемдик жобосунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу ишти кароого негиз болду.

Ишти сот жыйналышына даярдаган судья-баяндамачы М.Р.Бобукееванын маалыматын угуп, көрсөтүлгөн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2014-жылдын 16-июнунда жаран К.Б.Иманалиев, "бөгөт коюу чарасын тандап алуу, өзгөртүү же жокко чыгаруу" деген сөздөр менен чагылдырылган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 339-беренесинин 2-бөлүгүнүн ченемдик жоболорун конституциялык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 24-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө жана 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп табуу өтүнүчү менен кайрылган.

К.Б.Иманалиевдин өтүнүчүнөн келип чыккандай, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2013-жылдын 8-октябрындагы токтому менен А.К.Сейталиевге карата бөгөт коюу чаралары - эч жакка кетпөө жөнүндөгү кол каттан камакка алууга өзгөртүлдү жана өз чечимин, тараптардын жарыш сөзүнүн убагында жактоочуну алмаштыруусун ишти кароону узартууга аракет кылып жатат деп жүйөөлөдү. Белгиленген токтом Бишкек шаардык сотко кассациялык тартипте даттанылган, бирок жекече даттануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 339-беренесинин 2-бөлүгүнө шилтемеси менен жазуу түрүндө жооп алган.

Арыз ээси, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 339-беренесинин 2-бөлүгү камтыган "бөгөт коюу чараларын тандап алуу, өзгөртүү же жокко чыгаруу" деген сөздөр адамдын укугун жана эркиндигин бузат, анткени ар бир адам соттук коргоого укугу бар деп белгилеген.

Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 9-июлундагы аныктамасы менен К.Б.Иманалиевдин өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2014-жылдын 10-сентябрында Ю.А.Богданова жаран К.У.Айталиевдин кызыкчылыгында кайрылган, ал процесстин катышуучуларынын өтүнүчүнө тиешелүү соттук териштирүүнүн жүрүшүндө чыгарылган токтом боюнча даттанууга тыюу салган бөлүгү боюнча, Кыргыз Республикасынын Жазык- процесстик кодексинин 339-беренесинин 2-бөлүгүн конституциялык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 3, 8-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп эсептөөнү суранган.

Ю.А.Богданованын жаран К.У.Айталиевдин кызыкчылыгындагы өтүнүчүнөн жана тиркелген материалдардан келип чыккандай, 2014-жылдын 17-мартында чыгарылган Ленин райондук сотунун токтому менен Ю.А.Богданованын сотто четтетилбеген тергөөнүн өксүктөрүн толтуруу үчүн жазык ишин прокурорго кайтарып берүү жөнүндө өтүнүчүнөн баш тартылып, бул токтомго Бишкек шаардык сотуна даттануу үчүн он күндүк мөөнөттү берген. Бишкек шаардык сотунун коллегиясынын 2014-жылдын 15-майындагы аныктамасы менен, Ю.А.Богданованын аталган райондук соттун токтомуна карата даттануусу боюнча өндүрүш, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 339-беренесинин 2-бөлүгүнө шилтемеси менен токтотулган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 339-беренесинин 2-бөлүгүнө шилтемеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2014-жылдын 5-августундагы токтому менен белгиленген шаардык соттун аныктамасы күчүндө калды, ал эми Ю.А.Богданованын көзөмөл даттануусу - канааттандыруусуз калтырылды.

Ю.А.Богданова, К.У.Айталиевдин ишиндеги учурда соттогу далилдерди изилдөө тартиби жөнүндө өтүнүч боюнча соттун токтому даттанылбастан, сотто четтетүүгө болбой турган тергөөчү тарабынан кетирилген процесстик бузууга даттанып жатканын белгилейт.

Арыз ээси, апелляциялык инстанция соту, даттанууну мааниси боюнча караган жок, жана ошонусу менен К.У.Айталиевди сот актысын андан жогору турган сот тарабынан кароого болгон укугунан ажыратты жана муну менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын принциптерин бузду деп эсептейт.

Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 3-октябрындагы аныктамасы менен Ю.А.Богданованын К.У.Айталиевдин кызыкчылыгындагы өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

Жогоруда өтүнүчтөрдүн предмети бири бирине окшош болгондуктан, К.Б.Иманалиевдин, Ю.А.Богданованын Айталиевдин кызыкчылыгындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунун талаптарына ылайык, судья-баяндамачы 2014-жылдын 10-октябрында чыгарган аныктамасы менен бир конституциялык өндүрүшкө бириктирилген.

Кайрылуучу тарап сот жыйналышында өздөрүнүн талабын колдошуп, аны канааттандырууну өтүнүшөт.

Жоопкер тараптын өкүлдөрү - Ч.Ч.Урумкалиева жана М.И.Арзиев кайрылуучу тараптын далилдери менен макул болбой жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 339-беренесинин 2-бөлүгүнүн ченемдик жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келет деп жана өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырууну суранат.

Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын иш боюнча берген түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкү тыянактарга келди:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19- беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Ошентип, бул иш боюнча Конституциялык палатанын кароо предмети болуп "бөгөт коюу чараларын тандап алуу, өзгөртүү же жокко чыгаруу" деген сөздөр менен чагылдырылган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 339-беренесинин 2-бөлүгүнүн ченемдик жоболору каралат.

1999-жылдын 30-июнундагы № 62 сандуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, 1999-жылдын 30-июнундагы № 63 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен киргизилген, "Эркин-Тоо" гезитинде 1999-жылдын 21-июлунда № 59-60- 61-62 сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын (1, 16, 20, 40-беренелер) Кыргыз Республикасындагы ченемдеринин мааниси боюнча укуктун үстөмдүгүнүн принцибине укуктук мамлекеттин ажырагыс элементи катары негизделген укуктук тутум, ар бир адамдын соттук коргоого болгон укугу бардык субъектилерге көз карандысыз жана калыс соттор тарабынан тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун негизинде ишке ашырылган сот адилеттигине эркин жана тең укуктуу, ошондой эле алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын анын ичинде соттук катачылыктардан коргоону камтыйт.

Мамлекеттин адилеттүү, компетенттүү жана таасирдүү соттук коргоону ишке ашыруу укуктарын камсыздоо милдети Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун түзүүчү бөлүгү болгон адам укуктарынын Жалпы декларациясынан (8-берене), Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыдан (2-берене) келип чыгат.

Буга ылайык, сот адилеттиги өз маңызы боюнча адилеттүүлүктүн талаптарына жооп берген учурда гана таанылат жана укуктарды калыбына келтирүүнү майнаптуу камсыз кылат, мыйзам чыгаруучу, сот актыларын даттануу тартибин камсыз кыла турган сот инстанцияларынын тутумун түзүү аркылуу мыйзамдуу, негиздүү жана адилеттүү сот актыларын чыгаруу механизмин орнотууга милдеттүү.

Бул максаттарда мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде сот чечимдерин кайра кароо жол жоболорун карады: мыйзамдуу күчүнө кире элек сот актыларына болгон даттануулар боюнча иштерди караган апелляциялык инстанциядагы сотто; мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайра караган кассациялык жана көзөмөл инстанцияларынын сотторунда.

3. Сот адилеттигин жүргүзүп, соттор көп сандаган процесстик аракеттерди кылуу менен, өз мазмуну, таризи жана мааниси боюнча айырмаланып турган чечимдерди кабыл алышат. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин негизги түшүнүктөрүн аныктаган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 5-беренесинен алып караганда, процесстик чечимдер - бул, анык таризде чагылдырылган жана анын компетенциясынын чегинде чыгарылган жазык-процесстик укуктук сот тарабынан колдонулган актылар (өкүмдөр, токтомдор). Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө чыгарылган өкүм, соттун башка чечими боюнча жазык иши маңызы боюнча чечилет, же аларды чыгаруу менен конкреттүү бир адамга карата жазык иши боюнча өндүрүш жыйынтыкталат да, жыйынтык соттук чечимдер болуп саналат. Алардын катарына, өкүмдөн башка, негизинен токтомдор кирет: жазык ишин же жазык куугунтуктоосун токтоткондугу; медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларды колдонгондугу же колдонуудан баш тарткандыгы жөнүндө; тарбиялык таасирдеги мажбурлоочу чараларды колдонуу менен жашы жете электерге карата жазык ишин токтотуу жөнүндө. Жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө же соттук териштирүүнүн жүрүшүндө чыгарылган биринчи инстанциядагы соттун башка токтомдору жыйынтыктоочу эмес (ортосундагы) актыларга кирет.

Ортодогу актыларды чыгаруу жолу менен сот тарабынан чечилген маселелер Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин ар кайсы бөлүмдөрүндө жөнгө салынат, алар жазык сот өндүрүшүнүн ар кайсы стадияларында чыгарылат: жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө; соттук териштирүүнүн жүрүшүндө; өкүмдү же башка жыйынтыктоочу соттун чечимин ишке ашыруунун убагында келип чыккан маселелерди чечүү учурунда.

Конституциялуулук предметине даттанып жаткан Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 339-беренесинде сөз соттук териштирүүнүн жүрүшүндө чыгарылган биринчи инстанциядагы сот актылары жөнүндө болот. Соттук териштирүүнүн убагында чыгарылган ар бир токтом өзүнүн: алар тарабынан чечилген маселелердин алкагын; чыгаруу процедурасын (өз өзгөчөлүктөрү менен окуялардын катарында); бекитүү тартибин; сот териштирүүсүнүн катышуучуларына маалымат жеткирүүнү жана даттанууга болгон мүмкүнчүлүгүн камтыйт. Алар ишти андан аркы жылышына, процесстин пайда болушуна, өнүгүшүнө, аяктоосуна таасир кылат, алардын жардамы менен сот өтүнүчтү канааттандыруу же баш тартуу, далилдерди иликтөө маселелерин, соттук териштирүүнүн уюштуруу ж.б. жөнүндө чечимди кабыл алат. Ошону менен, сот териштирүүсүнүн жүрүшүндө чыгарылган биринчи инстанциядагы соттун токтому сот адилеттигин жүргүзүү учурунда чыккан суроолорго жооп берет, жазык ишин маңызы боюнча жана акылга сыяр мөөнөттүн ичинде чечилишин камсыз кылуу менен процесстин катышуучулары тарабынан алардын укугун ишке ашыруу жана алар өз процесстик милдеттерин аткарышын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон максаттарды түзүү максатын көздөйт.

Сот териштирүүсүнүн жүрүшүндө чыгарылган биринчи инстанциядагы соттун токтому, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 339-беренесинин 1-бөлүгүндө чагылдырылган мыйзам чыгаруучунун позициясынан алып караганда, процесстин катышуучуларынан апелляциялык тартипте жыйынтыктоочу актыны чыгарганга чейин жеке даттанууну же жеке сунушту алып келүү жолу менен даттануу жүргүзөт. Мындай актылар өз алдынча даттанылат, анткени өкүмдүн мазмуну менен түз байланышта турбайт (күнөөлүүлүгү жана жазалоо же жазык-укуктук таасир этүүнүн башка чаралары колдонуу жөнүндө маселеге кирбейт), болгону сот териштирүү убагында келип чыккан айрым маселелерди камтыйт. Бул учурда мындай токтомдорду текшерүү мүмкүнчүлүгүн өзүнөн жогору турган сот инстанциясынын пикиринен көз каранды болуп, бул ишти кароо учурунда биринчи инстанциядагы сот коё албайт, анткени анда чечилип жаткан маселелер жазык ишинин маңызына таандык эмес жана сотто каралып жаткан иш боюнча соттун корутундуларын алдын ала чечпейт. Андан сырткары, мындай токтомдорго даттануу тартиби иштин андан ары жылышына тоскоол болбойт.

Сот териштирүүсүнүн убагында чыгарылган биринчи инстанциядагы соттун токтомдоруна даттануунун негизги багыты алардын катачылыгынын (мыйзамсыздыгын жана негизделбегендигин) өз убагында жоюу жана бузулган укуктарды оперативдүү калыбына келтирүү, акылга сыяр мөөнөттө тоскоолдуктарды жоюу зарылдыгы болуп саналат.

Аны менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 339-беренесинин 2-бөлүгүндө сот териштирүүсүнүн убагында чыгарылган биринчи инстанциядагы соттун токтомуна даттануу жөнүндө жалпы эрежелерден алып салуу каралган. Ошентип, арыз ээлери Кыргыз Республикасынын Жазык- процесстик кодексинин 339-беренесинин 2-бөлүгүндөгү ченемдик жоболордун конституциялуулугу талашка түшкөн, процесстин катышуучуларынын өтүнүчтөрүнө, бөгөт коюу чараларын тандоо, өзгөртүү же жокко чыгарууга тиешелүү сот териштирүүсүнүн убагында чыгарылган токтом Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 38-бөлүмүндөгү эрежелер боюнча даттанууга жатпайт. Буга ылайык, Кыргыз Республикасынын Жазык- процесстик кодексинин 339-беренесинин 2-бөлүгүндө көргөзүлгөн токтомдор жеке даттануу же жеке сунуш алып келүү жолу менен даттанууга жатпайт.

Жазык процессинде өтүнүч - бул процесстин катышуучусунун кандайдыр бир процесстик аракеттерди аткарууга же кандайдыр бир чечимдерди кабыл алууга болгон өтүнүчү. Негизинен, сот териштирүүсүнүн жүрүшүндө жаңы күбөлөрдү, эксперттерди жана адистерди чакыруу, далилдерди жана документтерди талап кылуу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жазык- процесстик кодексинин талаптарын бузуу жолу менен алынган далилдерди алып салуу жөнүндө, мурдагы сурак берип жаткан жабырлануучуну, күбөнү сот жыйналыштын жүрүшүндө кайра сурак жөнүндө өтүнүч, бул же тигил сот экспертизасын кошумча, кайталап жүргүзүү тууралуу, күбөлөрдүн, жабырлануучунун көрсөтмөлөрүн ачыкка чыгаруу жөнүндө жана башка өтүнүчтөр айтылышы мүмкүн.

Өтүнүчтөр институту жазык процессине тартылган жактардын өз процессуалдык укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун мыйзамдуу каражаттарынын ар түрдүүлүгү. Өтүнүчтү алып келүү жазык сот өндүрүш тармагына тартылган жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын маанилүү кепилдиги, ишти толук жана обьективдүү кароо, негизделген жана адилет өкүмдү чыгаруу болуп саналат.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси менен белгиленген, иш боюнча жыйынтык чечим чыгарылганга чейин сот процессинин катышуучуларынын өтүнүчтөрүнө карата сот текшерүүсүнүн убагында чыгарылган биринчи инстанциядагы сот токтомдоруна даттанууга түздөн-түз тыюу салынышы, жогоруда көргөзүлгөн токтомдор менен чечилген маселелер жыйынтык актыны чыгарууга түздөн түз тиешеси бардыгы жана өкүмдүн мазмуну менен байланыштуу болушу менен шартталган. Андай болбогондо, биринчи инстанциядагы соттордун жыйынтыктоочу актылары чыкмайынча өзүнөн жогору турган инстанцияга соттордун буга окшогон токтомдоруна даттануу мүмкүндүгү жогорку турган инстанциялар тарабынан биринчи инстанциядагы соттордун ишинин жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүүсүнө алып келет, жана буга ылайык, аларга өздөрүнүн дискрециялык ыйгарым укуктарын аткаруусуна кийлигишүүгө алып келет, бул сот адилеттигин жүргүзүү учурунда соттун (судьянын) көз карандысыздык конституциялык принцибин кармоо көз карашынан караганда жол берилбейт. Андан сырткары, мындай даттануу мүмкүнчүлүгү сот процессинин мөөнөтүнүн акталбаган созулушуна алып келет, жана, натыйжада ишти акылга сыяр мөөнөттө кароо принциби бузулат.

Аны менен бирге, жогоруда айтылгандардан караганда, сот процессинин катышуучуларына тиешелүү соттук териштирүүдө чыгарылган биринчи инстанциядагы соттун токтому, жогорку инстанция тарабынан сот көзөмөл объектилеринин катарынан чыгарылып салынат дегенди түшүндүрбөйт. Каралып жаткан токтомдордун укуктук маңызы, жазык сот өндүрүшүндөгү алардын функционалдык багыты аларды жыйынтыктоочу соттун чечими менен бир убакта даттануу зарылдыгын белгилейт (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 39-бөлүмүнүн эрежелери боюнча). Бул учурда, аталган токтомдордун мыйзамдуулугун жана негизделгендигин текшерүү кечирээк мөөнөткө жылдырылат. Даттануунун мындай тартиби, биринчиден, соттук коргоого болгон конституциялык укукту, негизинен жогорку инстанцияларга сот чечимдерине даттануу укугун камсыз кылат, экинчиден, биринчи инстанциядагы сотто жазык ишинин каралашын акталбаган кечиктирүүсүз кароо кепилдиги болуп кызмат кылат, үчүнчүдөн, соттун жыйынтыктоочу чечимдерин текшерүү менен бир убакта карап, чечиле турган маселелерди кароого апелляциялык инстанциядагы сотторго зарылдыксыз көп иш жүктөлбөйт.

Андан сырткары, өтүнүчтү негиздүү жана мыйзамдуу чечүүгө болгон укукту ишке ашырууга байланыштуу биринчи инстанциядагы соттун сот териштирүүлөрүнүн убагында бузулган укуктарды коргоо жана калыбына келтирүү, ага кайрадан арыз берүү мүмкүнчүлүгү менен кепилденет (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 123-беренеси), анын ичинде апелляциялык сотто да, бул учурда апелляциялык инстанциянын соту өтүнүчкө, ал биринчи инстанциядагы сот тарабынан канааттандырылбаган себептен гана канааттандыруудан баш тартууга укуксуз (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 345-беренесинин 5-бөлүгү).

Аны менен бирге, процесстин катышуучуларынын өтүнүчүнө байланыштуу биринчи инстанциядагы соттун токтомун өз алдынча даттанууга мыйзамда белгиленген тыюу салуу, аларга жалпы даттанууга мүмкүн эмес дегенди билдирбейт, анткени талашка түшкөн ченемдик жобону башкача түшүнүү соттук коргоого болгон конституциялык укукту бузууга алып келмек. Ошондой эле белгилей кетүү керек, талашка түшкөн инстанциядагы соттун токтомдорунун ченемдик жоболоруна даттануу тартибин мыйзамдык жөнгө салуу жетишээрлик ачык эмес мүнөзгө ээ. Мыйзамдын так эместиги жана ачык эместиги бир жактуу эмес талкуулоо мүмкүндүгүн жаратат, буга ылайык, анын ченемдерин өзү билгендей колдонууга алып келет, буга байланыштуу жарандардын укугун, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоо кепилдигин начарлантуучу каршы келе турган мыйзам колдонуу практикасы түзүлдү.

Буга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу даттанууга жатпай турган соттун ортодогу актыларын, ал эми сот актысы чыкканга чейин өз алдынча даттанууга жаткандарды, ошондой эле жыйынтыктоочу сот актысы менен бирге даттанууга жаткандарды так чектеп бериши керек.

4. Конституция, мыйзам чыгаруучуга адамдын жана жарандын укугун жана эркиндигин чектөөнү өткөрүп берип, ар биринин эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон укугу менен мамлекеттин сот адилеттигин жүргүзүү аркылуу жалпы мааниге ээ конституциялык баалуулуктарды камсыз кылуу милдетинин ортосундагы шайкештикти камсыз кыла турган мыйзамдык механизмди иштеп чыгууга милдеттендирет (20-берене). Ошентип, жазык-процесстик мыйзам, анын тергөө өндүрүшүнүн жана сот териштирүүсүнүн жүрүшүндөгү жөнсүз жүрүш- турушунун алдын алуу максатында айыпталуучу менен соттолуучуга карата мамлекет тарабынан колдонулган мажбурлоонун атайын чаралары каралган, алар бөгөт коюу чаралары деп аталат (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 101-берене). Бөгөт коюу чараларын тандоо, өзгөртүү же жокко чыгаруу учурунда тергөөчү, прокурор, сот ар бир учурда аларды тандоо, өзгөртүү, жокко чыгаруу же узартуу зарылдыгын жана негиздүүлүгүн негиздеп бериши керек (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 6, 102, 103-беренелер). Бул учурда, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси алгачкы текшерүү органы, тергөөчү, прокурор жана соттун аракеттерин жана чечимдерин даттануу принцибин жана ошондой эле сот чечимдерин кайра карап чыгуу тартибин бекитти (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 25-берене, 126-берене, 39, 41-1, 42-бөлүмдөр). Мындай укукту берүү жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу зарылдыгы менен шартталган жана жазык иши боюнча өндүрүш процессинде кетирилиши мүмкүн болгон эреже бузуулар менен катачылыктарды жоюуга багытталган.

Бирок, кассациялык жана көзөмөл тартипте бөгөт коюу чараларын тандоо, өзгөртүү же жокко чыгаруу жөнүндө соттун токтомуна даттануудагы мыйзамдык иш чаралардын жетишсиз иштелип чыккандыгы ар кандай мыйзам колдонуу практикасына алып келип, кээбирде мындай токтомдорго даттануулар каралат, башка учурларда кароосуз калтырылат.

Буга байланыштуу, Конституциялык палата мыйзам чыгаруучу укугу жана эркиндиги бузулган жарандарга мыйзам тарабынан тыюу салынбаган ыкмалардын бардыгын колдонуу менен аларды чындап коргоого жетише алган тиешелүү процесстик механизмдерди түзүү мүмкүндүгүн түзүү боюнча өз убагында тиешелүү чараларды көрүшү керек. Бул учурда мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун бир бөлүгү болуп саналган эл аралык ченемдерди эске алышы керек. Негизинен, Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт кайтарууга алуу же камакка кармоо аркылуу эркиндигинен ажыраган ар бир адамга мыйзамдын сакталышына карата сот тарабынан токтомду токтоосуз чыгарууну белгилейт (9-беренесинин 4-бөлүгү). Андай болбосо, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6, 24-беренелеринде каралган конституциялык баалуулуктар жазык-процесстик мыйзамдын алкагында тиешелүү өлчөмдө ишке ашырылбай калат.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин бөгөт коюу чараларын тандоо, өзгөртүү же жокко чыгарууга таандык болгон биринчи инстанциядагы соттун сот териштирүү убагында чыгарган токтомуна апелляциялык тартипте даттанууга тыюу салууну жөнгө салган 339-беренесинин 2-бөлүгүнүн ченемдик жоболору, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 41-1, 42-бөлүмдөрүндө каралган тартипте даттанылса Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 24-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө жана 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8, 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып Конституциялык палата

ЧЕЧТИ:

1. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин бөгөт коюу чараларын тандап алуу, өзгөртүү же жокко чыгарууга таандык болгон биринчи инстанциядагы соттун сот териштирүү убагында чыгарган токтомуна апелляциялык тартипте даттанууга тыюу салууну регламенттеген 339-беренесинин 2-бөлүгүнүн ченемдик жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 24-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө, 25-беренесинин 1-бөлүгүнө, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ушул чечимдин жүйөөлүү бөлүгүнөн келип чыккан тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизсин.

3. Чечим жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт.

3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.

4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы