КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-апрели № 222
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 «Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 «Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди аткаруунун тартиби жөнүндө нускамада:
47-пункттун жыйырма бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын ээлеринин жалпы менчигине көп батирлүү үйдүн ичиндеги бирден ашык менчик ээсин тейлөөчү жайлар, үй ичиндеги тарамдар жана инженердик жабдуулар (подъезддер, вестибюлдер, батирлер аралык тепкичтер жана аянтчалар, тепкичтер, желдеткич жана лифт шахталары, батирден тышкары коридорлор, коридорлор, кургаткычтар, кир жуугуч бөлмөлөр, буюм сактагычтар, чатыр, техникалык кабаттар, жертөлөлөр, өткөөл шлюздар, таштанды камералары, таштанды түтүктөрү, шыйпаң, имараттын курулуш конструкциялары, башка көмөкчү жайлар жана башкалар), ошондой эле үйдүн жанындагы жер участоктору кирет.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Дж.К. Оторбаев |