Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\27763336-ef2a-437e-9bf4-dd8d789f8498\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

ЧЕЧИМИ

Жаран Адилет Талантбекович Азимовдун кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

2014-жылдын 29-декабры № 63-р

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:

төрагалык кылуучу: судья М.Ш.Касымалиевдин,

судьялар: Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,

сот жыйналышынын катчысы: Н.А.Илиязованын катчылыгы менен,

кайрылуучу тарап - жаран А.Т.Азимовдун;

жоопкер-тарап - ишеним кат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кызыкчылыгын көздөгөн өкүлү Т.Ы.Ырысбековдун;

башка жак - ишеним кат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Ж.С.Бокошеванын жана ишеним кат боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратуранын өкүлү А.Ш.Шукурбековдун катышуусунда,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 1, 4, 18, 19, 24, 37, 42-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.

Ишти кароого жаран А.Т.Азимовдун өтүнүчү себеп болду.

Кыргыз Республикасынын соттук териштирүүнүн катышуучуларын, катышып жаткан судьяны же заседателди маскаралоо менен сотко болгон урматтабоо үчүн жазык жоопкерчилигин караган Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренеси Конституцияга ылайык келгендиги жөнүндө маселеде аныктык эмес пайда болгондугу ишти кароого негиз болду.

Ишти сот жыйналышына даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы Ч.А.Айдарбекованын маалыматын угуп, көрсөтүлгөн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2014-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнө, 31-беренесине, 33-беренесинин 5-бөлүгүнө, 40-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык эместигин таануу жөнүндө жаран А.Т.Азимовдун өтүнүчү келип түшкөн.

Арыз берүүчүнүн пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренеси сот адилеттигине каршы кылмыштарга таандык. Бул кылмыштын түздөн-түз объектти болуп сот органдарынын өз милдетин ишке ашыруу процессиндеги ченемдүү жана мыйзамдуу ишмердүүлүгүн, ошондой эле сот териштирүүсүнүн катышуучуларынын жана сот адилеттигин аткаруудагы катышуучуларынын ар-намысын жана беделин камсыз кылуучу коомдук мамилелер саналат. Арыз берүүчү эсептегендей, сотту урматтабоо судьяны же заседателди же сот териштирүүсүнүн катышуучуларын маскаралоо менен билдирет, алардын ар-намысы менен беделине шек келтирүү кол салуунун кошумча объекттери болуп калат. Талаш-тартышты туудуруучу ченем Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Мазактоо" 128-беренесин кайталаган ченем болуп саналат жана жасалган кылмыштын ордун жана убактысын жана субъекттерди көрсөтүүсү менен гана айырмаланат.

Арыз берүүчү, сот териштирүүсүнүн катышуучуларынын ар-намысын жана беделин коргоо механизми административдик мыйзамда гана орун алган, ал эми Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренеси сөз эркиндигине укукту камсыз кылуучу конституциялык кепилдиктерге ылайык келбеген кайталоочу мүнөзгө ээ деп жоромолойт. Мындан тышкары, арыз берүүчүнүн пикири боюнча, Конституциялык палата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесин конституциялуу эмес деп таанып, "мазактоо" жосунун декриминализациялаган жана өз чечиминде бул маселелерди жарандык жана административдик тартипте чечүү зарылдыгын карады. Буга байланыштуу арыз берүүчү Конституциялык палата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренесин конституциялуу эмес жана Кыргыз Республикасынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнө, 31-беренесине, 33-беренесинин 5- бөлүгүнө, 40-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таанууну өтүнөт.

Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 8-июлундагы аныктамасы менен арыз берүүчүнүн өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

Кайрылуучу тарап сот жыйналышында өзүнүн талабын колдоп, аны канааттандырууну өтүнөт.

Жоопкер-тараптын өкүлү Т.Ы.Ырысбеков кайрылуучу тараптын далилдери менен макул болбой жана мыйзамдын талашты туудуруучу ченеми Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт.

Конституциялык палата тараптардын жүйөөлөрүн талкуулап, башка жактардын иш боюнча берген түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкүдөй тыянакка келди:

"Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Ошентип, ушул иш боюнча Конституциялык палатанын кароо предмети болуп төмөнкүдөй мазмундагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренеси саналат.

"321-берене. Сотту урматтабоо

(1) Соттук териштирүүнүн катышуучуларын маскаралоо менен сотту урматтабаганда,

- эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат, же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.

(2) Ошол эле жосундар судьяны же сот адилеттигин аткарууга катышкан заседателди маскаралоо менен жасалганда, -

эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат".

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси Мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык, 1997-жылдын 1-октябрында № 68 кабыл алынган, 1997-жылдын 1-октябрында № 69 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен киргизилген, 1998-жылда № 7 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысында" жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы кодекс болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, ар ким өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу, ушуну менен ой-пикир эркиндиги тууралуу укугу эч чектелүүгө жатпайт. Эч ким адамдын ар-намысын жана беделин жаманатты кылган же кемсинткен маалыматтарды тараткандыгы үчүн кылмыштык жазага тартылышы мүмкүн эмес. Ар кимге Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндиктерине соттук коргоого кепилдиктер берилет (31-берене, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 4-пункту, 33-беренесинин 5-бөлүгү, 40-беренесинин 1-бөлүгү).

Кыргыз Республикасынын Конституциясы өз пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине болгон укугун, мамлекет тарабынан бул үчүн куугунтуктоодон коркпостон эркин ойлонууну жана өз оюн эркин билдирүүнү бирдиктүү жана ажырагыс укук катары карайт.

Аны менен бирге, ар бир жаран Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан кепилденген укуктар менен эркиндиктерди колдонуп, башка адамдардын укугун жана эркиндигин кысымга же кемсинткен аракеттерден баш тартышы керек. Буга ылайык, ар бир адам жеке жана юридикалык жактар тарабынан ар-намысына жана беделине шек келтирген аракеттерди болтурбоону талап кылууга укукту, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан кепилденген укуктар менен эркиндиктерди ишке ашырууда жеке адамдын жоопкерчилигин жоромолдойт.

Мындай мамиле Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактынын жоболору менен макулдашылат, ага ылайык ар бир адам өз пикирин эркин билдирүүгө, ар кандай маалыматты жана идеяларды издөөгө, алууга жана оозеки, жазуу түрүндө же басма сөз аркылуу же көркөм формалары менен же өз тандоосу боюнча башка ыкмалар менен билдирүүгө укуктуу. Мындай укуктарды пайдалануу өзгөчө милдеттерди жана өзгөчө жоопкерчиликти жүктөйт жана айрым чектөөлөр менен коштолот, алар мыйзамдар менен белгиленет жана мамлекеттик коопсуздукту, коомдук тартипти же калктын саламаттыгын жана башка адамдардын укуктарын жана беделин урматтоо үчүн адеп-аклахты сактоо болуп саналат (19-беренесинин 2, 3-пункттары).

Ошондуктан, өз пикирин эркин билдирүүнү, сөз жана басма сөз эркиндигине болгон укукту ишке ашыруу бузула албайт, бул укук жоопкерчиликтүү жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесинин 4-бөлүгү) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан бекитилген башка адамдардын укугун жана эркиндигин бузбай турган ченемде ишке ашырылат. Мындай жобо жеке инсандын укуктук мамлекеттеги укугунун жана эркиндигинин жана жоопкерчилигинин тең салмагын кармап турууда өтө маанилүү.

3. Кыргыз Республикасынын Конституциясы сот бийлигин сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик бийликтин өз алдынча түрү катары аныктаган (93-берене). Сот адилеттиги конституциялык, жарандык, жазык, административдик жана сот өндүрүшүнүн башка тариздеринин тартибинде укуктук жаңжалдарды чечүүнүн өзгөчө жол-жоболору таандык болгон ишмердүүлүктүн түрү. Сот адилеттигинин органдары мамлекеттик механизм тутумунда өзгөчө абалга ээ жана мамлекеттик бийликтин башка органдарынан көз карандысыз, өз алдынча иш алып барат.

Сот адилеттигинин органдары мыйзамдуулукту бекемдөө жана коргоо иш- милдеттерин жүзөгө ашырууда маанилүү ролду ойнойт. Мына ушул сотко мамлекет мамлекеттик бийликтин мажбурлоо ыйгарым укуктарын пайдаланууну ишенип берген. Сот ыйгарым укук берилген мыйзам тарабынан бекитилген тартипте, адамды кылмыш, административдик укук бузууларды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп, таанууну, ага карата кылмыш жазасын колдонуу же административдик таасир этүү же болбосо жарандардын ортосундагы, жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы укуктук талаштарды чечүүчү жалгыз бийлик органы болуп саналат.

Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу тармагындагы коомдук мамилелерди укуктук коргоо зарылдыгы мамлекеттик бийлик тутумундагы соттун ролуна келип чыккан. Сот бийлигинин укуктук корголгондугу аны беделин бекемдөөнүн жана жогорулатуунун милдеттүү элементтердин бири болуп саналат. Бул максатта Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде сот адилеттигине карата бир катар кылмыш курамдарын камтыган, "Сот адилеттигине каршы кылмыштар" деген атайын глава каралган. Эреже катары, бул мамлекеттик бийликке каршы атайын жасалган жана мыйзам тарабынан бекитилген соттордун жана бул ишмердүүлүктү камсыз кыла турган, сот адилеттигинин максаттарына жетүүсүнө жана милдеттерин чечүүгө мүмкүндүк берген органдардын ишине зыян келтирген коркунучтуу жосундар.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин талаш-тартыш туудурган ченеминин диспозициясы сот териштирүүсүнүн катышуучуларынын, ошондой эле сот адилеттигин аткарууга катышып жаткан судьяны же заседателди маскаралоо түрүндө сотко болгон урматтабоону алдын ала карайт.

Бул кылмыштын коомдук кооптугу, ал соттун дээрлик ишин бузгандыгында жатат, аны менен сот жыйналыш залында кызы кандуулукту жаратат, ал ишти туура чечүү үчүн зарыл болгон жагдайларды ар тараптуу, толук жана объективдүү иликтөөгө таасир этет, процесстин катышуучуларына алардын процесстик укуктарын колдонуусунда терс таасири этип, соттун беделин түшүрөт.

4. Сотту урматтабоо үчүн жоопкерчилик институту конкреттүү сот ишинде сот адилеттигин аткарууда зыян келтирген же тоскоолдук жараткан, сот катышуучуларынын аларга берилген укуктарын кыянаттык менен пайдаланууга багытталган жүрүм-турумун алдын алууга мүмкүндүк берет. Ал сот адилеттигин аткаруу кызыкчылыгын жана негиздөөчү укуктук үстөмдүк принцибин коргоого багытталган. Сотту урматтабоо үчүн жоопкерчилик институту толугу жана бүтүнү менен коомдук тартипке негизделет. Анын милдетине иштин бүтүрүлүшүнө таасирин этүүгө мүмкүн болгон, сот адилеттигин аткарууда кийлигишүүгө жол бербөө кирет. Сотту урматтабоо критерийи, сотту урматтабоо катары инкриминацияланган сөздөр же аракеттер сот адилеттигин аткаруу процессинде кийлигишүүсү олуттуу тобокелдикти билдиргендиги менен аныкталат.

Арыз берүүчүн пикири боюнча, талаш-тартышты туудурган ченем Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Мазактоо" 128-беренесин кайталаган ченем болуп саналат, ал Конституциялык палатанын чечими менен 2013-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама- каршы келет деп таанылган, жана жасалган кылмыштын орду жана убактысы жана субъекттери менен гана толугу айырмаланат. Бирок, белгилей кетүү керек, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренесинде каралган кылмыш объектти болуп, сот адилеттигинин кызыкчылыгы саналат, ага зыян келтирүү жолу менен соттун, заседателдин жана сот териштирүүсүнүн катышуучуларынын ар-намысына жана беделине кол салуусу менен аныкталат.

"Мазактоо" деген кылмыштын объектти болуп инсандын ар-намысы жана бедели саналат.

Ошентип, каралып жаткан эки кылмыш курамдары кылмыш объектисине карата олуттуу айырмачылыктарга ээ. Мындай айырмачылыктар кылмыштарды жиктештирүүдө принципиалдуу мааниге болот.

Белгилей кетүү керек, сот адилеттигин аткаруу процессинде судья жана заседателдер соттун атынан чыгышат жана жеке жак катары каралбайт. Ушундан улам, судьяларга жана заседателдерге карата туура эмес жүрүм-турум соттун ишине, анын беделине багытталган, ал соттун негизги милдети болгон, сот адилеттигин жүзөгө ашыруусу, сот тарабынан талапка ылайык аткаруусунун маанилүү жана керектүү шартты болуп саналат. Сот териштирүүсүнүн катышуучулары да сот адилеттигин аткаруу процессинде маанилүү ролду ойнойт, анткени, өздөрү процесстик укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруу менен, сот адилеттигинин максатына жетишине шарт түзүшөт.

Ошентип, талаш тартышты туудуруучу берененин жоболору инсандын ар- намыс менен беделине эмес сот адилеттигин жүзө ашыруу чөйрөсүндө кол салууга жазык жоопкерчилигин караган, атайын ченемдер болуп саналат, алар тигил же бул категориядагы жарандарга карата басмырлоочу же жеке адамдын конституциялык укугун чектөөчү кандайдыр бир жоболорду камтыбайт. Атап айтканда, алар жарандын сөз жана ой эркиндигине болгон укугун алып салбайт, аны өз пикиринен же ынанымдарынан баш тартууга мажбурлабайт, ошондой эле маалыматты, анын ичинде соттордун жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө карата сын пикирлерди камтыган маалыматтарды бардык мыйзамдуу жолдор менен берүүгө, өндүрүүгө жана таратууга тыюу салбайт.

5. Арыз берүүчүнүн пикири боюнча талаш-тартышты туудуруучу ченемдин жоболору, ар кимге анын укуктарын менен эркиндиктерин соттук коргоого кепилдик берген, ошондой эле ар ким өз укугун жана эркиндигин мыйзам менен тыюу салынбаган бардык ыкмалар менен коргоого укуктуу белгилеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 2-бөлүктөрүнө карама- каршы келет деп эсептейт.

Адам укугун коргоодогу соттун өзгөчө ролу адам укуктарынын Жалпы декларациясынын 8-беренесинде белгиленген, ага ылайык "ар бир адам конституциядагы же мыйзамдагы анын негизги укуктары бузулган учурда компоненттүү улуттук соттор аркылуу укуктары толук калыбына келтирилишине акылуу. Адамдын жана жарандын укугун жана эркиндигин соттук коргоого кепилдик берүү ар бирине сотко өз укуктарын жана эркиндигин коргоо үчүн кайрылуу мүмкүндүгү жана сот тарабынан кайрылуунун жыйынтыгы боюнча чечим чыгаруусун камсыз кылуу менен чагылдырылат".

Сотту урматтабоо үчүн жазаны караган ченемдер сот адилеттигинин акыйкат жана тоскоолдуксуз тутумуна укукту камсыз кылуу каражаты катары да, сот адилеттигин талапка ылайык аткарууну коргоо аспабы катары зарыл, бирок бул ченемдердин колдулушу, мазактоочу жосун кандайдыр бир башка жазык кылмышынын аныктамасына туш келбей турган жагдайларда чектелүүгө зарыл. Аны менен бирге талаш-тартыш туудурган ченем ар биринин сотко кайрылууга жана алар тарабынан чечим кабыл алууга, ошондой эле ишти жогору турган сот тарабынан кайталап кароого болгон конституциялык мүмкүнчүлүгүн чектөөнү же тыюу салууну камтыбайт.

Ошентип, талаш-тартыш туудурган ченемдин жоболору ар биринин соттук коргоого болгон укугун бузбайт.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8, 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41, 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып Конституциялык палата

ЧЕЧТИ:

1. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнө, 31-беренесине, 33-беренесинин 5-бөлүгүнө, 40-беренесинин 1, 2-бөлүгүнө карама- каршы келбейт деп таанылсын.

2. Чечим жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт.

3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.

4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана

"Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.

 

Төрагалык кылуучу

М.Касымалиев