Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\41c02cce-be77-47ce-9235-927eec91a176\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2001-жылдын 16-июлу № 355

2001-2010-жылдары Кыргыз Республикасында топоз чарбасын комплекстүү

өнүктүрүү концепциясы жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622 токтомунун

редакциясына ылайык)

 

Кыргызстанда тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү, топоз чарбасын өнүктүрүү, бийик тоолуу зоналарда жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле өлкөнүн экономикасында экспорттук статьяларды көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2001-2010-жылдары Кыргыз Республикасында топоз чарбасын комплекстүү өнүктүрүүнүн тиркелген концепциясы жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз агрардык академиясы, "Топозчу" тоо топоз чарбасы фондусу менен бирдикте бир айлык мөөнөттө 2001-2010-жылдары Кыргыз Республикасында топоз чарбасын комплекстүү өнүктүрүүнүн концепциясынын мамлекет тарабынан колдоого алынуучу артыкчылыктуу багыттарын жана иш-чараларын аныктасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлиги, "Топозчу" тоо топоз чарбасы фондусу менен бирдикте 2001-2010-жылдары Кыргыз Республикасында топоз чарбасын комплекстүү өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруу үчүн ички жана тышкы инвестицияларды активдүү тартышсын.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына, "Топозчу" тоо топоз чарбасы фондусу, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги менен бирдикте топозчулуктан алынуучу продукцияларга улуттук стандарттарды иштеп чыгып, аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекциясынан экспертиза жана мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө берүү сунушталсын.

5. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствосу областтык мамлекеттик администрациялар менен бирдикте:

- 2001-жылдын 1-октябрына карата топоз өстүрүү зоналарын кеңейтүү жана республиканын региондору боюнча рационалдуу жайгаштыруунун келечектүү планын иштеп чыгышсын;

- 2001-жылдын 15-августуна республиканын чейин мурунку алыскы жайыттарындагы маданий борборлорунун баэасында моделдүү тоо топоз чарбаларын түзүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп чытып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизишсин.

6. Кыргыз Республикаснын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитети "Топозчу" тоо топоз чарбасы Фондусу менен бирдикте бир айлык мөөнөттө топозчулук өнүккөн тоолуу региондордо экологиялык жана күтүлбөгөн кызыктуу окуялар туризмии өнүктүрүү иш чараларын иштеп чыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна сунуш киргизсин.

7. Кыргыз Республикасынын Улутук илимдер академиясына Биохимия жана физиология институту менен Казахстан Республикасынын тамак-аш институтунун Кыргызстандагы филиалынын базасында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология жана тамак-аш институтун түзүү жөнүндө маселени карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү сунуш киргизүү жагы сунушталсын.

8. "Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн ботаникалык жана зоологиялык тукумдарынын жана түрлөрүнүн тизмегин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 28-августунда № 572 токтому менен бекитилген "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук, коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен коргоого тиешелүү болгон жаныбарлардын зоологиялык тукумдарынын жана түрлөрүнүн тизмеси төмөнкү маанидеги позиция менен: "Топоз Poephagus (urei) gru№№ies" толукталсын.

9. 2001-2010-жылдары Кыргыз Республикасында топоз чарбасын комплекстүү өнүктүрүү концепциясын ишке аршыруу иштерин координациялоо Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигине жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

К.Бакиев